فصل فى القرأة
Кыраат бөлүмү.
ويجھر بالقرأة فى الفجر والركعتين االوليين من المغرب والعشاء ان كان اماما ويخفى فى االخريين
Эгер имам болсо, багымдатта шамдын жана куптандын оболгу эки рекеттеринде жарыя (кыраатты үн чыгарып) окуйт акыркы эки рекеттеринде ичинде окуйт. Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) сахаба жана табийиндерден ушундай накыл кылган.
وان كان منفردا فھو مخير ان شاء جھر واسمع نفسه
Эгер жалгыз окуучу болсо, анда ал ыктыярдуу, кааласа үн чыгарып окуп, өзүнө угузат, анткени ал өзүнө өзү имам.
وان شاء خافت
Кааласа ичинде окуйт анын артында уга турган эч ким болбогондуктан.
Абзели жарыя (үн чыгарып) окуу.
Көрүнүштө жамаат менен окуган намаздай болуш үчүн.
ويخفيھا االمام فى الظھر والعصر وان كان بعرفة
Имам бешимди, асырды ичинде окуйт Арафатта болсо да, анткени.
صالة النھار عجماء
Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) күндүзгү намаздардын кырааты үн чыгарбай окулат деген. Имам Маликтин (р.м.) пикиринде Арафатта күндүзгү намаздар жарыя окулат. Имам Маликке каршы далилди жогоруда риваят кылдык.
ويجھر فى الجمعة والعيدين
Жума жана эки айт намаздарын имам жарыя окуйт.
Жарыя окууга машхур хадис келгендиктен.
Күндүзү нафил намаз купуя (үнсүз) окулат. Түндө болсо нафилди жалгыз
окуса, жарыя же купуя окууда ыктыярдуу, парзга этибар кылынып, анткени нафил, парзды толуктоочу ошондуктан ага ээрчийт.
ومن فاتته العشاء فصالھا بعد طلوع الشمس ان ام ّ فيھا جھر
Куптан намазын каза кылган киши, күн чыккандан кийин окуса, эгер имам болсо жарыя окуйт. Тарис кечесин эртеси (намазды каза кылган түн) Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) багымдаттын казасын жамаат менен жарыя окугандай.
وان كان وحده خافت حتما وال يتخير
Эгер өзү жалгыз казаны окуса купуя (үн чыгарбай) окуусу важиб. Каза намаз окуучу жалгыз киши болсо жарыя окууда ыктыяр берилбей ичинде окуусу бул туура. Анткени жарыя окуу жамаат намазда важиб, каза болсун убагында болсун, ал эми намазды каза кылбай убагында жалгыз окуучу кишиге, жарыя же купуя окуусу, ыктыярдуу түрдө чектелген. Ал экөөнүн бири да табылган жок.
ومن قرأ فى العشاء فى االوليين السورة ولم يقرأ بفاتحة الكتاب لم يعد فى االخريين وان قرأ الفاتحة ولم يزد عليھا قرأ فى االخريين الفاتحة والسورة وجھر
Куптан намазынын оболгу эки рекетинде сүрө кошуп, фатиханы окубаган киши акыркы эки рекетинде окулбай калган фатиханы кайра окубайт. Эгер фатиханы окуп, сүрөнү окубаса. Анда акыркы эки рекетте фатиханы жана сүрөнү жарыя кылып окуйт, бул Абу Ханифа жана Мухаммаддын (р.м.) пикирлери. Ал эми Абу Юсуфда (р.м.) акыркы эки рекетте фатиханы да сүрөнү да кайра окубайт. Себеби важиб өз убагынан калып калса анда аны далил менен гана каза кылынат дейт. Эки имамда болсо сүрөнүн казасын кылып фатиханын казасын кылбаштын айырмасы. Фатиханы окуу эрежеси фатихадан кийин сүрө окуу менен тартипке коюлган. Эгер оболгу эки рекетте окулбай калган фатиханы акыркы эки рекетте кайра окуса, анда сүрөдөн кийин окулуп тартипке каршы келет. Тескеринче оболгу эки рекетте сүрө окулбай калып кетсе, анда анын казасын кийинки эки рекетте окуса тартипке ылайык эле болот. Андан соң “Жамиьус Сагир” де анын (сүрөнүн казасын) важиб амал деп далилдесе “Асылда” (Мабсутта) мустахаб сөзү менен айткан. Анткени ал сүрөнүн казасы окулганда биринчи фатихадан кийин окулбай ортосу үзүлүп калат. Ошондуктан кайсы жол менен болбосун аны тартип кылынган орунга коюп болбойт.
Фатиха менен сүрөнү жарыя окуйт. Себеби, бир рекетте купуя менен жарыяны бириктирүүгө болбойт. Бирин купуя экинчисин жарыя окуп. Нафилди өзгөртүү, ал деген фатиха жакшыраак. Купуя окуу бул өзүнө угузуу жарыя окуу болсо башка бирөөгө угузуу бул Абу Жаьфар Хиндиваний деген аалымдын пикири. Себеби үнсүз эле тилин кыймылдатууну адатта кыраат кылды деп айтылбайт. Имам Кархий айтат жарыянын эң кеми өзүнө угузуп окуу, купуянын эң кеми тамгаларды тактоо, анткени кыраат тилдин иши кулактын эмес. Китепте ушуга ишарат кылган. Талак кылуу, азат кылуу жана ажыратуу тил менен аткарылган жумуштардын өкүмдөрү ушул негизде. Абу Ханифа (р.м.) пикиринде намазда кыраат кылды деп эсепке алуунун эң кеми бир аят окуу. Эки имамда (Абу Юсуф Мухаммаддын (р.м.) пикирлеринде кырааттын эң кеми бир узун аят же үч кыска аят себеби мындан да кем окуса, окуган кишини куран окуду деп аталбашы анык. Бир аяттан кем окуган кишиге окшоп калып, дурус болбойт.
فاقرؤا ما تيسر من القرآن
Абу Ханифа (р.м.) Алла Тааланын “Кураандан жеңил болгонун окугула” деген аятын далил кылат. Мында бир аят же бир аяттан көбүн айырмасы жок. Бирок, бир аятка жетпеген, жогорку аяттагы Курандан жеңил болгонун окугула деген жалпы өкүмгө кирбейт. Толук бир аят бир аятка жетпегендин маанисинде эмес.
فى السفر يقرأ بفاتحة الكتاب واى ّ سورة شاء
Сапарда болсо фатиха сүрөсүнө каалаган сүрөнү кошуп окуйт.
ان النبى عليه السالم قرأ فى صالة الفجر فى سفره بالمعوذتين Анткени Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
сапарында багымдатта эки кул аьузуну (Фалак менен Наасты) окуган. Себеби, сапар намаздын жарымын калтырууга таасир кылат, ал эми кыраатты жеңилдетүүгө таасири андан артыгыраак.
Бул жүрүшү шашылыш сапарда.
Эгер, сапарда жүрүшү жай болсо анда багымдатта “Буруж” “Иншиккатка” окшогон сүрөлөрдү окуса, жеңил да, сүннөткө да дал келет.
ويقرأ فى الحضر فى الفجر فى الركعتين باربعين آية او خمسين آية سوى فاتحة الكتاب
Сапарда эмес учурда (тургундукта) багымдаттын эки рекетинде фатихадан башка кырк же элүү аят окуйт. Риваят кылынат кырк аяттан алтымыш аятка алтымыштан жүз аятка чейин окуйт деп. Ушул риваяттардын барысы далил менен такталган. Бул риваяттарды дал келтирүү жолу. Имам жамаатта кыраатка кызыккандар менен жүз аят окуйт.
Кызыкпагандар менен кырк аят окуйт. Орточолор менен элүү аяттан алтымыш аятка чейин окуйт, жанада түндүн узун кыскалыгына жана жумуштун көп, аздыгына да каралат деп айтылган.
وفى الظھر مثل ذلك
Бешимде да багымдаттагындай эле окулат. Убакыттын кенендиги эки намазда бирдей болгондуктан.
Асылда (Мабсутта) айтат бешимдин убагы багымдаттан кемирээк себеби, жумуш убагы адамдарга кыйынчылык туулбас үчүн кыраатты бир аз кыска кылат.
والعصر والعشاء سواء يقرأ فيھما بأوسط المفصل وفى المغرب دون ذلك يقرأ فيھا بقصار المفصل
Асыр намазы менен Куптан намазы бирдей. Бул экөөндө муфассалдын (Кураандын жетиден бир бөлүгүнүн) орточо сүрөсүн окуйт. Шам намазында болсо андан кемирээк кылып муфассалдын кыска сүрөлөрүн окуйт. Бул боюнча негиз Азрети Умардын Абу Муса Ашьарийге жазган китебинде Багымдат менен Бешимде муфассалдын (аптээктин) узун сүрөлөрүн. Асыр менен Куптанда орточо сүрөлөрүн ал эми Шамда болсо кыска сүрөлөрүн окугун деп жазганы. Себеби, шам намазынын убактысы кыска болгондуктан кыраатты жеңил кылуу ылайыктуу. Асыр менен Куптанды кечиктирип окуу мустахаб. Ал экөөндө узун сүрөө окулса мустахаб эмес убакытка туура келет ошондуктан экөөндө орточо сүрөлөр белгиленген.
ويطيل الركعة االولى من الفجر على الثانية
Багымдатта биринчи рекетти экинчи рекетке караганда узунураак окуйт. Элдин жамаатка жетишине жардам кылып.
وركعتا الظھر سواء
Бешимдин оболгу эки рекетинин көлөмү бирдей. Бул Абу Ханифа жана Абу Юсуф (р.м.) пикирлери. Имам Мухаммад (р.м.) баардык намаздарда биринчи рекетин экинчисине караганда узунураак окуу мен үчүн жакшыраак, деп айткан.
ان النبى عليه السالم كان يطيل الركعة االولى على غيرھا فى الصلوات كلھا
Себеби, Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) бардык намаздарда биринчи рекетин башка рекетке салыштырмалуу узунураак окуган деп далил кылат. Эки имамдын (Абу Ханифа менен Абу Юсуфдун (р.м.) далилдери албетте оболгу эки рекет кыраатка укугу бирдей болушса, анда көлөмдө да бирдей болушат. Багымдат мунун каршысында биринчи рекетин экинчисине караганда узунураак окулат себеби бул убак уйку жана капилет убагы болгондуктан.
Имам Мухаммад далил кылган хадистин түшүнүгү мындай:
Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) биринчи рекетти узун окуду дегенинин себеби, биринчи рекетте сана, (кол байлаганда окулган дуба) аьузу бисмилла окуп, башка
рекеттерден узунураак болгон. Биринчи рекетте башка рекеттерден үч аят көп, же аз окулушун этибарга алынбайт.
Себеби аны айырмалап билүү татаал болгондуктан.
وليس فى شئ من الصلوات قرأة سورة بعينھا ال يجوز غيرھا
Биз окуган аятта жалпы жөнүнөн келтиргендиктен,
эч бир намазда Курандан бир сүрөнү окууну дайындабайт.
Ал сүрөсүз намаз болбойт деген негиз жок.
Түшүндүрмө:
мындай деп айтылгандын негизи Имам Шафий (р.м.) намаз дурус болуу үчүн фатиханы дайындаган фатихасыз башка сүрөө окулса, намаз дурус болбойт деп.
Биз айтабыз, анын сөзү батыл, себеби Алла Таала аятта “Кураандан силерге жеңил болгонун окугула” – деген.
ويكره ان يوقت بشئ من القرأن شئ من الصلوات
Кураандан кээ бир сүрөнү айрым бир намаздарга дайындап алуу макрух (мисалы жума күнү багымдат намазында такай Сажда сүрөсүн окуймун же Багымдаттын сүннөтүндө Каафирун менен Ихлас сүрөсүн такай окуйм деш). Мунун себеби башка сүрөлөр окулбай калып, бир сүрөнү экинчи сүрөөдөн абзел саноо деген туура эмес түшүнүк пайда болот.
"Ислам илмихалы" китеби "ислам илмихалы" китеби
#102 12 April 2016 - 15:08
وال يقرأ المؤتم خلف االمام
Имамга уюган киши анын артында кыраат кылбайт. Имам Шафий (р.м.) буга каршы. Имам фатиханы окуганда уюган киши да окушу милдет, анткени кыраат кылуу намаздын рүкүнү (ички парзы), андыктан аны окууда имам менен ага уюган киши шериктеш дейт. Бизде болсо. Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
من كان له امام فقرأة االمام له قرأة
“Кимдин имамы болсо имамдын кырааты ал үчүн да кыраат” деген. Имамга жүктөгөн кишинин кыраат кылбашына сахабаларда бир пикирге келишкен. Кыраат имам менен ага жүктөгөн кишинин ортосунда шериктеш
бирок жүктөгөн кишинин үлүшү унчукпай Куранды угуп туруу.
واذا قرأ االمام فانصتوا
Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) имам кыраат кылган учурда унчукпай тек тургула дегендиктен. Имам Мухаммад (р.м.) бир риваятта этияттан имамдын артында окуп турууну жакшы деген. Абу Ханифа менен Абу Юсуф (р.м.) хадисте имамдын артында кыраат кылган адамга азап бар деп айтылгандыктан жүктөгөн кишинин кыраатын макрух дешет.
ويستمع وينصت وان قرأ االمام آية الترغيب والترھيب
Имам канчалык Курандан кубандыруу же коркутуу аятын окуса да унчукпай угуп турат. Унчукпай угуп туруунун парздыгы аят менен далилденгендиктен. Имамдын артында туруп кыраат кылуу, бейишти суроо жана тозоктон сактануу булардын баары кыраатты угууга тоскоолдук кылат.
وكذلك فى الخطبة وكذلك صلى على النبى عليه السالم
Ошондой унчукпай угуп турат имам кутба окуганда жана Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) атын атап салават айтканда да кутбаны угуу парз болгондуктан.
اال ان يقرأ الخطيب قوله تعالى يايھا الذين امنوا صلوا عليه االية فيصلى السامع فى نفسه
Бирок Хатиб Курандан “Эй ыйман келтиргендер ага салават айткыла” деген аятты окуганда, угуучу ичинде салават айтат, минбардан алыста олтурган кишинин (салават айтуусу) боюнча талаш бар. Угуунун парздыгын аткарып, этияттан унчукпай олтурат. Алла Таала аныгын билүүчү.

#103 12 April 2016 - 15:11
باب االمامة
Имам болуу бөлүмү
الجماعة سنة مؤكدة
Жамаат бекемделген сүннөт анткени Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам)
الجماعة من سنن الھدى ال يتخلف عنھا اال منافق
Жамаат туура жолго көндүрүүчү сүннөттөрдөн андан бир гана мунафык (эки жүздүү) жүз кайтарат деген.
و اولى باالمامة اعلمھم بالسنة
Адамдардын ичинен имамга татыктуусу сүннөттү
(шарият намаз өкүмдөрүн) билүүчүрөөгү. Абу Юсуф (р.м.)
Куранды көбүрөөк жаттаган киши татыктуу, себеби намазда куран зарыл ал эми илим болсо намазды бузуучу бир жумуш пайда болуп калса гана дейт. Биз айтабыз намаз окуучу кыраатка бир рүкүндү (бир парзды) аткаруу үчүн ал эми илимге болсо башка рүкүндөрдү (ички парздарды) аткаруу үчүн муктаж деп.
فان تساووا فاقرؤھم
Эгер, илимде бирдей болушса, Куранды көбүрөөк билгени имамга татыктуу, себеби Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
يؤم القوم اقرأھم لكتاب ﷲ
“Коомго Куранды көбүрөөк билгени имам болот деген.
فان كانوا سواء فاعلمھم بالسنة
Эгер Куранды билүүдө да бирдей болушса, анда сүннөттү билүүчүрөөгү деп айтышкан жогорку хадисте эң оболу каарылар имам болот дегенинин себеби, сахабалардын каарылары (куранды көп билгендери) илимдүү болушкан.
Биздин заманда андай эмес, ошондуктан намаз өкүмдөрүн билүүчүнү обол (мурун) койдук.
فان تساووا فاورعھم
Эгер, каарылыкта бирдей болушса, такыбараагы (шектүү деген нерселерден өзүн сактаган киши) имам болот.
Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
من صلى خلف عالم تقى فكانما صلى خلف نبى
Ким такыбаа аалымдын артында намаз окуса, Пайгамбардын артында намаз окугандай дегени үчүн.
فان تساووا فاسنھم
Такыбалыкта да бирдей болушса, жашы улуусу имам болот себеби, Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
وليؤمكما اكبركما سنا
Абу Мулайканын эки уулуна экөөңдүн жаш жагынан улууң имам болсун деген. Жашы улуу киши имам болсо жамаат көбөйөт.
ويكره تقديم العبد
Кулду имамга өткөрүү макрух. Илим алуу үчүн бош болбогондуктан.
واالعربى Көчмөндү (бир айылда же шаарда жашабай жайы кышы көчүп жүрүүчүнү) имамга өткөрүү макрух, себеби көп учурда алар илимсиз болушат. Амалсыз кишинин имам والفاسق болуусуда макрух. Дин иштерине көп көңүл бөлбөгөндүктөн. Сокурдун имам واالعمى болуусунун макрухтугу ыпластан өзүн таза сактай албагандыгынан.
Ойноштон туулган الزناء ولد و баланын да имамдыгы макрух.
Анткени, ага күйүп, тарбия берген атасы жок ошондуктан ал илимсиз бойдон калат. Жогорку аты аталгандардын имамга өткөрүүдө жамаатта жийиркенич пайда болот ошондуктан алардын имам болуусу макрух.
وان تقدموا جاز
Эгер, алар өздөрү имамдыкка өтүшсө болот, себеби
صلوا خلف كل بر وفاجر
Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам): “Жакшынын да амалсыздында артында намаз окугула” деген.
وال يطول االمام بھم الصلوة
Имам коом менен намазды узун окубайт.
من ام ّ قوما فيصل بھم صلوة اضعفھم فان فيھم المريض والكبير وذا الحاجة
Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам): “Ким бир коомго имам болсо, алардын арасынан эң алсызынын намазын окусун анткени ал коомдо ооруусу, жашы улуусу жана жумушка шашылганы бар” – деген.
ويكره للنساء ان يصلين وحدھن الجماعة
Аялдар өздөрү жамаат болуп намаз окушса макрух.
Себеби, алар арам иш кылуудан алыс эмес. Ал деген алардын имамы саптын ортосунда туруусу мындай көрүнүш жылаңачтардын (кийимсиздердин) жамааты макрух болгон сыяктуу макрух.
وان فعلن قامت االمام وسطھن
Эгер аялдар жамаат болуп намаз окуй турган болушса, анда имам ортолорунда турат. Себеби, Айша энебиз ушундай окуган. Ал киши аялдар менен жамаат болуп окуганы ибтидаи исламда (исламдын оболгу убагында) болгон, деп айтылат. Аялдардын имамы ортодо турганын себеби, эгер имам астына чыкса, авраты (уяттуу мүчөсү) көбүрөөк ачылат.
ومن صلى مع واحد اقامه عن يمينه
Бир кишиге имам болуп, намаз окуса, ал кишини өзүнүн оң жагына тургузат. Ибн Аббас (р.з.) риваят кылган хадисте Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) Ибн Аббас (р.з.) менен намаз окуп аны өзүнүн оң жагына тургузган.
وال يتأخر عن االمام
Жүктөөчү жалгыз киши болсо, имамдан артында турбайт.
Имам Мухаммад (р.м.) бутунун манжаларынын учун имамдын согончогуна тең кылып турат дейт оболгу сөз ал артыгыраак.
وان صلى خلفه او فى يساره جاز
Эгер имамдын артында же сол жагында туруп окуса да болот бирок сүннөткө каршы болгондуктан күнөөкөр болот.
وان ام اثنين تقدم عليھما
Эгер эки кишиге имам болсо анда, имам алардын алдында турат. Имам Абу Юсуф (р.м.) ортосунда турат дейт. Абдулла Ибн Масьуд (р.з.) да ушинтип риваят кылган. Биздин далил Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
انه عليه السالم تقدم على انس واليتيم حين صلى بھما
Аннас жана жетим менен намаз окуп алардын астында турган ушундай кылып окуу абзел. Ибн Масьуд риваят кылган хадис мубах (жасаса күнө да сооп да эмес) экендигине далил.

#104 13 April 2016 - 09:30
وال يجوز للرجال ان يتقدوا بامرأة او صبى
Эркектердин аялга же жаш балага жүктөшү (уюшу) дурус эмес. Аял кишиге уюбагандын себеби Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам)
حيث اخرھن ّ اخ من ﷲ ّ روھن
Алла Таала аялдарды (күбө болууда мураста жана султандыкта) артка койгондой силер да аялдарды артка
койгула деген. Ошондуктан аялдарды алдың өткөрүү дурус эмес. Ал эми, жаш баланын окуган намазы нафил. Парз намаз окуучу нафил окуганга уюп болбойт. Таравих жана жалпы сүннөттөрдө Балх машайыхтары балдарга уюса болот дешкен биздин машайыхтар дурус эмес дешет. Машайыхтардан айрымдары жалпы сүннөттөрдө (убагы билинбеген нафилдерде) Имам Абу Юсуф (р.м.) менен Имам Мухаммаддын (р.м.) ортосунда пикир келишпестик бар дешет. Биздин орто Азия аалымдары: ар кандай намаздарда жаш балага чоң кишилер уюп намаз окубайт деген пикирди ыктыяр кылышкан, анткени жаш баланын нафил намазы чоң кишинин нафилинен кем. Жаш бала нафил намазды баштап бүтүрбөстөн бузса ага казасы милдет эместигине аалымдар бир пикирде. Алдуу намаз алсыз намазга жүктөлбөйт. Мунун каршысында мазнундун намазы (оюнда баланы чоң киши деп же намазы толук болгондон кийин оюнда намазым толук боло элек деп туруп бир же эки рекет окуйт бул окуганы нафил болуп саналат демек ушул көрүнүштө ага бир киши уйуса намазы дурус болот алдуу намазда (парз намазда) алсыз намазга (нафил намазга) уйуган болсо да). Себеби, ал мазнундун намазы боюнча түшүнүктөр бар (Имам Зуфар (р.м.) оюнда жаш баланы чоң киши деп жүктөгөн кишиге каза важиб болот окуган намазын бузса деп айткан). Ал ойду жок деп этибарга алынат жүктөөсүнүн укугунда. Ал эми, жаш бала жаш балага уюса болот экөөн тең намазы нафил болгондуктан.
ويصف الرجال ثم الصبيان ثم النساء
Намазда саф тартканда эң оболу эркектер, андан соң балдар анан аялдар турушат. Себеби, Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
ليلينى منكم اولواالحالم والنھى
“Намазда силердин акыл балыгыңар мага жакын турсун” деген. Анткени аялдар эркектер менен сафта тең катар туруп калышса, эркектердин намазын бузат. Ошондуктан аялдар артка коюлат.
وان حاذته امراة وھما مشتركان فى صلوة واحدة فسدت صالته ان نوى االمام امامتھا
Эгер, аял киши эркек киши менен бир сапта тең-катар туруп жана ал экөөнүн окуган намазы бир намаз болсо, имам аялга имам болуусун ниет кылса, эркектин намазы бузулат.
Кыяс далилде эркектин намазы бузулбайт. Ал кыясы далил Имам Шафийнин (р.м.) сөзү. Аялдын намазына эркектин намазын этибар кылат. Аялдын намазы бузулбаса, эркектин намазы да бузулбайт, деп. Эркектин намазын бузулуусу истихсани (өкүм чыгарунуу эң оңой жолу) далилде жогорку келтирген хадисте (аялдарды артка койгула деген) кайрылуу эркекке карата айтылган, аялга эмес, эркек парз болгон орунду калтыргандыгы үчүн (Өзү алдың туруп аялды артка тур деп тургузуш керек эле) намазы бузулуп, аялдын намазы бузулбайт. Бул кадимки эле уюучунун имамдан алдыга өтүп кетип, намазы бузулган сыяктуу.
وان لم ينوى امامتھا لم تضره وال تجوز صالتھا
Эгер, имам аялга имамдыгын ниет кылбаса, анда аялдын намазы дурус болбойт. Себеби, намаздагы шериктештик имамдын ниетисиз толук болбойт бизде. Имам Зуфар (р.м.) буга каршы. Байкап көрүң намазда сафта турганда тартип сактоо важиб. Тартипке көңүл бөлүү да имамга жүктөөдө көңүл бөлгөндөй эле. Демек, намаз дурус болуш үчүн имамдын милдетин алуусуна коюлат. Имамдын аялга имам болуусун ниет кылуусу шарт, эгер аял имам менен бир сапта тең туруп калса, аял имамдын артында, аялдын жанында эркек киши болбосо, анда эки риваят бар. Эки риваяттан бириндеги айырма, албетте намазын бузулуусу оболгуда аял эркек менен тең катар турган милдет, экинчи риваятта намаздын бузулуусу ыктымал. Себеби, басып барып имамга тең катар туруп калышы мүмкүн.
ومن شرائط المحاذاة ان تكون الصلوة مشتركة وان تكون مطلقة وان تكون المرأة من اھل الشھوة وان ال يكون بينھما حائل
Эркек менен аялдын бир сапта бирине-бири жакын туруп намаздын бузулуу шарттары: намаз шериктеш (экөөнүн окуган намазы бир намаз мисалы: дигер шам сыяктуу) намаз болсун жана толук намаз болсун (жаназа сажда тилават болбосун) аял шахват жашында (эркекти дүүлүктүрө турган жашта) болсун жана ал экөөсүнүн ортосунда парда болбосун себеби аялдын эркектин жанында тең катар туруусу анын жанындагы эркектин намазын бузушун далил менен аныкталды, кыястын (салыштыруу далилинин) каршысында.
Демек, далилде келген нерсенин баары эске салынат.
ويكره لھن حضور الجماعات
Аялдардын жамаат намаздарында келүүсү макрух. Тактап айтканда жаш келин кыздар. Анткени жамаатка келүүдө фитна (азгырык) коркунучу бар.
وال بأس للعجوز ان تخرج فى الفجر والمغرب
Имам Абу Ханифанын (р.м.) оюнда кемпирлердин Багымдат Шам жана Куптан намаздарында чыгуусунун зыяны жок. Эки имам (Абу Юсуф. Мухаммад (р.м.)) баардык намаздарга чыгышса болот дешет. Анткени, аларда фитна (азгырылуу) коркунучу жок эркектердин кызыгуусу аларга аз болгондуктан бардык намаздарга чыгуулары макрух эмес, Абу Ханифа (р.м.) далили эркектин дүүлүгүүсү чектен чыкса, аял-кемпирлигине карабайт да дүүлүккөн нерсесине алып барып, фитна (азгырылуу) болот. Бирок, фасыктар (амалсыздар) бешим асыр жана жумада көчөлөрдө кезип жүрүшөт. Ал эми, багымдат жана Куптанда уйкуда болушат, шамда болсо тамактануу менен алек болушат. Айт намаздар майдандарда окулуп, орун кенен болгондуктан аялдар эркектерден бөлүнүп турууга мүмкүн, ошондуктан аялдардын айт намаздарга баруулары макрух эмес. وال يصلى الطاھر خلف من ھو فى معنى المستحاضة وال الطاھرة خلف المستحاضة
Таза киши илдеттүүнүн (такай зарасы же жели чыгып турган же такай муруну канап туруучунун) артында жана таза аял илдеттүү аялдын артында намаз окубайт, себеби, дени соо кишинин ахыбалы үзүрлүүдөн (илдеттүүдөн) күчтүү. Бир нерсе өзүнөн жогору турган нерсени милдетин албайт. Имам бул милдетин алуучу тактап айтканда имамдын намазы жүктөөчүнүн намазын милдетин алат.
وال يصلى القارى خلف االمى وال المكتسى خلف العارى
Каары (илимдүү) илимсиздин, кийимдүү кийимсиздин артында намаз окубайт. Себеби, бул экөөнүн (илимдүү менен кийимдүү) ахбалы кубаттуу.
ويجوز ان يؤم المتيمم المتوضئين
Таямум кылган киши даараттууларга имам болсо болот.
Бул Абу Ханифа жана Абу Юсуфдун (р.м.) пикирлери. Имам Мухаммад (р.м.) болбойт деп айткан. Анткени таямум зарылдыктан даарат, ал эми суу менен даарат алуу бул негизги даарат дейт. Эки имам (шайхайиндер) Абу Ханифа менен Абу Юсуфдун (р.м.) далилдери таямум толук эле даарат ошондуктан муктаждык көлөмүнө чектелген эмес.
ويؤم الماسح الغاسلين
Масх тарткан киши бут жуугандарга имам болсо болот.
Маасы бутка дааратсыздык жетүүсүүнөн тоскондуктан.
Маасыда болгон дааратсыздыкды масх тартуу жок кылат.
Илдеттүү мунун тескеринде дааратсыздык жок деп этибарга алынбайт. Шарият жактан анын такай дааратсыз болуп туруусу акыйкат, ошондуктан ага жүктөп, намаз окууга болбойт.
ويصلى القائم خلف القاعد
Тик туруп намаз окуган киши олтургандын артында намаз окуса болот. Имам Мухаммад (р.м.) оюнда болбойт дейт бул кыясий далил. Себеби, тик туруп намаз окуган
кишинин кубаты олтурган кишиден күчтүү. Биз далил аркылуу таштадык ал далил.
ان النبى عليه السالم صلى اخر صالته قاعدا والقوم خلفه قيام
Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) акыркы намазын олтуруп окуган, коомдор ал кишиге тик туруп жүктөшкөн.
ويصلى المؤمى خلف مثله
Ишарат менен намаз окуучу өзү сыяктуу башка бир ишарат менен намаз окуучуга жүктөсө болот. Алардын ахыбалдары бирдей болгондуктан. Бирок, имам жатып ишара кылса, ал эми ага жүктөөчү олтуруп ишара кылса болбойт.
Анткени, олтурууну этибарга алынат да аны менен кубаты бардыгы анык болот.
وال يصلى الذى يركع ويسجد خلف المؤمى
Рүкү, сажда менен намаз окуган киши ишарат менен намаз окуган кишиге жүктөбөйт. Муктадийнин (жүктөөчүнүн) ахыбалы күчтүү болгондуктан Имам Зуфар (р.м.) буга каршы.
وال يصلى المفترض خلف المتنفل
Парз намаз окуй турган киши нафил намаз окуй турган кишиге жүктөбөйт. Себеби, жүктөө бул куруу, негиздөө, парздык сапат имамда жок. Ошондуктан, жок нерсеге куруу (жүктөө) акыйкат эмес.
وال من يصلى فرضا خلف من يصلى فرضا اخر
Бир парзды окуган киши башка бир парзды окуган кишиге жүктөбөйт. Анткени жүктөө бул шериктеш жана амалдарга дал келүү, ал үчүн албетте бирдей болуу милдет.
Имам Шафийнин (р.м.) пикиринде жогоркулардын бүт баардыгында (таза киши илдеттүүнүн артында окубайт дегенден бир парзды окуган киши экинчи бир парзды окуй турган кишинин артында окубайт дегенге чейин) болот. Себеби, жүктөө ал кишинин оюнда дал келүү жолунда эле болот. Мисалы бешимде Асырга же Куптанга жүктөсө болот бизде болсо, милдетин алуу мааниси эске алынат.
و يصلى المتنفل خلف المفترض
Нафил окуй турган киши парз окуй турган кишиге жүктөйт. Себеби, нафил окуучунун муктаждыгы намаздын негизи ал имамда бар. Ошондуктан нафилди парзга жүктөө бул акыйкат.
ومن اقتدى بامام ثم علمه ان امامه محدث اعاد
Имамга бир киши жүктөсө, анан имамдын бей дааратсыздыгын билсе, намазын кайтарып окуйт. Анткени, Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам)
ومن ام ّ قوما ثم ظھر انه كان محدثا او جنبا اعاد صالته واعادوا
Ким бир коомго имам болсо, анан өзүнүн дааратсыздыгы же жунубтугу (булгангандыгы) анык болсо, өзү да коом да намаздарын кайтарып окушат деген. Имам Шафий (р.м.) буга каршы, жогоруда өткөндөй, имам уюган кишинин намазын милдетин албайт, ошондуктан имам намазын кайтарып окуйт, коом болсо намаздарын кайтарышпайт. Биз милдетин алуу маанисин этибарга алабыз. Ал маани намаздын дурус болуш жана болбошунда бирдей.
واذا صلى امى بقوم يقرأون وبقوم اميين فصالتھم فاسدة عند ابى حنيفة رحمه ﷲ
Илимсиз киши илимдүү жана илимсиздерден түзүлгөн жамаатка имам болсо, Абу Ханифа (р.м.) пикиринде бүт баарынын намаздары бузулат. Эки имамда болсо: имам менен илимсиздердин намазы толук болот, үзүрлүү (илимсиз) үзүрлүүлөргө (илимсиздирге) имам болгондуктан бул жылаңач киши кийимдүү жана жылаңачтарга имам болгонго окшоп калды. Абу Ханифанын (р.м.) далили, имам кыраатка кудурети жетип туруп, парз болгон кыраатты
таштады, ошондуктан намазы бузулат. Себеби имам илимдүүгө жүктөгөндө илимдүүнүн кырааты ага кыраат болмок. Жогорку маселе жана анын мисалдары буга каршы.
Анткени, имамдын акындагы бар нерсе жүктөөчүнүн акында жок. Буга мисал: имам намазда кийимдүү болуп артындагы киши жылаңач болсо, салтта да шариятта да жылаңачка кийим менен окуду, деген өкүмдү берилбейт,. Ал эми имам кыраат кылып, артындагы киши кыраат кылбаса, жүктөөчүгө кыраат кылды, деген өкүм берилет.
ولو كان يصلى االمى وحده والقارى وحده جاز
Эгер илимсиз өзү жалгыз, илимдүү да өзү жалгыз окуса дурус болот. Бул туура алардын эч кимиси жамаат менен окууга кызыкпагандыктан.
فان قرأ االمام فى االوليين ثم قدم فى االخريين اميا فسدت صالتھم Имам оболгу эки рекетте кыраат кылып, кийинки эки рекетте илимсизди имамдыкка өткөрсө, бүт баарынын намазы бузулат. Имам Зуфарда (р.м.) бузулбайт, себеби, кырааттын парзы аткарылды дейт. Бизде намаздын ар бир рекети кыраатсыз болбойт, чыныгы кыраат болсун (оболгу эки рекеттегидей) же такдырда кыраат болсун (кийинки эки рекетте тасбих айтып койюу сыяктуу) илимсиздин акында такдырда да кыраат болгон жок илими болбогондуктан.
Жогоркудай эле талашта эгер имам намаздын акырында ташаххуд көлөмүнчө олтура электе даараты бузулуп илимсизди имамга өткөрсө. Туурасын Алла билүүчү.

#105 14 April 2016 - 12:45
باب الحدث فى الصلوة
Намазда даарат бузулуу бөлүмү
ومن سبقه الحدث فى الصلوة انصرف وان كان امام استخلف وتوضأ وبنى
Кимге намазда дааратсыздык жетсе, намаздан чыгат.
Эгер, имам болсо, анда ал ордуна башка бирөөнү өткөрүп даарат алат да намаздын калганын толуктайт. Кыясы далилде намазды кайра башынан баштап окуйт. Бул Имам Шафийнин (р.м.) сөзү. Себеби, дааратсыздык намазга каршы келет.
Даарат алуу үчүн кыбыладан жүзүн буруп басуу жана намаздан чыгуу намазды бузат. Демек, атайлап дааратты бузганга окшоп калды. Бизде Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
من قاء او رعف او امذى فى صالته فلينصرف و ليتوضأ وليبن على صالته ما لم يتكلم
Кимде-ким намазында кусса, же муруну канаса, мазийси (суюктугу) чыкса, намаздан чыгып, даарат алсын да намазын келген жеринен баштап, окуп толуктасын, эгер, суйлөбөгөн болсо деген. Жана да Пайгамабар (саллаллоху алейхи васаллам):
اذا صلى احدكم فقاء او رعف فليضع يده على فمه وليقدم من لم يسبق بشئ
Силердин бириңер намаз окуп жатканда кусса же мурду канаса, колун оозуна коюп, мудрикти (намазга жетишкен кишини) ордуна имамдыкка өткөрсүн, деп айткан. Кокустан (атайылап эмес) даараты бузулган киши, даарат алып келип намазды келген жеринен окуп толуктайт, ал эми атайлап дааратын бузган киши буга кошулбайт.
واالستيناف افضل
Намазды кайра баштан окуу абзел, шектен алыс болуш үчүн.
Жалгыз окуучу намазын кайра баштан окуйт. Имам менен ага жүктөгөн киши намаздын (келген жеринен) толуктайт, жамааттын пазилетин (артыкчылыгын) сактоо үчүн, - деп айтылат.
والمنفرد ان شاء اتم فى منزله وان شاء عاد الى مكانه والمقتدى يعود الى مكانه اال ان يكون قد فرغ امامه او ال يكون بينھما حائل
Жалгыз окуучу кааласа даарат алган жеринде, кааласа даараты бузулган жерге кайра барып намазын толуктайт.
Имамга жүктөгөн киши намаз окуган ордуна кайтып барат бирок имамы намазды бүтүрүп намаздан чыгып кетсе, же имам менен анын ортосунда парда болбосо, анда даарат алган жеринде намазын толуктайт.
ومن ظن انه احدث فخرج من المسجد ثم علم انه لم يحدث استقبل الصلوة وان لم يكن خرج من المسجد يصلى ما بقى
Бир киши дааратым бузулду деп күмөн кылып, мечиттен чыкса, анан дааратын бузулбагандыгын билсе, намазын кайра башынан окуйт. Эгерде мечиттен чыкпаган болсо, келген жеринен намазын окуп, толуктайт. Кыясий далилде экөөндө тең намазды кайра баштан окуйт. Бул имам Мухаммаддын (р.м.) пикири, намаздан себепсиз эле чыккандыктан. Истихсаний далилде, албетте ал намазды оңдоо (түздөө) максатында намаздан чыкты. Көрбөйсүңбү эгер күмөн кылган нерсеси акыйкат болсо намазды келген жеринен улап окумак. Намазды түздөө максатында намаздан чыгуу чыныгы намазды түздөөгө кошулат орду сыртка чыгуу менен өзгөрбөгөн болсо.
وان كان استخلف فسدت
Эгер ал киши ордуна башка кишини имамдыкка өткөрсө, анда намазы бузулат. Башканы ордуна имамдыкка өткөрүү себепсиз амали касир (көп амал кылуу) кылуу болуп саналгандыктан. Мындай көрүнүштө (дааратым бузулду деп күмөн кылып намаздан чыгуу) намазды дааратсыз баштадым деп күмөн кылып намаздан чыккандын каршысында. Анан даарат менен эле баштаганы билинсе намазы бузулат, мечиттен чыкпаса да. Анткени намаздан чыгуу намазды таштоо (окуган намазым намаз болбоду деген) күмөн менен болду. Байкабайсызбы эгер күмөнү (дааратсыз баштаганы анык) чын болгондо, даарат алып келип намазды кайра баштап окумак. (Намазды түздөө максатта намаздан чыкса намазын кайра окубайт мечиттен чыкбаган болсо эгер намазды таштоо же бузуу ниетинде намаздан чыкса эле намазын кайрадан окуйт мечиттен чыкпаса да). Мына ушул негиз мечит жок жерде намаз окуса, саптардын орду мечиттин өкүмүндө. Эгер астына кетсе сутра (тосмо) чек болуп саналат. Эгер тосмо болбосо артында саптардын көлөмүнчө кетсе намаз бузулат. Эгер жалгыз окуучу болсо демек сажда кылган орду бардык жагынан чек болуп саналат.
ولو جن او نام فاحتلم او اغمى عليه استقبل
Эгер намазда жинди болсо, же уктап түшүркөп койсо, же эстен танса, намазды кайрадан окуйт, себеби мындай учурлар сейрек кездешет. Хадисте келген кусуу жана башкалардын маанисинде болгон жок, ошондой эле каткырып күлүү да намазды бузат, себеби күлкү намазды бузууда сөз сыяктуу.
وان حصر االمام عن القرأة قدم غيره اجزاھم عند ابى حنيفة رحمه ﷲ وقاال ال يجزئھم
Абу Ханифанын (р.м.) пикиринде имам кырааттан тутулуп калып, башка кишини ордуна өткөрсө болот. Ал эми эки имамда болбойт. Себеби мындай абал сейрек кездешет.
Бул намазда жунуб (жууну милдет) болуп (башка бирөөнү ордуна өткөрө албай турган кишиге) окшоп калды дешет.
Абу Ханифада (р.м.) (даараты бузулуп) ордуна киши коюу бир себеп менен, ошондуктан ордуна бирөөнү коюу милдет.
Кырааттан ажыз болуу сейрек учурабайт ошондуктан ал намазда жунуб болгон кишиге кошулбайт.
ولو قرأ مقدار ما تجوز به الصلوة ال يجوز باالجماع
Эгерде, имам намаз дурус боло турган көлөмдө кыраат кылган болсо, анда башка бирөөнү ордуна өткөрүү дурус эмес, бул боюнча талаш жок ордуна киши коюуга муктаж болбогондуктан.
وان سبقه الحدث بعد التشھد توضا وسلم
Эгер, имамдын даараты ташаххуддан кийин бузулса, анда даарат алып келип, салам берет. Анткени салам берүү важиб амалдан, аны даарат менен аткаруу зарыл.
وان تعمد الحدث فى ھذه الحالة او تكلم او عمل عمال ينافى الصلوة تمت صالته
Ташаххуддан кийин дааратын атайын бузса же сүйлөсө же намазды бузуучу амалды кылса, намазы толук болот.
Себеби намазды уулап кетүү үзүрлүү (себептүү) болду, намазды бузуучу амал болгондуктан бирок намазын кайра башынан окубайт. Намаздын рүкүндөрү (ички парздары) аткарылбай калган жок.
فان رأى المتيمم الماء فى صالته بطلت
Таямум менен намаз окуп жатып сууну көрсө, намазы бузулат. Бул боюнча жогоруда айтылды.
وان رأه بعد ما قعد قدر التشھد او كان ماسحا فانقضت مدة مسحه او خلع خفيه بعمل يسير او كان اميا فتعلم سورة او عريانا فوجد ثوبا او مؤميا فقدر على الركوع والسجود او تذكر فائتة عليه قبل ھذه او احدث االمام القارى فاستخلف اميا او طلعت الشمس فى الفجر او دخل وقت العصر وھو فى الجمعة او كان ماسحا على الجبيرة فسقطت عن بر او كان صاحب عذر فانقطع عذره كالمستحاضة ومن بمعناھا بطلت صالته فى قول ابى حنيفة رحمه ﷲ وقاال تمت صالته
Эгер, таяммум кылган киши ташаххуд көлөмүнчө олтургандан кийин сууну көрүп калса же маасыга масх тарткан болуп маасынын мөөнөтү бүтсө же маасыларын жеңил амал менен чечсе, же илимсиз эле бир сүрөөнү үйрөнсө, же жылаңач эле, кийим тапса же ишарат менен окуп рүкү, сажданы кыла ала турган абалга келсе, же бул намаздан баштагы каза намазын эстеп калса, же илимдүү имамдын даараты бузулуп илимсизди ордуна койсо, же жума намазын окуп жатканда асырдын убагы кирсе, же таңууга масх тартып таңуусу жараат айыгып түшүп кетсе, же илдеттүү киши болуп илдетинен арылса мисали: этек кири токтобогон же жели такай чыгып турган кишилер сыяктуу, же багымдат окуп жатканда күн чыгып калса, Абу Ханифанын (р.м.) сөзүндө намаз батыл болот. Ал эми эки имамда намаз толук болот. Бир риваятта намаз окуучу намаздан өз ыктыяры менен чыгуу Абу Ханифада (р.м.) парз. Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммадда парз эмес. Ушул кокустуктардын ушул абалда (ташаххуд көлөмүнчө олтурган мезгилде) пайда болуусу Абу Ханифанын (р.м.) пикиринде намаздын ичинде пайда болгондой эле. Эки имамда болсо Абу Юсуф Имам Мухаммадда (р.м.) саламдан кийин пайда болгондой. Эки имамдын далили жогоруда биз риваят кылып өткөн Ибн Масьуддун ушуну кылсаң же ушуну айтсаң намаз толук болот деген хидиси. Абу Ханифада (р.м.) окуп жаткан намазынан чыкпай туруп, экинчи намазды окуй албайт.
Парзга жетүү үчүн колдонгон нерсе парз болот. (Экинчи намазга өтүү үчүн бул намаздан чыгуу парз дейт). Ибн Масьуддун хадисиндеги намаз толук болду дегени толук болууга жакындады деген мааниде. Өз ордуна киши коюу намазды бузбайт. Жада калса илимдүү имам да ордуна киши койсо болот. Намаздын бузулуусу ордуна имам коюудан эмес шарият өкүмүнүн зарылдыгынан. Ал деген имам ордуна койгон кишинин имамдыкка татыксыз болуусу.
ومن اقتدى باالمام بعد ما صلى ركعة فاحدث االمام فقدمه جاز
Имам бир рекет окугандан кийин бир киши имамга жүктөсө, имамдын даараты бузулуп, ошол кишини имам имамдыкка өткөрсө болот. Такбир тахриймада шериктеш болгон үчүн, имам мудрикти (намазга толук жетишкен
кишини) имамдыкка өткөрүүсү артыгыраак. Себеби, анын имамдын намазын толуктоого мүмкүнчүлүгү жетээрлик.
Ошондуктан масбуктун (намазга жетишпеген кишинин) имамга өтпөшү милдет, намаз бүткөндө салам берүүгө алсыз болгондуктан.
فلو تقدم يبتدى من حيث انتھى اليه االمام
Эгер, масбук имамга өтсө, имамдын келген жеринен баштайт. Имамдын ордунда болгон үчүн.
واذا انتھى الى السالم يقدم مدركا يسلم بھم فلو انه حين اتم صالة االمام قھقه او احدث متعمدا او تكلم او خرج من المسجد فسدت صالته وصلوة القوم تامة
Масбук намазды окуп саламга жеткенде мудрикти (намазга толук жетишкен кишини) имамга өткөрөт. Мудрик коом менен чогуу салам берет. Имамдын намазын толуктаган мезгилде масбук каткырып күлсө же дааратын атайлап бузса же сүйлөсө же мечиттен чыгып кетсе, анын намазы бузулат.
Коомдун намазы толук болот, себеби намазды бузуучу амал масбуктун намазынын ичинде коомдун акында намаздары бүтүп, намаздын рүкүндөрү толук болгондон кийин пайда болду.
واالمام االول ان كان قد فرغ ال تفسد صلوته وان لم يفرغ تفسد
Биринчи имам масбук күлгөн мезгилде намаздан бошогон болсо намазы бузулбайт, намаздан бошой элек болсо, намазы бузулат.

#106 16 April 2016 - 12:53
فان لم يحدث االمام االول وقعد قدر التشھد ثم قھقه او احدث متعمدا فسدت صالة الذى لم يدرك اول صالته عند ابى حنيفة رحمه ﷲ وقاال ال تفسد
Эгер, оболгу имам даараты бузулбастан ташаххуд көлөмүнчө олтургандан соң күлүп жиберсе, же дааратын атайлап бузса, Абу Ханифанын (р.м.) оюнда масбуктун (намазга толук жетишпеген кишинин) намазы бузулат. Эки
имамда болсо бузулбайт, сүйлөсө да же мечиттен чыгып кетсе да. Бул бүт баарынын сөзү. Имам Мухаммад менен Абу Юсуфдун далилдери имамга жүктөгөн кишинин намазынын дурус болушу же бузулушу имамдын намазына байланыштуу. Имамдын намазы бузулбаса, ага жүктөгөн кишинин намазы да бузулбайт. Ташаххуд көлөмүнчө олтургандан соң салам берсе, сүйлөсө, намазы толук болот бул да ошондой эле болду дешет. Абу Ханифа (р.м.) намазда каткырып күлүү, күлкү пайда болгон имамдын намазынын акыркы бөлүгүн бузат, ошончо көлөм жүктөөчүнүн намазынан да бузат. Бирок имам намаздын келген жеринен улантууга муктаж эмес. Масбук (намазга толук жетишпеген киши) кайрадан окууга муктаж. Себеби бузулган намазды улантуу бул өзү бузук иш. Мунун тескерисинче салам берүү каткырып күлүүгө окшош эмес. Анткени салам намазды толуктоочу. Сүйлөө дагы саламдын маанисинде. Намаздын ичинде каткыруу табылгандыктан имамдын намазы бузулат.
ومن احدث فى ركوعه او سجوده توضاء وبنى وال يعتد بالتى احدث فيھا
Кишинин даараты рүкү же сажда кылып турганда бузулса, даарат алып келип рүкүдөн же саждадан баштайт.
Даараты бузулган рүкү же сажда орундады, деп саналбайт.
Себеби, рүкүндүн (ички парздын) толук болуусу экинчи бир рүкүнгө даарат менен өтсө орундалат. Дааратсыздык менен өтүүдө рүкүн толук орундалбайт. Ошондуктан даарат алып келгенден кийин, намазды кайрадан рүкү же саждадан баштоо милдет.
ولو كان اماما فقدم غيره دام المتقدم على الركوع
Эгерде имамдын даараты (рүкүдө) бузулуп, башка бирөөнү ордуна өткөрсө, имамдыкка өткөн киши ал ошол рүкүдөн баштап улантат. Анткени, рүкүнү толуктоо, аны улантуу менен болот.
ولو تذكر وھو راكع او ساجد ان عليه سجدة فانحط من ركوعه او رفع رأسه من سجوده فسجدھا يعيد الركوع والسجود
(Мурдагы рекетте бир сажданы) унутуп койгонун рүкү же сажда кылган абалда эстесе рүкүсүнөн эле унуткан саждага барса же саждасынан башын көтөргөндө эстеп ошол унуткан саждага барып сажда кылса, унуткан сажданы кылгандан кийин рүкү менен сажданы кайрадан кылат. Мындай кылуу жакшыраак намаздын ичиндеги, амалдар мүмкүн болушунча
Рүкү менен و إن لم يعد اجزاه тартиби менен болуш үчүн.
сажданы кайра кылбаса да намаз болот.
Себеби намаздын ичиндеги амалдарда, тартип сактоо парз эмес. Бир рүкүндөн, экинчи бир рүкүнгө, даарат менен өтүү парз. Ал амал бул кишиде табылды. Абу Юсуфдун (р.м.) пикиринде кавма (рүкүдөн кайра кайтып туруу) парз болгондуктан рүкүнү кайра кылуу милдет.
ومن ام رجال واحدا فاحدث وخرج من المسجد فالماموم امام نوى او لم ينو
Бир киши экинчи бир жалгыз кишиге, имам болсо, имамдын даараты бузулуп, мечиттен чыгып кетсе, жүктөгөн киши имам болот. Имам ага имам болуусун ниет кылса да кылбаса да. Анткени жүктөгөн кишинин имам болуусу намазды бузулуудан сактайт. Имамдыкты дайындоо келишпестикти токтотуу үчүн. Мында болсо келишпестик жок.
ويتم االول صالته مقتديا بالثانى
Биринчи имам намазын экинчи имамга жүктөгөн абалда толуктайт. Кадимки эле өз ордуна имамды анык койгондой.
وان لم يكن خلفه اال صبى او امرأة قيل تفسد صالته
Эгер имамдын артында жаш бала менен аялдан башка эч ким болбосо, имамдын намазы бузулат деп да айтылган.
Имамдыкка жарабай турган кишини ордуна койгондуктан, التفسد وقيل намазы бузулбайт деп да айтылат.
Себеби имам ордуна атайлап орун басар койгон жок, имамдын ордуна калган киши болсо, имамдыкка жарабайт.
Алла Таала аныгын билет.

#107 16 April 2016 - 12:56
باب ما يفسد الصلوة وما يكره فيھا
Намазды буза турган жана намаздагы макрух болгон амалдар бөлүмү
ومن تكلم في صالته عامدا أو ساھيا بطلت صالته
Кимде-ким намазында атайлап же унутуп сүйлөсө, намазы бузулат. Имам Шафии (р.м.) эстен чыгып же катадан сүйлөсө намаз бузулбайт деп, төмөнкү хадисти далил кылат:
Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
متى الخطاء والنسيان
ُ رفع عن أ
“Менин үммөтүмдүн катадан же унутуп кылган күнөөсү кечирилди”- деген. Бизде Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
ان صالتنا ھذه ال يصلح فيھا شئ من كالم الناس وانما ھى التسبيح والتھليل و قرأة القران
Албетте биздин бул намазыбызда адамдар сүйлөй турган сөздөрдөн бир сөздү сүйлөөгө да болбойт. Намаз бул тасбих тахлил (лаа илаха иллаллохту) айтып, жана Кураандан кыраат кылуу деген. Имам Шафии риваят кылган хадис күнөөкөр болбойт, деген мааниде. Тескерисинче эстен чыгып салам берсе, зикир деп саналат, атайлап салам берген учурда калам (сөз), деп этибарга алынат, анткени ал саламда кайрылуу үчүн келген “каф” тамгасы бар.
ﱠفان ا َ من ذكر الجنة او النار لم يقطعھا
Эгер намазда онтосо же ух! Деп үшкүрсө же үнүн чыгарып ыйласа, эгерде булардын барысы бейишти же тозокту эстегенден болсо, анда намаз бузулбайт анткени бул деңгелде ыйлоо өтө эле терең, берилгендигине далил болот.
و إن كان من وجع او مصيبة قطعھا
Эгерде оорудан же бир кайгыдан онтогон болсо, анда намазды бузат, сабырсыздыкты өкүнүүнү ачык ашкере кылгандыктан. Бул адамдардын сөзүнө окшоп калды. Абу Юсуф (р.м.) ах! Десе бейиш тозоктун эстегенде да өкүнүч сабырсыздыкта да “бузбайт” “ух” десе эки абалда да намазды бузат. Жана да айтылат. Абу Юсуфда сөз эки тамганы ичине алса, ал эки тамга экөө тең же бирөөсү ашыкча тамгадан болсо, намазды бузбайт, эгерде эки тамга тең негизги тамгадан болсо намазды бузат.
Түшүндүрмө: Араб сөздөрүнүн негизи үч тамгадан турат биринчиси менен сөздү баштоого муктаж, экинчи тамгага токтойт, үчүнчү тамга менен эки тамганын ортосун бөлөт. Жалгыз тамга сүйлөмдүн эң азы, ал сүйлөм деп аталбайт. Ал эми эки тамга болуп, бири ашыкча болсо, алар да сүйлөм деп аталбайт. Негизги тамгага караганда ал жалгыз болуп жатат эгер эки тамга тең негизги тамгадан болсо. Негизги тамганын көбү табылып алар жалпынын ордун ээлейт. Хуруфу Завайиддерди (ашыкча тамгаларды) аалымдар ушул.
اليوم تنساه
(Альявма тансаху) деген сөздөрүнө топтошкон. Бул негиз деле жандуу эмес. Анткени адамдардын сөздөрү салтты түшүнүүдө тыбыштардын айтылышына жана маанини түшүндүрүүгө байланышкан, ал деген тамгалардын баарын заваид (ашыкча) деп аныктайт.
و إن تنحنح بغير عذر
Эгер себепсиз эле жөтөлсө жөтөлүүгө мажбур болбой туруп,وحصل به الحروف ينبغى ان يفسد عندھما وان كان بعذر فھو عفو كالعطاش والجشاء
жөтөлүү себебинен тамгалар айтылса, эки имамда намаз бузулат. Эгер бир себеп менен болсо анда ал кечиримдүү.
Чүчкүрүп же кекирген сыяктуу болот, тамгалар айтылып кетсе да.
ومن عطس فقال له اخر يرحمك ﷲ وھو في الصلوة فسدت صالته Бир киши чүчкүрсө, ага экинчи бир киши намазда туруп “ярхамукаллоху” десе, намаздагы кишинин намазы бузулат.
Себеби бул сөз адамдардын бири-бирине кайрылган сөздөн болуп адамдардын сөзүнө окшоп калды. Мунун тескерисинде чүчкүрүүчү же чүчкүрүктү угуучу “Алхамдуу лиллах” десе айтууларга караганда адатта ал жооп эмес (бул маселеде пикир келишпестик бар. “Мухийт” деген китепте Абу Ханифадан (р.м.) риваят бар. Чүчкүргөн киши ичинде тилин кыймылдатпай, алхамду лиллах дейт эгер тилин кыймылдатса намазы бузулат).
و إن استفتح ففتح عليه في صالته تفسد
Эгер намазда кыраат кылып жатып, токтоп калса, башка киши ага эстетсе эстетүүчүнүн намазы бузулат, мунун мааниси намаз окуучу өз имамынан башка кишиге эстетсе, анткени бул үйрөтүү жана үйрөнүү болуп, адамдардын сөзүнөн болуп калат. “Мабсутда” намаздын бузулуусуна кайра-кайра эстетүүнү шарт кылган. Эгерде бир жолу гана эстетсе, намаз бузулбайт. Себеби эстетүү намаз амалдарынан эмес. Анын (эстетүүнүн) азы кечиримдүү “ЖамиъусСагийрде” (кайра-кайра эстетүүнү) шарт кылган эмес.
Анткени сөздүн өзү намазды бузуучу канчалык аз болсо да.
و ان فتح على امامه لم يكن كالما استحسانا
Истихсаний далил жактан эгер өз имамына эстетсе, намазды бузуучу сөздөрдөн болбойт. Анткени ал эстетүү имамдын намазын жөндөө үчүн болуп, маани жактан намаздын амалдарынан болуп саналат.
ءة َ و ينوى الفتح على إمامه دون القرأ
Имамына эстетүүнү ниет кылат, кыраатты эмес, бул туура, эстетүүгө уруксат берилген, кырааттан болсо тыйылган.
و لو كان االمام انتقل إلى اية أخرى تفسد صلوة الفاتح وتفسد صلوة اإلمام لو أخذ بقوله
Имам адашып, башка аятка өтүп кетсе, эстетүүчүнүн жана имамдын да намазы бузулат, имам эстетүүчүнүн сөзүн алса, жүктөөчү тараптан үйрөтүү – имам жактан зарылсыз үйрөнүү болгондуктан. Жүктөгөн кишиге эстетүүгө шашылбоосу милдет. Ал эми имам болсо анын эстетүүсүн күтпөө милдет. Убагы келсе, рүкү кылсын же башка аятка өтүп кетсин.
فلو اجاب في الصلوة رجال بال اله اال فھذا كالم مفسد عند أبى حنيفة رحمه ﷲ و محمد رحمه ﷲ وقال أبو يوسف ال يكون مفسدا
Абу Ханифа жана Мухаммаддын (р.м.) пикирлеринде бир киши Алладан башка илах барбы? – десе намаздагы киши “Лаа илааха иллаллоох”деп жооп берсе, бул сөз эсебинде болуп намазды бузат. Имам Абу Юсуф (р.м.) намазды бузбайт деп айткан. Мындагы пикир келишпестик “лаа илаха иллалааху” ну айтуудан жоопту каалаган болсо, Абу Юсуф (р.м.) анын (лаа илааха иллалоохунун) сыйгасы (сөздүк орду) сана (мактоо) үчүн, ал айткан кишинин максаты менен өзгөрбөйт.
Түшүндүрмө: Лаа илааха иллаллону жооп иретинде айтса эле жооп болбойт дейт.

#108 17 April 2016 - 09:15
Эки Имам Абу Ханифа менен Имам Мухаммад (р.м.) албетте ал (намаз окуучу) сөздү жооптун ордуна колдонду.
Анын жоопко ыктымалы бар. Чүчкүргөн кишиге “ярхамука роббука” же суук кабар укканда намазда туруп, “Инна лиллахи ва инна илайхи роожиъун”- деп жооп бергенге окшош дешип, Абу Юсуф менен кайчы пикирде.
و إن أراد به اعالمه انه في الصالة لم تفسد باإلجماع
Эгер ушул келмени айтуу менен өзүн намазда экенин билдирүү болсо анда, намаздын бузулбастыгы талашсыз.
Анткени Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
إذا نابت احدكم نائبة في الصلوة فليسبح
“Силердин бириңер намазда турганда өзгөчө абал пайда болсо тасбих айтсын” деген.
ومن صلى ركعة من الظھر ثم افتتح العصر اوالتطوع فقد نقض الظھر
Ким болсун бешимден бир рекет окугандан соң асырды же нафилди баштаса, анда ал бешимди бузган болот. Себеби, анын башка намазды баштаганы анык болуп, бешимден чыгат.
و لو افتتح الظھر بعد ما صلى منھا ركعة فھى ھى و يجتزئ بتلك الركعة
Бешимди бир рекет окугандан кийин кайра эле бешимди ниет кылып баштаса, мурдагы окуган рекет бешимге өтөт.
Анткени ал өзү окуп турган намазды кайра эле ниет кылды.
Ниети бекер болуп, баштагы ниети ниет бойдон калат.
و إذا قرأ اإلمام من المصحف فسدت صالته عند أبى حنيفة رحمه ﷲ و قاال ھى تامة
Абу Ханифада (р.м.) имам намазда Куранга карап окуса, намазы бузулат. Эки имамда Мухаммад жана Абу Юсуфдун (р.м.) пикирлеринде намаз толук болот, себеби кыраат жана
зикир кылуу ибадаты экинчи бир (Куранга кароо) ибадатына кошулду.
اال انه مكروه
Бирок мындай көрүнүш макрух, себеби бул амал ахли китептин (христиан еврейлердин) кылганына окшогондуктан. Абу Ханифанын (р.м.) пикиринде Куранды көтөрүп туруу ага кароо, барактарын барактоо, амали касир (намаздын ичинде пайдасыз көп амал кылган) болуп саналат.
Себеби жогорку амалдар Курандан үйрөнүү болуп башка бирөөдөн үйрөнгөнгө окшоп калат. Экинчи (бирөөдөн үйрөнүү) далилине караганда Куранды көтөрүп туруу же аны нерсенин үстүнө коюп окуунун ортосунда айырма жок (нерсенин үстүнө коюлган же көтөрүлгөн курандан барактабай окуса да намазы бузулат (анткени намазда туруп башка бирөөдөн үйрөнгөн болду). Оболгу (далилге караганда) экөөсү (Куранды көтөрүп туруу менен нерсенин үстүнө коюп окуу), айырмаланды (эгер Куранды көтөрбөй нерсенин үстүнө коюп барактабай окуса намазы бузулбайт.
و لو نظر إلى مكتوب و فھمه فالصحيح انه ال تفسد صالته باإلجماع Намаздын ичинде жазылган жазууга карап, аны түшүнсө, туура риваятка караганда намазы бузулбайт, бул талашсыз.
Мунун тескерисинде бир киши ант берсе, баланчанын китебин окубаймын, деп аны карап түшүнсө эле анты Имам Мухаммаддын (р.м.) пикиринде сынат, анткени окуудан максат – түшүнүү. Ал эми намаздын бузулуусу намазда пайдасыз көп амалды кылуу менен болот бул жерде андай болгон жок.
و إن مرت امرأة بين يدى المصلى لم تقطع الصالة
Эгер намаз окуган кишинин алдынан аял өтүп кетсе намазы бузулбайт.ال يقطع الصالة مرور شئ
Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) намаз окуучунун астынан бир нерсенин өтүүсү намазды бузбайт деп айтканы далил бирок өтүүчү киши күнөкөр болот.
لو علم المار ين ّ بين يدى المصلى ماذا عليه من الوزر لوقف اربع
Жана да Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
“Намаз окуучунун алдынан өтүүчү канчалык күнөөкөр болушун билгенде, кырк мөөнөт (күнбү айбы жылбы ал айтылган эмес) токтоп турмак” деген. Өтүүчү сажда кыла турган орундан өткөн мезгилде күнөөкөр болусу айтылды.
Өтүүчү менен намаз окуучунун ортосунда тосмо болбосо.
Секичекде (тапчанда) намаз окуп жатканда, өтүүчүнүн мүчөсү намаз окуучунун мүчөсүнө барабар болсо, өтүүчү күнөөкөр болот.
و ينبغى لمن يصلى في الصحراء ان يتخذ امامه سترة
Ачык жерде намаз окуган киши алды жагына сутра
(тосмо) коюусу милдет. Себеби, Пайгамбар (саллаллоху
алейхи васаллам):
إذا صلى احدكم في الصحراء فليجعل بين يديه سترة
“Силердин кай бириңер ачык жерде намаз окуса бет маңдайына тосмо койсун” деген. Тосмонун көлөмү бир чыканак же андан бийигирээк болсо да жарайт. Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
أيعجز احدكم إذا صلى في الصحراء أن يكون امامه مثل مؤخرة الرحل
“Силердин кай бириңер ачык жерде намаз окуса, асты жагына ээрдин артычалык нерсени коюуга алы келбейби?! ”
деп айткан.
وقيل ينبغى أن يكون في غلظ األصبع
Тосмо манжа жоондугудай болуусу милдет деп да айтылат, анткени, андан ичке болсо, алыстан караган кишиге көрүнбөй тосмо коюудагы максат ишке ашпай калат.
و يقرب من السترة لقوله عليه السالم من صلى الى سترة فليدن منھا Намаз окуган киши тосмого жакын турат. Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам): “Ким тосмого карап намаз окуса, ага жакын турсун” деген.
و يجعل السترة على حاجبه االيمان أو على االيسار
Тосмону оң же сол кашынын тушуна коёт. Бул боюнча хадис келген. Өтүүчү жок болсо же жолго бет алып, намаз окубаса анда тосмо койбой койсо да болот.
سترة اإلمام سترة للقوم
Имамдын тосмосу коом үчүн да тосмо болуп саналат.
Себеби, Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) Меккенин Бутаха деген жеринде намаз окуп, астындагы аназага (учу темир менен капталган таякка) карап намаз окуган. Коомдо тосмо болгон эмес.
و يعتبر الغرز دون االلقاء والخط
Тосмону жерге сайып коюу тосмо деп этибарга алынат, аны таштап (жерге жаткырып) же сызык сызып коюу тосмо деп этибарга алынбайт, себеби таштап (жерге жаткырып) коюуда максат ишке ашпайт.
و يدرأ الماراذا لم يكن بين يديه سترة او مر رة ّ بينه وبين ست
Намаз окуучунун астында тосмо болбосо же тосмо болуп, аны менен намаз окуучунун алдынан өтмөкчү болсо, өтүүчүнү намаз окуучу тосуп өткөрбөйт. Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
فادرؤا مااستطعتم
“Алыңардын жетишинче арекет кылып, астыңардан өтүүчүнү токтоткула деген”.
ويدراء باالشارة
Ишарат кылып да токтотот. Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) Умму Салиманын уулун ишарат кылып токтоткон.
او يدفع بالتسبيح لما روينا
Же тасбих айтып тосот, биз риваят кылгандай.
ويكره الجمع بينھما
Экөөнү (тасбих айтуу менен бирге ишарат кылуу) макрух.
Экөөнүн бири эле өтүүчүнү тосууда жетиштүү болгондуктан.

#109 18 April 2016 - 05:03
"Аль-Хидая"
фикх китеби темасы менен бириктирилди.
Ibragim06, маңызы окшош тема. Ошондуктан ушул темада улантыңыз.

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#110 18 April 2016 - 15:44
فصل Намаздагы макрухтар бөлүмү
و يكره للمصلى ان يبعث بثوبه او بجسده
Намаз окуган киши намазда кийими же денеси менен ойноосу макрух. Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
ان ﷲ تعالى كره لكم ثلثا وذكر منھا العبث فى الصلوة
“Акыйкатта Алла Таала үч нерсени силер үчүн жек көрдү” деп анын ичинен намазда ойноону айтат. Анткени намаздын сыртында ойноо арам болгон соң, ал эми намаздын
ичиндеги оюнга эмне дейсиң. الحصا يقلب وال намаз окуп жатып таштарды бир жерден экинчи жерге жылдырбайт. Бул да ойноонун бир түрү.
إال ان ال يمكنه من السجود فيسويه مرة
Бирок сажда кылууга мүмкүн болбосо, бир ирет таштарды тегиздесе болот.
مرة يا اباذر واال فذر
Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) (таштарды) бир жолу жылдыр: “Эй Абу Зар болбосо жөн кой” дегендиктен.
Себеби, мындай кылуу намазды жөндөө болуп саналат.
وال يفرقع اصابعه لقول عليه السالم ال تفرقع أصابعك وانت تصلى وال يتخصر
Манжаларын кырсылдатпайт, анткени Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам): “Намаз окуп жатканда манжаларыңды кырсылдатпа” деген. Белине таянбайт ал, дегени колун белине коюп таянып туруу. Себеби, Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) намазда колун белине коюп туруудан тыйган, колду коюуну сүннөт жолунда аткарбагандыктан.
وال يلتفت
Кылчактап эки жакка карабайт.
لو علم المصلى من يناجى ما التفت
Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) “Эгерде намаз окуучу ким менен мунажат (жашыруун сырдашуу же аңгеме) кылып жатканын билсе, бетин эки жакка түк бурмак эмес” деген.
ولو نظر بمؤخر عينيه يمنة ويسرة من غير ان يلوى عنقه ال يكره
Эгер, мойнун оңго солго бурбастан көзүнүн кыры менен караса макрух эмес. Себеби, Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) намазда сахабаларга көзүнүн кыры менен байкоо жүргүзүп турган
وال يقعى وال يفترش ذراعيه
Көчүгүн жерге койуп олтурбайт жана чыканактарын жерге төшөп да албайт. Абу Зар айткан: досум мени үч нерседен тыйды: саждада короз жем чокугандай башын бат коюп бат көтөрүүдөн, иттин олтурганы сыяктуу олтуруудан жана түлкүчө колун чыканактарын жерге жаткыруудан ит олтуруу деген көчүгүн жерге коюп, тизелерин жерге тиреп алуу. (Ушул көрүнүштө олтурууну ит олтуруш деп айтуу) бул туура.
وال يرد السالم بلسانه وال بيده
Намазда саламга тили менен жооп бербейт, себеби ал да, сөз. Колу менен да, жооп бербейт. Анткени ал да, маани жактан салам болуп саналат. Жада калса саламдашуу ниети менен кол алышып көрүшсө намазы бузулат.
وال يتربع اال من عذر
Малдаш уруп олтурбайт. Бирок, бир себеп, менен гана малдаш уруп олтурса болот. Анткени андай олтурууда сүннөт аткарылбай калып калат. وال يعقص شعره
Намазда чачын топтобойт. Ал деген чачын төбөсүнө топтоп жип же созмо менен жазылып кетпес үчүн байлоо.
وال يكف ثوبه
Кийимин жыйбайт (жерге тийип калбас үчүн) себеби бул дагы текеберчиликтин бир көрүнүшү.
وال يسدل ثوبه
Кийимин жерге сүйрөлтүп да албайт. Анткени Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) кийимди жерге сүйрөлтүүдөн тыйган. Жерге сүйрөө деген кийимин башына жана эки ийинине таштап эки жагын бош коёт, жерге жеткенге чейин (желбегей деп да айтышат).
وال يأكل وال يشرب
Жебейт, ичпейт себеби бул намаз амалдарынан эмес.
فان اكل او شرب عامدا او ناسيا فسدت صالته
Эгер атайлап же эсинен чыгып жеп же ичсе, намазы бузулат. Анткени бул (жеп ичүү) амали касир (пайдасыз көп амал кылган болот) намаз учуру болсо кандай амал болуп жатканын эстетүүчү.
وال بأس بان يكون مقام االمام فى المسجد وسجوده فى الطاق ويكره ان يقوم فى الطاق
Имам мечиттин ичинде туруп мехрабка сажда кылса болот. Толук денеси менен мехрабтын ичине кирип туруусу макрух, христиан еврейлердин кылыгына окшойт имамды орунга чектөө жагынан, тескерисинче имам михрабка сажда кылса, эч кандай зыяны жок.
ويكره ان يكون االمام وحده على الدكان
Имам өзү жалгыз, секичекте туруусу макрух жогоруда айтып өттүк.
وكذا على القلب
Ошондой эле имам коомдон төмөн жерде туруусу ачык риваятта макрух. Анткени, ал имамды урматтабагандыкка жатат.
وال بأس بان يصلى الى ظھر قاعد يتحدث
Кыблага карап сүйлөп олтурган кишинин артында намаз окуса болот. Себеби, Ибн Умар (р.з.) кээ бир сапарында Нафи деген кулун кыбла жака тосмо катарында олтургузуп, артында намаз окуган.
وال بأس بان يصلى وبين يديه مصحف معلق او سيف معلق
Намаз окуп жатканда бет маңдайында Куран же кылыч илинип турса зыяны жок. Анткени ал экөөнө ибадат кылынбайт. Ибадатты этибарга алуу менен макрух болот.
وال بأس بان يصلى على بساط فيه تصاوير
(Жандуу нерсенин) сүрөтү түшүрүлгөн килемдин үстүнө намаз окуса болот. Себеби, килемдин үстүнө намаз окуу менен сүрөттөрдү кордогондук болот.
وال يسجد على التصاوير
Сүрөттөрдүн үстүнө сажда кылбайт. Сүрөткө ибадат кылганга окшобош үчүн. “Мабсут” китебинде сүрөткө сажда кылсын-кылбасын жалпы эле макрух деген, анткени жайнамаз башка килемдерге караганда урматтуу болуш керек.
ويكره ان يكون فوق رأسه فى السقف او بين يديه او بحذائه تصاوير او صورة معلقة
Намаз окуучунун башынан жогору, үйдүн ички төбөсүндө же бет маңдайында же эки жанында сүрөттөр же бир сүрөт асылып турса, макрух. Себеби, хадисте Жабраил а.с. биз ит жана сүрөттөрү бар үйгө кирбейбиз деп айткан.Эгерде сүрөт кичине болуп караган кишиге көрүнбөсө макрух эмес. Анткени. кичине сүрөткө ибадат кылбайт.
واذا كان التماثل مقطوع الرأس فليس بتمثال
Эгер, эстеликтин башы кесилген же өчүрүлгөн болсо, анда ал эстелик болуп саналбайт. Себеби, башы жок сүрөткө ибадат кылынбайт. Бул кадимки эле чырак менен шамга карап намаз окуган сыяктуу болуп калат (шам менен чыракка карап намаз окууда да талаш тартыш бар).
(Очокто же дандырда от күйүп турганда ошол отко карап намаз окуу макрух).
ولو كانت الصورة على وسادة او على بساط مفروش ال يكره
Эгерде, сүрөт жерге ташталган жастыкта же жерге төшөлгөн килемде болсо макрух эмес. Себеби. жастыкка сүйөнүлөт, килем басылып тепселет. Бирок, жастыкты тике кылып койсо же сүрөт пардада болсо анда сүрөттөрдү урматтаганы үчүн макрух болот. Эң катуу макрух сүрөттүн намаз окуган кишинин алдында, анан төбөсүндө анан оң жагында анан сол жагында анан артында болуусу.
ولو لبس ثوبا فيه تصاوير يكره
Сүрөттөрү бар кийим кийүү макрух, анткени ал бутту көтөрүп жүргөн кишиге окшоп калат. Жогорку көрүнүштүн бүт баарында намаз намаз болуп саналат намаздын шарттары аткарылган үчүн. Мындай намазды макрух жагынан эмес этият жактан кайтарып окулат. Бул (этият жагынан намазды кайтарып окуу) өкүмү карахият (макрух жолунда) окулган бардык намаздарга тиешелүү.
وال يكره تمثال غير ذى روح
Жансыз нерсенин эстелиги макрух эмес. Себеби жансыз нерсенин сүрөтүнө сыйынылбайт.
وال بأس بقتل الحية والعقرب فى الصلوة
Намазда жыланды же чаянды өлтүрүү намазга зыяны жок.
اقتلوا االسودين ولو كنتم فى الصلوة
Анткени Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам):
“Намазда турсаңар да эки караны тактап айтканда жылан менен чаянды өлтүргүлө” деген. Себеби, мында намаздан алек болуп калууну жок кылат. Бул кадимки намаз окуган кишинин алдынан өтүүчүнү кайтарганга окшоп калды. Биз риваят кылган хадистин негизинде жыландын жалпы бардык түрүн өлтүрсө болот.
ويكره عد االى والتسبيحات باليد فى الصلوة
Намазда аят тасбихтерди кол менен саноо макрух.
Ошондой эле сүрөлөрдү саноо да макрух намаз амалдарынан болбогондуктан. Абу Юсуф менен Мухаммаддын (р.м.) пикирлери парз жана нафил намаздарга кырааттын сүннөтүн сактап жана хадисте келген тартипке амал кылып, колу менен санаса болот дешет. Биз айтабыз намаздан башта санаса мүмкүн намазды баштагандан кийин саноого муктаж болбош үчүн.

Супер-Инфо
super.kg
видео