Суперстан: Чубак ажыга берилген суроолорго жооп - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чубак ажыга берилген суроолорго жооп Суроо бербеңиздер. Чубак ажыга жетпейт. Башка сайттан алынган.

#121 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   12 Апрель 2016 - 23:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Узун өмүр берип, Жаратканым өз ырайымына алган болсун.
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   jetinur90   12 Апрель 2016 - 23:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Просмотр сообщения etalon (31 Март 2016 - 02:39) жазган:

Мусулмандарга чач кыркып иштеген арамбы. Мисалы парекмахерде чач кыркып иштесем кунообу?

Анык айта албайм, бирок эркектин сакал чачын алсан куноо эмес сооп болсо керек. Жудогон койдун жунун алсан сооп болуп аткан сон элестетсен сен жудогон адамдын жугун женилдетип, сообуна ортоктош болуп атасын го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   kaidasyn   12 Апрель 2016 - 23:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения etalon (31 Март 2016 - 02:39) жазган:

Мусулмандарга чач кыркып иштеген арамбы. Мисалы парекмахерде чач кыркып иштесем кунообу?

Жок куноо эмес,эгерде; сиз аял болуп туруп эркектин чачын кырксаныз куноо ал эми эркек болуп туруп эркектин чачын кыркып берсениз куноо болбойт! Анан кыркат десе ар кыл кылып кыркбай(мисалы башына сурот тартып ийишет го ошолор болбойт) ал эми устун бир ааз узун астын кыскараак кылсаныз бул жакшы болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   zarifa_love   13 Апрель 2016 - 11:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 407
  • Катталган: 21 Февраль 13
  • Соңку аракети: 08 Апр 2017 08:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:якутя

Сүрөттушунбодум мен!!! ошол эки уч аялды бирдей карай ала турган эркек барбы озу?ошол эки уч аялды карап бага турган айлыкты эркек каяктан табат ?????????СүрөтСүрөтСүрөтСүрөт СүрөтСүрөтСүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   mergenchi   13 Апрель 2016 - 13:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 05 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 27 Май 2025 10:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын-Бишкек

Просмотр сообщения zarifa_love (13 Апрель 2016 - 11:36) жазган:

Сүрөттушунбодум мен!!! ошол эки уч аялды бирдей карай ала турган эркек барбы озу?ошол эки уч аялды карап бага турган айлыкты эркек каяктан табат ?????????СүрөтСүрөтСүрөтСүрөт СүрөтСүрөтСүрөтСүрөт


Министр, депутаттарга кобуроок тийиштууго дейм бул. Жаш кыздардын башын айлантып ойнош болгондон коро ... деген кеп да.
Сен таза болсон, мен таза болсом... Баняга ким тушот...???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   kaidasyn   14 Апрель 2016 - 11:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек




❓❗Чубак устаздын китебинен суроо-жооп


Таанышым 5 убак намаз окуйт, ачык кийинет. Күнөөбү? 077275...
-Намазы иншаллах кабыл болот. Алла жоолук салынууну насип кылсын деп суранабыз.

-Кыяматта меккедеги Кааба сакталабы? 077245...
-Кааба дагы дүйнөдөгү жашоого кошулат. Эгер кыямат болуп жердин баары оңторулса ал деле бузулуп кетиши мүмкүн. Ал таштан тургандыгы үчүн эмес, балким Алла ал жерди кыбыла кылып бергендиги үчүн касиеттүү.

-Ата-энемдин сүрөтүн үйгө илип койгом. Периште кирбейт деп жазылыптыр китепте. 077273...
-Сүрөт бар үйгө периште кирбейт. Сүрөт илүү болбогон нерсе, шариятта эле эмес кыргыздын салтында да жок.

-Атам бакшыга үйлөнүп алган, аялы бизди батырбайт. атам өзгөрдү, балдарым деп эзилбейт, ичип калыптыр. Инимдин тоюна өз атам да, өгөй атам да катышса болобу? Ө7702908...
-Экөө тең катышса болот.

-Бир жарым жылдан бери балалуу болбой жатабыз. Кетип калсам болобу? Бирок жолдошумду аябай жакшы көрөм. 077893....
-Кетип эмне кыласыз! Адамдар он жылдан кийин деле балалуу болушат. Кудай берген күнү болот. Балким жаш кезде ойноп-күлүп алышсын деп мүмкүнчүлүк берип жаткандыр.

-Күйөөм ичип алганда “кет, балдарың менен” деген. талак түшпөйбү? 077381...-Ажырашуу ниетинде айткан болсо түшөт. Анан жөн эле мастыкта келжирей берген сөздөргө маани берилбейт.

Мурунку жолдошум каза болгондон кийин ашында кабар берилбей карам алынбай калды. Ишим жүрүшпөй жатат. Каранын мааниси барбы? 077754...-Эч кандай мааниси жок.

-Дубаны 1000 жолу окуш керек десе сөзсүз ошончо окуш керекпи? 7 токочту Кудай жолуна деп күнүгө жасаса болобу? 07912237...-Шарт эмес, бирок көбүрөөк окуган жакшы болот. Токочту күнүнө 2 жолу жасасаңыз деле жарай берет.

-5 жылдан бери күйөөм бирөө менен жүрүп анысы төрөдү. Экөөнүн никеси жок. Күйөөм ага эмнелерге милдеттүү? 0791939...-Никеси жок болсо эч нерсеге милдеттүү эмес. Ага да нике кыйдырып ал десеңиз жакшы болот. Балким алардын никеси бардыр, сиз билбегениңиз менен.

-Намаз окуйм. теледен түрк сериалдарын көрсө күнөө болбойбу? 077381...-Түрк, бразилия сериалдарын көрүп, убакытты ысыраптайсыз.

-Мени кудалап койгон, аны жакшы көргөндүктөн эмне десе кечирип, күтүп жүрдүм. аябай кызганчаак. анын айынан уятсыз сөздөр менен сөгө баштады. Көп урушкандыктан көңүлүм калды. мындайда эки тарап сүйлөшүп чек койсо болобу? 077787....-Кудалашуу никелешүү деген сөз эмес. Бул жөн гана убада. Башка күйөөгө тийсеңиз жарай берет.

-Тиш кыйшык болсо башка тиш салганга болобу? 055338...
-Түздөтсө болот. Түз эле тишти андан бетер Майкл Жексондукундай, Пугачеваныкындай сулуу кылам десе болбойт.

-Жаман ойлорду ойлой берем. Кайсы аяттарды окуп мындан арылам же бул оорубу? 077782...
-“Фатиха”, Курандын бардык аяттары себепчи боло берет. Окуй бериңиз.

-Боюмда бар кезде күйөөм мастыкта талагын берип койгон. жашасак боло береби? 077883...
-Мага экөөңөр келгиле же телефондон кайрылгыла. (0312) 486530.

-Сүйлөшкөн кызым менен жаткам. Кыздыгы жок экен, аны албай койсом болобу? 077388...
-Өзүң деле зына иш кылып албай койсом болобу дейсиң. Дароо алышың керек! Денеси чоюлчак болушу мүмкүн, спорт менен машыгууда түшүп калышы мүмкүн же төрөгөндө кыздыгы чыгышы мүмкүн. Балким айып сендедир. Өздөрү эле периште болуп кеткенсип албай коём деп чыгышат!

-Дүкөндөн бекитип акча алам, кайра эле апама керектүү учурда жолдошум берди деп берем. уурдап алуу кандай күнөө? 077844...-Уурунун колун кесүү керек. Уурулук күнөө, арам.

- Даараттан кийин “ашхаду ан лаа илааха иллаллоохту” ичибизден айтабызбы же үн чыгарыппы? гүлүм
- Даарат алып бүткөндөн кийин келмесин айтып, андан соң даарат алгандан ашкан суусунан турган абалда ичип андан кийин «Аллоохумма ижьалнии минат тавваабиина, важ ьалнии минал мутатоххириин! » деп окуусу даараттын адептерине кирет. Имам Муслимдин (234) жана Имам Абу Даудтун (169) риваятында Азирети Умар Разиаллооху анхудан, Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: « Ким даарат алып болуп (Ашхаду ал лаа илааха иллааллооху вахдаху лаа шарийка лаху, ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулуху) деп айтса, ал адамга жаннаттын сегиз эшиги ачылып, каалаганынан кире берет!». Имам Термизийдин (55)риваятында: «Аллоохумма ижьалнии минат тавваабиина, важ ьалнии минал мутатоххириин! » деген дуба кошумча айтылат. Имам Тахаавий, Имам Насааий, Ибн Жарирдин риваяттап, Абу Шейх сахих деп баа берген кабарда Хусейин бин Алий мындай дейт: Азирети Алий даарат алып акырында, даарат алгандан ашкан сууну туруп ичкендигин көрүп таң калганымда, мага карап: «Таң калба! Атаң (чоң атаң дегени) Пайгамбар алайхис салам да ушинтээр эле, даараттан ашкан суудан туруп ичээр эле». Ал эми бул дубаларды өзүңүз уга тургандай өлчөмдө айткандыгыңыз макул. Тилдериңиз кыймылдаса, кулактарыңыз укса кыяматта күбөгө өтөөр.

- Мен ишиме байланыштуу багымдат намазын окуйм, калганын кечинде үйгө келгенде парздарын окусам болобу? 077185...
-Колуңдан келишинче толук окуганга аракет кыл. Эгер ниет койсоң Кудай Таалам бардыгына жетиштирет. Дуба кылсаң баары ордуна келет.

-Мен турмушка чыккан элем бойдок жигитке. ата-энеси ата-энемдин алдына келе элек. мен да аларды көрө элекмин. жашаганыбызга бир жыл болду. Качан келээрин сурасам, шарт болгондо дейт. мени да ата-энем койбойт, качан кудалар келет деп. азыр чогуу жашабайм. Эмне кылсам болот? ата-эне балага жамандык каалабайт да. 077185..
-Турмушка чыкканда ата-энеңдин колунан алып кеткендей болуу керек эле. Кыз каадасы кымбат дейт. Ошого карабастан үйлөнүп алган болсоңор, жашап жаткан болсоңор улантып жашай бергиле! Калганы акырындык менен ордуна келет, насип кылса. Жөн эле жетелешип барсаңар деле жараша берет. Кайра
жашап баштаңыз... Ажырашуу жакшы эмес. Кудалар келбей койду деп ажырашып кеткен уят иш.

-3 күндүк даават учурунда европа улутундагы эки аял, бир эркек мас абалында бут кийимдери менен намазкананын төрүнө өтүп жигиттерди акараттап, уурулар деп доомат кылышты. мен чыдап тура албай сыртка сүйрөп чыгарсам Алла жолундагы бир туугандар менен кайчы пикирде болуп калдык. ушуга пикир билдирип койсоңуз. 077771...
- Ооба, алар намазкананын сыртында туруп сүйлөшсө болушчу экен. Анын үстүнө мас болсо. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын убагында бир адам келип мечиттин ичине эле заара ушаткан. Ал убакта мечиттер өтө эле карапайым болуп, полу топурактан эле. Сахабалардын кээ бирлери заара ушаткан чөлдүк адамды ур-токмокко ала турган болгондо, аларды тыйып, заара ушаткан жерине бир чака сууну куюуга буйрук берген. Андыктан биз да Пайгамбарыбыздын жолун кармангандыгыбыз жакшы болот. Жамандын өзү теңелбесе да сөзү теңелет дейт. Ичкени арак болгон кайрыдиндин намазканага киргени абдан туура эмес, а бирок Аллах Тааланы тааный албаган адамдан башка эмнени күтүүгө мүмкүн эле? Аллах жолундагы бир туугандарыбыз ушуларды айткысы келсе керек го...

- Биз дзюдо менен машыгып келебиз. Эреже боюнча биринчи килемге, анан атаандаштар бири-бирине эки жолу ийилип саламдашып анан күрөшүшү керек. ошондо биз күнөөкөр болобузбу? 055017...- Атаандаштар бири-бирине салам бергени макул, а бирок килемге салам бергени кызык экен. Сиз килемге салам берээрде башка нерселерге, мисалы периштелерге салам деп ниет кылсаңыз болоор бекен? Эгер болгон болсо жакшы болмок..

-Жигитим мени алам деп ата-энеси менен тааныштырган. Бир айлык боюмда бар. Эми өзү жок. Ичимдеги баланы эмне кылам? Билем күнөөлүүмүн. Бир жумадан бери башымды сабап ыйлап жатам. Кудайдын, ата-эне, бир туугандын астында шерменде болдум. Эми эмне кылам? алдырып таштасам болобу? 077210...
- Алдырып таштаган арам болот. Сизди ата-энеси менен тааныштырган болсо, анда ата-энесине барып айтыңыз. Мен келиниңер болом, менин боюмда бар, балаңар негедир жок деп кайын-журтка кызмат кылып олтуруп кал, калганын анан көрө жатаарсың... Табылаары менен нике кыйдыргыла! Намаз окуганды үйрөн. Жүрөгүң жеңилдейт...

-Жумушумдан тилекке каршы парз намаздарды эле окуп жатам. Болобу же толук окушум талап кылынабы? дагы бир көйгөйүм, жумушта суу өтө муздак. таяммум кылсам болобу кыш өткөнчө? 070206...- Колуңдан келишинче толук окуганга аракет кыл. Жакшылыктын көбү жакшы эмеспи. А бирок ыңгайсыздык жарала турган болсо анда сенин аткарганың да жөндүү. Сүннөт намазга шылтоолоп парз намаз калып калбаш керек. Суу өтө муздак болуп, ден-соолугуңузга олуттуу зыян жеткире турган учурда таяммум алсаңыз шариатыбыз уруксат берет. Жаныңызды оорутуп албаңыз. Ден-соолук аманат. Кудай Таалам аманатты сактоого буюрган.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   kaidasyn   14 Апрель 2016 - 14:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек



- Балам 21де. Кээде ичимдик ичет. урушуп, тилдейм. уккансып жакшы жүрүп кайра эле ичип алат. атасыз чоңойгондонбу, билбейм. Өзү абдан жоош. ушул бала дааватка барса оңолобу? Кантип жиберсе болот? Кимге кайрылам? 077962...
- Дааватка барса таасирленип оңолуусу мүмкүн. Муфтияттын даават бөлүмүнө кайрылсаңыз жакшы жардам беришет. 48-65-30 номери Муфтияттын кабылдамасы.

- Билерман ордо оюну кумар оюнуна киреби? 077354...
- Менин баамымда кумар оюнуна кирбейт. Адамдардын маалыматтарына, тапкычтыгына, илимий жөндөмдүүлүгүнө жараша оюн. Анын үстүнө алардын байгесин үчүнчү тарап сайып берип жатпайбы. Андыктан ал оюнду кумар деп атоону орунсуз деп билем.
- Эртең менен турганда сөзсүз жыныс мүчөнү караш керекпи? Өзүнчө эле күмөн боло берем. намаз окуй албай кыйналып жатам. Күмөн жөнүндө айтсаңыз. 077354....- Күмөндүн көбү күнөө деп айтылат касиеттүү Куранда. Биз мусулмандар амалдарыбызды, жашообузду негизсиз эле күмөндөргө кура албайбыз. Күмөндөнбөңүз, намазыңызды окуңуз. Шайтан пендени ошентип адаштырып, васвасага салат. Ага көңүл бурбаңыз. Жыныс мүчөнү ар таңда кароо шарт эмес, күмөндөнгөн учурда ич кийимиңизди кароо жетиштүү болот.

- Күйөөм менен 4 жылдан бери жашабайбыз. жакында “мен сага ыраазымын” деп кеткен. ушул сөз талакка киреби? 077960...
- Эгер ажырашуу жөнүндө сөз болуп, бири-бирибизге ыраазыбыз, акыларыбызды кечириштик деп жакшылыкча айткан учурда «Мубаараа» болуп эсептелип, бир боин талакка эсеп болот. Анан жөн эле сизди жакшы көрүп кетип, эбедейи эзилип, «Мен сага ыраазымын» десе талак болбойт. Сиздин маселеде талак болушу мүмкүн.

- Базарда сатылуучу тиш пастасында, тиш шеткасында “халал” деген жазуусу жок. аны мусулман адам пайдаланса болобу?
- Ооба, пайдаланса болот. «Халал» деп жазылуусу шарт эмес.

- Сиз кишиге акаарат кылып кемсинтип, өзүңүздү мактаганды жакшы көргөн адам окшойсуз. Пайгамбардай иш жасап, ээрчиген адам болсоңуз да оозуңуздан бал тамган сөздөр менен туура эмес ойдогу адамды уялтып ар кимге асылбай түшүндүрүп коёт элеңиз. тилиңизден жакшы гана сөздөр чыксын ылайым. жакшы сөз жыланды ийинден чыгарат. 055701...
- Ырахмат. Кем болбоңуз. Айыптарымды айтып туруңуз. Чын эле бар болгон болсо оңдогонго аракет кылам. Жок болгон болсо доомат кылган болуп, кыяматта жооп бересиз. Намазыңызды үзбөй окуңуз, үзбөй окуган болсоңуз ыклас менен окуңуз деп кеңеш берээр элем. Ар ким өзүнүн айыбы менен алектенсе, башка бирөөнүн айыбын көргөнгө убагы да чамасы да болбой калат дешет тасаввуфтун аалымдары. Анан да уйду «өш», эшекти «хы», итти «кет», эчкини «чек» деп айдайт... . - ден соолук, бейпилчилик сүрөөсү же амалы барбы? 055409...- Чын ыкыластан суралган ар бир дуба максатыңызга ылайык болот. Намаз окуп, Кудай Тааламдын айтканы менен болсоңуз баары ордуна келээр.

- Шариятта никеге чейин жана никеден кийин канча калың берилээри айтылды беле? 077331...
- Никеге чейин калың бычыла турган болсо, эки тарап макулдашкан нерсе калың болот. Эң азы 10 дирхам (4000 (төрт миң) сомдун тегереги)1 болуп, эң көбүнүн чеги жок. Ал эми никеден кийинкиге калып калса нике бычылбайт. (Махр мисл) делген калың берилет. Бул ошол турмушка ( 2012-жылдагы эсеп менен айтылган сөз. 2014-жылы (5000) беш миң сом болду) чыгып жаткан кыздын эже-сиңдисине, ага теңтуш кыздарга берилген калыңдын өлчөмүндөй болот дегендик.

- Бир дос кызым жигитин окутуп алган. Ширк болуп калабы? мунун күнөөсү чоңбу? таластан Айке
- Бул туура эмес жорук. Мусулманчылыкты карманган адам никеси жок жигитти окуп бербейт. Бул көзү ачыктар менен бакшылардын гана колунан келээри анык. Мусулманчылыкта никеси бар жубайларды ынтымактуу жашасын деп калыс дуба кылып, улук Кудайга жалбарабыз. Эгер көзү ачыкка барган болсо ширк амалын аткарган болот.

- Соодам жакшы болсун деп магнитке дуба окутуп илип коюшат. Ширкпи? Айке
- Магнит, аарынын уюгу жана башка нерселер сооданы жакшы кылып жиберүүгө кудуретсиз. Ошол нерселер кудуреттүү деген ишенимде болуу ширк. Кудайдан сурап дуба кылсаңыз эң жакшы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   rnurzida   17 Апрель 2016 - 03:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Устазыбыздан ачуу кеп. темасы менен бириктирилди. KPACKA, темаңызды ушул жактан улантсаңыз болот.

Чубак ажы Жалиловго берилген суроо-жооптор, устаттын таасирдүү сөздөрүн ушул темада жазалы.

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   kaidasyn   07 Май 2016 - 13:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

:applause:

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   KPACKA   10 Май 2016 - 23:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 244
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оруссия (Питер)

Сүрөт

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 13139324_1687074994886176_5522751383019334708_n.jpg

МАСКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Oceana   12 Май 2016 - 16:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Жубайым менин бир-туугандарым
келсе такыр жактырбайт,
түшүндүрүп айтсам “майда адамсыз” дейт.
Эмне кылам?

Жооп: Башталат баары майдадан, байкабайт
аны майда адам. Жактырбаганы жакшы эмес.
Аларды аялыңыз жактырбаса, аялыңыз сизге
жакпай баштайт. Ошентип «майдасыз» деген
аялыңыз “пайдасыз” аялга айланат. Акырында
өзү тарткан жөргөмүштүн бактысыз желесине
байланат. Жыйынтыгында бактылуу үй-бүлө
“шайтандын эмгеги” менен жайралат. Үй-бүлөнү
бузган шайтан, чоң шайтандан орден - сыйлык
алып, майлуу орунга жайланат. Ал сыйлыгын
кичи шайтандарга жууп берип, кичи
шайтандардын ичегиси майланат.

Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   HEMKA   15 Май 2016 - 15:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 417
  • Катталган: 22 Март 16
  • Соңку аракети: 02 Июл 2016 21:25

- Көпчүлүк жерде кызды ала качып барып, босогого нан койуп коюшат, нанды аттаганга болбойт деп. Ошол учурда эмне кылуу керек?
- Нанды алып жеп кой! )))
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   bessmertiy   15 Май 2016 - 22:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 862
  • Катталган: 07 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Дек 2023 15:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кемпиримдин журогу

Просмотр сообщения KPACKA (10 Май 2016 - 23:47) жазган:

Сүрөт

Ажы аке келтиретда созду
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Shalunka1215   17 Май 2016 - 09:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 716
  • Катталган: 30 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2024 11:43
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:орусия

"Уйлонууну проблема кылбагыла"
- уйлон десе бутума туруп алайын дейт .. сен эмне инвалидсинби бутуна туруп алгыдай тооба..
Бутуна тургучак башка жагын турбай калат)))
Акылыны айтып атам дейтко)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   chyragym   25 Май 2016 - 11:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Чубак Ажыга берилген турмуштук суроо жооптор :Мурдумду операция жолу менен оңдотсом болобу? 077019...
-Эгерде мурдуңуз кыйшык болуп адамдардын күлкүсүн келтире турган болсо оңдотсоңуз болот. Бирок жакшынакай эле мурдуңузду андан да кооз кылам деп өзгөрткөнүңүз болбойт. Кырсыкка кабылып, бактысыз окуя болуп мурду бузулуп калып оңдотсо бир жөн.
-Күйөөм багымдатты окуйт, орозо кармайт. Кадыр түндө ичип алыптыр. Башка аял менен мамиле кылат. Буга Алладан кандай жаза болот?
-Кудай сактасын, Кудай сактасын! Ага кандай жаза керек экендигин күтүп отурбастан, Алла аны туура жолго салып, хидаят берсин деп тилегенге аракет кылалы.
-Мен ооруп орозо кармай албай калдым. Эми 60 күн кармап берейин деген ниетим бар. 60 күндөн кийин кармай берсе болобу? Шавал айы кайсы күндөрү? 077858...
-Ооруп кармай албай калган болсоңуз 30 күн эле кармап бересиз. Мүмкүн болушунча эртерээк кармаганга аракет кылуу керек. Рамазан айы бүткөндөн кийин Шавал айы башталат. Айт күнү Шавал айынын биринчи күнү.
-Бешим намазына жетишпей калам. Аср намазына кошуп окуп койсом болобу?
-Эгерде, аср намазынын убагы кире элек болсо- асрдын алдынан окуган болсоңуз бешим убагында окулган болот. Ал эми аср үчүн азан айтылгандан кийин окусаңыз, каза кылып окуйсуз. Өз убагында окуганга аракет кылыныз
-Аялдар орозодо келген айыздын ордун кийин карыз болуп тутабы?
-Карыз болуп эмес, кадимки орозо катары тутат. Сөзсүз кармап берүү керек.
-Мен бир жигитти аябай катуу сүйөм. Бирок ал мени карабайт. Кантип каратып алсам болот? 077819...
-Дуба кылыңыз (Кудайдан сураныңыз).
-Айттын эртеси 6 күн орозо кармаш керекпи же 3 күн өткөндөн кийинби? Нуриза
-Айттын эртеси кармаса деле болот. Бирок, 3 күндөн кийин кармасаңыз жакшы. Себеби, коноктор келип калат же конокко барып каласыз. Ооз ачык болгону жакшы.

-Нафил орозосу качан кармалат?
-Жума, ишемби күндөрдөн башка күндөрү кармалат
-Үй-бүлөм бар. Бирок, кыздар менен көп жүрөм. Мен үчүн ыйлагандар да болот. Күнөөбү? Казармандан Урмат.
-Күнөө. Этият болуңуз! Сиздин да кыздарыңыз, апаңыз, эже-карындаштарыңыз бар. Кудай сактасын, алардын башына да ушундай тагдыр түшүп калышы мүмкүн. Ошондуктан тообо кылыңыз, тезинен бул жолдон кайтыңыз.


-Мен медколледжде окуйм. Эркектерге укол сайса күнөөбү? Айжамал93
-Негизи эркектерге эркектер, аялдарга аялдар укол сайганы жакшы. Бирок, шартка жараша боло берет. Укол сайган учурда эшик-терезелерди жаап, эркек менен жалгыз калган болбойт.

-Кээде досторум менен кафелерде отуруп калам. Куптан намазын түнкү экилерде окуп койсо болобу? +770119…
-Болот. Таң атканга чейин окуса боло берет.

-Намаз окуп жатканда жаман ойлорду ойлой берем. Эмне кылсам болот? 077848…
-Ошон үчүн намазды баштаарда ниет кылынат. Эмне үчүн намаз окуп жаткандыгын, намаздын кандай касиети бар экендигин, намаз окуп жатканда Кудай менен сүйлөшүп жаткандыгын эске алган болсо башка ойлор акырындап калып кетет. Намаздан кийин дуба кылыш керек “намазды чын ыкластан окушумду насип эт” деп
-Намазды тез окуйм. Же жай окуш керекпи? Зуура
-Намаздын сөздөрү так айтылып, түшүнө турган деңгээлде болсо тез окугандын зыяны жок. Сөздөр түшүнүксүз болуп булдуруктап койгон болсо болбой калат.
-Мен отуздан аштым. Такыр сакал өспөй койду. Эми деле өспөйбү? 077918…
-Аны Кудай берет. Өспөгөн болсо өстүрөм деп кыйналбаңыз. Ага кыжаалат болбоңуз.
-Урматтуу муфтий, сиздин канча жылдык билимиңиз бар жана бул орунга кандайча жеттиңиз? 077275…
-Кызык суроо экен. Бизде илим жыл менен чектелбейт. Бишкектеги Ислам институтунда 4 жыл окугам. Ошол жерде сабак берип жүрүп, андан кийин Мекке шаарына барып араб тили боюнча эки жылдык окуу жайды бүтүргөм. Андан соң ошол жердеги Уммул-Курьа университетинин Шарият факультетин бүтүргөм. Жалпы жону 18 жылдан бери шарият илимин окуп жүрөм. Дагы деле окуу керек болот. Илимди өлгөнгө чейин алуу керек. Бул жумушка келип калганымды айтсам, Уламалар кеңеши менин каршы болгонума карабастан көпчүлүк добуш менен муфтий кылып шайлашты. Аманатты мойнума жүктөштү. Эч кандай каалоом болгон эмес.
-Менин жарым жакында төрөттөн каза болду. Төрөттөн кандан кеткен адам бейишке барат деген чынбы? 07711133…
- Ушундай азап менен өтүп кетти. Кыйла жеңилдик болот, күнөөлөрү кечирилет деген сөз.
-Өтүп кеткен жарыма кандай эстелик кылсам болот? Туулган күнүн кандай белгилесем болот? 07711133…
-Аны үчүн куран окуганды үйрөнүңүз. Арабча жазылган куранды окуп эле сообун багыштай берсеңиз болот. Жакшы иштерди кылып, намаз окуп, жардыларга жардам берип сообун багыштаңыз. Заңкайтып эстелик тургузуп коюунун кереги жок. Туулган күн өткөрүү деген болбогон сөз.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   chyragym   05 Июнь 2016 - 19:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ СУРОО ЖООП

Даабатчылардын кир, аялдыкындай узун көйнөк кийип келип даабат айтышы туурабы?
- Эми ошол кир көйнөк кийген биздин (намаз окугандардын) эң жамандарыбыз болуп эсептелет. А намаз окубаган, кудайсыздардын эң жамандары бомж болуп көчөдө жүрөт го. Ошолор кир кийим кийип, бомж болуп жүргөндө көңүл бурбайбыз. Эң жакшы деп, сүрөттөрүн төргө илген, ошол намаз окубагандардын партиясындагы эки президент качып кетти го. Парламентте олтурган жакшылар ачуу суудан ууртаганын, даараткана таппай даракка жаба урганын, дагы башка болбогон иштерди кылганы көзгө көрүнбөй эле, ушул кир көйнөк көрүнүп калабы? Туура, мусулман таза болуш керек. А бирок ошону менен эле мусулманчылыкка көлөкө түшүрө берүүгө болобу? Ынсаптуулук кайда кетти? Биз карасак Абдышүкүр ажыга же мага карагыла. Биз бир ич кийимди эки күн катарынан кийбейбиз. Ал эми узун көйнөк боюнча, Суусамырдагы музейдеги Кожомкул алптын көйнөгү менен ошол дааватчынын көйнөгүнүн ыразмери бирдей болбосо, мага келгиле, мурдумду туурасынан кесип берейин. Мусулманчылыкты кармануу үчүн сөзсүз эле арабдардын же башкалардын көйнөгүн кийүү шарт эмес. А бирок ошол эле учурда алардын кийимин кийип алса тыюу салуу деле туура эмес деп билем. Анткени америкалыктардын же батыштын кийимин кийип жүргөндөргө эч ким каршы деле чыккан эмес. Мисалы тизесин көрсөтүп кыска кийген Каныкей энекебизди, же каре кылып чач кырктырган Айчүрөк апабызды, же көкүрөгүнүн жарымын көрсөткөн Курманжан датканы элестете аласызбы? Мен мисалы, элестетмек турсун акылыма сыйдыра албайм.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   chyragym   06 Июнь 2016 - 23:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

А өпкөсү жоктор мактанат.мен зор,мен эркек,мен кыйын!
Атаң алкаш,энең жылаңбаш,эжең жылаңач.Дагы эмнеңе кыйынсың?
Кызыңдын турсугу жок.Юбкасы бар.Атаң кече комнис эле.Энең бакшы эле.Эмнеңе кыйынсың?
Чубак ажы кулдуруп айтат дейсин
Абдишукур ажы ыйлатып айтат дейсин
Сага озу кантип айтыш керек?
А ар бирине он молдо барып жалынып мечитке судуроп баруусу керекби?
Намаз убагы келсе,молдо озу сага чакыруу барагы бериши керекби?
Бугун орозо баары кубанып тосуп алды
Сен эмнеге жатасын?
Айырмасы жокбу сага?
Баарибирби сага?
Сен озунчо дин чыгарып алдынбы?
Мусулманды каапырга жаман ат кылба
Кыргыз кыргызды уруп жатат.Кыргыз кыргызды бузуп жатат.Кыргыз кызы жылаңач сойку.Кыргыз жигити алкаш.Дагы эмнеңе сыймыктанасың?
Көкүрөк какпай,чала калган үйүнду бутур.
Жыланач калган катынынды кийинтир.Машинаңды жаппай,кызыңдын башыны жап!
Арак ичпей өл! Эй маңкурт.Чөнтөгүңдө тыйының жок керилесиң! Эшектей семиресиң арам оокат жеп!
Кыйынмын дейсиң! Кыйын болсон орозо келди.Тут орозо.Эркексиңби тут орозо.Кыйынсынбы 17_20 саатка чыдап кой керилбей.
Ит жеген арам чочко этини жейсиң.Эшектин сийдигиненда төмөн аракты ичесиң!! !
Ошолбу кыйындыгың!
Ошолбу кыргыздыгың!
керилбей аялыңды жап.Корбогон эркек калбады.Корбогон чал калбады.
Ошолбу сенин намыстууң!
Маданият дейсиң
тупурдум каапырлардын маданиятына.
Өзубуздун салт,маданият эмесби?
Дагы сага кандай маданият керек.
Өз кызы менен тошоктош болгон.Оз энеси менен тошоктош болгон куфрдун маданиятын маданият кыласынбы?
Эй даюс көзунду ач!
Мунаафыктыкты токтот
Мусулманга зыян бербе.
Урпагыңды ыймансыз кылба!
Эй алкаш,эй даюс,салтынды элинди дининди ойло
Каяка кетип жатасын?Ошол сен суктанган Амрика оз кызы менен жатканы жалганбы?
Мына орозо келди гирдейбей кибрди тушуруп энкейип орозо карма.
Досун менен тууганын менен жараш.Тамагын тешилгир орозодо кочодо шашлык жебе!
Арак ичпе.
Эй мусулман козунду ач
Озундун тарыхынды бил
Колундан келсе ифтар кыл,келбесе чекпе сигерет.Эй мусулман тур уктабай.
25 жыл уктаганын жетишет.
Ленин Сталин өлүп кетти ойгон.
Эркиндик келди тур сасып жатпай!
Тур катынын сойку болуп кетти
Кызын сенден сурабай эрге тийип кетти тур ойгоон.
Эй жашын 40 ка кирди 60 ка кирди тур олум жолдо келе жатат!
Олум кечикпейт,олумдун эсинен чыкпайт.
Бирок олум,сенин эсинден чыккан эчак эле.
Анткени сен,уктап жатасын тур рамазанда коп коп дуа кыл
Ата энене айт дуа кыл менда когороюн де.
Кечирим сура капа кылган болсон.
Тур орозо келди.Бул улук айда айбандай ичип,жеп жатпа.Наалатка каласын эй бурадар.
Н.Кахрамонов
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Nurmuslima   08 Июнь 2016 - 00:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 207
  • Катталган: 30 Май 16
  • Соңку аракети: 30 Авг 2016 16:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалган дуйно

Просмотр сообщения chyragym (06 Июнь 2016 - 23:21) жазган:

А өпкөсү жоктор мактанат.мен зор,мен эркек,мен кыйын!
Атаң алкаш,энең жылаңбаш,эжең жылаңач.Дагы эмнеңе кыйынсың?
Кызыңдын турсугу жок.Юбкасы бар.Атаң кече комнис эле.Энең бакшы эле.Эмнеңе кыйынсың?
Чубак ажы кулдуруп айтат дейсин
Абдишукур ажы ыйлатып айтат дейсин
Сага озу кантип айтыш керек?
А ар бирине он молдо барып жалынып мечитке судуроп баруусу керекби?
Намаз убагы келсе,молдо озу сага чакыруу барагы бериши керекби?
Бугун орозо баары кубанып тосуп алды
Сен эмнеге жатасын?
Айырмасы жокбу сага?
Баарибирби сага?
Сен озунчо дин чыгарып алдынбы?
Мусулманды каапырга жаман ат кылба
Кыргыз кыргызды уруп жатат.Кыргыз кыргызды бузуп жатат.Кыргыз кызы жылаңач сойку.Кыргыз жигити алкаш.Дагы эмнеңе сыймыктанасың?
Көкүрөк какпай,чала калган үйүнду бутур.
Жыланач калган катынынды кийинтир.Машинаңды жаппай,кызыңдын башыны жап!
Арак ичпей өл! Эй маңкурт.Чөнтөгүңдө тыйының жок керилесиң! Эшектей семиресиң арам оокат жеп!
Кыйынмын дейсиң! Кыйын болсон орозо келди.Тут орозо.Эркексиңби тут орозо.Кыйынсынбы 17_20 саатка чыдап кой керилбей.
Ит жеген арам чочко этини жейсиң.Эшектин сийдигиненда төмөн аракты ичесиң!! !
Ошолбу кыйындыгың!
Ошолбу кыргыздыгың!
керилбей аялыңды жап.Корбогон эркек калбады.Корбогон чал калбады.
Ошолбу сенин намыстууң!
Маданият дейсиң
тупурдум каапырлардын маданиятына.
Өзубуздун салт,маданият эмесби?
Дагы сага кандай маданият керек.
Өз кызы менен тошоктош болгон.Оз энеси менен тошоктош болгон куфрдун маданиятын маданият кыласынбы?
Эй даюс көзунду ач!
Мунаафыктыкты токтот
Мусулманга зыян бербе.
Урпагыңды ыймансыз кылба!
Эй алкаш,эй даюс,салтынды элинди дининди ойло
Каяка кетип жатасын?Ошол сен суктанган Амрика оз кызы менен жатканы жалганбы?
Мына орозо келди гирдейбей кибрди тушуруп энкейип орозо карма.
Досун менен тууганын менен жараш.Тамагын тешилгир орозодо кочодо шашлык жебе!
Арак ичпе.
Эй мусулман козунду ач
Озундун тарыхынды бил
Колундан келсе ифтар кыл,келбесе чекпе сигерет.Эй мусулман тур уктабай.
25 жыл уктаганын жетишет.
Ленин Сталин өлүп кетти ойгон.
Эркиндик келди тур сасып жатпай!
Тур катынын сойку болуп кетти
Кызын сенден сурабай эрге тийип кетти тур ойгоон.
Эй жашын 40 ка кирди 60 ка кирди тур олум жолдо келе жатат!
Олум кечикпейт,олумдун эсинен чыкпайт.
Бирок олум,сенин эсинден чыккан эчак эле.
Анткени сен,уктап жатасын тур рамазанда коп коп дуа кыл
Ата энене айт дуа кыл менда когороюн де.
Кечирим сура капа кылган болсон.
Тур орозо келди.Бул улук айда айбандай ичип,жеп жатпа.Наалатка каласын эй бурадар.
Н.Кахрамонов

Соокко жеткире айтыптыр,Аллах раазы болсун!
Жонокой инсан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Meruet84   08 Июнь 2016 - 04:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения chyragym (06 Июнь 2016 - 23:21) жазган:

А өпкөсү жоктор мактанат.мен зор,мен эркек,мен кыйын!
Атаң алкаш,энең жылаңбаш,эжең жылаңач.Дагы эмнеңе кыйынсың?
Кызыңдын турсугу жок.Юбкасы бар.Атаң кече комнис эле.Энең бакшы эле.Эмнеңе кыйынсың?
Чубак ажы кулдуруп айтат дейсин
Абдишукур ажы ыйлатып айтат дейсин
Сага озу кантип айтыш керек?
А ар бирине он молдо барып жалынып мечитке судуроп баруусу керекби?
Намаз убагы келсе,молдо озу сага чакыруу барагы бериши керекби?
Бугун орозо баары кубанып тосуп алды
Сен эмнеге жатасын?
Айырмасы жокбу сага?
Баарибирби сага?
Сен озунчо дин чыгарып алдынбы?
Мусулманды каапырга жаман ат кылба
Кыргыз кыргызды уруп жатат.Кыргыз кыргызды бузуп жатат.Кыргыз кызы жылаңач сойку.Кыргыз жигити алкаш.Дагы эмнеңе сыймыктанасың?
Көкүрөк какпай,чала калган үйүнду бутур.
Жыланач калган катынынды кийинтир.Машинаңды жаппай,кызыңдын башыны жап!
Арак ичпей өл! Эй маңкурт.Чөнтөгүңдө тыйының жок керилесиң! Эшектей семиресиң арам оокат жеп!
Кыйынмын дейсиң! Кыйын болсон орозо келди.Тут орозо.Эркексиңби тут орозо.Кыйынсынбы 17_20 саатка чыдап кой керилбей.
Ит жеген арам чочко этини жейсиң.Эшектин сийдигиненда төмөн аракты ичесиң!! !
Ошолбу кыйындыгың!
Ошолбу кыргыздыгың!
керилбей аялыңды жап.Корбогон эркек калбады.Корбогон чал калбады.
Ошолбу сенин намыстууң!
Маданият дейсиң
тупурдум каапырлардын маданиятына.
Өзубуздун салт,маданият эмесби?
Дагы сага кандай маданият керек.
Өз кызы менен тошоктош болгон.Оз энеси менен тошоктош болгон куфрдун маданиятын маданият кыласынбы?
Эй даюс көзунду ач!
Мунаафыктыкты токтот
Мусулманга зыян бербе.
Урпагыңды ыймансыз кылба!
Эй алкаш,эй даюс,салтынды элинди дининди ойло
Каяка кетип жатасын?Ошол сен суктанган Амрика оз кызы менен жатканы жалганбы?
Мына орозо келди гирдейбей кибрди тушуруп энкейип орозо карма.
Досун менен тууганын менен жараш.Тамагын тешилгир орозодо кочодо шашлык жебе!
Арак ичпе.
Эй мусулман козунду ач
Озундун тарыхынды бил
Колундан келсе ифтар кыл,келбесе чекпе сигерет.Эй мусулман тур уктабай.
25 жыл уктаганын жетишет.
Ленин Сталин өлүп кетти ойгон.
Эркиндик келди тур сасып жатпай!
Тур катынын сойку болуп кетти
Кызын сенден сурабай эрге тийип кетти тур ойгоон.
Эй жашын 40 ка кирди 60 ка кирди тур олум жолдо келе жатат!
Олум кечикпейт,олумдун эсинен чыкпайт.
Бирок олум,сенин эсинден чыккан эчак эле.
Анткени сен,уктап жатасын тур рамазанда коп коп дуа кыл
Ата энене айт дуа кыл менда когороюн де.
Кечирим сура капа кылган болсон.
Тур орозо келди.Бул улук айда айбандай ичип,жеп жатпа.Наалатка каласын эй бурадар.
Н.Кахрамонов

Ачуу чындык!
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   nargis   08 Июнь 2016 - 05:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бул создор канча адамга таасир бере алгандыгы маанилуудур. Ылайым бардык пенделерге алахым ыйман берсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 19:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: