Ош облусунда “Тарых жана Маданият” жылына карата “Спорт тынчтыктын символу” аттуу спорттук мелдеш өткөрүлөт
2016-жылдын 9-апрелинде Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан “Тарых жана Маданият” жылына карата дин кызматкерлери жана диний окуу жайлардын арасында волейбол жана футбол боюнча “Спорт тынчтыктын символу” аттуу спорттук мелдеш өткөрүлөт. Аталган мелдешке Ош облусунун 7 районунун дин кызматкерлери жана диний окуу жайлардын мугалимдери менен студенттери катышмакчы.
Спорттук мелдешке жалпысы 20дан ашуун командалардын катышуусу күтүлүүдө. Спорттук мелдештин негизги максаты дин кызматкерлеринин спортко болгон кызыгуусун арттыруу аркылуу сергек жашоого үндөө жана ар түрдүү терс агымдардын алдын алууга үндөө болуп саналат. Мелдеш Ош мамлекеттик университетинин Биология факультетинин спорттук залында саат 9:00дө башталмакчы.
Кошумча маалымат үчүн (0554651212), 0557909060
Ош облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
Исламий жаңылыктар...
#502 09 April 2016 - 22:25
Талас облусунда диний сабак өтүлдү
Талас облусунун казысы Бапиев Таалайбек ажы Талас шаарынын борбордук Ааь-Аль Бай мечитинде сабак өттү.
Сабак жалпы адеп- ахлак туурасында болуп, баардык иш аракет адептүүлүкө байланыштуу болоорун, эзелтеден ата-бабаларыбыз бул жаатына өзгөчө көңүл бөлүп келгендигине токтолуп, Пайгамбарыбыздын кулк мүнөзүн айтып берди. Куранда Аллах пайгамбарыбызды мүнөздөп «сен улуу кулк мүнөз үсүндө жаратылгансын» деп сыпаттаган. Биз Пайгамбарыбыздан үлгү алып жашашыбыз керек, ал улууга урмак кичүүгө ызаат кылып, ар дайым адеп-ахлактын туу чокусу болуп келген" деп андан үлгү алган улуу аалымдар тууралуу да айтып берди.

لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#503 09 April 2016 - 22:27
15-16-апрелде Нарында мавлид кечеси өтмөкчү
Мухаммед пайгамбарыбыздын (с.а.в) туулган айынына карата уюштурула турган мавлид программасы 15-16-апрель күндөрү Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы академиялык- музыкалык драма театрында болмокчу. Уюштуруучулар Нарын казыяты жана “Адеп Башаты” фондунун Нарын облусундагы өкүлчүлүгү.
Маалымат: Нарын казыятынын басма сөз кызматы.
Мухаммед пайгамбарыбыздын (с.а.в) туулган айынына карата уюштурула турган мавлид программасы 15-16-апрель күндөрү Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы академиялык- музыкалык драма театрында болмокчу. Уюштуруучулар Нарын казыяты жана “Адеп Башаты” фондунун Нарын облусундагы өкүлчүлүгү.
Маалымат: Нарын казыятынын басма сөз кызматы.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#504 09 April 2016 - 22:29
Чүй облусунун казысы облустун ыйгарым укуктуу өкүлү менен тыгыз кызматташууда
Бүгүн 8-апрелде Чүй облусунун казысы Максат ажы Укуев Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кудайбергенов Бактыбек Жапарович менен жоолугушту. бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугууга облус казынын орун басары Чынкожо ажы Доолотканов жана казыяттын курулуш бөлүмүнүн адиси Супаканов Азиз катышты.
Облус казысы ыйгарым укуктуу өкүлгө казыяттын иш планы менен тааныштырган соң,, эки тараптуу иш планын түзүгөө келишишти. Ошондой эле казыятынын курулуш бөлүмүнүн адиси Супаканов Азиз Чүй облусундагы ашар жолу менен курулуп калган мечиттердин документтин бүтүрүүгө колдоо көртөсүн суранды.
Чүй облусунун казысы Максат ажы Укуев Кудайбергенов Бактыбек Жапаровичке Куран китеп белек кылып, өкүлдүн ишине ийгилик каалады.

