Толик сынчынын сынынан өткөн концерттер
#41 22 Апрель 2009 - 13:41
Баардык жагы..кемчилигин деле билбейм.
#42 30 Апрель 2009 - 20:40
#43 11 Май 2009 - 00:58
...birok biroonu syndoo menen ozundun kim ekenindi korsotosun....
#44 11 Май 2009 - 04:32
Цитата

Эч ким мага подход кылбайт, себеби, кимге кылышты билишпейт.

Анын үстүнө концерт 2 же 3 күн болот. Ар күнү ар башкача.
Балким сен барган күнү чын эле 60 пайыз болгон.
Ал эми Нелянын 16-ноябрдагы концертинде чын эле ошончо адам отурду.
Спорт сарайдын сыйымдуулугу - 2200 кишилик да.
Деги абайлачы айланайын, Борончу интервьюсунда айтыптыр эле, Толик сынчыны кармап алсам тапанча менен атам деп

#45 22 Май 2009 - 16:06
Башталышы – 19:39 (39 мүнөт кечикти)
15-16-майда болуп өткөн концерттин биринчи күнү
Алпаруучу – Эрмек Нурбаев
Билет баасы – 250-300 сом
Сенсация – “Уулуң бар мага окшогон” ыры
Мыкты номер – Кыяк менен жандуу ырдалган бардык ырлар
Көрү үчүлө р залдын – 80 пайызы
“Борбиевдин башкадан баласы барбы, ботом... Не дейт?” деп кулак төшөп калдыңызбы, аны Толик токуп салган жок. Берадор мырза “уулуң бар мага окшогон...” деп ырдап оозду ачырбадыбы.
Концертти ийиле бийлеген “Гаухар”, “Агама” бий топтору ачты. Бектин “собственный” өкүл баласы Санжар Бердибеков сахнага чыгып “таенемди сагындым” деп тамашалуу ырдап, Бек менен интермедия аткарып көңү лдү көтөрдү . Мындан башка Айгүл Чалова, Роза Шакирова, Чыңгыз Мырзаев, Алишер Тоотаевдер ырдашты. Ооба, концерт супер аншлаг болгон жок. Бирок башка концерттегидей болуп көрөрмандар кайра-кайра сурантышпай алакан кызаргыча кол чаап, ырчыны кыйкырык-сү рөөн менен коштоп жатышты.
Айтор, отурган эл 90-жылдарга кайтып барды көрүнө т. Себеби Бек агам “Делбиримден” баштап “Чабалекейге” чейин кыякта созду дейсиз. Ий, амфитеатрда отурган алты кыз “ала жат” деп эле кыйкырып болбой калышты. Ансайын Токтогулдун торгою күчтөнү п ырдады го, чиркин... Кыскасы, концерт көрүмдү ү да, көңү лдүү да өттү.
#46 22 Май 2009 - 16:11
Башталышы – 19:39 (39 мүнөт кечикти)
15-16-майда болуп өткөн концерттин биринчи күнү
Алпаруучу – Эрмек Нурбаев
Билет баасы – 250-300 сом
Сенсация – “Уулуң бар мага окшогон” ыры
Мыкты номер – Кыяк менен жандуу ырдалган бардык ырлар
Көрү үчүлө р залдын – 80 пайызы
“Борбиевдин башкадан баласы барбы, ботом... Не дейт?” деп кулак төшөп калдыңызбы, аны Толик токуп салган жок. Берадор мырза “уулуң бар мага окшогон...” деп ырдап оозду ачырбадыбы.
Концертти ийиле бийлеген “Гаухар”, “Агама” бий топтору ачты. Бектин “собственный” өкүл баласы Санжар Бердибеков сахнага чыгып “таенемди сагындым” деп тамашалуу ырдап, Бек менен интермедия аткарып көңү лдү көтөрдү . Мындан башка Айгүл Чалова, Роза Шакирова, Чыңгыз Мырзаев, Алишер Тоотаевдер ырдашты. Ооба, концерт супер аншлаг болгон жок. Бирок башка концерттегидей болуп көрөрмандар кайра-кайра сурантышпай алакан кызаргыча кол чаап, ырчыны кыйкырык-сү рөөн менен коштоп жатышты.
Айтор, отурган эл 90-жылдарга кайтып барды көрүнө т. Себеби Бек агам “Делбиримден” баштап “Чабалекейге” чейин кыякта созду дейсиз. Ий, амфитеатрда отурган алты кыз “ала жат” деп эле кыйкырып болбой калышты. Ансайын Токтогулдун торгою күчтөнү п ырдады го, чиркин... Кыскасы, концерт көрүмдү ү да, көңү лдүү да өттү.
#47 22 Май 2009 - 17:16
Жөн гана ошондой образды сонун чагылдырып берген.
Бек байкенин артыкчылыгы ушунда - ошондой тагдырды башынан өткөрбө й туруп ошондой ырды чыгарып койгон.

Көп адамдар дароо эле бунун артында бирдемке бар дешип, чыныгы талантты түптүз кабыл алуудан тайсалдашат.
Дагы бир мисал, ийгиликтин сыры эмнеде дешип эле суроо бере беришет. Как будто ийгиликтин сыры болуп "таланттан" башка дагы бир себеби болсо уга калалы, үйрөнө калалы дегендей.
Чыныгы чон талант, ошону моюнга алышыбыз керек. Башкасы зарыл эмес.
Концерт сонун болду, ушундай жаз мезгилине салыштырсак жеке концерт үчүн түзүк эле эл чогулду.
Чыныгы музыка, обон сүйүү чүлөр келип чер жазып кетишти десем болот.
Билдирүүнү түзөткөн: Tendik: 22 Май 2009 - 17:34
#48 02 Июнь 2009 - 13:49

#49 18 Сентябрь 2009 - 00:01
#51 19 Сентябрь 2009 - 11:46

#52 19 Сентябрь 2009 - 11:57
#53 14 Октябрь 2009 - 09:10
Цитата
Цитата

Неля, алтыным унунду ондочу, или ваааще ырдабай эле койчу,
Концерт 14,02,09 откон, ОТСТОЙ!! !!
мага кошулгандар коп, только деньги стерли и все
+10000000000 и еще Нелячка коп эле жасалма боло бербечи, это всех раздражает! !
#54 14 Октябрь 2009 - 09:12
Цитата
Көрү үчүлө р – залдын 98 пайызы (16-ноябрда)
Билет баасы – 200-250 сом
Алпаруучусу – Нурзат Токтосунова, Бакыт Байсариев
Эсте калганы – "Spice Girls" тобу
Эң романтикалуу номер – Урмат менен Нелянын дуэти
Залда эки миң кыргыз жана бир орус (Нелянын "Осень" ырынын автору Урсаленко) отурганы үчүн концертти кыргызча-орусча алпарышты. Нелянын хит ырларынан турган папурри менен башталган концертине конок катары Асель Турдалиева, Омар, Съездбек, Курал, Макс, Динара Акулова, Ильяз, Малика, аларды коштоп "Береке" , "Агама" , "Black Angels" бий топтору чыгышты. Бир кезде атактуу америкалык "Spice Girls" тобу чыгып ырдай баштаган. Жакшылап карасам, биздин эле Айпери, Кундуз, Неля, Чолпонай, Асемалар "Кыздын сыры" деген ырды аткарып жатышыптыр. "Spice Girls" биякта калсын!
Бирок, кеченин чыныгы кызыгы антрактан кийин башталды, достор! Чыгыш стилинде өткөн экинчи бөлүктө чыгыш ханышасы Неля жалаң чыгыш ырларын ырдады. Бийчи кыздар көз жоосун алып, сахна тим эле жомоктогудай болуп, Спорт Сарайы хан сарайга айланды. Алпаруучу Бакыт чыгыш музыкасынын ритмин укканда бир секунд да чыдабады! Дароо кийинип келип, өзүнү н "жамбаш чайкамай" номери менен кыздарды гана эмес, жигиттерди да таң калтырды..
А мен качан ханышанын ханы келет деп күтүп отурдум. Бир убакта хан да чыкты. Неля менен Урмат дуэт ырдап жатып, бирине-бири ыктап “Бал шириним, мен сендикмин” деп жатышканда залдагы көрүү чүлөр буттарын тыбыратып, алакандары кычышып, тим эле чыдабай кетишти. Же тигил экөө сыр бербейт, атаңдын көрү! .. Эмнеси болсо да, Нелябыздын бул жомогу жакшы аяктайт деген тилекте узап кеттик. А чыныгы жомоктор эмне менен аяктары баарыбызга белгилүү ...




#55 19 Октябрь 2009 - 12:27
Башталышы – 19:55 (25 мүнө т кечикти)
Билет баасы – 200-250 сом
Кө рүү чүлө р залдын – 100 пайызы
Эң мыкты номер – "Дарыгерлердин” "оорулууну” талашканы
"Аралаштын” Абдылда жабышты го Жамбылга, Жамбыл кетип калган соң күнү түшт ү маймылга...” деген тамашалуу ыры эске түшт ү. Эстегенимдин себеби "Аралаштын” сентябрдын алтысындагы концерти болбой калган. Себебин Рысбек Жабиров "Абдылда келбей калып ошонун айынын концерт болбой калды” деп байкуш Абдыкеме оодара койгон. Чындыгында, концертке эл келбей, билеттер сатылбай калганын көрг өн "чоң куудулдун” (Рахмандын) кол шилтеп басып кеткенин Толик көрү п койгон...
Элдин чууруп кирип жатканын көрг өн Борончу "ий, келе бергиле, сарай да, сарайга ушинтип киребиз” деп кеч келген көрү үчү лө рдү күлд үрө концертти ачты. Анан Рахман Разыков кыргыз тили жөнү ндө жазган ырын окуп, досторунан экзамен алды. Бул интермедия аркылуу жогору жакты жөн эле көгө ртө чымчып салышыптыр го чиркин. "Алма сабагынан алыс түшп өйт” дейт. "Беш тапан” куудулдар тобундагы Разыковдун уулу Каныбек да өнө рлүү жигит экен, баа бердим.
Концерт антраксыз өттү . Бир маалда эле сахнага тепейген кемпир чыга келсе чочуп кетиптирмин. Көрс ө, кемпир дегеним Борончу экен. Кайран Бокем кемпирдин образын укмуш ойносо, Абдыке чолок чалды катырды. Ал эми булардын тобундагы Тынар менен Рысбек көлө кө сүнө гана жамынды. Себеби ал экөө ндө эч кандай жаңы идея деген жок. Кыскасы, концерт аз болду, бирок күлк үгө саз болду.
Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 19 Октябрь 2009 - 13:23
#56 19 Октябрь 2009 - 13:51
Башталышы – 20:15
Кө рүү чүлө р Спорт Ордосунун – 99,9 пайызы (9-октябрь)
Алпаруучу – Чың гыз Мырзаев
Билет баасы – 200-400 сом
Мыкты номер – Айжамал Кабылова менен Мерген Тургандын "Айта бар арманымды" дуэти
"Кыз-Бурактын" концертин Чыңгыз Мырзаев башкарды. Чыке тимеле укмуш сөз берметтеринен куралган "Кыз-Бурак" жөнү ндө ырларды айтып жатты. Анысы мага адабият сабагында көрк өм окугандай эле туюлду. Оштон келген "Step by step" бий тобу укмуш бийлешти. Бийлеп гана тим болбостон бийди коштоп ырдашат да экен, тан бердим. Бир маалда гитараны асынып Кристина Орбакайте чыга келди. Чочуп кеттиң из окшойт, ал биздин эле Гүлнара Калдарова. Кудум Кристинадай кылып тытып ырдап салды го, чиркин. Андан соң "Кыз-Бурактын" кыздары жалтырак-жултурак, көзг ө чагылышкан кийимдердин түрү н кийип ырдашты. Ар бир ырды ырдаганда сахнадан клиптери, сүрө ттө рү менен коштолгонун баса белгилегим келет. Кенже, Сайкал, Аида, дагы бир кыз көп ырдады. Дагы бир кыз дегеним, ал кыз эмнегедир сахнадан чочуркагансып, олдоксон кыймылдап жатты.
Бир калыптагы ырлар жаңыра бергендиктен, зал бир аз суз тартып кетти эле, мына ошол тынчтыкты Айжамал менен Мерген Тургандын ыры жарып кетти. Зал дуу дей түшт ү. Андан соң "Таласым" деп ырдаган Мирбек Атабеков "Ордолуу Ошумду" керемет созду. Кыскасы, концерт башкаларчылап "ашар" концерт болгон жок. Келген эл кетирген убактысына, короткон акчасына ыраазы болуп кайтты.
Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 19 Октябрь 2009 - 13:52
#58 19 Октябрь 2009 - 17:08
Цитата

мен дагы...
Бактылуумун. ..
#59 21 Октябрь 2009 - 19:37
#60 22 Октябрь 2009 - 10:51
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 22 Октябрь 2009 - 10:52