Суперстан: Кыргызстанда орусча сүйлөөгө милдеттүү эмессиң - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргызстанда орусча сүйлөөгө милдеттүү эмессиң Анткени кыргыз тилде сүйлөө укугуң бар

#161 Пользователь офлайн   Abuxanifa   19 Апрель 2016 - 21:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 703
  • Катталган: 22 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2019 06:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Просмотр сообщения EdikoKG (19 Апрель 2016 - 21:15) жазган:

Кайран эне-тилибиз кор болду го. Оз мекенибизде, жерибизде тепселенип. Кыргызча эле суйлойбуз,кандай улут болбосун. Кааласа котормочу жалдасын. Анан да,шаар жерлеринде киргиздер бар,так секирип ойсондоп орусчасы ооздорунан тушпойт. Байкап турсан,тантырап билип билбей суйлогондор.


Сенин пикирие кошула албайт экем, себеби эне-тилибиз кор болбой эле тескерисинче которулуп жатат. Кеебирки киргиздерди коруп алып эле деериккенибиз туура эмеско дейм. Биринчи статистика боюнча факттарга назар салып корбойлубу доске, эмне дебедин???)).. .

Мисалы, Бишкекте бе расмий 1 млн адам бар, бирок шайлоолордо каттого алганда шайлоого катыша алган расмий жашоочулардын саны 100-150 мин болуп калат, жана ошолордун да ичинен 10-15 мини башка улуттар, калганы кыргыздар, калган кыргыздардан да 5, 6 мин эле киргиздер болуп калат. Ошондо бишкектеги калган 900 мин адам 7 болустан келген таза кыргызча суйлогон эле кыргыздар. Натыйжада 1 млн адамдын ичинен кыргызча суйлобогондору 20 мин, демек 100/2% болуп калат экен, почти жокко эсе...

Ош шаары расмий эли 40-50 мин болсо киргиздерди кееде эле кезиктиресин, почти 2, 3 мин болсо керек. 100/6,7% ти тузот...


Каракол шаары, эли расмий 15-20 мин болсо, киргиздери 5 мин болсун...

Эми 6 млн элдин ичинен таза кыргыз калкы 4 млн болсун, ошол торт млндун ичинен 50-60 мин киргиз аран чыгат. Калганы бут район, облустардагы массовый жашаган кыргыздар. Демек коркунуч жок. Мисалы универлерде группада 20-30 студенттин 3, 4 ту эле киргиз. Кр боюнча 3 мин мектеп болсо ошонун 20-30 мектеп орусча. Бишкекте маршрутта кетип жатсан ичиндеги 25-30 адамдан 2, 3 су эле: "Остонавите пожалуйста" дебесе, калгандары кыргыз эле. ЖК 120 немелердин ичинен 3, 4 эле киргиз. Мынтип по статистика фактка кайрылсак тилибизде кыпындай да коркунуч жок...

Билдирүүнү түзөткөн: Abuxanifa: 19 Апрель 2016 - 21:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   Abuxanifa   19 Апрель 2016 - 21:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 703
  • Катталган: 22 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2019 06:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Анан мнобул форумда да активный 300 форумчу болсок, ошолордон 2, 3 оо эле бар: "Кокуй кыргызчаны унутуп баратам, кыргызчадан кыйналам, орус мектепти бутком" дегендер. Анан кеебирки 2, 3у кыргызча-оруса аралаштырып жазып журот, мына ушулар да кообунун эле патриоттук намысына катуу тийгени учун: "Кокуй тилибиз кор болду, кокуй кыргызча билбейби" деп дееригип алабыз, бирок форумдун статистикасына салсак 300 дон 6 болсун, почти жокко эсе))...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   gulkar   19 Апрель 2016 - 22:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 870
  • Катталган: 12 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2019 01:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргыз жерим!

Просмотр сообщения Abuxanifa (19 Апрель 2016 - 15:50) жазган:

Анан мнобул форумда да активный 300 форумчу болсок, ошолордон 2, 3 оо эле бар: "Кокуй кыргызчаны унутуп баратам, кыргызчадан кыйналам, орус мектепти бутком" дегендер. Анан кеебирки 2, 3у кыргызча-оруса аралаштырып жазып журот, мына ушулар да кообунун эле патриоттук намысына катуу тийгени учун: "Кокуй тилибиз кор болду, кокуй кыргызча билбейби" деп дееригип алабыз, бирок форумдун статистикасына салсак 300 дон 6 болсун, почти жокко эсе))...

" Кээ бири" орусча соз кошконго туура келет .Статистика, почти деппи.
Никогда не сдавайся.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   mirana9395   19 Апрель 2016 - 22:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 442
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 19 Дек 2021 21:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия Иркутск ♥♥Озгон♥♥

Бир жума мурун Россиядан Бишкеке келип жолдо кетип аткамын Ошко.Симкарта алып алайын деп тушуп кирсем сатуучу кыз орусча суйлоп атат "Здравствуйте" деп.Ичимен уф дедим да зорго мекениме келсем булар дагы орусча суйлошот да деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   gulkar   19 Апрель 2016 - 22:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 870
  • Катталган: 12 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2019 01:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргыз жерим!

Мен орусча создорду кошуп жазганга,и суйлогонго туура келет,1-кыргызча тамга жок(телеф)
2-ден кыргызча 2-3 соз жазгыча,бир орусча соз жаза калам.(коротко ясно болот) Бирок Кр жашагандан кийин кыргызча суйлоп,жазыш керек дегенге кошулам.

Билдирүүнү түзөткөн: gulkar: 19 Апрель 2016 - 22:26

Никогда не сдавайся.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   Abuxanifa   19 Апрель 2016 - 22:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 703
  • Катталган: 22 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2019 06:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Просмотр сообщения gulkar (19 Апрель 2016 - 22:01) жазган:

" Кээ бири" орусча соз кошконго туура келет .Статистика, почти деппи.


"Статистика, почти, уже" дегендердин кыргызчасы кандай болот, билсен жазып койчу?)))-менда орус мектепти бутком, кыргызчадан кыйналам)))). ..

Бирок тиги дежурный орусча создор жонундо айтпадым, себеби алар конумуш эле создор. Мен суйломду кыргызча-орусча аралаштыргандар жонундо айттым. Соз менен суйломдун айырмасы чонго...

Ошол симкарта саткан кызга ичтен эмей эле, тыштан эле айтыш керек эледа: "Эмне кыргызча суйлоштон уяласынбы?" деп эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   Ular86   20 Апрель 2016 - 00:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 274
  • Катталган: 04 Июнь 13
  • Соңку аракети: 05 Окт 2016 07:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош шаары

Орусча суйлобосон уят болотко бизде айрыкча шаарда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   student-95   20 Апрель 2016 - 15:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 11 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2020 12:16
  • Жынысы:Эркек

быйыл окууга тапырганыма 3 жыл болот экен ушул 3 жылдан бери оз ойумду толук билдире албай кыйналам анан да сабактар орус тилинде откондуктон жакшы тушунбойсун анан биз кантип кызыл дипломду алабыз? Ушул теманы кененирээк талкууга алса жакшы болот эле супер инфо!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   MIRBOLOT   20 Апрель 2016 - 17:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 14 Апрель 16
  • Соңку аракети: 13 Дек 2021 17:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Түп айылы

Кытайдагы кыргыз туугандар нукура кыргызча сүйлөшөт экен. Кээ бир орус тилинен алынган сөздөрдү которо албасак, анда ошол туугандардан "сөздүк" алыш керек го.
Жеңишбек акын айткандай: ...башка тилдер минип жүрөт Мерседес,
Кыргыз тили минип калган араба.
Акын Шайлообек Дүйшөев: Калдайгандын бары эле канат эмес,
Кабыландын бары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Пользователь офлайн   joomart   20 Апрель 2016 - 17:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 221
  • Катталган: 02 Февраль 11
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2020 19:14
  • Жынысы:Эркек

Мисалы биз Москвада турабыз балам садикке барат биз менен кыпкыргызча садикте орусча суйлойт.Дагы бир кыргыз кошуналар бар кыздары садикке барат анан жалан орусча суйлошот.Менин балама тан калат ии кыргызча суйлойт ко деп мен кыргыз болгондон кийин кыргызча суйлойт да дейм.Мен керек болсо мама,папа дедиртбей койгом.Ата апа дегин деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   EdikoKG   20 Апрель 2016 - 17:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 816
  • Катталган: 11 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 07:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))

Просмотр сообщения Abuxanifa (19 Апрель 2016 - 21:41) жазган:

Сенин пикирие кошула албайт экем, себеби эне-тилибиз кор болбой эле тескерисинче которулуп жатат. Кеебирки киргиздерди коруп алып эле деериккенибиз туура эмеско дейм. Биринчи статистика боюнча факттарга назар салып корбойлубу доске, эмне дебедин???)).. .

Мисалы, Бишкекте бе расмий 1 млн адам бар, бирок шайлоолордо каттого алганда шайлоого катыша алган расмий жашоочулардын саны 100-150 мин болуп калат, жана ошолордун да ичинен 10-15 мини башка улуттар, калганы кыргыздар, калган кыргыздардан да 5, 6 мин эле киргиздер болуп калат. Ошондо бишкектеги калган 900 мин адам 7 болустан келген таза кыргызча суйлогон эле кыргыздар. Натыйжада 1 млн адамдын ичинен кыргызча суйлобогондору 20 мин, демек 100/2% болуп калат экен, почти жокко эсе...

Ош шаары расмий эли 40-50 мин болсо киргиздерди кееде эле кезиктиресин, почти 2, 3 мин болсо керек. 100/6,7% ти тузот...


Каракол шаары, эли расмий 15-20 мин болсо, киргиздери 5 мин болсун...

Эми 6 млн элдин ичинен таза кыргыз калкы 4 млн болсун, ошол торт млндун ичинен 50-60 мин киргиз аран чыгат. Калганы бут район, облустардагы массовый жашаган кыргыздар. Демек коркунуч жок. Мисалы универлерде группада 20-30 студенттин 3, 4 ту эле киргиз. Кр боюнча 3 мин мектеп болсо ошонун 20-30 мектеп орусча. Бишкекте маршрутта кетип жатсан ичиндеги 25-30 адамдан 2, 3 су эле: "Остонавите пожалуйста" дебесе, калгандары кыргыз эле. ЖК 120 немелердин ичинен 3, 4 эле киргиз. Мынтип по статистика фактка кайрылсак тилибизде кыпындай да коркунуч жок...
Ай ким билет . Бишкекте копчулугу орусча кайрылат. Копчулук учурда. Бирок,сенин созундо да мандем бар.+
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   AKCAHAT   30 Апрель 2016 - 00:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 519
  • Катталган: 30 Июнь 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 22:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу - Ош

Орусча кайрылган орусгулдор мн орусбектерге уялбай нетпей кыргызча жооп бергенге тырышалы.Айылдык мырк деп ойлосо бул алардын кайгысы. Кыргызстанда торолуп кыргыз боло туруп орусча суйлошконго мажбур да милдеттуу да эмеспиз.

Билдирүүнү түзөткөн: AKCAHAT: 30 Апрель 2016 - 00:46

Озунду эр ойлосон , бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   EdikoKG   30 Апрель 2016 - 19:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 816
  • Катталган: 11 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 07:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))

Просмотр сообщения AKCAHAT (30 Апрель 2016 - 00:45) жазган:

Орусча кайрылган орусгулдор мн орусбектерге уялбай нетпей кыргызча жооп бергенге тырышалы.Айылдык мырк деп ойлосо бул алардын кайгысы. Кыргызстанда торолуп кыргыз боло туруп орусча суйлошконго мажбур да милдеттуу да эмеспиз.
+++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   ales   06 Июнь 2016 - 13:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн кыргыз тили боюнча окуу куралдары чыгарылды
01.06.2016 2015-жылдын 15-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору жана Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Башкы комиссарынын башкармалыгы биргелешип «Кѳп түрдүүлүктѳгү бирдейлик» аттуу долбоордун алкагындагы «Мамлекеттик тил боюнча сабак берүү аркылуу улуттук азчылыктарды коомдук турмушка катыштырууга көмөктөшүү” деп аталган долбоордун негизинде кызматташып жатат.

Аталган долбоордун алкагында Кыргызстандагы азчылыкты түзгөн этнос өкүлдөрүнүн арасынан чыккан мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө, майда улут өкүлдөрүнүн жалпы коомчулукка тыкыр интеграцияланышына мүмкүн болушунча камкордук жасалып жатат. Мындан тышкары, мыйзам боюнча, бардык мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилинде иштей, сүйлөй билишине мамлекет тарабынан артыкчылык берилип жаткандыгы, бул багыттагы көйгөйлөрдү биргелешип чечүүнү талап кыларын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору жана Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Башкы башкармалыгы, кыргыз тилин билбегендерди олуттуу карап, бирдиктүү коомдун, теңата мүчөсү болууга үндөп, бул маселени колго алды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору демилгени колго алып, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан каржыланып, Кыргызтест түзүмү иштеп чыккан кыргыз тилди үйрѳтүүнүн талаптарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн БИРИНЧИ ЖОЛУ АТАЙЫН А1, А2,В1, В2 деңгээлдери боюнча окуу-методикалык комплекстер иштелип чыкты. Ар бир деңгээл окуу китебинен, көнүгүүлөр жыйнагынан, мугалимдер үчүн методикалык колдонмодон турат.

Жаңы окуу-методикалык комплекстин мүмкүнчүлүгү, тактап айтканда, деңгээлдер боюнча тил үйрөнүүчүлөргө адистигине, иш чѳйрѳсүнѳ ылайыкталган тексттер, грамматикалык материалдар, лексикалар, кеп ишмердүүлүгү боюнча материалдар, тилди сабаттуу, эффективдүү үйрѳнүүгѳ мүмкүндүк берет.

Деңгээлдер боюнча кыргыз тилин үйрөтүүгө кеңири жол ачуу бул Кыргызстан үчүн биринчи кезекте дүйнөдө тездик менен өнүгүп келе жаткан илимий-методикалык жетишкендиктерге прогрессивдүү кадам деп айтууга болот.

Ал эми жакынкы аралыктагы максат – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мамлекеттик тилди окутууну активдештирүү болуп саналат.



«Мамлекеттик тил боюнча сабак берүү аркылуу улуттук азчылыктарды коомдук турмушка катыштырууга көмөктөшүү” аттуу долбоордун алкагында:



а)1-этапта 2015-жылдын ноябрь айынан тартып республикалык мамлекеттик органдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге А1, А2, В1, В2 деңгээлдери боюнча акысыз 16 топко 72 сааттык кыргыз тилин үйрөтүү курстары окутулду.



б) 2-этапта 2016-жылдын март айынан тартып республикалык мамлекеттик органдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге А1, А2, В1, В2 деңгээлдери боюнча акысыз 20 топко 72 сааттык кыргыз тилин үйрөтүү курстары окутулду.

в)Окуу-методикалык комплекстер ар бир кызматкерге акысыз таратылып берилди.



г)Курстарды уюштурууга мамлекеттик органдарга расмий түрдө каттар жолдонуп, кызматкерлердин Кыргызтесттин сайтындагы он-лайн түрүндө тил билүү деңгээлин өзүн-өзү баалоодон өтүп, кайсы деңгээл экендиги аныкталгандан кийин окутуу үчүн тизмеге кигизилди.





Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде мамлекеттик тил маселеси каралды
27.05.2016 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде мамлекеттик тил маселеси каралды

2016-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын ишке ашырылышын көзөмөлдөөчү жумушчу топтун кезектеги отуруму Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жыйын жайында өттү.

Отурумда билим берүү тармагындагы мамлекеттик тил маселеси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №151 буйругунун аткарылышы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча КР Билим берүү жана илим министрлигинин отчету угулду. КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматынан кийин төмөнкү маселелер каралды:

— «Кыргыз тили» сабагы боюнча класстан-класска көчүрүү сынагын жалпы билим берүү уюмдарына киргизүү;

— «Кыргыз тили» сабагы боюнча 9- жана 11-класстар үчүн бүтүрүү сынагын жалпы билим берүү уюмдарына киргизүү;

— «Кыргыз тили» сабагы боюнча кирүү жана бүтүрүү сынактарын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына киргизүү;

— Жалпы республикалык тестирлөө системасына «Кыргыз тили» жана «Кыргыз адабияты» окуу сабактарын киргизүү;

— 9-класстагы Жалпы республикалык тестирлөө системасына «Кыргыз тили» жана «Кыргыз адабияты» окуу сабактарын киргизүү;

— Орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн «Кыргыз тили, кыргыз адабияты», «Кыргызстан тарыхы» жана «Кыргызстан географиясы» сабактары боюнча тестирлөөнүн негизинде мамлекеттик комплекстүү аттестацияны киргизүү.

Жогорку окуу жайлар боюнча:

* ЖОЖдордо жана атайын орто кесиптик окуу жайларында филологиялык эмес дисциплиналар боюнча (табигый-илимий, техникалык, коомдук) кыргыз тилинде сабак өткөн мыкты лекторлор үчүн кошумча каржылык кызыктыруу жана сыйлоонун башка түрлөрүн колдонуу системасын киргизүү;

* тилдик эмес ЖОЖдордун, орто кесиптик окуу жайлардын факультеттеринде мамлекеттик тилде окутуунун толук циклин жүргүзгөн бөлүмдөрдү ачуу;

* атайын орто жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн «Кыргыз тили жана адабияты», «Кыргызстан тарыхы» жана «Кыргызстан географиясы» дисциплиналары боюнча тестирлөөнүн негизинде мамлекеттик комплекстүү аттестацияны киргизүү;

* табигый-техникалык, гуманитардык жана социалдык дисциплиналар боюнча мамлекеттик тилде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, диссертацияларды жактоого колдоо көрсөтүү жана көмөктөшүү;

* мамлекеттик тилде жазылган окуу китептерине, окуу куралдарына конкурс жарыялап, жыйынтыгын чыгарып туруу;

* адистиктер боюнча орус тилиндеги китептерди кыргыз тилине которуу.

Жогорку окуу жайлар боюнча КР Билим берүү жана илим министрлигине төмөнкү сунуштар берилди:

1.КР Жогорку окуу жайларында адистиктер боюнча кыргыз тилинде окуган топтордун санын көбөйтүү;

2. Жогорку окуу жайларда мамлекеттик тилди окутууга бөлүнгөн сааттардын көлөмүн жогорулатуу (Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты боюнча);

3.Мамлекеттик тилди окутуп жаткан мугалимдердин башын бириктирип, алардын билимин, педагогикалык ык-усулдуктарын жогорулатуу боюнча семинарларды өткөрүү, байланышты күчөтүү;

4. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык ЖОЖдордо иш кагаздардын мамлекеттик тилде жүрүшүн көзөмөлдөө.

Бала бакча, мектептердеги мамлекеттик тил маселеси каралды:

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 18-беренеси толук аткарылган жок. Берененин биринчи абзацында КР билим берүү тутумунда мамлекеттик тил окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болуп саналат деп белгиленген.

Экинчи абзацы боюнча окутуу орус же башка тилдерде жүргүзүлгөн билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тил сабактары өткөрүлүп жатат. Бала бакчаларда жумасына болгону эки саат (25-30 мүнөттөн).

Мектептерде да сабактар өтө кыскарып кеткен, кыргыз адабияты сабагы жумасына бир эле жолу өткөрүлөт. Орус бакчадагы мамлекеттик тил мугалимдерине мектептегидей болуп 15% кошумча акы төлөнбөйт, мугалимдердин айлык акысы өтө аз, жумуштары көп, тайпалардагы балдар 2-3 эсеге көптүк кылат. Ошол себептен жаш мугалимдер бакчага баргандан качышат.

5-главанын 18-беренесинин үчүнчү абзацындагы эң көйгөлүү болгон Жалпы билим берүүчү мекемелерде мамлекеттик тил боюнча класстан-класска көчүрүү, бүтүрүү, ал эми кесиптик башталгыч, орто жана ЖОЖ кирүү жана бүтүрүү сынактары милдеттүү түрдө киргизилбей келе жатат. Мектептерде 5-8-класстан көчүрүү сынагы, 9-класстан гана оозеки, ал эми 11-класстын окуучусу жат жазуу жазып сынактан өтөт. ЖОЖдо кыргыз тилин 1- же кээде 2-курстарда гана окушат, зачет менен чектелишет. Кирүү жана бүтүрүү сынактарын тапшырышпайт. Ар бир окуу жайда ар кандай сааттар менен өткөрүлөт. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынганда ЖОЖдо мамлекеттик тилдин сааты 360 болгон, кийин 240-140 саатка чейин кыскарып кеткен.

2017-жылдан баштап окуу башка тилдерде жүргүзүлгөн орто кесиптик жана жогорку билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик тилди билүүсү В2 деңгээлине туура келиши абзел. Окутуучулар жарандардын кесиптик (атайын орто, жогорку) билимди мамлекеттик тилде алуу кепилдигин камсыз кылышы зарыл. Ал үчүн расмий жана башка тилдерде билим берүү менен катар эле мамлекеттик тилде кесиптик билим берүү системасын калыптандыруу, билимдин атайын чөйрөлөрүндө активдүү колдонуу үчүн кыргыз тилинин илимий-билим берүүчүлүк стилин калыптандырууга жетишүү керек.

