Билбейм неге..?
Кубаласа серпип жамгыр илебин,
Алсыз жандай амал менен коорунам..
Жулмаласа өксүк келип жүрөгүм
Билбейм неге арман менен оорунам..?
Түн жамынып ырлар жазам негедир,
Кай бирөөнө балким жөн сөз эледир..
Жүрөк сыгып чыккан ар бир тамчы ыр
Жетпей койду дарегине деле бир...
Кубаласа серпип шамал илебин,
Алсыз жандай арман көйнөк кийемин.
Билбейм неге арман менен оорунам?
Жулмаласа өксүк келип жүрөгүм..
Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)
#582 04 April 2016 - 11:08
Лика кыз кайрадан сени коргонумо кубанычтамын!
Жан дүйнөнү козгоп кайдигер калтырбаган саптарыңдын уланышын күтүп калам.
#583 04 April 2016 - 14:15
Лика кыз кайрадан сени коргонумо кубанычтамын!
Жан дүйнөнү козгоп кайдигер калтырбаган саптарыңдын уланышын күтүп калам.
Рахмат эжей.
В каждой шутке есть доля правды...
#584 04 April 2016 - 20:05
Сиз баскан жолдор менен..
Кайчылаш жолдор кенен,
Түгөнбөс ойлор терең.
Баратам жолоочудай,
Смз баскан жолдор менен.
Алп бүркүт ууну ойлой,
Суусадым сууну бойлой.
Уурданып бара жатам
Суусарым көңүл тойбой.
Шарына актым далай,
Артымды кылчак карай.
Сиз баскан жолдор менен
Издерди келем санай..
Агылып өтпөдүм не?
Самадым жетпедим не?
Сиз баскан жолдон оолак
бурулуп кетпедим же..
Кайчылаш жолдор кенен,
Түгөнбөс ойлор терең.
Баратам жолоочудай,
Смз баскан жолдор менен.
Алп бүркүт ууну ойлой,
Суусадым сууну бойлой.
Уурданып бара жатам
Суусарым көңүл тойбой.
Шарына актым далай,
Артымды кылчак карай.
Сиз баскан жолдор менен
Издерди келем санай..
Агылып өтпөдүм не?
Самадым жетпедим не?
Сиз баскан жолдон оолак
бурулуп кетпедим же..
В каждой шутке есть доля правды...
#585 04 April 2016 - 20:55
Эхх... Жакшы жазыпсыз. Жөнөкөй. Жүрөктөн чыгарып, журөккө жеткидей... Калемиңиз курчусун!
Анча-мынча ыр чиймелей койгон акынчалыш мени, уктап калган илхам-музамды да би-ир түйшөлтүп койдуңуз. Ыр жазгымды келтиртип)) Көп-көп жазыңыз, балким сиздин ырлар себеп болуп, кайрадан колго калем кармап калаарбыз...
Сизге ыраазычылык!
#586 05 April 2016 - 00:41
Эхх... Жакшы жазыпсыз. Жөнөкөй. Жүрөктөн чыгарып, журөккө жеткидей... Калемиңиз курчусун!
Анча-мынча ыр чиймелей койгон акынчалыш мени, уктап калган илхам-музамды да би-ир түйшөлтүп койдуңуз. Ыр жазгымды келтиртип)) Көп-көп жазыңыз, балким сиздин ырлар себеп болуп, кайрадан колго калем кармап калаарбыз...
Сизге ыраазычылык!
Рахмат чоң!
Анча-мынча ыр чиймелей койгон акынчалыш мени, уктап калган илхам-музамды да би-ир түйшөлтүп койдуңуз. Ыр жазгымды келтиртип)) Көп-көп жазыңыз, балким сиздин ырлар себеп болуп, кайрадан колго калем кармап калаарбыз...
Андале соонун болбойт беле, темаңыз гүлдөп (нашаасыз)).
Сизге ыраазычылык!
Сизге дагы!
В каждой шутке есть доля правды...
#587 05 April 2016 - 19:13
Тук, тук.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#589 06 April 2016 - 22:29
Сыныктар.
Топтолушат асманга ай-булуттар,
Аларга окшош жүрөктөгү тырыктар.
Көңүлүңдү атайылап калтыргам,
Ошол күндөн жан дүйнөмдө сынык бар.
Көргөн көзгө дагы деле сылык Ал.
Сааты жетсе тоңгон жүрөк жылынаар..
Сезимдерге ойноп койгом кечиргин,
Сага айтпас жан дүйнөмдө сынык бар.
Сага арналган дагы көп-көп ырым бар.
Атың уксам жасайм алсыз ырымдар.
Саймедиреп берээр элем аттигиң
угам десең.., жан дүйнөмдө сыныктар.
Топтолушат асманга ай-булуттар,
Аларга окшош жүрөктөгү тырыктар.
Көңүлүңдү атайылап калтыргам,
Ошол күндөн жан дүйнөмдө сынык бар.
Көргөн көзгө дагы деле сылык Ал.
Сааты жетсе тоңгон жүрөк жылынаар..
Сезимдерге ойноп койгом кечиргин,
Сага айтпас жан дүйнөмдө сынык бар.
Сага арналган дагы көп-көп ырым бар.
Атың уксам жасайм алсыз ырымдар.
Саймедиреп берээр элем аттигиң
угам десең.., жан дүйнөмдө сыныктар.
В каждой шутке есть доля правды...
#592 07 April 2016 - 00:15
Калемиңиз курчуй берсин
Раазычылыгым!
Китеп чыгарчу болуп калыптырго бул жердеги саптардан
Китеп чыгаруу оюмда бар, бирок, бышпай келет).
В каждой шутке есть доля правды...
#593 07 April 2016 - 00:31
#595 07 April 2016 - 00:42
Кайдан табасыз создорду?Тушунуктуу,
маанилуу,уйкаштык.
..сонун жазылган.Анча-
мынча озун акын эсептегендерден жогору экен.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#596 07 April 2016 - 01:24
Силер жакшы-жакшы комент жазып турганда сөздөр өзү эле куюла берет да Медина айым. Баарыңарга раазычылык!
В каждой шутке есть доля правды...
#597 07 April 2016 - 01:29
Сизге ыразычылык алтындай убактынызды болуп ушунча жагымдуу ыр саптарды жазып жатканынызша
#599 07 April 2016 - 11:40
Раазычылыктарым!
!!
Мендик болчу!
Ааламдай кеңдик болчуу,
Жүрөгүм сендик болчу.
Жооп болуп сезимдерге,
Жөн эле мендик болчу!
Өзүңө теңдик болчуу
Жүрөгүм сендик болчу.
Гүл төшөп сезимдерге,
Жөн эле мендик болчу.
Карабас башкаларды
Карааным сендик болчу.
Ээ кылбайм башка жанга,
Бир гана мендик болчу!
Ээритип көлдү тоңчуу,
Мээримим сендик болчу.
Эч нерсе сурабаймын,
Жөн гана мендик болчу!
Жүрөгүм "сен" дей турган,
Кызганыч чебин кургам.
Жолоочу жандаймын не
Өзүңө көңүл бурган..
Мендик болчу!
Ааламдай кеңдик болчуу,
Жүрөгүм сендик болчу.
Жооп болуп сезимдерге,
Жөн эле мендик болчу!
Өзүңө теңдик болчуу
Жүрөгүм сендик болчу.
Гүл төшөп сезимдерге,
Жөн эле мендик болчу.
Карабас башкаларды
Карааным сендик болчу.
Ээ кылбайм башка жанга,
Бир гана мендик болчу!
Ээритип көлдү тоңчуу,
Мээримим сендик болчу.
Эч нерсе сурабаймын,
Жөн гана мендик болчу!
Жүрөгүм "сен" дей турган,
Кызганыч чебин кургам.
Жолоочу жандаймын не
Өзүңө көңүл бурган..
В каждой шутке есть доля правды...
#600 07 April 2016 - 11:45
Энем бир жаралган Жан..
Эркелеп сүтүн эмгем,
Мээримин мага берген.
Жыйырма төрт чыксам деле
Төрт жашаар бала көргөн,
Энем бир жаралган Жан,
Эрээркейм жүзүн көрсөм!
Мени деп талаа-түздүн
далай миң бирин кезген.
Айттырбай ичте сырым
Көзүмдөн таамай сезген.
Энем бир жаралган Жан,
Эркелейм үйгө келсем.
Көп ойлоп таңда-кечте,
ден-соолук тиленээрим!
Алыстан келсем үйгө
суу чачып сүйлөнөөрүм!
Энем бир жаралган Жан,
Ыйласам күйүнөөрүм. .!
Эркелеп сүтүн эмгем,
Мээримин мага берген.
Жыйырма төрт чыксам деле
Төрт жашаар бала көргөн,
Энем бир жаралган Жан,
Эрээркейм жүзүн көрсөм!
Мени деп талаа-түздүн
далай миң бирин кезген.
Айттырбай ичте сырым
Көзүмдөн таамай сезген.
Энем бир жаралган Жан,
Эркелейм үйгө келсем.
Көп ойлоп таңда-кечте,
ден-соолук тиленээрим!
Алыстан келсем үйгө
суу чачып сүйлөнөөрүм!
Энем бир жаралган Жан,
Ыйласам күйүнөөрүм. .!
В каждой шутке есть доля правды...

Супер-Инфо
super.kg
видео














