Көңүлүмдө Сырга азыр эле келе калуучудай болуп, тайенем менен таятамды бат эле аттанып кетишсе экен деп шашып турдум. Басыгы тынч деп тайенемди Акылай тайежемдердин тору бээсине мингизип,таятам мен жылоодон алып турган карагер быштынын жанына келип үзөңгүгө бут салды. Алар жары эле аттанып, үйдөн узаар-узабастан эле Айдабек жаныма келип, шыйпаңдап тура калды.
- Сырга эжем келатат.
Сырганы көрүп апкаарый түштүм. Менин көзүмө ал кечээгиден да сулуу, кечээгиден да келбеттүү болгонсуп көрүндү. Мен мынчалык жайнаган оттуу көздү мурда көрбөгөндөй өрөпкүй түштүм. Сырга менен эмне деп,кандай учурашаарымды билбей, жүрөгүм алеп-желеп болуп толкунданып кеттим.
- Мени келип кет дептирсиз, байке, - деди келип.
- Ракмат келгениңе.
- Эмнеге чакырдың ыз эле?
- Мен жазган катты окудуңбу?
- Жок байке, окуган жокмун.
- Эмне үчүн окуган жоксуң ?
- Окуганды билбейм.
Күтүлбөгөн сөздү угуп, оозум ачыла түштү.
- Эмне, такыр окуган жок белең мектептен?
Сырга колунда карман турган катты мыжыгылап жер тиктеп, телмире түшүп айыптуудай күңк этти.
- Окуган эмесмин. Мени эмнеге чакырдың ыз эле? - Кайталап сурады- Мына байке жазган катың ыз. - Колуна кармап турган кагазды сунду.
- Чынымды айтайынбы, ыя Сырга?
-Айтыңыз.
-Ачыгын айтсам көргүм келди. Кат билбегениң өкүнүчтүү экен. Окуган болсоң түшүнөт болчусуң. Билесиң би, түндө сени ойлоп уктабай чыктым.
-Кандайча? - Сырга жалтана кирпигин көтөрдү. ..
Ушул жерде биринчи жолу таанышып турушубуз, жашоодогу бардык ысык—суукту унутуп, мен Сыргадан башканы, Сырга менден башканы ойлобой толкуп турган бир ажайып бактылуу мүнөт болду. Оюмда ойлоп, келсе ушинтип айтайын деп түн бою көңүлүмдө бышырып, жат кылып алган жагымдуу сөздөр апкаруудан оозума келбей сүрдөнүп турган кезимде, Сырга манжаларын кырсылдата берип үн катты:
- Мен кетейип, байке.
Анын минтип бат эле кетип калаарын күтпөгөн жаным, дароо каруудан алдым.
- Эмне, тез эле кетип каласың бы?
- Кетпегенде эмне кылмак элем?
- Кой антпе, үйгө кирип бир аз сүйлөшүп отуралы. Мен сени менен атайын таанышайын, баарлашайын деп чакыргамын. Келе элек жатып эле кетем дейсиң да. Жүрү! Там үйгө кирели, - колтуктаганкалыбымда жетеледим. - Коркпо менден.
- Корккон жерим жок. Кирейин байке, бирок, көпкө олтура албайм. Өкүл энем менен өкүл атам жокто сиз менен олтурганымды Иса укса өлтүрөт мени.
Эч ким келбесе, эч ким көрбөсө, ал кишите ким айтмак эле?
- Билем, булардыкынан киши өксүбөйт. ..
Men Сырта менен сүйлөшүп отуруп, мектептен окубай калганын ойлоп,бул бечерада бир орду толбос өксүк бар экен деп, эчен-эчен Исага кандайча турмушка чыгып калганын сурайын деп,оозумду эптеп барып, сурай албадым. Сырганын тула боюна көзүм түшүп, тал чыбыктай боюн талый карап толуптурдум. Баарынан да мени суктандырган бир иш, анын эскилиги жетип, гүлдөрү өчүп бүткөн чыт көйнөгү менен байпагынын жыртылган жерине жамаачы салып, клей менен чаптагандай кылып, зымырайтып жик билгизбей жамап алганы, бир жеринде кири жок айдай тазалыгы келиндин ажарын арттырып турганы болду. Минин кумарлуу сугалак көзүмдү кайра-кайра өзүнө артып, арбап турган дагы бир ажайып көрүнүш, Сырганын көкүрөгү н тиреп турган бөдөнө тумшук мамагы.
Ичим эзилип, чыдай албай кеттим.
Мен сени сүйөм Сырга! - Эки колум менен эки колун кармап өзүмө тарттым.
-Жок, жок, коё бериң из, байке, уят эмсепи.
-Жок, уят эмес Сырга, сүйүүдө уят болбойт турбайбы. Сен үчүн бардыгына даярмын. Ишен, мындай махабатты башымдан биринчи жолу өткөрүп жатышым. - Мен кандай бутуна жыгылып,аягынан кучактап, жалынып жибергенимди өзүм да билбей калдым. - Секет кетейин алтыным, башым тартуу, өлтүрсөң койсоң өзүң бил. Мен сени сүйөм!
Сырга колумдан тартты.
- Туруңуз, байке, бирөө көрсө уят.
Ордумдан турдум.
- Өптүрүп койчу! - Кучагыма алдым.Сырга башын туш-тушка буруп, бошонууга аракет кылып жатты.
- Коё бериңиз байке!
Мен Сырганын сөзүн уккан да жокмун, коё дабербедим. Биринчи жолу аялзатына ээнбаштык кылдым. Анын каршылык көрсөткөнүнө болбой, кучагыма алып, жалынын-жалбарып, өпкө-жүрөгүмдү чаап, өпкүлөп жаттым. Али балалык наристе жыты кете элек бул периштениы илебине мас болуп, тула боюм коргошундай көлкүлдөп эрип турду.
Күч-кубаты толуп турган эр жигиттин зери да оңой эмес окшобойбу. Эмелеки үндөккө келбес кыргыйдай чыртылдапжаткан Сырганын кош
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 12 Апрель 2016 - 18:33