Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 62
  • 63
  • 64
  • 65
  • 66
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#1261 Пользователь офлайн   kom   16 Сентябрь 2009 - 13:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Цитата

Жооптор учун чоон рахмат.Дагы келдим. :tongue:

1.Суроого кыска жооп берген жагабы?
2.Келечек мен учун -бул жоопбу же принципби?
3.Кайсыл кыргыз киносу жагат?
4.Сиз баалай билген кыргыз акыны ким?
5.Фудболду жактырат окшойсуз топту коргондо козунуз канчалык денгээлде кубанат? :crazy-girl:
6.Суроо бере элек эле тердеп чыктынызбы? бул да суроо

Батыраак жооп бериниз болобосо чуук жейсиз. :crazy-girl:


Кош келипсин... Кубанычтамын. ..

1. Ар кандай. Кобунчо суроого жараша жооп берем...
2. Сурооно жакшы тушунбогондуктон ошо бойдон калтырып койдум, себеби кайра сурашынды билгем. Соз "Менин келечегим" тууралуубу же "келечек" деген соз тууралуубу?
3. Караш-Караш, ак барынын коз жашы...Ал эми жанылардан жага турганы тартыла элек...
4. Алыкул Осмонов
5. Ооба жактырам жана тез-тез ойноп турганга аракет кылам. Топту коргондо козум эмес озум кубанам.
6. Ысык жанмын да. Анустуно сиздин деминиз мени тердетпей койбос го... %)
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1262 Пользователь офлайн   KG girl   16 Сентябрь 2009 - 13:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 274
  • Катталган: 30 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 09:47
  • Жынысы:Аялзаты

Салам Kom.
1. Сиздин жашоонузда суйуу кандай роль ойнойт.
2. Суйуудо намыс керекпи?
3. Адамдагы баалаган сапатыныз.

Алдын ала рахмат.
Урматым менен, Мен.
Кыргызымдын чыныгы патриотумун! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1263 Пользователь офлайн   kom   16 Сентябрь 2009 - 14:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Цитата

Салам Kom.
1. Сиздин жашоонузда суйуу кандай роль ойнойт.
2. Суйуудо намыс керекпи?
3. Адамдагы баалаган сапатыныз.

Алдын ала рахмат.
Урматым менен, Мен.


Салам KG girl

1. Кандай суйуу экенин кошо жаза кетсениз жакшы болмок, мейли эми оз тушунугум боюнча жооп бере берейин. Суйуу-Менин жашоомдун негизги фактору болуп эсептелет. Себеби менин Ата-Энеме, жубайыма, жарала турган бала-чакама(кудай ошого жеткирсин), жакындарыма, Ата-Мекениме, аркалаган кызматыма ж.б(деги жаза берсе ого эле коп болот го) суйуум чексиз жана мен бул суйуумсуз жашоонун манызын эч элестете албайм.

2. Суйуудо намыс керек, бирок кээ бир учурларда суйуу деген балекет коп нерсенди курман кылууга туртот...

3. Жонокойлук, сабырдуул
ук...

Урматым менен, мен дагы :)
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1264 Пользователь офлайн   arhidey   17 Сентябрь 2009 - 11:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Папан мен дагы келдим :crazy-girl: суроом сизге.

1.Адам экологиясына кандай коз караштасыз?
2.Намаз окуйсузбу?
3.Куноо кылсан осумдуктон жасалган чупурок менен да жашыра албайсын туурабы?
4." Зордун тубу-кор, кордун тубу-зор" мына бул созго мисал келитириниз.
5.Кыргыздын салт санаасына коз карашыныз, кай бирине каршысыз?

Болдуу эээ дагы берем менден кутулбайсыз манка байке :crazy-girl:

Билдирүүнү түзөткөн: arhidey: 17 Сентябрь 2009 - 11:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1265 Пользователь офлайн   kom   17 Сентябрь 2009 - 16:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Цитата

Папан мен дагы келдим :crazy-girl: суроом сизге.

1.Адам экологиясына кандай коз караштасыз?
2.Намаз окуйсузбу?
3.Куноо кылсан осумдуктон жасалган чупурок менен да жашыра албайсын туурабы?
4." Зордун тубу-кор, кордун тубу-зор" мына бул созго мисал келитириниз.
5.Кыргыздын салт санаасына коз карашыныз, кай бирине каршысыз?

Болдуу эээ дагы берем менден кутулбайсыз манка байке :crazy-girl:



Келебер манка конулум сенде.

1. ммм... Адам экологиясына кандай коз карашта болмок элем... Кадимкидей коз карштамын да.... %)
2. Багымдатты эле... :blush:
3. Кылган куноонду моюнун менен гана тартасын, Осумдук эмес башка нерседен чупурок жасасан да болбойт. Кылынган куноону жууганда гана жоюлат...
4. Мисалга Келме кезек, терме тезек дегендей эле да. "Айдын он беши карангы болсо, он беши жарык"-дейт го илгертеден, ошо сынары бул тагдырыбыз Алла таразалап коет озу эле. Анан Зордуктун кордугун коруп жата бер.
5. Негизинен салтын сыйлабагандан тунулуп кое бериш керек деп ойлойм. Себеби ушул эле салтты ата-бабаларыбыздан бери тутунуп келебиз го. Анан алардын калтырган мурастарын тебелеп тепсо жакшы эмес го. Бирок кээ бир салт санаабыз азыркы убакка б.а. азыркы кризистик заманга туура келбейт. Ото эле коп чыгым кылабыз. Эн жонокой мисал: Мен быйыл эле уйлонбодумбу. Ошого кенен бир уй ала турган акча кетти. Эми ошону "эки тарап келишип той-мойдун кыскартып эле уй алып алсам жакшы болмок"-деп ойлоп коем...

Бир кун калды ага чейн чыдаймын гоо...
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1266 Пользователь офлайн   KG girl   17 Сентябрь 2009 - 17:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 274
  • Катталган: 30 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 09:47
  • Жынысы:Аялзаты

1. Кандай жанрдагы китеп окуйсуз (китеп окуйсузбу?).
2. Баалаган жазуучунуз жана акындарыныз?
3. Учкул создорго кызыгасызбы, эгерде кызыксаныз эн жакшы коргон учкул созунуз кайсы?.
Кыргызымдын чыныгы патриотумун! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1267 Пользователь офлайн   kom   18 Сентябрь 2009 - 08:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Цитата

1. Кандай жанрдагы китеп окуйсуз (китеп окуйсузбу?).
2. Баалаган жазуучунуз жана акындарыныз?
3. Учкул создорго кызыгасызбы, эгерде кызыксаныз эн жакшы коргон учкул созунуз кайсы?.


1. Вай! Китеп окуу менин хоббилеримин бири экенин билгениндечи. ..Кобун
чо детективдуу жанрдагы чыгармаларды коп окуйм. Негизинен бош болуп калганда колума кандай китеп тийсе деле окуй берем...

2. Баалаган жазуучумду жазып кеттим эле, мейли дагы да айта берейин. Жазуучулардан Чынгыз Айтматов акындардн Алыкул Осмонов. Ушул инсандардын жазгандарын окуганда кошо аралашып кеткендей боло берем окуясына...

3. Эмии ото деле кызыга бербейм. Бирок такыр конул бурбай да кое албайм...
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1268 Пользователь офлайн   Jeka   18 Сентябрь 2009 - 10:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Берилген суроолордун баарына көңү л коюп, олуттуу жооп берип жаткан Кымбатбек мырзага чоң ыраазычылык билдирип, рахмат айтуу менен Супер-интервьюнун кезектеги коногу - форумубузда өзүнү н маанилүү ой-пикирлери, бытыгый аңгемелери, уйкаш ыр саптары менен белгилүү болгон Барс мырза экенин жарыя кылам.
Барс акеге суроолорду 18-сентябрь, саат 12.00 дөн 2-октябрь, саат 12.00 гө чейин шашылбай бере берсеңиздер болот.

PS: Теманын автору USSRдин СССР деген жаңы ник менен форумга баарыбызды сүйүнтү п кайтып келгенине байланыштуу, интервьюну мындан ары автордун өзү алып баруусун суранам.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Сентябрь 2009 - 14:35

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1269 Пользователь офлайн   kom   18 Сентябрь 2009 - 13:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Кандай сонун жанылыктарды уктум... СССР тууган келиптир... Мага конул болуп суроо узаткан баарыныздарга рахмат. Туткан орозонуздар кабыл болсун...

Эми суроо кочун озум баштап коеюнчу

Ассаламу Алейкум Барс аба!

Ыйык Рамазан айында уй-булонузго тынчтык тилеп томонку суроолорумду узатсам:

1. Уй-Булоонуз менен кыскача тааныштыра кетсениз...
2. Озунуз жонундо да...
3. Жашоонун манызы - сиз учун?
4. Кыргызстандын азыркы абалы сиздин козунуз менен ( Сиздин коммент жазгандарыныз жагат, ошондуктан бердим бул суроону)

Азырынча ушулар, баш оорутпаган, жооп беруудо кыйналбай турган суроолорум пайда болоору менен жазамын.
Жоопторунузга алдын-ала ыраазычылыгымды билдирем.
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1270 Пользователь офлайн   aruu   18 Сентябрь 2009 - 14:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 268
  • Катталган: 07 Август 08
  • Соңку аракети: 12 Июн 2015 17:54
  • Калаасы:ОШ шаары

Барс акеме биринчи берген интервьюсунда, инетке кире албай бере албай калган суроолорумду узатайын,эмесе:
1. Ырлар жыйнактарыныз чыккан деп уктум эле, Чыккан китептеринизди каерден таап окусам болот?
2. Акын-жазуучулардан кимди баалайсыз, жана суйуп окуйсуз?
3. Жазууга шыкты кайдан аласыз?
4. Жакшы жазуу учун таланттын кобуроок болуусу керекпи же эмгектенуу менен жетишсе болобу?
5.Окумдуучыгармалард
ы жаратууда кандайдыр "секретиниз" барбы, жаштарга айтаар акыл-кенештериниз кандай?
7. Бытыгый ангемелеринизди качан чыгарасыз?


Алдын ала рахмат, урматтоо менен карындашыныз

Билдирүүнү түзөткөн: aruu: 18 Сентябрь 2009 - 14:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1271 Пользователь офлайн   ona   18 Сентябрь 2009 - 15:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 004
  • Катталган: 10 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Сен 2023 14:21
  • Калаасы:Кыргызстанымда жашайм

Кутмандуу кунунуз менен Барс агай,

1.Кыргыз тилинде эркин суйлой албаган жарандардын мамлекеттик жогорку кызматтарга келип жатышына кандай коз караштасыз?
2.Сизде депрессия болгон учурлар болобу?
3.Катуу жининиз келген убакта эмне кыласыз?Деги эле сиздин жининизди келтируу кыйынбы,эмне ачуунузду келтириши мумкун?
4.Адамдын жашоосундагы негизги тузуучусу деп эмнени эсептейсиз?
5.Жашоонун манызы эмнеде деп ойлойсуз?
6.Автомобиль айдаганды билесизби?


Рахмат... :) урматтоо менен, ona
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1272 Пользователь офлайн   Барс   18 Сентябрь 2009 - 15:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Берилген суроолордун баарына көңү л коюп, олуттуу жооп берип жаткан Кымбатбек мырзага чоң ыраазычылык билдирип, рахмат айтуу менен Супер-интервьюнун кезектеги коногу - форумубузда өзүнү н маанилүү ой-пикирлери, бытыгый аңгемелери, уйкаш ыр саптары менен белгилүү болгон Барс мырза экенин жарыя кылам.
Барс акеге суроолорду 18-сентябрь, саат 12.00 дөн 2-октябрь, саат 12.00 гө чейин шашылбай бере берсеңиздер болот.

PS: Теманын автору USSRдин СССР деген жаңы ник менен форумга баарыбызды сүйүнтү п кайтып келгенине байланыштуу, интервьюну мындан ары автордун өзү алып баруусун суранам.


Чоң ырахмат, Жека мырза! Мага улуу катары кезек берип жатканың а ыраазы экенимди айтып коеюн! Бирок, өзүң өргө теңеп, татаал суроолорду берип, мени тамтыңдатыпайсың ар го деген үмүттө мүн!!!

Ал USSR болобу, СССР болобу, мага демектен СНГ болуп алабы, Таланттын келгенине кубанганымды айтпа! Куш келигиниң, СССР!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 18 Сентябрь 2009 - 22:39

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1273 Пользователь офлайн   Барс   18 Сентябрь 2009 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Кандай сонун жанылыктарды уктум... СССР тууган келиптир... Мага конул болуп суроо узаткан баарыныздарга рахмат. Туткан орозонуздар кабыл болсун...

Эми суроо кочун озум баштап коеюнчу

Ассаламу Алейкум Барс аба!

Ыйык Рамазан айында уй-булонузго тынчтык тилеп томонку суроолорумду узатсам:

1. Уй-Булоонуз менен кыскача тааныштыра кетсениз...
2. Озунуз жонундо да...
3. Жашоонун манызы - сиз учун?
4. Кыргызстандын азыркы абалы сиздин козунуз менен ( Сиздин коммент жазгандарыныз жагат, ошондуктан бердим бул суроону)

Азырынча ушулар, баш оорутпаган, жооп беруудо кыйналбай турган суроолорум пайда болоору менен жазамын.
Жоопторунузга алдын-ала ыраазычылыгымды билдирем.


Вассалоому валейкум, Ком! Интервьюң дун ийгиликтү ү аякташы менен куттуктап койгонго уруксат эт. Татаал суроо берүүчү лөрдүн биринин санын кыскарта турайын деп, сага суроо узатпадым эле жаңылган экенмин. Баары бир суроо бере турганың ды билгенде... Тамаша!! ! Орозоң кабыл болуп, сенин да орозо айтың маарек болсун!
Суроолоруң а жооптор:
1. Колхозчунун үй-бүлө сүндө туулганмын. Жалгыз уулмун. Ата-энем кайтыш болгон. Азыр 5 уул-кызым, 8 неберем бар.
2. Мен-мугалиммин. Кыргыз тили жана адабиятынан сабак берем.
3. Жашоонун маңызы- бул жарык дүйнөдө Адамча жашап өтүү .
4. "Пайгамбар барына-азир (макул, ыраазы)" деген сөз бар элде. Мен да Кыргызстандын ушу абалына да шүгүр деп ойлойм... Мындан жаман болуп калса, кантет элек!

Суроолоруң а ырахмат. Жооптор жакпай калса, капа болбо, болгону ушул...

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 18 Сентябрь 2009 - 16:15

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1274 Пользователь офлайн   Барс   18 Сентябрь 2009 - 16:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Арбаңыз Барс аке. Дилмаекке дагы бир жолу куш келиңиз! Бул жолку дилмаегиң из мурункусунан да кызыктуу өтүшү н каалайын да, суроо берейин:
1) Инет менен канча жылдан бери достошуп жүрөсү з;
2) Кыргызстандын азыркы административдик- аймактык бөлүнү шүнө пикириңиз;
3) Казак жазуучусу О. Сулейменовдун "Аз и Я" деген белгилүү китебинде "Теңирчилик – эң алгачкы жана эски диний система" деп айтылат. Кыргыздарда теңирчиликтеги эң белгилүү "Умай" деген образ (термин) эмигече кеңири колдонулуп келет. Бул эмне, бизде эки диний система (теңирчилик жана мусулманчылык) чогуу жашап келе жатканыбы?


Бар бол, Жека! Кезекти да, суроону да берип, мени бир жыргатыпсың , ырахмат!

1.Инетке аралашканыма 6 жылдай болду го сыягы. Бирок, ушул Супер форумга киргенден бери, активдүү рөөк катыша баштадым.
2.Кыргызстанга ушунча облус, райондун кереги барбы? Кыйкырсаң бул башынан тиги башына үнүң жетет го. Ирилештирсе жакшы болмок...
3. Эми Олжастын ал чыгармасы Совет доорунда жазылып, тепки жеп, араң калган эле. Эгерде кандайдыр бир калпыстыктар болсо, ошол доордун ырайынан да көрүү гө болот.
Ал эми Теңирчилик менен Ислам динин алсак, кайсы бир жерлеринде көп учурда жакындашып, а тургай бирдей болуп калган учурлары кездешет. Андыктан, бул экөөсү бирин-бири жээрибей келе жатканын бир себеби ушудур. (Башка да себептери көп дечи!!!)
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1275 Пользователь офлайн   adalsvards   18 Сентябрь 2009 - 16:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Куш келипсиз! !!

Менин суроолорум форум жонундо болмокчу...

1. Супер-форум сиздин инетке бат-баттан кирип турушунузга себеп болуптур? Бул аралыкта сизде эмне озгоруулор болду?
2. Форумчуларды оз-озунчо топко боло аласызбы, улуу киши катары?
3. Балким, кыргыз тилин уйротуу жана оркундотуу учун атайын тема ачаттырсыз. Айтайын дегеним, ар бирибизди сынга алып, андай эмес, мындай депчи? Биз таарынбайбыз. ..

Акыркы суроом томондогучо:
- Азыркы жаштардын интернет, телекорсотуу жана басылмалардын айынан китеп окубай калды дегенге кандай карайсыз?

Урматым менен, адальс
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1276 Пользователь офлайн   Барс   18 Сентябрь 2009 - 17:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Барс акеме биринчи берген интервьюсунда, инетке кире албай бере албай калган суроолорумду узатайын,эмесе:
1. Ырлар жыйнактарыныз чыккан деп уктум эле, Чыккан китептеринизди каерден таап окусам болот?
2. Акын-жазуучулардан кимди баалайсыз, жана суйуп окуйсуз?
3. Жазууга шыкты кайдан аласыз?
4. Жакшы жазуу учун таланттын кобуроок болуусу керекпи же эмгектенуу менен жетишсе болобу?
5.Окумдуучыгармалард
ы жаратууда кандайдыр "секретиниз" барбы, жаштарга айтаар акыл-кенештериниз кандай?
7. Бытыгый ангемелеринизди качан чыгарасыз?


Алдын ала рахмат, урматтоо менен карындашыныз

Ийгиликтин эрте-кечи болбойт эмеспи. Сааты бүгүн чыгыптыр, мен да кубанычтамын!

1. "Ассалоому алейкум", "Аксы кайрыктары" деген ырлар китептерим чыкканы чын. Аларды аксылык мугалимдерге, врачтарга ж.б. га зордоп саттырганым да чын. Эгерде Аксы жакка келип калсаң, Кош-Дөбө дөн өтүп калсаң, жолдун боюндагы менин үйүмө токтоп калсаң, ошентип, мага жолугуп калсаң, бирин сага белекке берүүгө дапдаярмын.
2.Акын-жазуучу атпайдын баарын жогору баалаймын. Анткени, эки сөздүн башын кошуп, маңыздуу, көркөм сүйлөм түзүү нүн өзү канча кыйын. Ал эми чыгарма жазуу (мейли начар эле болсунчу...) канча эсе кымбат, чынбы?
Ч. Айтматовду ар чыгармасы сайын улам бийиктеп өсүп отурганы үчүн, С. Эралиевди ырларындагы уйкаштык менен көркөмдү үлүк үчүн, Т. Абдымомуновду драматургиянын бардык түрүндө адал иштегендиги үчүн, С. Жигитовду универсалдуулугу үчүн...
3. Шыктын кайдан келерин кудай акы билбейм. Балким, ушуга саресеп салбаган менин ыкшоолугумдур.
4.Таланты бар киши эмгектенбесе, таланты соолуп калат. Таланты жок киши миң төбөсү менен жер казган менен жакшы чыгарма жарата албайт. Бирок, кыргыздын ар бир уул-кызында таланттын көрөң гүсү бар. Буга мен 100 пайыз ишенемин.
5. Бир чыгарма жаратаар алдында жана жаралуу мезгилинде: "О, Жараткан, ушунум жакшынакай чыгып, окурмандар: " Оу сонун чыгарма экен, кантип жазды экен!!! "-дешсе экен"-деп тилей да берем, жаза да берем. Анан аны бүткөндө н кийин оңдой берем...оң дой берем... Мына "секретими" да ачып салдым окшойт...
6.Буйруган жана пул болгон күнү чыгат шекилди.

Сага чоң ырахмат!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 18 Сентябрь 2009 - 22:42

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1277 Пользователь офлайн   Барс   18 Сентябрь 2009 - 18:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Кутмандуу кунунуз менен Барс агай,

1.Кыргыз тилинде эркин суйлой албаган жарандардын мамлекеттик жогорку кызматтарга келип жатышына кандай коз караштасыз?
2.Сизде депрессия болгон учурлар болобу?
3.Катуу жининиз келген убакта эмне кыласыз?Деги эле сиздин жининизди келтируу кыйынбы,эмне ачуунузду келтириши мумкун?
4.Адамдын жашоосундагы негизги тузуучусу деп эмнени эсептейсиз?
5.Жашоонун манызы эмнеде деп ойлойсуз?
6.Автомобиль айдаганды билесизби?


Рахмат... урматтоо менен, ona

Баарыбызга тең болсун, ona!

1. Мен каршымын. Бирок, көпчүлү к мыктылар орус класстарында окуп, ЖОЖдорду орусча аяктап калгандыктан, ушул көрүнү ш болуп жатканы чын. Бул жакын арада оңолууга тийиш.
2.Мен деле адаммын да. Аң-сезим бар.
3.Катуу жиним келгенде, бакырып, өкүрү п, же акыры-ын уктап каламын... Далил жок эле бирдекени былжырасаң эле, менин жинимди келтирдим дей бер!
4.Адамдын жашоосундагы негизги түзүү чү-актык.. .
5.Артыңа из калтыруу. Жакшы тарбиялаган бала-чакаң , окуучуларың , адамдарга жасаган жакшы пайдалуу эмгегиң-ушулар сенин калтырчу изиң...
6. Машина айдаганды билем. Бирок, машинам жок!!!

Сага да ырахмат... Сени сыйлаган Барс.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1278 Пользователь офлайн   Барс   18 Сентябрь 2009 - 18:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Куш келипсиз! !!

Менин суроолорум форум жонундо болмокчу...

1. Супер-форум сиздин инетке бат-баттан кирип турушунузга себеп болуптур? Бул аралыкта сизде эмне озгоруулор болду?
2. Форумчуларды оз-озунчо топко боло аласызбы, улуу киши катары?
3. Балким, кыргыз тилин уйротуу жана оркундотуу учун атайын тема ачаттырсыз. Айтайын дегеним, ар бирибизди сынга алып, андай эмес, мындай депчи? Биз таарынбайбыз. ..

Акыркы суроом томондогучо:
- Азыркы жаштардын интернет, телекорсотуу жана басылмалардын айынан китеп окубай калды дегенге кандай карайсыз?

Урматым менен, адальс

Кушубак бол, Адальс!
Макул. Форум жөнүндө болсо, форум жөнүндө да...

1. Көп интеллектиси жогору жаштар мене баарлашууга жетиштим. Бул, алибетте, адамга оң таасирин сөзсүз тийгизет. Ошону менен өтө эле сылык, жумшак айтканда, пас жаштар менен да жолуктум. Ушуну менен кыргыз жаштарынын азыркы деңгээлин бир аз болсо да, өз окуучуларыма салыштырып, үйрөнгө ндөй болдум.
2.Бул сурооңо аз болсо да, 1-жоопто токтолдум окшойт.
3.Биринчи кезекте сынды көтөрө билип, андан оң натыйжа алууга дилгирлигиң мага жакты. Темасы жок эле, билгенимди айтып келе жатамын. Кабыл алса, өзүнө пайда. Андан мен бир аброй алайын деген ниетим жок.
4.Китептин өзү жок болуп жатпайбы! Ал эми окуй турган кишиге инетте деле толтура китеп бар да...Ага инет күнөө лүү дегендер жаңылышат деп койбоймунбу? ..

Аман бол, Адальс!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 18 Сентябрь 2009 - 18:38

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1279 Пользователь офлайн   dodge   19 Сентябрь 2009 - 09:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 735
  • Катталган: 26 Июнь 09
  • Соңку аракети: 11 Апр 2024 22:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:USA.

Ас саламу алейкум Барс агай.
Кыргызстанда билим берүү тармагындагы бүгүнкү абалы тууралуу оюңуз?
Билим берүү министири болсоңуз кандай реформаларды жүргүзө т элеңиз?
Кудайга ишенесизби?
Ден соолук,иштериң изге ийгилик каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1280 Пользователь офлайн   CCCP   19 Сентябрь 2009 - 09:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Биринчиден, жок экенимди билдирбей теманы баштап берген Жека акеме ырахмат. Сурансаныз макул, темамды озумо алайын кайра:)
Ассалому алейкум Барс аваке. Интервьюга кош келипсиз кайрадан.
1.Айтынызчы ава,бу талант,чыгармачыл шык дегени Жараткандын белегиби же сыноосубу?
2. Онор тукум кууйт дешет, уул-кыз, неберелериниздин ичинен сизди тарткандары барбы?

Билдирүүнү түзөткөн: CCCP: 19 Сентябрь 2009 - 09:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 62
  • 63
  • 64
  • 65
  • 66
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 20:37

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: