Суперстан: "АРМАН" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"АРМАН" Зуура СООРОНБАЕВА

#121 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Апрель 2016 - 18:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-А нда биз келгенче Айдайбек менен бол, - деди таятам. Кечигип калсак мал-салды киргизи п алгыла.

Көңүлүмдө Сырга азыр эле келе калуучудай болуп, тайенем менен таятамды бат эле аттанып кетишсе экен деп шашып турдум. Басыгы тынч деп тайенемди Акылай тайежемдердин тору бээсине мингизип,таятам мен жылоодон алып турган карагер быштынын жанына келип үзөңгүгө бут салды. Алар жары эле аттанып, үйдөн узаар-узабастан эле Айдабек жаныма келип, шыйпаңдап тура калды.

- Сырга эжем келатат.

Сырганы көрүп апкаарый түштүм. Менин көзүмө ал кечээгиден да сулуу, кечээгиден да келбеттүү болгонсуп көрүндү. Мен мынчалык жайнаган оттуу көздү мурда көрбөгөндөй өрөпкүй түштүм. Сырга менен эмне деп,кандай учурашаарымды билбей, жүрөгүм алеп-желеп болуп толкунданып кеттим.

- Мени келип кет дептирсиз, байке, - деди келип.

- Ракмат келгениңе.

- Эмнеге чакырдың ыз эле?

- Мен жазган катты окудуңбу?

- Жок байке, окуган жокмун.

- Эмне үчүн окуган жоксуң ?

- Окуганды билбейм.

Күтүлбөгөн сөздү угуп, оозум ачыла түштү.

- Эмне, такыр окуган жок белең мектептен?

Сырга колунда карман турган катты мыжыгылап жер тиктеп, телмире түшүп айыптуудай күңк этти.

- Окуган эмесмин. Мени эмнеге чакырдың ыз эле? - Кайталап сурады- Мына байке жазган катың ыз. - Колуна кармап турган кагазды сунду.

- Чынымды айтайынбы, ыя Сырга?

-Айтыңыз.

-Ачыгын айтсам көргүм келди. Кат билбегениң өкүнүчтүү экен. Окуган болсоң түшүнөт болчусуң. Билесиң би, түндө сени ойлоп уктабай чыктым.

-Кандайча? - Сырга жалтана кирпигин көтөрдү. ..

Ушул жерде биринчи жолу таанышып турушубуз, жашоодогу бардык ысык—суукту унутуп, мен Сыргадан башканы, Сырга менден башканы ойлобой толкуп турган бир ажайып бактылуу мүнөт болду. Оюмда ойлоп, келсе ушинтип айтайын деп түн бою көңүлүмдө бышырып, жат кылып алган жагымдуу сөздөр апкаруудан оозума келбей сүрдөнүп турган кезимде, Сырга манжаларын кырсылдата берип үн катты:

- Мен кетейип, байке.

Анын минтип бат эле кетип калаарын күтпөгөн жаным, дароо каруудан алдым.

- Эмне, тез эле кетип каласың бы?

- Кетпегенде эмне кылмак элем?

- Кой антпе, үйгө кирип бир аз сүйлөшүп отуралы. Мен сени менен атайын таанышайын, баарлашайын деп чакыргамын. Келе элек жатып эле кетем дейсиң да. Жүрү! Там үйгө кирели, - колтуктаганкалыбымда жетеледим. - Коркпо менден.

- Корккон жерим жок. Кирейин байке, бирок, көпкө олтура албайм. Өкүл энем менен өкүл атам жокто сиз менен олтурганымды Иса укса өлтүрөт мени.

Эч ким келбесе, эч ким көрбөсө, ал кишите ким айтмак эле?

- Билем, булардыкынан киши өксүбөйт. ..

Men Сырта менен сүйлөшүп отуруп, мектептен окубай калганын ойлоп,бул бечерада бир орду толбос өксүк бар экен деп, эчен-эчен Исага кандайча турмушка чыгып калганын сурайын деп,оозумду эптеп барып, сурай албадым. Сырганын тула боюна көзүм түшүп, тал чыбыктай боюн талый карап толуптурдум. Баарынан да мени суктандырган бир иш, анын эскилиги жетип, гүлдөрү өчүп бүткөн чыт көйнөгү менен байпагынын жыртылган жерине жамаачы салып, клей менен чаптагандай кылып, зымырайтып жик билгизбей жамап алганы, бир жеринде кири жок айдай тазалыгы келиндин ажарын арттырып турганы болду. Минин кумарлуу сугалак көзүмдү кайра-кайра өзүнө артып, арбап турган дагы бир ажайып көрүнүш, Сырганын көкүрөгү н тиреп турган бөдөнө тумшук мамагы.

Ичим эзилип, чыдай албай кеттим.

Мен сени сүйөм Сырга! - Эки колум менен эки колун кармап өзүмө тарттым.

-Жок, жок, коё бериң из, байке, уят эмсепи.

-Жок, уят эмес Сырга, сүйүүдө уят болбойт турбайбы. Сен үчүн бардыгына даярмын. Ишен, мындай махабатты башымдан биринчи жолу өткөрүп жатышым. - Мен кандай бутуна жыгылып,аягынан кучактап, жалынып жибергенимди өзүм да билбей калдым. - Секет кетейин алтыным, башым тартуу, өлтүрсөң койсоң өзүң бил. Мен сени сүйөм!

Сырга колумдан тартты.

- Туруңуз, байке, бирөө көрсө уят.

Ордумдан турдум.

- Өптүрүп койчу! - Кучагыма алдым.Сырга башын туш-тушка буруп, бошонууга аракет кылып жатты.

- Коё бериңиз байке!

Мен Сырганын сөзүн уккан да жокмун, коё дабербедим. Биринчи жолу аялзатына ээнбаштык кылдым. Анын каршылык көрсөткөнүнө болбой, кучагы­ма алып, жалынын-жалбарып, өпкө-жүрөгүмдү чаап, өпкүлөп жаттым. Али балалык наристе жыты кете элек бул периштениы илебине мас болуп, тула боюм коргошундай көлкүлдөп эрип турду.

Күч-кубаты толуп турган эр жигиттин зери да оңой эмес окшобойбу. Эмелеки үндөккө келбес кыргыйдай чыртылдапжаткан Сырганын кош

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 12 Апрель 2016 - 18:33


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Апрель 2016 - 18:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

билеги мойнума кандай артылып, кандай жабыша түшкөнүн баамдашымча өзү да билбей калды...

Ушул күн, ушул мүнөттөн баштап Айчүрөк менин көзүмө, аялзатынан чыккан бир кунары жок чобуру болду да калды.Ойлогонум да Сырга, эстегеним да Сырга, сагынганым да Сырга. Аны айда көрсөм айлык, жылда корсом жылдык кубат алып ракатка бата турган болуп кеттим. Сырга да менден өткөн махабаттын кулу. Ал жылуулукту да, ракаттыда жалгыз гана менден алып, мен үчүн жашап жүргөндөй сезилет мага. Ооба, анын сүйүүсү да, үмүтү да менмин.

Исадан кандай айла таап Сырганын башын бошотууну ойлогонумда мен үчүн таң атса кеч кирбей, кеч кирсе таң атпас болуп кетти. Жарашыктуу жакшы кийим кө рсөм да Сырганы эстеп, ошого алгым келип ыктытам да турам. Ал эми тамак ичип жатып аны эстегенимде ичкен ашым кекиртегиме токсон түйүлүп өтүүчү болду.Бир жолу Биринчи майдын алдында сельпонун башкармасы болуп иштеген досумдан бир жакшы кымбат баалуу көйнөк алып, Сыргага белек кылдым. А дегенде аябай сүйүндү. Анан мен Сырга кийбейм десе болбой жатып, таятам менен тайенемдин жоктугунан пайдаланып, баякы там үйгө ээрчитип кирип кийгизип көрдүм. «Адамдын көркү чүпүрөк, жыгачтын көркү жалбырак» дегендей, Сырга менин көзүмө «Ай десе аркы жок, күн десе көрку жок» периштедей болуп, мурдагыдан да сулуу көрүндү. Эки жагын айланта карап, этек-жеңин кармалап туруп, улутунуп алды.

- Бул көйнөктүүйдөгүлөр кайдан алдың десе, мен эмне дейм ыя Султан?

- Сатып алдым де.

- Акчаны кайдан алдың десечи?

- Анысы да бар, - дедим Сыргадан бетер санаага батып. - Эмне кылыш керек, ыя?Эгерде сен, көйнөктү көрсөт пөй катып коюп, Исадан көйнөк алам, деп акча сурап көрбөйсүңбү. Ак көңүлү кармап берип калса, «сен берген акчага сатып алдым» десеңчи.

- Баары бир көйнөктү Иса менен жашап туруп кийе албайм. Өз аялыңа эле алып барып берчи. Ракмат, мен таарынбайм, Султан.

«Аялың а» деген сөздү угуп, селт дей түштүм.

- Мен бул көйнөктү аялыма эмес, сага арнап алгамын. Сен кийишиң керек...

«Алтын табылса тү йөргө туйүнчөк табылбайт» дегендей,мен кеткенден кийин, баягы багы байланган көйнөктү үйүнө батыра албай, акыры тайенеме алып келип каттырыптыр. Кийин уксам маркум тайен ем, бир жолу да «Бул көйнөктү кайдан алдың , ким алып берди эле?» деп сураган эмес экен. Эми ойлосом, мен аркылуу көйнөк экенин билип, уялтпайын десе керек, кайран киши.

Бирок, бул көйнөк жөнүндөгү чатак өз үйүмдө болду. Ошол күнү мени колхоздун башкармасы чакырып кеңсаларга кеткемин. Аскерден келгени ыктуу жумуш табылбай эч жерде иштей элек болчумун. Жаман оюмда, Сырганы алып, тез алыскы райондорду н бирине кетүүнү максат кылып жүргөмүн. Ошол мезгилде биздин колхозго жаңы «Полуторка» автомашинасы бөлүнгөндүктөн, ал машинаны мага бере тургандыгын башкарма ошондо эле айткан. Мени, кеңсаларга чакыргандагы себеби да ошол машина жөнүндө экен. Бардык документтери бүтүп, барып эле айдап келе турган жумушу калыптыр. Сыягы машинанын келгенин укса, мени сүйүнөт деп ойлошсо керек активдер. Бирок, алар ойлогондой мен сүйүнгөн жокмун. Эгерде мен машинада иштеп, башым байланып калса, Сырганы алып эч жакка кете албачудай болуп, эмне кылаарымды билбей Туюкка капталып турдум. Анан тээ бир оокумда кепке келдим:

- Мен өз кесибим боюнча иштешим керек. Түштү ккө барып иштеп келсемби деп жатам. - Ырас эле мындан эки күн мурда аскерде бирге болгон майдандаш досумдан кат алган болчумун. Баса, сен деле билесиң да Ашыке, баякы алайлык Эргешаалыны, согуштан келээри менен аны оз колхозуна раис кылып шайлашыптыр. Ошол дос, бизге келип иште деп кат жазган болуучу.

Башкарма мени мурчуя карады.

-Ой жолуң болсун сенин. Канча жылы жүрдүң деги, үй көрбөй. Ал го моюндагы милдет болуучу. Анда кеп жок. Эми элге аман-эсен келип, эл-жерден, үй-бүлөдөн сагынычың тарай электе Алайга сага суутуп коюптурбу. Алыска кетишиңд и ата-энең деле эп көр ө койбос. Бухгалтериядаорун жок болуп жатпайбы. «Тиги тоонун , бул тоонун башын самаган эчки ачка өлүптүр» дегендей„ кереги эмне. Убактылуу ма­шинаайдаптур. Шофёр жок айлабыз кетип жаткан ып көрүп туруп кыжаалат кылып турган жоксуңбу. Айдай турган киши жок деп, машина ал байкалсак, уят да. Келгенден бери жакшы эле эс алдың . Алсыраган чарбаны калыбына келтирүү баарыбызды н милдетибиз, баатыр. Бишкектеги шофёрдук курска жиберүүгө ылайыктуу адам болбой жатат. Көрдүңбү, биз кандай абалга жеттик. Курстун эмки айланпасында жашы жеткен жаштардан мектептен тандап жиберүүгө араке т кылабыз.

Олтурган адамдар мага суктана карашат:

- Сен шофёрдук курсту ырас армияда жүргөндө бүткөн экенсиң. Машина айдоо да өзүнчө чоң өнөр эмеспи, - деди карыя чабарман. - Шопур болуу да сыймык уулум. «Бирөөнүн жеринде Султан болгончо, өз элиңде ултан бол» деген сөздү уктуң беле балам?

- Билем ата!

- Билсең ошол.

Ары кетип, бери кетип олтуруп акыры башкарманын сөзүнө макул болдум. Ошондо да кыялым кымкуут болуп, эс-дартымдын баары Сыргада. Көңүлүмдө эми мурдакыдан да тез-тез көрүшүп турабыз деп ойлоп кубанычка батып келатып, үйгө кандай жеткенимди билбей калдым. Ой кайран жаштык, кайран жаштык.

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 12 Апрель 2016 - 18:40


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Апрель 2016 - 18:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Аялымды көрүп демим сууй түштү. Ал мени, жеп жиберчүдөн бетер, алая тиктеп, эшик алдында алдымды тосуп туруп калды.

- Кайда жүрдүң?

- Башкармада болдум. Эмне болуп кетти?

- Атаңдын башы болуп кетти.