#505 09 April 2016 - 22:31
Исфананын Самат айылындагы мечитте ишембилик өткөрүлдү
Бүгүн, 8-апрелде Баткен облусунун Исфана шаарынын Самат айылындагы “Кара-Молдо”мечитинин имамы Алланазар Кайымовдун демилгеси менен аймактагы мечитте ишембилик өткөрүлдү. Иш чарага жергиликтүү бийлик жана укук коргоо кызматкерлери катышып, аймактагы тазалык иш чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу Баткен казыятынын маалымат кызматына Самат айылынын жашоочусу Асел Туякова билдирди.
Тазалык иш чарасы башталар алдында айыл имамы Алланазар Кайымов жергиликтүү жашоочуларга ынтымак, биримдик, кечиримдүүлүк тууралуу баян кылып, жалпы айыл тургундары мечиттин айланасында тазалап-жыйноо, бак-дарактарды актоо, сыйктуу иштерди жүргүзүштү. Ал эми бул иште айымдар да салым кошушуп, тамак-аш даярдашып, ишембиликке көмөктөшүштү.

#506 09 April 2016 - 22:34
Исакунов Чойбек ажы: "Мекенди коргоого милдеттүүбүз"
Бүгүн, 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында шаардык баш имам хатиб Исакунов Чойбек ажынын катышуусунда облустан аскер кызматына чакырылган жоокерлерди кызматтык өтөөгө узатуу аземи болуп өттү. Салтанатка келген коноктор, баш имам хатиб Чойбек ажы, коргоо органдарынын өкүлдөрү жоокердик кызматын өтөөгө сапар алып жатышкан мырзаларды мекенди сүйүүгө, тынчтыкты коргоо милдет экендигин айтышып, жаш азаматтарды салтанаттуу узатышты.
Маалымат: Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.
Бүгүн, 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында шаардык баш имам хатиб Исакунов Чойбек ажынын катышуусунда облустан аскер кызматына чакырылган жоокерлерди кызматтык өтөөгө узатуу аземи болуп өттү. Салтанатка келген коноктор, баш имам хатиб Чойбек ажы, коргоо органдарынын өкүлдөрү жоокердик кызматын өтөөгө сапар алып жатышкан мырзаларды мекенди сүйүүгө, тынчтыкты коргоо милдет экендигин айтышып, жаш азаматтарды салтанаттуу узатышты.
Маалымат: Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#507 09 April 2016 - 22:37
Балыкчы шаарында Латифа мечитинде эл менен жолугушуу болду.
Бүгүн, 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын баш имам хатиб Исакунов Чойбек ажынын демилгеси менен аймактагы диний кырдаал жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча иш чара өттү. Эл менен болгон иш чарага облус казысы Сагындыков Алмазбек ажы катышып, аймактагы диний кырдаал, казыят тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер каралды. Ошондой эле мечиттердин каттоосу каралып, бул иште жалпы коомчулуктун колдоосу зарыл экендиги да айтылды. Муну менен катар бул күнү аймактагы мечиттин каттоодон өткөдүгү каралып, ал заманбап салынып, аялдар үчүн бөлмөлөр да каралган.

#508 09 April 2016 - 22:40
КМДБнын фатва бөлүмунүн башчысы Ноокат районунун эли менен жолугушту
Кечээ, 8-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмунүн башчысы Равшан ажы Эратов Ош облусунун Ноокат районунун борбордук мечитинде райондун эли менен жолугушуп, жамаатка элдин ынтымагын бекемдөө, руханий баалуулуктарды аздектөө жана 2016-жылдагы ажылык иштеринин башталышы боюнча маселелерди айтты. Мындан сырткары ажылыкка баруудагы жарндардын исламдагы орду боюнча кеңири түшүндүрүп берди.
Эскерте кетсек, аталган жолугушуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругуна ылайык өткөрүлдү.
Маалымат: Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

#509 09 April 2016 - 22:42
"Ислам-тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу конкурсу 10-апрелде старт алат
Үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы, Кыргызстан ислам университети жана "Адеп Башаты" коомдук фонду тарабынан уюштурулган "Ислам-тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу конкурсу Бишкек шаары боюнча "Ыйман" маданий комплексинде эртең мененки саат 10-00 дө башталмакчы.
Үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы, Кыргызстан ислам университети жана "Адеп Башаты" коомдук фонду тарабынан уюштурулган "Ислам-тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу конкурсу Бишкек шаары боюнча "Ыйман" маданий комплексинде эртең мененки саат 10-00 дө башталмакчы.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#510 09 April 2016 - 22:44
КИУнун жалпы жамааты 7-апрелде курман болгондордун жаркын элестерине арнап Куран окутушту
Кечээ, 7-апрелде Кыргызстан ислам университети 2010-жылдын 7-апрель күнү Элдик революциядан курман болгон эр азаматтардын жаркын элесине аранап Куран окутту. Бул туурасында КИУнун ректору Ибарев Марс кабарлады.
Ишчаранын алкангында КИУнун жалпы жамааты апрель коогалаңынан көз жумган инсандарды эскеришип, алардын жаркын элестерине арнап Куран окутушуп, эл-жер, мекенибиздин тынчтыгын тилешип дуба кылышты.
Кечээ, 7-апрелде Кыргызстан ислам университети 2010-жылдын 7-апрель күнү Элдик революциядан курман болгон эр азаматтардын жаркын элесине аранап Куран окутту. Бул туурасында КИУнун ректору Ибарев Марс кабарлады.
Ишчаранын алкангында КИУнун жалпы жамааты апрель коогалаңынан көз жумган инсандарды эскеришип, алардын жаркын элестерине арнап Куран окутушуп, эл-жер, мекенибиздин тынчтыгын тилешип дуба кылышты.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#511 09 April 2016 - 22:46
КМДБнын даават бөлүмүнүн башчысы Кадамжай шаарынын жашоочулары менен жолугушту
Бүгүн, 8-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын даават, үгүт-насаат жана ар кандай агымдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев Баткен облусунун Кадамжай шаарынын борбордук мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Эл менен болгон жолугушуунун алкагында Билалидин ажы Сайпиев бүгүнкү күндөгү диний кырдаал, муфтият тарабынан аткарылган иш чаралар жана ажылык иштеринин башталгандыгы боюнча маалымат берип, КМДБнын ишмердүүлүгү менен тааныштырды.
Муну менен катар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын даават, үгүт-насаат жана ар кандай агымдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы жергиликтүү жашоочуларды ар кандай терс диний агымдардын азгырыктарынан алыс болууга чакырды.

#512 09 April 2016 - 22:51
Исфанынын баш имамы мектеп окуучуларын туура эмес агымдардан оолак болууга чакырды
Бүгүн, 8-апрелде Баткен облусунун Исфана шаарынын баш имам хатиби Дүйшөев Абдиравшан ажы Исфана шаарындагы Гагарин орто мектебинде мектеп окуулары менен жолугушту. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Мектеп окуучулары менен өткөн жолугушууда Исфана шаарынын баш имам хатиби окуучуларды терең билим алууга, өлкөбүздүн келкечеги билимдүү жаштарда экендигин баса белгиледи. Ошондой эле туура эмес тыюу салынган агымдар тууралуу бир катар маалыматтарды айтып, алардан алыс болуу чакырды.

#513 09 April 2016 - 22:52

#514 09 April 2016 - 22:53
Сүлүктүдө 7-апрелде курман болгондордун элесине спорттук мелдеш өткөрүлдү
Сүлүктү шаардык мэриясы тарабынан 7- апрелде курман болгон мекендештерибиздин элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү.Бул тууралуу облустук казыяттын маалымат кызматына Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Жолдошов Муса ажы билдирди.
Маалыматка ылайык иш чарага Сүлүктү шаарынын мэри А.Ибрагимов, Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Жолдошв Муса ажы жана 14 команда катышкан. “Спорттук мелдеште жеңишке жеткен командаларга акчалай сыйлыктар жана 1-2-3-даражадагы дипломдор тапшырылды” деди Муса ажы Жолдошов.
Сүлүктү шаардык мэриясы тарабынан 7- апрелде курман болгон мекендештерибиздин элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү.Бул тууралуу облустук казыяттын маалымат кызматына Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Жолдошов Муса ажы билдирди.
Маалыматка ылайык иш чарага Сүлүктү шаарынын мэри А.Ибрагимов, Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Жолдошв Муса ажы жана 14 команда катышкан. “Спорттук мелдеште жеңишке жеткен командаларга акчалай сыйлыктар жана 1-2-3-даражадагы дипломдор тапшырылды” деди Муса ажы Жолдошов.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#515 29 April 2016 - 17:29
Ассаламу алайкум! Урматтуу мусулман бир-туугандар,
медресеге акчалай жардамыңыздар керек. Толук маалымат алуу үчүн купуяга кайрылсаңыздар болот.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#516 04 June 2016 - 13:18
«Ас-салаам» кайрымдуулук фонду Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына 5 миң даана Куран китебин тапшырды. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жалпы эмгек жамааты жана аталган фондун Кыргызстандагы президенти Нурмухаммад Миңбаев катышты.
«Кувейт мамлекетинен келишкен демөөрчүлөр жана Ас-салаам кайрымдуулук фонду биздин элибизге 5 миң даана Куран китебин белекке беришти. Биз жалпы кыргыз элинин атынан ыраазычылыгыбызды билдиребиз», -деди КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев.
Куран китеби улуу Рамазан айынын урматы үчүн тапшырылып, Куран жакынкы күндөрү муктаж болгон диний окуу жайларга жана Куран жаттатуучу медреселерге берилмекчи.
«Кувейт мамлекетинен келишкен демөөрчүлөр жана Ас-салаам кайрымдуулук фонду биздин элибизге 5 миң даана Куран китебин белекке беришти. Биз жалпы кыргыз элинин атынан ыраазычылыгыбызды билдиребиз», -деди КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев.
Куран китеби улуу Рамазан айынын урматы үчүн тапшырылып, Куран жакынкы күндөрү муктаж болгон диний окуу жайларга жана Куран жаттатуучу медреселерге берилмекчи.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#517 04 June 2016 - 13:19
Баткен обулсунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Баткен шаарындагы борбордук “Нумани” мечиттинде “ Орозонун сооптору” темасында лекция окуду. Ислам дининин беш негизинин үчүнчүсү бул - Рамазан айында орозо кармоо болуп эсептелинет.
Рамазан орозосу хижраттын экинчи жылында парз кылынган. Рамазан айы мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардан эсептелинет.
«Ислам ушул айда туулган, дүйнө жүзүн нурга бөлөгөн ыйык китебибиз Курани-Карим да так ушул айда түшө баштаган. Миң айдан да куттуу болгон Кадыр түн кечеси да ушул айдын ичинде. Негизгиси орозонун сообун жараткан өзү берет ошондуктан бул айда орозо кармап жараткандан жакшылыктарды тилейли»,-деди облус казысы өз сөзүндө.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#518 04 June 2016 - 13:22
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Ноокат районунун борбордук «Гайип-Эранлар» мечитинде Ноокат районунун эли менен жолугушуп, Рамазан айынын кирип келиши менен жалпы райондун элин Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин атынан куттуктады.
Жолугушуунун алкагында Жоробай ажы Шергазыев Рамазан айы жөнүндө жума баянын жасап, Рамазан айындагы орозонун пазилеттери,
ыйык айда сооптуу амалдарды жана ибадаттарды аткаруунун тартибин түшүндүрдү.
Мындан сырткары Куран аяттары жана Пайгамбарыбыздын (САВ) хадистеринде келтирилген Рамазан айынын өзгөчөлүгү жана баалуулугун айтып берди. Ал өз сөзүндө «Биз орозо айында мээримдүүлүктү,
такыбачылыкты,
сабырдуулукту,
бири-бирибизге камкор болууну үйрөнүүбүз керек. Анткени такыбаа болуу менен биз бардык күнөөлөрдөн тыйылабыз, сабырдуулук менен чыдамкайлыкка,
каниеттүүлүккө жана напсинин азгырыгынан тыйыла билүүнү үйрөнөбүз. Биз орозодо тамктан тыйылуу менен курсагы ач, кыйналган бир туугандарыбыздын абалын сезе билүү менен камкор болууга үйрөнөбүз. Пайгамбарыбыздын (САВ) хадисинде: «Орозо айынын алгачкы он күнү Алла рахмат кыла турган күндөр, экинчи он күндүгүндө Алла адамдарды кечире турган күн, акыркы он күндүгүндө тозоктон куткара турган күн» экендигин маалымдап, рамазан айын жакшы тосуп алууга жана рамазанда сооптуу иштерди көбүрөөк жасап калууга үндөп, жамаат менен бирге жума намазын окуду.
Эскерте кетсек, ушундай эле жолугушуу өткөрүүдө Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Замир кары Ракиев Гүлистан айыл өкмөтүнүн «Бостон» мечитинде, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү «Хамиджан кары» мечитинде болушту.
Эскерте кетсек, ушундай эле жолугушуу өткөрүүдө Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Замир кары Ракиев Гүлистан айыл өкмөтүнүн «Бостон» мечитинде, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү «Хамиджан кары» мечитинде болушту.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#519 04 June 2016 - 13:24
2016-жылдын 4-июнь күнү саат 10:00до Бишкек шаарындагы Парк-Отель мейманканасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы тарабынан басылып чыккан китептердин көргөзмөмү жана белгилүү дин аалымы Мухаммед Садык Мухаммед Юсуфдун китептеринин көргөзмөсү өтөт.
Иш-чара Иш чара Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жана 2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын №1.1 Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына ылайык диний чөйрөдөгү мамлекеттик жөнгө салуунун өңүтү жана аныны принциптерин ишке ашыруу алкагында жана Кыргызстандын маданиятын, тилин, салттуу руханий баалуулуктарын сактоо жана өнүктүрүү максатында өткөрүлөт.
Көргөзмөгө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, дин аалымдары жана белгилүү инсандар келишмекчи.
Башталышы: Саат 10:00
Дареги: Бишкек шаары Парк-Отель мейманканасы. Орозбеков менен Фрунзе көчөсүнүн кесилиши.
Толук маалыматты 0(705) 05-06-10 телефонунан алсаныздар болот.

#520 04 June 2016 - 13:26
Ош облусунун Араван районунда ажылык сапарына баруучулар ортосунда электрондук чүчүкулак өткөрүлдү. Чүчүкулак өткөрүү иш-чарасына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, 2016-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча Республикалык штабдын төрагасы Аким ажы Эргешов, штабдын мүчөсү КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, штаб мүчөлөрү, райондун акими Курбанбек Айтибаев, Ош облусунун губернаторунун дин иштери боюнча кеңешчиси Токтосун ажы Жапаров, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Бөрүмухамед Эсенов, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, райондук ички иштер башкармалыгынын 10 бөлүмүнүн өкүлү Эрнист Осмонов жана райондук улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Данияр Ысмайыловдор катышышты.
Иш-чаранын башталышында Азирети муфтийдин орун басары Аким ажы Эргешов сөз сүйлөп, ажылык сапар бул эс алуу эмес ибаадат экендигин, ажылык сапар өзүнчө бир машаакат экендигин белгилеп, андыктан ажыга баруучу жарандар ажылыкка барууда ниетти тура коюсу абзелдигин түшүндүрүп, ажылыкка талапкер жарандарга ийгилик каалады. Андан соң КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов ажыга баруучулар ортосунда өткөрүүүчү чүчүкулактын эрежелерин түшүндүрүп, Араван району боюнча ажыга баруу ниети менен 249 жаран катталгандыгын жана Араван районуна 157 квота бөлүнгөндүгүн билдирди. Мындан сырткары Араван районуна бөлүнгөн ажылык квота айыл өкмөттөрдөгү калктын санынын коэфициентине жараша бөлүнүп, бөлүнгөн квотанын санынан катталган талапкерлердин саны ашпаган 5 айыл өкмөттө чүчүкулак өткөрүлбөстөн эле жарандар автоматтык түрдө ажылык сапарага өткөндүгү менен куттуктады. Ал эми бөлүнгөн квотанын санынан талапкерлердин саны көп катталган 3 айыл өкмөттүн жарандары үчүн чүчүкулак өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, Ош облусу боюнча Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Өзгөн районунда 2016-жылы ажыга баруучулардын саны бөлүнгөн квотадан ашпагандыктан чүчүкулак өткөрүлгөн жок. Ал эми ажылыкка катталгандардын саны басымдуулук кылган Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондорунда чүчүкулак өткөрүлдү.

Супер-Инфо
super.kg
видео