Кара-Суу районунун "Ислам Нуру" мечитинин имам хатиби мечит кеңешинин алдында кварталдык отчетун тапшырды
Бүгүн, 4-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылына караштуу "Ислам Нуру" мечитинин имам хатиби Абдула Исламов мечиттин жетектөөчү жана аткаруу органы болуп эсептелген мечиттин кеңешинин мүчөлөрүнө 3 айлык отчетун тапшырды. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Мечиттин имам хатибинин отчетунда имамдын жеке жасаган ишмердүүлүгү,
мечитте 3 айда аткарылган жумуштар жана финансы каражаттарынын ачык айкын иштетилип коротулгандыгы камтылды. Мындан сырткары мечитин алдына жасалган дарбаза, мечиттин айланасына эгилген бак-дарактар жана чарбалык иштерге байланыштуу аткарылган иштер жогорку баага татыды. Жыйынтыгында мечиттин кеңешинин мүчөлөрү берилген отчетко жакшы деген бааларын беришти.
Эскерте кетсек, КМДБ тарабынан бекитилип берилген мечиттин уставына ылайык имам хатибдин аткарган иштерин жана эсептик кыймылын мечиттин кеңеши менен мечиттин текшерүү комиссиясы көзөмөлдөйт.
Исламий жаңылыктар...
#482 09 April 2016 - 16:08
Каинды шаарчасындагы “Имам Аъзам” мечитин жаңылоо иши башталды
Бүгүн, 5-мартта Чүй облусунун казысынын орун басары Дөөлөтканов Чынкожо ажы Понфилов районуна караштуу Каинды шаарчасында “Имам Аъзам” мечитинин жаңылоо жана оңдоо иштери менен жеринде таанышты. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Мечиттин жаңылануу иш чарасына жана курулуштун жүрүшүнө Чүй казыятынын курулуш бөлүмүнүн адиси Супаканов Абдулазиз күбө болуп, мечиттин документтерин текшерип чыкты.
Курулуштун алгачкы кадамын Чүй облусунун казысынын орун басары Доолотканов Чынкожо ажы баштап, бул жаатта эмгектенген бардык курулушчуларга ийгилик каалады.

لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#483 09 April 2016 - 16:08
Чүй облусунун казысы казыят кызматкелеринин иш пландарын көзөмөлгө алат
Бүгүн, 5-мартта Чүй облусунун казысы Максат ажы Укуев казыяттын штаттык кызматкерлерине жыйын өткөрдү. Жыйында ар бир бөлүм өзүнүн аткарып жаткан иштерин жана иш пландары менен тааныштырды. Чүй облусунун казысы бөлүмдөрдүн иш пландары менен таанышкан соң, берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууга чакырды.
Бүгүн, 5-мартта Чүй облусунун казысы Максат ажы Укуев казыяттын штаттык кызматкерлерине жыйын өткөрдү. Жыйында ар бир бөлүм өзүнүн аткарып жаткан иштерин жана иш пландары менен тааныштырды. Чүй облусунун казысы бөлүмдөрдүн иш пландары менен таанышкан соң, берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууга чакырды.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#484 09 April 2016 - 16:10
19 - 20-майда Т. Абдымомунов атындагы драма театрында “Интеллектуалдык жана инновациялык ресурстар - 2016” көргөзмөсү өтөт
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 2016- жылдын 19 - 20-майында Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын имаратында “Интеллектуалдык жана инновациялык ресурстар - 2016” көргөзмөсүн өткөрүүнү жарыялайт. Көргөзмөнүн максаты - Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстарын көрсөтүү, жаңы технологияларды жана жабдууларды өнүктүрүү жаатындагы тажрыйба алмашуу, долбоорлорду ишке киргизүү үчүн дараметтүү инвесторлорду издөө, жаңы ишкердик байлаиыштарды жана өнөктөштүк мамилелерди куруу. Аталган көргөзмөгө жеке жана юридикалык жактар катыша алат. Көргөзмөгө катышуу үчүн өтүнмө толтуруп, Кыргызпатентке төмөнкү дарекке:
Cypaп билүү телефондор: 68 16 01; 68 08 19;

#485 09 April 2016 - 16:11
Бишкек казыятынын кызматкерлери "[moderated].kg"
ислам форумунун өкүлү менен бирдиктүү кызмат боюнча пикир алышты
Кечээ, 4-апрелде Бишкек казыятынын кызматкерлери "[moderated].kg" ислам форумунун кызматкери Данияр Чормошев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда биргеликте кызматташуу, тыгыз байланышта иш алып баруу туурасында пикир алышты.
Муну менен катар Данияр Чормошев дин кызматкерлери уюлдук телефон кызматтарын бирдиктүү колдонуу менен арзан баада байланышса болот экендигин айтып, бул жаатта бир катар иштеридин жүрүп жаткандыгынан кабар берди.
Маалымат: Бишкек казыятынын басма сөз кызматы.
Кечээ, 4-апрелде Бишкек казыятынын кызматкерлери "[moderated].kg" ислам форумунун кызматкери Данияр Чормошев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда биргеликте кызматташуу, тыгыз байланышта иш алып баруу туурасында пикир алышты.
Муну менен катар Данияр Чормошев дин кызматкерлери уюлдук телефон кызматтарын бирдиктүү колдонуу менен арзан баада байланышса болот экендигин айтып, бул жаатта бир катар иштеридин жүрүп жаткандыгынан кабар берди.
Маалымат: Бишкек казыятынын басма сөз кызматы.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#486 09 April 2016 - 19:00
Жалал-Абад шаарынын мектептеринде ыймандын баалуулуктары айтылууда
Бүгүн, 4-апрелде Жалал-Абад шаарына караштуу Кошматов Тойгонбай атындагы мектебинин окуучуларына туура тарбия жана ата-энени урматтоо жөнүндө лекция окулду. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Мадалиев Аллаяр ажы окуучуларга аталган темалардын негизинде пайдалуу маалыматтарды окуп, терс диний агымдар боюнча түшүндүрүп берди. Ошондой эле ата-энени урматтоо жана шүгүр жөнүндөгү роликтер проэктор аркылуу окуучуларга көрсөтүлдү. Лекция окуучуларга таасирин берип, окуучулар түрдүү суроолорун беришип, канааттандырарлык жоопторду ала алышты. Эскерте кетсек, мектептерде ыймандын баалуулуктары жер-жерлерде атайын түзүлгөн программанын негизинде уланууда.

#487 09 April 2016 - 19:04
Ноокат районда 1000ден ашуун аялдардын катышуусунда мавлид иш чарасы өттү
2-апрель күнү Ош облустук казыяттын окуу бөлүмү жана аялдар менен иштешүү бөлүмү тарабынан Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүндө Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) туулган күнүнө карата мавлид иш чарасы болуп өттү. Аталган иш чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, казынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ноокат районунун баш имам хатиби Маматкасым Турдубаев, Ноокат райондук 10-бөлүмдүн кызматкери Пусуров Жаныбек жана 1000ден ашуун аялдар катышышты.
Аталган иш чарада облус казысы Самидин кары Атабаев пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в)дын өрнөктүү өмүр жолуна токтолуп, баа жеткис асыл сапаттарынын баалуулуктарын түшүндүрүп берди. Ал эми Исакбай Мурзабеков аялдардын коомдогу ордуна токтолуп, балдарга тарбия берүүдө аялдардын ар бир кыймылы баа жеткис экендигин белгилеп, ар түрдүү терс агымдарга кирип кетпөөнүн алдын алуу жолдорун түшүндүрдү.
Андан соң, аялдардын уюштуруусунда Пайгамбарыбыз (с.а.в) жөнүндө мавлиди шариф окулуп, пайгамбарыбыздын (с.а.в) тарыхы жөнүндө суроо-жооп иретинде кичи сынак уюштурулуп, туура жооп бергендерге белектер тапшырылды.

#488 09 April 2016 - 19:06
Исфанан шаарынын баш имамы элдин суроолоруна жооп берди
Бүгүн, 6-апрелде Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Исфана шаардык хатбиятында имамдардын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул туурасында Баткен казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Жыйын жүрүшүндө имамдардын иш аракети туурасында элден түшкөн суроолорго жооптор айтылып, адатка айланган Абу Ханифа мазхабынын негизинде фикх сабагы болуп өттү. Ошондой эле муфтият жана казыят тарабынан келген тапшырмаларды өз убагында аткаруу тапшырмасы берилди.
Бүгүн, 6-апрелде Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Исфана шаардык хатбиятында имамдардын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул туурасында Баткен казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Жыйын жүрүшүндө имамдардын иш аракети туурасында элден түшкөн суроолорго жооптор айтылып, адатка айланган Абу Ханифа мазхабынын негизинде фикх сабагы болуп өттү. Ошондой эле муфтият жана казыят тарабынан келген тапшырмаларды өз убагында аткаруу тапшырмасы берилди.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#489 09 April 2016 - 19:07
[b]Tatli_Melek[Бакай-
Ата районунда апрель баатырларынын жаркын элестерине арналып Куран окулду
Бүгүн, 5-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунун маданият үйүндө 7-апрелде каза болгон баатырларды эскерүү иш чарасы болду.
Эскерүү кечесине Бакай-Ата районунун акими Канимет Осмонбеков жана район баш имам хатиби Сагынбаев Абдумажид, айыл өкмөт башчылары катышышты. Иш чаранын алкагында жакшы жашоого болгон үмүт менен чыгышып, акыйкат үчүн каза болгон эр азаматтар эч качан элдин эсинен кетпестиги айтылып, түбөлүк сакталып калынаарын айтышты.
Ошондой эле апрель баатырларынын жаркын элестерине арналып Куран окулуп, дубалар кылынды. /b],
Бүгүн, 5-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунун маданият үйүндө 7-апрелде каза болгон баатырларды эскерүү иш чарасы болду.
Эскерүү кечесине Бакай-Ата районунун акими Канимет Осмонбеков жана район баш имам хатиби Сагынбаев Абдумажид, айыл өкмөт башчылары катышышты. Иш чаранын алкагында жакшы жашоого болгон үмүт менен чыгышып, акыйкат үчүн каза болгон эр азаматтар эч качан элдин эсинен кетпестиги айтылып, түбөлүк сакталып калынаарын айтышты.
Ошондой эле апрель баатырларынын жаркын элестерине арналып Куран окулуп, дубалар кылынды. /b],
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#490 09 April 2016 - 19:25
Самидин кары Атабаев: «Кайрымдуулук аркылуу бир туугандыгыбызды далилдей алабыз»
Мындай пикирин бүгүн, 5-апрелде Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев казыятка кайрылып келген жарандарды кабыл алып жатып билдирди. Казынын айтымында акыркы учурда кайрымдуулук сурап кайрылган жарандардын саны көп болуп, турмуш шартында көйгөйлүү маселелерге дуушар болгондор арбын. Мындай маселелерди чечүүдө казыятка көп жарандар жардам сурап кайрылат. Андыктан колунда бар, мүмкүнчүлүгү жеткен мусулман бир туугандар кайрымдуулук аркылуу бир туугандыгыбызды далилдей турган учурда экендибизди сезүүсү зарыл деп белгиледи.
Ал эми казыяттын эсепчиси Абдубуркан Жеенбековдун айтуусунда казыятка күнүнө минималдуу түрдө 2-3 жаран түрдүү маселелер менен кайрылат. Көйгөйлөрдүн көпчүлүгү үй-бүлөлүк келишпестик же ооруга чалдыгып жардамга муктаж экендиги басымдуулук кылат. Мындай жыйынтыкка күбө болгон облус казысы Самидин кары Атабаев мечит имамдарына жер-жерлерде үй-бүлөлөргө жашоонун диндеги орду жөнүндө кеңири түшүндүрүп, мүмкүнчүлүгү жеткен жарандарды кайрымдуулукка үндөө тапшырмасын берди.

#491 09 April 2016 - 22:00
Ош облусундагы «Кутбидин уулу Сахобидин ажы» медресесинин ишмердүүлүгү текшерилди
Бүгүн, 5-апрелде Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Кара-Суу районунда жайгашкан «Кутбидин уулу Сахобидин ажы» медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматынан кабарлады.
Аталган иш чарага казыяттын кызматкерлери жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жооптуу имам хатиби Жахангир Мирсаидов катышты. Иш чаранын жүрүшүндө медресенин мүдүрү Муйдинов Юлдашбай окуу программалары жана медреседеги түзүлгөн шарттар менен тааныштырды. Мындан сырткары окуу жайдагы иш кагаздарын жүргүзүү иштери текшерилип, каттоо документтерин жана жазуу журналдарды тартипке ылайык келтирүү тапшырмасы берилди. Андан соң казы баштаган топ медресенин окуучулары менен жолугушуп, түзүлгөн шарттар менен таанышышты.
Эскерте кетсек, бул иш чара КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

#492 09 April 2016 - 22:01
Баткендин Апкан айылындагы мечитке Москвада эмгектенген мекендештерибидин демөөрчүлүгү менен эс алуучу жай курулду
Баткен районунун Апкан айылындагы борбордук мечиттке Москва шаарында эмгектенип жаткан мекендештерибиздин демөөрчүлүгү менен жалпы жамаат, аксакалдар эс алуучу жайдын курулушуна 25 миң сомдук акча каражатын беришти. Бул туурасында бүгүн, 5-апрелде казыяттын басма сөз кызматынан кабарлады.
Мындай жакшы самаалыктын ишке ашуусуна дөөмөрчүлүк кылган мекендештерибизге ыраазычылык айткан Апкан айылынын имамы Искендер Ажыбаев, бул мекендештерибиздин биринчи эле жардамы эмес экендигин айтып, буга чейинде чет өлодө эмгектеип жаткан Апкан айылынын тургундары тарабынан бир катар иштер жасалганын белгиледи.

#493 09 April 2016 - 22:03
Ош шаарындагы окуучуларга терс диний агымдар боюнча лекциялар окулууда
Бүгүн, 5 – апрелде Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Рыскелди уулу Кыялбек шаардын Макаренко орто мектебинин мугалимдери жана 11-классынын окуучулары менен жолугуп «Сирия маселеси» жана «Өз өмүрүнө кол салуу» туурасында 30 мүнөттүк ачык сабагын өттү.
Мындан сырткары окуучуларга ата-энени урматтоо, мугалимдерди сыйлоо, билимге өзгөчө маани берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Ошондой эле бул күнү окуучуларга мындай түшүндүрүү иш чарасын ай сайын жогорку класстын окуучуларына өткөрүлүп туруу маселе каралды.
Бүгүн, 5 – апрелде Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Рыскелди уулу Кыялбек шаардын Макаренко орто мектебинин мугалимдери жана 11-классынын окуучулары менен жолугуп «Сирия маселеси» жана «Өз өмүрүнө кол салуу» туурасында 30 мүнөттүк ачык сабагын өттү.
Мындан сырткары окуучуларга ата-энени урматтоо, мугалимдерди сыйлоо, билимге өзгөчө маани берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Ошондой эле бул күнү окуучуларга мындай түшүндүрүү иш чарасын ай сайын жогорку класстын окуучуларына өткөрүлүп туруу маселе каралды.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#494 09 April 2016 - 22:04
Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби Амир Хамза ислам институнун студенттерине адеп-ахлак боюнча лекция окуду
Бүгүн, 5-мартта Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарыны баш имам хатиби Мансуров Мураталы ажы шаарында жайгашкан Амир Хамза ислам институнун студенттерине илим алуунун пайдалары жана жакшы адеп-ахлак жөнүндө лекция окуду. Лекция кызуу жүрүп, студенттердин суроо-жооптору менен аякталды. Эскерте кетсек, мындан ары ыймандын баалуулуктары, ханафий мазхабы жана улуу имам Абу Ханифанын өмүр баяны шаардын жер-жерлеринде графиктин негизинде уланаарын баш имам хатиб Мансуров Мураталы ажы билдирди.
Бүгүн, 5-мартта Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарыны баш имам хатиби Мансуров Мураталы ажы шаарында жайгашкан Амир Хамза ислам институнун студенттерине илим алуунун пайдалары жана жакшы адеп-ахлак жөнүндө лекция окуду. Лекция кызуу жүрүп, студенттердин суроо-жооптору менен аякталды. Эскерте кетсек, мындан ары ыймандын баалуулуктары, ханафий мазхабы жана улуу имам Абу Ханифанын өмүр баяны шаардын жер-жерлеринде графиктин негизинде уланаарын баш имам хатиб Мансуров Мураталы ажы билдирди.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#495 09 April 2016 - 22:05
Ош облусунда даават иштери жобого ылайык күчөтүлөт
Бүгүн, 6-апрелде Ош облусунун казысынын орун басры Нурбек кары Орунбаев Ош облусунун райондук хатипчиликтердеги даават иштерине жооптуу адистерге жыйын өткөрдү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган жыйынга казыяттын фатва жана даават бөлүмүнүн башчысы Нургазы Эрматов жана казыят кызматкерлери катышышты. Жыйында Нурбек кары Орунбаев райондордогу даават иштерине жооптуу адистерге КМДБ тарабынан бекитилип берилген даават иштерин жүргүзүү жобосу менен кеңири тааныштырып, бардык иш аракеттер жобонун негизинде жургүзүлүүсүн талап кылды. Ал эми казыяттын фатва жана даават бөлүмүнүн адиси Нургазы Эрматов облустун райондорунда 40 күнгө жана 4 айга дааватка чыккан жана башка жактан келген жарандар муфтияттан алган уруксат кагаздарын казыятка каттатып туруусу керектигин түшүндүрдү. Мындан сырткары бир райондон экинчи районго дааватка чыккан жарандардын уруксат кагаздары казыятка эсепке алынуусу зарылдыгын белгиледи. Жыйын соңунда дааватка жооптуу адистерге ай сайын райондогу даават иштери боюнча отчет тапшыруу милдети тапшырылды.

#496 09 April 2016 - 22:10
Өзгөндө заманбап мечиттин курулушу башталды
Бүгүн, 6-апрелде Кувейт мамлекетинин “Ас-Салам” гуманитардык фондунун демөөрчүлүгү менен Өзгөн районунун Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Алтын-Булак айылында эски мечиттин ордуна элдин талабына ылайык жаңы заманбап мечиттин курулушу башталды. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган мечиттин жер пайын түптөө аземине Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Кувейт мамлекетинин “Ас-Салам” гуманитардык фондунун Кыргызстандагы директору Нурмухаммед Миңбаев жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Аталган курулушту баштоо аземинде облус казысы Самидин кары Атабаев жаңы мечит келечекте элге динди терең жайылтууда жана жаштарга туура тарбия берүүдө чоң өбөлгө болоорун билдирди. Мындан сырткары курулушка демөөрчүлүк жасаган “Ас-Салам” гуманитардык фондунун жетекчиси Нурмухаммед Миңбаевге ыраазычылык билдирди. Иш чаранын соңунда жергиликтүү жамаат тарабынан демилгечилерге ыраазычылыктар айтылып, курулуштун ийгиликтүү бүтүүсүнө бата беришти.
Эскерте кетсек, аталган мечит 100 чарчы метр аянтка курулуп, заманбап шарттары менен долбоорго киргизилди.

#497 09 April 2016 - 22:18
Ош шаарында мектеп окуучуларына терс диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
Кече, 5 – апрелде Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Рыскелди уулу Кыялбек шаардын Макаренко орто мектебинин мугалимдери жана 11-классынын окуучулары менен жолугуп, Сирия маселесинин алдын алуу боюнча 30 мүнөттүк ачык сабак өттү.
Мындан сырткары окуучуларга ата-энени урматтоо, мугалимдерди сыйлоо, билимге өзгөчө маани берүү боюнча түшүндүрүү иш чарасын жүргүздү.
Эскерте кетсек, иш чара ай сайын жогорку класстын окуучуларына өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлмөкчү.
Маалымат: Ош шаардык казыятынын маалымат кызматы.
Кече, 5 – апрелде Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Рыскелди уулу Кыялбек шаардын Макаренко орто мектебинин мугалимдери жана 11-классынын окуучулары менен жолугуп, Сирия маселесинин алдын алуу боюнча 30 мүнөттүк ачык сабак өттү.
Мындан сырткары окуучуларга ата-энени урматтоо, мугалимдерди сыйлоо, билимге өзгөчө маани берүү боюнча түшүндүрүү иш чарасын жүргүздү.
Эскерте кетсек, иш чара ай сайын жогорку класстын окуучуларына өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлмөкчү.
Маалымат: Ош шаардык казыятынын маалымат кызматы.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#498 09 April 2016 - 22:20
Казыят кызматкерлери ажылыкка каттоо ишин үйрөнүшүүдө
Бүгүн, 6-мартта Кыргызстан ислам университетинин компьютердик классында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмү 7 облус, 2 шаардан келишкен казыят кызматкерлерине ажыларды электрондук каттоо боюнча сабак өткөрүүдө.
Казыят кызматкерлери сабак учурунда ажыларды катоо эрежелери менен таанышууда. Ошондой эле конкурстук негизде тандалып алынган «Инфо-Система» компаниясынын өкүлдөрү аймактагы ажылык иштерине жоопту болгон казыят кызматкерлерине ажылык боюнча даярдалган программанын алкагында сабак өтүп, практикалык түшүндүрмөлөрдү беришүүдө.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 11-апрелинен 11-майга чейин Кыргыз Республикасында ажылык сапарга баруучуларды каттоо иштери жүргүзүлөт.

#499 09 April 2016 - 22:21
Муфтияттын кызматкерлери аймактарда жума хутбаларын өтүшөт
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругуна ылайык жума күндөрү облус, шаарлардын жума окулган борбордук мечиттериндеги хутбасында элди ынтымакты бекемдөөгө, тынчтыкка, сабырдуулукка жана руханий баалуулуктарга чакыруу максатында 2016-жылдын 8-апрелинде КМДБнын кызматкерлери аймактарга чыгышат.
Тактап айтсак:
Акимжан ажы Эргешов - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Сүйүктүү Мухаммед (с.а.в)» мечитине,
Билалидин ажы Сайпиев-Баткен шаарындагы «Нумани» борбордук мечитине,
Равшан ажы Эратов-Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Жалгызбак» мечитине,
Замир кары Ракиев-Нарын шаарынын борбордук «Азирети Али» мечитине,
Садридин ажы Маджитов-Бишкек шаарындагы борбордук мечитинде жума хутбаларын өтүшмөкчү.

#500 09 April 2016 - 22:22
Ак-Жар конушунун тургундарына маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты боюнча сабактар өтүлүүдө
Кечээ, 5-апрелде Бишкек шаардык казыятына караштуу Ак-Жар конушунда жайгашкан "Хафиз уулдары" мечитинде маркумду акыркы сапарга узатуу, сөөктү кабырга коюу тууралуу тажрыйбалык сабак болуп өттү. Бул тууралуу аталган мечиттин имам хатиби Уланбек кары Курманбаев кабарлады.
Анын айтымында бул сабактар элге өтө пайдалуу жана элдин калың катмары мындай жөрөлгөлөрдөн кабары жок.
"Жаңы конушубуздун тургундары бул темага аябай дилгирлигин көрсөтүшүп, көптөгөн суроолорун узатышты. Бардык суроолорго колдон келишинче жеткиликтүү жоопторду бергенге аракет жасадык", - деди Уланбек кары Курманбаев.
Кечээ, 5-апрелде Бишкек шаардык казыятына караштуу Ак-Жар конушунда жайгашкан "Хафиз уулдары" мечитинде маркумду акыркы сапарга узатуу, сөөктү кабырга коюу тууралуу тажрыйбалык сабак болуп өттү. Бул тууралуу аталган мечиттин имам хатиби Уланбек кары Курманбаев кабарлады.
Анын айтымында бул сабактар элге өтө пайдалуу жана элдин калың катмары мындай жөрөлгөлөрдөн кабары жок.
"Жаңы конушубуздун тургундары бул темага аябай дилгирлигин көрсөтүшүп, көптөгөн суроолорун узатышты. Бардык суроолорго колдон келишинче жеткиликтүү жоопторду бергенге аракет жасадык", - деди Уланбек кары Курманбаев.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

Супер-Инфо
super.kg
видео