Кубаласа серпип жамгыр илебин,
Алсыз жандай амал менен коорунам..
Жулмаласа өксүк келип жүрөгүм
Билбейм неге арман менен оорунам..?
Түн жамынып ырлар жазам негедир,
Кай бирөөнө балким жөн сөз эледир..
Жүрөк сыгып чыккан ар бир тамчы ыр
Жетпей койду дарегине деле бир...
Кубаласа серпип шамал илебин,
Алсыз жандай арман көйнөк кийемин.
Билбейм неге арман менен оорунам?
Жулмаласа өксүк келип жүрөгүм..
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 03 Апрель 2016 - 23:52