Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 146
  • 147
  • 148
  • 149
  • 150
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2941 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Апрель 2016 - 20:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Аргентинанын Санта Тересита шаарындагы курорттордун биринде туристтер дем алып жаткан убакта, толкундун жардамында жээкке дельфиндин кичинекей баласы чыгып калат. Аны көргөн туристтер дельфинди алып, сельфиге түшө башташат. Суудан чыгып, кургактыкта көп кармалып калган дельфин дем ала албай өлүмгө дуушар болгон. Анын өлгөнүнө себепчи болгон туристтер болсо, аны керексиз буюмдай кум үстүнө жөн гана таштап коюшкан.

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2942 Пользователь офлайн   miss-998   12 Апрель 2016 - 11:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 27 Февраль 16
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2016 09:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Озгонум озгочом

шумдугун кургур!Жашоо на мунча кызык аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2943 Пользователь офлайн   arman00   12 Апрель 2016 - 11:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 878
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 27 Май 2019 19:50

.ои
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2944 Пользователь офлайн   Mediziner   14 Апрель 2016 - 18:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Кроссовка — "аквариум"


Сүрөт

Бул кроссовканы Япониядагы компаниялардын бири чыгарып, бул сыяктуу кылып чыгарууларынын себебин "адам менен жаратылышты байланыштыруу" деп түшүндүрүшкөн. Өзгөчөлүгү, алды тарабы айнек сымаал тунук жасалып, ичине суу толтурулуп, кадимки тирүү балык салынган.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2945 Пользователь офлайн   KPACKA   14 Апрель 2016 - 18:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 244
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оруссия (Питер)

Просмотр сообщения Mediziner (14 Апрель 2016 - 18:30) жазган:

Кроссовка — "аквариум"


Сүрөт

Бул кроссовканы Япониядагы компаниялардын бири чыгарып, бул сыяктуу кылып чыгарууларынын себебин "адам менен жаратылышты байланыштыруу" деп түшүндүрүшкөн. Өзгөчөлүгү, алды тарабы айнек сымаал тунук жасалып, ичине суу толтурулуп, кадимки тирүү балык салынган.

Олбогон жанга арманда калбай кийип коёт элем, эгер бизге чейин жетсе!
МАСКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2946 Пользователь офлайн   KPACKA   14 Апрель 2016 - 18:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 244
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оруссия (Питер)

Дарыгерлер оорулуунун ашказанынан 19 тиш щёткасын алып чыгышты.

Бангладештеги хирургдар өзгөчө операцияны баштарынан өткөрүшкөн. Тагыраагы, оорулуу жигиттин ашказанындагы "өзгөчө" буюмдар таң калууну жараткан. Себеби операция учурунда андан 19 тиш щёткасын алып чыгышкан. Жигиттин айтымында, алар абдан даамдуу болгондуктан жебей коюуга мүмкүн эмес эле. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Медицинада жебей турган буюмдарды тамак-ашка колдонуу психикалык оорунун белгисин билдирет.

Аллотриофагия - самын, кагаз, көмүр, бор, чийки эт, чийки камыр, ширеңкенин башы, топурак (күлбото) сыяктууларды жей берген адаттын илимий аталышы. "Аллотриофагия" – байыркы грек сөзү, бизче "чоочун, жат нерселерди жегендик" дегенди билдирет.


Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 12809738_462355967291049_2300840644016256406_n.jpg

МАСКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2947 Пользователь офлайн   KPACKA   14 Апрель 2016 - 18:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 244
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оруссия (Питер)

Япония кызыктары.

Ар бир өлкөнүн өзүнө тиешелүү каада-салты жана таң кала тургандай бири-бирине окшобогон өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн мамлекеттердин ичинен өнүгүп, алда канча жетишип келе жаткан Япония өлкөсүнүн биз билбеген белгисиз жактарынан жана дүйнөдөгү кызыктар жөнүндө кабардар кылмакчыбыз.

Япониялыктар жалкоо өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Алар түшкү тамактануусуз 24 саат иштеше алышат. Үч күн уктабай жүрүшсө дагы, жаңы идеяларды ойлоп, аларды ишке ашыра алышат.
Төрт күн эс алууга чыгышса, алар үчүн бир жыл дем алып калгандай болуп, идеялары топтолуп калат. Жумуш иши бүтсө дагы, үйлөрүнө кетпестен иштеп жүрө беришет.
Япониянын эли, сыртынан кичинекей көрүнгөнү менен күчтүү жана жөндөмдүү келишет.
Спирт ичимдиктерин ичкенди жактырышпайт.
Ырдаганга жана сүрөт тартканга кызыгышат.
Япониялыктардын тили татаал болгондуктан, алардын тилин үйрөнгөн адамдарды урматтап, сыйлашат. Башка өлкөнүн адамдары япончо саламдашып жатканын көрсө, япониянын эли үчүн чоң сыймык.
Урушуп жатканда, жаман сөздөр менен урушушпайт, жөн гана үнүн жоон кылып эмоция менен билдиришет.
Уурулукка барган адамды катуу жазалашат. Кимде-ким метрого кол чатырын же башка буюмдарын унутуп калган болсо, кайра барып алууга болот.
Ак түстөгү адамдарды, япониянын кыздары иштеген ишканаларга киргизишпейт. - Эгерде ал жакта Кытайдын же Филиппин өлкөсүнүн кыздары иштешсе, анда унчукпай киргизе беришет.
Үйгө болобу,ооруканагабы же ресторандаргабы, кайсыл жерге барышпасын бут кийимин чечип киришет. Ошондуктан дайыма жанына байпак сала жүрүшөт.
Бут кийимди чечкенден кийин кайра кеткенге даярдап, көчө жакты каратып эшиктин оозуна коюш керек. Эгерде муну кылышпаса уят деп эсептелинет.
Шамдагай келгендиктен, алар бут кийим чечкен жана кийген жагынан алдына эч кимди чыгарбайт.
Өз өлкөсүнөн башка жакка чыккандан коркушат.
Конокту үйлөрүнө чакырбайт, болгону "Биз жакка бир күнү келип кетиңиз," - деп гана жылмайып айтып коюшат.
Ушакчылары көп.
Япониянын жаштары башка өлкөлөргө жашаганды жакшы көрүшүп, азыркы убакта кетип жатышат.
Башка өлкөдө жүргөндө, топ-топ болуп, душмандардан коргонушат.
Япониянын аялдарынын көбү хоккей жана футболдун фанаттары.
Балдары чачын өстүрүп, боёп жүрүшөт.
Акча каражаттарын себепсиз чача бермейлери бар.
"Рахмат" - дегендин ордуна жөн гана баш ийкейт.
Элинин көптүгүнөн, жеринин аздыгынан, үйлөрдүн көпчүлүгү суук, жашаганга ыңгайсыз.
Уялчаак жана көралбастык жактары бар.
Кыздарынын жини келгенде 80 пайызы чачтарын жулганча күлүшөт.
Акчаны аялдары кармашат.
"Жаңы жыл" күнү Япониялыктар бардык үй-бүлөсү менен чогулуп, үч күн кечке телевизор көрүп отурат.
Алар ишенчээк келишет.
"Мен сени сүйөм" деген сөздү ар кандай күтүлбөгөн окуялар менен билдиришет.
Японияда жазуунун үч түрү бар. Биринчиси Хираган, экинчиси Катакана, үчүнчүсү Кандзи.
Машинаны 120 км. ылдамдыкта айдашса да айып төлөшпөйт. Анткени алардын мыйзамында буга уруксат берилген.
Япониянын сыналгыларында тамак аштарды көрсөтөт. Анткени алар аябай тамак ашка жакын келген калк болот.
Суу тартыш болгондуктан бир адам жуунган сууга, үй-бүлөсүнүн баардыгы жуунуп чыгышат. Баары бүткөндөн кийин кайра ал сууга кир жуушат.

МАСКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2948 Пользователь офлайн   KPACKA   14 Апрель 2016 - 18:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 244
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оруссия (Питер)

ВЕЛОСИПЕД ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:

1. Азыркы күндө 15ке чукул велосипеддин түрү бар.
2. Велосипед эң көп колдонулган өлкө болуп Дания саналат. Бир адам орто эсеп менен 1 жылда 900 км. аралыкты велосипед менен өтөт.
3. Европанын көпчүлүк шаарларында велосипедди көчөдөн эле ижарага алып кетүүгө болот. Копенгаген шаарында каалаган убакытка чейин бекер эле алып колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
4. Амстердамда атайын велосипедчендер үчүн мейманкана бар. Ал жерде оңдоо кызматы, велосипеддик экскурсия программасы камтылган.
5. Дүйнөдөгү 95% велосипед Кытайдан жасалат. Себеби, бул өлкөдө жумуш күчү арзан болгондугуна байланыштуу бардык велосипед өндүрүүчү фирмалар өндүрүштү бул жакка көчүрүшкөн.
6. Дүйнөдөгү эң чоң велосипед «Франкенсайкл» деп аталат. Анын бийиктиги 4,40 метрди, диаметри 3,5 метрди түзүп, 1989-жылы Калифорниялык Дейв Мур тарабынан жасалган.
7. Эң узун велосипед болсо 1988-жылы жасалып, ал 22,24 метрди түзгөн. Анда 4 кишилик орун болуп, салмагы 340 килограммды түзгөн. Бул велосипедди ойлоп тапкан Жаңы Зеландиялык Терри Тесман болуп саналат.
Велосипеддин популярдуулугу автомобилдердин пайда болуусу менен басаңдай баштаган. Анткени алар велосипеддерди жолдо жүрүүгө тоскоолдук жаратышат деп эсептеген. 40-жылдын аяктарында АКШда велосипедди жаш балдардын оюнчугу иретинде көрүп калышкан. 60-жылдардан кийин кайрадан велосипедке суроо-талап өсө баштагандыгын Амстердамда атайын велосипеддер үчүн 3 кабаттуу токтоочу жай курулгандыгынан байкасак болот.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 13015224_466433713549941_4924361721469651469_n.jpg

МАСКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2949 Пользователь офлайн   Crystal   14 Апрель 2016 - 19:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 466
  • Катталган: 26 Январь 15
  • Соңку аракети: 29 Июн 2025 16:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ошингтон

Япондор кызык калк гоо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2950 Пользователь офлайн   KPACKA   14 Апрель 2016 - 19:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 244
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оруссия (Питер)

10 ЖЫЛДАН КИЙИН КАЙСЫ КЕСИПТЕР КИРЕШЕЛҮҮ БОЛОТ?

Учурда Кыргызстанда суроо-талап жогору жумуштар болуп алдыңкы үчтүктө тигүүчү, ашпозчу, айдоочу турат. Ал эми келечекте кайсы кесиптер актуалдуу болот?

КЕЛЕЧЕКТЕ ӨТҮМДҮҮ КЕСИПТЕР:

Инженер.
Кыргызстанда жол куруу, кен казуу, энергетика, айыл чарба өндүрүшүндөгү, темир жол инженерлери бааланат. Учурда айлык акылары 25 000-50 000 сомдун тегерегинде.


IT кесиби.
Бул таң калычтуу деле эмес, компьютер биздин жашообузга терең кирди. Андыктан маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча адистиктер актуалдуу. Азыр бул кесипти аркалагандар 100 000 сомго чейин маяна алышат.


Маркетолог.
Рынок бар жерде сатып алуучунун суроо-талабы, товардын өтүмдүүлүгү иликтөөгө алынат. Учурда айлык 50 000 сомдун тегерегинде.


Тейлөө кызматкерлери.
Тейлөө кызматкерлерине тигүүчү, айдоочу, ашпозчу, официант, газ-электр ширетүүчү, чачтарач, электромонтажчы, тракторист сыяктуу кесип ээлери кирет. Бул жумуш ээлери иштегендерине жараша айына 20 000 - 50 000 сомдун айланасында табышат.


Медик.
Адамдын саламаттыгына байланышкан кесиптер эч качан жоголбойт. Маянасы 20 000 сомдун айланасында.


Химик.
Химия жаатына байланыштуу кесиптер биринчи кезекте энергетиканын альтернативдүү булактарын өнүктүрүүдө керектүү. Ушул тапта 20 000 сомдун айланасында маяна алышат.


Эколог.
Жаратылышты коргоо дүйнө жүзү боюнча глобалдуу. Учурдагы айлыгы 15 000 сомдон ашат.


Мугалим.
Мугалим – мөмөлүү дарак. Билим алуу бүтүндөй дүйнө элинин суроо-талабы. Бул кесип эч качан өлбөйт. Учурда мугалимдер ставкасына жараша 5000 - 15 000 сомго чейин маяна алышат.


Мал догдур.
Азыр бааланбаганы менен, келечекте мал догдурлар талашка түшөт дешүүдө. Анын үстүнө кыргыз этсиз жашай албайт эмеспи. Элди сапаттуу эт менен камсыз кылуу үчүн сөзсүз мал догдурлар керек. Учурда айлык акы 15 000 сомдон жогору.


Унаа устасы.
Чет өлкөдө унааны роботтор оңдойт. Бирок бул кесип бизде жок дегенде дагы 15-20 жыл актуалдуулугун жоготпойт. Азыр 20 000 сомдон жогору табышат.


Ширетүүчү.
Мисалы, ар кандай курулуш объекттери, машина, көпүрөлөр ширетүүчүсүз бүтпөйт. Ширетүүчүлөрдүн айлыгы 20 000 - 30 000 сомдун тегерегинде.


АЛДЫДАГЫ 10 ЖЫЛДА ОРДУН ЖОГОТЧУ КЕСИПТЕР:


Кассир.
Өнүккөн өлкөлөрдө соода түйүндөрүндө адам кассирлердин ордуна робот кассирлер пайда болгон. Мисалы, мындай дүкөн Англияда биринчи жолу 2009-жылы орун алып, азыр ар бир бешинчи дүкөн электрондук касса менен иштейт.


Конвейер.
Конвейер болуп иштегендердин ордун техниканын өнүгүшү менен машинкалар басат. Машинкалардын бузулуп калганын эсепке албаганда ишине так жана эффективдүү десек болот.


Турагент.
Дүйнөлүк бир нече агенттиктердин 2013-жылкы сурамжылоосунда эс алууну каалагандардын 62 пайызы саякаттоо үчүн планды өз алдынча түзүп, авиабилеттерди сатып алары маалым болгон. Интернеттин жайылышы бул кесипти да жокко чыгарарына аз убакыт калды.


Почточу.
Учурда элдин көбү электрондук почта аркылуу кабарлашып калышты.


Кара жумушчу.
Дүйнөлүк божомолдордо майда чарбалар биригип, чоң-чоң чарбалар пайда болот. Анан ал жерге азыркыдай көп жумушчунун кереги жок болуп, бардык жумушту техника аткарып калат.


Китепканачы.
Азыр мектеп окуучулары да интернеттен сабакка даярданып калган учур. Бара-бара китепканачы деген да жумуш жоголот дешет.


ЖОЛ КАЙГУУЛЧУЛАР ЖОК БОЛОТ:


Кыргызстанда, АКШнын белгилүү окуу жайларында билим алып, чет өлкөлөрдө эмгектенген, учурда Ысык-Ата районундагы «Кейин» бизнес жана илимдер институтунда мугалим болуп иштеп жаткан профессор Аскар Мамбеталиев абитуриенттерге кесип тандоо жагынан кеңеш берип, атайын тренингдерди өткөрүп келет.
– Кесип рыногунда дагы 20-30 жыл өчпөй турган кесиптерди тандоо керек. Бизде ксерокопия менен иштегендер бар. Америкада булардын баары карточка менен жүргүзүлөт. МАИ кызматкерлери да жакында жумушсуз калышат. 2000-жылы Германияга барып машинамды саатына 160 чакырым ылдамдык менен айдап жүрө бериптирмин, ал видеого тартылып калып, оңбогондой айып пул төлөп кутулгам. Слесарь-механик сыяктуу кесиптер да актуалдуулугун жоготот. Европада машинаны сырдоо, дөңгөлөгүн алмаштыруу сыяктуу жумуштарды роботтор кылат. Пол жуугучтар да бара-бара жумушсуз калат, Америкада кычыктарынан бери тазалап жууп койчу аппараттар бар. Көптөгөн жумуштар техниканын өнүккөнүнө байланыштуу азайды, анын жакшы жактары адамдын ишин жеңилдетет, анан ыңгайлуу. Жаман жагы: Биринчиден эл жумушсуз калат, экинчиден кайда, ким менен, эмне кылып жүргөнүңдүн баары көрүнүп, эркиндигиң чектелет.
Абитуриенттер социология, технология жаатындагы кесиптерди, бизнес-менеджмент адистигин жана дарыгер, мугалим болушса келечекте утулушпайт.


КЕРЕКТЕН ЧЫГЫП КАЛГАН КЕСИПТЕР:


Телефонист.
19-кылымдын аягында акча төлөөчү телефон линиялары пайда болгон. Телефонист катары алгач өспүрүм уландар алынган. Алар телефондон ар кандай тамашаларды уюштурганы үчүн ал жумушка жалаң аялдар алынып, 2 телефонду коммутатор аркылуу байланыштыргандар 1980-жылдары автоматтык телефон станциянын пайда болушу менен жумуштарын жоготушкан.


Ойготкуч.
Ойготкуч кесиби англис тилинде knocker-up деп аталган. Бул кесип Англия, Ирландия өлкөлөрүндө бир топ убакыт өкүм сүргөн. Ойготкучтар эртең менен узун таяк менен үйдүн терезелерин ургулап жашоочуларды жумушка чакырган. Ойготкучтун ордун азыркы коңгуроосу бар сааттар ээлеп алган.


Лектор.
Лектор десе билим берүү жайларда лекция окуган адамды элестетебиз. 20-кылымдын башында лекторлор фабрикада иштегендерге гезит-журналдарды окуп берүүчү милдетти аткарышкан. Бул кесипти радио сүрүп чыккан.


Фонарь жагуучу.
Электр энергиясы менен иштеген фонарь пайда болгонго чейин шаарларда фонарды ширеңке менен күйгүзчү. Мисалы, Нью-Йоркто бир адам бир саатта 300 фонарь күйгүзчү.


Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 12923226_464355313757781_2150470553449885846_n.jpg

МАСКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2951 Пользователь офлайн   KPACKA   14 Апрель 2016 - 19:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 244
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оруссия (Питер)

Кызыктуу маалыматтар:

• Ысык суу муздак суудан көрө салмактуу келет.
• Такыр уктабаган жаныбар кумурска болуп эсептелет.
• Кытай бамбугу – дүйнөдөгү эң тез өскөн өсүмдүк. Ал күнүнө 90 сантиметр өсө алат.
• Чүчкүрүү – бир саамга организмдеги бардык функцияларды токтоткон (жадакалса жүрөктү дагы) кыймыл.
• Табигый ресурстарды тартып алуу аракети – дүйнөдө болуп жаткан бардык согуштардын себепчиси болот.
• Сауд Арабияда жашаган аял күйөөсү ага кофе даярдап бербегендиги үчүн ажырашкан.
• Дельфиндер бир көзү ачык, бир көзү жумулуу абалда укташат.
• Аттар такыр жатпай 1 ай тик тура алат.
• Бир киши өмүрүнүн 3350 саатын сакал алуу үчүн сарптайт.
• Гавайи алфавити 12 тамгадан турат.
• Кумшекер эскпортоо боюнча эң алдыңкы сапта Куба турат.
• Франциядагы Эйфель мунарасына чыгуу үчүн 1792 кадам таштоо керек.
• Тарантула жөргөмүшү 2,5 жыл эч нерсе жебей жашай алат.
• Аарылар жарым килограмм бал үчүн 2 миллиондон ашуун гулдөн нектар чогултат.
• Көпөлөк – буту менен даам сезет.
• Көк кит айбанаттар ааламындагы эң чоңу, эң тез сүзгөнү жана эң тез чоңойгону болуп саналат. 22 айда 26 тонна салмакка ээ болот.
• Суусуздукка чыдамдуулугу жагынан чычкан төөдөн ашат.
• Артка жүрө албаган жаныбар – кенгуру.
• Акчанын пахтадан жасалаарын билчү белеңиз?
• Кирпи – сууга чөкпөгөн жаныбар болуп саналат.
• Жыландардын угуу сезими жок.
• Жирафтар сууда сүзө алышпайт.


Которгон: Бакай Матмусаев .


МАСКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2952 Пользователь офлайн   Oceana   14 Апрель 2016 - 20:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Жыландар тууралуу дагы бир кызык маалымат.

• Жыландардын буттары жок деп билебиз,бирок, алардын буттары бар.)

•Жыландар түстү айырмалай албайт))
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2953 Пользователь офлайн   EMA_98   14 Апрель 2016 - 20:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 345
  • Катталган: 28 Март 16
  • Соңку аракети: 11 Июл 2016 01:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2954 Пользователь офлайн   EMA_98   14 Апрель 2016 - 20:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 345
  • Катталган: 28 Март 16
  • Соңку аракети: 11 Июл 2016 01:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Япондордун бир адам жуунган сууга баары жуунганы жакпады,калат эле калк экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2955 Пользователь офлайн   Oceana   14 Апрель 2016 - 21:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Просмотр сообщения EMA_98 (14 Апрель 2016 - 20:58) жазган:

Япондордун бир адам жуунган сууга баары жуунганы жакпады,калат эле калк экен


Ошону айтсаң. Бирок,таза жүрүшөткө. Баары бир сууга жуунса деле.)
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2956 Пользователь офлайн   Crystal   14 Апрель 2016 - 21:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 466
  • Катталган: 26 Январь 15
  • Соңку аракети: 29 Июн 2025 16:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ошингтон

Просмотр сообщения Oceana (14 Апрель 2016 - 20:12) жазган:

Жыландар тууралуу дагы бир кызык маалымат.

• Жыландардын буттары жок деп билебиз,бирок, алардын буттары бар.)

•Жыландар түстү айырмалай албайт))


буту бар жылан каерде баркен а:кола-жүгөрү:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2957 Пользователь офлайн   Oceana   14 Апрель 2016 - 22:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Просмотр сообщения Crystal (14 Апрель 2016 - 21:38) жазган:

буту бар жылан каерде баркен а:кола-жүгөрү:


Буттары:
Клоакасынын (арткы тешигинин) жанында сакталып калган. Жыланды союп көрсөң көрөсүн. :кола-жүгөрү:

Билдирүүнү түзөткөн: Oceana: 14 Апрель 2016 - 22:32

Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2958 Пользователь офлайн   KPACKA   14 Апрель 2016 - 22:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 244
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оруссия (Питер)

В ВЕЛИКОБРИТАНИИ МУЖЧИНА ЖЕНИЛСЯ НА СВОЕЙ ЖЕ МАТЕРИ.

Нетипичная и очень странная свадьба произошла в Великобритании - там стали мужем и женой 32-летний сын и его 51-летняя мать. Ради нее он ушел от жены, бросив также и своего маленького ребенка. История этих безумцев, совершивших инцест, такая же удивительная, как и то, к чему она привела. Как рассказала новоиспеченная жена, а по совместительству еще и мать своего супруга, в молодости после появления сына на свет она отказалась от него. Малыша тут же усыновили другие люди. Их встреча произошла только спустя 20 лет. Молодому человеку удалось разыскать свою биологическую мать. Во время свидания они выпили алкоголя, а так как разум обоих был затуманен, между ними вспыхнула страсть. Произошедшая близость стала для обоих невероятно яркой, чего ранее ни он, ни она не испытывали.

После любовных отношений, которые длились два года, они все же приняли решение пожениться. 51-летнюю женщину совершенно не смущает тот факт, что ее мужем стал рожденный ею же сын. Она уверена, что теперь отдаст ему всю свою любовь и ласку. Молодой человек также счастлив от их супружеских отношений.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 12963915_227379767626916_8226153452487279223_n.jpg

МАСКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2959 Пользователь офлайн   EMA_98   14 Апрель 2016 - 22:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 345
  • Катталган: 28 Март 16
  • Соңку аракети: 11 Июл 2016 01:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Ме беттер курунбойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2960 Пользователь офлайн   asia_92   15 Апрель 2016 - 13:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 494
  • Катталган: 18 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 18:24
  • Калаасы:г Ош..

Просмотр сообщения KPACKA (14 Апрель 2016 - 22:39) жазган:

В ВЕЛИКОБРИТАНИИ МУЖЧИНА ЖЕНИЛСЯ НА СВОЕЙ ЖЕ МАТЕРИ.

Нетипичная и очень странная свадьба произошла в Великобритании - там стали мужем и женой 32-летний сын и его 51-летняя мать. Ради нее он ушел от жены, бросив также и своего маленького ребенка. История этих безумцев, совершивших инцест, такая же удивительная, как и то, к чему она привела. Как рассказала новоиспеченная жена, а по совместительству еще и мать своего супруга, в молодости после появления сына на свет она отказалась от него. Малыша тут же усыновили другие люди. Их встреча произошла только спустя 20 лет. Молодому человеку удалось разыскать свою биологическую мать. Во время свидания они выпили алкоголя, а так как разум обоих был затуманен, между ними вспыхнула страсть. Произошедшая близость стала для обоих невероятно яркой, чего ранее ни он, ни она не испытывали.

После любовных отношений, которые длились два года, они все же приняли решение пожениться. 51-летнюю женщину совершенно не смущает тот факт, что ее мужем стал рожденный ею же сын. Она уверена, что теперь отдаст ему всю свою любовь и ласку. Молодой человек также счастлив от их супружеских отношений.


Вайййй уят эле
[color="blue"]Салам[\ blue]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 146
  • 147
  • 148
  • 149
  • 150
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 02:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: