Теманызга анча жакындабаса да жаза кетейинчи.
Мени да ата-энем чонойуп, 14кө чыгып калганымда эле таштап Россияга кетишкен. Улуусу болгондуктан өзүмдөн кийинки бир туугандарымды карап, чон ата, чон энемдин колунда калдым. Азыр эстесем чон ата, чон энем көзүбүзгө карап эле турчу экен. Ошентсе да ата-энемдин орду башка экен да. Сагынып, буулукканда бироо мага же бир туугандарыма үнүн бир аз көтөрүп сүйлөп койсо да урушуп, ыйлап жатып калчумун. Колума сураган акчамды карматып, оозуман чыкканды алып беришчү. Бирок ошондо акча эч качан бакыт менен мээрим бере албашын түшүнгөм. Бири-бирибиздин кийимибизди кийип, үч эле бөлмө тамда жашасак да бир туугандарым,
атам, апам баарыбыз чогуу өткөргөн жылдарым өмүрүмдүн эн бактылуу көз ирмемдери экенин түшүндүм. Азыр жашмын, келечекте дагы далай жакшы күндөр бар. Бирок балалыктагы ошол картина менин жүрөгүмдө, эсимде ташка тамга баскандай сакталып, эстеген сайын жүрөгүмө дем берип, эч качан унутулбайт.
Ата-энелерден өзгөчө эркектерден суранаарым:
эгер силер үчүн байлык өтө маанилуу болсо аны балалуу болгуча түптөп алгылачы. Кийин балдарынарды жалдыратып,
ар кимдин көзүн каратпай. Анан да балдарынар силерден акча эмес, мээримди көбүрөөк талап кылаарын унутпасанар экен
Жашоонун айынан балдарын таштаган ата-энелер.
#22 09 January 2016 - 01:50
Уулумду сагындым,чыдай албай баратам,сабырым калбай баратат ,кантем ай тагдырдын жазганыда.
Адилет
#23 09 January 2016 - 03:02
Мен дагы эки кызымды таштап, талаалап иштеп жүргөндөрдүн катарындамын.
Өкүнгөнүм ушул эки кызыма энелик мээримимди төгүп, тарбия бере албай жүргөнүмө. Күздө барганымда чоң кызым грипп болуп, мурду куюлуп жүргөнүндө платочка бердим эле. Мурдуңду агызбай, тазалап аарчып жүр деп. Кийин мен келе бергенден кийин кайненеме келип, "мына платочканы жууп чөнтөгүмө салып бериңчи, апамдын жытын жыттап жүрөйүн" дептир
. Өксүп, өксүп ыйладым. Жашоом жакшы болуп, көр тиргилик деп талаалабаганымда байкуш кыздарымды өксүтпөйт элем го деп.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#24 09 January 2016 - 10:15
Эх биз ата энеден алыс осконбуз мен 14 иним 12 жашында чогу жашадык иним уйго келип менин буюмдарымы кармаса нерв болчумун чоноюп 20 дан откондо тартылып калдык кичине негизи акча менен эч нерсе чечпейт андан кору уй булон чоогу болсо
#25 09 January 2016 - 10:32
Мен дагы эки баламды 2- жыл 4- ай дегенде коргом. Кор тириликтин айынан. Ал кундор артта калды буйруса! Россиядан келгенден кийин 3-4 ай отсо керек эле. Бир жолу Чон балам бир нерсени туура эмес жасап, урушуп койсом. " сен бизди таштап Россияга кетип калгансын, бизди оорутпай, суукка ушутпой Чон энем баккан" десе болобу? Оозум ачылып эмне дээримди билбей, аябай ыйлагым келген. Эки балам менен эми эми тил табыша баштадым. Чон энеси козун карап , эмне десе алып берип эрке кылып коюптур. Уйго кочуп келгенде озубуз менен кошо ала келгенбиз. Бир куну "кетем сен жамансын, бизди баккан эмессин" деп атпайбы. Ошондо отургузуп алып " мына уйду салабыз деп журдук балам, дагы коп нерселерди айттым. Чынын айтканда чон балабыз менен мамилебизди жонго салыш онойго турган жок. Айрыкча атасы менен. Азыр баарыбыз чоогубуз. Атасын иштеген жеринен кайра-кайра чакыртты. Ал кичинебизди алып , сен уйдо болосун , мен иштейм деп калыптыр. Коой , балдарым менен тил табышып, эми уй булодой болуп жашап атканда, кайра уй булону чачыратпайлы деп азыр баарыбыз чоогубуз. Азыр каникул да чон балам айылга кеткен. Ошол... Ошондуктан ата-энелер мумкунчулук болсо бири-биринен ажырабай эле коюш керек экен. Айткандай чон балам дасторконго бата кылып жатканда, алаканын жайып , кудай мамам менен атама ден соолук бер" -десе ич ичимден элжиреп кетем. Кагылайындарымдын ден соолугу бекем болуп , ыймандуу балдар болушсун!
#26 09 January 2016 - 18:51
Силерди жакшы тушуном. Кызымды бир жарым жашында таштаган элем. Эки жылдан сон келдим. Уктаса турса энелеп турат. Озумо кантип кондуруштун айласын таппай ич ичимден сызат элем. Кээде ыйлайт болчум. Бирок ошондой болот деп алыста жургонумдо озумду даярдайт болчумун, ошентсе да куйугуп кетет элем. Азыр конушуп баратабыз, бирок эми таштабайм деп жатам.
#27 13 January 2016 - 10:56
Мен дагы чон кызымы бир жарым жыл таштагам. Келсем мени тааныбай эже деп айтканда ыйлагым келген атасын ава деп жургон.Азыр энесиникине жатып кел десек апа сизди сагынам деп жанымдан карыш жылбайт.
#28 14 January 2016 - 16:10
Азыр турмуш ушуга туртуп жатпайбы. Болбосо баланды бооруна басып жыттап жатканга не жетсин
Алыста жургон ата энелер баласы кантип чонойгонун деле билбей калып жатышат. Копчулук кыялы оор балдарды изилдесек копчулугунун ата энеси чет жерде журот. Менин балдарым менден алыс чыгып коргон эмес. Каникулда деле чон ата энесиникине же таятасыныкына барышпайт.
Алыста жургон ата энелер баласы кантип чонойгонун деле билбей калып жатышат. Копчулук кыялы оор балдарды изилдесек копчулугунун ата энеси чет жерде журот. Менин балдарым менден алыс чыгып коргон эмес. Каникулда деле чон ата энесиникине же таятасыныкына барышпайт.
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
#29 14 January 2016 - 19:35
Ата-эне байкуш дагы айла жоктон таштайт да. Баласынын келечегин ойлоп иштейм деп жүрүп, баласы кантип, кандай мүнөздүү болуп өскөнүн билбей калышат. Баарын даярдап, үй салып, келин алып "мына эми болду" деп отуруп калганда, кызыктын баары ошондо башталат. Бала мээримге муктаж карыган ата-энесине,
жылуулук бере албайт. Себеби убагында ата-энеси ага да чыныгы ата-энелик мээримдерин берген эмес.
Ошондуктан да арканды узуун таштап иш кылышыбыз керек экен. Баланы жок дегенде 2-3 жашка чейин өзүбүз багып, 2-3 жылга иштегени кетсек болот. Бирок окууга бараар мезгилинде ата-эне каерге барса, өзү менен кошо алып кетип окутканы оң.
Ошондуктан да арканды узуун таштап иш кылышыбыз керек экен. Баланы жок дегенде 2-3 жашка чейин өзүбүз багып, 2-3 жылга иштегени кетсек болот. Бирок окууга бараар мезгилинде ата-эне каерге барса, өзү менен кошо алып кетип окутканы оң.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#30 14 January 2016 - 19:40
Эми мындайларды сындабайм, эртен оз башыма келип калсачы, эл эмне деп айтканы тушунуктуу да .
#31 14 January 2016 - 19:44
Мен да эки кызымды таштап талаалап журобуз.Мен куйоомдон бир ай мурун келген элем ,ошондо куйоом чон кызыма:сени апана алып барам Россияга деп койгон экен,азыр телефондо суйлошкондо эле качан алып кетесиз алдап кетип калдыныз дей берет журокту эзип.Кичине кызымды 9айында таштап келгем ал эч нерсе менен иши жок .Азыр 2жаштан отуп калды.
Кор тириликтин айынан журобуздаа. .(((
Кор тириликтин айынан журобуздаа. .(((
#33 20 April 2016 - 00:13
Ушу теманы корсом эле бул жакта туруп журогум тилинип-тилинип кетет.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#34 20 April 2016 - 00:23
Бугун уулумду айылга жибердим. Уйго кирсем суууууз. Уйум тынч, куту учуп,журогум аны менен кеткендей...
абдан эле баласаак окшойм. адатта ааталар кайраттуу болчу эле,же алар мээрти токсо да сыртынан сездирбегегби,
айтор анын таштап кеткен бир памперси азыр мен учун баарынан кымбат болуп турат. ансыз отчу бир ай мен учун кылымга тете сезилуудо...
#35 20 April 2016 - 01:32
Мени кичинемен бери чон-энем чонойткон. 14-жашымда ата-энемин колуна келгем.Переходный возраст,жаны шаар,+ата-энем,
уйдо болуп жаткан проблемалар.
. Кыскасы аябай эле кыйын болгон,бироо эле келе калып тарбия бере баштагандай болгон. Озуму эркин сезип чонойгондуктан,
чектоолорго коно албай ото эле тунт болуп кеткем. Апам анда каждый день иштейт эле,атам ооруп журду,ошогобу нервная болчу всегда. Мен озумчо нервная апамы тушуно албай. Анан эмне болду,иштебе кой десе болбой жайында (15жашымда) кафеге официантка болуп ишке кирип алгам. Иштеген ушундай болот экен деп ошондо биринчи жолу ата-энемин кадырын биле баштагам. Бирок ошого карабай ото жакын эмесмин баары бир. Жылдар отуп жакын болуп калабыз деген ишеничтемин..
Salam baaryna
#36 20 April 2016 - 01:51
Менин башыман да өткөн,кичинебизде тайлардын колунда чоңоюп апамды сагынуу менен балалыгым өткөн. Түнү жаздыгымды суулап үнүмдү чыгарбай ыйлайт элем...
Өзүм балалуу болгонумда апам балаңды мага бер сен иште дегенде Кудайга үнүм жеткидей ыйладым эле кызым да мендей болуп апага зар болуп алыс өсөбү деп. Үнүм Кудайга жеткен окшойт,бешке чыкты жанымдан чыгарбайм... Эне менен баланы бөлбөсүн ылайым Кудайым...
Апалар акча табам, үй алам ,турмуш деп жүрүп балдарыбыздын таттуу тилин,кылык жоругун көрбөй калат экенбиз. Өкүнүчтүүсү кайра кайрылып келбейт тура ошол көз ирмемдер...
Өзүм балалуу болгонумда апам балаңды мага бер сен иште дегенде Кудайга үнүм жеткидей ыйладым эле кызым да мендей болуп апага зар болуп алыс өсөбү деп. Үнүм Кудайга жеткен окшойт,бешке чыкты жанымдан чыгарбайм... Эне менен баланы бөлбөсүн ылайым Кудайым...
Апалар акча табам, үй алам ,турмуш деп жүрүп балдарыбыздын таттуу тилин,кылык жоругун көрбөй калат экенбиз. Өкүнүчтүүсү кайра кайрылып келбейт тура ошол көз ирмемдер...
Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
#37 23 April 2016 - 14:16
Улуу кызым мн балам чоненесинде.
Кызым келем дегенге эки козу торт.Балам таптакыр жат болуп калды.Буюрса жакында келишет.Кичуу кызым ар дайым жанымда.Топкулоп барганда апам же атам уйдо жок болушса беш мунот тургум да келбейт.Жумуштан келгиче сагынып кечке чала берем апама..Кызымды да бизди ушинтип сагынса керек деп толгонуп кетем.Баламды бизге боор береби деген суроо келгендечи.
.......эх.....
#38 23 April 2016 - 14:48
Иий,ушу койгой бизде да болгон,кыздарымы таштап,тытынып уй куралы деп.Чон кызымы таштап,кайра алып журдук.А ортончу кызымы 6 айлыгында таштап кеткенбиз,кийин барсак тааныбайт.Уч жашында алып кайра бир жылдан кийин бердик,дагы иштегени.5жашында барсак,чон кызым мени таштап кетсенер,жоголуп кетем деп коркутту Анан чон кызымы алып кайра келип,мектепке берип бир жыл копчулук менен жашап ортончу кызыбызды 6 жашында алдык.Башында конбой журду.Азыр акырындык менен эркелеп калат,байкуш кызым.
#39 25 April 2016 - 04:23
Балдарын таштап келген ата-энелерше алтын медаль тагыш керек.Мына мен ото баласаак экем эчкимге ташьай албай же иштен же уйдон жок бекер атабыздын тапканын жээп жатабыз.Билбейм жолдошум балам жок бир муно т турбашымды билген учун унчукпай журот .Балам учун айла жок жашап жатам.
#40 30 April 2016 - 10:21
Мен да бир жашында кайненеме таштап келгем, кочодон кызым тендуу балдап ыйлап жатса козумо жаш толуп, тамагыма бир нерсе такалып калчу.Азыр жанымда, учко чыеты садикке барат .

Супер-Инфо
super.kg
видео

