Мен мурда-кийин аялымдан мынчалык орой, жагымсыз сөздү уга элек болчумун. Оозума сөз кирбей, төбөмдөн ылдый кимдир бирөө муздак суу куюп жибергенсип денем муздап, жүрөгүм кысыла түшүп бир дирт этип алды.Тилим да буула түштү. Тээ бир оокумдан кийин гана эсиме келе түштүм:

- Атадан айлангыр, эмне деп былжырап жатасың? Денин сообу деги?

- Дендин балакетин ал, көйнөк кайда?

- Эмне көйнөк? - Эчтеке түшүнгөн жокмун.

- Сельподон алган көйнөк?

Эсиме ошондо келдим.

- Ким айтты аны?

- Сага көйнөктү ким берсе, ошол киши айтты. Алар жанараак дүкөнчүнүкүнө конокко барышыптыр. Мага «Көйнөгүңдү качан жууйсуң? » дейт. «Эмне кө йнөк» десем, мына бул аяшың кийип турган көйнө ктүн түгөйүн Султан сага алып кетпеди беле.

Ошо ну айтып жатам, - Айчүрөк мени менен кармашуу чудай болуп көкүрөккө түрттү. - Өлүгү ңдү көрөйүн дөбөт, билем сени.

Айчүрөк мени түртүп жиберди.

- Эмне түртөсүң?Эм немди билесиң? Сенин каныңдын басымын текшерейин деп, тим эле тамаша кылса керек, Сейитказы.

- Сейитказы мени менен тамашалашып жүрдү беле, болгонду айтты да. Бардыгы район боюнча беш көйнөк келген тура. Эсебине чейин билдим. Бирин өз аялына, бирин сага, калган үчөөн райондун жетекчилерине бериптир. Айт, кайсы ойношуңа алып барып бердиң? Сенин бузулуп жүргөнүңдү мени билбейт деп турасыңбы! «Кудайды көзуң менен көрбөсөн акылың менен тааны» дегендей, мени эчнерсени аңдабаган, эч нерсени түшүнбөгөн макоо деп турасыңбы. Кийинки учурда таанылгыс болуп өзгөрүп кеттиң. Төшөккө жатсаң, терс карап жатасың. Мурда эле кокуй элең, азыр андан жаман, алат күн болдуң. Мен сенин аялың катары, эркектик мээримиңди көрбөй калдым. Эркүнгүлдү да мурдагыдай сагын бай, эркелетпей ба- ратасың.

- Энеңди урайын эшек,сенден башка катыным, Эркингүлдөн башка кызым бар беле?! Мен эч кимден, эч кандай көйнөк алган жокмун, көргөн да жокмун. Айттым го, тим эле тамаша кылып жатса керек деп.

- Актанба-а- а, актанба-а-а! - Айчүрөк үнүнүн бардыгынча кыйкырып, жулкулдата баштады. - Мен анын кыялына чыдабай жаакка чаап, түртүп жибердим.

Ал ачып көздү жумганча болбой, тышка жүгүрүп чыгып, туз баштыкты көтөрүп кирип, ичиндеги тузду таштекке көңтөрө төгүп, алдыма койду.

-Актыгыңды бер. Сий тузга.

-Актыкты бергенде тузга сийеби?! - Ачуума чы­дабай калчылдап кеттим.

-Ак болсоң сийесиң да. Же, куран кармайсыңбы?

-Эшек, сага жин тийип турабы? Өлүп калып жүрбө байкуш.

- Өлтүрө турган сен, өлө турган мен экенмин да. «Уурусу күч болсо,ээси өлөт» деген ушул. Же досуң менен беттешесиңби. Алар али кете элек. Жүрү! - Мени сүйрөдү.

Ушул саамда менин оюма көйнөк да, Сырга да келбеди. Ачуумду ашырып, акылымды алып турган бир иш Айчүрөктүн алдыма тарткан табагы болду. Мен аны кандай чачтан алганымды, кандай тепкилеп, кандай урганымды өзүм да билбей калдым. Анын бир жери сынып кетет экен, же талуу жерге ачуум менен тээп жиберип өлүп кетет экен деп да ойлонгон жокмун. Колума ялыма канчалык тийген сайын, муунум ошончолук титиреп, өзүмдү өзүм токтото албай кеттим. А Айчүрөк болсо, дагы эле тилин тартпай, үнүнүн бардыгынча чаңырып жер-сууну бузуп, канатын жулган тооктой бут алдымда тырпырап жатты.

Качан гана биздин ызы-чууну угуп тыштан апам менен атам киргенде Айчүрөктүн чачына карышкан колумду зорго чыгарып, маңдайдан аккан териме жабышып, көзүмө түшүп кеткен чачымы колум менен кайырган болуп,басып кеттим. Атам мага алая карап, ачуулу бурк этти:

- Бул эмне деген чатак, эмне деген уруш?

- Бул шерменде, тетигил жерде турган табактагы тузду мага эмне үчүн алып келгенин сурагылачы мурда?

Энем үрпөйө түштү.

- Э катыгүн, ал эмне болгон туз эле кокуй?

Аялым ордунан тура албай жатып өкүрүп-өксүп ыйлап кирди кайнене, кайнатасына даттанып:

- «Эшектин күчү ад ал. сүтү арам» деген ушул. Кайран гана талаага кеткен жети жылдык эмгегим. Мен Султан деп жашап, Султан деп жүрбөдүм беле. Мен муну ушун үчүн , уу тилин угуп, таягын жеш үчүнкүттүм беле?!

-Эй, малгун бизге түшүндүрчү, - деди атам муруту сербейип,мынчалык кордук көрсөтүп ургандай, Айчүрөктүн эмне күнөөсү бар? Келгениң эки айдан ашты, эрке балача алчаңдатып отурат. Баардык түмөн түйшүктүн баары, дагы эле Айчүрөктүн мойнунда. Бир короо кишинин эмне ичип, эмне жеп жатканын билип жатасыңбы деги. Эмне, согуш батышта болуп, батыш менен эле кетти деп турасыңбы. Бул жакта турмуш, жашоо алжактагыдан жеңил болуптурбу, ыя ит?! Адам эмгегин баалаш керек. Азыр алган жардан, үй-бүлөдөн, эл-журттан ысыгың сууп, кусалык кумарың

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 12 Апрель 2016 - 18:49


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Апрель 2016 - 18:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

тарай элек. Тим эле душманды жалгыз сүрүп, жалгыз кыйратып келгенсиген акмак.

Экинчи Айчүрөккө кол көтөргөнүңдү көрбөйүн, уктуңбу?

А энем болсо мага жаман да айтпады, жакшы да айтпады. Бөжөңдөп Айчүрөктүн жашын сүртүп, жоолугун оңдоп салып, жалынып жатты.

- Секет кетейин, тур. «Койдуу катын куйрук жейт, эрлүу катын таяк жейт» деген ушул. Султан деле акылы жок жинди эмес эле, ачуусуна тийип койгонсуң го, балам. Тигил табактан төгүлүп жаткан эмне туз эле? Султандын сөзүнө караганда чатагыңар туздан чыккан го. Ачуунун төгүлүп- чачылганы жаман болуучу эле катыгүн. ..

Чатак ушуну менен пас-пас болду да калды.

Сырга менен таанышкандан бери аялыма бой салбай, кучагым катынга толбой жүргөн арманым башымдан ашып кетти. «Көнөкт өн үрккөн бээ жаман. төшөкт өн үрккөн эр жаман» дегендей, көңүлүмдөгү тутана албай жаткан-отко суу сепкен немедей болуп, баякы туздан кийин Айчүрөккө болгон анча-мынча мээримим биротоло өчтү да калды.

Ошондон көп өтп өй колхозго бөлүнгөн «Полуторканы» айдап келдим. Үйдөн эрте кетип кеч келем. Кээде келбей да калам. Мен эми үйдө күткөн аялым бар экен деп ойлобойм. Мен үчүн өз үй, өлөң төшөгүмдөн жыл ан чыккансып, жумуштан чыкканда бутум алдыга шилтенбе й, артка шилтенип, мойнумдан бироо байлагансып, кежигем керт тартат да турат. Бирок, кандай болсо да, агам менен апам үчүн, кызым үчүн келишим керек. Алар мени санааркап күндү күн дебей, түндү түн дебей күтөөр үн кантип билбейин. Ушундай күндөрдүн биринде Айчүр ктүн боюнда бар экенин көрүп, жүрөгүм болк дей түшт ү Чын ымды айтсам, андан балалуу болууну каалабай турдум.«Жаман катын тубанак» деген ушул экен деп ойлодум. Чындыгында эле «акылы жок аялдын багы бала “ болот экен.

Машинага олтургандан бери, Сыргага күндө барбасам да тайенем менен таятамды шылтоолоп, бул айылга көпөлөктөй айланып көп келүүчү болуп кеттим. Чын сырымды айтсам, Сырганы көрбөй тура албайм. Ага кезиксем кезигип, кезикпесем алыстан караанын көргөнүмө ыраазы болуп, артыма кылчаң дай карап, кара жолдун чаңын асманга ызгытып, аңды- дөңдү карабай, машинаны тарактатып кайра жөнөйм. Жаман оюмда, Сырга экөөбүздүн сырыбызды эч ким билбейт деп жүрсөм, кыраакы тайенем эчак эле байкап коюптур.Бир жолу барганымда, мени жанына чакырып алды:

- Алдың а кетейин Султан, мен сага бирдеме айтайын деп, оозум батып айталбай жүрөм.

- Эмнени сурайын дедиң эле тайене? Жаман сөз болсо айтпай деле, сурабай деле койчу! - «Шектүү шекинет» дегендей, шектене түштүм.

- Жок балам, айтпай коё албайм. Чынымды айт­сам экөөңдөн корком каралдым.

Мен кайра Сырга жөнүндө эмес, Айчүрөк жөнүндө айтат экен деп ойлоп кеттим.

- Кайсы экөөбүздү айтып жатасың, ыя тайене?

- Сырга байкуш бактысыз, шору калың бала турбайбы. Болбосо кайсы келин, кайсы кыздан кем. Менменсиген экинин бири жигитке жар болууга жараша турган эле келин. Айла жок тура тагдырга. Байка балам, «Укпайт деп ушак айтпа, билбейт деп ууру

кылба» дегендей, машина айдаганындан бери, ат тезегин кургатпай өтө эле коп келүүчү болуп кеттиң. «Өлгө ндүн үст үнө көмгөн кылып» шордотуп салба байкушту. Жанакы Иса деген неме билип калса, Сыр­ганы тирүүлөй мууздап салат. Ал келин бул «жинди Исадан» өлүп кутулбаса, тирүү кутулбайт. Убалы таяке, таяжеңесин уктатпас. Арбак урсун экөөнү.

Мен тайен емди көңүлсүз угуп олтуруп, ак да дебей, көк да дебей, кабагым карыш түшкөн бойдо н тышка чыгып машинанын кабина сына кирип тамеки күйгүздүм. Кеч кирип каш карарып кал­ган. Эмне кылаарымды билбей ойго батып, өзүмдон өзүм, арпамды бирөө көк оргопсуп

түнөөрүп олтурдум. «Эмне кылсам,кете берсемби, же бир аз күтө турсамбы? » дейм өзүм менен өзүм сүйлөшүп. «Көрбөй кантип кетем? Эртең келсем деле ушундай болот да» дейм санаам самандай сапырылып.

Эмне кылышымды билбе й, ушунтип олтурганымда, кимдир бирөө боз үйгө атып кирди:

- Өкүл ana, мени бүкүр өлтүргөнү келатат. Апакебай жанымды алып кал. Батыраак кат мени.

Сырганын үнүн таанып, жүрөгүм атып кетти. Машинадан учуп түштүм. Тайенемдин калтаарыган үнү угулду.

- Эмне дейт катыгүн. Өлтүргөндөй эмне күнөө кылдың эле, айланайын?

- Эмне күнөө кылмак элем. Ой апаке байбол батыраак, мылтыгы октолуу. Атат мени.

Мылтыгы октолуу деген сөздү угуп калтырап кеттим. Боз үйдү көздөй жакындай бастым. Тайенем кудай ургандай шамдагай, шайдоот киши болуучу. Бир заматта төрдө жыйылып турган жууркандардын бир жак кертимин бузуй, Сырганы жуурканга ороп жыя салгандай болду. Мен чыдабай үйгө кирип бардым.

- Исанын белин бүктөп, ким көрдү кылып салайынбы, ыя тайене. Же Сырганы шаарга алып кетип калайынбы?

Тайенем менин сөзүмдү угуп чочуп кетти.

- Алып кеткени эмнеси кокуй!

- Алып кетсе эмне болот экен?

- Чи-и-ш, акырын, катыгүн, бул сөзүңдү менден башка киши укпасын. Баланын сөзүн сүйлөбөй кет үйүңө. Тим эле, белин бүктөп салайынбы деп коёт. Аны коюп өзүңө сак бол. Ал бүкүр оңой бүкүр эмес. Бирөөнүи турмушуна жөн ү жок кийлигишпей, кетип кал тезирээк.

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 12 Апрель 2016 - 18:54


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Апрель 2016 - 19:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Ай, тайене, тайене, мени дагы эле бала ойлойсуң ээ. Кубалабаса ң деле кетем азыр. Бирок, Сырганын абалын көрүп туруп таштап кеталбай жатпаймынбы. Жазыгы жок жаш эмес, Исага эмне жамандык кылды экен?

-Эмне жамандык кылмак эле. Жинди да катыгүн.

Мындайды аскер да албайт экен, кудай да албайт экеп. Бул байкуш жетимгебоор тартып, аямыш болгон бүкүрдүн улуу байбичеси. Бирок, анын колун ан эмне келет. «Күпү күйүпткон жоо» деген ушунда билинет тура. Ал дагыбир шордуу. Өзү таяк жебегенине шүгүр дейт байкуш. Аны да сабап жүрүп жарым жанын алды го бул акмак.

-Кетип калбайбы.

-Кайда кетет? «Төркүнгө да төрөдөй болгон кыз батат» балам. «Агаалганча , жене жегенче». Төркүнгө барып күң болгончо, Исага кул болоюн деп чыдайт дабаарына.

Ушул маалда Исанын алыстан көбүрүп- жабырыпсөгүнүп келатканын угуп тайенем мага карады.

-Келатат тигил жинди. Султан, сен Исага көрүнбөй, чыгып кетип кал азыр. Болбойсу ңбу, кылчаңдабай. - Мени эшикти көздөй түрттү.

Чыкпаска ылаажым барбы. Ушундай кезде, Сыргага аралжы болуп, жардамымтийбеген алсыздыгыма өкүнүп, жабыктан шыкаалап, боз үйдүн сыртында эмне кылаарымды билбей калчылдаптурдум.

-Энеңди урайын канчык, кыйкымэтсе эле ушунда качып жөнөйт. - Үйгө жулунуп кирди. - Кайда Сыра? - Көздөрүн чакчаңдатып жинди болгон немедей экижагын тинте карап токтоду.

-Эмне болду катыгүн, ал келин бул үйгө келген жок. Жаш немени көтөрмөлөп, алдап-соолап адам кылып тарбиялап алуунунордуна кууратты ң.

-Ай жеңе ай, сен да бир кызык экенсин. Ага эмненин кууралыкирип кетиптир. Курсагы тоюп, ийни бүтөлүп көптү. Элдин катындарына окшоп терме терип, бели ооруп, колу жоорупжер казып, кызылча отоп жатпаса. Сенде да калыстыкжок жеңе, ар качандан бир качан ошол сетерге болушасың да турасың . - Бүкүр чыгдандын боосун чечпей булкту эле,. үзүлүп кетти. Ичин бир карап алып, тайенемекарады.

-Кайда Сырга?

-Келген жок мында. - Тайенем төрдү көздой басып, жүктүн Сырга жыйылган жагына келип, салып тура калды.

Иса үй ээси нин көрүнүшүнөн шектендиби, жыт алганжырткычтан бетер, тайенемди колдон алып тегеретип жиберип, жүктү бузуп ыргытты. Жууркандын бүктөөсүнөн чыгалбай буйдалып жаткан Сырганы бүкүр чачтан алды. Келин чыцңырып ыйлап жиберди.

-О-о-й чач-ы-ым жулунду. Жан соога! Коё бер.

-Энең ди урайын канчык, жан керекпи сага. Сени ушул жерденмууздап өлтүрсөм да, атып өлтүрсөм да өзүм билем. Мына бул мылтыкты көрдүңбү? - Чалкасынан жаткан келинди буту менен көкүрөктөн басып турган эркек чып этменин оозун айтамакка такады. - Өкүл энең энелик кылып жүккө жыят экен да ээ!

Үйдүн ичинде болуп жатканокуяны көрүп туруп, Сыргага эмнекылып, кандай жардам береримди билбей, кайра кирип Исаны өз мылтыгы менен атып өлтүрүп, баруучу жерге өзүм барып берүүдөн кайра тартпай, жаак эттерим түйүлүп, тиштерим өзүнөн өзү кычырап турду.

Тайенем далбас уруп ортого түшүп жатты.

-Айланайын И[moderated], бир ачууңду мага бер. Жаш немении жүрөгүн түшүрбө. Болду кагылайын, ушунча эле коркут.

Сырганын мурдунан аккан канды көрүп коркуп кеттим.

-Алып бер, жеңе, жанакы жээниңе. Билем буларды.

- Э кокуй, анын үй-бүлөсү бар. Эмнесин билесиң булардын? Ашапке сөздүн кереги не катыгүн. Султан биздикине келсе эле, өзүңдөн өзүң шектенип жатасың. Мурда келбей жүрүүчү беле жээним. Ушул жерде өзүң өрдүн көз алдыңарда жээндеримдин баары колумда жүрүп чоңойгон. Арам экенсиң Иса. Ошондой жаман сөздү айтууга кантип оозунбарып жатат. Бул байкуш Сырга биздикине качпаганда, биздикине келбегенде кайдабарат. «Ачуулуунун алдынанзык па» дегенде й, Исанын ачуусутараганча ката турайын деген эле жазыгым. Кой эми, бир ачууңду мага бер. Тарт бутуңду. Мурду канап кетти, туруп бетинжуусун. «Чөптү кордосо көзго зыян» дейт. Убалдан коркосуң бу?! - Тейенем Исаны түртүп, өкүл кызынын башын жөлөдү:

-Болду, ыйлабай бетиңди жуу туруп. «Эрл үү катын таяк жейт, койлуу катын куйрук- жейт» дегендей, эрди-катындын ортосунда мындай чатактар ар бир үйдө болот.

Бирок, Сырга өзүн токтото албай, жашбалача солуктап, өпкө-өпкөсүнө батпай эчкирип ыйлап жатты.

- Энеңди урайын эшек, меникемсинткиси келет бүкүр деп. Бирок, менин башка мүчөм бүкүр эмес да. Анан дагы карысың дейт мени бул. Экинчи ушинтип каччу болсоң, итче атып салам сени. Итке иттей өлүм жарашат. Уктуңбу? - Арбайган чоң колу менеп жаагынкарыштыра кармап, жеп жиберчүдөй акырая тиктеп туруп,анан түртүп жиберди. - Догурунуп,калп ыйлабай жуунбайсыңбы. Сен үчүн канча малым, канча пулум чыкканын билесиңби! ?

-Ой эми анын эмнесин айтып жатасың. Баш алган жердей да мал аямак беле.

-Айтам эле. Билесиңби жеңе, бул шуркуянын мени көрөйүн деген көзү жок. Сасыксың дейт. Бул күйүп өлгүр, мени сүйбөйт имиш. Мени менен жатаарда кабагына кар жаап, ыйлап турат чиркин.

-Качантан бери?

-Качантан бери болмок эле, келген күндөн бери.

-Бала да. Муну менен тең кыздар күйөөнүн эмне экенин билбей, атасын ын төрүндөалчаңдап окуп жүрүшөт. Сырга көп эле болсо он жетиге чыккандыр. Сагакелгени канча жыл болду?

-Үч жыл.

-Катыгүүн, он төртүндө алган турбайсыңбы. О-о-й арман күн ай, ушунун баары согуштун кесепетипенболду ээ. Болбосо жашы толо элек жаш кызды алгандыгың үчүн өкмөт соттоп жиберет болуучу. Ата- энеси аман болгондо чырактай болгон баласынын этегин карматат беле сага.

-Качан болсо эле Сыргага болушуп, жаш деп таламын талашып тура каласың . Жаш да кеппи. Мен болбосо м бул жетимди даты бирөө алат болуучу. Мындай



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Апрель 2016 - 19:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Ай, тайене, тайене, мени дагы эле бала ойлойсуң ээ. Кубалабаса ң деле кетем азыр. Бирок, Сырганын абалын көрүп туруп таштап кеталбай жатпаймынбы. Жазыгы жок жаш эмес, Исага эмне жамандык кылды экен?

-Эмне жамандык кылмак эле. Жинди да катыгүн.

Мындайды аскер да албайт экен, кудай да албайт экеп. Бул байкуш жетимгебоор тартып, аямыш болгон бүкүрдүн улуу байбичеси. Бирок, анын колун ан эмне келет. «Күпү күйүпткон жоо» деген ушунда билинет тура. Ал дагыбир шордуу. Өзү таяк жебегенине шүгүр дейт байкуш. Аны да сабап жүрүп жарым жанын алды го бул акмак.

-Кетип калбайбы.

-Кайда кетет? «Төркүнгө да төрөдөй болгон кыз батат» балам. «Агаалганча , жене жегенче». Төркүнгө барып күң болгончо, Исага кул болоюн деп чыдайт дабаарына.

Ушул маалда Исанын алыстан көбүрүп- жабырыпсөгүнүп келатканын угуп тайенем мага карады.

-Келатат тигил жинди. Султан, сен Исага көрүнбөй, чыгып кетип кал азыр. Болбойсу ңбу, кылчаңдабай. - Мени эшикти көздөй түрттү.

Чыкпаска ылаажым барбы. Ушундай кезде, Сыргага аралжы болуп, жардамымтийбеген алсыздыгыма өкүнүп, жабыктан шыкаалап, боз үйдүн сыртында эмне кылаарымды билбей калчылдаптурдум.

-Энеңди урайын канчык, кыйкымэтсе эле ушунда качып жөнөйт. - Үйгө жулунуп кирди. - Кайда Сыра? - Көздөрүн чакчаңдатып жинди болгон немедей экижагын тинте карап токтоду.

-Эмне болду катыгүн, ал келин бул үйгө келген жок. Жаш немени көтөрмөлөп, алдап-соолап адам кылып тарбиялап алуунунордуна кууратты ң.

-Ай жеңе ай, сен да бир кызык экенсин. Ага эмненин кууралыкирип кетиптир. Курсагы тоюп, ийни бүтөлүп көптү. Элдин катындарына окшоп терме терип, бели ооруп, колу жоорупжер казып, кызылча отоп жатпаса. Сенде да калыстыкжок жеңе, ар качандан бир качан ошол сетерге болушасың да турасың . - Бүкүр чыгдандын боосун чечпей булкту эле,. үзүлүп кетти. Ичин бир карап алып, тайенемекарады.

-Кайда Сырга?

-Келген жок мында. - Тайенем төрдү көздой басып, жүктүн Сырга жыйылган жагына келип, салып тура калды.

Иса үй ээси нин көрүнүшүнөн шектендиби, жыт алганжырткычтан бетер, тайенемди колдон алып тегеретип жиберип, жүктү бузуп ыргытты. Жууркандын бүктөөсүнөн чыгалбай буйдалып жаткан Сырганы бүкүр чачтан алды. Келин чыцңырып ыйлап жиберди.

-О-о-й чач-ы-ым жулунду. Жан соога! Коё бер.

-Энең ди урайын канчык, жан керекпи сага. Сени ушул жерденмууздап өлтүрсөм да, атып өлтүрсөм да өзүм билем. Мына бул мылтыкты көрдүңбү? - Чалкасынан жаткан келинди буту менен көкүрөктөн басып турган эркек чып этменин оозун айтамакка такады. - Өкүл энең энелик кылып жүккө жыят экен да ээ!

Үйдүн ичинде болуп жатканокуяны көрүп туруп, Сыргага эмнекылып, кандай жардам береримди билбей, кайра кирип Исаны өз мылтыгы менен атып өлтүрүп, баруучу жерге өзүм барып берүүдөн кайра тартпай, жаак эттерим түйүлүп, тиштерим өзүнөн өзү кычырап турду.

Тайенем далбас уруп ортого түшүп жатты.

-Айланайын И[moderated], бир ачууңду мага бер. Жаш немении жүрөгүн түшүрбө. Болду кагылайын, ушунча эле коркут.

Сырганын мурдунан аккан канды көрүп коркуп кеттим.

-Алып бер, жеңе, жанакы жээниңе. Билем буларды.

- Э кокуй, анын үй-бүлөсү бар. Эмнесин билесиң булардын? Ашапке сөздүн кереги не катыгүн. Султан биздикине келсе эле, өзүңдөн өзүң шектенип жатасың. Мурда келбей жүрүүчү беле жээним. Ушул жерде өзүң өрдүн көз алдыңарда жээндеримдин баары колумда жүрүп чоңойгон. Арам экенсиң Иса. Ошондой жаман сөздү айтууга кантип оозунбарып жатат. Бул байкуш Сырга биздикине качпаганда, биздикине келбегенде кайдабарат. «Ачуулуунун алдынанзык па» дегенде й, Исанын ачуусутараганча ката турайын деген эле жазыгым. Кой эми, бир ачууңду мага бер. Тарт бутуңду. Мурду канап кетти, туруп бетинжуусун. «Чөптү кордосо көзго зыян» дейт. Убалдан коркосуң бу?! - Тейенем Исаны түртүп, өкүл кызынын башын жөлөдү:

-Болду, ыйлабай бетиңди жуу туруп. «Эрл үү катын таяк жейт, койлуу катын куйрук- жейт» дегендей, эрди-катындын ортосунда мындай чатактар ар бир үйдө болот.

Бирок, Сырга өзүн токтото албай, жашбалача солуктап, өпкө-өпкөсүнө батпай эчкирип ыйлап жатты.

- Энеңди урайын эшек, меникемсинткиси келет бүкүр деп. Бирок, менин башка мүчөм бүкүр эмес да. Анан дагы карысың дейт мени бул. Экинчи ушинтип каччу болсоң, итче атып салам сени. Итке иттей өлүм жарашат. Уктуңбу? - Арбайган чоң колу менеп жаагынкарыштыра кармап, жеп жиберчүдөй акырая тиктеп туруп,анан түртүп жиберди. - Догурунуп,калп ыйлабай жуунбайсыңбы. Сен үчүн канча малым, канча пулум чыкканын билесиңби! ?

-Ой эми анын эмнесин айтып жатасың. Баш алган жердей да мал аямак беле.

-Айтам эле. Билесиңби жеңе, бул шуркуянын мени көрөйүн деген көзү жок. Сасыксың дейт. Бул күйүп өлгүр, мени сүйбөйт имиш. Мени менен жатаарда кабагына кар жаап, ыйлап турат чиркин.

-Качантан бери?

-Качантан бери болмок эле, келген күндөн бери.

-Бала да. Муну менен тең кыздар күйөөнүн эмне экенин билбей, атасын ын төрүндөалчаңдап окуп жүрүшөт. Сырга көп эле болсо он жетиге чыккандыр. Сагакелгени канча жыл болду?

-Үч жыл.

-Катыгүүн, он төртүндө алган турбайсыңбы. О-о-й арман күн ай, ушунун баары согуштун кесепетипенболду ээ. Болбосо жашы толо элек жаш кызды алгандыгың үчүн өкмөт соттоп жиберет болуучу. Ата- энеси аман болгондо чырактай болгон баласынын этегин карматат беле сага.

-Качан болсо эле Сыргага болушуп, жаш деп таламын талашып тура каласың . Жаш да кеппи. Мен болбосо м бул жетимди даты бирөө алат болуучу. Мындай



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Апрель 2016 - 19:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Ай, тайене, тайене, мени дагы эле бала ойлойсуң ээ. Кубалабаса ң деле кетем азыр. Бирок, Сырганын абалын көрүп туруп таштап кеталбай жатпаймынбы. Жазыгы жок жаш эмес, Исага эмне жамандык кылды экен?

- Эмне жамандык кылмак эле. Жинди да катыгүн.

Мындайды аскер да албайт экен, кудай да албайт экен. Бул байкуш жетимге боор тартып, аямыш болгон бүкүрдүн улуу байбичеси. Бирок, анын колун ан эмне келет. «Күпү күйүпткон жоо» деген ушунда билинет тура. Ал дагы бир шордуу. Өзү таяк жебегенине шүгүр дейт байкуш. Аны да сабап жүрүп жарым жанын алды го бул акмак.

- Кетип калбайбы.

- Кайда кетет? «Төркүнгө да төрөдөй болгон кыз батат» балам. «Ага алганча, жене жегенче». Төркүнгө барып күң болгончо, Исага кул болоюн деп чыдайт да баарына.

Ушул маалда Исанын алыстан көбүрүп- жабырып сөгүнүп келатканын угуп тайенем мага карады.

- Келатат тигил жинди. Султан, сен Исага көрүнбөй, чыгып кетип кал азыр. Болбойсу ңбу, кылчаңдабай. - Мени эшикти көздөй түрттү.

Чыкпаска ылаажым барбы. Ушундай кезде, Сыргага аралжы болуп, жардамым тийбеген алсыздыгыма өкүнүп, жабыктан шыкаалап, боз үйдүн сыртында эмне кылаарымды билбей калчылдап турдум.

- Энеңди урайын канчык, кыйкым этсе эле ушунда качып жөнөйт. - Үйгө жулунуп кирди. - Кайда Сыра? - Көздөрүн чакчаңдатып жинди болгон немедей эки жагын тинте карап токтоду.

- Эмне болду катыгүн, ал келин бул үйгө келген жок. Жаш немени көтөрмөлөп, алдап-соолап адам кылып тарбиялап алуунун ордуна кууратты ң.

- Ай жеңе ай, сен да бир кызык экенсин. Ага эмненин кууралы кирип кетиптир. Курсагы тоюп, ийни бүтөлүп көптү. Элдин катындарына окшоп терме терип, бели ооруп, колу жооруп жер казып, кызылча отоп жатпаса. Сенде да калыстык жок жеңе, ар качандан бир качан ошол сетерге болушасың да турасың . - Бүкүр чыгдандын боосун чечпей булкту эле,. үзүлүп кетти. Ичин бир карап алып, тайенеме карады.

- Кайда Сырга?

- Келген жок мында. - Тайенем төрдү көздой басып, жүктүн Сырга жыйылган жагына келип, салып тура калды.

Иса үй ээси нин көрүнүшүнөн шектендиби, жыт алган жырткычтан бетер, тайенемди колдон алып тегеретип жиберип, жүктү бузуп ыргытты. Жууркандын бүктөөсүнөн чыгалбай буйдалып жаткан Сырганы бүкүр чачтан алды. Келин чыңырып ыйлап жиберди.

- О-о-й чач-ы-ым жулунду. Жан соога! Коё бер.

- Энең ди урайын канчык, жан керекпи сага. Сени ушул жерден мууздап өлтүрсөм да, атып өлтүрсөм да өзүм билем. Мына бул мылтыкты көрдүңбү? - Чалкасынан жаткан келинди буту менен көкүрөктөн басып турган эркек чып этменин оозун айтамакка такады. - Өкүл энең энелик кылып жүккө жыят экен да ээ!

Үйдүн ичинде болуп жаткан окуяны көрүп туруп, Сыргага эмне кылып, кандай жардам береримди билбей, кайра кирип Исаны өз мылтыгы менен атып өлтүрүп, баруучу жерге өзүм барып берүүдөн кайра тартпай, жаак эттерим түйүлүп, тиштерим өзүнөн өзү кычырап турду.

Тайенем далбас уруп ортого түшүп жатты.

- Айланайын , бир ачууңду мага бер. Жаш немении жүрөгүн түшүрбө. Болду кагылайын, ушунча эле коркут.

Сырганын мурдунан аккан канды көрүп коркуп кеттим.

- Алып бер, жеңе, жанакы жээниңе. Билем буларды.

- Э кокуй, анын үй-бүлөсү бар. Эмнесин билесиң булардын? Ашапке сөздүн кереги не катыгүн. Султан биздикине келсе эле, өзүңдөн өзүң шектенип жатасың. Мурда келбей жүрүүчү беле жээним. Ушул жерде өзүң өрдүн көз алдыңарда жээндеримдин баары колумда жүрүп чоңойгон. Арам экенсиң Иса. Ошондой жаман сөздү айтууга кантип оозун барып жатат. Бул байкуш Сырга биздикине качпаганда, биздикине келбегенде кайдабарат. «Ачуулуунун алдынан чыкпа» дегенде й, Исанын ачуусу тараганча ката турайын деген эле жазыгым. Кой эми, бир ачууңду мага бер. Тарт бутуңду. Мурду канап кетти, туруп бетин жуусун. «Чөптү кордосо көзго зыян» дейт. Убалдан коркосуң бу?! - Тейенем Исаны түртүп, өкүл кызынын башын жөлөдү:

- Болду, ыйлабай бетиңди жуу туруп. «Эрл үү катын таяк жейт, койлуу катын куйрук- жейт» дегендей, эрди-катындын ортосунда мындай чатактар ар бир үйдө болот.

Бирок, Сырга өзүн токтото албай, жашбалача солуктап, өпкө-өпкөсүнө батпай эчкирип ыйлап жатты.

- Энеңди урайын эшек, мени кемсинткиси келет бүкүр деп. Бирок, менин башка мүчөм бүкүр эмес да. Анан дагы карысың дейт мени бул. Экинчи ушинтип каччу болсоң, итче атып салам сени. Итке иттей өлүм жарашат. Уктуңбу? - Арбайган чоң колу менеп жаагын карыштыра кармап, жеп жиберчүдөй акырая тиктеп туруп,анан түртүп жиберди. - Догурунуп,калп ыйлабай жуунбайсыңбы. Сен үчүн канча малым, канча пулум чыкканын билесиңби! ?

- Ой эми анын эмнесин айтып жатасың. Баш алган жердей да мал аямак беле.

- Айтам эле. Билесиңби жеңе, бул шуркуянын мени көрөйүн деген көзү жок. Сасыксың дейт. Бул күйүп өлгүр, мени сүйбөйт имиш. Мени менен жатаарда кабагына кар жаап, ыйлап турат чиркин.

- Качантан бери?

- Качантан бери болмок эле, келген күндөн бери.

- Бала да. Муну менен тең кыздар күйөөнүн эмне экенин билбей, атасын ын төрүндөалчаңдап окуп жүрүшөт. Сырга көп эле болсо он жетиге чыккандыр. Сагакелгени канча жыл болду?

- Үч жыл.

-Катыгүүн, он төртүндө алган турбайсыңбы. О-о-й арман күн ай, ушунун баары согуштун кесепетипен болду ээ. Болбосо жашы толо элек жаш кызды алгандыгың үчүн өкмөт соттоп жиберет болуучу. Ата- энеси аман болгондо чырактай болгон баласынын этегин карматат беле сага.

- Качан болсо эле Сыргага болушуп, жаш деп таламын талашып тура каласың . Жаш да кеппи. Мен болбосо м бул жетимди даты бирөө алат болуучу. Мындай

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 12 Апрель 2016 - 19:10


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   jasgul   12 Апрель 2016 - 23:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   jasgul   12 Апрель 2016 - 23:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

рахмат тез тез жазып турчу ээ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   jasgul   14 Апрель 2016 - 18:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

Автор убактын болбосо суротун жуктоп койсон болобу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   bond0202   15 Апрель 2016 - 07:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

автор кайдасын,кутуп калдык го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   АйАй   15 Апрель 2016 - 10:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 105
  • Катталган: 09 Январь 08
  • Соңку аракети: 21 Окт 2020 08:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кутуп калдыкко
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   gulmira96   15 Апрель 2016 - 17:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Автор чын эле убактын болбой жатса суротун жуктоп кое берсен деле болот эле. Кутуп калдык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Shirinim345   15 Апрель 2016 - 19:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 864
  • Катталган: 30 Март 16
  • Соңку аракети: 26 Авг 2018 23:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Билбейсин баары бир..

Анан уландысын жазсаныз тез тезден:)
Всё временно..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   bond0202   16 Апрель 2016 - 23:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

:батан: :батан:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   17 Апрель 2016 - 19:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Күттүрүп койгондугум үчүн сиздерден чоң-чоң кечирим сураймын. Уландысын эртең алтыдан кийин кирсеңиздер көөп кылып жазып коём.

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   kaky85   17 Апрель 2016 - 21:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Окт 2020 14:32
  • Жынысы:Аялзаты

Жазыптыр деп кирсе жоок экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   18 Апрель 2016 - 18:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

кыздар менден жыйырма-отуз жаш улуу чалга тийишти го. А деп келгенде кандайэле, азыр кандай?! Менин багуумдун .жакшысынан маралдай катын болду. «Киши арыгын_сактаса төбөкандайт» дегендей, бул сетер' семирип-сергип алып,эм и мени чангысы келип, карысынтып жатпайбы. Сырганы жаш дейсиң жеңе, жаш эмес бул. Чарба китепчеси боюнча быйылтуура жыйырмада.

- Бул сөздү менден башка кишигеайтпа. Сырганын наристе кезинде келгенин калайык калк билет. Чоңойтуп алдың да жашын.

~ И, «Колуңда пулун болсо, заңгелде шорно кайнайт» деген ошол байбиче. ’ “

Сыргага боорум ооруп, жүрөгүм тилинип турду. Иса балапан бул эмес, эшек үрккөндөй, аюдай апсайган түрү суук, бүкүр киши болуучу. Анысына жараша бир моюн, көзү чекир, өңү саз, мурду салацдаган куш тумшук киши. Сырга экөөбүз кездешип калган кезде бир кубанып, бир ыйлап, ичиндеги буккан бугун чы-гарып алуучу. Ал мени күткөнчөлүк эч кимди күтүп, мени сагынганчалык эч кимди сагынбасакерек. Экөөбүз эки жерде Күкүк менен Зейнепке окшоп, кусалык менен күн өтөрүп жаттык. Атаңдын көрү, бул сүйүү деген өзүнчө бир айыкпас кеселболуучу неме тура. Сырганын тагдырын ойлоп катуу кайгырып жүрдүм. Өңүмдөн азып, шапайып кеттим...

Ошол окуядан кийин жүгөрүнүн үрөнүнсүйлөшкөнү башкарма менен Таласка командировкага барып, биржумача жүрүп келдим. «Чыгалбай турган өз эле чыгып кетти өзү эле» дегендей, мурда элеСыргадан кийин көң үл кош болуп, бир бармагымды тиштесем бирбармагым оруп жүргөн жаным, баякы көйн өк жөнүндөгү чатактан кийин Айчүрөк көзүмө мурдагыда н да суук, мурдагыдан дажагымсыз. Өз үйүмдөн өзүм качып, өз үйүм өзүмө жат болгонсуп жүргөн үмдү айттым го жана. Көбүнчө менин көңүлүмдү муздатып турган баякыбалакеттүү «туз» болуучу.

Командировкадан келгенкүнү үйдөн чыгып кеталбай, Эркин гүл менен ата-энеме эмне шылтоо айтаарымды билбен кылчаңдап тургамын.Апам менен атам үстүмө үйрүлүп түшөт.

-А балакетиңди алайын, бир жериң ооруп жүргөн жоксуңбу? Же «жол азабы, көр азабы» дегендей, кыйналып келдиңбй? Кебете ңе Караганда чарчаган түрүң бар, балам, - дейт апам.

Ал эми Эркингүл болсо, мойнумданкучактап бетин бетиме такап:

-Эми эч жакка кетпейсиңби, ата? - дейт, көздөрүн балбылдатып.

Оо, алар менин шордоп турган армандуу жүрөгүмө кайдан түшүнмөк эле. Сырганын абалыибилбей, аны көрбөй санаам тына турган эмес.Тышка чыгып машинаны бир сыйра карап, кечкурун таятамдыкы жакка барып, Сырганычалып келүүнү ойлоп турган болчумун.Ошол маалда тышта чабармандын үнүзаңк этти:

-Оо, Султан үйдөсүңбү?

-Ооба, үйдөмүн, аке! - Ордумдан секириптуруп, тышка чыктым.

-Сени башкарма чакырып жатат, тез келсин дейт.

-Эмне кылат экен?

-Ысык-Атадагы карындашынын кайнатасы каза болду деп кечээ чабаган келген.Сыягы ошоякка барсан керек.

Мен киргенде башкарма үйичинде ары-бери басып туруптур.

-Мына ушундай Султан, апамдар баары мени күтүп жатыптыр. Чарчасаң да чыда. Куда кечээ казаболуптур. Эртең коёт экен. Эми ошондонкелгенден кийин биротоло эс ал, - деди ал.

Башкага кыйыктансаң да, өлүмгө кыйыктана албайт эмессиңби. Жол жүрдү аты болбосо, анчалык деле кыйналып куурап кетпегем. Көрсө жаш кезде чарчоону адам билбейт тура. Баруучукишилердин бардыгы даяр болуп шайма-шай турушуптур. Ошол эле күнү үй-бүлөсү, ага-туугандары болуп машинага толо жөнөп кеттик.

Каза болгон карыя эл-журтуна алымдуу, кулачы кенен жайылган адам экен.Аттан киши, кишиден ат кеп. Араба менен келгендер андан жайнайт. Эки боз үй катары менен тигилиптир. Буларды көрүп көңүлүм толо түштү. Каза болгон карыяны кадырлап, казганактап турган ага-тууган, эл-журт, сөөк-тамырдын толкунуна ыраазы болбой коё алган жокмун.«Ынтымак бар жерде ырыс бар» дегендей, «көп түк үрс ө көл болот» тура. Ар ким колунан келгени менен үй ээлерин е көңүл айтып жатышканын байкап, тынчтык күндүн кудуретине көңүлүм толукшуйт. Самоорлор катар коюлуп, казандар асылган. Үйлөрдө дасторкондор жайылып, үстү чий боорсоктор менен таттууга толгон. «Оо,айланайын кыргыз эли, пейлиңер баякы бойдон тура» деймичимден. Биз ошон үчүн бирдиктүүлүктүн, ынтымак-ырашкердүүлүктүн күчү менен согуштужеңген турбайбызбы. Калктын каадасы, көпчүлүктүн деми оңой эмес экен го. Кечээачкачылык алкымдан алып муунтуп турган жокчулук болбогон сыяктуу сезилип кеттимага. Сөөк коюудагы, согуштан кийинки алгачкы салтанат, алгачкы жөрөлгө депойлоп турдум ичим­ден. Анан, согушта курманболуп, талаада сөөгү көмүлбөй калган не бир эр азаматтарды эстеп,көзүмө жаш айлана түштү. «Тобо, дегеле эчтеке болбогондой дүңгүрөйт да эл. Адам тукуму үзүлбөйт экен го. Минтип «жашын жашап» тууган жерде эли-журтунан топуракбуйруп, кадыр-сыйга бөлөнүп, бул кишидей болуп өлгөн адамда не арман» дейм. Мени кубанткан дагы бир иш -адамдардын үстү жупуну, жүдөө болгону менен көңүлдөрүнүи ачыктыгы менен жайдары мүнөздөрү. Бир кезде бизди чайга алыпкиришти. Ошол саамда ары жакта, кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп турган Исабүкүрдү көрүп, жүрөгүмшуу дей түштү. «Буларга кандай жакындыгы бар болду экен? Бул киши жалгыз келбеген болуш керек. Кайсы аялы менен келгенин кимден билем?». Эгерде улуу аялы менен келсе, дароо көңүлүмдө, Сыргага жетишти ойлоп , делебе м козголо баштады.

Мен чайдан чыккандан кийин, Ата Мекенди кор-гоого1939- жылы Бишкектен чогуу кетип, аскерде согуш баштал ган га чейин чогуу болгон жигитке учурап калдым. Ал экөөбүз мынданмурда Токмоктон бир кезиккен биз. Аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, бир кезде андан сурадым:

-Сен, тээтиги бакылдап сүйлөп жаткан бүкүр кишини билесиңби? Буларга кандай жакындыгы бар болду экен?

-Аа, тетигил Бураналык Иса деген кишини айтып жатасың бы? Билмек турсунтааныйм. Бул биздин каза болгон атабыз менен ал кишинин байбичеси бөлө. Согуш убагында муну аябай көпкөн дешет экен. А дегенде бир жаш келиндиалып, кулагы каңырыш экен деп эки айдан кийинайдап жибериптир. Андан кийин кыз алып, анысы каза болуп калыптыр. Ал өлөөрү менен, күйөөсү майданда өлүп жесир калган үч балалуу Зейнеп деген бир сулуу келинге үйлөнүптүр. Элдин айтымына Караганда, ал бечера,жокчулуктун айынан, балдары менен кыйналып айласы кеткенде, куу кекиртек үчүн тийген дешет. Кудай урган киши, битинсыгып, канын жалаган, сараң адам болсо керек. «Се­нинбалдарыңа тамак түтпөйт экен» деп, балдарын батырбай кодулапбаратканда, бечара келин балда­рын алып өзү кетип калыптыр. Төртүнчүсүн согуш басылаардынмурунку жылы, (ата-энеси жок жаш кызды) бирөөдөн башма баш малга сатып алган деп жүрүшөт. Бул казак, оңой казак эмес. Азыркытоколу да сулуу дешет.

-Көрүш керек экен токолун.Мындай неме бир жакка барганда, сөөлөткө ала жүрсө керек мактаныч кылып. -Бул сөздү Сырганын келген,келбегенин билиш үчүн гана айта салдым.

-Жок, токолсуз эле, кемпири экөө келишти. Аны мал бактырып, үй кайтартпайбы. Согуш Исанын багын ачты. Малынамал кошту, катынга катын кошту.

Сырганынабышкасы менен келбей, үйүндө калганын уккандан кийин көңүлүм бузула баштады. Мындайкүн, мындай түн Сырга экөөбүзүчүн сурап табылгыс бакыттай болуп туюлду мага. Сөөктү эртең коё турган болгондон кийин, булжерге эмнеге коном, деп ойлоп, башкарманы издейбаштадым. Аркы беттеги үстү камыш менен жабылган тамүйдө башка жактан келген меймандар менен олтурат дешкенинен, ошол жакка кетип баратсам, артымданчакырык угулду.

-Ай, Султан, мени эмнеге издеп жүрөсүң?

Кайрылып тура калдым.

-Байке, мен машинага май куйганча, бир жерге барып эс алып келбесем,талыкшып жаным жер тартып турат. Сизден руксаат сурайын дегенмин.

Чындыгында эле, чарчабасам да уйкуга мас болуп араң турган болучумун. Мурунку түнү бир жерде конокто болуп, ошол жерден түз эле түн катып жолго чыккан болучубуз. Башкарма бир демге унчукпай ойлоно түштү:

-Мейлиң, эс алсаң эс алып кел. Бирок, эртең менен машина керек болот. Уктап калбай эрте кел.

Максатым колума тийип, тилеген тилегиме жеткенсип, сүйүнүп кеттим. Мен ал жерден чыккан кезде күн кечтеп калган. Жолдон бакты майга толтурупалып, эки жагымды карабай салып-жүрүп олтуруп, таятамдын айылына элдин алды жатып, арты жаталекте кирип келдим. Кыштактынчетине жеткенде машинаны токтотуп, отун өчүрүп, тышка чыгып түнкү салкын абадан кережутуп, Сыргага кандай барарымды билбей ой басып, кыялым кымкуут болуп туруп калдым.

-Машинаны кайда койсом? Таяжездемкине бар­сам кандай болот? Алардыкынакойгондо, кайда, кимдикине барам деп чыгам? Таятамдыкына барам десем, жолдонэле алардыкына түшпөй, бул жакка эмнеге оточаап келип, эми кайра анда жөөбарам дегени кандай деп шектенеби? Же бөлөмдүкүнө койсомбу? Жок, алар да болбойт. Сыргага барганымдын чет- бучкагын аялыбилди дегенче, айылдын аяк-башына эртең эле чагылгандай чарт этет. Жок, башка жакка барбай эле, аты жакшытаятамдыкына барайын. Билсе тайенем билсин. Тил уксам таятам менен тайенемденугуп, таяк жесем ошол экөөнөн жейин. «Ыркырарс ың каппассы ң, мендей неме таппассың » дегендей тайенемден ден өтөөрү жок. Ал киши жакшылыгымды чыгарбаса, жамандыгымды чыгарбайт. Ошентип, уятыболсо да тобокелге салып кабинага кайра кирдим. Мен барганда жаны тынбаган эмгекчил тайенем жата элек экен. Ал кишинин кулагыаябай ачык болучу. А таятам болсо, кулагын а барып кыйкырмайынча оңой мененугуучу эмес. Ал киши менен көбүрөөк сүйлөшкөндө адамдын оозу кургап,чарчап кетүүчү. Машина короо нун алдына токтоор-токтобостон эле, боз үйдөн тайенемдин үнү угулуп, тышка шаша чыкты.

-Э секет кетейин, Султансы ңбы?

-И, Султанмын тайене. Кандай, жакшы турасыңарбы?

-Кагылайын тынччылыкпы деги?

-Тынччылык эле.

-Таластан качан келдиң?

-Бүгүн, жана түш ченде келгемин, тайене.

-Ата-энең аман-эсен жатышабы? Бүгүн келип эле, бул жакка жөнөдүңбү?

-Ооба, тайене, бул жакка келе турган жумуш болуп калды. Кетем бир азданкийин. Башкарма жу­муш менен жиберди.

-Үйгө кир.

-Жок, кирбей эле коёюнчу, тайене. Машина туруп турсун. Сиз меникүтпөй жата бериңиз.

-Кайра эле түн катып кетет турбайсың бы? Болуптур балам, жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун.

Момун тайенем ай, башкарма жиберди десем ишенип калды.

Исанын ажаан ити бардай сезилген. Бул жакка келген сайын үнүн алыстан угуучумун. Жолдо келатып ошонуойлоп, шаардан өтө берип кайра тартып,ашканага кирип бир топ манту, Сыргага куру кол барбайын деп бир шише коньяк,бышкан тоок , жер- жемиш алып, мүшөккө салып алгамын. Ырас эле мен барганда итибош экен. Мени алыстан көрүп эле алдымды тозо ажылдапжөнөдү. Мен ит жакындап келатканда баякы мантудан бирди ыргыттым. Ит аны пан бирсугунуп алып, үнү басаңдай түштү. Экинчи мантуну, анан бир аздан кийин үчүнчү сүн ыргыттым. Ит шыйпаңдай баштады. Исалар там үйдө болуучу. Мен терезеге келсем, Сырга жалгыз эмес экен. Кудай жал гап Айдайбек ошондо жүрөт. Экөө өкчөмөк ойн оп жатышыптыр.

Кокус коркуп кетпесин деп ойлоп, терезени аста чер ттим. Экөө теңоюндарын дароо токтотуп, элее

түшүп, айнекти карап калышты.Эркек тана эмеспи, Айдайбек чаңкэтти:

-- Ким бул?

-Менмин. Ачып койгула эшигиңерди.

-Ачпайбыз. Мен деген ким өзү?

-- Султанмын.

Экөө бирин-бири карапкалышты. Анан бирдеме деп сүйлөшкөндөй болушту. Сыягы, Сырга Айдайбекке «Кайсы Султан?», сура дедиби деп калдым.

Бала терезеге жакындап, кайра чаңк этти:

-Кайсы Султан?

-Мен, Султан байкеңмин. Ачып койгула эшигинерди.

Айдайбекда, Сырга да мени эми тааныды окшойт. Экөө тең бир заматта дүрбөй түшүштү. Эшик ачылаары менен Айдайбек мойнума асыла кетти.

-Байке-е-е! - Экөөбүз өбүшүп калдык. - Мен сенибиринчи тааныдым.

-Үйдө алардын жогун кантипбилди ң? Же өкүлапам айттыбы? - Сырга уялың кы мени алдыртан ка­рапкойду.

-Алтыным, сагындым сени! - колун кыса кармап коё бербей турдум.

-Болду эми, уят.

-Кимден уялып жатасың ? Кол алышкандын да уяты болмок беле?Уялуучу кишиң Айдайбекпи? Ал бизди коөр өойт. Жердей таптак көтөрүп алып, боорума кыстым. Көздөрүнөн өөп-өөп алдым.

-Болду эми коё бер. Айдайбек да киши. Чоң кишиге караганда баладан көбүрөөк уялыш керек. Анткени, булардын өздөрү да, сезими да наристе. Наристелердиналдында ээн баштык кылуу күнөө. Мен ин суроомо жооп бербейсиңби? Үйдө менин жал-ыз экенимди кимден уктуң?

-Аларды мен өлгөндөн көрдүм. Тайен ем бүкүрдүн жогун өлсө айтпай калсын, кокуй.

-А, сен да ошол жакка бардың беле?

-Ооба, баргамын. Аларды көрүп эле, сага жетүүгө ашыктым.

-Алар келип калбайбы?

-Сөөктү эртең коюшат. Кайдан келишсин . Коркпо.

-Мен чай коёюн! - деди Сырга.



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   18 Апрель 2016 - 18:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Жок, чай ичпейм, убара болбогун. Андан көрө дасторконуңду жайып, мына бул жер-жемиштеп чогуу олтурупооз тийип, сары моюн сулуудан бир аздан кылт этели.

-Бул эмне?

-Коньяк деген шарап.

-Ачуубу?

-Ачуу.

-Ичсе мас болобу?

-Көп ичсе мас болот.

-Жок, анда мен ичпейм.

-Мен деле ичпейм. Бирок, экөөбүздүн бактылуу келечегибиз үчүн, эсендик- соолукка депкичинеден алып коёлу. - Мен Айдайбекке карадым.

-Ай, Айдай бала, сен бизге карабай, ары карап олтуруп алып, жер-жемиштен жейбер. Бирок, эртең мени бул үйгө келди деп тайенеме да, башкаларга да, эч кимге оозуңдан чыгарба.

-Чыгарбайм.

Сырга менин сүрөөнүм менен кичине ууртап алыпкакап-чакап, коньяк куйган чынысын жерге коё койду.

-Ичпейм, ичпейм, уудай ачуу экен, өзөгүмдү куйкалап кетти.

Коньяктан бир тамчы болсо да ууртагандыкыбы, же кош жүрөтүн махабатка толгон кусалуу кудурети ненби, айтор эки бети чоктой албырып, агы ак, кызылыкызыл болуп, бир башкача ажайып боёкторго сүртүлүп, жүзүнөн наары төгүлүп, көздөрү демейдеги де н башкача балбылдап оттойкүйүп чыкты.

Бул түн Сырга экөөбүз үчүн бактылуу түн болуучу. Биринчи жолу этибиз этибизге тийип, ээн-эркин сүйүшүп, ээн-эркин сүйлөшүп олтурганыбыз бир эмес экиөмүргө жеткендей бакыт болду. Ушулжерде эсимде калган дагы бир иш Сырганын салган тө шөг ү түбөлүккө унутулбай көңүлүмдүн түпкүрүндө калды. Ушул Сырга экөөбүз жаткан төшөктөн улам, өспүрүм кес имде уккан бир жигиттин бирөөгө армандап айтып жаткан сөзү эсиме кылт түштү. «Э-э-й дос, аял кандайболсо, төшөк да ошондой болот окшойт.Мен аял алдым, төшөккө жаттым дп бекер элеайтып жүрүптүрмүн. Көрсө аялдын да аялы, төшөктүн да төшөгү болот тура. Мен эр жетип, катын алып эр болгону жакшы төшөккө бир гана жолу жаттым» деди. Мен алкишинин, андай жакшы төшөктү кайдан, кимдикинен көргөнүн такыр түшүнгөн жокмун. Өз оюмда, төшөк менен төшөктүн эмне айырмасы болмок эле, деп тим болгомун. Көрсө ал киши жалаяктай жамансалынган төшөккө жатып жүрүп, ушул мен өндөнүп, Сырг а менен жаткан түнкү салынган тошоктой тошокко биринчи жолу жаткан шордуу неме окшобойбу. Энежытын корбогон, энеден тарбия албаган ушул секелек кыз мынчалыкты кайдан көрүп, кайдан үйрөндү экен дейм. Төшөктү керебеттей керилтипсалып, асты-үстүмө бир жеринде кири жок,бир жеринде темгили жок, чатырдай таза жуулган, эскилигинен сүзүлүп жыртьшганы араң турган ак мата капталган таза жууркан салып, таза жууркан жапты. Тошоктожатып ошондо Темиркулдун:

«Биринчи жолу биз жаткан,

Шейшептей аппак бойдонмун» деп майданда жүрүп, сүйгөн жарына жазган ыры эсиме кылт түштү. Армиядан келип, оз аялымдын койнуна жаткантүнкү, эттерим дүүлүгүп таң атканча тытынып уктабай чыкканым алиэсимден кете элек. Сыргага мындай артыкчылыкты кандай аял үйрөтүп, ийге салды болду экен. Балким Исанын улуу аялынан сабак алып жүрбөсүн. «Жакшынын бир жени кемчил» дегендей, деги зымпыйган көрүнүшү көрктүү, четин аял. Санаам сана бөлүнөт. Аман ушундай жакшы тошокко, жакшы аялдынкойнунда аюдай болуп үксүй гөн бүкүр чалдын жатаарын ойлоп, ич тарлык ичимдитырмап, өзөгүм орттой жанат. Сыртаныннаристе жыты али кете элек, жаш баланыкындай болгон ууздай аппак дснесинен магаөтүп жаткан оттой ысыкилебиие туруштук бере албай, махабат күчүнө мас болуп эрип жаттым. Экөөбүздүн бири-бирибизге бол­гон сүйүүбүз, ушул ракатыбыз бир түндүк эле убактылуу көңүл ачуу болуп калбаса экен деген ой, көөдөнүмдү жарат. Убакыт улам өтүп, сааттын жебеси алдыга жылган сайын, Сыргаменен коштошуп, бул төшөктөн туруп кетүүчү мезгилдин чукулдап баратканын эстеп, дагыкайдан, качан кезигээримди ойлоп кайгыга ба­лам. Айыпсыз жаш жүрөктү, эмне деп алдап, эмне деп айтып, кандайкылып көңүлүн көтөрүп кубандырар- дын айласынтаппайм.

-Сени бир ал-ы-ы-с, ал-ы-с жакка алып кетип калайынбы, ыя Сырга. Мен сенсизжашай албайт окшойм. - Учу-түбү бирдей болгон кош өрүм олоң чачын бирде башыма жаздап, бирде мойнумаорой бердим. - Ушул чылбырдай болгон чачың а муунуп өлөйүнбү, ыя Сырга?

-Койчу, эмнеге өлмөк элең!

-Мени сүйөсүңбү, чыныңды айтчы?

-Күмөнүң барбы? Жалганда жалгызгана жакыным бар. Ал сен. Сенден башка менин күйөөрүм да, сүйөөрүм да, сүйүнөөрүм да жок.

-Мен сени алып кетем, айттым го.

-Кайда?

-Көз көргүс, кулак уккус бир жакка.Мен сени кор кылып, бул чалга эч качан таштабайм.

Сырганын деми чыкпай, буула түшкөнүнөн, эмне болуп кетти десем, ыйлап жатыптыр...

-Аялыңды, балаңды,ата- энеңди, баарын таштап, мени алып кетесиңби?

~ Анан эмне кылам. Экөөбүз эки жерде Лайли мененМажнунга окшоп бири-бирибизге жетпей куурап жүрүп өтүп кетебизби?

-Аялың ды мени сүйгөндөй сүйүп жүрүп үйлөндүң беле? - деди бир кезде.

Сырганын минтип суроо салаарынойлобогон жаным, такала түштүм:

-Аялымдыбы? Чынымдыайтсам сүйүү дегенди, мен эрди-катын болуп эле, бир чамгарактын алдында чогуу жашоо деп ойлопжүрүптүрмүн. Махабат деген бак базары бар экенин сенден көрүп, сенден билдим. Мага окшоп, махабатсыз жашоонун кулу болгон адам- дар бул дүйнөгө бир келип - кеткен, лазатсыз жашаган жандуу макулук турбайбы.Мен мындан ары сенсиз жашай албайт окшойм. Бишкектен патир таап, сени алыпбарып киргизе м да, анан бүкүрдүн артынан түшөм.

-Ал менден оңойлук менен ажырабайт. Бир күнү барып өлтүрүп кетсечи. Ал дайым ушуну айтат. Менден кеттиң, өлдүң дейт. Жан кечти киши.

-Өлтүрө албайт. Коркпо, алтыным,баарын өзүм бүтүрөм. Атасы Улуу Ата Мекендиксогушта баатырларча курман болуп, энеси бул жактан каза болуп, жетим калганжашы жете элек кызды токолдукка алып, ага күң катары кордук көрсөткөндүгү үчүн бүкүржооп бериши керек. Аялым менен мен да ажырашам.

Сырга менин Айчүрөк менен ажырашам деген сөзүмдү укса кубанат экен деп ойлогон болчумун.Бирок, андай болгон жок. Мени кучактан жаткан билеги дароо бошой түштү.

-Кой, кой, Султан ажырашпа. Бирөөнүн алты эркектин ортосунда көзүн карап, көкүлүн сылаган жалгыз кызы экен. Анын үстүнө ата-энеңер курсакта кезиңерде тагдырыңарды байланыштырып, кымындай кезиңерде үйлөнтсө, ошол күндөрдү, ошол тилектерди кантип күчүң жетип буза аласьщ. Сенин Айчүрөк ме­нен ажырашышың кыйынга турат. Ойлоп көрчү өзүң.

-Ойлоп бүткөмүн, Сырга.

-Жок, ойлоп бүтө элексиң.

-Сен мени сүйбөйт турбайсыңбы?

-Кызык, дароо эле сүйбөйт турбайсыңбы, дейсиң. Сүйөм сени. Болгондо да биринчи махабатымсың. Сени менен кантип элежашагым келбесин. Бирок, түптөлгөн шаарың бузулган жатпайбы.Алардын убал-сообу кимге болот анда?

Экөөбүз бир сөзгө келалбай жаттык. Ушул кезде төөнүп көзүндөй болгон там үйдүн терезесинен түшкөи таң шооласын көрүп, Сырга чочуп кетти.

-Султан, таң атып калган тура.

-Ооба, таң атып калды. Мен жанаэле байкагам.

-Тур катыгүн, эл туралекте кет. Өкүл энем би­лип калса уят. Сенин мында конгонуңд у айыл-апа туйбаса экен.

-Тайен ем ансыз деле шектенсе керек.Ал кишинин

билгени эчтеке эмес дечи. Андан көрө башкалар туйбаса десең. Бая күнү келгенимде, Исанын сага көрсөткөн кордугун көрүп, аябай капа болуп кеттим. Ошол чал-га сенин өзүңдү эмес, бир тал чачың ды кыйбайм. Ушул ууздай болгон аппак этиң, ал акмактын этине тийерин эстесем жүрөгүмдөн кан чыгып кетет. Эмне үчүн сени ушунчалык ызгаарлайт.

-Ичи тар киши, өзүнөн башканын баарынан кызганат.Анын ою боюнча «мен жалгыз гана сени сүйөм» деп, айтканын аткарып, ою менен болуп турсам. жаман турмуш деле болчуд ай эмес. Жанымды жакшынакай багып, эрке токол болуп эл катарлуу эле жашапкетүүчүдөймүн. Бирок, адамда жүрөк деген, көңүл деген ыйык нерсе бар экен. Ал ар, алкишинин оюндагысын жасагысы келбей, башканы ойлоп, башканы сагынып, жазаланыпжатпайбы. Койчу, ал киши жөнүндөгү сөздүбүтүрөлүчү. Карачы, таң атып кетмек болду,туралы Султан.

-Кичине жата турайынчы! - дейм Сырганын көкүрөгүнөн аймалап. - Бирге жашап, уктап уйку канганча бир төшөктө жата турган күн болоор бекен!?

-Жок, жок, жата турбай эле тур. Минтсең менин шорумду шорподой кайнатасың Султан. Билесиң би, ал киши сенин мында конгонуң ду укчу болсо, мени тирүүлөй кескилеп өлтүрөт. Өзүңдү аябасаң да, мени аябайсыңбы? !

Туруп кийине баштадым...

Мен машинаны от алдырып, кабинага кирип баратып, тайенемди көрүп кайра токтодум.

-Э кудай таала, эми эле келем деп коюп, кайда конуп, кайда түнөп жүрөсүң? Көпкө күттүрдүң го балам. Жедепчарчаганда жаттык.

-Айтпадым беле, мени күтгюй жата бергиле деп. Барганүйүм кетирбей коюшту.

-Үйгө кирип айран ич, нан оозтий.

-Жок, тайене ичтим, ракмат. Эрте кетишим керек. Тигил жакта башкарма күтүп жатат. Жакшы калыңыз тайене. Эртең, бүрсүгүндөн келип кетем.

Тайенем мага бирдеме дегендей болду. Бирок, эмнедегенин машинанын үнүнөн укпай калдым. .Менин жаман оюмда «Эмне эле бул жакка келишиң көбөйүп кетти» деп айттыбы деп ойлоп, шектүү шекинет болуп жөнөп кеттим.

Жолдо уйкудан көзүм ачылбай, бүткөн бою м талыкшып, өз боюма өзүм ээ болалбай улам мүргүп кетип, кайра көзүм ачыла түшүп бараттым. Мен экинчи айылга жеткенде, кол көтөрүп жолдо турган адамдардын аарсынан, солдаттык шинели али үстүнөн түшө элек балдакчан жигитти көрүп, өтүп барып токтодум.

-Саломалейкум! Кайда барасыз? — дедим майып жоокерге, кабинадан башымдычыгарып.

Тигил киши балдагын такылдатып, машинаны көздөй ылдамдай басып келатып сүйлөдү.

-Алейкимасалам! Ой сен Султансың бы?

-Ооба, Султанмын. Оо, мен ким десе, Жусуп турбайсыңбы? - Машинадан секирип түштүм. Экөөбүз кучакташып калдык. - Кандай ден соолук?

-Көрүп турбайсыңбы, кандайын.

-Кайда баратасың?

-Базарга баралы деп чыктык эле. Таанышып кой, бул аялым. Жүгөрү алсакпы дегенбиз. Турмуш оор. Согуштунзалдары али кете элек дос. Өзүңкандайсың?

-Түзүк элемин. Олтургула эми,базарга жеткирип коёюн. Мен өзүмда шашылышмын, Ысык-Атага барышым керек.

-Катуу келатканьщ ошондой. Жол жаман, байкабасаң болбойт. Машинаң жаңы экен

-Ооба, жаңы. Айдаганым аз эле күн болду.

Жол тозуп тургандардын баары машинага жармашышты. Бирин алып, биринташтамак белем. Мейли, олтура беришсин деп ойлодум. Машина кайра от алды.Башкарманын «эртең эрте ушул жерде бол» деген сөзүн эстеп, кечигип баратканыма бушайман болуп, өң түл-дөңгүл жолдо урдуруп келаттым. Ошол саамдабазарга бараткан чоң кара жолго бурула бериштеэки жолдуп кесилишине жеткенде, мүшөк-мүшөк жашылча салынтап эки дөңгөлөктүү, үстү бийик эшек арабанын келат канын көрүп, андан мурда өтүп кетейин деп ойлоп баякыылдамдык менен барып, араба-

нын чукул келип калганынан коркуп, рулду кандай буруп жиберген имди өзүмда билбей калдым. Ошол кезде жолдун четинде сүйлөшүп турган аялдардан өтө бергенимде, кабинанынэшиги өзүнөн өзү ачылып кетти. Өзүмө да, машинанын рулуна ээ боло албай калдым.Мен, күү менен бараткан машинадан ыргып барып, бир катуу нерсегеурунганымды бир билем. А машина болсо менден ото берип эңкейиш ке кирип кеткен бойдон көрүнбөй калды. Ушул маалда бирысык нерсе жаак ылдый жылжыпаккан өңдөнгөнүнөң колум менен сыйпапжиберсем, кан экен. Козголоюн деп ойлодум. Бирок, козголо албадым. Башым айланып,жер көчүп, эсиме эч нерсе келбей, бара-бара акылдан азып, кулагыма кумкуюлгансып, айланамды дүлөй тынчтык каптап турганынэми гана баамдадым. Бир убакта кулагым тарс дей түшүп, ачылып кеткенде гана ааламда алаамат болупжаткандай болгон дүрбөлөңдөгөн ызы-чуу түшкөн адамдар бир заматта айланама толупкеткенсиди. Ошол саамда жаныма келип, башымды жөлөгөн Жусупту таанып сүйүнүп кеттим.

-Тирүүсүңбү?

-Баарыбыз тирүүбүз. Коркпо, машина да аман,эл да аман. Деги өзүң кандайсың? Кудай сактай көр! - Бет аарчысы менен бетимдеги канды сүргүп жатый карбаластады: - Башыңдын бир жери айрылып кеткен го ыя!

Ошол убакта кимдир бироо наалыды:

-Бул ит таң атпай ичип алган немего. Үстүндөгү кишилердин баарын кырыпсала жаздады. Мен, балам экөөбүз аз жерден машинаныналдында кала жаздадык. Ажалыбыз жок экен. Кудай чоң сактады.

-Кырсыкты кайдан деп болбойт. Деги багың бар жигит экенсиң, деди дагы бироо, - мына бул жарадар жоокерсактап калды элди. Ракмат, жигит сага. Сен болбосоң баары талкаланат болуучу. Кайдан келаттыңар эле?

-Биз жолдон түшкөнбүз, - деди Жусуп, -- догдуркечикти го. Эми эмне кылышыбыз керек?

Жусупка бирдеме айтайын деп айталбадым, ордумдан да козголо албадым. Ошолсаамда «Тез жардам» менен удаалаш ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келип калышты.

Милиционер жигит мени дароо тааныды.

-Э, катыгүн, Султансыңбы? Эмне болуп кетти?

Оозумду кыбыраттым:

-Ушундай кырсык болду. Машинаны жеткирип бер.

Машинада н камтама болбо,жеткиребиз. Бирок, өз абалы ң оор го дейм. Эми эмне кылышыбыз керек?

-Эмне кылмак элеңер, мени ооруканага жеткиргиле.

-Жеткиребиз.

Мени беш-алты кишилеп, өкүртүп, замбилге салып, «Тез жардамдын» ичине алып киришти...

...Ооруканада бир жылдан ашык жатып калдым, баш аягы. Жанбашым мененомурткамдан үч жолу операция болдум. Жанбашымсынып, омурткам козголуп, жүлүнүм кысы шып кетиптир. Токмоктон бат эле Бишкекке алып кетишти.Ал жерден военный госпи талга алып барып жаткырышты. Кырсык менентарткылыкты кайдан деп болжоого болбойт турбайбы. «Чыгаша га ээси баш» дегендей, мындай опурталдуу йшке адам кээде өзү себепкер болуп кетет экен. Мен бул жерден баш-аягы сегиз ай дегенде балдак менен төрт буттапүйгө чыктым. Бир ай эс алгандан кийин, кайра Саки деген сөөк оорулардын санаториясына барып дарыланыпкелдим.

Госпиталда жаткан кезимде «Айчүрөк уул төрөдү» деп сүйүнчү айтып келишти. Баякы Айчүрөктүн боюнда барын билгенде иренжиген жаным,эркек балалуу болгон умду укканда, чекемден тер чыга түштү. Көрсө , бала деген бала экен.Кан ыңдан чыккан каапырды таналбайт турбайсы ңбы.

Сөз ушул жерге келгенде Ашым атам досуна ка­райбакылдады:

-Сен де көө дөндө көмүскө жаткан көп сыр бар тура. Мурдаайткан жок элең буларды.

-Айт тың эмне, айтпадың эмне. Азыр менде бир гана ракат калды. Алболсо, өткөндөгү Сырганын талчыбыктай болгоп мөлтүр кезин, бири-бирибизге болгонту нук сүйүүбүз, эңсөөгө толгон бактылуу күн дөрүбүздү эстөө. Э-э-й, Ашыке, оту өчпөгөн сүйүүнүн учкуну кайрадан алоолоп,жакындан бери кайрадан дагы бир эңсөө, дагы бир кусалык тутана баштады жүрөктө. - Ал кандай кусалык, жеСырганы көрүп көңүлүң бузула баштадыбы?-Сыргадан башкасы да

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   18 Апрель 2016 - 18:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

бар Ашыке. Шашпай угуп турчу. Ага да жетебиз. МенСырганы, госпиталда жатканымда көргөн бойдон көрөлек болуучумун.

-Акыры сенин авария болгонуңду угуп, ал жерге да жеткенэкен го бечара келин, - деди Ашым ата, башын чайкап.

-Ооба, омурткамды экинчи жолу операцияга даярдап жатканда келди. Аварияболгонумду укпай жүрүп, кийин угуптур. Тайенем да айтпаптыр. Айдайбек дароо жеткирет эле, аны датайенем ыгырып, айтпа деп койгон окшобойбу. Эстүү киши Сырганы барам деп, жол билбеген неме убара болот дегенби, же башкаойду ойлоп сактанганбы, ким билсин. Айтор мени күтө берип куураптыр го шордуу.

Ошондо Сырганын мурдунун үстүн октолой тартып жаңы эле түшө баштаган сепкилди дароо байкадым. Көңүлүмдө боюнда барбы деп ойлоп, сурайын дегенимчеболбой, көздөрүн жайната карады:

-Жакында балалуу болом, Султан.

-Ооба, өзгө рүп кетиптирсиң. Мен да байкадым.

-Сенден, - деди уялың кы жалт этип.

-Аман-эсен эки колуңду бооруңа алып алсаң экен. Мен да минтип ок тийгенсип жатыпкалганымды карабайсь ыңбы. Согуштан аман келип, аз жердей өлбөй калдым. Өзүм да куурадым, сени да куураттым. Аман- эсен сакайып чыксам, Исага коркылбасмын. Чыдаган жаның чыда.

Сырганын кө зүнөн жаш кургабай ыйлап турду.

-Качан чыгуучудайсь ң ооруканадан? Эми абдан сакайып чык.Кудайга шүгүр, жакшы экенсиң. Санаам тынып калды көрүп. Шаар билбеген жаным азап менен таптым сени.

-- Эми убара болуп келбей эле кой. Чыксам өзүм барам. Бирок, качан чыгарышаарын айта элек...

-Ошол бойдон экөөбүз көрүшкөн жокпуз.

Санаторийге барып жакшы болуп келгенденкийии өксүг өнүм Сырганы көрбөгөнүм болуп, сагынычтан сары ору болуп жүрдүм. Короодо байланып турган атамдын атын көргөн сайын бүйрүм кызыйт да турат. Бирок, бардырбасаң бардырбас дегендей, мага врачтар бир жылгачейин ат минбе, велосипед теппе деп эскертишкен. Ушинтип, жеталбай, Бурана көзүмдөн учуп турган кезимде, тайенем менен таятамбаш болуп , таяжем, таяжездем, бөлөлөрүм чогулуп, колхоздун килейген чөп ташуучу, чабагыарсайган’ арабасы менен келип калышты. Чай үстүндө таятам, онтолоп, жанбаштап жата калып, тура калып, араң олтурду.

-Бир топтон бери таятаң ооруп, ден соолугу жакшы болбой жүрөт. Биз эле барып келели, сен үйдөкал десек болбой келди. Арабадан кыйналып калды окшойт.

-Жалгыз таятам эле эмес, силер деле убара болуп келбей койсоңор болмок. Бир аз тыныгып алып, өзүм барып учурашат болуучумун.

Менин сөзүмдү уккан тайенем өзөлөндү:

-Э кудай, келбей кантип чыдайбыз балам. Азыр бир жакка барам деп ойлобо.Догдурдун айтымы менен бол. Кокустан атка минип бир жакка барам деп ооруган жерлериңди күчүркөнтүп алба, каралдым. Кудайсени сактабадыбы. Бир жакка чыкканда, ата-бабанын арбагына сыйынып, кудайдынбарлык- пирлигин билип, тобо кылып жүрүш керек. Жараткан алла баарын көрүп турат. Кумурсканын буту сынса, кудайдын кулагына маалым, деген сөз бар. ’Пендесинин кылган иши көң үлүнө жакпаса, сыр көрсөтү п, акырын таманынан тартып коёт, балам.

Тайепсмдин бул сөзүн Сырганы ачык айтпаса да, “керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук” деп мага кыйытып айтып жатканын дароо тү шундүм.

-Макул тайене, мындаи ары машина айдабайм, буюрса жакымда мурдагы ишимдеиштейм.

Ар жактан Айчүрөк сөзгө аралашты.

_ Ой тайене, менин да кудайым бар экен. Буга жараткан көз көрүнөө сыр көрсөттү. Ошону билет дейсиңерби. Султан үйгө караганда талаада жүргөндү жакшы көрөт. Ошол авария болоордо, мени көргүсү келбей үйдөн качып калган. Колубошосо да, бошобосо да, жумушу болсо да, болбосо да, силерди шылтоолоп жанытынбай чапкылап... Эми кантээр экен,

көрөбүз го.

Ачуум келе түштү.

-Сен менин таятам менен тайенеме барганымды көргүң келбей, көп көрүп жүргөн экенсиң. Эми кантээр экен депкоёт, барам дагы эле. Эртең эле машина таап,таятамды өзүм жеткирип келем.

-Билем сени.

- Эмнени билесиң?

-Тайенем туура айтат, кудай баарын көрүп турат. Сенин жүрүш-турушуң адам эмес, аллага дажаккан жок. Мен да адаммын. Кусуру жок киши болбойт. Буран ада сени чакырып турганбир азыткы бар. Сен ошого барып келатын кырсыкка учурадың.

-Ой тилиңе жара чыккан энеңди урайын, анда сенин кусуруң уруп, авария болгон экенмин. Сен ушундайуяты жок канчыксың .

-Канчыктын балакетин алба. Сенин кызматыңды кылып, тууп тукумуңду берге ндеги угаар сөзүм, көрөөр сыйым ушулбу?

-Тим эле Манас тууп салгансып, сүй лөп турган сөзүн кара. Балага жамынба. Азыр мен өзүм баламын. Мына ушунтип жинге тийип, көңүлүмдү музда тың өзүң. «Ка тын жолдо, бала белде».Эгерде, чындап карарчу болсом!

- Кокуй койгула, чатак жок жерден чатак чыгарышпай. Катынга теңелип кайым айтышып олтурбай,чыгып кетпейсиңби, - деди апам, мени жаман көзү менен акшыя карап.

-Кайда чыгып кетейин? Качан болсо келиниң е тартып, мени кагасың да турасың . Мунун шиши толду.Экинчи . ушунтип сүйлөй турган болсо, Ай чүрөк эмес Күнчүрөк болсо да тилин кесем. Али унута элекмин мен, мага кылганкылыгын, тарткан табагын.

Тайенем:

-Айчүрөк кагылайын, азырСултандан кетпей эле, күнөө сенде н кетти. «Ынтымак бар жерде, ырыс бар» дейт. Ынтымактууболгула балдарым. Билсең, Султан өлүм жолунан келди. Кызым сен, уулга да,келинге да бирдей калыс болушуң керек. Балакетиңди алайын, көзүн көрүп мактаган эмес, Султандай бала барбы. Кадырына жете бил, Айчүрөк. Күйөөнү да күткөн киши күтөт. Биздикине барганынаичтарлык кылганың бекер. Бул сөзүңө капа болуп калдым балам - деди.

...Мен үчүн убакыт бир жергебайланып калгансып таң атса кеч кирбей, кеч кирсетаң атпай жүрүп арадан айлар өтүп кетти. Жайкы саратан өтүп, күркүрөгөн күз келди. Сырганы ойлойм.Балалуу болгон, болбогонун угалбай жүргөн кезимде, кудай айдагансып Айдайбек келип калды. Сырганын уул төрөгөнүн ошондон угуп, кубанычым койнума батпай, сүйүнүп калдым. Ишке киришкеним эки айча болупкалган. Айдайбекти шылтоолоп, таятамдыкына барып келүүнү ойлоп, колхоздун машинасып сурасамбы деп кородо турсам, кабинетинен чыкканбашкарма аста басып келип менин жаныма токтоду.

-Эмне туруп калдың ?

-И, сизден таятамдыкына барып келүүгө машинаңызды сурайын деп токтой калдым.

-Качан барат элең?

-Сиз машинаны качан берсеңиз, ошондо барам.

-Жарайт, шофёрго айтып коёюн, эртең барып кел жумуштан кийин...

...Чынымды айтсам, таятамдыкын шылтоолоп, жалгыз Сырга үчүн делөөрүп келаттым. Мен келгенде таятам да, тайенемда үйдө экен . Бул менин баякы аварияболоордо келген бойдон биринчи келишим болучу.

Байкуш тайенем мени, үйүндө олтуруп үнүмдөн тааныды. Боз үйдөн там үйгө көчүп кирише элек экен. Алар кышкысын там үйгө кыштап, жайкысын такай боз үйгөчыгышчу. Айдайбек машинадан секирип түшүп, үйгө атып кирди. А тайенемболсо, мен кан майдандан жацыдан келип жаткандан бетер, сыры небак түшкөн чөйчөккө суу куюп чыгып «балакет-салакет, кырсык-пырсыктын баары ушул суу менен кошо кетсин» деген сыяктуу сөздөрдү кобурап башымдан тегеретип төктү да, бошогон идишти босогого көмкөрүп, анан мени кучактап бетимден өптү.

- Жыгылып-тыгылбай, аман келип, амаи кетип жүрчү каралдым.

-Таятам кандай, жакшы болуп калдыбы, ыя тайене?

-Таятан жакшы балам. Кыргыйдай болуп олтурат төшөгүндө- Бир жаман жери такыр эле акыл-эсин жыя албай, унутчаак болуп жатат. Кир үйгө.

Мен учурашып, колунан карман жаыына барып олтурдум.

-Кандайсыз, таята!

Султанс ыңбы? - мени жаздым дедирбей дароо тааныды. - Кел бери!- Мойнумдан кучактап, өзүнө тартып бетимден өпту. - Адам жамандыкты корбой,.жакшылыктын кадырын билбейт балам. Мына адам болот деген ушул. Кандай, жакшыбыден соолугуң? Таятаң менен ырас эрте келипучурашт ың го.

-Жакшы элемин, таята. Учурашпадык беле жа­рык тык.

Жакшы экенсиң. - Бүткөн боюмду кармалап, сылаган болуп жатты. -Мындан ары кырсыктан тышкары бол чырагым. Эмне менен келдиң?

-Машина менен келдим таята, - кулагына жакын кыйкырып сүйлөп жаттым.

-Кайра кетесиңби?

-Бул бала кетет, мен калам. Мен силерди сагындым. Эртең дем алышта мында болом.

-Ооруканадан чыкканы үйүңө бардыңбы?

-Үйдөн келбедимби.

Тайенем башын чайкап, күлөсү йлөдү.

-Куураган киши, оң сүйлөп баратып эле айныйт үшөт. Оюнда сени көргөнүн унутуп, жаңы келди деп жатат.

-Ооба, түшүндүм.

Таятам жаздыктан башын көтөрдү:

-Байбичс, Султан кетем дейт го. Жанакы өзүнө арнагап козуну алып келип бата кылгыла. Айдайбек кайда жүрөт, чакыргыла балдарды. Келе элек бала тамакичип кетсин...

Туш-тушунан чыгып жатып, шофёрду да кетирген жокпуз. Тамак ичилип бүтүлгөндөн кийин, адатыбызча Айдайбек экөөбүз там үйгө жаттык.

-Сырганы көрүп жүрөсүңбү? - деп сурадым.

-Көрүп жүрөм. Сырга эжем төрөгөн байке, айттым беле сага.

-Ооба, айткансың .

-Билеси ңби, баласынын аты ким?

-Ким?

-Султан. Сырга эже сени дайым сурайт.

Баласынын атын Султан койгонун угуп жүрөгүм удургуй түштү. Байкуш Сырга, баякы экөөбүз бирге жаткан кадыр түндө «Кокустан сенден боюма болуп, уул төрөп калсам, атын Султан коём» деди эле. Ошондооозуна кудай сала берген экен, деп ойлоп, толкундап турдум.

Жана тышка чыгып Исанын үйүжакты умсуна карап турсам, тайенем жапыма басып келип:

-Ай балам ай, кайра-кайра чыгып эле өөдө жак­ты карайсың да. Иса сенден арам санайт экен. Сагамындай сөздү айтуу, мен үчүн ылайыксыз болсо да, унчукпай коё албадым.Сак бол. Бирөөнүн убалына калба. «Колунданкелбес бир ишке, кор болуп көнүл дегтепп» деген сөздү билеси ңби?

-Билем тайене.

Карынын сөзүн туура көрүп турсам да, атайы алыстан Сырга үчүн келип, кайра Сырганы бир көрбөй кетүү мен үчүн арылбаган арман, түбү жок кайгы болуп турду. Билбейм, тайенем менин жүрөгүмө түшүн үп айттыбы, же мени н кейпимди көрүп аядыбы, кайра жазыла сүйлөдү:

-Бүгүн үйүндө жок ал келин. Бүкүр эки аялын тең арабагаолтургузуп алып, силер келээрдин алдында эле бир жакка кетип жатканын көрдүм.

-Эртең да келбе йт бекен, ыя тайене? - деп кандай

сурап жибергенимди өзүм да билбей калдым. Т-у-у, атакөйү, жаш кезде жүрөк курч болуучу неме тура. Эмелеки тайенемдин «бирөөнүн убалына калба» деген сөзүн угуп олтуруп, айткан сөзүмдү кара. Алдьщда ажал күтүп турса да ацдабаган кайран курак ов.

Дымып олтурган Ашым атам түйшөлөтүштү:

-Анан эмне болду, Сыргага жолуктуңбу, же жолуккан жоксуңбу?

-Жолуктум Ашыке . Тайенемдин кыйыткан сөзү кулагымдын сыртынан учуп кетти.

-Айтымың а караганда Сырга өтө сүйкүмдүү сулуулардан болсо керек ээ!?

-О-о, Ашыке, анын эмнесин сурайсың . Кокустан Сырга элкатарлуу кийинип, эл катарлуу жакшы эрге тийип, жакшы турмушта жашаган болсо,тим эле чурок болмок...

Мен, атамдын досунун сөзүн угуп олтуруп, адеген-деИсанын баласынын атын Султан деп кандайча койгондугу жөнүндө чоо-жайына анчалык маани берген жокмун.Султан деген ат жагып калса коёт да деп ойлоп койдум. Ал эми Сырга эженин мурдасулуу болгонуна да, келбеттуулугуно да ынана бербей турдум. «Сыр аяктын сырыкетсе да, сыны кетпейт» деген сөздү ойлоп, эжеде сулуулуктун эч бир белги-бечкегиболбогонунан улам, тигил кишинин айткан сөздөрүнө ишенгим келбей, Сырга эже ушул бойдон эле өңү суук, бир козу айнек бойдон туулуп калгансыган туңгуюк сезим мени чулгап турду. Ошол кезде Ашыматамдын көңүлдүү каткырыгы менин оюмдубычыратып жиберди. Мен ушул аралыкта тигилердин эмне деп суйлоп, эмне жөнүндө шаңдана кулуп жаткандарын да байкабай калдым.Атамдын досу созун улады:

-Эртеси эртең менен кой-козунункезуусуно шылтоолоп, Сырганы ойлоп, букурдун уйун тооруй басып, эки жагымаэтият көз чаптырам. Бугун булардын кой- козусу кезуугокошулбайт го, дегенче болбой, арт жагымдан арабанын дабышын угуп, жалт бурулуп,кылчая карап токтодум. Кимдир бироо арабадагы атка устокко-босток камчы уруп келатканынкоруп, жолдун четине чыгабердим. Менин козумо арабада

канча киши, кандай кишилер олтурганы көрүнбөй, бир гана Сырганын жылдыздуу жүзү шамдай урунду. Ал да мени дароо тааныды. Ошол саамда ордунан көтөрүлө берип «Султа-а-а-н! » деген сөз анын оозунан кандай чыгып кеткенин билбей элейдим. Эмне үчүндүр аягым шилтөөгө келбей, жансыз боло түштү. Сырганын сөзүнөн от чыгып кеткендей болгон бир ысык толкунаягымдан атылып барып, төбөмө барып бир тийди. Арабадал бүкүрдүн үйүнүн алдына жетип ба­рыптоктоду. Ошол саамда эркектин ачуу үнү эртең мененки тынчтыкты чагылгандай аралап өттү.

-Канчык! , Кайсы Султан ал?!

Келин чыйрала жооп берди.

-Кызык, кайсы Султан болмок эле, өкүл энемдин жээни Султан.

-А, ошон үчүн арабадан учуй кетежаздадым дечи, кыйкырып.

-Кыйкырса эмне экен! Бир тууган да.

-Аа, бир тууганбы? - Сырганы арабадан тартты. - Түш. Сенин аны менен кандай бир тууган экениңди көрөйүн. - Ошол саамда Сырганын алдындагы балаыйлап жиберди.

-Тарт колуңду, баланы өлтүрөсүң. Түшөм өзүмэле.

Бүкүр аялды коё бергендейболду. Сырганын сөзүн угуп, эринии мамилесин көрүп туруп, эмне кылаарымды билбей калдым. «Биртууг ан да» деп айткан сөзүн төгүнгө чыгарып, учурашпай басып кетүүгө адамдык абийирим жол бербей турду. Акырытобокелге салып, тигилерге жакындай бастым. Эмелеки жагымсыз сөздү укпаган кишиче салам айттым.

-Саломалейкум жезде! (Бүкүрдүн уулу байбичеси бизжактан экен).

Мен и жеп жиберүүчүдөйкөзүнүн төбөсү менен үлүрө йө карап бурк этти.

-Але кисалам.

-Кандай эжеке, саламатсызбы? - адегенде бүкүрдүн улуу аялы мененучураштым. Анаи Сыргага кол сундум. Бешик бооңор бек болсун, карындашым! - Баланын көкүлүнөн сылап койдум. Ал мени чочулай тиктеп, көздөрү балбылдап турду. Ошол саамда менин жүрөгүмдү булкуп алган бир ишболду. Ал болсо, бул баланын көрүнүшүнүн менин өзүмдүн кичинемде түшкөн сүрөтүмө окшоштугу эле.

-Ракмат байке, айтканың ыз келсин.

-Ии, жээниңе көрүндүк бербей эле көрүп аласыңбы? - деди берки аял.

-Берейин эжеке, берейин! - намыянымды алып жүз сомдук бир кагазды сууруп чыгып эжеге сундум. - Мына жолуңуз.

Мен бул акчаны Сырга уулду болду дегенин угуп, балким көрүшүп каламбы деген ойдо, атайын даярдап койгонболуучумун. Көңүлүмдө Сырганын өзүнө берсем деп ойлогонмун. Бирок, андай болбойкалды. Акчаныкөрүп, эженин кабагы жаркый түштү. Сыягы мынчалык акча берет деп ойлобосокерек.

-Ой алдың а кетейин, ракмат. Баса менин иним ушундай эле деймда. - Аял балага карады. - Карачы таякеңди, сага көп көрүндүк берди балам. Кем болбо,ата ңды тартып жоомарт киши болгон турбайсың бы...

Сырга менен бир беттешип сүйлөшүүнү канчалык самап турсам да ыгын таап кездеше албай койдум. Мени алып кеткениколхоздун баякы полуторкасы келди. Жок дегенде алыстан болсо да Сырганынкарааны көрүнөбү деп, карай берип эки көзүм тешилгендей болду. Бир кезде уулункоторгон Сырга үйүнөн чы­гып, биз жакты умсунакарап, жансыз сөлөкөттөй кыймылсыз турду. Менин жүрөгүмдү өрттөп, көзүмө көрүнгөнү, жоолугунун учу менен кайра-кайра көз жашын сүртүп жатканы болду. Ошол аянычтуу элести азыр эстесем да жүрөгүм зырп дей түшөт.

Мен Исанын башка жакка көчүп кеткенин кийиики барышта уктум. Атайы Сырга үчүн баякы машина менен экинчи жолу дагы келдим. Жаңы эле кабинадан түшүп жатсам, Айдайбек кайдан-жайдан көргөнүн билбейм, чымын-куюн болуп жаныма жүгүрүп келип, эки таноосу дердеңдеп, энтиге сүйлөдү:

Байке, билесиңби, Иса атамдар көчүп ке тишти.

-Эмне, эмне? Ким көчүп кетти дейсиң?

-Иса атамдар. Алар эми такыр бул жакка келбейт.

Ойдо жок жерден жагымсыз кабар угуп денем муздай түпггү.

-Сырга да кеттиби? - Машинанын тепкичине бир бутумду коюп, экинчи бутумдусунуп бараткан калыбымда жансыз боло түштүм.

-Ооба, баары кетти. Сага кат берди Сырга эжем, Алып келейинби?

-Алып кел. Катты өзү жаздыбы?

-Жок, өзү жазган жок, магажаздырды.

-Кызык го, сен кантип жаздың ?

-Сырга эжем айтып берди, мен жаздым.

-Алып келчи көрөйүн сен жазсаң да.

Айдайбек көздү ачып-жумганча болбой,бир барча кагазды көкөлөтө көтөрүп жетип келди. Баякыолтурган калыбымда кагазды жазып окуй баштадым. Бар болгону беш-алты ооз сөз. Өзү жазбай, Айдайбекке жаздырса да, эмне үчүн көчүп жаткандыктарын түшүндүрө албаптыр. Бар болгон сөзү: «Султан, кош, амин бол. Эмне учун эке нин билбейм, капысынан эле, аб ышка ка тополоң тушуруп кочуруп калды.Кайда барарды да айткан жок. Сыягы алыс ка тет окшойбуз. Арманым сенс иң Султан. Эмики менин кудайдан тилегентилегим би р өө гана. Ал болсо экөө буэдун ыйык махабатыбыздан буткон уулумд ун амандыгы. Кайда журсом да эсимде сенболоорсуц. Кош. СЫРГА».



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 14:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: