Саясий чара колдонулуш керек. Талап б.а
Кыргызча билбеген кыргыздарды эмне кылуу керек? Кыргыз болуп эне тилин билбегендер!
#262 22 April 2016 - 10:35
Кыргызча билбеген кыргыздарга албетте кыргызчаны уйротуш керек. Ата-эне, бала бакчадагы тарбиядан баштап.
#265 23 April 2016 - 13:16
Ар ким каалаган динди тутунуп,каалган улутга баш кошуп жатканда кыргызча билбегендерди эмне кыла алмак элек? Демократия деп эле кыргыз артга кетмей болдук
Өлүмдөн эмес,бекер кеткен өмүрдөн корк!)
#266 24 April 2016 - 16:32
Башына башына бир коюш керек. Жакшы айтып да жаман айтып да суйлото албай койдук синдими бирок.
Salam baaryna
#267 26 April 2016 - 12:03
Менин өзүмдүн кыргызча сүйлөгөнүм жакпайт, "тантырайм"
, орус тилдүү чөйрөдө -бала бакча, мектеп, университет,
коңшулар, достор, айтор орус тилдүүлөр арасында жүрүп, орус болуп калганмын. бирок кыргызча күнүмдүк сөздөр менен эмес- "кооз" сүйлөгөндү үйрөнгүм келет, ал үчүн китеп окуш керек, бирок кыйналып кетем, 2-3 жолу кайталап оңой менен түшүнбөйсүң,
анан акыры чарчап таштап коем. Бирок орусча ойлонгонум калбады-ичимден орусча ойлонуп, кыргызча оюмду жеткизгенче жүдөп кетем, жана дагы ортодон сөз байлык түгөнүп калат(( Кыргызча суроо берсең орусча жооп берип коюшат көптөр...анан орусча сүйлөй баштасай оожоктонгон деп салышат айтор..
#268 28 April 2016 - 23:33
Кайдагы чет олколордон келип эки айда кыргызча суйлоп калат.Оз жеринде эне тилин билбесе ал озунун эле наадандыгы.
Аларды кыргыз жарандыгынан ажыратыш керек.
Койгулачы э болбогон создорду,билбесе билбейт да,куноонун бардыгы билбеген адамда эмес да,кыргызча билбесе эле жарандыктан ажыратса не деген жиндилик болуп калбайбы.
#269 01 May 2016 - 16:24
Кыргыз тилинен башка бир да тилди билбеген нукура кыргыздардын арасына 1 жыл таштап кетиш керек
#270 10 May 2016 - 19:21
Дээринде болбосо эч кандай майнап чыкпайт го. Кыргызча суйлогонду билбесе мейли, бирок билсе да суйлогондон намыстангандарга,
эптеп эле орусча чулдурагандарга дабаа жок.)
#271 13 May 2016 - 22:58
Кыргыз болуп туруп, кыргызча билбегендердин тилин кесиш керек)).
♔ Aytku(love)a ♔
#273 15 May 2016 - 08:47
Саясий чара колдонулуш керек. Талап б.а
Мисалы штрафпы?
"Ар бир башка тилде сүйлөгөн бир сөз үчүн 100сом штраф!"
Паспортуна улуту белгисиз деп жазып коюш керек
.
.
Сиздин версияңызды алып, мыйзам киргизе турган болсок, анда, паспорт алуу үчүн документтик көйгөйлөрдөн тышкары, тилден экзамен тапшырып, "толук кандуу кыргыз" деген "справка" алуу керек болот. Бул бир.
Анан ошол эле, (мисалы, көп ата-энелер соо эле балдарына альтернативаны сатып алып берген сымал) "справканы" сатып ала башташат. Бул экинчиси. Анан бир күнү эле баягы "толук кандуу эмес кыргыз" байкуш машина айдап баратып, инспектор токтотсо "толук кандуу кыргыз" документин көрсөтөт, бирок башка тилде саламдашат. Оо, инспектордун көзүнө ал кыргыз байкуш канча доллар болуп көрүнөөр экен ээ? Анан ал кыргыз байкуш ал жерден да акча төлөйт. (Үч). Бир төлөйт, эки төлөйт…анан кыргыз тили курсуна барып да болсо кыргызча үйрөнөт...
Бирок ал "тил" ага ушунчалык көп көйгөйдү жаратканы үчүн жек көрүндү тил болот… Андыктан, келгиле өзүбүздүн балдарыбыздан баштайбыз тил үйрөтүүнү. Баланын тили кандай чыгат бул ата энеден көз каранды. Же баланын тили чөйрөгө аралашып анан чыккан жери жок го!
В каждой шутке есть доля правды...
#274 15 May 2016 - 08:52
Кыргыз болуп туруп, кыргызча билбегендердин тилин кесиш керек)).
Садагаң кетейин, сиз үчүн азыр тамаша. Бирок, чын эле ушундай мыйзам кабыл алса…элестетиңиз. ..
В каждой шутке есть доля правды...
#277 22 June 2016 - 20:15
Намысына тие тургандай соз айтып, уйроном деп калганда жардам корсотуп коюш керек)))
#280 23 June 2016 - 17:42
атайын тил курсун ачып,оптом бүт кыйнап болсо да айдап барып окутуш керек!

Супер-Инфо
super.kg
видео




















