Жогорку Кеңештин бүгүн, 6-апрелде өтүп жаткан жыйынында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Эмгек кодексине жана “7-Апрель – Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Бул мыйзам долбоору аркылуу 7-апрелде курман болгондордун элесине таазим этип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциянын мамлекеттик статусун бекемдөө максатында 7-апрелди "Элдик Апрель революциясы күнү" деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө демилгеси сунушталган.
Ошондон улам КРнын Эмгек кодексине жана “7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга эки өзгөртүү киргизилет:
мыйзамдын аталышындагы “апрель” деген сөздү “Апрель” деген сөзгө алмаштыруу,
"Элдик апрель революциясынын күнү" деген сөздөрдү “Элдик Апрель революциясы күнү” деген сөзгө алмаштыруу.
Талкуу жүрүшүндө сунушталган мыйзам долбоору мындан эки ай мурда даярдалганы,
аны бир катар коомдук уюмдар да колдогону, элдин талабы да ушундай экени белгилүү болду. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитети, бардык парламенттик фракциялар тарабынан жактырылган.
ДепутатМээрбек Мискенбаев
сындуу бир катар эл өкүлдөрү 2010-жылдын 7-апрелин “бир жолдун үч ашуусу” катары сыпаттап, депутаттарды мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырды.
Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Эмгек кодексине жана “7-Апрель – Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору добушка коюлуп, ал дароо эле үч окууда кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын 4-апрелинде президенттин “Аксы окуяларынын,
Март жана Апрель Элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” жарлыгы чыккан. Анда бул күндүн кыргыз өлкөсү менен кыргыз эли үчүн мааниси зор экени баса белгиленген.
http://www.super.
kg/kabar/news/144081/
- (2 )
-
- 1
- 2
7-апрель "КЫЗЫЛ" күн
#3 06 April 2016 - 17:26
Дагы кайсы кун калды кызыл болбогон, жылдын жарымы эле кызыл болуш керек эсептей келсек.
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#6 06 April 2016 - 22:53
Ошентип, жуманын жети күнүнүн беш күнү дем алыш болот го болочокто)).
В каждой шутке есть доля правды...
#8 06 April 2016 - 23:12
#9 07 April 2016 - 08:20
24-мартты да кызыл кылып койсун анда. Бүгүнкү күндү субботта күнү окуйбуз баари бир.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#12 17 April 2016 - 00:35
Ушул бийликткгилердин ушул кунду деп алыш кылганына абдан жиним келди, ал кун майрам кылып белгилеп коюшуптурго,
эми эмне болот ошондо жыл сайын майрамдап турушабы а?
[ quote][/quote]
#13 17 April 2016 - 03:06
Ал кунду вообше отмечать этмек тугул эстебеш керек.Каяктагы камактагы жаткан наркомандарды алып келип алышып уюштурушкан.
Элдин тынчтыгын бузушкан. Дагы кайсы беттери мн красный кылып алышыптыр?
Salam baaryna
#14 17 April 2016 - 08:33
Ушул куну тагам бутуна ок жеп, бир ай больницада жатып чыккан. Кийинчерээк "апрель баатыры" деп сыйлап , борбордон бир болмолуу квартира берилген. Ошол квартиранын документин даярдайм деп журуп, байкуш тагам оо дуйного сапар алып кете берди. Биз эч качан 7-апрелди майрамдабайбыз!
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#15 17 April 2016 - 09:09
Кийинки президент келип бул кун майрам эмес жокко чыгарыш керек десе баары колдосо керек туура эмес кылды кызыл кун кылып.
#16 19 April 2016 - 11:56
Ар бийликтин алмашканын майрамдап эле жатып калабыз экен да, Кызыл кылбай деле койсо болмок
Намаз оку. Анткени, намаз бузукулуктан жана куноодон сактайт.
#17 19 April 2016 - 12:26
Кызыл кылып бүттү уже,айткандын пайдасы жок эми.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#19 21 April 2016 - 01:33
#20 21 April 2016 - 01:40
Атамбаевдин президент болгон кунун деле кызыл кылып койбопсунарда эми ушунча болуптур.Ооопшшум.
...
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео






















