- Ойлошсо мындай ишке барбайт эле.
- Ойлошсо ойлоор кезде ойлоп, өкүнсө өкүнөөр кезде өкүнөө р. Бирок, анда кеч болуп калаар. Булардын мансабы менен дөөлөтүн урган киши барбы. Акылбек сен мүң күрөбөй өзүңдү карма. Киши өлтүрүп кунга калган жайың бар беле? Атууга кеткен киши деле акталаттура. Коркпо. Акыйкатташаар. Акыйка ттабаса, көрө рбүз даг ы.
- Ак жеринен айыпталганыма күйөм. Адам уятынан өлбөйт экен. Кылмыш кылып соттолсом не арман.Анда өз кылганым өзүмө жетти дейт элем. Жок дегенде апам эле тирүү болсочу. Биздин өкмөт менен партия акыйкатчыл дейбиз. Бирок,анын башында акмактар турса, алаамат болот тура. Күйгүзүп жатат булар.
Элал мени далыга чапты.
- Кайгырба. Сот кандай бүт өөр экен көрөлүчү. Эмне кылышты ошондон кийин сүйлөшөлү. Ушуну менен бардыгы бүтүп калбас. Булардын ишин акыйкаттай тургандарда бардыр.
Биз ушинтип турганда «Сот башталат. Күбөлөрдөн башкасы кирбесин» деген жарыяны угуп, элеңд ей түштүм. Соттолгонуңдан да, соттолуучу күнөөлүүлөрдүн скамейкасында олтуруунун өзү эле тозок болот экен. Элдин баары дүрдүгүп, залга кире башташты. Элал колумду кысакармады.
- Делдейбей, өзүңдү карма. Эч коркпо.
Ашым атам Элал менен жарыша сүйлөдү:
- Бир бороондук алың жок. Кайратсыз бала турбайсыңбы. Күнөөң болбогондон кийин, эмнеге мынчалык саруулайсың. Сага жараткан алла өзү жар болсун, кулунум. Ак безерткенди арбакурсун. ..
Инилерим менен карындаштарым, кой-айга болбой өздөрүнчө эле ыйлап жатышты. Эл арасында Карагулга карата айтылган каргыш аралаш катаал сөздөр жаап жатты.
- Буга да баккан балаа бардыр. Карагул капыр болгон тура.
- Жанакы шерменде кызынын көшөгөсү көгөрбөс.
- Дегеле көктөйүндө куураган талдай болуп тамыры менен соолуп калаар күнүкайда. Ой айланайындар, Акылбек бул кызды зордук-зомбулугу жок эле алып келген болучу. Жап жакшынакай ак тилек менен баш кошуп турган балдардын уясын бузуп, кудай төбөсүнөн уруп салбадыбы Карагулду. Эгер кеткиси келсе, мурда эле атасы артынан келгенде кетип калса эмне.Кайненесинин өлүмүн күтүп тургансып Токтокан өлгөн күнү кетпедиби кеткенде да. Мындай шумдукту ким көрүптүр. Ой бети жок, шерменде,энесин тарткан канчык тура. Бузулуп бүткөн неме да.
Ушундай сөздөр кызуу жүрүп жаткан кезде Карагул аялы экөө, анан дагы бейтааныш бир-эки киши кирип,алды жакта бош турган орундарга келип олтуруп калышты. А аялдар болсо, Наргүлдүн жакындары уксун дегенсип, үндөрү бийик чыгып күчөнө сүйлөп жатышты.
- Каргышка калган киши оңот дейсиңерби. Ылайым жакшылык көрбөй калышсын. Куураган Токтокандын өлүмүнө ушул тукуму курут болгурлар эле себепкерболбодубу. Капардын балдары кийген тонду, булар да кийип калгысы бардыр. - Чоң энемдин сөзүнө Наргүлдүн апасы чыдабай кетти көрүнөт, артына силкине бурулуп, аңкылдады:
- Ай, кемпир, оозуңду басасыңбы, жокпу? Өлүгүңдү көрөйүн өлөрман, мастан. «Ууру тойгончожеп, өлгөнчө карганат» деген ушул. Чолпондой болгон баламдын убалына калыполтурган ыңарды кандай билбеген башы жок немесиңер. Баарыбызды шерменде кылдыңар, түбү жарыбаган томояктар. Силер кайсы киши элеңер.
- Оозуңа карап сүйлө, - деди чоң энем ордунан тура калып. - Жүзүкара деген биз эмес, силерсиңер. Томояк деп бизге сынкоюп калган тура. «Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт, жаман адам мал күт сө жанына коңшу кондурбайт» деген силер болуп турасьң ар. «Кудай бир, кезек эки” . Капардын балдары да эржетээр, даража күтөөр, мал күтөөр. Азыр да жаман эмес. Ата-энесинин арбагыколдоп, кудай жакшылык берип, аман болушса эле болду.
Карагул ордунан обдула берип, колундагы таягын көкөлөто көтөрүп элге көрсөтүп кыйкырды:
-Эй келечеги кең катын , - чоң энемди көздөй таягы нын учун кезеп кекетип кирди, - мына бул кара таяктымага ким карматты? Уч буттап калдым го аксаң дап. Жүрөгүмө эле эмес, сөөгүмө чейин тамга салдыдар. Б ылжырабай , оозуңду он жерин ен басып, шүк олтургу н. Кимдин иши кара, кимдин иши акэкенин азыр акыйкаттайт сот.
Ушул маалда Ашым атамдын үнү чыкканда залдын ичидымый түштү. Карагулдун да жаагы жап болду.
- Эй Карагул, кудайыңды карап сүйлө. Сенин сөөгүңө такты адам салбай эле, кудай өзү салбады беле. Бизди коюп, өзүңөр былжырап, оозуңарга келгенин оттобой шүк олтургула. Кара жаак катының ды тый. Болбосо ушул жерде башыңарды чымчыктын башындай жулуп салам. Андан кийин мени сотуң атып салабы, асып салабы, өзүбилсин.
Аңгыча сот келатат деп калышты. Олтургандарорундарынан дүр турушту. Сотолтургандарды сыдыра тиктеп коюн оз ордунан орун алды.
Кимдир бирөө Карагулду карап ручкасы менен столду такылдатты:
- Олтуруңуз. Эмне кыжылдак?
Карагул туруп турган калыбында сөгүнө сүйлөдү: - Мына бул энеңди урайындарды соттобой туруп элекамап салыш керек болуучу. Тетигил Ашым деген кантужин мени эл алдында шермендекылып бүтүрмөк болду. Талаадан көрсө талаадан, көчөдөн көрсө көчөдөн адам уккус бок ооз
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 08 Апрель 2016 - 19:12