Нетейин.
.?
Тагдыр согот туш тараптан
Нетейин..?
Кечир мени…мен да баарын кечейин!
Ооруйт жүрөк сенсиз согуп күйүгө,
Тосуп алчы, сен тарапка кетейин.
Күндү санайм…
Кара сенсиз өткөнүн.
"Кайрылбайм"
деп бир максатка жеткенмин.
Сенде да бар ачылбас сыр көөдөндө,
Билбейм неге коштошпостон кеткенмин…
Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)
#602 08 April 2016 - 17:52
"Өкүнөм"
деген элем, ооба.
Минтип,
Бармагымды кесе тиштеп отурам.
"Кечигем" деген элем, ооба,
Аттиң!
Жан дүйнөмдө алоолоп жанат от улам!
Бүркөө да болсо асман, көк беттенип
Күн чыгат суурулуп ак булутунан.
А бирок, мен кайрадан чыга албадым,
Өткөнүмдө камалып… Улутунам…
Кадалам карегиме жашым катып,
Баратат батыш жакта жашым батып…
Аттигиң! Мейли, сабыр ушул күнгө,
Балким мен ушул күндөн табам бакыт.
Минтип,
Бармагымды кесе тиштеп отурам.
"Кечигем" деген элем, ооба,
Аттиң!
Жан дүйнөмдө алоолоп жанат от улам!
Бүркөө да болсо асман, көк беттенип
Күн чыгат суурулуп ак булутунан.
А бирок, мен кайрадан чыга албадым,
Өткөнүмдө камалып… Улутунам…
Кадалам карегиме жашым катып,
Баратат батыш жакта жашым батып…
Аттигиң! Мейли, сабыр ушул күнгө,
Балким мен ушул күндөн табам бакыт.
В каждой шутке есть доля правды...
#603 09 April 2016 - 17:50
Аябай жакшы жазасын. Талантына береке)))). Калемин курчуй берсин. Ийгилик.
#604 11 April 2016 - 23:34
Никти алмаштыруудан зээриктим, илип кое берейинчи…
***
Бук болуп буулугуп ыйладым Апа!
Өзүмө же өзүм сыйбадым Апа!
Качанкы биз түшкөн сүрөттү көрүп,
Жан дүйнөм жанчыла кыйрады Апа!
Ал кезде бактылуу болгонбуз Апа...
Үчөөбүз бир колго толгонбуз Апа...
Тагдыр бу, ажырап кетсе да бирок,
Экөөбүз дал ошо бойдонбуз Апа...
Эки айрым жолдордо тагдырлар Апа,
Бир төкпөйт тамчылап жамгырлар Апа.
Тамчысын жамгырдын ээрчип жанаша,
Же жуулуп кетпеди кайгы-ырлар Апа...
Күн батат, эртеси таң атат Апа,
Кусалык сагыныч таратат Апа.
А бирок, баары бир жүрөктө так бар,
Жан дүйнөм таарыныч жаратат Апа…
Күн чыгат, тез эле кеч кирет Апа,
Сагыныч бул-сезим, эскирет Апа.
Кабарым албаган адамдар бир күн
эстешээр, а бирок кеч болот Апа...
Күнгөйдө күкүктөй күйүктүм Апа,
Күлүндөй күбүлдүм күйүттүн Апа…
Мээримдүү жансың го, кучагың жайып,
Мээримиң менен жылытчы Апа…
Бук болуп барам буулугуп,
Алыстан турам үн угуп.
Кызыкдар дүйнөм өзүнө,
Ар күнү ар башка кубулуп…
***
Бук болуп буулугуп ыйладым Апа!
Өзүмө же өзүм сыйбадым Апа!
Качанкы биз түшкөн сүрөттү көрүп,
Жан дүйнөм жанчыла кыйрады Апа!
Ал кезде бактылуу болгонбуз Апа...
Үчөөбүз бир колго толгонбуз Апа...
Тагдыр бу, ажырап кетсе да бирок,
Экөөбүз дал ошо бойдонбуз Апа...
Эки айрым жолдордо тагдырлар Апа,
Бир төкпөйт тамчылап жамгырлар Апа.
Тамчысын жамгырдын ээрчип жанаша,
Же жуулуп кетпеди кайгы-ырлар Апа...
Күн батат, эртеси таң атат Апа,
Кусалык сагыныч таратат Апа.
А бирок, баары бир жүрөктө так бар,
Жан дүйнөм таарыныч жаратат Апа…
Күн чыгат, тез эле кеч кирет Апа,
Сагыныч бул-сезим, эскирет Апа.
Кабарым албаган адамдар бир күн
эстешээр, а бирок кеч болот Апа...
Күнгөйдө күкүктөй күйүктүм Апа,
Күлүндөй күбүлдүм күйүттүн Апа…
Мээримдүү жансың го, кучагың жайып,
Мээримиң менен жылытчы Апа…
Бук болуп барам буулугуп,
Алыстан турам үн угуп.
Кызыкдар дүйнөм өзүнө,
Ар күнү ар башка кубулуп…
#605 20 April 2016 - 01:00
Силер жакшы-жакшы комент жазып турганда сөздөр өзү эле куюла берет да Медина айым. Баарыңарга раазычылык!

Анда
Ишшшо!!!
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#607 25 April 2016 - 14:00
Томсоруп түнү менен, агарган таңды тосуп,
Жашоолор өтө берет кубаныч, кайгы кошуп.
Ырларым күүгө келип обонго салынгансыйт,
Тагдырга таарынычым, сагынчым бүтүн созуп..
Ар-түркүн ырдан улам соната ырлар угам,
Махабат-сүйүүлөргө мелмилдеп бүтүн тунам.
Үмүтүм өчпөс болуп чырактай жанып барып,
Сагыныч менен уктап, таарыныч менен турам…
В каждой шутке есть доля правды...
#608 26 April 2016 - 20:13
Эл акыны болуң дозке
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#610 15 May 2016 - 18:46
Көрүшкөндө көздөрүбүз кадалып,
Мен таң калдым, а сен турдуң жан алып.
Көздөрүң эй, жылмаясың баары бир…
А мен сенин аяп турдум карааның…
Канча болду? Жыл өттүбү Каралдым..?
Сени көрүп өткөндөрдү самадым..
"Кетип жатам,"-дейсиң сөздү табалбай,
Эчак кеткен менден сенин карааның...
Мен да кетип жатам айтпай эч кимге,
Кайрылайын десем эбак кеч бизге.
Сенде менин, менде сенин элесиң..
Келем тойго сенин болоор кеч күздө.
В каждой шутке есть доля правды...
#612 15 May 2016 - 18:52
Көрүшкөндө көздөрүбүз кадалып,
Мен таң калдым, а сен турдуң жан алып.
Көздөрүң эй, жылмаясың баары бир…
А мен сенин аяп турдум карааның…
Канча болду? Жыл өттүбү Каралдым..?
Сени көрүп өткөндөрдү самадым..
"Кетип жатам,"-дейсиң сөздү табалбай,
Эчак кеткен менден сенин карааның...
Мен да кетип жатам айтпай эч кимге,
Кайрылайын десем эбак кеч бизге.
Сенде менин, менде сенин элесиң..
Келем тойго сенин болоор кеч күздө.
#614 16 May 2016 - 21:19
Азаматсын
Ким бироо айтмакчы,сиздин да чымыныныз бар окшойт го? Жакшы,сонун.
))
Рахмат.
кээ бир ырларын кочуруп алдым ыраазы болунуз
Ыраазы болдум! Авторун (Маленова) кыстара жүрүңүз.
В каждой шутке есть доля правды...
#615 31 May 2016 - 12:06
Ушул теманы окубай жүргөнүмө таң калып жатам.
Соонундун бары бул жакта экен.
Айжамал эже,сизге ийгилик каалайм,калемиңиздин сыясы түгөнбөсүн! Жакшы сөздөрүңүз менен,жан дүйнөлөрдү аруулай бериңиз!
Соонундун бары бул жакта экен.
Айжамал эже,сизге ийгилик каалайм,калемиңиздин сыясы түгөнбөсүн! Жакшы сөздөрүңүз менен,жан дүйнөлөрдү аруулай бериңиз!
<
#617 31 May 2016 - 20:11
Ушул теманы окубай жүргөнүмө таң калып жатам.
Соонундун бары бул жакта экен.
Айжамал эже,сизге ийгилик каалайм,калемиңиздин сыясы түгөнбөсүн! Жакшы сөздөрүңүз менен,жан дүйнөлөрдү аруулай бериңиз!
Соонундун бары бул жакта экен.
Айжамал эже,сизге ийгилик каалайм,калемиңиздин сыясы түгөнбөсүн! Жакшы сөздөрүңүз менен,жан дүйнөлөрдү аруулай бериңиз!
Темалардын темасы бул жакта экен,чынында.
Рахмат авторго.
В каждой шутке есть доля правды...
#618 31 May 2016 - 20:24
Монологго жазгандардын дээрлик көпчүлүгүнө арнап койдум...
***
Жан дүйнөм эзилип, ээрип кыйнап турат,
Жибибес ушул көңүл, жүрөгүм ыйлап турат.
Жетээрмин мен дагы буйруса жакшы күнгө,
Көөдөнүм муңга толуп көөнүмө сыйбай турат..
Күйүгүп барам көөдөнүм муңга жык толуп.
Дарманым кетип айласыз турам бук болуп.
Бет аарчы менен жашымды сүртөөр киши жок,
Көзүмдөн жашым куласа жерге тып конуп.
P.S. Баары жакшы болот.
***
Жан дүйнөм эзилип, ээрип кыйнап турат,
Жибибес ушул көңүл, жүрөгүм ыйлап турат.
Жетээрмин мен дагы буйруса жакшы күнгө,
Көөдөнүм муңга толуп көөнүмө сыйбай турат..
Күйүгүп барам көөдөнүм муңга жык толуп.
Дарманым кетип айласыз турам бук болуп.
Бет аарчы менен жашымды сүртөөр киши жок,
Көзүмдөн жашым куласа жерге тып конуп.
P.S. Баары жакшы болот.
В каждой шутке есть доля правды...
#619 31 May 2016 - 20:43
Жөн эле тентип жүрөм..
Максаты не бул дүйнөгө жаралуунун?
Максаты не "мындай бол!" деп жар салуунун?
"Өч алам-дейт-баары бир өч аламын!" ,
Максаты не жан дүйнөсү жаралуунун. .?
Бир кем дүйнө аттигиң бир кем дүйнө!
Ойлонбочу "жалгызмын" деп жүрөксүнбө.
Эрээркеп бара жатат ал сайын..
"Ар бир мүнөт жакшылыктан күн өтсүн" де..!
А менин максатымды не деп билем..?
Кусалыктан шуру жасап неге илем?
Өзүмдү дале болсо таба албай,
Мен жөн эле, жө-өн эле тентип жүрөм…
Максаты не бул дүйнөгө жаралуунун?
Максаты не "мындай бол!" деп жар салуунун?
"Өч алам-дейт-баары бир өч аламын!" ,
Максаты не жан дүйнөсү жаралуунун. .?
Бир кем дүйнө аттигиң бир кем дүйнө!
Ойлонбочу "жалгызмын" деп жүрөксүнбө.
Эрээркеп бара жатат ал сайын..
"Ар бир мүнөт жакшылыктан күн өтсүн" де..!
А менин максатымды не деп билем..?
Кусалыктан шуру жасап неге илем?
Өзүмдү дале болсо таба албай,
Мен жөн эле, жө-өн эле тентип жүрөм…
В каждой шутке есть доля правды...
#620 31 May 2016 - 20:47
Лика эже, саламатсызбы!
Мен негизи, поэзияга кызыга бербеген, кобунчо адабий чыгармаларга басым жасаган адаммын, поэзия жанрында бир гана Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы менен таанышмын, аны аябай сыйлап, ырларын окугандан тажачу эмесмин. Ал эми азыр, сиздин чыгармаларынызды окусам, кандайдыр бир куч кокурогумдон орун алат, тамактанганда ашказан ыраазы болгондой эле сиздин ырларыныз менин жан дуйномду суугаргандай болот. Аябай терен мааниде эн сонун жазасыз. Мен да коп адамдардай эле жактырган цитата, ырларды кундолук дептериме кочуруп жазып алмайым бар. Сиздин ырларды жазайын десем баарын кочуруп жазуу керек экен. Себеби баары биринен отуп бири жагат. Андан коро ушул супердин алтын беттеринде сакталып кала берсин, ким билет, 15-20 же андан да коп жыл откондон кийин (албетте Кудайым буюрса) "Убагында Лика эже менен баарлашкам,
жакындан таанышкам"
деп мактанаармын)) Ар убак сиздин ырларды тажабай окуп келем. Калеминиз курчуй берсин, ийгилик! Жана да чоон рахмат))
АльхамдулиЛлях!

Супер-Инфо
super.kg
видео