Жыйынтыгында, бала бакчадан тартып жогорку окуу жайларына чейин мамлекеттик кыргыз тилинин окутулушун КР Билим берүү жана министрлиги көзөмөлгө алып, бирдиктүү саясат жүргүзбөсө, ырааттуу иш болбой тургандыгы, билим берүү тармагы мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө эң негизги күч экендиги белгиленди. Ал эми КР Билим берүү жана илим министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №151 буйругунун аткарылышы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн тапшырмалар берилди.

Мамлекеттик боюнча улуттук комиссия

Ушулардын баары ишке ашса экен, кагаз жүзүндө кала бербей...
Тема боюнча: Албетте Кыргызстанда туруп орусча сүйлөөгө укуктуу да, милдеттүү да эмеспиз. Ошондуктан орустарга кыргызча суйлөп көндүрүү керек. Өткөндө зээригип отуруп, 109 га кайра-кайра чала бердим. Алар алат да:

-Сальаматасызби, Елена(Юля, Тамара...) слушает - дейт.

-Мага баланча жактын номери керек эле... - десем, аран зорго болсо да сандарды кыргызча айтып беришти. Кубанып алып кайра-кайра чала бердим. Баляядай эле түшүнүшөт экен. Баляядай эле сандарды айта алат экен. Биз өзүбуздөн өзүбуз эле орусча сүйлөй берет экенбиз. Бир орус чындап кыргызча билбейт окшойт "... 1 минот" деп алып жок болуп кетти. Мен да көгөруп трубкада тура бердим, тура бердим, бир кыргыз кыз чуркап келип жооп берди. Ошол кун өллө соонун болду да...
Сүрөт


Билдирүүнү түзөткөн: ales: 06 Июнь 2016 - 13:05

"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   byityk   06 Июнь 2016 - 13:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 765
  • Катталган: 02 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 15 Янв 2018 03:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен озум орус классты бутконумо байланыштуу, жалан орусча суйлочуумун. Жада калса, бут кошуналарым орус болчу))) А жолдошум таптак кыргызча суйлоп журуп, кыргызча так суйлоп калдымСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   biznes   06 Июнь 2016 - 14:04

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 182
  • Катталган: 22 Январь 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 10:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кыргыз болуп орусча суйлой албасан уят дешет. А неге кыргыз болуп оз эне тилинде суйлой албасан уят эмес?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   byityk   06 Июнь 2016 - 14:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 765
  • Катталган: 02 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 15 Янв 2018 03:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения biznes (06 Июнь 2016 - 14:04) жазган:

Кыргыз болуп орусча суйлой албасан уят дешет. А неге кыргыз болуп оз эне тилинде суйлой албасан уят эмес?


Уят, эле деп айтышат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   biznes   06 Июнь 2016 - 18:40

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 182
  • Катталган: 22 Январь 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 10:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эне тилин эсирип чангандарды, эне тилде ашатып соккум келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   tynara81   17 Июнь 2016 - 23:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 027
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2021 07:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения Ular86 (20 Апрель 2016 - 00:55) жазган:

Орусча суйлобосон уят болотко бизде айрыкча шаарда

Уят болбой жерге кирсин. Ошон үчүн өнүкпөй келебиз да:(.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   tynara81   17 Июнь 2016 - 23:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 027
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2021 07:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения joomart (20 Апрель 2016 - 17:11) жазган:

Мисалы биз Москвада турабыз балам садикке барат биз менен кыпкыргызча садикте орусча суйлойт.Дагы бир кыргыз кошуналар бар кыздары садикке барат анан жалан орусча суйлошот.Менин балама тан калат ии кыргызча суйлойт ко деп мен кыргыз болгондон кийин кыргызча суйлойт да дейм.Мен керек болсо мама,папа дедиртбей койгом.Ата апа дегин деп.

Азаматсың. Мама, папа дедирткенден эмне пайда дейм да. Бала өздөштүрүп кете алат, орусча окутса дагы үйдөн кыргызча тарбиялаш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 30 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 30, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 09:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: