Ата-
бабаларыбыздын дасторкону жупуну болгон менен,
Ыйманында береке болгон!
"Ыйман казынасынын" асыл кенчи Кысса-окуялар,хадис-макалалар
#42 15 April 2016 - 16:53
КАЙСЫЛ ТЕМАДАГЫ МАКАЛАЛАРДЫ ОКУУНУ КААЛАР ЭЛЕҢИЗ?!
Социалдык түйүндѳрдѳ “Ыйман казынасы” баракчасынынишмердүүлүгүно быйыл 3 жылдын жүзү болду,бирок акыркы алты айдан беримакала- постторубуз элдин жүрѳгүнѳн түнѳк таап жатат деген пикирдебиз! Коомчулукжана окурмандар менен болгон мамилени чыңдоо максатында сиздердитүйшѳлткѳн, балким сиздер кызыккан темаларды билүүнү туура кѳрдүк.
-Нуриет мырза, сиз алгач озунуз жонундо азыноолакмаалымат бере кетсениз?
-Аты жөнүм Нуриет Абдулазиз,түштүк жергесинен болом.Кесибим боюнчаинженермин, бирок окууну бүткөндөн бери көптөгөн жеке ишканаларда бухгалтердиккесипти аркаладым.Азыркы убакта “Элистан” балдар борборунда тарбиячы катарыэмгектенип жатам.Борбор атадан калган балдарга моралдык жана материалдык жактанкамкордук кылуу менен алектенет.Студент мезгилден эле Ислам динине болгонкызыгуум бир топ күчөгөн.Менин туура багытты карманганыма ата-энемдин салымы аткөтөргүс десем жаңылышпайм. Анткени атамдын мыкты тарбия усулунда эмне жакшыжана эмне жаман экендигин даана көрсөтүп,бирок кандайдыр бир нерсенитаңуулабайт. Ар бир инсан өз жашоосунун нугун өзү тапканы дурус деген принциптиатамдан үйрөндүм.Исламга чейин көптөгөн башка диндердинтарыхы, эзотерика,философиялык окуулардын тепкичинен өттүм десем ашыкча болбос.Адегендеислам менин баардык суроолорума так жана рационалдуу жооп бере алды.Албетте көчбара-бара түзөлөт демекчи,мен да кандайдыр бир денгээлге али жете элекмин депэсептейм. Адам баласы тээ өлүм периштеси келгиче алдыга умтулууга тийиш,болгонабалына сүйүнүп токтоп калуусу-анын кичи Кыяматы!
-Ыйман казынасын карап чыктым, казына дегендей элежаштарга керектуу маалыматтар бар экен.
Ооба,сиз айткандай акыркы жарым жылдан бери Фейсбук желесиндеги “Ыйманказынасы” баракчасынын администратору катары,ушул баракчанын ишин алдыгажылдырып жаткандардын биримин.Бул баракчанын пайда болгонуна 3 жылдан ашыпкалды,бирок ортодо бирааз токтоп калган.Элге болушунча туура маалыматты, туурадинди жеткеизүүгө далаалат кылган баракча десем жаңылышпайм. Анткени көбүнчөсүнбиздин макалалар Исламды илим призмасы аркылуу көрсөткөнү аракет кылат жанасаясий бир интригаларда н алыс.Күнүмдүк сенсациялардан оолак болуп,тээалмустактан бери келе жаткан акыйкат сөздөрдү жана даанышмандуулуктун сырыначууну аракет кылып жатабыз.
- Азыркы ислам дининин оорду дуйнодо канчалык болуп жатат?
Ислам дининин келечеги кең,албетте азыр ислам дини эмес,а балким исламдытутунуп жаткан биз башыбыздан оор кырдалдарды, кризисти өткөзүп жатабыз.Эмнесиболсо да,дүйнөлүк ааламдашуу процессине кабылган социумда ислам да сыртта болоалбайт. Бирок улуу ойчул,орус элинин даанышман жазуучусу Л.Толстой айткандай:“Адам баласынын жашоосу-узун бир маршрут(жол) сымал.Жана акылдуу адам акыр-түбүкелип Ислам аттуу аялдамадан токтойт”,-деген сөзү Исламды жаркын келечек күтүптурганын айгинелейт. Бирок ошол эле учурда Жараткандын динине душмандык кылганкимселерден жок эмес.Алар ар дайым Күн нурун үйлөп өчүрөм деген кем акылдаргаокшойт. Кимде-ким колу менен көзүн жумуп,Күн жок десе,албетте ал Күндүн нурунанкуру калат.А бирок башкалар үчүн Күн жаркырап тура берет.Ислам да ошол Күнсымал.
- Ага биздин дин ишкерлеринин кошкон салымы канчалык?
-Дин ишкерлери колдон келген баардык аракетин кылып жатышат.Биз адамдарбирөөнү сындаганга эле уста экенбиз.Даяр ишке сынчы көп дегендей,өзүбүзкыпындай иш кылбай туруп,бирөөнү сындаганыбыз өкүнүчтүү көрүнүш.Ар бир мусулманбаласы мен казы(сот) эмесмин,а балким туура нерсени үгүттөчүмүн(даават кылуучу)десе маселе оң тарабына чечилмек.Туура диндин тарашына,өкүм жүргүзүүсүнө биргана дин ишкерлеринин же мамлекеттин салымы аздык кылат.Негизги салымдыкарапайым эл өзү кошо алат.Кантип деген суроо жаралса керек да:дал ошол динишкерлер айткан насааттарга моюн сунуп,амал кылып жашоо аркылуу.Мамлекет магаэмне кылды дебестен,тескерисинче мен өлкөм үчүн эмне кыла алам деген тариздежашаса буюрса баардыгы жакшы эле болот.
-Себебиинтернеттен казак туугандардын да Чубак ажыга окшогон аалымдарынынакыл- насааттарын угуп суйунуп калам
-Ооба,сиздин сүйүнүчүңүздү биз да тең бөлүшөбүз.Аккан арыктан суу агатдегендей өлкөбүздө илимдүү агай-устаздардын көбөйүп жаткандыгы- бул даЖараткандын бизге берген неймат-жакшылыгы. Илимдүүлөргө урмат көрсөтүп,алардыннасаатына кулак төшөө аркылуу ошол чоң дөөлөттү сактап кала алабыз.Кечегиси барэлдин,эртеңи да болот дейт даанышман олуялар.70 жылдык вакуумдан соң,бизден дадүйнөлүк денгээлдеги аалым ага-инилерибиз чыгып жатат.Уучубуз кур эмес.Ылайымэле, Жараткан Аллах кыргыз жумуриятын аалымдарга өксүк кылбасын .
-Жана суроо узаттым го, орусиядагы кыздарды ур-токмоккоалган "патриотторго" коз карашыныз?
