Суперстан: "АРМАН" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"АРМАН" Зуура СООРОНБАЕВА

#101 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Апрель 2016 - 19:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- «Чөптү кордосо көзгө зыян» дейт. Бул оомалуу төкмөлүү дүйнөдө, бар, бар бойдон, жок жок бойдон турбасын ойлонбосо керек алар.

- Ойлошсо мындай ишке барбайт эле.

- Ойлошсо ойлоор кезде ойлоп, өкүнсө өкүнөөр кезде өкүнөө р. Бирок, анда кеч болуп калаар. Булардын мансабы менен дөөлөтүн урган киши барбы. Акылбек сен мүң күрөбөй өзүңдү карма. Киши өлтүрүп кунга калган жайың бар беле? Атууга кеткен киши деле акталаттура. Коркпо. Акыйкатташаар. Акыйка ттабаса, көрө рбүз даг ы.

- Ак жеринен айыпталганыма күйөм. Адам уятынан өлбөйт экен. Кылмыш кылып соттолсом не арман.Анда өз кылганым өзүмө жетти дейт элем. Жок дегенде апам эле тирүү болсочу. Биздин өкмөт менен партия акыйкатчыл дейбиз. Бирок,анын башында акмактар турса, алаамат болот тура. Күйгүзүп жатат булар.

Элал мени далыга чапты.

- Кайгырба. Сот кандай бүт өөр экен көрөлүчү. Эмне кылышты ошондон кийин сүйлөшөлү. Ушуну менен бардыгы бүтүп калбас. Булардын ишин акыйкаттай тургандарда бардыр.

Биз ушинтип турганда «Сот башталат. Күбөлөрдөн башкасы кирбесин» деген жарыяны угуп, элеңд ей түштүм. Соттолгонуңдан да, соттолуучу күнөөлүүлөрдүн скамейкасында олтуруунун өзү эле тозок болот экен. Элдин баары дүрдүгүп, залга кире башташты. Элал колумду кысакармады.

- Делдейбей, өзүңдү карма. Эч коркпо.

Ашым атам Элал менен жарыша сүйлөдү:

- Бир бороондук алың жок. Кайратсыз бала турбайсыңбы. Күнөөң болбогондон кийин, эмнеге мынчалык саруулайсың. Сага жараткан алла өзү жар болсун, кулунум. Ак безерткенди арбакурсун. ..

Инилерим менен карындаштарым, кой-айга болбой өздөрүнчө эле ыйлап жатышты. Эл арасында Карагулга карата айтылган каргыш аралаш катаал сөздөр жаап жатты.

- Буга да баккан балаа бардыр. Карагул капыр болгон тура.

- Жанакы шерменде кызынын көшөгөсү көгөрбөс.

- Дегеле көктөйүндө куураган талдай болуп тамыры менен соолуп калаар күнүкайда. Ой айланайындар, Акылбек бул кызды зордук-зомбулугу жок эле алып келген болучу. Жап жакшынакай ак тилек менен баш кошуп турган балдардын уясын бузуп, кудай төбөсүнөн уруп салбадыбы Карагулду. Эгер кеткиси келсе, мурда эле атасы артынан келгенде кетип калса эмне.Кайненесинин өлүмүн күтүп тургансып Токтокан өлгөн күнү кетпедиби кеткенде да. Мындай шумдукту ким көрүптүр. Ой бети жок, шерменде,энесин тарткан канчык тура. Бузулуп бүткөн неме да.

Ушундай сөздөр кызуу жүрүп жаткан кезде Карагул аялы экөө, анан дагы бейтааныш бир-эки киши кирип,алды жакта бош турган орундарга келип олтуруп калышты. А аялдар болсо, Наргүлдүн жакындары уксун дегенсип, үндөрү бийик чыгып күчөнө сүйлөп жатышты.

- Каргышка калган киши оңот дейсиңерби. Ылайым жакшылык көрбөй калышсын. Куураган Токтокандын өлүмүнө ушул тукуму курут болгурлар эле себепкерболбодубу. Капардын балдары кийген тонду, булар да кийип калгысы бардыр. - Чоң энемдин сөзүнө Наргүлдүн апасы чыдабай кетти көрүнөт, артына силкине бурулуп, аңкылдады:

- Ай, кемпир, оозуңду басасыңбы, жокпу? Өлүгүңдү көрөйүн өлөрман, мастан. «Ууру тойгончожеп, өлгөнчө карганат» деген ушул. Чолпондой болгон баламдын убалына калыполтурган ыңарды кандай билбеген башы жок немесиңер. Баарыбызды шерменде кылдыңар, түбү жарыбаган томояктар. Силер кайсы киши элеңер.

- Оозуңа карап сүйлө, - деди чоң энем ордунан тура калып. - Жүзүкара деген биз эмес, силерсиңер. Томояк деп бизге сынкоюп калган тура. «Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт, жаман адам мал күт сө жанына коңшу кондурбайт» деген силер болуп турасьң ар. «Кудай бир, кезек эки” . Капардын балдары да эржетээр, даража күтөөр, мал күтөөр. Азыр да жаман эмес. Ата-энесинин арбагыколдоп, кудай жакшылык берип, аман болушса эле болду.

Карагул ордунан обдула берип, колундагы таягын көкөлөто көтөрүп элге көрсөтүп кыйкырды:

-Эй келечеги кең катын , - чоң энемди көздөй таягы нын учун кезеп кекетип кирди, - мына бул кара таяктымага ким карматты? Уч буттап калдым го аксаң дап. Жүрөгүмө эле эмес, сөөгүмө чейин тамга салдыдар. Б ылжырабай , оозуңду он жерин ен басып, шүк олтургу н. Кимдин иши кара, кимдин иши акэкенин азыр акыйкаттайт сот.

Ушул маалда Ашым атамдын үнү чыкканда залдын ичидымый түштү. Карагулдун да жаагы жап болду.

- Эй Карагул, кудайыңды карап сүйлө. Сенин сөөгүңө такты адам салбай эле, кудай өзү салбады беле. Бизди коюп, өзүңөр былжырап, оозуңарга келгенин оттобой шүк олтургула. Кара жаак катының ды тый. Болбосо ушул жерде башыңарды чымчыктын башындай жулуп салам. Андан кийин мени сотуң атып салабы, асып салабы, өзүбилсин.

Аңгыча сот келатат деп калышты. Олтургандарорундарынан дүр турушту. Сотолтургандарды сыдыра тиктеп коюн оз ордунан орун алды.

Кимдир бирөө Карагулду карап ручкасы менен столду такылдатты:

- Олтуруңуз. Эмне кыжылдак?

Карагул туруп турган калыбында сөгүнө сүйлөдү: - Мына бул энеңди урайындарды соттобой туруп элекамап салыш керек болуучу. Тетигил Ашым деген кантужин мени эл алдында шермендекылып бүтүрмөк болду. Талаадан көрсө талаадан, көчөдөн көрсө көчөдөн адам уккус бок ооз

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 08 Апрель 2016 - 19:12


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Апрель 2016 - 19:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

сөздөр менен согот да турат.Азыр да чатакты бул айбандар өздөрү баштап олтурат. Мындай адамды мазактаган ээн ооздорго жаза колдонуучумыйзам барбы, же жокпу, сотто?

Ашым атам ордунан жулуна туруп, Карагул га муштумун түйүп бакырды:

- Тилиңе тишиң күбө, мени соттото албасаң энең ди ал, энеңди урайын айбан!

Сот столду кайра такылдатты.

- Тынчтангыла жолдоштор! Ашым аксакал, биз баарыбыз сизди жакшы билебиз.Согушта кан төккөнсүз. Душман менен салгылашууда эрдик көрсөткөн адамсыз. Сыйлайбыз баарыбыз. Ашык сөздүн кереги не? Түшүнүктүү адамсыз да.

Санаам тына түштү. Ушул саамда кокустан, соттарабынан адилетсиз кагуу жеп, каны кызып кетип, өзүн кармай албай, чыр чыгып кетпесе экен депчочулап тургамын. Бирок, андай болгон жок. Кудай жалгап сот жумшак сүйлөп, тынчтандырып койду. Атам адегенде тишинкычыратып, жаак эттери түйүл ө, кал чылдап барып токтогонун билип турдум. Мени аяп «баламдын башына түшүп турган кырсыкты ырбатып, алдуулардын таман алдында калтырбайын» деп ойлодуго деп калдым. Болбосо, бир жини кармаса, жеке эле Карагул эмес, соттун өзүн баш кылып талкалап салуудан кайра тартпайт болчу. Бир жолу Ашым атам өз устаканасын өзү өрттөп жиберген. Анда бул киши колхоздо темир уста болуп иштөөчү. Эл Ашым атамдын согуштан ошондой айыкпас дартка чалдыгып келгенин ошондой кийин даана билишти.

Иш башталды. Соттопредседателдик кылуучу су­дья, айрым себептер менен кээ бир адамдардын соткокатыша албай калгандыгын айтып өттү. Залдан Элалдын кол көтөргөнүн көрүп, «эмне сураганы жататболду экен» деп ойлогончо болбой минтти:

- Жолдош судья, сизКарагулова Наргүл жөнүндө эчтеке айткан жоксуз. Ал келин сотко катышпайбы?

- Катышат, катышат. Карагулова бул жерде.Табы жок болуп, тумоолоп туруптур. - Председатель ошол саамда кимдир бирөөгө кылчайды. - Карагулова эс алса кирсин.

Залдан аялдын үнү ча ңк этти:

- Жакшылык көрбөй калгырлар, т аптаза баламды н ден соолугун талкалап бүтүш пө дүбү.

Судья аялга карады.

- Тынчтаны ң ыз. Бул жерде ээн ооз сүйлөөгө тыюу салынат.

Наргүл босогону аттаар аттабастан эле, түз жер­дей беги менен кетүүчүдөй мүдүрүлүп барып токтоду. Энеси менен атасыКарагулдун ортосунда олтурган Ажаргүл, ордунан учуп туруп, Наргүлдү көздөй шаша басты. Аман сиңдисин каруудан алып колтуктаган калыбы н да өздөрүнүн жанындагы бош орунга алып келип олтургузду. Карагул түйшөлө түшүп аялына шыбырады:

- Сурачы алдакы келесоо кызыддан.

- Эмнени? деда аял эрине карап.

- Жанакы кагазды жазыптырбы көчүрүп?

Аял кызына бурулду:

- Атаң жанакы кагазды сурап жатат, жаздың беле?

- Жаздым. Ай, кудай ай, акырын сүйлөгүлөчү. Эл угат.

Карагул аялына алая карады:

- Эй катын, бул кызың кайсы жазганын айтып жатат. Жанакы адвокат жазып бергенди, сөз калтырбай так көчүрүп, өткөрдүбү сотко, ошону сурап жатам, мээңди урайын.

- Ой, кайран мээси толук неме. Акырын сүйлөчү күпүлдөбөй. Көчүр дегенден кийин көчүрүп берди да сотко. Эми ага эмнеге тынчың кетип жатат, күйпөлөктөп.

- Күйпөлөктөй турган иш болуп жатса, күйпөлөктөбөй коюучу беле!

Тигилердин күбүр- шыбырын угуп олтуруп, булканчык сөзүн өзгөрткөн экен, деп ойлодум. Ашым атамдын айтканы тууракелди. Билген экен ал киши. - Оозум курган шилекейимди күрмөй албай калдым.

Соттун жүрүшүндө, сөз келгенде, адвокаттын суроосу болобу, соттун суроосу болобу, мен да аянбай болгонду болгондой айтып жооп берип жаттым. «Жоо аяган жаралуу» дегендей, эгерде Наргүл менде турса, кээ бир айтылбай турган иштер айтылбай ичимде калат эле. Эми ал мени аябай жатса, анымен аямак белем. Бишкекте экөөбүздүн ортобузда болгон ишти баштан аяк айтып келип, сөзүмдүн аягында:

- Сиздерден туура чечим күтөм! - дедим.

Өңү өчүп ата-энесинин катарында олтурган Наргүлдөн сот минтип сурады:

- Жолдош Наргүл Карагуловна, сиз Капаровдун көрсөтмөсүнө кандай жооп бересиз? Акылбектин көрсөтмөсү, сиздин кагаз жүзүндө берген көрсөтмөңүзгө коошпой жатат. Бишкектен самолётко, кечиресиз «Манас» аэропортуна чейин такси менен келгенде, жол киресин сиз төлөгөн турбайсызбы. Андан ары Нарын га чейин чогуу келип, аэропорттон Туратка телефон чалганча сиз күтүп туруптурсуз. Туурабы?

-Мен чалган эмесмин. Акылбек чалды. Бирок, Мен Акьл бекке турмушка чыгууга аргасыз болдум, деп жатпаймынбы. Ал жөнүндө түшүнүк катта ачык жазылган.

- Капаровдун көрсөтмөсү туура эмес деңизчи.

Наргүл күңк этти:

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 08 Апрель 2016 - 19:22


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Апрель 2016 - 19:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Туура эмес.

-Угулбай жатат. Катуурак сүйлө ң үз.

-Туура эмес, деп жатам.

-Капаровго турмушка аргасыз чыккан экенсизда.

-Ооба, ошондой болду. - Наргүл башын жерге салып, дагы оозун кыбыратты.

-Эмне, эмне? Эчтеке угулбайт? Кайра айтың ызчы?

-Ооба, аргасыз чыктым.

-А нан эмне үчүн атаңыз арты ң ыздан кууп барганда, кетип калган жоксуз. Капаровдун туугандары айыл үстүлүк кылып атаңызды баш кылып, күнөөсүз адамдарды ур-токмокко алып кордон жатса, көрүп туруп кантип калып калдыңыз?

-Эртеңки күндө, эрден чыкты деген жаманаттыга калатэкенмин деп, артымды ойлодум. Адегенде Акылбек деле жаман бала эместей көрүндү көзүмө.Үй-бүлө болуп кетебиз го дептирмин.

-Ошондо билдиңиз беле, атаңыздын бутун ким сындыра чапканын?

-Жок, билген эмесмин. Булар өзү жаздым басып алып, бутун кокустатып алды дешкен. Мен кийин түшүндүм ушулар колдуу болгону н .

-Ушулар дегениң кандай, баары чогулуп сабаштыбы?

-Жок, баары эмес, Ашым деген абышка чапкан.

-Чапканын өз көзүңүз менен көрдүңүз беле?

Келин жалтайлай түштү.

-Жок, өзүм көргөн жокмун. Кийин уктум башкалардан, деп жатпаймы н бы...

Менин сот башталгандан тартып эле, коркконум Ашым ат ам болуп, санаам тынбай турган. Наргүлдүн акыркы сөзүн угуп жүрөгүм удургуй түштү. Аш ым атамды карасам, ордунан учуп туруп, кемселин чечип, калпагыналы п , олтургандарды уйча жөөлөп шымаланып, тишин кычырата чайнап сөгүнүп келатты. Кебетесин көрүп коркуп ке ттим. Тим эле эки көзү канталап, чанагынан атылып чыгуучуданбетер оттой күйүп, өңү кубулуп, кан ы ичине тартып кетиптир. Эмне депайтаарымды билбей, эсиме Элал келиптир.

-Ай, Элал, атамды кара.

Атам мени оттой күйүп, кан толгон көздөрү менен бир чалып өттү.

-Эй намызсыз, Элалың эмне кылат экен атаңды?

Эч кимиң жаныма жакын жолобогула. Мен Карагулдунбутун сындырбасам деле, тетиги бети жок, уятсыз шерменде келин, мени сындырдыдеп жатпайбы. Ак жеринен күнөөлөнгөндүгүм үчүн, мен азыр Карагулдун белин кандай бүктөөр экенмин. Карап тургула баарың !..

Эл дүрбөй түштү. Ызы-чуу болуп залдын ичи калаймандап, көпчүлүк Ашым атама жалынып-жалбарып, үстүнө үйрүлүп түшүп жатышты.

-Ашыке, “Бир колуңдун ачуусу келсе, бир колуң

менен карма» дейт. Эстүү кишисиз, ал келиндин туура эмес сүйлөп жатканын баарыбыз эле билип турабыз. Наргүлдүн сөзүнсөз дебей эле коюңузчу.

-«Ачуу шайтан, акыл дос» дейт Ашыке...

Бир убакта карасам, Карагулдар олтурганорун бош калыптыр. Булардын качан чыгып, кандай чыгып кеткенин билбей калдым.Ушул маалда кайдан-жайдан келгени белгисиз ички иштер бөлүмүнүн кызыл жака кызматкерлери Ашым атамы тегеректеп калышты. Буларды көргөн Борис Иванович милиционерлердин алдын тозо басты:

-Балдар, байкагыла. Бул кишите эч кимиңер жаман- жакшы айтып, канын кызытып жибербегиле. Билесиңерби, бул киши Улуу Ата Мекендик согуштун кантузияга чалдыккан биринчи группадагымайыбы.

-Ооба, ооба, бул киши жөнүндө укканбыз. - Келген милиционерлер дароо четтей беришти.

-Кайда Карагул! - Ашым атам эки жагын кайса йдай карап, ээликкени токтолбой жатты.

Бүгүнкү иш ушуну менен аяктап, сот менен проку­рор,адвокат менен заседателдер биринин артын ан бири чыгып жок болушту...

Сот экинчи күнү кайра башталды. Бир сөз менен айтканда, сотмага «Зордуктап кыз ала качкан», «Уруш- талаштын себепчиси да Капаров» дегенэки айыпты коюп, беш жылга эркимден ажыратып, баш чарамды түрмөдө олтурууга өкүм чыгарды.

Бул жерде жеке эле мен эмес, БорисИванович да жазадан куру калган жок. Ага «айыпталуучуларды калкалап, тааныштыкменен туура эмес иш жүргүзгөн» деге н жарлыкты тагып кызматтан бошотуп, сот,про­куратура кызматкерлери Масалбек Сартановичтин айтканын аткарып, Карагулдункамчысын чаап беришти.

Айла жок, мыйзам деген мыйзам да.«Эркелээри ң болбосо, эмшеңдеп кимге ыйлайсың» дегендей, көчпөй- конбой олтуруп, ак жеринен караланып сот толсом да өкүмгө баш ийбеске чарам жок олтуруп калдым. Арызданууга өлчөлүү күнгөмөөнөт берилди. Ашым атам Элал экөө чуркап жүрүп, мени он күнгө кепилге сурап алышты. Ашым атамдын ошол эле күнү Бишкекке жогорку сотко арыздануу үчүн айтпай жөнөп жатканын угуп чочуп кеттик.

-Жарыктык, сиз эмнеге барасыз? - деди Элал.



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Апрель 2016 - 19:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Э катыгүн, «эмнеге барасыз?» деген да суроо болобу?Акылбегим үчүн барам, арызданам. Балам ак жери­нен бешжылга кесилип калды, бошотуп бергиле дейм.

-Сиз бекер убара болбонуз ата, мен барам,Акылбек барат.

-Ой кокуй о-о-й, экөөңөр барганда, силердин колуң ардан эмне келмек эле? Силерди укпай коётсоттор. Мен өзүм барбасам болбойт, балдар. Бул жетимг е мен күйбөсөм ким күйөт. Менин барышыма карш ы болуп, жолумду тозбогулачы балдарым.

-А н да биз эмне кыл алы, барбай эле коёлубу, э ата? - дедим мен.

-Бара бергиле. «Улукка пара бергенче, бара бер» деген сөз бар. Балки м мен ишке жарасам, силер жарап калаарсы ң ар. Бирөө болбосо бирөө н ө н жакшылык болуп калаар. «Жатып өлгөнчө атып ө л» дейт эмеспи. Барып ка лс аң ар, мени бул даректен табасың ар.

-Бул ким, ата? - дедим мен, атам өз колу менен бир барча кагазга жазган адамдын аты-жөнүн окуп.

-Кимди эмне кыласың, балам. Бул деген менин досум.

Ашым атам ошол эле күнү, кечте жүк тарткан бир ЗИЛдин кабинасына олтурупБишкекке жөнөп кетти.

-Кап, ушул атамдын шашмасы ай, айтканынанкайтпаган кө к киши, биз экөөбүз бара турган болгондон кийин, чогуу эле эртеси кетсек болмок. Сотто тааныган көздөй кишиси болбогондон кийин бул кишинин сөзүн ким эле уга коёт дейсиң. Эми эмне кылалы, биз да бүгүн кетелиби?

-Эртең кетсек деле жетишебиз, - деди Элал камаарабай. - Эгерде, Наргүл экөөңөрдүн бирге түшкөн сүрөтүңөр, же анын сага жазган катпаты болгондо эмне!

-Алардын эмне кереги бар?

-Сени актоочу күбө болот эле. Ал деген доку­мент. Ан да биз, Наргүлдүн эле оозун эмес ата-энесинин оозун ошолкат, ошол сүрөт менен жап кылат болчубуз. Тез таанышып,тез үйлөнгөндүн кесепетинен сүрөткө түшүүгө үлгүрбөйкалсаңар керек.

-Ишти сүрөт эле оңдой турган болсо, сүрөт да бар, кат да бар, менде.

-Сотко эмне үчүн берген жок элең?

-Кат менен сүрөттөрдүн пайдасы тийерин билген жокмун. Анын үстүнө аларды сот да, прокурор да, тергөөчү да сураган эмес.

-Ой сен кызыксың, мурда неге айткан жоксуң. Кана алын келчи көрөйүн. Наргүл танып жатканда, сүрөттү көзүнөкөрсөтүп, бетке уруш керек болчу.

-Андан көрө ошолорду Наргүл алып кеткен жок бекен десең, - дедим кайда койгонумду эстей албай, -карай көрөйүнчү. - Портфелимди ачып аңтара баштадым. Сүрөттөрдү чыгарганда чогуусу менен фотограф өзү салып берген калың кара конвертти көрүп сүйүнүпкеттим. - Элалга көрсөткөнү шашып ички үйдөн атып чыктым. - Таптым, өзүмдө экен. Мына ушунуи баары Наргүл экөөбүздүн ысыгыбыз ташып , кош жүрөк бири - бири менен үн алышып турган кезде түшкөн сүрөттөр болуучу. Элал, карасаң ай, кудай жалгап Наргүлдүн жазган каттары да ушулардын ичинде экен.

-Тү-ү-ү, аз эле күндүн ичинде ушунча сүрөткөтүшкөнгө үлгүргөн экенсиңер. Тобо, кат жазганга да жетишип. ..

-Бишкекте бакыт кушу башыбызга конуп сайрап турган мезгилде жазылган да. Кандай болуп кеткенин өзүм да билбей калдым. Минтип ажырашат экенбиз деп кимдин оюна келиптир.Ал мени, мейманканадан аз убакыт таппай калса эле ушинтип кат жазып калтыраберүүчү. Окусаң, ар бир катында «мен сени сүйөм Акылбек, сен үчүн өлөм Акылбек», «Мен келсем жокэкенсиң, кайда кеттиң, көргүм келип сагынып кеттим» деген сыяктуу толгон-токойсөздөр бар.

-Ырас, сактап койгон экенсиң тытып жибербей. Касиет экөөбүздөсакталган бир да кат жок. Кат сактоону ойлобосоккерек.

-Ки-й-и-н, ки-й-и-и-н, экөөбүз бала- чакалуу бо­луп улгайган кезде өзүнө көрсөтсөм деп ойлоп жүрбөймүнбү.

-Т-ү-ү, ат-а-а, сүрөткө жакшы гана түшкөн экен сиңер. Оозуңардан өбүшүп, кучакташып түшкөн сүрөтүңөр бар экен. Конокто олтургансыңар го, эки- экиден рюмка уруштуруп калган ын арга Караганда?

-Оозуңардан өбүшүп деген сүрөттө, өбүшпөй эле, шараптан улам бирибиз ууртап алып,бири-бирибизге оозубуз менен ичирип жаткандагы кербезибиз.

-Ой тобо, ушундай ичиш да болот экен ээ. Берчи, алдагы каттарды окуп көрөйүн, - деди Элал кол узатып. Ал мен берген каттарды дароо үн чыгарып окуп кирди:

«- Алтыпым Акылбек, мен сени ту ш жарым к ө рб ө й калганги куса болуп, сагынып кеттим.Келсем жок экен сиң. Кыздар менен почтага кеттим. Үйдөн акча келиптир. Алып эле кийра т артам. Мени кут, азыр келем. Бетицден өө п, сепи н НАРГҮЛҮҢ».

Экинчи катта мындай дептир:

«- Саламатпы, Акыл! Кандай жакшы жатты ңбы? Мен институтка шашып кетип баратып, сага ө зум жөнүндө , ан ан сен жөнүндө көргөн тушумду айтайын де п ойлоп кайрылдым эле. Бирок, эш ик тозгон киши киргизбей койду. Сагындым сени. Билесицби, түндө сенден бөлүнүп эле, кайра көргүм келип сагына баштадым. Азыражыраса, азыр кайра сагынган мендей да суйууго алсыз кыз болобу. Бугун акыркыэкзамен. Буюрса экөөбүз ,

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Апрель 2016 - 19:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

дайым бирге жашап, бирге өмү р с үрө турган к ү нд ө р улам жакындап келатат. Ошол бактылуу к үндө ртез эле келсе эк ен деги. Мен сени ин сти­туттан к ү т ө м.

Кучактап, өм ү рл ү к жары ң НАРГҮЛ».

Элал катты окуп бүтүп, мени тымылжый карап жүзүнөн күлкү төгүлүп турду.

-Деги сен бул каттарды окудуң беле өзүң?

-Окугам.

-Ушундай сүйүү, ушундай махабат менен жазылган кат менен күнөөлүү болуп, соттолуп олтурган ың кызык. Наргүлдүн бул жазгандарына к араганда, сени чыны менен эле ак дилден сүйөт го сыягы? Кудая тобо, таңгалычтуу окуя. Эмне үчүн бул каттарды көрсөткөн жок элең ?

-К имге?

-Ким болуучу эле апенди, мунун баарын,бирин калтырбай делого документ катары тирке ш керек бо­луучу.

-Ай койчу, - колумду силктим, - эрди-катынболуп бирге жашап жатканыбызды көрүп- билип туруп, кайнатам баш болуп каршы чыгыпсоттоп жатса, кат кеппи. Чынымды айтсам кат менен сүрөттөр эсиме такыр келбептир. Эсиме келген күндө да, бул каттардан да, сүрөттөрдөн да жардам сурамак эмесмин. «Жаман жарасын кө рс ө тө т» дегендей, Наргүлдүн мага каршы тайманбай сүйлөгөн сөздөрүн угуп туруп, кан тип уялбай сүрөт менен каттарды күбө тартам. Бул жүзү каранын сүйүүсүн далилдеп кантип актан де п турас ың? Буларды бергенде эле бардыгы оңолуп k етет беле?

-Сен да бир кызык экенсиң. Анын оңолгон, оңолбогонун урасыңбы. Ал өзү кара беттик кылып жаткандан кийин, эл алдында бетпактынбетин ачып, шермендесин чыгарыш керек болуучу. Өзүңдүн күнөөсүз жердей күнөөлөнүп жатканыңды сотто далилдешиң керек эле. Айтып коёюн, сени актоочу да,жактоочу да Наргүлдүн ушул каттары менен экөөңдүн бирге түшкөн сүрөтүңөр болоорун эсиңден чыгарба, дос. Кызык экенсиң, өз ар-намысын өзү коргой албаган жигит да жигитпи?!

-Эми эмне кылышым керек, же буларды соткокайра алый барайынбы, эмне кылайын?

-Сотко кайра алый баруучу беле. Болоор ишболду. Кесилээрин кесилдиң. Эми ошол соттун туура эмес өкүм чыгаргандыгы жөнүндө арызданганы жатпайбызбы! Бул документтерэми ошол жакка керек болот. Эртең Нарындан учабыз буюрса. Анан түз эле, Султанга барабыз.

-Ким ал Султан деген?

-Эжемдин баласы. Жогорку сотто тергөө бөлүмүн башкарат. Сырга эжемди көрдү ң беле?

-Жок, көргөн эмесмин. Кайсы эжеңдин баласы?

-Кайсы эжемдин баласы экенин эми тааныйс ың барганда.

-Облсотко кайрылбай эле, сыраазыреспубликага барабызбы? Кокустан эмне үчүн областка кайрылган жоксуңар десечи?

-Айтабыз да себебин. Масалбек Саратановичтурга н да сенин ишиңди облус оң чече коймок беле?

Ооба, анысы да бар.

-Мен сага эки дүйнөдө тең ыраазымын, Элеке. У кка н жокмун деп келбей койсоң, келбей коёт элең. Ким дин дос экени, кимдин кас экени башыңа күн түтүш ушундай кезде билинет тура. «Жанга күй гөн жандай дос, жанына күйбөс кандай дос» деп омюп үчү н айтышат тура.

-Кантип келбей коёюн. Маган Касиет айтты,Элал менен наргүлгө соттом повестка келип, үйүнө кетиптир деп.Ал эмне болгон , кандай повестка болду

экен, санаам тынбай,сенин өзүңдү чакырып сүйлөшөйүн деп, совхоздун бухгалтериясына телефон чалсам, ошолорайтты дайыныңды. Анан кантип угуп туруп келбей коюуга болот. АпамКасиеттин сөзүн угуп олтуруп мага буларды табыштады:

-Кагылайын балам, кокустан Акылбектики сотменен бүтө турган чатак иши болуп калса, дароо Султанменен байланышкын. Акылбекке менден салам айтып, бетинен өөп кой. Апасы каза таап, какаганга муштаган болуп турганда, сотко кирептерболуп калбагай эле курган бала. Айтып кой, өлгөндүн артынан адам өлбөйт, кайрат кылсын. Кийин Касиет келгенде чогуу барып куран окутабыз, - деди.Сен бизге туура түшүн Акылбек.

-Ай айланайын телегейди тең санаган ак пейил аяш апам ай. Кандайча кабар бере албай калганыма түшүнүп жатасың го өзүң. Бир жагынан сот, бир жагынан Наргүл кетип, өзүмдү жоготуп койдум, Элеке. Деги аяш апам өзү кандай, жакшы жүрөбү, күүлү?

Жакшы, жакшы. Мен булжакка жөнөөрдүн муру н ку күнү апам, байкем Бишкекке барам десе,ошолордун машинасына түшүп, эжемдикине кетти учурашып келем деп.

-Анда аяш апам менен ошол жактан көрүшөт экенмин да, - дедим чуусу чубулган жоболоңдуу жоруктарымдан уялып.

Бул уйку деген касиет да адамдын көңүлүнө, санаанын тынчтыгына жараша болуучу нерсе экен. Апамдан ажырап, Наргүл кеткен күндөн баштап, уйку бетин көрбөй калдым. Жүрөгүмө тамак барбай, ичим ичиме батып, жүрөгүмдүн башы от болуп күйөт да турат. Бир эле

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   08 Апрель 2016 - 19:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

күндө жаак эттерим шьшынып,арыктай түштүм. Ошентип, уйку бетин көрбөй калдым. Күндөн- күнгө суу ичкендей арыктайбердим. Ушинтип куурап турган учурда канымакубат берип, түн түшүп турган убайымдуу мүшкүлүмдү ачкан Элалдын жакшы сөздөрү болду окшобойбу. . Мен ошол түнү жаздыкка башым тийерименен өлгөн немедей бут серппей уйкуга кетиптирмин. Эртең менен көзүмдүн чарасы толуп, суутканаттай болуп эс алып тура келдим.Досумдун сөзүн угуп бел туттумбу, билбейм, Наргүлдүн кеткенине, соттолгонумамурдагыдай катуу кайгырып, анчалык убайым тартпай калдым. Менин жүрөгүмдү тилип, санаамды санга бөлүп, эсимден чыкпай турган бир күчтүү күйүт апам болуп турду. Бул кайгы, менин өмүрүм менен кошо жашап, сөөгүм менен бирге жатуучудай сезилет мага. «Алдаайланайын апам ай, акылы жок жаман уулундун кесепетинен мезгилинден эрте,арманда өлүп кеттиң. Кечирбейсиң гобейиши болгон алтын апам мени. Кантейин, кандай айла кылайын. Сенин ордундуэмне менен кантип толтурам, сенсиз кантип жашайбыз. Жок дегенде балдарындынбиринин чайын ичип, биринин кубанычын көрсөң эмне. «Ийлеп, ийлеп итке салат» дегенушубу, ыя апа!» Жетимдериц кантип күн көрүп, кантип сенсиз жашайт. Кудайым ай,тагдырыбыз мынчалык тайкы болоорбу. Эми балдары ң ды кайда, кимге ишенип таштап окуугакетем? Ишене турган Ашым атамдын акыбалы тигил! Ал киши өзү бакма да!». Ушуларды ойлоп алдымдагычынымды тиктеп олтуруп кө з жашымдын кандай мөлт дей түшкөнүн өзүм да билбей калдым.

-Акылбек! Ай ит десе, эмне болуп олтурас ың . Балдарды алаксыткандын ордуна капакылып! Сен ушинтип олтурсаң, бөбөктөрүң менен карындаштарың эмне болот? Сенин атың ды эркек дейт. Карачы бир туугандар ың ды?

Өзүмдүн ыйлап жатканымды Элал айткандан кийинбилдим. Кө з жашымды сүр т үп, бө бөктөрүм менен карындаштарымды карасам баардыгы өпкө кагып, солуктап ыйлап жатыптыр. Тик багыпаларды карай албай карегим тайып кетти. «Ай байкуштарым ай, кол башындай болгонкенедей болгон жүрөгүңөр, эми те де н кой башындай болуп, кайгыдан каксыктапжарыла албай араң турат ээ!». Сары санаага батып, ичим букболуп, бакырып ыйлагым келип, өзүмдү токтото албай ө пкөм к өө п турду.

Элал менин т амак ичпесимди билдиби, оор улутунуп алыпколун көтөрдү:

- Кан а, ан да бат а кылалы! «Жолоочунун жолдогусу жакшы,жолдо болбосо уйдөгусу жакшы ". Омийин! "Ак жолубуз" ачыльш, ыйманмазан жол бе рсин... Туралы эми.





:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   perim.ai   09 Апрель 2016 - 02:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 24 Апрель 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 19:31
  • Жынысы:Аялзаты

Уландысын батыраак жазыныз эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   Dinakg   11 Апрель 2016 - 00:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 25 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 17 Июн 2020 22:50

Уландысын кутуп жатам?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   jasgul   11 Апрель 2016 - 18:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

жаз эми Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   11 Апрель 2016 - 19:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

...Биз барганда аяш энем, Элал экөөбүздү келип калабы деп күтүп жаткан экен. Мени көрүп жаткан жеринен томолонуп туруп, бетимден өөп, ыйлап жиберди. Ал кишини көрүп мен да ыйладым.

- Аза кайырлуу болсун, балам. Баарыбыздын жаныбыз кудайга аманат. Ичээр суу, көрөр күнүбүз бүткөн күнү кете бермей. Апаң барган жерге биз да барабыз. Кой, ыйлабай кайраттуу бол кагылайын.Өңүңдөн азып, арыктап, аарчыган чийдей болуп калыптырсың. Антпе, катыгүн. Баса, колукту алыптыр деп жатышты эле балдар. «Кушбооң бек болсун!» дейинби же...

Апасыныи сөзүнө менденмурда Элал жооп берди. А мен болсом тигил кишининачык айталбай, же эмне болгонун сурайалбай кыжаалат болуп турганын дароо түшүндүм.

- Жок апа, куш боонуайтпай эле коюңуз. Баякы биз уккан сөз чын экен. Сот болуп Акылбекке беш жыл берди. Ак безертишти муну.

Аяш апам чочуп, алаканыншак койду.

- Эмне дейт кокуй. Беш жылдеген эмне?

- Ошон үчүн Акылбекти сиздин баякы сөзүңүз боюнча атайы Султанга алып келдим. Деги жардамы тийер бекен? Менин барганым жакшы болуптур апа!

- Ии, жакшы болбой анан. Акылбекти ырас өзүң менен чогуу алып келген турбайсыңбы. Ат-а-а, катыгүн ай, жаман иш болгон тура. Ал жактагылар калыстык кылышаар. Султан ды акыйкаттуу, төп бала деп жүрүшпөйбү макташып.

- Мен деле ошентип ойлоп келдим ишенип. Сиз эмне, жалгызсызбы, ыя апа? Эжекемжокпу?

- Азыр эле силердин алдыңарда дүкөнгө чыкты.

Мен Сырга эжени көрө элек болчумун. Бул киши

Элалдын кандай эжеси экенин билүүчү эмесмин. Өзүмчө эле эмнегедир,сып- сыпаты келишкен, билимдүү, маданияттуу, Элалдын берки врач эжесине окшогон сөөгү таза адам болсо керек деп ой жүгүртүп койгон болчу­мун. Адамдар деги кызыкпыз, кээде көрбөгөн, билбеген бир нерсени өзүбүзчө эле ой жүгүртүп элестетип кете турган адатыбыз бар эмеспи.

Бир оокумда эшик ачылып, бир колунда таягы бар, сылтый баскан, бир жак көзү айнек, өңү катыңкы, эти-этине каткап узун бойлуу, орто жашап калган аял кирди. Ал колундагы көтөргөн баштыгын стол үстүнө коё бергенде күлүндөп келаткан Элал эжесинин алдын тозо басып,озуна садам айтты:

- Саламатсызбы эжеке?! Кандай, дениңиз сак жакшы турасызбы?

- Оо, алдың а кетейин, менин Элалым келген тура. Секетиң болоюн. - Мойнуна он колун арта салып, бетинен өптү. Сыягы, мен чыгаарым менен келгенси ңер го?

- Ооба, сен чыгаарың менен келишти - деди аяш апам.

- Ыя апа, бул бала алиги сиз айткан Элалдын досу, Акылбек эмеспи?

- Ооба, Акылбек.

Окшошкон айланайындарым. - Мени да өптү. - Билем сени, апам келгенде эле айткан.

-Кандай эжеке, ден соолугуңуз жакшыбы деги?! - деди Элал.

-Кудая шүгүр, жакшымын каралдым.

-Үйдө апам экөөңүздөр элесиңер го?

-Султаның менен келин жумушта. Күндүзү үйдө мендеп башка эч ким калбайт. Мен апамкелип оңуп калбадымбы.

-Ден соолугум жакшы дейсиз,дагы эле арык экенсиз?

-Жама н кишиге жакшы турмуш, жакшы мамиле,сый-сыпат деген жарашмак беле. Бир кезде өлөйүн деп өзөңдү көздөй эчен чуркаган күн болгон. Тирүүлүктөн

өлүмдү артык көрүп жүрдүм. Бирок, жан таттуу тура, өлөм дегеним менен өлө алган жокмун. Энеге баладан жакын, баладанысык эч нерсе болбойт тура. Султаным үчүн өлгүм келбеди чыны. Эми өлүм эмес, өмүрдү ойлоп, балдарымдын сыйын көрүп жашай турсам экен деп калдым. Султан мени курортко жиберем деп жаткан. Апам келгенден бери экөөң чогуу дарыланып келгиле деп бул кишите да путёвка табайын десе, апам алыска баралбайм, самолётко түшө албайм деп жуутпай койду.

- Ооба, апам самолётко түштүм дегенче эле, башымайланды деп куса баштайт. Бул эле өзүбүздүн Кыргыз стандын бир шаарынан, экинчи шаарына барганда, өлүп кала жаздады эле, алыс жакка жеталбайт го...

- Эгерде апам экөөбүз барсак жыргабайтбелек. ..

Сырга эженин сөзүн угуп олтуруп, эч нерсеге

түшүнгөн жокмун. Бирок, көң үлүмдө «турмуштун запкысын башынан көп өткөргөн киши болсо керек» деп ойлоп олтурдум. «Бул бечара аялдын жыргаган түрү көрүнбөйт» деп алдыртан анда-санда манжаларын кейиштүү тиктеп коём.

Эженин ашканага кирип кеткенинен пайдаланып, аяш апама эңилдим:

-Ыя, аяш апа, Сырга эжени сиз төрөдүңүз беле?

Сөзүмдүн аягына чыгып, оозумдужыя электе, Сырга эже аш үйдөн чыгып келатып шаңк этти:

- И-и, садагасы, мен жөнүндө сурап жатасьң бы апамдан? Алдың а кетейин, «Куу алганкушта эмне сын» дейт. - Сырга эже күлкү жок жерден күлкү таап, өзүнчо эле каткырып күлдү. - Ха-ха-ха! Апам менен атам Чүйдөн көчкөндө, мени албай бирөөгө таштап кеткен. Анан ата-энесиз жетим кыздын көргөн күнү кандай болот, жакшы болобу, же жаман болобу, ойлоп көргүлөчү.

- Айла жок, шарт ошондой болуп калбадыбы, балам.

Мен мостоё түштүм. «Кызык го, булар калп айтып жатабы, же чын айтышабы? Сырга эже анып эмнесине күлөт?». Олтургандарды алмай-

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 11 Апрель 2016 - 19:49


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   11 Апрель 2016 - 19:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

телмей ка­рам туруп, Сырга эжени тиктеп калсам керек. Бир оокумда аяш апам мени жеңимден тартты.

- Акылбек, чайга кара балам. - Мен өзүмчө ойго батып олтуруп дасторкон жайылып, чай келгенин да байкабай калыптырмын. Ушундай маданияттуу турмушта жашап, төрөдөй болгон акыл-эстүү уулду тууп, тарбиялап өстүргөн бактылуу эненин көрүнүшү мени түшүнүксүз ойго салып турду.

- Аяш апа, азыркы Сырга эженин айтканы чынбы? Эмне үчүн таштап кеттиңер эле, дедим чыдамым кетип, Сырга эженин телефон менен сүйлөшүп жатканынан пайдаланып.

Бүбайым апа, мени мындай суроо берет деп ойлобосо керек. Ал киши жаңы эле ууртайын деп оозуна алып бараткан чайын дасторкондун четине кайра коюп,мени тиктеп туруп, бир демден кийин улутуна:

- Ошондой себеп болгон балам -деп койду.

- Мен тамаша кылып жатат десем, чын экен да. Ал кезде эже жаш беле?

- Жаш эмей, бала болчу. Бул кыз жөнүндө айта берсе сөз көп. Жанакы китеп жазган жазуучулар билсе, Сырганын башынан өткөн турмуш, өзүнчө эле бир чоң китеп болоор эле. Жазуучуларды ким көрүп, аларга ким айтып жатат. Эл, Ата Мекендик согуш деп айтып жүрүшпөйбү. Билесиңби, ошол согуш кандай согуш болгонун?

- Ооба, билем аяш апа.

- Билсең бул эжеңдин тагдыры ошол каргашалуу согушка байланыштуу болгон, балам.

- Кандайча, согушка байланыштуу болот?

-Анын баарын айтып олтурса түгөнгүс жомок. Сен экөөң сөзгө алаксыбай, чайыңарды ичип алып, Султанга барып келгиле. Уккуңар келип турса, Сырга жөнүндө кийин деле айтып берем.

-«Карынын сөзүн капка сал» дейт. Апам туура айтат. Мурда экөөбүз, Султанга барып кезигип келели, деди Элал. - Ишибиз оңуна оой турган болсо, эжем жөнүндө дастанды апама коно жатып айттырабыз.

-Мен даярмын.

Элал энеси не карады.

-Ыя апа, Акыл жөнүндө Султан билеби?

- Жок балам, кайдан билет Султан. Акылбектин

соттолуп келгенин Султан эмес, мен эми эле өзүңөрдөн угуп олтурам. Мынчалык болоорун мен кайдан билдим. Султан деген эстүү бала. Болгон ишти өзүңөр түшүндүрүп айткыла.

Ар жактан Сырга эже сөзгө аралашты:

- Э кудай, ал эмне иш, эмне болгон сот эле?!

- И, Акылбек ак жеринен караланып, алган аялы үчүн кесилип келиптир.

- Катыг-ү-ү-н де, андай ишиңер болсо, кемпирлерди ортого салып далдалчыкылбай эле, өз бетиңер менен барганыңар оң. Апам экөөбүз айтканда эле, Султан макул болуп уга коёт дейсиңерби. Мен баламды укпайт десем эле, энесин укпаган кербез неме экен дебегиле. Өз баламды өзүм мактап эле коёюн. Жаш болсо да анын калыстыгына, адамгерчилиги менен ишбилгилигине кине коё албайм. Өз ишине байланыштуу, кези келгенде кара мүртөздүк жайы да бар. Кантсин анан. Байкуш баламдын аткарган жумушу ошондой неме тура.

- Туура эжеке, туура. Сиздин бизге берген жардамың ыз эле ушул болсун,Султан телефон чалып калса, бизди айтып коюңуз. Кокустан кабыл албай күттүрүп койбосун.

Анын телефон чалганын күтпөй эле, азыр эле озум звандап айтып коём силерди.

Эже сүйлөштүбү, жокпу, уулунун жумушчу бөлмөсүнө кирип, бат эле чыкты.

- Султан өзүндө жок экен.Председателинин үстүндө имиш. Силер барганча бошоп калаар. Бир аздан кийин кайра звандайм.

- Сырга эже казакча аралаштырып сүйлөйт экен. Звандап деген казакча сөз ээ, - дедим туфлисин кийип жаткан Элалга карап.

Менин сөзүмдү угуп эже шанк этти:

- И-и, казактар менен аралаш жашап, аралаш жүрсөм казакча аралаштырам да. Ал эми Султан ка­закча сүйлөсө, казак эле болуп калат, Келинчеги кыргызча таза сүйлөп калды ырас.

- Анда күйөөсүнө берилген келин экен. Өмүр бою кыргыздын ичинде жүрүп, кыргызга тийип, акар-чакар болсо да тили бурулбаган казак аялдар бар, бизде.

Элал экөөбүз чыгып кеттик. Жолдо келатып сурадым.

- Султандын фамилиясы ким?

- Исаев.

- Бир туугандары барбы, Султандын?

- Жалгыз бала.

-- Атасы барбы?

- Жок. Эже эчак ажырашып кеткен болуш керек.

Биз барганда Султан председателинин үстүнөн али чыга элек экен. Кабылдамасында күтүп олтуруп калдык. Бир маалда коридордон бакылдап сүйлөгөн тааныш үндү угуп жүрөгүм удургуй түштү. Ашым атам экенин таанып ордумдан туракалдым. Аңгыча эшикти ачып, туткасын жаңы кармаган адам артына кылчайды:

- Айттым го аксакал, уулуңуз өзү келсин деп. Оозекиайткандан иш бүтпөйт. Арыз жазгыла.

- Ой, Ашым атам го! - Элал ордунан учуп туруп, эшикти ачкан бойдон артындагыадам менен бурулуп сүйлөшүп жаткан жигитти көрбөгөн кишиден бетер, кыйкырып жиберди:

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 11 Апрель 2016 - 19:55


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   11 Апрель 2016 - 19:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- Оо, Ашым ата, сизсизби? Бери кириңиз.

Мен жаш жигиттин Исаев Султан экенин дароо билдим. Узун бойлуу, ак жумалынан келген, көздөрү жайнаган, келбети келишкен сулуу жигит экен. Сүрдөнө түштүм. Султан, Элал экөөбүздүн жарданып турганыбызды көрүп күлүп:

- Саломалейкум таяке! Келиңиздер! - деп жиберди бизге шаша колун сунуп.

Султан кабинетинин эшигин ачып, бизге карады.

-Киридиздер!

Агама алаксып мен Исаевдин үстүнө кирбей, кабылдамада калдым. Жылаңбаштанып, калпагын колу­на алып тердеп алган атам көңүлү көтөрүңкү бакыл­дап жатты.

- Качан кел диңер?

- Жан араак келдик.

- Менип бул жерге келгеним качан. Саат тогуздан бери предсе дате лине кире албай, күт үп олтуруп жаңы эле кирдим. Ишти азыркы кирген Исаев деген жигитти чакырып, ошого тапшырды. Кудай түгөткүргө арыз керек тура.

Ушул кезде кабылдамада олтурган кыз, Исаевге кирип кайра чыкты.

- Силерди, Султан Исаевич кирсин деп жатат.

Ашым атам экөөбүз киргенде, тергөө бөлүмүнүн башчысы, ордунан көтөрүлө берип, жылуу жүз менен күлүмсүрөй сүйлөп, орундуктарды колу менен көрсөтүп:

-- Олтуруңуздар, — деди. Бир аз тынчтыктанкийин жигит мага карады. - Ашым аксакал, болгон окуянын баарын айтты. Эгерде ошонун баары чын болсо, сот туура эмес өкүм чыгарыптыр. Сизде, ошол кыз менен турмуш курууда өз ара мамилеңиздерди далилдеп, чындыктын бетин ача турганкандай күбөлөрүңүз, кандай далилдүү документтериңиз бар? Эгерде, ошондой материалдар болбосо, сот туура чечим чыгарган деп эсептөөгө болот. Барбы, ошондой актоочу документтериңиз?

- Бар, бар! - деп жиберди менден мурда Элал. - Айт, тартынбай.

- Эмне бар? - деди жигит.

-Бирге түшкөн сүрөттөр, жазылган каттар. Би­рок, мен аларды сотко берген эмесмин.

- Кызык, эмне үчүн берген жок элеңиз?

- Менден андай каттар менен сүрөт төрдүн документ катары керек болоорун айткан да,сураган да эмес.

- Азыр барбы алар жаның ызда.

- Бар.

- Бериңизчи, көрөйүн.

Мен Наргүл экөөбүздүн чогуу түшкөн сүрөттөрүбүз менен баякы махабаттуу каттарды Исаевдин алдына койдум. Жигит ар бир сүрөткө тыкандык менен көңүл коюп карап, каттардын улам бирин алып окуп жатты. Анан акыркы катты окуп бүтүп кайра берди:

- Кап, кап, кап, туура эмес болгон экен. Өкүнүчтүү иш. Буларды делого негизги документ катары тиркеш керек болуучу. Эртең менен арызды жазып, ишке күбө болуучу ушул каттарды жана сүрөттөрдү кошо алып ке лиңиздер. Түшүнүктүүбү? ...

Тергөөчүнүн үстүнөн кубанычтуу чыктык. Ашым атам көөдөнүн көтөрө сүйлөп, бакылдап дегеле болбойт:

- Сен мени келбе дедиң эле, келгеним жакшы болуптурбу? «Жыгыл саң нардан жыгыл буйласын кармай жыгыл» дегендей,дароо эле председателинин өзүнө кирбедимби. Кыраакы, чечкиндүү жигит экен. Сөзүмдүн ар бирин ката кетирбей кунт коюп укту.Анан, дароо тергөө бөлүмүнүн башчысы, жанакы жигит турбайбы, ошону чакырып табыштады. Эми ишибиз оңолот ба­лам. Кудай мени да бекер жаратпаган экен, өзүмөн- өзүм кубанып калдым.

- Сыймыктуу адамсыз! - деди Элал атамдын далысына колун коюп.

- Бүгүн экөөң тең Мени менен баргыла. Шаарда менин жан кыйышпас досум бар. Согушта бирге болгонбуз. Балдарың ды ала кел деп чакырып калды.

- Э кудай, апам менен эжем да сизди күтүп жатпайбы. Ашым атаңарды албай келбегиле деген.Анда кандай кылабыз, досуңузду коюп эле биз менен барыңыз. Анда кечээтен бери болбодуңузбу.

- Жок, андай болбойт балам. Тигилер да күтүп жатышат.

- Анда Акылбек экөөбүздү коюп эле, өзүңүз барыңыз .

- Жок, силерди айтып койгонмун. Балдары менен келет деп күтүп жатпайбы.

- Анда сиз менен Акылбек барсын. Экөөбүз тең кетип калсак, тигилер капа болот.

-Болуптур анда, экөөбүз эки үйдүн көңүлүн алалы. Эртең менен кезигишебиз да, - дедим мен.

Элал менен бир аз узай түшүп бөлүнүштүк. Биз барган үйдүн короого кире беришинен атам менен тең чамал, жашы алтымыштарга таяп калган, чыйратка ндй болгон , калдайган кара мурутубар, чымырынан келген нур жүздүү, алагар көзү жайнаган адам, биздиналдыбызды тосо каршы алды.

-Кел, кел, Ашыке. кечиккениңерден эмне болушту деп көчөго чыгып бараткан элем. Бул бала Капардынуулу болсо керек.

- Ооба, Капард ын уулу.

Мен атамдын досуна салам айттым.

- Саломалейкум, ата!

- Алейкумасалам. Ырас келбедиңерби. Экөөң элесиңерби? Берки балаңар кана?

- Акылбектин досу эжесиникине кетти. Ал ар да бизди чакырыптыр. Бирок, сени күтүп калабы деп, барбадым.

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 11 Апрель 2016 - 20:00


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   11 Апрель 2016 - 20:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- Күтпөй анан. Кана үйгө киргиле. Же бактын ичине олтуралыбы? Үйгө караганда салкын.

- Үйдө эмне бар ысыкта думугуп,бакка эле олтуралы.

Атамдын досу жыгачтан жасалган ачык чатырда олтуруп жатый, алаканын чапты.

- Кызым, чай алып кел айланайын.

- Азыр, ата.

- Сотту таптыңарбы? - деди үй ээси.

- Таптык.

- И, ишиңер кандай болчудай?

-- Ким билет, жакшы эле болот го.

- Кеч киргенсиңер го?

- И, жогорку соттун төрагасы жок экен мен барганда. Борбордук комитетке чакырып, ошол жакка кетиптир. Көгөрүп олтура бердим күтүп. Түштөн кийин, кайда тээ саат үчтөн өткөндө араң келди. Мен жаңы эле төрагадан чыгып келатсам, буларым келиптир. Эртең арыз жазып бармак болдук.

- Күтсөң да сүйлөшүүгө жетишип калганың жак­шы болуптур. Эмне деди? Деги жардамы тийчүдөйбү?

Атам мага карады:

- Жанакы биздин ишти тапшырган жигиттин аты жөнү ким эле?

- Исаев!

- Аа, Султанбы? - деп атамдын досунун көздөрү бир башкача жалт дей түштү.

-- Ооба, ооба, Султан. Сиз тааныйсызбы ал жигит и? - дедим мен, кимдир бирөөгө окшоштургандай, же кандайдыр бир жерден көргөндөй бүшүркөп.

Ошол саамда атамдын досунун өңү бир башкача тамылжый түшүп, тамагын кайра-кайра жасап, оңдонуп олтурду. Мурутун колу менен алмак-салмак чыйрата берип, оор дем тартып алып, күрсүнө сүйлөдү:

- Ал баланын өзүн сыртынан таанып, сыртынан көрүп жүрөм. Энесин жакшы билем.

Оозум ачылды:

- Аа, Сырга эжени билет экенсиз да! - дедим мен дагы кайтадан таңданып.

- А, силер Сырганы кайдан тааныйсыңар? -деди үй ээси.

- Менин досум Элалдын эжеси болот Сырга эже.

Тиги киши мени эми эле, жаңы көрүп жаткансып, ормоё тиктей берип, кайта сурады:

- Менин досумдун эжеси болот дейсиңби, кандайча?

- Кандайча дегениңиз кандай? Кадимкидей эле бир тууган эжеси. Биз шаарга Элал экөөбүз келгенбиз. Апасы да мында Султандыкында болучу. Атамды бүгүн ошолор чакырган. Анан бул киши досумдукуна барам деп болбой койбодубу.

- А, Элал деген ким?

- Сырга эженин иниси болбойбу.

- Эгер мен билген Сырга экени чын болсо, анын энеси да, атасы да, бир туугандары да жок. Жалгыз кыз. Бир көзү айнек, арык аялбы?

- Ооба, эти-жөнү жок, шыңга бойлуу аял.

-Оо, кайран Сырга, ал бир кезде өңдүү-түстүү, келбети келишкен, көздөрү ботонун көзүндөй жайнаган сулуу келин болуучу. Атасынын көрү, тагдырдын тамашасы көп неме тура. Өзү мына бул эле Кемин жактан. Атасы соолгон согушта жок болгон. Жакшы жигит дешет. «Талаада музоосу эмсе үйдөн төгүлөт» болуп, энеси бул жактан каза болуптур.Кези нд е Сырга Сырга дегендей жан эле. Бирок, болуп- толбой, жаштайынан куурап жүрүп, ушул күнгө жетти го байкуш.

Мен тиги кишинин таамай айткан сөздөрүн угуп, эч теке деп талаша албай,мукактана түштүм.

-Балким сиздин айткандарыңыз туурадыр. Ал эженин таржымалын жакшы билет турбайсызбы. Сыр­га эжени мен бириичи көрүшүм. Элал эжем десе эле, эжеси экен дсп ойлогом. Аяш энем кызым деп, Сырга эже ал кишини апам деп жатса кантип ишенбей коюуга болот.

- Кызым десе кызым деп, апам десе апам дей берсин. Айткандарына макул дейбер. Балким бир себептен эне-бала, бир тууган болуп катышып калышкандыр. «Кошконго үйү р эмес. суйгөнгө үйүр» дегендей, бөлөк- бөтөн болсо да, бир туугандан артык сыйлашып жүргөндөр толуп жатпайбы? Аяш апаңдан сыр билгизбей акырын сурап көр.

- Аны сурайм деңизчи. А Сырга эжени өзүңүз кайдан тааныйсыз?

- Менин апамдын төркүнү Тынай, тээ Бурана де­ген айылдан болот. Мен согуш аяктагандан жарым жылдан кийин келдим үйгө. Ашым сен бир жыл мурда кеттиң ээ.

-Жо, жок, бир жыл эмес. он бир ай мурда кеттим. Мен Берлинге жетпей, Ростоктон кантузияга учурабадымбы?

-Экөө ңүздөр бир часта болгон экенсиздер да.

-Оо, биз болгондо да «ички иштер кызматынын аскердик бөлүгүндө» кызмат өтөөчүбүз. Душмандан бошотулган шаарлар менен кыштактарда, калган ички душмандарды тазалоодо биз чоң эмгек сиңирдик. Эсиңдеби. Султан, ошондо мен аз эле жерден өлбөй тирүү калдым ээ. “Кырк жылы кыргын болсо, бей ажал чымын өлбөйт” дегендеи эле иш болду. Бир билгеним, бомба менин басып бараткан жеримден, болгондо да таман алдымдан жарылгандай болгон бир күчтүү эпкин кулагымды үзүп кеткендей болуп, а дегенде асманга көтөрүлүп барып, кайра бир терең орго ыргытып жиберген сыяктуу сездим өзүмдү. Мен мындан башка эч нерсе билбейм. Көр сө бомба эмес, менден бир аз эле арыраакта бараткан сержанттын басып бараткан жерине н жарылган минанын эпкини менен

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 11 Апрель 2016 - 20:05


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   11 Апрель 2016 - 20:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

топуракка аралашып, асманга атылып барып, кайра ошол топурак менен көмүлүп калган окшобоймунбу. Мени силер бир суткадан кийин таап, санчастка жеткиргениңерди, ка­чан эсиме келгенден кийин билдим.

-Ооба, ит менен издеп, шиш менен сайгылап жүрүп араң таппадыкпы. А дегенде өлгөн экен деп ойлодук. Дагы бир аз жатканында жок болмок экенсиң. Санчастка ымжам эле, чыгаар-чыкпас жаның ме­нен алып келбедикпи.

- Ата Мекен үчүн жан аяган жокпуз. Мекен үчүн, Сталин үчүн деп кыйкырып, ураан чакырып жүрүп эле жеңишке жетпедикпи. Сталин дегенде, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошулуп кетүүчү эле го чиркин. Эми ойлосом жалындап турган кезибиз экен. Кайран жаштык, ов.

Ашым атамдын жүрөгү жарыла сүйлөп, өзүнүн согуш мезгилинде башынан өткөргөн эрдиктерин, душмандар менен кандай кармашып, кандай согушканын башынан аягына чейин талыбай айта бере турган адаты бар болуучу. Азыр да ошондогу көрсөткөн баатырлыктарын каадасынча узун сабак сөз кылып, узартып айтаарын ойлоп астын тоздум:

- Ата, мен сиздин кандай согушканыңыздын, кандайча кантузияга учураган ыңыздын баарын укканмын. Эми Сырга эже жөнүндө угалы.

- Болуптур, ук айланайын, ук.

- Ии, эмнени айтып жаттым эле? Ээ, балам ай, бул адам карыган сайын эле, өткөндөгү жакшы күндөрүн, жаштык кездерин эстеп, ошолор жөнүндө айткысы келип калуучу неме тура. Сөздү Чүйдөн баштадым беле?

- Апамдын төркүнү Тынай болот депкелаткансыз.

-Ооба, ооба, таята, тайенем менен учурашканы барып,Сырганы ошондо көргөмүн. Ал кезде согуш эбак басылып, өлгөндөр өлүп, келгендер келип бүткөн кез. Бирок, арып-ачкан карапайым элдин турмушу тукулжураган жокчулуктан али чыга элек болуучу. Таятамдардыкына тез-тез келип, бүтпөгөнүн бүтүрүп, чачылганын жыйнан берип кетүүчүбүз. Таятамдын эки уулу экөө тең согушка кетип келбей калган. Бир уулу үйлөнүп эки балалуу болгондо кетти. Улуу баласынын аялы төрөчү эмес. Таяжеңеме таякемди угузгандан бир жылдан кийип кайната, кайненесинен руксаат алып, төркүндөрү мен келе электе эле көчүрүп кетиптир. Таяжеңем уулун таштап, кызын алып кетиптир. Тайенем айтып олтурса, көкүлүн сылаган жалгыз кызы имиш. Атасы согушка кеткенден кийин, энеси шал ооруга жолугуп, төшөктө жатып калыптыр. Багаары болбогондон кийин, энесин таштамак беле. Сыягы таятам менен тайенем өздөрү руксаат берип, өздөрү узатышыптыр. Айдайбек мен согуштан келгенде, биринчи сыныпта окуп жүргөн кези экен.

- Азыр барбы, ал бала?

- Бар. Айылда мугалим. Чоң атасынын түтүнүн өчүрбөй, өз атасынын өмүрүн улап , атын чыгарып турган ошол Айдайбек. Үч уул, үч кыздын атасы.

Тайенем менен таятамды баарыбыз сыйлап, баарыбыз жакшы көрүүчүбүз. Ал кишилерге биздин үйдөгү жээндеринин ичинен өзгөчө мен жакын болчумун. Ошондуктан алардыкына ат тезегин кургатпай бат-бат барып турбасам санаам тынчу эмес.Кокустан айлап көрбөй калсам, куса болуп сагынып кете турган, бала кезимден адатым бар болчу. Тайенем тогуз кызды удаасынан төрөптүр. Эң кенже кызынын аты Болду.Ошол Болду тайежем төрөлгөндө аз ан чакырып ат койгондо:

Болду, болду, болду кыз

Үйдүн ичи толду кыз.

Эми кудай бербе кыз,

Эми кудай алба кыз! - де п атын Болду койгон экен. Ошондон кийин,Кудайб ерген, Тилепберген де­ген эки уулдуу болушуптур. Тайенем менен таятамдын өздөрүн тартып кыздары да,уулдары да жакшы чыгышыптыр.

«Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт» дегендей, тайенем менен таятамдын пейлин, адамкерчилигин билгендерден «Төлөгөндүн бир кызын келин кылып алсак» дешип күсөгөндөр кө п болушуптур. Ошентип жүрүп акыры, берендей болгон беш кызын өздөрүнүн айылдаштары тышка чыгарбай, келин кы­лып алышыптыр. Менин апамды ала качып кеткенде тайенем «Беш кызымдып берени, он кызымдын оёну, оңбогон Жаркын оңбой кал» деп ыйлаган экен, дейт. Таятам, тайенем уул төрөгөнчө , бир жолу да «Эркек төрөбөй койдуң » деп айтпаптыр.Тескерисинче, «Кудайдын бергенине шүгүр, тогуз кызым тогуз уул» де чү

дейт. Чындыгында эле ошондой болду. Кудайбе рген менен Тилепберген согуштан кайтпай калганда, күйөө балдары кайнене, кайнаталарына өлөр өлгөнчө өз баласындай кызмат өтөп, жеңилин жерден, оорун колдон алышыптыр. Улуу тайежем Акылай таятам менен жамаатташ жашачу. Бир казандан аш ичип, бир үйдөн түгүн булаткандай, короос у короолош, ашы аралаш эле.

Бир жолу келсем тайенем күйпүңдөп- бышылдап жаргылчакка жүгөрү тартканы жатыптыр. Андамен өз боюмду өзүм сылап, жигиттиктин сөөлөтүнө мас болуп, көкүрөгүм орден менен медалга толуп, беш жылы согушта болуп, бир жеримди ок чийбей аман- эсен келип, өз дөөлөтүмө өзүм көөп, өрөпкүп турган кезим. Ал кезде кыргыздан машинанын тилин билип, шофёрдук кесипке ээ болгондор аз. А мен болсо согушка чейин эле, аскердик милдетти өтөөгө барган биринчи жылда шофёрдун окуусун окуп, II класстагы айдоочу деген күбөлүккө ээ болуп иштеп жүргөмүн. Согуш мезгилинде да бул кесиптин пайдасы тийди. Душмандар басыпалган бир кыштакты, мектептин камоодо калган жыйырма окуучусун мугалими менен өлүмдөн аман алып калгандыгым үчүн Ленин ордени менен сыйлангам. Оюмда өз кесибим менен кызмат табылбаса, машина болсо шофёр болуп иштесем деп жүрдүм. Тайенемди көрүп, эмне кылаарымды билбей шашып калдым. Ошол замат гимнастёркамды чечип жүктүнүстүнө ыргыта ийдим:

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 11 Апрель 2016 - 20:11


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   11 Апрель 2016 - 20:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- Турунуз тайене мен тартып берейин.

-Кокуй талкан тартпай кал, өзүм эле тартам балам. Агала болосуң, ары тур.

-Жок тайене, андай болбойт. Агала болсом эмне экен.Сизге жаргылчак тарттырып коюп, кантип карап турам. Бериң из мага, мен бул жүгөрүңүздү бир заматта апың -үпүң кылып жиберем. Кана, турунуз эми. - Артын ан, эки колтугунан кучактай кармап, өйдө көтө рдүм.

-Болуптур балам, тартпай эле коёюн. Урум менен Турум келген де өзд өрү тартып алышаар. Ансыз эле, биз жокто жүгө рү кууруп, жаргылчак тартамын деп убара болбо. Мектептен келгенде өзүбүз тартабыз деп кетишкен. Мен алардын мектептен келгенин күтүп олтурмак белем. «Бекер олтурганча, бекер иште» дейт балам. «Бир кундө бир сомдук жумуш бүт үрб өс ө, ичкен ашың макү рөө болот» дечу эле маркум атам. Алты саны аман киши эки колун бооруна алып, бекер кантип олтурат. Кой балам,шымаланбай ары тур.

- Таятам кайда кеткен, ыя тайене?

- Койдун кезүүсүндө.

- Таятамды кой кайтартпай эле, Акылай таяжемдин балдарынын бирин жиберип койбойсуңарбы.

- Алардын балдары эле бош дейсиңби? Таажездең өзү баш болуп, үй салабыз деп, кирпич куюп жатышат. Анын үстүнө таятаң өзү да кежир киши эмеспи, ал балдарга ишенип койдун кезүүсүн бербей калсын.

Мен тайенемди оюна койбой тургузуп, майкачан, жыла ңбаштанып алып, жаңыдан эле күп үлдөтүп жүгөрүнү кызуу тарта баштаган элем, Ошол маалда боз үйдүн эшиги ачылып, күтүлбөгөн жерден мен көрбөгөн тал чыбыктай буралган, чилетиринен келген жаш келин босого алдында, мени көрүп токтоп калды. Ал менден сүрдөндүбү, же мен андан сүрдөндүмбү, чаарчыктын көзүндөй балбылдаган кирпиктүү көздөрүн жайнатып мени тиктей бергенде, экөөбүз бири-бирибизден жалтангансып, карегибиз бир жалт дей түшүп тайыды.

Тайенем келинге карап эгилди:

- Эмнеге эшик алдына токтоп калдың, Сырга! Жогору өт алдыңа кетейин. Тышта самоор күйүп жатабы, караган жоксуң бу?

- Карадым, күйүп жатат. Чакмак салып койдум, - деди келин, калтаарган сыпаа үн менен.

Калп айткан менен болобу, «Бул мен көрбөгөн кайсы периште болуп кетти?» деп ойлоп, жаргылчак тартып олтурганымдан уялып, сүрдөнө түштүм. Аялдан бетер жигит башым менен жаргылчак тартып олтурушум, бул бейтааныш сулуунун алдында башымдагы даражамды басып, сыймыгымды учуруп жибергендей болуп туюлду мага. Бирок, эчнерсе болбогон дой, жаргылчакты мурдагыдан да күчтүү күпүлдөтүп тынымсыз, эки жагымды карабай тарта бердим.



Менин абалыма түшүнгөндөй, тайенем:

- Тартылбаса жерге кирсин, таштачы Султан алдакыны. - Анан тигил келинге карады. - Сен Султанды көрө элексиң го? Алиги Кеминдеги Жаркынай деген кызымдын уулу. Бул жээнимдин аскерден келгенине аз эле болду. Көрүп жүрөсүң го өзүң, мени көрүп турушпаса, жээндеримдин санаасы тынбайт. Сагынып турушат, балакетиңди алайындарым. Мен өзүм тартайын деп жаткамын. Кой десем болбой, жаргылчакты колумдан алып албадыбы. Ушулар бар үчүн абышка экөөбүз, Айдайбекти белибизге таңуу кылып өлбөй жүрөбүз да. Булар болбосо Кудайбергеним менен Тилепбергенимди угузганда эле уу ичип алат белек, ким билсин. Кайран гана балдарым ай, атасы экөөбүздү бирдей өрттөп, күйүткө салып кетишти!

Тайенемди алаксытайын деп ойлоп, сөздү дароо башкага бурдум.

- Баса, тайене, Айдайбек кайда кетти эле? Сурайм деп талканга алаксып жатып,эсимден таза чыгарып жиберген турбаймынбы.

- Кайда кетсин, балдар менен ойноп жүрсө керек. Ал жаргылчак тартып жатканымды көрсө, мен тартам деп асыла берет болчу, колдон талашып. Колунан келсе, келбесе деле тырбаңдап калат байкушум. Боорукер болуучудай.

- Талканды маган айтсаңыз, мен деле тартып бе­рет элем да өкүл эне.

- Сенин колун деле бош эмес. Калганы тура берсин, кыздар келсе, өздөрү тартып алышаар. Андан көрө самоор кайнаса демдеп, үйгө алып кир. Кудай жалгап ырас келген турбайсыңбы. Иса үйдө беле?

-Тоога кетти.

Дасторкон жайылып, чай келди. Тайенем жаңы тарткан талкандан каймакка көөлөдү. Чай үстүндө аркы-б еркини сүйлөгөн тайенем болбосо, Сырга экөөбүз бирибизге бирибиз байкатпай, уурдана жалт карашып коюп, өзүбүзд өн өзүбүз тамылжып олтурдук. Эмне үчүндүр кулагыма тайенемдин сөздөрү кирбей, ойлогон оюмдун баары Сыргада болуп, көңүлүм өзүнөн- өзү уйгу-туйгу тү шүп, жүрөгүм алоо. Кайсы Исаболду

экен? Бул жаш сулууга тең келүүчү бул айылда Иса аттуу ким бар эле? Же тигил «бүкүр Исабы?». Иса деген ошол кишида. (Аны айылдаштары өз атынан атабай «жинди бүкүр»дешчү). Мен бул айылдан ал кишиден башка Иса аттууну таппай убара болуп жаттым. Балким башка жактан, кийин көчүп келгендерден болду бекен. Аты уйкаштар толуп жатпайбы. Ким болсо да айнектей болгон колуктуга туш болгон бактылуу адам экен дейм, ичимден Сырганы бүкүргө ыраа тартпай. Келиндин ойноктогон оттуу кара көздөрү менин жүрөгүмдү жипсиз байлап алгандай бир тилсиз күч магниттей тартып турду. Мен буга чейин мындай сулууну дегеле көрбөгөндөй, мынчалык махабатым түшүп суктанбагандай болдум. Мен ушул азыр гана өз аялымды сүйөөр-сүйбөсүмдү ойлоп, өзүмдү өзүм билбей турдум. Деги мен бирөөнү сүйүп көрдүм бекен, дейм ичимден. Ойдон ой жиптей чубалып олтуруп, өзүм жөнүндө ойлоп кеттим. Ага мен

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 11 Апрель 2016 - 20:18


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   11 Апрель 2016 - 20:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

кандай күн, кандай шартта үйлөнгөнүмдөн өйдө кайра баштан бардыгын көз алдымдан өткөрө баштадым.

Биз жарык дүйнөгө келе элек курсакта жаткан кезибизде эле Айчүрөк экөөбүздүн тагдырыбызды бири-бирибизге байлаштырып, ата-энелерибиз «бел куда» болуп коюшуптур. Эгерде экөөбүз тең эркек, же экөөбүз тең кыз болуп калсак «акыретгик дос» болмок экенбиз. Буйрукка айла жок неме тура, энелерибиз сүйлөшүп алгансып, бир айдын ичинде биринин артынан бири удаалашып, бири уул төрөсө, бири кыз төрөптүр. Ошентип, биз экөөбүз тең эненин курсагынан түшө элек жатып , кайындуу уул, кайындуу кыз болуп калыптырбыз. Кайнатам колунда бардар, жерге-жээктүү, уучу узарган мартабалуу киши экен. Менин чоң энем, ал кишинин чоң атасынын карындашы. Жээн-таякелердин негизги максаты - сөөк жаңыртуу болуптур. Болочок кайнатам бизди жайдып толуп турган кезинде конокко чакырып, Ысык-Кө лгө биринчи барганым алиташка тамга баскандай эсимде. Мени атам менен апам «кайындатып келебиз» деп өздөрү менен кошо ала кетишти. Атамдардын айтуусунда мен ошондо сегизден тогузга караган кезим. Биринчи сынаптап, экинчи сынапка жаңы көчкөмүн. Атамдар мага жолдо катар акыл үйрөтүп, алардыкына барганда адеп сактоону, уяттуу болууну, тентектик жасабоону кулагыма кумдай куюп олтурушту. Улуу адамдарга токтой калып, эки колумду боорума алый, «саломалейкум» деп ийилип салам берүүнү мурда билсем деле, кайра баш­тан үйрөтүп тынчымды алып жатышты. Ал эмес, ат чалдырып тыныга калган кезде да, кайнатаменен кайненеге «момунтип жүгүн» деп кайра-кайра жүгүнтүп, кайра-кайра саламайттырып сынактан өткөрүштү.

Биз эртең менен эрте аттанып Чоң-Кеминге чыгып, Тору-Айгырдын тушунан ашып түшүп, көл көрүнгөндө дагы тыныгып, ат чалдырууга түштүк. Ошол жерде аттарды отко коюп, өзүбүз суусун ичип дем алып олтурган кезде, атам дагы баякы жадатма сөзүн баштады. Атамдын сөзүн уга берип жадаган жаным,чыдабай кеттим.

- Ата, мен барбайм, салам да айтпайм. Кереги жок мага кызынын. Кайра кетем үйгө. - Ордумдан кандай учуп турганымды өзүм да билбей калдым. Ошол замат ар жакта оттоп жүргөн атымдын тушамышын чечип,ооздугун салбай, ташка тартып минге ни жатсам атам жамбаштап жаткан жеринен башын көтөрүп мени алая карады:

- Ой, ой, акмак, кантет?

Энем ордунан учуп турду.

- Катыгүн, катыгүн, кетем деген эмнеси. - Экөө тең мени көздөй шашып келатышты. - Жолдо ит-куш көп, коркосуң. Ансыз да күн кечтеп калды. Эми эле түн кирет. Үй кайда, алыс калбадыбы, балам. Антип атаң экөөбүздү кууратпа.

Атам аттын басмайылын абдан бошотуп коюптур. Атка миналбай буйдалап жаттым.Мен биротоло кетейин деп ойлогон жокмун. Мени тажатып, жүрөгүмдүн үшүн алып турган атамдын жанакыдай «саламдашуу, жүгүнүү, адеп сактоо» сыяктуу наказы болду.

Атам:

- Ай иттин баласы, жыгылып өлөсүң токто, кетсең басмайылын тартып берейип деди айбаттуу үнү менен. Анан энеме карап ачуу бүрктү. - Ай, эне сөр өй, айтпайсыңбы башы жок балаңа. Жатыны жаман ит. Ушул жердей экөөңдү тең мууздап салып жүрбөйүн.

- Ой, кудай ай, бирдеме болсо эле канжарың ды камдап, мууздайм деп тура каласың. Үйдөн чыкканы кымындай баланын жүрөгүн алып бүттүң. Карындагы бала эмес эле, токтолгон жигит күйөөлөп бараткансып, жок жомокту айтып коркутуп...

Атам менен энем мен үчүн урушуп, чатакташат экендеп коркуп кеттим. Чындыгында эле атамдын камчысынан кап тамган кайраттуу кишиболуучу. Атты коё берип олтуруп калдым. Агам мени желкеден аткый кармап, силкиптургузду.

- Энеси жаман энеңди урайын иттин баласы. Салам айткандан да киши коркобу. Менин айткандарымды аткарбай көр, эмне көрөр экенсиң.

Апамды улуу-кичүү дебей баары сыйлап,баары макташат. Бирок, эмне үчүн экенин билбейм, кичине эле бирдеме болуп, балдарга жини келсе эле «энеси жаман энеңди урайын» деп тилдеген адаты атамдын. Апам, атамдын айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарбай коюуга болбосун билем. Бирок, мен үчүн ушул жумушту аткаруу ашуусу бийик дабандай болуп турду. Анын үстүн ө «колукту» десе эле, жаман оюмда, ошол мага алып берем деген кызды, алиги күйөөгө чыгуучу чон кыздардай ойлоп чочуган окшобоймунбу. Биз айылга жакындаганыбызда, бизди мага кайната болуучу адам, жанына эки адам алып тозуп жүрүптүр. Чукул келип калган кудасын көрүп атам аттан дароо томолонуп түшт ү. А тигил киши болсо, атын түшкөн жеринде калтырып, этек-жеңи жайылып, алыстан эле кучагын жайып кубанганынан каткырып күлүн келатты. Атам андан бетер делбиреп ыраактан эле салам айтып заңкылдады:

- Эмне дейин, таяке дейинби, же куда дейинби? куда эле дейин.

- Кулдугум бар куда! - деди атам камчысын мойнуна салып.

- Кулдугуң кудайга! Кандай, мал башың ар аман- эсен, эл-журт, жерге-жээгиңер тынч, арыбай-ачпай келатасың арбы?

Мен бая аттан түшкөндө эле, эки колумду боорума алган бойдон , катырып койгон немедей, тигилерден оолак, кыймылсыз,башымды жерге салып турдум. Кайната болуучу кара мурут, алп көкүрөк, кең далылуу, сөөк-саактуу кара тору зор киши, агам менен бакылдашып, ал-жай сурашып жатып , бир кезде мени көрүп серпиле түштү.

-Оо кагылайын, Султанымды көр болуп көрбөй калган турбаймынбы. Келчи мага. - Кучагын жайып келатты.

Чоочуркадымбы, же сүрдөндүмбү, уялдымбы, айтор мурункудан да ийиле түшүп сал ам айттым.

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 11 Апрель 2016 - 20:24


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   11 Апрель 2016 - 20:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

- Саломалейкум, ата!

- Алейкумасалам. Садага болоюн, ата деген оозуң дан айланайын. - Мени жерден таптак көтөрүп алып, маңдайымдан өптү. - Баш урунуп, минтип салам айтканды сага ким үйрөттү?

- Атам.

- Атаң ошондой ата. Аман болбалам. «Ата көргөн ок жанат» деген ошол. Айчүрөгү ң болсо айдай болуп жүрөт. Тирүү жүрүп, бактылуу болсоңор экен.

Биз балдарды эч нерсе билбейт, эч нерсеге түшүнбөйт деп бекер айтат экенбиз. Баланын түшүнбөгөнү да, билбегени да болбойт экен. Мен Айчүрөктүн чоң кыз эмес эле, мени менен теңтуш, иймейген кичинекей сары кыз экенин көрүп, эмн е үчүндүр дароо эле көңүлүм суугансып калды. Узун көйнөк кийип, өрүмгө жаңы келген чачы чычкандынкуйругундай көрүндү. Мен Айчүрөк менен сүйлөшкөн да, ойногон да жокмун. Энем менин кулагыма шыбырады:

-Айчүрөк жакшы кыз болуптурбу?

Көң үлүмдө жакшы көрбөй турган мен, энеме чынымды айтып күңк эттим:

-Жаман. Көзү көк, өзү сары экен, чачы да.

Эне м менип кулагымдан чоё кармады:

-Эй макоо, эмнеси жаман экен. Эмитеден кызга сын берген ди сага ким коюптур. Олда жаман эй-а,Султан сонун бала экен деп, Айчүрөк сени жактырып тургандыр.

- Жактырбаса койсун.Баары бир мен аны жакшы көрбөйм.

- Тигини, тигини, айткан сөзүн кара. Айчүрөккө чандырбасаң эле болду.

Энемдин жинине тийе дагы сүйлөдүм.

- Э, сапсары болуп, баякы биздин жоголгон мышыкка окшоп...

- Болду, каңкылдаба. Бул сөзүңдү атаң укса, эмне кылаарын билесиңби?

- Кетип калам үйгө.

Энемдин жанынан тышка чыксам Айчүрөк бакка салынган селкинчекке олтура албай тырмышып жатыптыр. Мени көрүп жарк этти.

- Султан, кел селкинчек тебебиз.

Селкинчекти көрүп делебем козуй түштү. Эки колумду чөнтөгүмө салган калыбымда жанынабарын токтоп калдым.

-Күүлөйсүңбү мени? - деди Айчүрөк. - Же сен олтурасың бы? -- кыз селкинчектен кайра түштү. - Кел, олтур. Мен сени күүлөйүн. Анан сен мени күүлө...

Биз Ысык-Көлдөн өз үйүбүзгө кайра келгенде, мен Айчүрөктү эме с, алардын кошунасынын Созулкан де­ген кара көз, кара каш, тармал чач кызын эстеп жүрдүм. Кайрадан көлг ө баргым келип, балдарменен көлгө түшүп ойногум келет. Айчүрөк экөөбүздүн селкинчек тепкенибизди эстейм. Ал жакшы күүлөчү. ..

Ата-энелерибиз баякыдай эле ысык, баякыдай эле бири-биринен кол үзүшкөн жок. Сөөк жаңыртабыз деп Айчүрөк экөөбүздү ыроолоп койгондон баштан, мурункудан да жакын болуп кетишти. Бирок, бири-бирибизди баякы наристе кезде бир көрүшкөн бойдон Айчүрөк экөөбүз бой жеткенче көрүшкөн жокпуз. Эсимде. 1938-жылдын күзү болучу. Мен жетинчини бүтүн, сегизинчи классты жарымдап калган кезде,Бишкекте эсеп кызматкерлеринин бир жылдык курсу ачылып калды. Окуумду таштап,мойноп жатып ошого кирип, бухгалтериялык курсту бүтүп, колхоздо иштеп жаткамын. Күндөрдүн биринде жумуштан келсем, энем самоор коюп, майга нан бышырып, булоолонуп жа-


Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 11 Апрель 2016 - 20:30


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Апрель 2016 - 18:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

тыптыр. Байланып турган токулгалуу атты көрүп, энеме суроо салдым:

- Бул ат кимдики, апа? Конок келдиби?

- Кайнатаң келди балам.

Эмне деп айтаарымды билбей, апкаарый түштүм. Оозума кирген бир сөз бул болду.

- Эмнеге келиптир?

- Айчүрөк бойго жетти. Бүлөңөрдү качан аласыңар деп, ошону сүйлөшкөнү келген го.

- Ие, албайм. Келеркиде аскерге кетем.

- Кетсең кете бер алып коюп.Кирип учураш. Келгенден бери эле сени сурап жатат.

Кайнатам баякыдай эле бакылдап, жаш экен. Эки бети нурданып, али чымыр. Бир өзгөчөлүгү чалкайып, толуп кетиптир. Өз жеринде айылдык кеңештин тө рагасы. Көлдөн атайы эле биз менен учурашканы келип­тир.Чай үстүндө аркы-беркини сүйлөшүп отурду:

- Султан секет кетейин, ачык айтсам мен экөөң үчүн, деп келатканда эле атам дароо кудасынын сөзүн бөлүп кетти.

- Ракмат, сиз келбей биз бара турган жолдо элек, Шарт ушундай болуп калды. Азайып, көп күнөөбүз болсо кечирип коюңуз:

- Бир айдан кийин Айчүрөк он сегизге толот. Бойго жеткен кызга жуучу да, күйөө да коп болот экен. Ал өзү Бишкекке келип институттан окуйм деп жатат. Силерге ошону айтып, оюңарды угайын дедим. Окууга барса кандай болот, барбаса кандай болот? Ортодо алышкан кол, антташкан сөз, ак бата, кызыл кан бар. Ушуларды ойлоп алдыңардаи бир өтөйүн деп эле келип калдым.

Aта-энем кудасына ыраазылыгын билдирип,айтаарг а сөз таппай турду. Алар мени менен сүйлөшкөн да, эсептешкен да жок. Атам түз эле ток этээр жерге токтолду.

-Бул иш ойдо да бар эле. Минтип Султан да эр жетип, эл катарлуу иштеп жатат. «Кеңешип кескен бармак оорубайт » дейт. Болоор ишти ушул жерден эле бышырып алалы. Айчүр өктү окутам, чокутам дебей эле, өзүбүзгө бергиле. Султан өзү да окуйм деп жүрөт. Окуса чогуу окуп алышаар...

Ушуну менен сөз бүттү. Арадан ай айланбай, көлгө барып, Айчүрөктү качып кетти, кылып колдон алып кайттык. Бирок, чынымды айтсам аялымдын сулуу, сулуу эмесине да көңүл бөлбөптүрмүн. Сүйөөр, сүйбөсүмдү да билбептирмин. Эми ойлосом, аял алат деген ушундай болсо керек,деген сокур сезимде, ата- эненин айдыңынан чыга алган эмес окшобоймунбу. Көрсө жашоодогу татаал тагдырда адам баласы кээде сүйүү-күйүү жок эле, кадыр-сый менен үй-бүлөгө байланыштуу эрди-катын болуп жашай берүүчү неме турбайбы. Бирок, ошондой ачуу-таттуусу жок жашоонун данакери бала деген балакет болот экен. Аялыңа ачылбаган мээримиң, сүйүүң балагаачылып, балага ооп кете турган бир күчгүү керемет болот тура.

Биз үйлөнгөндөн жыл өтүп, өтпөй кыздуу болдук. Айчүрөк орто мектепти бүтүргөн бойдон окубай калды.Эркектер үчүн жаш үйлөн гөндүн бир жаман жери,алган жардын кадырына жете албайт экен. Ал сен үчүн төбөсү менен кудук казып жатса да арзыбаган бир иш катары эсе птелип, анчалык бааланбай кала берет тура. Ал эми эркекке Караганда кыздар эрте жетилип, эрте эс кирип, эрте кагылат экен деп калдым. Эми ойлосом, Айчүрөк менде н ыйбаа кылгандай, мени сыйлагандай, ага бирда жолу акыбетин кайтарып сый көрсөтпөпмүн. Мага караганда атам менен энемдин жеңилин жерден, оорун колдон алган күйүмдүү адамы Айчүрөк болду. А мен болсом, эрте кетип кеч келем. Жок дегенде короо-жай, мал-салга көңүл буруп, атага жардам берүүнү билбептирмин. Көрсө иштеп акча тапканымды чоң жумуш көрүп жүрүптүрмүн. Бирок, мен таятам, тайенем үчүн, эмне үчүндүр сыйымды да, күчүмдү да аяган жокмун. Үйгө караганда эмгегимошолорго көбүрөек өттү.

- Аялың сени сүйүүчү беле деги? - деди Ашым атам досунун сөзүн бөлүп.

- Ал кезде ким билиптир анын сүйгөнүн. Эми ойлоп көрсөм анын сүйүүсүнөн да ичинин тардыгы күчтүү болуптур. Эр көруп, эр кызганганды ал ошондо эле билүүчү экен. Жолдошторум менен жүрүп кечигип келген мезгилдерде тыржың дап коркутуп калуучу.Кээде мени сүйбөйсүң деп ыйлачу. Бирок, Айчүрөк каалагандай сүйүү кандай болоорун түшүнчү эмесмин.

- Анан аскерге кайсы убакта кеттиң?

- Айчүрөккө үйлөнгөндөн бир жылдан кийин, 1939- жылдын күзүндө кеттим. Мен жалгыз эле ата-эне, алган жар,бир тууган эмес, дегеле жамы журттун асылдыгын да, кадырын да ошондо, алыста жүргөн кезде билдим. Ата-энени аёо, кадырлоо сезими чындыгында эле ошол аскерде жүргөн жылдарда ойгонду. Айчүрөктүн мага болгон аялдык мээримин,ысык койнун ошондо сагындым.

Мен аскердик милдетимди өтөп бүтүп, мына эми үйгө кетем деп делөөрүп, убакыт өтп өй, кусалыктан кыргыз жери коздон учуп турган күндөрдүн биринде тилегибиз ташкаап, согуш башталды. Үйгө кетүүнүн ордуна, согушка жөн өө приказы берилди.

- Аскерге экөөбүз бир мезгилде кеткен экенбиз, - деди Ашым атам оор күрсүнүп. - Биздин ордубузга жаңы чакырылгандардын алдыкелип калган кезде согуш башталды. Бети курусун, ойдо жок жерден бир заматта тополоң түштү да калды.

Э-э-й Ашыке, деги ажалыбыз жок экен. Тирүү үйгө кетебиз, эл-журтту көрөбүз деп кимибиз ойлодук эле. Сен экөөбүз ошол каруубуздан кан кечкенкатаал күндө таанышып, тирүү болсок бир дөбөдө,. өлүү болсок бир чуңкурда бололу деп шилекей алышыпдостоштук. Өлбөй

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 12 Апрель 2016 - 18:18


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Апрель 2016 - 18:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

тирүү элге барсак кол үзүшпөйлү деген элек. Тилеген тилегибизди кудайбербедиби экөөбүздүн. Болбосо биз өңдөнгөн эчен бир азаматтардын сөөгү согуш талаасында калбадыбы. Согуш болуп өтк өн шаарлар мененайыл-кыштактардагы жапа чеккен эл эмес, бул жерде оорукта калганкалайык- калктын турмушу да, мен келген кезде оңоло албай, жокчулук жондон басып турган мезгили экен. Айчүрөк мурдагыдан тотугуп, сапсары болуп картымактартып жүдөгөн, токтолуп калган аялболуп калыптыр. Атам менен энем келинине мурдагыдай эле кызындай мамиле кылып, көзүн карап өмөчөктөп турган кези экен. Үйдөгү бир туугандарым да,эне-атасынан мурда жеңеси менен кеңешип, бири-бирине баш ийип, бири-бирин сыйлаптурган ынтымагын көрүп, аялыма биринчи жолу ичимжылып, ыраазы болуп калдым. Тышка чыгып эркектин, үйгө кирип ургаачынын жумушун аткарып турган үй-бүлөнүн ишенимдүү тиреги Айчүрөк экен. Ошондой турмушту түшүнгөндөн кийин,ата- бабаларыбыздын:

Колуңда жүрүп билинбейт,

Камчыдан артык куралжок.

Койнуңда жатып билинбейт,

Катындан артык тууганжок, - деп айткан сөзү эсиме түштү.

Бирок, мен Сырганы көргөндөн баштап, аял затынын чырайына биринчи жолусугум түшүп, биринчи жолу оөз жүрөгүмөөзүм ээ боло албай, кыялым кымкуут болду да калды. Мен ушундан кийин гана озжубайымдын кандай аял экенин ойлоп, аны Сырга менен салыштыра баштадым. Ошолмаалда көздөрү кө к, өңү сары, эриндери жука, тиши орсок, узунбойлуу сүйрөйгөн кунары жок аял көз алдыма тартьшып өттү. «Ой чиркин ай, ай жамалдуу сулуу аял алуу эр жигитке сөөл өт окшобойбу» деген ой көңүлүмдү чагылгандай аралады.

Күрпөң, күрпөң жүгүртүп,

Күлүктү минсең бир кызык.

Ай далыңды кубантып,

Асылды кийсең бир кызык.

Азамат эрге табылса,

Айнектей сулуу жар кызык! - деп, Токтогул бекер жеринен ырдабаган экен, деген кыял бүйрүмдүкызытып, Сыргага уламдан улам сугум түшүп, өзүмдөн- өзүм сүрдөнүп, өзүмдөн өзүмэле тула боюм чыңалып олтурдум. Чайды кандай ичкенимди да билген жокмун.

-- Чайдан ичиңиз! — келинмени жалт карады.

Мен чай ичким келбесе деле, алдымдагыбошогон чыныны Сыргага узата бердим. Оюмда чайичилип бүтсө эле, Сырга кетип калуучудай туюлуп, андан ажырагым келбей турду.Акыры чай ичилин бүттү. Тайене м дасторконго бата кылып , Сыргага карады:

-Нандарды албай, ошол жерге эле дасторкондун чети менен жаап кой. Айдайбек келсе, чай ичип алыйагасына, тамак алып барсын.

- Сиз кайда барасыз? - деди Сырга эшик алдында кепичинки йии жаткан тайенеме.

- Тышка чыгам. Сен да кет балам.

-Кет ем өкүлэне. Чыныларды чайкап коёюн.

«Эмне үчүнтайенем Сырганы кет деп кубалап жатат» деп ойлоп, ичим ачына түштү. Сырганы бир ооз сөзгө алалбай, анын ким экенин так билалбайкалганыма өкүнүп, кейишке түш үп турдум. Ал келин экөөбүздүн бири-бирибиз менентааныштыгыбыз болбосо да, көзүбүз менен көзүбүз сүйлөшүп, жүрөгүбүз менен жүрөгүбүз үн алышып, туюкта туйлап жатканын кимтүшүнүп, ким билмек эле.

Сырга ордунан туруп, жайнаган убайымдуу көздөрүн балбылдатып, мени менен уялыңкы коштошту.

-Жакшы калыңыз.

-Кетесиңби? Кичине олтура турбайсыңбы?

-Эмнеге олтурам, кетейин.

-Үйүңөр кайда? Же узатып коёюнбу?

-Жок, жок, ракмат,узатпай эле коюңуз. Үйүбуз бул эле жерде. Кош болуңуз.

- Кайыр, жакшы бар. - Колумду сундум.

Сырганын капкара болгонкирпиги аста көтөрүлүп жазгана караган кош кареги жайнай түшүп, манжаларынуялыңкы сунду. Мен анын чийдей болгон кичинеке й ичкеманжаларын кош колдой карман, кокустан чочутуп албайын деген ойдо, сактанасүйлөдүм:

-Мындан ары таанышып жүрөлү, Сырга. Сени көрүп, жүрөгүмө чок түшүп калды.

Ушул маалда, боз үйдү көздөй,өзүнчө кобурап келатка нт айенемдин үнүн угуп, колдорубуз өзүнөн- өзү ажырай түштү. Сырг а, тайенем кирип келатканда шашкалак тап менден алыстай берди. Мен турган ордумда каттым.

-Мен кеттим өкүл эне-апкаарый сүйлөдү шашып

- Бара гой.

Сырганы тайенем узата тиктеп туруп, анан магакарап койду. Сырга менен экинчи көрүш пөөчүдей ал бул үйгө эми экинчи келбөөчүдө нболуп, демим сууп ту. ду Бир заматта мендеги жашоонун кызыгы да, кымбаты ушул сулуу менен биротоло кошо кеткенде й өксүп турдум.

Бул менин аял затына болгон биринчи арзуум,биринчи суктануум болчу. Көрсө махабат Деген керемет ойдо жок жердей кош жүрөктөн от чачыша турган дабасы да,дарысы да жок өзүнчө бир айыкпас аты жок оору турбайбы.Ушул мезгилде үй бүлөмдүн көңүлүмдөн кандай учуп, кандай чыгыпкеткенин, анын ордун Сырга деген периште ээлеп алганын өзүм да билбей калдым. Эстегенимда, ойлогонум да дегдегеним да

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Апрель 2016 - 18:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

жалгыз Сырга болду да калды. Мен аны көрбөй, аны менен сүйлөшпөй жанымдын жай албасын билип турдум. Үйдөгүлөргө «эртең эле таята тайенем менен учурашып алып кайра келем» - деп кеткен мен, эми качан кетээримди да билбей калдым. Ошол түнү, таң атканча Сырганы ойлоп кирпик какпай чыксам болобу. Тайенем менен таятам даарат алганы турганда мен гимнастёркамды чечкен калыбымда колума кармап алып, тээ айыл четиндеги арыкка барып жуунуп, майкачан келаткан болчумун. Мени көрүп экөө тең элее түштү. Таятам колундагы кумганды кармаган калыбында, ээгин көтөрдү:

- Таң атпай кайда барып келатасың .

- Арыкка барып жуунуп келатам, таяга.

- Эрте турган экенсин, - деди тайенем.

- Эмне үчүндүр, таң атканча чакыйып чыктым,

- Түндө уктай албай жатып, оюмда бышырып

койгон максатымды орундатыш үчүн, Айдайбектен бир барак ак кагаз сурап алып, Сыргага минтип каг жаздым: «Саламатпы, Сырга! Бул кат ты жазып жаткан Султан . Сенде н көптөн- көп өтунөм, убактың б олсо келип кет. Сени эстеп, таң атканча уктай алб ай чыктым. Чыдамсыздык менен кутом. Менден эч коркпо. Бир эле көзумө көрү н ү п койсоң болду. Сал ам ым менен СУ ЛТАН

Айдайбек турганда сурандым:

- Ай, Айдай, мен сага бирдеме айтсам орундата сыңбы?

- Орундатам.

- Жакшы баласың да. - Эмне үчүндүр Айдайбекти кучактап өпкүм келип кетти. Жерден таптак көтөрүп алып, айлан көчөк кылып тегеретип барып, көздөрүнөн алмак-салмак өөп алдым.

- Мен сенин ошентээриңди билгем. Билесиңби, мына бул катты Сырга эжеңе эч кимге көрсөтпөй, эч кимге айтпай алпарып кел.

- Макул. Азыр элеби? Иса агам үйүндө болсочу?

- Ал киши жокто бер.

- Анда койлорду жайытка айдап кеткенде алып барып берейин. Бүгүн Иса атамдын кезүүсү.

- Ошент анда. Сенин кат бергениңди эч ким билбесин. Тайенем менен таятама айтпа, уктуң бу?

- Уктум, - деди Айдайбек.

- Жообун сура, Султан байкеме эмне деп айтайын дегин.

- Байке, бул катка эмне деп жаздьщ эле?

- Сырганы келип кет деп жаздым.

- Сен Сырга эжеңи тааныйсыңбы?

- Ооба, тааныйм. Тааныган үчүн кат жазып жатам. Бала деген мындай ишти сурабайт.

Мен Сырганын, Исанын аялы экенин Айдайбектен уккандан бери жүрөгүм уйгу-туйгу, санаам сан. «Шумпай чал, айдай болгон сулуу кызды кайдан таап алды экен?» деген суроого жооп таба албай башым айланат.

Айдайбек туура айтыптыр, чын эле өзүмдүк койду н кезүүсү Исада экен. Койлор чыгаары менен агылгалап туруп, кат жазылгаи кагазды бүктөп, Айдайбектин чөнтөгүнө салып берип, өзүм далдаада турдум акмалап . Исанын үйү таятамдыкынан бир көчө жогорураак, дөң сөө рөк жерде болуучу. Айдайбек үйдөн чыгып , жолду капортолоп калгандаар жактан апкечке эки чака сууну ийиндеп келаткан Сырга экөө бир демге буйдала түшүп бөлүндү. Бала үйгө жакындаганда алдын тозо басып сурадым:

- Ии, катты берди ңби?

- Бердим.

- Эмне деди? Катты окудубу?

- Билбейм. Окуйт го үйүнө барганда.

- Бул эмне кат дегенинен, сизди Султан байке чакырып жатат, дедим.

- Анан ал эмне деди?

- Күлдү.

- Эч теке айткан жокпу? Жообун сура дебедим беле?

- Сурадым, качан келесиз деп. Анан келем деди.

Тайенем ар жактан үн катты:

- Ой бала, сен кайда бардың азыр?

- Эч жакка барган жокмун чоңa пa .

Кыраакы, баамчыл кары Айдайбек экөөбүздү алмак-салмак шектене карап алды да, мени такыды:

- Сен качан кетесиң, ыя Султан?

- Шашпай кетем тайене.

- Анда биз менен барып келбейсиңби?

- Кайда? - дедим билип туруп.

- Алтынай тайежең чакырган болуучу, айткан жок белем сага.

Күлүп жибердим.

- Аа, баса, айткансыз, эсимден тарс чыгып кеткен тура. Магаэмне бар анда. Таятам экөөңөр эле барып келгиле. Мен жүгөрүнү отоп, тегерегиндеги чөптөрдү чабам. Атайы ошол үчүн силерге жардам берейин деп келбедим беле.Дагы эмне жумуш бар, биротоло бүтүрүп кетейин.

Адам баласынан амал качып кутулбайт экен. Шылтоону табам десе, табыла берүүчү неме тура. Аңгыча менин сөзүмдү угуп ар жактан таятамбасып келди:

- Жүгөрүнү эбак эле отоп коюшкан.Ага убара болбо. Тегерегиндеги чөптөрдү чабам десең өзүң бил.

Чыны чөп чабайын, жүгөрү отоюн деген оюмда жок болуучу. Бул Сырганы көргөндөң кийинки, шылтоо таап, кетпестин амалын кылып, түндөтөн берки тапкан акылым экенин, алар кайдан билишсин.

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 12 Апрель 2016 - 18:28


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 01:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: