СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
ЗЕКЕТ
I ЗЕКЕТТИН МААНИЛҮҮЛҮГҮ
Мусулман коомчулугунун артыкчылыктарынын бирин, калетсиз, зекет ибадаты
менен байкоого болот. Айрыкча бүгүнкү күнү коомдук ынтымак ыдырап, жүздөгөн адамдарга ылайыкталып салынган көп кабаттуу турак жайларда кошуналардын бири-биринен кабарсыз жашаганы, үй-бүлө биримдигинин начарлашы, коомдук колдоо,
жардамдашуу иш-аракеттеринин унутта калганы кимди гана болбосун өкүндүрбөий
койбойт. Мына ушундай кырдаалда зекет сыяктуу коомдук жардамдашуунун ибадат
катары орундалышы кандай гана орундуу.
Ислам дини келген күндөн тарта коом – бул өзүнчө биримдик болгондугун,
көйгөйлөрдү чечүү бир гана адамга эмес, жалпыга тиешелүү болгондугун,
эч кимдин
коомдук көйгөйлөргө кайдыгер мамиледе болбошу керектигин баса белгилеп келет.
Азирети Пайгамбарыбыз мусулман коомчулугунун бир дене сыяктуу болгондугун,
мүчөлөрүнөн бири ооруса, бүт дене дүркүрөп зыркыраарын билдирген. Ислам байлык
белгилүү гана адамдардын колунда болушун туура көрбөйт. Хашр сүрөсүндө: «....Байлык
байлардын ортосунда гана жүгүртүлбөшү үчүн...» (Хашр сүрөсү, 7) деп буюрулат.
Зекет коомдук катмарлардын,
кедейлер менен байлардын ортосунда материалдык
жана моралдык көпүрө кызматын өтөөчү ибадат. Коомдогу ажырымды бүтөп, жек көрүү,
өчөшүү, ич таруу, кызгануу сыяктуу жат сапаттарга бөгөт болот. Коомдук тынчтыкты,
бейпилдикти жаратат.
Зекет ибадаты иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок адамдардын да эл сыяктуу өмүр
сүрүшүнө өзүнчө көмөк болуп, ачарчылыктан оолактатат.
Зекет адамды элдин керегине жараган пайдалуу иштерди жасоого үйрөтөт.
Кедей-кембагалдардын кедейликтин дартынан жат иштерге барып, жаман жолго
түшүүлөрүнө тоскоол болот. Уурулук, талап-тоноочулук,
сойкулук сыяктуу жат
көрүнүштөрдү азайтат. Муктаждыгы орундалган адамдардын туура, ак жолго түшүп өмүр
сүрүүлөрүнө себеп болот.
Зекет адамдын сараңдык сезимин азайтып, элге жардам берүүгө үйрөтөт.Элге жардам берүүнүн ырахатынан,
жаназыгынан даам сыздырат. Адамдын мал-мүлккө болгон ашкере сүйүүсүн басаңдатып,
өзүмчүлдүк,
бой көтөрүүчүлүк,
зыкымдык сыяктуу терс сапаттарга бөгөт койот. Адамдын жүрөгүн жумшартып боорукер, мээримдүү болууга
көндүрөт.
Зекет мал-мүлктөгү кирлерди тазалайт. Ислам дини боюнча, зекет – бул кембагал
муктаж адамдардын акысы болуп эсептелет. Аятта: «... алардын малмүлкүндө муктаж
кембагалдардын акысы бар» (Зарият сүрөсү, 19) деп буюрулат. Эгер зекет берүүгө
милдеттүү мусулман адам зекетин бербесе, мал-мүлкүнө бирөөнүн акысын (арам)
аралаштырган болот. Ошондуктан ал мал-мүлкүндөгү бирөөнүн акысын ээсине берүү
менен кирлерден тазаланышы керек. Анткени эч бир адам коомдон алыс жашоо менен
байлык топтой албайт. Иралды ал үй-бүлөсү жана туугандары андан соң коом тарабынан
түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен байлык топтойт, мал-мүлккө ээ болот. Мына
ушул мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун үзүрү катары бай адамдар коомдогу кедеи, жарды
адамдарга колдоо көрсөтүп жардам бериши кажет. Коомдук муктаждыктарга өз
салымдарын кошуулары керек. Куранда зекеттин адамды тазалоочу касиети жөнүндө
мындаича буюрулат: «Алардын мал-мүлкүнөн зекет ал. Себеби зекет алуу менен аларды
тазартып, жакшылыгын арттырган болосуң» (Тооба сүрөсү, 103).
Зекет да Исламдын башка буйруктары сыңары, жүзөгө жеңил ашырыла турган
таризде тартипке салынган. Негизги күнүмдүк муктаждыктардан сырткары шариятта
белгиленген өлчөмдө мал-мүлккө ээ болгон адам мал-мүлкүнүн 2.5 пайызын кедей-кембагалдарга бериши керек. Дан-өсүмдүктөрү менен мал жандыктардын зекети ортосунда
айырма бар. Бүгүнкү күнү зекетти салыктар менен салыштырганда алда канча төмөн
көрсөткүчтү көрсөтөт. Зекет ошол эле учурда байлыкты багыштап, ырыскыбызды ыроологон Улуу
Жараткан Аллага шүгүрчүлүк,
ыраазылык билдирүүнүн белгиси. Анын буйругуна баш
ийүүнүн, Ага кул болгондугунун айгагы. Адам баласы зекет берүү менен утурумдук мал-
дүнүйөсүн түбөлүк жыргалчылыкка айландырат,
байлыгынын бираз гана бөлүгүн берүү
аркылуу акыретте анын акыбетин ашыкчасы менен алат. Зекет адамдын акыреттик
түбөлүк бактысы үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
Зекет Куранда жана сүннөттө эң көп эскерилген буйруктардын бири. Зекет тууралуу
жалпы Курандын отуз аятында буйрук бар. Алардын аирымдары төмөнкүлөр:
«Намаз окуп, зекет берип, акыретке ишенген момун-мусулмандар Эгеси тарабынан
Туура жолдо. Дал ошолор ийгиликке жетүүчүлөр!
» (Лукман сүрөсү, 4-5).
«...Азап болсун ошол шерик кошкондорго!
Алар зекет беришпейт жана акыретке да ишенишпейт!
» (Фуссила сүрөсү, 6-7).
Исламдын эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири дүйнө таанымынын негизи материя
менен руханияттын,
дүинө менен акыреттин ортосунда түзгөн тартиби, теңсалмактуулугу.
Ислам маселени тек материя менен гана карабаит, тек дүйнө назары менен гана назар
салбайт, руханий назар менен, акыреттик көз караш менен да карайт. Зекет мына ушул
өңүттөн да өзгөчө мааниге ээ. Себеби зекет – бул руханият менен материянын ортосунда
түзүлгөн байланыштын жана тең салмактуулуктун негиздеринин бири болуп эсептелет.
Кыскача Ислам негиздери (Мухтасар Ислам илмихалы). Абдуррахман Хачкалы ( Фикх илиминин доктору).
#81 28 March 2016 - 14:56
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#82 29 March 2016 - 02:30
II. ЗЕКЕТТИН АНЫКТАМАСЫ
Зекет лексикологиялык мааниде, «көбөйүү, өнүү, берекеге бөлөнүү, тазалоо» деген
түшүнүктөрдү берет.
Исламда төмөнкүчө аныкталат: «Зекет – бул, материалдык жактан белгилүү өлчөмдө мал-мүлккө ээ болгон адам байлыгынын белгилүү өлчөмүн Ыйык Куранда көрсөтүлгөн адамдарга берүү»
Зекет Ислам дининдеги беш түркүктүн бири. Анын шарттарына жооп берген адамдар үчүн зекет берүү парз болуп эсептелет. Зекеттин парз ибадат болгондугу Ыйык Куран жана Сүннөт менен тастыкталган.
Зекет берүүгө милдеттүү боло туруп, аны орундатпагандар чоң күнөө кылган
болушат. Мунун акыретте сурагы өтө оор болору, ошону менен бирге зекет бергендер
акыретте акыбетин ашыкчасы менен алары аятта айкын айтылат (Тооба сүрөсү, 34).

#83 29 March 2016 - 02:39
III. ЗЕКЕТТИН ПАРЗ БОЛУШУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР
Төмөнкү шарттар зекеттин парз болушун талап кылат:
1. Мусулман, акыл-эси толук, балагатка жеткен адам болуу:
Бирок Имам Азамдан башка аалымдардын пикиринде, зекеттин парз болушу үчүн акыл-эс жана
балагатка жетүү шарт эмес. Бул пикир боюнча, балдардын жана акыл-эсинен ажыраган
адамдардын мал-мүлкүнөн алардын милдетин моюндаган адам зекет бериши керек.
2. Белгиленген (нисап) өлчөмдө мал-мүлккө ээ болуу:
Шариятта зекет берүү үчүн негизги муктаждыктардан сырткары 80 грамм алтынга же 80 граммдык алтынга тете акча каражатына же соода мүлкүнө ээ болуу кажет. Мал-жандыктарга келсек, 40 койго, же отуз уйга, же 5 төөгө ээ болуу керек. Ал эми дан-өсүмдүктөрдө Имам Азамдын пикири боюнча, белгиленген өлчөм деген шарт жок. Алынган дан-эгиндин 10 же 5 пайызын үшүр
иретинде берүү керек. Нисап өлчөмүн эсептөө учурунда зекет бере турган адамдын
карыздары эске алынышы кажет. Себеби ал адамдын карыздары (бересеси) 80 грамм
алтынга тете акча каражатын кемите турган болсо, анда ага зекет берүү парз эмес.
3. Зекет үчүн бөлүнгөн мүлктүн үстүнөн бир жылдын өтүшү:
Тагыраак айтканда, белгиленген өлчөмдөгү мал-мүлккө ээ болгон соң зекеттин парз болушу үчүн арадан бир жыл өтүшү керек. Дан эгиндеринин зекети үчүн арадан бир жылдын өтүшү шарт эмес.
4. Зекети бериле турган мал-мүлктү колдонууга толук мүмкүнчүлүктүн болушу:
Демек, зекет берүү учурунда мал-мүлккө толук ээ болуу керек. Ошондуктан жоголуп же уурдалып кеткен мал-мүлк үчүн зекет берүүгө болбойт.
Шариятта «аласа» маселесине байланыштуу жагдайларга жараша ар түрдүү өкүмдөр бар. Ислам укукчулары аласаны мындайча үч топко бөлүшөт:
«алууга толук мүмкүндүгү бар аласа, мүмкүндүгү орточо аласа жана мүмкүндүгү төмөн аласа». Ислам укукчулары бул багытта төмөнкүчө жыйынтыктарга келишкен:
Карызга берилген акчадан, соода же кире (аренда) үчүн берилген нерседен түшө
турган аласаларга толук ээ болуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан, булардан зекет берилиши
керек. Ошону менен бирге мындай аласалар колго тиймейинче зекет берүүнүн кажети жок.
Колго тийгенден кийин өткөн жылдардын да зекеттери берилет.
Махр (кыздын өзүнө берилчү калың), кун сыяктуу аласалар өз ээсине кайтарылмайын зекет берүүнүн кажети жок.
Толук ээ болбогондугу үчүн төмөнкү мүлктөрдөн зекет берүүгө болбойт:
а. Белгилүү ээси жок мүлктөр: Маселен, мамлекетке таандык мүлк, коомдун
кызматындагы мүлктөр.
б. Фондко таандык мүлктөр.
в. Арам жолдон келген мүлктөр. Мындай мал-мүлктөр дароо өз ээлерине, алар
белгилүү эмес болсо, кедей-кембагалдарга тапшырылышы керек.
г. Жоголгон, уурдалган жана орду белгисиз мал мүлктөрдүн зекети болбойт.
д. Белгиленген махр мүлкү аялга тапшырылмайын аял кишинин зекет бериши кажет эмес.
5. Зекетке берилчү мал-мүлктүн көбөйүп туруучу өзгөчөлүктө болушу:
Мунун түз жана кыйыр мааниси бар:
Түз мааниси: соодадагы мал-мүлктүн, мал-жандыктардын жана дан эгиндеринин
көбөйүшү.
Кыйыр мааниси: акча, алтын, күмүш сыяктуу мүлктөрдүн жүгүртүлүшү. Бул шартка
жооп берген беш мүлк каражаты бар. Алар төмөнкүлөр: акча (алтын, күмүш ж.б.), соода
мүлкү, мал-жандыктар, дан эгиндери, казыналар жана кен байлыктар (металлдар).
Булардан сырткаркы мүлктөрдөн зекет берилбейт. Буга негизги муктаждыктар,
маселен, үй-жай, буюмдар, мингич-жандыктар кирет.
6. Зекетке берилчү мүлктүн карыздан тышкары болушу:
Бул шарт акча, алтын
же соода мүлктөрүнүн зекетин эсептөө учурунда эске алынат. Эгер карыздар 80 грамм
алтынга тете акча каражатын кемите турган болсо, анда зекет берүү парз болбойт.

#84 29 March 2016 - 03:36
IV. ЗЕКЕТТИН ТОЛУК ОРУНДАЛЫШЫ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР
1. Ниет:
Зекет – бул ибадат. Андыктан зекет ибадаты үчүн да ниет кылуу шарт.
Имам Азам агымы боюнча, зекетти берүү учурунда ниет кылуу керек. Асыресе, зекетти
бөлүп-бөлүп берүү мүмкүн болгондугу үчүн аны бөлүү учурунда бир жолу ниет кылуу
жетиштүү.
2. Зекетти өз ээлерине тапшыруу (тамлик):
Тагыраак айтканда, зекетти зекет ала
турган адамдын ээлигине өткөзүү керек.
Акыл-эсинен ажырагандарга, ак-караны ажыраталбаган балдардын колуна зекет
тапшырылбайт. Зекет алардын муктаждыгын моюндаган адамдарга тапшырылат. Жол, көпүрө, мектеп, мечит сыяктуу элдин кызматына жарай турган жакшылык иштер үчүн зекет берилбейт. Буларга зекеттен тышкаркы жакшылыктар сарпталышы керек.
Зекет менен маркумдун карыздарын төлөөгө болбойт.
Зекет бере турган адам ата-энесине, баласына же жубайына зекет бере албайт.
Кедей адамда аласасы бар адам аласасын зекет ниети менен ага (б.а. кедей адамга)
багыштаса болобу же жокпу деген темада аалымдар эки анжы пикирде. Айрым аалымдар бул жерде «тамлик» шарты толугу менен жүзөгө ашпагандыктан кедейдеги аласаны ага
зекет катары берүүгө болбойт дешет. Ал эми экинчи жоон топ аалымдардын пикиринде,
кедейдеги аласаны зекет ниети менен ага багыштап жиберсе болот.
Зекетти Исламда көрсөтүлгөн адамдарга тапшырбаган адам зекет ибадатын
орундаткан болуп эсептелбейт. Ал адам зекетин кайрадан бериши керек.

#85 29 March 2016 - 03:47
V. ЗЕКЕТКЕ БЕРИЛҮҮЧҮ МАЛ-МҮЛКТӨР
А. АКЧА, АЛТЫН ЖАНА КҮМҮШ
Бүгүнкү күнү кагаз же металл акча каражаты илгерки доорлордо колдонулган
алтын-күмүш акчанын кызматын өтөп келет. Андыктан алтын-күмүш сыяктуу эле акчанын
да зекетин берүү керек.
Акча, алтын, күмүш жана соода мүлктөрү кошулганда 80 грамм алтынга тете болсо,
зекет берүү зарыл.
Зекетке акча, алтын жана соода мүлктөрүнүн кырктан бир бөлүгү (демек, 2.5 пайызы) берилет.
Бул өлчөмдөр Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын сүннөтү менен тастыкталган (Бухари, Зекет, 32, 38).
Алтын-күмүштүн зекети анын салмагын эсептөө менен берилет. Демек, 100 грамм
алтындын зекети 2.5 грамм алтынга же ушуга тете акча каражатына туура келет.
Алтын-күмүштөн кооздук үчүн жасалган буюмдардын да (мисалы, идиш-аяк, аялдардын сөйкө шакектери) зекетин берүү зарыл.
Алтын-күмүштөн сырткаркы металлдардан кооздук үчүн жасалган буюмдардын
зекетин берүүнүн кажети жок. Ошону менен бирге эгер булар материалдык каражат катары
сакталып жаткан болсо, анда мындай буюмдардын да зекетин берүүгө туура келет.
Тагыраак айтканда, зарылчылык учурда сатып акчага айлантуу үчүн сакталган мындай
буюмдар да акча өкүмүнө киргендиктен, алардын да зекетин берүү керек.
Таза эмес алтын-күмүштөн, башкача айтканда, алтын-күмүш менен башка
металлдын аралашмасынан жасалган буюмдарда кайсыл металлдын составы көбүрөөк
болсо, ошого жараша өкүм өзгөрөт. Асыресе, мындай буюмдардын зекети акча иретинде
бериле турган болсо, анын баасын эске алуу керек.
Б. СООДА МҮЛКҮНҮН ЗЕКЕТИ
Соода максатындагы мүлк кайсы түрдөн болсо да, андан зекет берүү зарыл. Буга сатуу үчүн багылган жаныбарлар да кирет.
Соода мүлкү 80 грамм алтынга тете болгондо, анын да зекети талап кылынат. Соода мүлкү буга жетпесе да, негизги муктаждыктарынан тышкаркы акчасы, байлыгы кошулганда 80 грамм алтынга жетсе, зекет берүү зарыл.
Соода мүлкүнүн зекетин эсептөөдө карыздар эске алынат.
Имам Азам агымы боюнча, соода мүлкүнүн зекетин сөзсүз түрдө соодадагы мүлк
түрүнөн берүү керек деген шарт жок, акча түрүндө да берсе болот.
В. ИМАРАТ, ТУРАК-ЖАЙ ЖАНА УНАА СЫЯКТУУ КИРЕГЕ (аренда) БЕРИЛГЕН МҮЛКТӨРДҮН ЗЕКЕТИ
Жогоруда белгиленгендей, адамдын негизги муктаждыктарынын (м: турак-жай) зекети болбойт.
Ал эми киреге берилген үйлөрдөн түшкөн киреше шарият боюнча белгиленген
өлчөмгө жеткенде, же ошол киреше адамдын мал-мүлкүнө кошулганда 80 гр алтынга
жетсе, анын 2.5 пайызын зекетке берүү керек. Киреге коюлган унаалардан түшкөн
кирешелер да ушул таризде зекет берүүнү талап кылат.
Соода-сатыктагы жерлер, үйлөр жана батирлер (квартира) да соода мүлкү сыяктуу
зекетти талап кылат. Булардын баасынан 2.5 пайызы зекет иретинде берилиши керек.
Г. АЙЛЫК АКЫДАН ТҮШКӨН КИРЕШЕНИН ЗЕКЕТИ
Жумушчулардын айлык маянасы, дарыгердик, инженердик, куруучулук, чач тарачтык, тигүүчүлүк сыяктуу кесип ээлеринин кирешелери негизги муктаждыктардан тышкары белгиленген өлчөмгө жеткен күндөн тарта бир жыл өткөн соң (эгер киреше белгиленген өлчөмдөн азайбаса) зекетин берүү кажет.
Ошондой эле айлык маяна шариятта көрсөтүлгөн өлчөмгө жетпесе да, аны негизги
муктаждыктардан тышкаркы мал-мүлккө кошкондо береги өлчөмгө (б.а. 80 гр алтынга)
жетсе, зекет берүү зарыл.

#86 31 March 2016 - 04:57
Д. ЗАВОД-ФАБРИКА ӨНДҮРҮШТӨРҮНӨН ТҮШКӨН КИРЕШЕНИН ЗЕКЕТИ
Кичи же чоң өндүрүш мекемелеринин имараты, өндүрүштө колдонулган шаймандар зекеттин эсебине кирбейт. Т.а. булардан зекет берилбейт.
Өндүрүш мекемелеринен түшкөн кирешенин жана андагы иштетиле элек каражаттын 2.5 пайызы зекет катары берилиши керек. Мисалы, бут кийим тигүүчү
фабрикада бут кийим үчүн колдонулуучу каражаттар (м: тери), тигилген бут кийимдер жана алардан түшкөн киреше да зекетти эсептөө учурунда эске алынышы кажет.
Ж. МАЛ-ЖАНДЫКТАРДЫН ЗЕКЕТИ
Кайсыл жаныбардан канчасы зекет үчүн бериле тургандыгы Азирети Пайгамбарыбыздын сүннөтү менен тастыкталган.
Азирети Пайгамбарыбыздын, сахабалардын учурунда кой, уй, төө жандыктарынан зекет алынган. Эчкилер кой түрүнө, буйволдор, топоздор уй түрүнө кирет.
Мал-жандыктардын зекетин алуу үчүн алар жарым жылдан ашык, б.а. алты айдан ашык убакыт жайытта багылышы керек. Жарым жылдан ашык акырда (короодо) кармалган мал-жандыктарды зекетке берүүгө болбойт. Эгер мал-жандыктар короодо сатуу үчүн багылып, киреше алып келип жатса, алардан түшкөн киреше акча иретинде нисап
өлчөмүнө жетип бир жыл өтсө, анын 2.5 пайызы зекетке берилет.
Талаа жумуштары үчүн же мингич катары колдонулган мал-жандыктардын зекети берилбейт.
Мал-жандыктардын зекетин эсептөө учурунда зекет бериле турган учурдагы сан эске алынат.
Кой-эчкинин зекети 40 баштан башталат.
40-120 койдон бир жашар 1 кой,
121-200 койдон 2 кой,
200-399 койдон 3 кой,
400-500 койдон 4 кой зекетке бөлүнүп берилиши керек.
Уйдун зекети 30 баштан башталат.
30-40 уйдан эки жашар ургаачы же эркек 1 бодо мал
40-60 уйдан үч жашар ургаачы же эркек 1 бодо мал 60 уйлуу болгондо бир жашка толгон эки торпок берилет. Андан кийин ар 30 уй үчүн бир торпок, ар бир 40 уй үчүн эки жашка толгон 1 бодо мал зекетке берилет.
Төөнүн зекети 5 баштан башталат.
5-9 төөдөн бир кой,
10-14 төөдөн эки кой,
15-19 төөдөн үч кой зекет катары берилиши зарыл.
Жылкынын зекети
Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун!) «үйүр-үйүр жылкысы бар адамдардан зекет алса болобу же жокпу» деген суроо менен кайрылган Абу Убайда бин аль Жаррахка жылкылардын зекетин алып, кедей-кембагалдарга таркатышын буйруган.
Имам Азам Абу Ханифа менен шакирти Имам Зуфардын пикиринде, тукумун алуу жана аны белгилүү убакыттан кийин сатуу максатында эң азынан жарым жылдан ашык убакыт жайытта багылган жылкылардын зекети талап кылынат.
Бул эки аалымдын көз карашы боюнча, жылкылардын зекети баасынын 2.5 пайызы өлчөмүндө берилиши керек.
Мингич катары үй-талаа жумуштары үчүн колдонулган же жарым жылдан ашык акырда кармалган жылкылардын зекети берилбейт.
Жылкы менен соода жүргүзгөн адам жылкыларынын баасына жараша соода мүлкү сыяктуу зекет бериши керек. Бул жерде да зекет берүү үчүн жылкылардын баасы соода мүлкүндөгү белгиленген өлчөмгө жетиши керек.

#87 31 March 2016 - 14:27
З. ЖОГОРУДА БЕЛГИЛЕНГЕН МАЛ-ЖАНДЫКТАРДАН ТЫШКАРКЫ ЖАНДЫКТАРДЫН ЗЕКЕТИ
Бүгүнкү күнү акча табуу жана соода кылуу үчүн багылган жандыктар соода мүлкү сыяктуу зекетти талап кылышат. Алардын да баасы белгиленген өлчөмгө жеткенде 2.5 пайызы зекет иретинде берилиши кажет.
Тоок чарбасында тооктор эт-азык үчүн багылып сатылып жаткан болсо, чарбадагы бардык тооктордун баасы белгиленген нисап өлчөмүнө жетсе, анын 2.5 пайызы зекет катары берилет.
Тооктор эт-азык үчүн эмес, жумуртка үчүн гана багылып жаткан болсо, жумурткадан түшкөн кирешеден зекет талап кылынат.
Ал эми тооктор эт-азык үчүн да, жумурткасын сатуу үчүн да багылып жаткан болсо, эттен да, жумурткадан да түшкөн кирешелердин кошундусунан зекет берилиши керек.
Тоок чарбасынан тышкаркы чарбалар да ушул таризде зекетти талап кылат.
Соода-сатык үчүн багылган жаныбарлардын зекети санына эмес, баасына жараша берилет. Баасы шариятта белгиленген өлчөмгө жетсе, анын зекети 2.5 пайыз өлчөмүндө берилет.
И. КЕН БАЙЛЫКТАРДЫН ЗЕКЕТИ
Имам Азам агымы боюнча, жер астынан чыгарылган кен байлыктардан катуу болуп эритүү жолу менен алынган алтын, күмүш, темир, жез сыяктуу металлдардын бештен бири зекетке берилиши керек. Ханбали агымы боюнча, катуу же суу түрүндө болсун, жер алдынан чыккан кен байлыкка киргендин баарынан зекет берүү зарыл. Бүгүнкү күнү ушул көз караш менен кадам шилтөө туура болот. Себеби Исламдын алгачкы жылдарында жер
астынан алынган кен байлыктар өтө аз болгондуктан ошол доорлордо жашаган укукчу
аалымдар тарабынан бул багытта ар түрдүү көз караштар айтылган. Асыресе : «Силер үчүн
жерден чыгарган нерселерибизден сарптагыла. ..» (Бакара сүрөсү, 267) деген аят укукчу
аалымдардын пикиринде, дан-эгиндердин зекетине далалат кылгандай эле жер астынан алынган кен байлыктардын зекетине да далалат кылат. Бул багытта Азирети Мухаммад
(саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз: «Риказда 1/5 өлчөмүндө зекет бар»
(Бухари, Мусакат, 3, Зекет, 66) деген. «Риказ» сөзү жер астынан чыккан ар түрдүү казына,
кен байлыктын баарын ичине камтыйт.
Имам Азам боюнча, кен байлыктардан бештен бири (%20) зекетке берилет.
Калган үч агым боюнча, кен байлыктардын зекети 40тан бири, б.а. 2,5 пайыз өлчөмүндө берилет. Бирок бул жаатта Имам Азам агымындагы аалымдардын көз карашы дагы да бекем. Анткени алар кен байлыктарды жогорудагы хадистеги белгиленген өлчөмгө такашат. Кескин далилдер (Куран, сүннөт) менен белгиленген өлчөмдөргө караганыбызда, адамдын өз маңдай тери менен тапкан байлыктардан аз өлчөмдө, аз эмгек менен табияттан даяр тапкан байлыктардан көп өлчөмдө зекет талап кылынаарын байкайбыз.
Кен байлыктардын зекети үчүн арадан бир жылдын өтүшү кажет эмес.

#88 01 April 2016 - 02:49
К. ДАН-ЭГИНДЕРДИН ЗЕКЕТИ
Өсүмдүктөрдүн зекети «үшүр» деп аталат.
Үшүр берүү үчүн жери бар адамдын балагатка жеткен, акыл-эси толук болушу шарт эмес. Ислам аалымдары, өсүмдүктөн алынган түшүмдүн 10 же 5 пайызы зекет иретинде берилиши керек деген пикирди бир ооздон кабылдашкан.
Имам Азамдын пикиринде, ар түрлүү эгиндин зекетин берүү керек.
Имам Азамдын көз карашында, бул жаатта өлчөм, тагыраак айтканда, белгилүү бир өлчөмгө жетүү деген шарт жок. Ошондой эле кээ бир аалымдардын пикиринде, 650 килограммдан аз түшүм алган адам үшүр бербесе да болот. Алар бул пикирди, ушул
мааниде айтылган хадиске таянуу менен айтышкан.
Суу ташуу жолу менен сугарылган жерлерден алынган түшүмдүн 5 пайызы (1/20) үшүр катары берилиши керек. Ал эми жамгыр же арык аркылуу сугарылган жерлерден алынган түшүмдүн 10 пайызы (1/10) зекетке берилет.
Бүгүнкү күнү сугаруудан тышкары жерге жерсемирткич берүү, унаага кеткен май, жумушчулардын акысы сыяктуу маселелерден улам айрым аалымдар ушундай жол менен өстүрүлгөн эгинден түшкөн түшүмдүн 5 пайызы үшүр катары берилиши керек дешет.
Ошондой эле мөмө-жемиштердин зекети мөмө-жемиш толук жыйналгандан кийин, дан-эгиндердин зекети (үшүрү) түшүмү алынган чакта берилет.
Жерден түшүм алынган сайын үшүр берилиши керек. Жер ээси акыл-эсинен ажыраган же жаш бала болсо дагы анын талаасында өстүрүлгөн түшүмдүн зекети берилет.
Муну анын муктаждыктарын моюндаган адам берет.
Жер ээси жерин киреге (арендага) берсе, Имам Азамдын пикиринде, зекетти (үшүрдү) жер ээси, Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммеддин пикиринде, жерди киреге алган адам бериши керек. Бул маселени жер ээси менен киреге алган адамдын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча да чечсе болот. Эмнеси болгон күндө да, өндүрүлгөн түшүмдүн үшүрү берилиши керек.
Жер ээси менен жер иштеткен адам өндүрүлгөн түшүмдү жарым-жарымынан
бөлүшүүгө макулдашкан болсо, эки тарап тең өзүнө түшкөн үлүштүн зекетин бериши зарыл.
Л. БАЛДЫН ЗЕКЕТИ
Имам Азам агымы боюнча, балчелектен алынган балдын 10 пайызы зекет катары берилет. Бул пикир дан-эгиндердин үшүрүнө салыштырылган. Бал менен соода кылган адамдар соода мүлкүнүн зекети сыяктуу нисап өлчөмүнүн 2.5 пайызын зекет иретинде беришет.

#89 01 April 2016 - 02:55
VI. ЗЕКЕТ БЕРҮҮНҮН УЧУРУ
Алтын, күмүш, акча, соода мүлкү жана мал-жандыктардын зекети жылына бир жолу
берилет. Бул жыл камарий (ай) жылы (355 күн) боюнча эсептелет.
Мөмө-жемиштин зекети толук жыйналгандан кийин, дан-эгиндердин зекети (үшүрү) түшүм алынган учурда берилет.
Имам Азам агымы боюнча, зекет берүү убагы келгенге чейин да зекет берсе болот.
VII. ЗЕКЕТ БЕРҮҮНҮН ТАРИЗИ
Зекетке берилчү мүлктөрдүн зекетин ошол мүлктүн өзүнөн да, акчалай да берсе болот. Бул жерде негизги максат кедей-кембагалдардын муктаждыктарын камсыз кылуу.
Шариятта белгиленген өлчөмгө жеткен мүлктүн зекетин алдын-ала, убагы келгенге (80 граммдык алтын өлчөмүндөгү мүлккө ээ болгон күндөн тартып 355 күн өткөнгө) чейин берсе болот.
Зекет бере турган адам бир кедейди үйүнө жашатуу аркылуу зекетин бере албайт.
Ошону менен бирге үйдүн киресин төлөө учурунда ага акчалай жардам берүү менен зекетин бериши мүмкүн.
Зекетти зекет ала турган сегиз топко тең, же айрымдарына же бирөөсүнө гана
(маселен, кедейлерге гана) берсе да болот. Мусулман эместерге зекет берилбейт. Аларга
кайыр-садага берсе болот.
VIII. ЗЕКЕТ БЕРҮҮНҮН АДЕП-ТАРТИБИ
Мусулман адам зекетин Алланын ыраазылыгы үчүн өз каалоосу менен чын көңүлдөн ибадат кылуу ниети менен бериши керек. Анткени мусулман адам орундатып жаткан бул ибадаттын акыбетин акыретте ашыкчасы менен ала тургандыгын билет.
Зекет таза жана адал мүлктөн берилет. Акча иретинде эмес, ошол мүлктүн өзүнөн бериле турган болсо, жакшысына, эң азынан орточосуна көңүл буруу кажет. Аятта нарксыз, сапатсыз нерселердин жана адамдын алгысы келбеген нерселердин зекетке берилбеши керектиги буйурулган. (Бакара сүрөсү, 267).
Зекет алган адам өзүн ыңгайсыз сезе турган болсо, зекетти жашыруун түрдө берүү абзел.
Зекет берүү учурунда сөзсүз түрдө мунун зекет болгонун айтуу кажет эмес.
Зекетти өз учурунан кечиктирбей берүү керек. Адамдардын муктаждыктары өз учурунда камсыздалышын эстен чыгарбоо зарыл. Зекет берүү жакын туугандардан башталышы керек. Эгер муктаж болсо биринчи кыз жана эркек бир тууганга, андан кийин калган кедей туугандарга жана башка кембагал адамдарга берилиши керек.
Адеп-ахлагынан, ыйбаалуулугунан улам муктаж болгондугун билгизбей жүргөн такыбаа адамдар изделиши керек. Мындай кембагал такыбаа адамдарга да зекет берүү зарыл.
Зекетти зекет берүүгө милдеттүү адам өз колу менен да, өзү ишенип тапшырган адам да берсе болот

#90 02 April 2016 - 04:04
IX. ЗЕКЕТ КИМДЕРГЕ БЕРИЛЕТ?
Зекет бериле турган адамдар Тооба сүрөсүнүн 60-аятында белгиленген. Аятта көрсөтүлгөн адамдар төмөнкүлөр:
1. Кедейлер:
Имам Азамдын пикиринде, кедей адам деп кандайдыр бир кирешеси болсо да, негизги муктаждыктарын камсыздай албаган жана нисап (80 гр. алтын) өлчөмүндөгү мүлккө ээ болбогон адам эсептелет.
2. Карып-мискиндер:
Мискин эч бир мал-мүлкү жок адам дегенди түшүндүрөт. Кедейлер менен мискиндердин ортосунда эч кандай айырма жок дегендер болгондой эле, мискиндер кедейлерден да жарды дегендер да бар. Имам Азам агымы боюнча, кедей-мискиндерге шариятта белгиленген өлчөмчөлүк
(80 гр. алтын) зекет берсе болот. Калган агымдар боюнча, канча муктаж болсо, ошончо
өлчөмдө берилет.
Имам Азам агымы боюнча, нисап өлчөмүндөгү мүлккө ээ адамга зекет берилбейт.
Иштөөгө кудуреттүү жана иштөө мүмкүнчүлүгү боло туруп, иштебей жүргөн адамга зекет берилбейт.
Иштесе да, кедей жана муктаж адамдарга зекет берилет.
3. Зекет топтоого милдеттүү адамдар:
Азирети Пайгамбарыбыздын учурунда да,
кийинки учурларда да дан-эгиндердин, мал-жандыктардын зекетин Ислам мамлекети
тарабынан дайындалган адамдар топтошкон. Алардын акысы топтолгон зекеттен берилген.
4. Мукаллафа-и кулууб (көңүлүн Исламга жылытуу зарылчылыгы болгондор):
Аятта айтылган төртүнчү топ Исламга болгон көз карашын, көңүлүн түздөө үчүн зекет берүүгө боло турган адамдар. Айрым өрнөктөрү төмөнкүлөр:
Исламды кабыл алганда башка адамдарга да үлгү жана үгүт боло турган белгилүү адамдар.
Исламга жаңы кирген адамдардын мусулманчылыкта туруктуу болуулары.
5. Кулдар:
Исламдын алгачкы жылдары коомчулукта «кулчулук» кеңири кулач жайган болучу. Ошондуктан дин Ислам кулчулуктун жойулушу багытында олуттуу
кадамдарды таштаган. Мына ошол кадамдардын бири катары зекеттен кулдардын азаттыкка чыгышы үчүн белгилүү өлчөмдүн бөлүнүшүн көрсөтө алабыз. Ал эми бүгүнкү күнү «кулчулук» жоюлгандыктан зекет башка муктаж адамдарга берилет.
6. Карызы бар адамдар:
Имам Азам аалымдарынын көз карашында, буга карызы бар жана карызын төлөгөндөн кийин негизги муктаждыктарына жете турганчалык мал-
мүлкү калбаган адамдар кирет.
Карызы бар адамга карызынчалык өлчөмдө зекет берилет. Зекетти алган карызы бар адам карызын башка жолдор менен төлөсө, зекет кайтарылып алынат.
Карызы бар адамдарга зекет берүүнүн айрым бир шарттары бар:
Ал адам Карызга арак, кумар жана зина сыяктуу арам жолдор менен батпаган болушу керек.
Карызды төлөө учуру келген болушу керек.
Карыз адам акысынан болушу зарыл. Тагыраак айтканда, зекет жана каффарат карызы бар адамга зекет берилбейт. Кээ бир Ислам укукчулары буларга да зекет берсе болот дешкен.
7. Алла жолунда:
Аяттагы «фии сабиилиллах» сөзү «Алла жолунда» дегенди туюнтат. Зекет мүлкүнөн Алла жолунда жихад кылгысы келсе да, материалдык
мүмкүнчүлүгү жок адамдарга да берилет.
8. Жолдо калган адам:
Имам Азам аалымдарынын пикиринде, буга жашаган
жеринен алыс жакка сапарга чыгып, үйүнө кайтууга акчасы калбай калган адамдар кирет.
Мындай адамдар бай болсо да, акчасы жанында жок болгондугу үчүн бул учурда муктаж абалда деп саналат.

#91 03 April 2016 - 02:05
X. ЗЕКЕТ КИМДЕРГЕ БЕРИЛБЕЙТ?
1. Байлар:
Имам Азам агымы боюнча, негизги муктаждыктарынан сырткары нисап өлчөмүндө мал-мүлккө ээ болгон адамдарга зекет берилбейт.
2. Өз ата-энеси, жубайы жана балдары:
Мусулман бай адам өз ата-энесине, балдарына, неберелерине жана жубайына зекет бере албайт. Бул зекет түшүнүгүнө карама-каршы келет. Анткени алардын муктаждыктары ал адамдын мойнундагы милдет болуп саналат. Ансыз да зекет алардын муктаждыктары каржылангандан кийин берилет. Имам Азамдын пикиринде бай аял күйөөсү кедей болсо да, ага зекет бере албайт. Ал эми Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммеддин көз карашы боюнча, бай аял кедей күйөөсүнө зекет
берсе болот.
3. Мусулман эмес адамдар:
Жаамы аалымдардын бүтүмүндө, мусулман эместерге
зекеттен үлүш бөлүнбөйт. Мусулман өлкөлөрүндө жашаган башка диндин өкүлдөрүнө напил кайыр-садагалар берилет.
4. Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын туугандары: Пайгамбарыбыздын туугандарына зекет берилбей тургандыгы куттуу хадистер менен тастыкталган.

#92 03 April 2016 - 03:24
XI. БИТИР (фытыр) САДАГА
Битир садага – бул орозо айт майрамына күбө болгон жана негизги муктаждыктарынан тышкары нисап өлчөмүндө мал-мүлккө ээ болгон адамдардын өздөрү үчүн да, карамагындагылар (балдары жана карамагындагы акыл-эсинен ажыраган адамдар) үчүн да бериши важип болгон садага.
Битир садаганы нисап өлчөмүндө мал-мүлккө ээ болгон адамдар өздөрү үчүн да, балдары жана неберелери жетим болсо алар үчүн да бериши керек. Булардан тышкаркы адамдар үчүн битир садагасын берүү милдеттүү болбосо да, (берүүгө) уруксат бар.
Белгилүү бир үзүр-себептен улам орозо кармай албай калган адам да битир садагасын берүүгө милдеттүү.
Битир садага орозо айттын биринчи күнү багымдат намазынын убагы кириши менен важип болот.
Битир садаганы Рамазан айынын башынан баштап бере берсе да болот.
Битир садага өз учурунда берилбесе да, жоопкерчилик, милдеттүүлүк түшпөйт.
Имам Азам агымы боюнча, битир садага акча иретинде берилиши абзел.
Битир садага ибадат болгондугу үчүн ниет кылуу менен берилиши зарыл. Битир катары бериле турган мүлктү бөлүү учурунда да, битирди берүү учурунда да ниет кылса болот.
Битир садага зекет берилген адамдарга берилет.
А. БИТИР САДАГА БЕРҮҮ КИМДЕРГЕ ПАРЗ?
Битир садага берүүгө милдеттүү болуу үчүн төмөнкү шарттар зарыл:
Мусулман болуу
Негизги муктаждыктардан тышкары 80 грамм алтынга тете мал-мүлккө ээ болуу.
Эгер балагатка жете элек бала же акыл-эсинен ажыраган адам белгиленген өлчөмдө мал
-мүлккө ээ болсо, алардын атынан да битир садага берилиши керек.
Битир берүүгө мал-мүлкү жеткен адам өзүнүн карамагындагы баласы, акыл-эсинен
ажыраган адамдардын да битирин берүүгө милдеттүү. Имам Азам агымы боюнча, аялынын битир садагасын берүү зарыл эмес болсо да, үй-бүлөдө аял-эркектин ортосунда мал-мүлк ажырымы болбосо, бардык мүлктү эркек башкарса, аялы үчүн да битир бериши керек.
Б. ӨЛЧӨМҮ
Хадистерде битир садага кургатылган курмадан, арпадан же мейизден 3 кг., буудайдан 1.5 кг. өлчөмүндө берилиши керектиги билдирилген. Бул ошол күндүн шарттарында адамдардын жашоо даражасына жараша белгиленген өлчөм. Бүгүнкү күнү ушул таризде эсептеп берүү менен бирге, битир садагасын бере турган адамдын өз үй-
бүлөсүнөн бир адамдын орточо бир күндүк тамак-ашынын эсебин эсептеп, ошол өлчөмдө
битир садага бериши дурус.

#93 03 April 2016 - 03:34
ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ
АЖЫЛЫК
Ажылык – бул, Кааба жана анын айланасындагы куттуу деп эсептелген белгилүү жерлерге белгиленген учурда барып усул-эрежелерине ылайык зарыл ибадаттарды орундатуу. Ажылык учурунда орундалган ажылыкка таандык ибадаттар «манаасик» деп аталат.
Ажылык ибадаты күчү жеткен мусулмандарга парз болуп саналат. Анын парз болушу Куран, сүннөт жана ижма далилдери менен тастыкталган. Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Алла (ыраазылыгы) үчүн Каабага ажылык кылуу
милдети жүктөлдү» (Аали Имран сүрөсү, 97).
Мүмкүнчүлүгү бар адамдын өмүрүндө бир жолу ажылык ибадатын орундатышы парз. Имам Азам жана Имам Абу Юсуфтун пикиринде, ажылыкка баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жылы ажылык ибадатын орундоо парз. Аны кииинкиге калтырган адам күнөөкөр болуп саналат.
Ажылык ибадаты өзгөчө мааниге ээ. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи
васаллам): «Алланын алдында кабылданган ажылыктын акыбети беииш!» (Муслим, Хаж,37) деп буюрган.
Ажылык мусулман үчүн жер бетиндеги эң ыйык жердин зыяраты. Ар башка раса-улуттагы, жана ар башка аймактан келген адамдардын жалгыз Жараткан Алланын алдында бирдей деңгээлде, бирдей кийим менен кыяматтагы махшар майданындагыдай, бир жерге чогулгандагы ибадаты. Куттуу хадистерде да белгиленгендей, темирдин даты кандай кетсе, ажылык ибадаты да адамды күнөөлөрүнөн ошондой тазалайт.
Ажылык ар жылы мусулмандарды бир жерге топтойт. Биримдикти, ынтымак-ырашкерликти бекемдейт. Мусулмандардын бири-бири менен таанышып, байланыш-алака куруулары үчүн эң ииги мүмкүнчүлүк.
I. АЖЫЛЫК КИМДЕРГЕ ПАРЗ?
1-Ажылык акыл-эси жайында,
2 Балагатка жеткен,
3 Ажылыкка баруу мүмкүнчүлүгү бар ар бир мусулман баласы үчүн парз. Аалымдар «ажылыкка баруу мүмкүнчүлүгү» дегенди ажылыкка барууга каржылык жактан камсыз болуу деп түшүнүү абзел дешет.
Мына ушул шарттарга жооп берген адам ажылык ибадатын орундатууга милдеттүү болот

#94 03 April 2016 - 14:39
II. АЖЫЛЫК ИБАДАТЫН ОРУНДОО ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР
Жогоруда көрсөтүлгөн шарттарга кошумча ажылык ибадатын орундоонун дагы бир канча шарты бар. Ушул шарттарга жооп бербеген адам ажылыкка баралбаса, күнөөкөр болуп эсептелбейт. Ажылыкка баруу үчүн төмөнкү шарттар талап кылынат:
1. Денсоолуктун чың болушу: ден-соолугу начар, ажылык ибадатын орундоого
күчү жетпеген адамга ажылык парз эмес. Маселен, буга сокур, ашкере алсыз адамдар,
ажылык ибадатын орундатууга күчү жетпеген карыя адамдар кирет. Мындаи адамдар ордуна өкүл жиберип-жибербеши жаатында аалымдардын ортосунда эки ача пикир бар.
Абу Ханифа Имам Азам менен Имам Малик мындай адамдарга ден-соолугу болбогондугу үчүн ордуна бирөөнү өкүл катары жиберүүнүн кажети жок дешсе, Имам Азамдын окуучулары Абу Юсуф менен Имам Мухаммед ал адам ордуна бирөөнү өкүл катары ажылыкка жибериши керек, дешет.
2. Жол коопсуздугу: жол коопсуздугу болбогон адамга ажылыкка баруу парз эмес.
3. Тоскоолдук: түрмөдө болуу же чет өлкөгө чыгуу укугунун берилбеши сыяктуу
тоскоолдуктар ажылыкка барбай калуу үчүн себеп боло алат.
4.Аялдар үчүн буларга кошумча дагы бир шарт бар: жанында күйөөсү же өзүнө нике түшпөй турган адамдын (бир тууган ага-иниси ж.б) болушу.
1. Ошондой эле күйөөсү менен ажырашкан соң же күйөөсү көз жумгандан кийинки белгиленген мөөнөттү (идда) күтүп жаткан (ажылыкка барууга акчасы бар) аял киши үчүн ажылык ибадатын орундатуу парз болбойт.

#95 04 April 2016 - 03:04
III. АЖЫЛЫКТЫН ПАРЗДАРЫ
Имам Азам агымы боюнча, ажылыктын үч парзы бар:
А. Ихрамга кирүү,
Б. Каабаны таваф кылуу (зыярат тавафы)
В. Арафатта вакфа (туруу).
Бул жерде ихрамга кирүү ажылыктын толук болушунун шарты, ал эми вакфа жана Каабаны таваф кылуу ажылыктын рукундары болуп эсептелет.
Береги парздарды белгиленген жерлерде, белгилүү учурларда орундоо кажет.
Имам Азам агымы боюнча, ажылыктын үч парзы бар:
А. Ихрамга кирүү,
Б. Каабаны таваф кылуу (зыярат тавафы)
В. Арафатта вакфа (туруу).
Бул жерде ихрамга кирүү ажылыктын толук болушунун шарты, ал эми вакфа жана Каабаны таваф кылуу ажылыктын рукундары болуп эсептелет.
Береги парздарды белгиленген жерлерде, белгилүү учурларда орундоо кажет.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#96 04 April 2016 - 03:19
А. ИХРАМГА КИРҮҮ
Ихрам – бул, ажылык жана умра кылууга ниет кылган адам үчүн жөн учурларда мубах болгон (күнөө эмес) айрым бир кыймыл-аракеттерге тыюу салынышы.
1. Ихрамга кирүү жерлери:
Мекке шаарынын тургундарынан тышкары ажылык же умра үчүн келген адамдардын ихрамга кирүү жерлери «микат» деп айтылат. Бул жерлерден ихрамсыз өтүүгө болбойт. Болбосо кайрадан микатка кайтып ихрамга кирүү керек. Эгер микатка кайтпай туруп ихрамга кирсе, курманчылык чалуу зарылчылыгы туулат. Ошону менен бирге бул жерлерге жете электе да ихрамга кирсе болот.
Кааба жана аны курчап турган мечит «Масжидул-Харам» деп айтылат.
Ошондой эле Мекке шаарынын белгиленген «Харам аймагы» бар. Харам аймагы менен микат жерлеринин ортосу «хилл» аймагы деп аталат
Харам аймагында жашаган адамдар «меккий» делип, алар ажылык ибадатын орундоо үчүн үйлөрүнөн же харам аймагынын кайсыдыр бир жеринен ихрамга киришет.
Бул аймакта жашагандар умра кылуу үчүн «хилл» аймагына чыгуулары зарыл.
Сырттан келгендер биринчи умра же ажылыгынан кийин экинчи жолу умра үчүн кайрадан ихрамга киргиси келсе, «хилл» аймагына чыгышы керек.
Сырттан келгендер алгач умра кылып, андан кийин ажылык үчүн харам аймагында ихрамга кирет.
Хилл аймагында жашагандар дагы ушул аймактан ихрамга киришет.
Ажылык жана умра үчүн сырттан келгендер келген жагына жараша «микат» чектеринен «хилл» аймагына өтпөй ихрамга кирүүлөрү керек. Микаттан ихрамсыз өтүп кетпөөлөрү кажет. Микат жерлери төмөнкүчө; Зулхулайфа, Затуль-ырк, Карнул-маназил, Яламлам. Сырттан келгендер ушул жерлерден ихрамга киришет.
2. Ихрамдын рукундары:
Ирамга ниет кылып, талбия айтуу менен кирүү керек. Бул жерде эскерте кетчү жагдай, ниет кылбай, же ниет кылса да, талбия айтпай же талбия айтса да, ниет кылбай ихрамга кирүү жараксыз болуп саналат.
а. Ниет: Ниет Жалгыз Жараткан Аллага гана ибадат кылуу үчүн Кааба жана анын
айланасындагы ыйык жерлерди зыярат кылууга коюлат. Ошондой эле ниетти же ажылык
үчүн, же умра үчүн койуу керек.
б. Талбия айтуу: Ихрамга баштоо учурунда талбия айтуу кажет. Талбия төмөнкүчө айтылат: «Лаббайк, Аллахумма лаббайк. Лаббайка лаа шариика лака лаббайк. Иннал хамда
ванниимата лака вал-мулк, лаа шариика лак». Ихрамга кирүү учурунда муну бир жолу
айтуу парз болуп саналат. Ал эми кайталап туруу сүннөт. Шайтанга таш ыргыта баштаганда талбия айтуу токтойт.

#97 04 April 2016 - 14:38
3. Ихрамдын важиптери:
а. Микатка, б.а. ихрамга кирүү жерлеринен ихрамсыз өтпөө. Эгер ким микаттан ихрамсыз өтүп, ажылык же умранын парздарынан бирин аткара баштаса, анын жазасы бар. Ал эми ажылык же умра ибадатын баштаганга чеүин кайра артка кайтып, микаттан ихрамга кирсе жазанын кажети жок.
б. Тыюу салынган нерселерден этият болуу. Ихрамга кирген адам үчүн айрым бир тыюу салынган иштер бар. Мына ушул иштерден оолак болуу ихрамдын важиптерине кирет. Эгер ихрамга кирген адам бул иштердин бирин жасаса, жаза зарылчылыгы туулат.
4. Ихрамдын сүннөттөрү:
а. Ихрамга киргенге чейин тырмактарды алуу, колтук жана төмөнкү кылдарды алуу
б. Жуунуп-тазалануу үчүн гусул алуу.
в. Ниет кылганга чейин атыр (миск) себинүү.
г. Эркек адамдын «изар» жана «рида» деген эки кездемеге оронушу
д. Макирөө убагы болбосо, эки ирекет намаз окуу.
ж. Ихрам учурунда мүмкүндүк болгон сайын талбия айтуу.
з. Ихрамга ажылык үчүн ажылык айлары башталгандан кийин кирүү

#98 05 April 2016 - 03:13
5. Ихрам учурунда тыюу салынган жагдайлар
Ихрамга кирген адам үчүн тыюу салынган өзүнчө жагдайлар бар. Булардын бир бөлүгү денеге, экинчи бөлүгү кийимге, үчүнчүсү кыймыл-аракетке, төртүнчүсү харам аймагына байланыштуу.
а. Денеге баиланышкан жагдайлар:
Чач, сакал-мурут алуу. Денеден бир кыл алуу же жулуу. Тырмак алуу. Жасануу максаты менен сакал-мурутка май сүрүү, чачка гел сүрүү, аял кишинин лак, помада колдонушу. Денеге жана ихрам кийимине атыр (миск) себүү, парфюм
кошулган жыты бар самын колдонуу.
б. Кийимге байланышкан жагдайлар:
Аял кишилер ихрам учурунда шариятта көрсөтүлгөн кадимки кийимдерин кийишет. Бул учурда аял кишилер жүзүн жабууга болбойт.
Эркек адамдардын тигилген кийим кийүүлөрү болбойт. Эркектер башын, жүзүн жабууга, топу, селде кийүүгө болбойт.
Эркек адамдар мээлей, байпак жана томукту жаап турган бут кийим кийүүгө да болбойт.
в. Кыймыл-аракетке байланышкан жагдайлар:
Жыныстык катнашта болуу. Өбүшүү, делебени козгой турган иш кылуу. Делебени козгой турган сөздөрдү сүйлөө.
Аңчылык: Ихрам учурунда харам аймагында болсо да, болбосо да эти желип-желбеген ар түрдүү жаныбарларга аңчылык кылуу, же аңчыга жол көрсөтүү, жардам берүү.
Күнөө иштер: Шариятта күнөө деп эсептелген иштерди жасоого тыюу салынат.
Жидал: бирөө менен талашып-тартышуу, урушуу.
г. Харам аймагына байланышкан жагдайлар:
Харам аймагында аңчылык кылууга, өсүмдүктөргө зыян келтирүүгө, жулууга тыюу салынат. Бул ихрамга кирген адамга да, кирбеген адамга да таандык өкүм
6. Ихрамга кирген адам үчүн тыюу салынбаган айрым жагдайлар:
Жуунуу, парфюм кошулбаган жытсыз самын колдонуу. Тишти тиш пастасы менен жуу. Тиш жулдуруу, кан алдыруу, укол алуу. Сынып калган тырмакты алуу, ден-соолукка зыяндуу кылды алуу Ихрам кездемелерин алмаштыруу, жуу.
Билерик, шакек, кол саат тагынуу. Кур тагынуу, ийинге сумка асынуу. Тигиши бар кийимди кийбестен ийинге өткөрүү. Кол чатыр (зонт) колдонуу. Бети-башты жаппоо шарты менен одеяло сыяктуу нерселерди колдонуу.

#99 06 April 2016 - 04:06
Б. АРАФАТТА ТУРУУ (вакфа)
Жогоруда белгиленгендей, ажылык парздарынын экөөсү рукун. Алар Арафатта вакфа жана Каабаны таваф кылуу. Ажылык ибадаты буларсыз болбойт.
«Вакфа» сөзү белгилүү убакыт аралыгында туруу, күтүү дегенди туюнтат.
Ажылыктын рукуну болгон вакфа Арафат аймагында орундалат. Бул аймак Меккенин түштүк-чыгышында жайгашкан. Мекке тарабындагы чеги Урана чөлкөмү болуп саналат. Урана Арафат аймагына кирбейт. Демек, бул аймакта «вакфа» рукуну орундалбайт.
Вакфанын убагы зулхижжа айынын 9 (тогузу) күнү бешим намазынын убагы киргенден баштап, эртеси айттын биринчи күнү багымдат намазынын кирүү убагына чейин уланат. Мына ушул учур аралыгында Арафат аймагында бир саам болсо да турган
адам «вакфа»ны орундаткан болот.
Имам Азам агымы боюнча, арапа күнү күндүзү вакфага турган адам эч бир себепсиз күн батканга чейин бул жерден чыкпашы керек. Себепсиз чыккан адам күн батканга чейин кайра кайтып келиши зарыл. Болбосо, анын жазасы талап кылынат.
Белгиленген учур аралыгында вакфаны орундата албаган адамдын ажылыгы жараксыз болуп саналат. Мындай учурда кийинки жылы кайра ажылык ибадатын орундоого туура келет.

#100 06 April 2016 - 04:27
В. КААБАНЫ ТАВАФ КЫЛУУ (Зыярат тавафы)
Таваф – бул, хажаруль-асвад (караташ) турган бурчтан баштап Каабаны жети жолу айлануу. Мына ушул жети жолу айлануунун ар бири «шавт» делет.
Зыярат тавафы Арафаттагы вакфадан кийин аткарылчу алгачкы таваф болуп саналат. Кайсы ниет менен болсо да, Арафат вакфасынан кийин аткарылган таваф зыярат.тавафынын ордуна өтөт.
Зыярат тавафы – парз өкүмүндөгү амал. Орундалбаса ажылык жараксыз болуп калат. Ошону менен бирге мунун өзгөчө учуру бар. Арафатта турган (вакфа кылган) адам зыярат тавафын аткара албастан көз жумса, көз жумаар алдында ажылыгын бирөөгө тапшырса, милдетин алган адам анын атынан уй же төө курмандыкка чалса, ажылыгы толукталган болот.
1. Зыярат тавафынын толук орундалышы үчүн зарыл шарттар
а. Өз учурунда орундалышы:
Ажылыктагы парз болгон тавафтын убагы Имам Азамдын пикиринде, айттын алгачкы күнү багымдат намазынын убагы киргенден тарта айттын үчүнчү күнү күн батканга чейин уланат. Кийинкиге калтырылса жаза иретинде бир кой курманчылык кылуу керек. Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин пикиринде, зыярат тавафын айттын
алгачкы үч күнү орундоо сүннөт болуп, убагынан кечеңдетилсе, эч нерсенин кереги жок.
Ошону менен бирге бул тавафты айттын биринчи күнү орундоо дурус.
б. Ниет:
Ибадаттар ниет менен толук болгондугу үчүн Каабаны айлануунун алдында таваф кылууга ниет койуу керек.
в. Тавафты Масжид-и Харамдын ичинде аткаруу.
г. Имам Азам агымы боюнча, Каабаны эң азынан төрт жолу айлануу шарт. Калган үч «шавт» (айлануу) орундалбаса, ар бири үчүн өз-өзүнчө жаза зарылчылыгы туулат.
Ханафи (Имам Азам) аалымдарынын пикиринде, тавафтын алгачкы 4 шавты парз, калган үчү важип болуп саналат.
2. Тавафтын важиптери:
а. Даараттуу болуу: Таваф учурунда даарат бузулса, даарат алып келип калган шавттар толукталышы керек.
б. Авраттын жабык болушу: Таваф учурунда аврат жерлер жабык болушу кажет. Аврат деп эсептелген жерлердин төрттөн бири же андан ашыкча жери ачылса, жаза талап ккылынат.
в. Каабаны сол ийинге келген калыпта таваф кылуу
г. Тавафты хажарул-асваддын тушунан баштоо
д. Тавафты «хатим» делген жердин сыртынан аткаруу
ж. Каабаны жети жолу айлануу
з. Алты саны аман-соо адамдар үчүн тавафты басып аткаруу. Карылык, оору сыяктуу себептерден улам кол унаа (коляска) колдонулса болот.
и. Тавафтан кийин эки ирекет намаз окуу.
3. Тавафтын сүннөттөрү:
Нажасаттан тазалануу: денеде, кийимде ыпластык болбошу керек.
Тавафты баштап жатканда жана ар бир айланууда «хажарул-асвад»ка салам берүү.
Хажарул-асвадка салам берүүнүн таризи төмөнкүчө: Мүмкүн болсо «Бисмиллахи Аллаху
Акбар!» деп «хажаруласвадды» өбүү. Мүмкүнчүлүк болбосо, алыстан колду хажарул-асвад тарапка жаңсап «Аллаху Акбар!» деп салам берүү.
Тавафты баштоо үчүн «хажарул-асвадка» «рукунул-йамани» тарабынан келүү.
Артынан саай аткарыла турган тавафтарда эркектер үчүн алгачкы үч шавтта «рамал» тактап айтканда, кыска кадамдер менен ылдам, бой көтөргөнсүп басуу.
«Рамал» аткарылган тавафтарда эркектер оң ийинин ачык таштап, кездемени сол
ийинине өткөзгөн калыбында болуу (Изтибаа).
Тавафты эс албай орундатуу.
Эркектердин мүмкүн болушунча Каабага жакын айлануулары. Аял кишилердин
агылган кымкуут (көп) элден алыс болуулары.
4. Таваф кылуунун таризи:
Алгач таваф кылууга ниет кылынат. Бул таваф зыярат тавафы же напил таваф болушу мүмкүн. Мүмкүн болсо «рукунул-йамани» тарабынан Хажарул-асваддын тушуна келип, такбир жана тахлил айтып хажарул-асвадка салам берүү менен (жогоруда салам берүүнүн таризи жөнүндө маалымат берилди) таваф башталат. Айлануу учурунда да «рукунул йамани» жана «хажарул-асвадка» салам берилет. Мына ушул таризде жети жолу Каабаны айланган соң таваф орундалган болот. Тавафтан кийин мүмкүн болсо «макамы
Ибрахим»дин аркасына, ал жерде орун жок болсо, ылайыктуу бир жерге туруп таваф намазы окулат. Таваф намазын окубай туруп удаама-удаа таваф кылуу макирөө болуп саналат. Таваф намазын Макамы Ибрахимдин аркасына туруп окуу мустахап.
5. Тавафтын түрлөрү:
Кудум тавафы: Меккеге четтен келген адамдардын саламдашуу (учурашуу) тавафы.
Саламдашуу тавафы сүннөт болуп эсептелет.
Зыярат тавафы: Бул ажылыктын парзы. Вадаа (коштошуу) тавафы: Меккелик эмес ажылардын Меккеден кайтаар алдында аткарган тавафы. Бул таваф важип өкүмүндө болуп, Мекке менен коштошуу үчүн орундалат.
Тахиййатул- масжид тавафы: Каабага келген сайын орундалган таваф. Бул мустахап болуп саналат. Эгер парз намаз окулуп жатса, жамаатка кошулуу керек. Бул Каабага салам берүүнүн ордуна өтөт.
-Татавву/напил таваф: Парз жана важип тавафтардан сырткары орундалган таваф.
Назир тавафы: Таваф кылууга убада берген адам убадасын аткарышы кажет. Назир тавафын орундатуу важип болуп эсептелет.

Супер-Инфо
super.kg
видео