-Орусиядагы “патриотпуз” деген уландардын кылыгына бир топ эле терс көз караштамын. Биржагынан алганда кээ бирлери аларды кыргыздын намысы үчүн,бузулуп кеткенкыздарыбызды тарбиялап жатат деп ойлоп жаткандыр.Ооба, кыздарбыздын мындайабалы мени да ызалантат.Бирок бул усул таптакыр исламга да,салтыбызга да,дегелеадамзаттын жалпы принциптерине да шайкеш келбейт.
Кыргызда бекеринен: “Кайсыл элдин жүдөө көрсүңзайыбын, ошол элдин эрине кой айыбын”,-деп бекеринен айтпаса керек.Кыздарыбызбузулуп жаткандыгы айдан ачык.Бирок ошого биз- эркектердин салымыбыз чоң.Улууислам аалымы болгон аль-Газали мындай деген: ““Эркектер мойнуна жүктөлгөнмилдеттерди аткарбай калганда,аялдарда уят жоголот.Аял киши-эркектинкөлөкөсү. Эгер чыбык түз болсо,көлөкөсү да түз болот.Качан эркектер өзүнүталапка ылайык алып жүрө баштаганда, аялдар да аларды ээрчийт.”.Демеккыздарыбыздын оңолуусу-эркектердин оңолуусуна байланган.Бирөөнүн кызын бетиңдижаап алып,ур-токмокко алуу оңой,а бирок кыргызга күйсөң,өзөгүң өрттөнүпжатса, анда эмнеге бойдок жүрөсүң?!Ошол кыздарыбыз сен жеңил жашоонукаалап, курсагың тойгонго кубанып жүргөндүгүңөн улам башка улуттун эркектеринекор болуп жатат.Жана ошол кыздарыбызды алгач өзүбүздүн эле балдарыбызбузуп, бузулган соң башка менен жүрсө,токтоктоп жаткандыгы –айбандынамалы. Кыргызга күйгөн адам эртерээк үйлөнүп,бир аялды зына(бузукулук) жолдонсактап калат,өз кыздарына татыктуу тарбия берет.Мына ушул нерсе чыныгыпатриотчулукка да,мусулмандык сыпатка да жатат.Ал эми Орусиядагы“патриотторду”- жигит дегенге да ооз барбайт.Эркектери намыстуу элдин кыздары да уяттуу болот
- Улуттук кийимдерибиздин, кээ бирулуттук каада салттарыбыздын тарбиялык, адеп ахлактык терендигин көрө аласызбы?
-Кыргыз эли эзелтен эле Ислам дини менен кошо кереметтүү адеп-ахлакнормалары, каада-салттары, үрп-адаттары менен эле жашап келген.Анткени ата-бабаларыбызкарманган жол шариатка каршы келбей,тескерисинче кээ бир Исламдын элементтеринкөркүнө чыгарып турат.Мисалга алсак,конокту- сыйлоо Исламдын эң бир сонунөкүмдөрүнөн, а бирок кыргыздар меймандостук жактан бүткүл мусулман элдердиничинен өтсө өтөт,бирок кем калбайт.Кыргыз элинин салты конокту Ислам белгилегенчектен да бийик даражада сыйлайт.Заманбап кыргыз Ислам динин бекемкарманып, тарых аркылуу такшалган,бурмаланбаган каада-салт,үрп- адаттардан сабакалып,ошол эле учурда заман талабына ылайык техниканы мыкты колдоно билүүсүважып.
- Тенирчилик деген бул кандай дин?
-Теңирчиликти дин деп айтуу кыйынга турат.Менин сөзүмдү илимдүү теологтастыктайт деген ойдомун.Анткени дин болуусу үчүн көптөгөн критерийлерге жоопберүүсү зарыл.Теңирчиликти болгону бир философиялык окуу катары кабыл алсакмаксатка ылайык болмок.
- Кыргыздын озунун динин колдоп атабыз деп чыгып атышат,динди улут-улутка болуп майдалай берсе боло турган нерсе экен тушунушпойбужаштарыбыз?
-Эгер айткандары чын болуп, ата-бабалардан калган динин колдосо,анда Исламдинин бекем карманышмак. Анткени Манас атабыздан баштап бери келсек,Көл өрөөнүнүбойлоп жашаган жети акелерибиз, даанышман Алымбек даткабыз,анын зайыбы болгонКурманжан энебиз да Ислам динине ыкластуу кишилер болгон.Совет доорундагыатылып кеткен жаш интеллегенттерибиз, акыл-парасаттуу элдин каймактарынын баарышариаттык илимден суугарылган. Ошол эле учурда эч бир акын тең келбеген,жетикүн- түн бою суу жөнүндө ырларды төккөн залкар акыныбыз Жеңижоктун дасыры-оозунда келмеси болгондугунда. Кыргыз маданиятына, адабиятына жана тарыхыначоң салым кошкон Молдо Кылыч,Молдо Нияз,Нурмолдо, Махмуд Кашкари,Жусуп Баласагынж. б. баары нарктуу Ислам менен жашап келгендигин даана көрүп турабыз.ОшондуктанБартольд, Бернштам,Гумилев ж.б. китептерине негиздеп,өзүбүздү аруу эл,күнбалдары кыла бергенден эч кандай пайда жок.Элибиздин бир миллиондон ашыгы “күн балдары” дүнүйөкыдырып, тирилик кылганын ойлонгонумда, же болбосо Ош базарын бойлой тизилгенбайкуш кыргыз туугандарымды көргөндө дал ошол аруулугубуздан эмне калды депойлоп кетем.Теңирчилик жакынкы арада өзүнөн өзү жок болуп кетүүгө дуушарболот. Анткени дин деп алар далаалат кылган нерсенин эң кеминде китеби,жиберилген пайгамбары, жашоо эрежелериболуусу тийиш.Өнбөс эл утуру өтмүшү менен мактанат.Ата- бабаларыбыз гоазамат,бир топ алгылыктуу иш кылган экен.А бизге не жок дейм дамактанып? !Кыйратып же бир нерсе кылып койсок.Кошунаңдан карыз алып,ананкөрүнгөн жерде менин атам бай эле деген сымал да.Тарых,өтмүш бизге сабакберип, жаңы иштерге дем-күч гана берип туруусу керек.Уюткулуу эл экендигибиздиунутпай, бөлүнгөндү токтотконубуз дурус болот.
- Адеп сабактары эмнеге мектептерде кенири окутулбай жатат?
-Адеп сабактары бир топ жыл мурун мектеп программасына кирген,бирок албара-бара адистердин тартыштыгынан, иштеп чыккан бирдиктүү программанынжоктугунан улам,бара-бара адеп эмес эле эмгек сабагына трансформацияланышыпкеткенине күбөбүз.Бирок мамлекетибизде бул тармакта бир топ жылыштар бар.Буюрсабыйылкы жаңы окуу жылынан баштап мектептерге “Диндер тарыхы.Дин таануу” сабагыкиргизилгени жатат.Келечегибиздин кең болуусун кааласак,сөзсүз түрдө өсүпжаткан балдарыбыздын адеп-ахлагына көңүл буруубуз тийиш.Адеп-ахлак, ыйманадамдын бир канаты болсо,илим-техника анын экинчи канаты.Бир канат менен чоң аралыккаучуп дүйнө элдери менен жарыша өнүгө да албайбыз.

#43 16 April 2016 - 11:46
ТЕКЕБЕР БОЛУП КЕЛИП, КАРАПАЙЫМ БОЛУПКЕТҮҮДӨСҮҢ.
..
Индияга 17 жолу жортуул жасаган султанМахмуд Газнави Делиде аскерлери менен бара жатып үстүнөн түтүн булаган үйгөкирип калат.Ал үйдө азрети АбулХасан Харкани шакирттери менен илим алуунун үстүндө алектенипжатып, султанга көңүл бурбайт. Султан болсо буга абдан ачууланып, бирок,билдирбестен ага кайрылат:
- Устаз?!
- Эмне болду?
- Устазыңыз Абу Йазид Бистамикандай адам болгон эле?
Абул Хасан Харкани устазынын атынукканда дароо жанданып:
- Устазым ушундай бийик затболчу, эгер мусулман эмес бир адам жүзүн караган кезде ыйман келтирүү сыймыгынаээ болчу эле.
- Бул кандай кеп? Пайгамбарыбызды(агаАллахтын салам-салаваты болсун) Абу Жахил жана калган мушриктер көрүштү, бирок,ыйманга келбеди, сиздин устазыңыз жүзүн көрөр замат ыйманга келгидейПайгамбарыбыздан (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) да жогору беле?
Анда олуя киши ушул жоопту берет:
-Абу Жахил жана калган мушриктерПайгамбарыбызды (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Абу Талибдин жетими дегенкөз менен карашты, пайгамбар депкарашпады. Устазым Абу Йазид Бистаминин жүзүнө бир атеист же яхудий- бул азрети Абу Йазид Бистами деген көз менен карайтурган болсо, ыйман келтирүү менен сыймыктанаар эле.
Бул жообу султанга жагат жанаыраазы болуп кайтат. Абул Хасан Харкани султанды сыртка чейин узатып чыгат. МахмудГазнави буга таң калып суроо узатат:
- Сизге түшүнө албадым,келгенимде бетиме да карабадыңыз эле, азыр болсо сыртка чейин узатып жатасыз.Себеби эмне?
- Келген кезде текебердик мененичке кирдиң, кетип жатканда карапайымдык менен кетүүдөсүң, азыр сулуулаштың.
Текебердик –адамдагы эң бир жамансапаттардын бири,жупунулуктан эч ким кемибеген бу заманда!

#44 16 April 2016 - 13:06
СИЗДИН ҮЙҮҢҮЗДӨ КАНЧА КИТЕП БАР?
Кедейлердин телевизору чоң болсо,
Байлардын китепканасы чоң болот....
Кедейлердин телевизору чоң болсо,
Байлардын китепканасы чоң болот....
#45 18 April 2016 - 15:01
АПАМДЫН СЕГИЗ ЖАЛГАНЫ
Бардыгы мен кичинекей кезденбашталды. Кедей үй-бүлөдө төрөлгөм. Тамак эч качан жетчү эмес. Бир нерсе болупкалса, апам өзүнүн тамагын мага салып берчү. Табагыма салып жатып мага жылмайып «АЛ, БАЛАМ, МЕН АЧКА ЭМЕСМИН»деп коёр эле. Бул апамдын БИРИНЧИ ЖАЛГАНЫ.
Маал-маалы менен мага балыкбышырып берчү. Бир жолу карасам, мен жеп бүткөн балыктын сөөктөрүн тазалапжаткан экен. Абдан жаман болуп кетип, «коюңузчу, апаке, мына муну чогуу жейли»десем, «ЖОК, БАЛАМ, ӨЗҮҢ ЭЛЕ ЖЕ, МАГА БАЛЫК ЖАКПАЙТ ДЕЛЕ» деп койду. Бул апамдын ЭКИНЧИ ЖАЛГАНЫ.
Окуума акча керек болуп калды.Апам почтадагы жумушунан тышкары башка ишкананын кагаздарын да үйдөн толтурчуболду. Бир түнү ойгонуп кетип карасам, апам шамдын жарыгында жазып отурганэкен. «Апа, кеч болуп кетти, эс алыңыз. Эртең менен эрте жумушка барышыңызкерек» десем, апам сүйүктүү көздөрү менен мени карап, «АЛТЫНЫМ, ЖАТА ГОЙ. ЧАРЧАГАНЖОКМУН» деди. Бул апамдын ҮЧҮНЧҮ ЖАЛГАНЫ.
Мамлекеттик экзамендер башталды.Колдоп келген апам мектептин короосунда мени беш-алты саат күтүп калды. Экзаменбүтөрү менен дароо апамдын жанына бардым. Ал мага суусундук ала келиптир.Сүйүнүп ичип жатып, апамдын да ысыктан чарчап, оозу кургап калганын байкапбөтөлкөнү сунсам, «ЖОК, БАЛАМ, АПАҢ СУУСАГАН ЖОК» деп жооп берди. Бул апамдын ТӨРТҮНЧҮ ЖАЛГАНЫ ЭЛЕ.
Кийинчерээк атамдын оорусу күчөп,акыры көз жумду. Ошондо бечара апам абдан кыйналды. Күндөн күнгө жашообузоорлой берди. Айылдагы кошуналар апама «турмушка чыгып ал, жашсың, сулуусуң»деп айта башташты. Бирок, апам «МЕН СҮЙҮҮГӨ МУКТАЖ ЭМЕСМИН» деп койчу. «Өгөй атаны каалабайт» деп мениойлогон окшойт, азыр ойлосом. Бул апамдын БЕШИНЧИ ЖАЛГАНЫ БОЛЧУ.
Университетти бүткөндөн кийиншаарда эле калууну чечтим. Апам пенсияга чыкты. Бирок, ал дагы деле базаргачыгып, жер-жемиш сатып иштеп жүрдү. Мен жиберген акчалардын бир тыйынын дакоротпостон чогултуп, «мага БААРЫ ЖЕТИШТҮҮ, ӨЗҮҢДҮНКЕРЕГИҢЕ ЖАРАТА БЕР» деп кайра берер эле. Бул апамдын АЛТЫНЧЫЖАЛГАНЫ.
Чет өлкөдө окуумду улантмакчыболдум. Ал жактан жакшы жумуш да чыгып калды. Апама «жүрүңүз, апаке, мени мененбирге жашайсыз» десем, мени кыйнап койбоюн деген ойдо «ЖОК, МЕНИН БАШКА ЖАККА КӨНҮПКЕТИШИМ КЫЙЫН» деди. Бул апамдын ЖЕТИНЧИ ЖАЛГАНЫ БОЛДУ.
Бир нече жылдан кийин апамашказан рагы менен ооруканага жатып калды. Кыргызстанга кайра келдим. Бөлмөсүнөкирсем, араң дем алып жаткан экен. Абдан карып калгандай көрүндү мага. Жанындаотурганымда мени карап, кабатыр болбосун дедиби, айтор, жылмайганга аракеткылды. Бирок, оору апамды өтө эле алсыз кылып коюптур. Акыбалы оор болуп калганэкен. Көзүмдөн жаш агып, ичимден абдан жаман болуп жаттым. Болушунча өзүнөкелгенге аракет кылып, «АЛТЫНЫМ, ЫЙЛАБАЧЫ, МЕН КЫЙНАЛБАЙ ЭЛЕМИН…» деп коёт. Бул апамдын СЕГИЗИНЧИ ЖАЛГАНЫ эле.
Сегизинчи жалганын айткан соң булдүйнөдөн өтүп кетти.

#46 18 April 2016 - 16:34
Сүткорлук кылгандарКыямат Күнү мүрзѳлѳрүнѳн жин тийген киши сымал турушат.Ага алардын: “Чындыгындасоода сүткорлукка окшош”,-деген сѳздѳрү себеп.Жараткан Аллах сооданыадал(уруксат этилген),ал эми сүткорлукту арам(тыюу) кылды.Кимге Раббисиненнасаат Сѳз келген учурда,ѳздѳрүн тыйышса,мурункулары кечирилет,ал эми ишиАллахка таандык.Кимде-
ким (сүткорлукка) кайтса,алар-
Тозок ээлери.Алар анда –түбѳлүккѳкалышат.
Бакара сүрѳсү,275 аят
Бакара сүрѳсү,275 аят
#47 18 April 2016 - 16:36
АЛАР ДА ҮЙ САЛЫШАБЫ?
Нух пайгамбардын(агаАллахтын саламы болсун) заманында адамдар узун өмүрлүү болушкан экен.Орто эсепменен 800 – 1000 жылга чейин жашашчу. Күндѳрдүн биринде бир аялдын баласы кѳзжумат. Аял аябай ыйлайт. Аны соороту үчүн Аллахтын пайгамбары мынтип кайрылат
- Эмне мынчалыкыйлайсың? ! Жараткан Аллах Тааланын тагдыры ушундай экен да.Ар бир жан эртеби жекечпи аманатын таршырат.
- Албеттеушундай, мен ага ыйлаган жокмун.
- Анда эмнеге ыйлапжатасың?
- Баламдын онгүлүнѳн бир гүлү ачыла элек эле, энелик мээримимен улам ыйлап жатам.
- Балаң канча жаштаэле?
- 250 жаштаэле.
- Макул, бирок, сенбуга ыйлап турасың да, акыр заманда келе турган үммөттун 60-70 жыл гана жашаарынбилесиңби? !
- Чын элеайтып жатасыңбы?
- Албетте.
- Ооо, Кудай!Алар анда үй да салабы?
- Албетте, бирэмес,бир канча там салганга жетишет.
-Эгер меналардын ордунда болсом, алачыгымдын бир казыгын да жылдырып да коймок эмесмин.

#48 18 April 2016 - 17:06
ЭРКЕК КӨЗҮН, АЯЛ СӨЗҮН ТЫЙГЫЛА
Кумар чырмап эркектердин көздөрүн,
Үйдөн чыкса бойдок сезет өздөрүн.
Кайран көздөр куйруктарды кубалап,
Таамай мээлеп чечип салат бөздөрүн.
Тулпар сындуу улам катуу чапкылап,
Көздөр кетет көп эшикти каккылап.
Өзү калып көзү качкан эркектер,
Баарын кечип ыйманын да мас кылат!
Уудан чылап ажылдаган сөздөрүн,
Мээни тешкен устат сезет өздөрүн.
Аялдар бар ооздорунда ит жашап,
Мүлжүп жеген күйөөсүнүн сөөктөрүн.
Түз жүрсө да шектүү карап күйөөсүн,
Уруш баштайт анык билбей күнөөсүн.
Өзү калып сөзү качкан аялдар,
Тил тартпасаң өзүң түшүп күйөсүң!
Тозок отун каректерге эскертип,
Арам иштен тыялычы көздөрдү.
Акыретте, көрдө дагы сурак бар,
Акыл менен сүйлөйлүчү сөздөрдү...
Эркек көздөн, аял сөздөн жаңылып,
Шайтандаган чатак ырбайт жаңырып,
Эркек көзүн, аял сөзүн тыйбасак,
Үй-бүлөнүн куту кетет жарылып!! !
Автору: Жибек Акматбекова
Кумар чырмап эркектердин көздөрүн,
Үйдөн чыкса бойдок сезет өздөрүн.
Кайран көздөр куйруктарды кубалап,
Таамай мээлеп чечип салат бөздөрүн.
Тулпар сындуу улам катуу чапкылап,
Көздөр кетет көп эшикти каккылап.
Өзү калып көзү качкан эркектер,
Баарын кечип ыйманын да мас кылат!
Уудан чылап ажылдаган сөздөрүн,
Мээни тешкен устат сезет өздөрүн.
Аялдар бар ооздорунда ит жашап,
Мүлжүп жеген күйөөсүнүн сөөктөрүн.
Түз жүрсө да шектүү карап күйөөсүн,
Уруш баштайт анык билбей күнөөсүн.
Өзү калып сөзү качкан аялдар,
Тил тартпасаң өзүң түшүп күйөсүң!
Тозок отун каректерге эскертип,
Арам иштен тыялычы көздөрдү.
Акыретте, көрдө дагы сурак бар,
Акыл менен сүйлөйлүчү сөздөрдү...
Эркек көздөн, аял сөздөн жаңылып,
Шайтандаган чатак ырбайт жаңырып,
Эркек көзүн, аял сөзүн тыйбасак,
Үй-бүлөнүн куту кетет жарылып!! !
Автору: Жибек Акматбекова
#49 20 April 2016 - 12:00
ЛЕВ ТОЛСТОЙ:«МЕНИ МУХАММЕД ЖОЛУНДАГЫ МОМУН ДЕП КАБЫЛ АЛУУҢАРДЫ ӨТҮНӨМ…»
Лев Николаевич Толстой гениалдуу орус жазуучусу,ойчул, ошондой эле орус тарыхына жана адабиятына зор салымын кошкон инсан. Буладам бизге баарынан мурда жазуучу катары таанымал. Ал эми анын философиялык ойжүгүртүүлөрү, Кудай, рух, илим, сүйүү, жашоонун манызы ж.б., нерселерге болгонкөз караштары тууралуу бизге анчейин деле тааныш эмес десек болот.
Жашоонунмаңызы, кулк - мүнөздүн идеалы, жашоо – тиричиликтин мыйзамы жана рухий жакырчылык, мына ушул тематика жазуучунун чыгармачылыгын аралапөтөт. 1870 – жылдан баштап жазуучунун өлүм, күнөө, тообо жанамамилелердин жаңылануусу багытында эмгектери көбүрөөк жаралабаштайт.
Анын стандарттан тыш чыгармалары орус коомчулугунатакыр түшүнүксүз болгон.
Ал чиркөөдөн кетип анафемага берилген. Санаалаштары андан баштартышкан. 1910 – жылы 81 жашында Лев Толстой «Астапов» станциясындакетип бараткан жолдо каза болот.
Эмне үчүн улуу жазуучунун өмүрү ушундай болуп аяктады жанаүйүнөн чыгып кай тарапка жол алган? Мүмкүн бул суроолорго жазуучунун кээ биркаттарынан жооп табылаар.
Чиркөө тууралуу анын жазгандары: «Чиркөөтуура жолду бурмалап, Исанын көрсөткөн туура жолуна каршы өмүр сүрүү менен адамдар туура жолдо өмүр сүргөндөй кылышкан. Акырында бутпарастардын жашоосунан да өткөн наадан күндөрдү кечирип жаткандыгыменен аяктаган. Ал эми чиркөө болсо ал нерсени актап – жактап, жада калсаИсанын көрсөткөн жолу мына ушунда деп таңуулаган ».
Март,1909 – жыл Ясная Поляна.
Мусулманга турмушка чыккан орус Е. Векилова аттуу айым балдары Ислам динин кабыл алуусун каалагандыктан ал Толстойдон кеңеш сураган. Жазуучу мындай депжооп берген:
«Ал эми менин Мухаммед жолубу же православбы дегентандоодо Мухаммед жолун артык көрүп, мындай кадамды жан дилим менен кабылалам. Бул кебим таң калычтуу болуусу мүмкүн, христиан идеалдарын жана христианокууларын мен анын эң алгачкы түпкү нускасын гана жогору койгон адам катары, менүчүн Мухаммед жолу өзүнүн тышкы формалары боюнча чиркөөдөн жогору тургандыгынан эч кандай шек жок. Ошондуктан, эгерде адамдын алдында "Чиркөөнүкармануубу же Мухаммед жолунбу?" - деген тандоо турса, анда акылдуу адам,албетте, эч кандай күмөнү жок, өтө оор, түшүнүксүз Троица, күнөөлөрдү" жууп салуу", «ыйыктардын» жана алардын сүрөттөрү деген түшүнүктөрдүкамтыган чиркөөнүн ордуна жалгыз Кудайды жана Анын Пайгамбарын тандайт».
15март, 1909 – жыл Ясная Поляна
Жазуучунун азаптуу изденүүлөрүнөн соң анын калыптанган көзкарашын дагы да болсо, тагыраак көрсөткөн дагы бир катты мисал катарыкелтирсек:
«Эгерде силер мени менен бир динде болсоңор, бул мениабдан кубантмак. Силер менин жашоомду көрмөксүңөр. Жашоонун ийгиликтери, башкача айтканда, байлык, атак – даңк менде жок. Менин досторум, үй – бүлөм да менден баш тартышууда. ..
Либералдар жана эстеттер мени Н.В. Гоголь сыяктуу жинди, акылынан тайгандеп ойлошсо, революционерлер жана радикалдар мистик, бийликтегилер зыян ганаалып келген революционер, христиандар мени шайтан жана динбезер деп эсептешет.Албетте, мунун баары мен үчүн өтө оор… Ошондуктан мени Мухаммед жолундагы момун катары кабыл алуунарды өтүнөм, ошондо баары жакшы болот».

#50 20 April 2016 - 19:32
Жер менен Жылдыздарды салыштырып кѳрүңүз...
Чиркей адамдан 1 500 000 эсекичине жандык экен. Күн болсо Жерден 1 300 000эсе чоң,ал эми илимге жакында эле анык болгон эң чоң жылдыз Күндөн1 000 000 эсе чоң экен.Бул бир гана жылдыз!
Биздин Саманчынын Жолу аттуу галактикабызда мындай жылдыздардан 200’000’000’000 жайгашкан,ал эми кошуна Андромедагалактикасында 1 трлн жылдыз бар.
Ал эми азыркы жетишкен илим 100 миллиардтан (100 000 000 000)ашуун галактика бар экенин айтып жатат.
Жарыктын ылдамдыгы-300 000 км/.Салыштыруу үчүн эң тез айдоочусу жокучкан учактын ылдамдыгы 11 320 км/саатына,же болбосо 3,12 км/с.Демек жарыкандан 100 000 ылдам кыймылдайт. Бирок жакынкы эле галактикага ушундайылдамдык менен 20 млрд жылда жетесиз!! !
Ушул нерсенин баары жѳн эле пайда болуусу мүмкүн беле?!Албетте, жок...
”Чындыгында, бул дүйнѳнүн асманын жылдыздар менен кооздоп койдук” (Саффат,6аят)

#52 21 April 2016 - 00:29
СИЗ ЭКӨӨБҮЗ БЕЙИШТЕ БИРГЕ БОЛО АЛБАЙБЫЗ
.... Бир жолу мечитте отурсам, жаныма бир байке келип:
-Үйлөнгөнсүңбү? - деп сурап калды.
Мен:
-Жок,-деп жооп бердим.
- Эгер үйлөнсөң, аялыңдын кадырын биле жүр,- деп сөзүн улантты,-мен үйлөнгөндөн соң, аялым мени ар таң аткан сайын багымдат намазына ойготоор эле. Бирок мени ойготуу өтө кыйын, катуу уктаар элем. Кээде аялым мени ойготуудан кыйналганда: “Эгер сиз азыр турбасаңыз, багымдатты каза кылсаңыз, анда мен бейиште сизден бир кадам алдыда болом, биз ал жакта чогуу боло албай калабыз”,- деп айтчу...
....Мына эки жылдай убакыт өттү. Ал бул дүйнөдөн өтүп кетти..... мен болсо күн сайын таңкы намазымды калтырбоого тырышам. Дайыма ойготкуч (будильник) жаңырган сайын аялымдын айткан сөзү эсиме түшөт да, дароо даарат алып намазга барам. Анткени мен аны сагындым... мен аны менен жаннатта дайыма бирге болгум келет....
Чыныгы бактылуулук бир гана колтукташып алып киного бармайда эмес,а балким биргелешип намазга турганда болуп жүрбөсүн,урматтуу мусулман бир туугандар!

#53 21 April 2016 - 09:03
АПАМ КИМГЕ КЕРЕК?
Заңгыраганкооз тойканада эки жаштын үйлөнү үлпөтү шаңдуу өтүп жаткан. Төрдөгү бийиксекичеде тойдун күнөөкөрлөрү болушкан келин менен күйөө жигит бакыттынкучагында термелишип, жүздөрүнөн кубаныч төгүлүп турган эле. Ортодо күйөөжигиттин апасы кубанычына жетине албай туугандары менен бийге түшүп бийлеп,кайра ары-бери жүгүрүп кудалары менен меймандарды жайгарып жүрдү. Бүгүн байкушэненин бактысын сөз менен айтып жеткирүү кыйын болчу. Анткени жаштайынанатасынан жетим калган жалгыз уулу, таянар тоосу болгон баласы аман-эсен эржетип түндүк көтөрүп жаткан эле. Тойго келген бардык коноктор, тууган-уруктарортодо күйпөлөктөп жүргөн апаны кезектешип куттуктап жатышты. Көп адамдаркыз- күйөөнү суктанып да, кызганып да карап отурушту... Бирок чачтарын ак басыпжашына келип калган апаны тойдо бир адам жаман көрүп жактырбай отурду... Алкелини эле... Ал акыры чыдабай кетти да жанында кубанычтуу отурган күйөөсүнөбашын жакындатып:
- "Жаным! Апаңа барып бир ооз айтып койчу, делдектеп ары-бери жүгүрүп,бийге түшүп жыргабай бир жерде тынч отурсун. Менин төркүндөрүм, туугандарым, досторум эмне деп атышат болду экен? Эртең эле баары артымдан айтыпшылдыңдашат. Апаң мени уят кылып атат! Эгер бир жерде тынч алып отура албасабашка жерге жумшап жиберели. Абийирибизди төгүп атат...",- деп жалоорупшыбырады.
Жигит болочок келинчегин карап күлдү да, макул болгондой ордунан туруп бийлепжаткан элди көздөй жөнөдү. Күйөө жигиттин келе жатканын көргөн эл, ортодобийлеп жаткан апасын куттуктаганы келе жаткан экен деп жарданып карап калышты.Бирок жигит апасынын жанына токтобостон шыр өттү да ырчылар турган аянтчагажөнөдү. .. Ырчыларга жетип жаңырып жаткан ырды токтотторуп тамаданын колунан үнтаягын (микрофон) жулуп алды да залга ызырынып карап:
- "Апам кимге керек?",- деп элге суроо берди да токтоп калды. Жаңыэле шаңга бөлөнүп турган чоң тойкананы өлүү жымжырттык каптады. Энелерин кыйнаптынчтык бербей жаткан балдар да кулак түргөндөй тыптынч болуп калды... Бардыкконоктор, тууган уруктар, кудалар, достор күйөө жигиттин суроосуна түшүнөалышпай, дагы эмне болуп кетет дегендей тунжурап карап калышты. Элди жаман көзүменен караган жигит:
- "Мен сурап атам! Менин апам кимге керек? Кимиңерге керек? Апам кимгекерек? !",- деп кайрадан залды жаңырта бакырды. Эч кимден үн чыкпады.Аракка тоюп кызып бараткан мастар да соолуккандай жымжырт. Көп адамдар жигиткеачуусу келип ичтеринен: "Акмак десе! Бул келесоо үйлөнө албай эле жүргөнтура! Энесинен эмитен кутула албай жатабы? Байкуш гана эне!!! Шоруң катканэне! !! Тукумуң үзүлгүр!" дешип каргап жатышты... Ушул көз ирмемде бир ганакелин жетине албай кубанып: "Ии, жаным десе! Бул азыр эле менинайткандарымды кылып жатат. Эртең эле энесине кошуп оңой эле башкарып алатэкенмин да",- деп ичинен сүйлөнүп да алды...
Жаңы эле дене-боюн балкыткан чексиз бакытын, кубанычын бороон-чапкын келипталкалап- учуруп кеткендей болуп өз уулунан башка жегендей апа байкуш турганордунда нес болуп көзүнөн жаш сызылып баштады. Элден айбыгып канчалык жашырайындесе дагы болбостон биринин артынан бири түрткөн тентек тамчылар көзүнөн отболуп, арман болуп төгүлө баштады... Өмүрүнүн жарыгы болгон, бүткүл жашоосунарнаган карачечекей жалгыз уулунун өзүнөн баш тартып аткандай кылыгына ичи ачышыпыйлап турду...
Күйөө жигит жардана караган элди, бийик секиде колун булгалап кубанып отурганкелинчегин жана элдин ортосунда заманасы курулуп бечара болуп турган апакесинкарады да:
- "АПАМ МАГА КЕРЕК! АПАМ МАГА КЕРЕК!!! ",- деп кыйкырды! !! Ананколундагы жаңы эле тагылган нике шакегин булкуп чечти да келинди көздөйыргытып:
- "Мен сага талак бердим!" ,- деп айтты да, апасына кучагын жайыпжетип кучактап ыйлап, колунан жетелеген боюнча тойканадан кетмекчи болду.Эстерине келип, түштөрүнөн ойгонгондой келиндин жакындары, туугандары ызы-чуусалып күйөө жигитти жолунан тороп токтотмокчу болушту. Бирок күүлөнүп алганжигит эч кимисине баш бербей босогого жакындай берди. Акыры кыздын атасыжигитти токтотту да, эмне болгонун түшүндүрүп берүүнү талап кылды. Жигит болгонокуяны баштан-аяк түшүндүрүп айтып берди да туруп калды.
Кыздын атасынын жүзү жаркып, ызылдаган туугандарын катуу айтып жаактарын бастыда күйөө жигитти катуу кучактап:
- "Эх, чиркин! Сендей уулду тарбиялаган апакеңе миң ирет алкыш айтыптаазим кылам. Аттиң, сендей күйөө балам болгондо эч арманым болбос эле! Бирокмендей кызына тарбия бере албаган жаман атаны кечир, балам! Ак жолуңачылсын! ",- деп жигитке ыраазы болуп, апасы экөөнө рахмат айтып, батасынберип өзү узатып жиберди... Элдин баары көздөрүнө жаш алып эне менен баланысуктана карап узатып карап турушту...
(Булак: "Бир жээндинаманаты" китебинен/ Турмуштук окуялар бөлүмү) Жибек Акматбекова

#54 23 April 2016 - 11:18
ОКУЯ:
КОЙЧУНУН АЛЛАХГА ШҮГҮР КЕЛТИРИШИКундордун биринде карапайым бир койчу Жаратканга шугур келтирип, озунун ан-тушунугуно жараша: -Оо, Жараткан!
Кай жерде болсон да менден сура! Кааласан сага койлорумдун жылуу, даамдуу сутунон саап берейин. . Жаткын келсе, жаздыгымды берейин... -деп кайрылып жаткан болот. Койчунун бул создорун угуп калган Азирети Муса Пайгамбар (а,с.) ачуусу келип: -Сен эмне деп жатасын? ! Аллах сут ичкендей, же уктагандай адам бекен?! Аллах Таала бардык кемчиликтерден аруу! Ал эч кимге жана эч нерсеге муктаж эмес! Экинчи мындай создорду айтпай жур! - деп койчуну урушат. Карапайым койчу ынгайсыз абалда калып, айткан создоруно абдан окунуп, бушайман болот да, эмне кылаарын билбей, дароо ордунан обдула туруп, шашкан бойдон жоноп кетет. Аллах Таала ошол замат Азирети Мусага (а,с) : - Бул эмне кылганын!
Пендем чын журогунон колунан келишинче Мага жалынып, Мени эстеп жаткан. Сен аны эмне учун уруштун?! Ал тили менен адепке ылайык создорду айтканды билбесе дагы, жан дили менен эскерип, мага шугур келтирип жаткан болчу, - деп эскертуу берет. Азирети Муса (а,с.) кылган ишине аябай окунуп, дароо койчунун аркасынан издеп жонойт. Коп отпой ошол койчуну таап, анан ага: -Сен оз каалаганындай Аллахты эскере бер, - деген экен ( Мавляна Жалаладдин Руминин 《Маснави》аттуу китебинен ). _______________ "Ар бир кунго бир аят, бир хадис, бир окуя" китебинен
Намаз оку. Анткени, намаз бузукулуктан жана куноодон сактайт.
#55 23 April 2016 - 12:04
САТЫЛЫП АЛЫНГАН КУДУК
МусулмандарМединага хижрат кылган(көчкөн) кезде таза суу маселеси кыйын болгон эле. Кудуккөп болчу. Бирок, суулары анча жакшы эмес эле. Рума деген кудуктун суусу өтө сонунэле.Жадагалса ал кудуктун суусун Сүйүктүү Аллахтын Элчиси(ага Аллахтынсалам- салаваты болсун) да жакшы көрчү. Бул кудук Бану Гифар уруусундагы бирбутпараска таандык эле. Ал соодагер бутпарас мусулмандарды кыйноо үчүн кудуктандайыма эле суу бере берчү эмес. Берген күндө да кымбат баага сатчу. Ошондуктан, бардык адам ала алчу эмес жана кедей мусулмандар алгандан кыйналаар эле.ПайгамбарыбызМухаммад (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир нече ирет ал бутпараска булкудукту мусулмандарга берүүнү сунуштаган, акысына Бейиштен бир көл берилүүсүнубада кылган.Бирок «насыя куйруктан,нак өпкө» деген бутпарас кудуктумусулмандарга берүүдөн баш тарткан.
Күндөрдүнбиринде Пайгамбарыбыз(ага Аллахтын салам-салаваты болсун) муну көрүп капаландыда ,өз сахабаларына(Аллах алардан ыраазы болсун) мындай деп кайрылды: "Румакудугун ким сатып алып, өз челегин мусулмандардын челеги менен тең кармаса,Бейиштеги челеги мындан кайырлуу болот” .
Бул сөздү укканазрети Осмон(ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дароо бутпараска барыпсоодалаша баштайт. Кудукту бүтүндөй сатуудан баш тарткан бутпарасты араң ынатып, 12 000дирхамга (күмүш акча) кудуктун жарым үлүшүн сатып алды. Ошентип, кудуктунбашында бир күнү бутпарас, бир күнү азрети Осмон(ага Аллахтын салам-салаватыболсун) туруп суу сатышат. Бутпарас дагыделе жогору баага сатса, ал эми азретиОсмон(ага Аллахтын салам-салаваты болсун) болсо бекер берет. Мусулмандар азрети Осмондун(агаАллахтын салам-салаваты болсун) кезегикелгенде эки күндүк сууларын алып алышчу. Эртеси амалкөй бутпараска эч кимбарчу эмес. Бутпарас эми кудуктун калган жарымын да ошол эле баага азрети Осмонго(ага Аллахтынсалам- салаваты болсун) саткысы келет.Бирок, ал өз кезегинде ага көнбөйт. Бир аз убакыт өткөн соң дагы келип, арзанбаага макул болуп сатат. Ушундайча кудук толугу менен мусулмандардын керегинежумшалат.
Азыркы убактада үммөт азрети Осмондой(ага Аллахтын салам-салаваты болсун) берешен адамдаргамуктаж! Кимдир бирөө илими менен,кимдир бирөө дааваты менен,кимдир бирөө кызматыменен динге мээнет кылса,а кимдир мал-мүлкүн Аллахтын жолунда сарптоо мененкызмат кылат!

#58 23 April 2016 - 12:19
ИТТИКИ ЭМЕС ,
СИЗДИКИ
....
Инсандеген атыбызды тебелеп,
Жакшы сөздү жамандыкка жулабыз.
Көтөрө албай тентектигин баланын,
Биздин эмес иттин уулу кылабыз.
"Иттин гана баласы" деп кыйкырып,
Чыныгы ит ким экенин билбейбиз.
Ата сындуу көрсөтө албай тарбия,
Иттей болуп үрүп-тиштеп тилдейбиз.
Улуу элдин урпактарынкемсинтип,
Үй кайтарган итке окшотуп турабыз.
Тамырында эр Манастын каны бар,
Кыргыз уулун иттер сындуу урабыз.
Ханым деген, баатырдеген балдарын,
Кайда кеткен тыйып койчу чалдарың?
Сиз ит деген балдар эртең эр жетсе,
Мекен үчүн берет канын-жандарын!
Иттики эмес сиздинболот уулуңуз,
Ак шумкардай бекем болсун тууруңуз.
Динин сүйгөн, элин сүйгөн уул болсун,
Баатыр кылып, ыйман жолго буруңуз!! !
Автор:Жибек Акматбекова
Инсандеген атыбызды тебелеп,
Жакшы сөздү жамандыкка жулабыз.
Көтөрө албай тентектигин баланын,
Биздин эмес иттин уулу кылабыз.
"Иттин гана баласы" деп кыйкырып,
Чыныгы ит ким экенин билбейбиз.
Ата сындуу көрсөтө албай тарбия,
Иттей болуп үрүп-тиштеп тилдейбиз.
Улуу элдин урпактарынкемсинтип,
Үй кайтарган итке окшотуп турабыз.
Тамырында эр Манастын каны бар,
Кыргыз уулун иттер сындуу урабыз.
Ханым деген, баатырдеген балдарын,
Кайда кеткен тыйып койчу чалдарың?
Сиз ит деген балдар эртең эр жетсе,
Мекен үчүн берет канын-жандарын!
Иттики эмес сиздинболот уулуңуз,
Ак шумкардай бекем болсун тууруңуз.
Динин сүйгөн, элин сүйгөн уул болсун,
Баатыр кылып, ыйман жолго буруңуз!! !
Автор:Жибек Акматбекова
#60 25 April 2016 - 07:01
ИТ МЕНЕНКОРОЗДУН ТИЛИ
Урматтуу Жалалиддин Руминин(аныАллах Өз ырайымына алсын) "Маснави" аттуу китебинде мындай окуя баяндалат.
Күндөрдүн биринде бир адам Муса пайгамбарга(ага Аллахтын саламы болсун)келип:
-Эй, Калимуллах(Жараткан Аллах менен түзмө-түзсүйлөшкөн адам), мен үчүн бир дуба кылыңыз, жаныбарлардын тилин түшүнө турган болоюн,алардан өзүмө сабак алып, жакшы адам болоор элем, - деп өтүнөт.
Ошондо Муса (ага Аллахтын саламыболсун):
-Сен үчүн азыркы ушул абалыңкайырлуу (жакшыраак), көтөрө албай турган жүктү аркалоого тырышпа .Кумурскадеңизди ичем деп,какап кетип өлүп калуусу мүмкүн.Сен да ошол сымал тагдырдынжазганынан ашыкча үйрөнөм деп,кийин кеч болуп калбасын.Аллахтын Кудуретин берилгеннерселер аркылуу эле таанып биле бергениң өзүңө эле жакшы.Жаратканга жүрөгүңменен байлан!Чын ыкластан аракет кыл,- деп жооп берди.
Бирок, алиги адам айткан сөздүукпай, кайтпай туруп алды:
-Эй, Муса, эмнең кетет? Жокдегенде эшигимдин алдындагы ит менен короозумдун тилин түшүнө турган болоюн,-депжалынды.
Акыры Муса (ага Аллахтын саламы болсун) дубакылды. Тигил адам кубанып үйүнө кайтты. Эртеси кызматчысы дасторкон даярдапжүргөндө колунан нан түшүп сыртка тоголонуп кетти. Короз жүгүрүп келип нандычокуп жей баштайт. Аны көргөн ит:
- Эй, короз, кылып жатканыңтуурабы? Сен буудай, арпа да жей аласың, мен болсо нандан башка нерсе жейалбайм. Сен эмне үчүн менин ырыскымдан жейсин? - деп корозго ачууланды.
Анда короз:
-Туура айтасың, бирок, сеначууланба, эртең кожоюндун эшеги өлөт, ошондо сен да жакшылап тоесуң, – дейт.
Муну уккан адам дароо эшегин сатып жиберди.Эртеси эмне айтаар экен деп кайра ити менен корозун тыңшоого киришет. Иткорозду күнөөлөй баштайт:
-Эшек өлөт, менин курсагым тоет дебедиңбеле?
-Эшек өлдү, болгону башкажерде өлдү. Бирок, сен эч ачууланба, эртең ат өлөт, чыныгы токчулукту ошондокөрөсүң, – дейт.
Кожоюн дароо атын сатып жиберди.Жаныбарлардын тилин билгени өзүнө пайдалуу болгонун ойлоду. Эртесин дагы барып,ит менен корозду тыңшайт. Ит дагы корозду жемелей баштаганда, короз:
-Мен калп айтканым жок. Эгеркожоюн аны сатып жибербегенде ал өлмөк. Бирок, сен эч кам санаба, эртеңкожоюндун эң кадырлуу кызматчы кулу өлөт, элге аш берилет, баарыбыз тоебуз,–дейт.
Муну уккан кожоюн кызматчы кулун да сатып,кайра тыңшоого келет. Бул жолу ит катуу ачуулуу эле. Канча күндөн бери алданыпжүргөнүн айтканда, короз:
-Мен калп айтпадым. Кул өлдү,бирок, башка жерде өлдү. Анткени, кожоюнубуз аны сатып жиберди. Бирок, андан эчпайда көрбөдү. Себеби, биринчи балээ эшегине келип, ошол аркылуу кожоюнубуз булбалээден кутулаар эле. Аны сатканында балээ атка келди. Атын сатканда балээкулуна келди. Кулун да сатканы үчүн эми балээ өзүнө келди. Эртең кожоюнубузөлөт, ошентип барыбыз тойобуз, – дейт. Муну уккан кожоюн өкүнүп, өз башын койгулады.Бирок, болоор иш болгон эле...Эмне кылаарын билбей,кайра Муса(Ага Аллахтын саламы болсун) пайгамбаргакелип:
-Эй,Муса! Баарынартка кайтар,мен бул ашыкча жүктөн баш тарттым,-деп жалбарат.
-Сенарзыбаган акылың менен Жараткандын тагдырынан качып кетем деп ойлодуңбу?Менсага “тагдыр” маселесине көп кызыга бербе,болгонуна топук кыл дебедимбеле! Акылдуу адам ар бир иштин жыйынтыгын башында аңдай билет,ал эми акылсызакырында гана чачын мыкчып отуруп калат.Ушунчалык соода ишинде кыйынэкендигиңди көрсөттүң,анда эмесе өз жаныңды да пайдалуу наркка бычып,сатыпжибер!
Мунууккан адам өтө кайгы-капага батат,бирок Муса пайгамбар(ага Аллахтынсалам- салаваты болсун) өз сөзүн мынтип аяктайт:
-Окжаадан чыгып кеткен соң,кайтара албайсың.Болгону мен Мээримдүү Аллахтан сенинбул дүйнөдөн ыймандуу болуп кетүүңдү суранайын!
Чындапэле пайгамбардын дубасынын натыйжасы аркылуу ал киши жеңил жан берди.
Окуяданмаалым болгондой,адам баласы шашкалактап кээ бир нерсени пайда деп билет,бирокартында зыян турганын сезбейт.Ал эми кээ бир нерсени зыян деп божомолдосо, алнерсе сөзсүз пайдалуу болуп чыгат!
Которуп,даярдаганНуриет Абдулазиз

Супер-Инфо
super.kg
видео