Суперстан: Энелердин эрдигин даңазалай... сынак старт алды - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Энелердин эрдигин даңазалай... сынак старт алды Суперстанда кезектеги сынак.

#61 Пользователь офлайн   Janyla   24 Апрель 2016 - 17:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

"Апама"

Асыл сөздөн ыр курап,
Сунам сизге ыр сабын.
Терген сымал адырдан,
Кучак толо гүл кармап.

Айтсамбы дейм,сөз улап,
Мээрими күч апамдын.
Кетсе да алдынан,
Тагдырдын тоо-ташы кулап.

Сагыныч тору кармап,
Кетким келди жанына.
Бир өзүңдү сагынып,
Кайрадан койнун самап.

Убакыт учат канат курап,
Өмүр өтөт карыштап.
Ансайын жалынам,апакемдин,
Жараткандан өмүрүн сурап.

Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 24 Апрель 2016 - 17:32

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   sagyn91   24 Апрель 2016 - 19:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 041
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 24 Май 2016 01:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

""Апа сага кандай мактоо жарашат
Апа сенден ким сыймыкты талашат"



Апама арнап ыр жаздым
Асылымсын ардагым
Асырап мени бапестеп
Ак бешикке салгансын.


Алдей ырын ырдап мага
Тун уйкундан калгансын
Ак сутунду берип мага
Ак эмгек менен баккансын.

Тарбиянды аябастан
Олчому жок бердин Апа
Келечекте уулун эми
Сен учун даяр баарына


Апаке алыстамын азыр мен
Дайыма оюмдасын сени эстейм
Элесин коз алдыма тартылып
Сагынганда баргым келет тезирээк

Журчу апа мандайымда жаркырап
Мен журоюн сени колдоп асырап
Каалап сага узак омур, ден соолук
Жараткандан сураймын мен дайыма.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   aiturgasha   24 Апрель 2016 - 21:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

" Апа, сага кандай мактоо жарашат
Апа, сенден ким сыймыкты талашат"




Сен апамсың, бизди багып чоңойткон
Бары менен бирге бассан жарашкан
Шагын ийип мөмөлөгөн дарактай
Көргөндөрдү көркүн менен караткан


Жаным апам, бизди дайым ойлогон
Түйшүк келип керт башына ондогон
Тынчын кетет кирпик кагып уктабай
Жазуучудай ыр жазалбай толгоном


Оюң бизде , санааң бизде толгоогон
"Чыр" дегенде таттуу уйкудан ойгонгон
Курал алып, күндүр түндүр сак турган
Жоокер өңдүү Ата- Журтун коргогон


Сен апамсың, биз ар дайым сыймыктанган
Биздин дем кайратыңды чыңаган
Ак колундан наристени өстүрүп
Саяпкердей куш кыраанын сынаган


Биз булбул, сен жашыл бак жаздагы
Тамырыңды ар тарапка тараткан....


Билдирүүнү түзөткөн: aiturgasha: 24 Апрель 2016 - 22:15

Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   happy02   24 Апрель 2016 - 22:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

А к тилеги аткарылып Кудайдан,
П ериштесин сен чынында асылдан.
А как, бермет таксам дагы миң ирээт,
М ээнетиңди актай албайм бир ирээт.


Бала үчүн чыркыратып жаныңды,
Окко тошүң тосуп дайым бересиң.
Баатырлыктын берип мүмкүн элесин,
Эр жүрөктүү уул өстүрүп келесиң.


Ырлар жазып, терип сөздүн көркөмүн,
Апакеме ырлар жазып өтөмүн.
Даңтай албас сенин бүтпөс мээримиң,
Эң чебер сүрөтчүсү дүйнөнүн.

Сүйүүнүн падышасы өзүңдүрсүң,
Бала үчүн сезимдериң толкуп ташкан.
Бороон келсе кыйратуучу уяңды,
Чеп сыяктуу сүйүүң менен тосуп турган.

Чурулдаган неберелер төрүндө,
Жүздү улай жашай бергин өмүрдө.
Апакеме өмүр берсин Кудайым,
Балпайган байбиче бол ылайым.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   dina   24 Апрель 2016 - 23:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Апа, сага кандай мактоо жарашат?
Апа, сенден ким сыймыкты талашат?

Апакем менин ардагым, апакем менин арманым...

Апакем, ааламымды жарык кылган чырагымсың,
Өмүргө дем-күч берип, агып турган булагымсын.
Кадалып карааныңды издеп келем,
Жашоомдо медер туткан тумарымсын.

Дүйнөмдү көп сыноодон калкалаган,
Турмушта көптү үйрөткөн каарманымсың.
Саамайымдан сылаганың сагындырып,
Апакем кайтып келбес арманымсын.

Көрбөйсүз эми күндүн жарык чачканын,
Кыш алмашып, тоо гүлүнүн ачканын.
Көргөн жоксуз кызыңыздын үлпөтүн,
Небереңдин кадам шилтеп басканын.

***
Ак гүлдүү чачык жоолугуң,
Жарашкан апа салынсаң.
Сен жоксун бирок..., баардыгы,
Катылып турат сандыкта.

Он эки канат боз үйдү,
Тургузчу элең саймадан.
Өзүң жок ошо тууруң,
Жыйылып турат, каралбай.

Билерик, чачпак, шуруну,
Тагынчы элең шайма шай.
Ээсин жоктоп зерлериң,
Илинип турат тагылбай.

Жайлоонун гүлү сен сүйгөн,
Быйыл да ачат жайма жай.
Шибердин баспай үстүнөн,
Жатасың эми арман, арман ай.

Апаке чын дүйнөдө болсун бейишиң,
Жанаттың болуп, жайың гүлгө оролсун.
Уул, кызын, неберелер сенин жемишиң,
Кемитпей улантып келет өрүшүн.
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Angel92   24 Апрель 2016 - 23:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Апакем чалкып жаткан кенен көлүм,
Апакем эркин ойноор кенен төрүм.
Асманым чалкып жаткан көпкөк таза,
Ар дайым күн нуруна чөмүлтөөрүм.

Эбедейим эзилип эркелээрим,
Чарчасам дем-күч берип,эрк берээрим.
Эсепсиз мээримине бөлөп келет,
Энекем аткан таңым,эскирбесим.

Кайгырсам көңүлүмдү көтөрөөрүм,
Калкалап канатына бөпөлөөрүм.
Кылымдар азык болоор жан дүйнөмө,
Апакем жашоомдогу" мэр"чөбүм.

Өзүңө теңейм апа аткан таңды,
Өзөк жалгап,өмүр улаар аппак нанды.
Оргуштап кайнап турган булактарды,
Алоолоп күйүп турган өчпөс шамды.

Багымсын булбул,куштар сайрап турчуу,
Берилип көргөн жандар тыңшап укчуу.
Ылайым оорубачы,картайбачы,
Бар болчу!Өзүң менен жашоо тузу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   madina.87   24 Апрель 2016 - 23:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

ЖАРКЫН апам амандыгын тилеймин ,
Таманында бейиш тору билемин.
Сизди сыйлап ,кызматына татысам ,
Бейишиндин эшигине кирээрмин.

ЖАРКЫН апам жашоомдогу тирегим ,
Сиз бар учун дунуйо кооз билемин.
Ардактаймын, сыйлайм сизди апаке!
Аман болун!Алладан мен тилээрим.

АПАМ-менин жарык берген чырагым ,
АПАМ-менин молтур таза булагым.
АПАМ-менин момолуу бир дарагым,
АПАМ-менин жаркылдаган жылдызым.

Апа сизге ырлар жазам олтуруп,
Чиймелеймин кагаз бетин толтуруп .
Кучагына бой таштаймын апаке!
Саамайымдан сылан АПА олтуруп.


(Аз болсо да ырым сизге арналат,
Сиз бар апа жашоо мага салтанат!
Сиздин кылган эмгегиниз менен атакем,
Уйго барсак,дайым бизге мактанат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Kg.lady   24 Апрель 2016 - 23:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо


Жазгым келди апама арнап жакшы ыр,
Калтырбастан жүрөгүмө эч бир сыр.
Ырым менен эгер курсам мунара,
Анда менде бир да арман калбастыр.
Токтогулдай төккүм келет өзүңө,
Бүтпөс казал,түгөнбөгөн дастан, ыр.





Ушул ырды,ушул сапты жазгандан,
Эмнегедир тартынчыктап жазганам.
Сен жөнүндө толук айтып бере албай,
Супсак болуп калбаса деп арданам.
Алыкулдай шыр жазалбай буйдалып,
Сөз берметин тере албай кыйналам.



Жаралыпсыз бул дүйнөгө күзүндө,
Жаратылыш толгон кезде үзүргө.
Пейлиңиз да күз сыяктуу берешен,
Мээримиңиз жетет дүйнө жүзүнө.
Жер энедей майтарылбас кайратың,
Күнүм сенсиң жарык берген өмүргө.


Бир тамчылык ак сүтүңө татыбай.
Тушап келет буттан алып турмуш ай!
Шылтап дайым көр оокатка келемин,
Кечир апа! Кызың арсыз ушундай.
Орундалбай келет дале тилектер,
Чыңгыз жазган саманчынын жолундай.


Ой кыялым чети турат кетилбей,
Изги максат, арзууларым чечилбей.
Кечир апа! Жетилсемда эчак да
Койду такыр тилектерим жетилбей.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 26 Апрель 2016 - 20:14


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Geran   24 Апрель 2016 - 23:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 413
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Янв 2021 12:25
  • Жынысы:Аялзаты

Үйгө келсем тосуп алып жайдары,
Чайын берчү менде асыл бир жан бар.
Күлсөм күлүп,күйсөм кошо кайгырган,
Санаалашым акыл кошчу бир жан бар...

Тамчылап ар бир аккан жашымды,
Апакем ай жүрөгүңө каткансың.
Бир ойлосом кыйналдың өзүм үчүн!
Ак бубак аралаптыр чачтарыңды.

Арнап бизге өмүрүңдүн жарымын,
Азабымды тартканыңа кайылсың.
Адам болуп алыс болуп өзүңдөн,
Апа сенин мээримиңди сагындым.

Апа гана ушинте алат жадабай,
Эртели-кеч баласына кам көрүп.
Апалардын баардыгы тең...
Балдарга-
Бакыт жасап бериш үчүн жаралган.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 25 Апрель 2016 - 00:47
Түзөтүүнүн себеби: Техникалык ката түзөтүлдү!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Gupa   25 Апрель 2016 - 00:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения rnurzida (11 Апрель 2016 - 04:18) жазган:


Биссмилла деп энелерди даңтап, мактап, улуулугун, баа жеткис эмгегин, дегеле сөз менен айтып бүткүс апаларыбызды даңазалачу сынагыбызды баштадык.

Сынак 4 шарттан түзүлдү. Алар;

1."Ааламда теңдеши жок асыл апам" деген теманы аркалай апакелерибиздин өмүр баяны. Бул жерде кыска жана нуска болушу шарт!

2."Апа, сага кандай мактоо жарашат, апа, сенден ким сыймыкты талашат?"
Албетте, апаларды мактап, даңктап 5 куплеттен ашпаган өздүк калемге таандык ыр.


3."Оорубасын энелердин жүрөгү". Бир эле өзүбүздүн апабыз эмес, жалпы энелер жөнүндө баян. Коомчулуктагы айрым мисалдар менен коштолсо да жакшы болмок.

4."Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" . Сиз кандай апанын уулусуз же кызысыз? Балалыгыңыздан кызыктуу жана күлкүлүү бир үзүм окуя.


Сынакта өз апаларыбыз жөнүндө гана жазабыз. Эгерде чоң эне, таянелери өз апасынын ордунда болгондор болсо, анда алар да баяндашса болот. Сынакка бардык тайпадагы (конок, жаран, аким ж.б.) форумчулар катыша алат.

Сынактын ар бир шарты үчүн бир апта убакыт берилет. Ар бир шарт үчүн добушту мазмуну жагынан жалпы форумчулар берет. Ал эми грамматикалык жактан калыстар тобу баалап, жалпы добуштарды эсептеп, бизге жарыялашат.

Экинчи тур башталганда биринчи шарт үчүн добуштар бериле баштайт. Жаран статусуна ээ болгон жана билдирүүсү 100дөн ашкан (10-апрелге чейинки билдирүүлөрү) гана форумчу добуш берүү укугуна ээ. Эгерде негизги ниги менен жазганга мүмкүнчүлүгү жок, бирок конок тайпасындагы ниги форумчуларга белгилүү, билдирүүсү 100дөн ашкан форумчу болсо, анда добуш бере алат. Сынактын катышуучулары да каалаган катышуучуга же өзүнө добуш бере алат.

Сынактын биринчи шарты боюнча тапшырмалар 17-апрель саат 00:00дө токтотулат. Демек, 17-апрель саат 00:00гө чейин жазып бүтүшүбүз керек. Андан кийинкиси кабыл алынбайт.

Бул темада жалаң гана сынактын шарттары (тапшырмалар) жазылууга тийиш! Ашыкча билдирүү жазбайбыз! Сынак боюнча ой-пикирлерибизди төмөнкү темага жазабыз!
http://www.super.kg/ ...showtopic=93270


Баарыңыздарга ийгилик!





Ошентип экинчи тур аяктап, үчүнчү тур башталды. Катышуучулардын экинчи тапшырмаларына добушту бул темадан бересиздер. Эмесе, үчүнчү тапшырма:
3."Оорубасын энелердин жүрөгү". Бир эле өзүбүздүн апабыз эмес, жалпы энелер жөнүндө баян. Коомчулуктагы айрым мисалдар менен коштолсо да жакшы болмок.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 25 Апрель 2016 - 00:06

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Kg.lady   27 Апрель 2016 - 18:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо


Азыр биз эненин эмгегин баалоо, урматтоо дегенди соц.тармактардагы баракчаларыбызды "Эне ыйык!", "Эне улук!"-деген лозунгдарга, гиф сүрөттөргө толтуруп, ошолорго лайк басканыбыз менен алмаштырып алганбыз, ушул нерселер менен энелердин ак сүтүн актап жаткандайбыз ойлоп көрсөм. Апаларыбызга көрсөткөн сыйыбыздын заманбап, жаңыча усулу. Ушул нерсе менен өзүбүздү, жалпы коомду алдап жаткан чагыбыз. Кантели, булда болсо замандын талабы экенго!))

Ал эми мамлекетчи, энелер үчүн эмне кылып жатат, эмне кылды? Бул өзүнчө айтып бүткүс көйгөй. Бийликке келгенче куру убадаларды берип, а түгүл ортого наристелерин коюп карганып, бир колубузга айды, бир колубузга күндү карматаарын убада кылып, кийин эле эшектин тушоосун чече албагандарына күйдүм чокту айтып ырдагың келет.
Кайсы бир депутат үчүн отурган олтургучу маанилүү болуп, отургучубуз эскирди жаңысы керек деп, орунсуз проблемаларды көтөрүп, мүдөөсүнө жетип кымбат креслону кучактап отурган кезде, өлкөбүздүн бир бурчунда карапайым бир эне эшик алдында жыгач дөңгөчтө отуруп, баласы үчүн дуба кылгандан жадабай келет. Жашоонун теңсиздиги ай!
Кайсы бир чиновник токолун алып аягы чыгыш, биягы Европаны түрө кыдырып, чартаңбай тээп жүргөндө, дагы бир энебиз балдарын багам деп, базарда суукту суук, ысыкты ысык дебей кезерип байпак сатып, семечка сатып оокатын кылып отурган болот.
Ошол эле бок курсактар кресло талашып кызыл-чеке болуп жаткан кезде, кыргызстандын бир бурчунда биз алсыз, аялуу деген аялзаты айласыз балдарын тууган- урукка таштап, белин бек бууп орусиянын эшигин каккылап бөтөн элде жүргөн болот
Бизде чиновниктер көп, байлар көп, бирок ошол байлардын жан дүйнөсү жарды, көөдөнү сокур экени өкүнүчтү.
Чоңдорго мейли аларга кудайдын гана таразасынан башка эмне бар дейсиң.
А карапайып адамдарчы, биз энелерди барктап жатабызбы? Барктап, кадырлап жаткандырбыз бирок баарыбыз эмес. Балам, же кызым бизди багат деп аруу тилек менен алыска жөнөтсө, ошол уул-кызынын кылган кылыктарынын кайсы бирин айтып түтөлү. Бири баатыр, патриот атыгып өз карындашын, өз мекендешин ур-тепкиге алып интернет жылдызы атыгып жатса. Көлөкө жерде багып, көкөлөткөн кызы ата-энесинин бетине көө жаап, көрүнгөн менен жетелешип жүргөнү өзөк өрттөйт. Кай бир энелер бизди багып чоңойткону аз келгенсип, неберелерин багып, уулум(кызым) иштеп бутуна турсун деп, акыркы кайратын жыйып неберелерин багып, ак батасын берип, нан-боорсогун белендеп түйүнчөккө түйүп сапарга узатып, амандыгыбызды тилеп отурса, бизчи? Биз эмне кылып жатабыз? Москвачылыкка шылтап, көзүм көрбөсө куйругуму бөөрү жесин деп, никесиз тиги менен жашап, аны таштап муну менен жашап чакчалекейибиз түшүп жаткан чагыбыз. Мына биздин энелерге көргөзгөн сыйыбызда, урматыбыз, бетине кара көө сүртүп, мээнетин таптап, бут алдындагы бейиштин ачкычын өз колубуз менен жоготуп жаткан кезибиз. Албетте, арабызда апаларды алаканга салып алпештегендерден уучубуз кур эмес.
Бирок жогорудагы көйгөй коомубуздун эң тамыр жайып, бараткан ачуу чындыгы экенин ар бирибиз сезе билүүбүз керек. Бүгүн биз коомубузга мылтык сунсак, эртең, келечекте бизди замбирек менен тосуп алчуу кез келерин унутпасак...


Ашыгы үчүн боюн таштап аскадан,
Ашыктыктан жанын кыйган канча адам.
Төрөп көйгөн он баланын бирөөсү,
Апасы үчүн жан кыйганын укпагам!

Бала үчүн кашык-канын берүүгө,
Белен тура тозоктуда кечүүгө.
Эне үчүн бала бойдон турбайбы,
Эр ортону чыксадагы элүүгө.
Алмузтактан сен бар үчүн энелер,
Өмүр көчү дале уланып келүүдө.


Деңизсиң да, океансың чалкыган,
Асылсың сен каухар, бермет, алтындан.
Аман жүрүп, узак жаша апалар,
Тизе бүгөм жалпы перзент атынан!
.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 27 Апрель 2016 - 18:21


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Topcubai   28 Апрель 2016 - 12:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Эки кабаттуу чоон,эскилиги жеткен,мына мына урап тушоюн деп калган тамдын короосунда жапыз оскон алчанын колокосундо, тактадан жасалган устолдо чачтары куудай аппак,арык чырай,териси соокторуно жабышып калган,бетин бырыш баскан,он козу кунурт коруп,сол козу болсо ыйдан улам соолуп калган карыган кемпир алыстан бироо келип,алып кете тургансып,улам улам кочону карап,кунурт коргон козу менен бироонун караанын издеп жатты.
"Бугун дагы жоксун го медерим,сенин келээринди мен кутом,сенин тируу экенинди дагы билем.Раматылык кайын энемди убагында козунун жашын колдотуп,ушул жайга алып келип,таштап кетпедим беле?Ошондо, "апаа,мен дагы сени карыган чагында ушул жерге алып келип таштаймынбы? "-деп сен мага суроо берген элен.Желкеге бирди жеп,козундон аккан жашын менен мурдундан кокмок болгон чимкиригин аралашып," чон энемден кетпейм!Мен аны менен калам!" -деп ыйлаганын али кунчо эсимде.Раматылык кайын энем жалынып жалбарганына карабай,ушул жерге таштап,"унун очкур мастан!Сенден туболукко кутулдум! Сен какбаш болбоондо,жалгыз балан каза таппайт эле!Баарына сен гана куноолуусун! "-деп,жаактан ары бир чаап,эч нерсеге карабай,сени дегдендетип жетелеп алып,чыгып кеткеним,азыр деле коз алдымда.Кечирин мени кайын эне.Мен убагында жаштык кылыпмын,мен убагында "ушундай жап жаш бойдон журом"-деп кесирлик кылыпмын.Мен сиздин кейпинизди кийип,андан да жаман болуп,ажаан келиним менен мамилебиз келишпей,акырында, "уулунду Москоодо чачы жоктор олтуруп салыптыр,эми сенин керегин жок!"-деп, мени бул жерге алып келип таштады.Айланайын апаке,сен да мендей ыйлай берип,коздорун соолугандыр. Мендей болуп,ар куну "алып кетээр бекен?"-деп, улам козунду кочодон албай куткондурсун. Мендей болуп арыктап,акырында соогун башка жерге комулгондур. Айланайын апаке,мени кечир,мен акмакты кечир!Оо жараткан Аллахым!Менин куноолорумду кечире кор!Аллахым, менин жалгызыма омур бер,мен билем,ал тируу!Анын, келинимдин кыпындай куноосу жок.Куноонун баары менде!" -деп,ыйлап да,сыздап да,жалынып да жатты.
Бул короонун ичиндеги карылардын баарынын тагдырлары ар кандай.Кээ бироосун жалгыз уулу алып келип таштаса,дагы бирин жалгыз кызы таштап кетет.Бироосунун болсо балдары коп туруп эле,улам турткунчок болуп,акырында ушул жерге алып келип таштаган.Оздорунун дагы башына карылык келээрин билбей,ушул бойдон бул дуйнодон ото тургансып,апасын, атасын карыган мезгилинде таштап кетишет.Ой адам заты!Кечээ эле кыпкызыл эт элен го!Ошол энендин жатынын жарып чыгып,ошол сен таштаган энендин ак сутун ээмип чоноюп,сен ооруганда сен учун тун уйкусун бузуп,сен учун алыс жолду жоо басып,бейтапканага алып келбеди беле?Сен учун жанын дагы берууго даяр болгон,баарына кайыл болуп,курсагынын ачканына да кайыл болгон апаныды карыган чагында ушундай кыласынбы?Сен кызыл эт мезгилинде жардамга кандай муктаж болсон,алар дагы карыган убагында сендей эле жардамга муктаж!Кана сенин адамгерчилигин? Кана сенин адамга кылган жакшылыгын? Сенин кылгандарындын баары манкурттук! Айбан дагы мындай кадамга барбайт!Мусулмандарын эн акыркы пайгамбары болгон Мухаммад алейхи салаам дагы айткан го Эненди сыйла!Эненди урматта!Эненди кадырла!Андан кийин атанды сыйла!" -деп.Сени тогуз ай журогунун астында которуп,кыйналып кысталып,бир олуп,бир тирилип жатып,акырында сенин ынаалаган унунду укканда,баардык кыйынчылыктарды унутуп,баарына даяр болгон алтындай апанды,сенин аска зоон болгон атанды ушинтип,карыялар уйуно таштап койбой,торундо эркелетип,жуунтуп, таптаза кылып койсон болот го!


Атасы менен баласы кундун батып бара жатканын карап олтуруп,асмандагы учуп жургон карганы коргон баласы
-Атаа,тээтиги асмандагы эмне?-деп сурайт.
-Албы,ал карга болот кулунум-деп жооп берет атасы.
-Тээ тиги эмне?-деп кайра сурайт баласы
-Ал дагы карга-деп жооп берет атасы.
-Тээ тигичи?-дейт кайра баласы
-Ал дагы карга болот кулунум-дейт атасы.
Эми,жылдар отуп,баласы эр жетип,атасынын белдери бекчейип,коздорунун коруусу начарлап калган убагы.Баласы экоо кундун кызарып батып бара жатканын карап отуруп,алыстан келе жаткан караанга козу жетпей,атасы
-уулум,тээ ылдыйдан келе жаткан караанга козум жетпей жатат да,ким ал?-дейт
-Ал Мырзанын баласы-дейт баласы.
Аа-деген атасы кайра сурап калат бир аздан сон
-Азыр эле айттым го!Ал Мырзанын баласы!-дейт уулу ачууланып.
-Сен жаш убагында канча коп сурасан дагы жооп берчумун,менин эки жолу сураганыма ачуун келет да уулум-деп нааразы болот.Кордунузбу замандаш,биз ата-энебизден бир нерсеге тушунбой кайра кайра сурасак дагы,тажабай айтат.Ал эми ата-энебиз бир нерсени эки жолу сурап койсок ачууланып," кайра кайра сурай бересинби! "-деп кагып салабыз.Ата- энебизди козу барда сыйлайлы,урматтайлы. Аллахым сурантып берет,сурантпай берет,канчалык жалынып жалбарсан дагы бербей коюшу мумкун,бирок бергенин сурабай алып коёт.Ошондуктан ата-энени сыйлап журолу замандаш.


Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 28 Апрель 2016 - 12:13

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Angel92   29 Апрель 2016 - 00:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Апа.Бул ар бир эле адамдын өмүрдө биринчи айткан сөзү.Бул адам биздин ажырагыс бөлүгүбүз.Бала ападан таасирленет. Негизги кепилдик түйүлдүктөн эле башталат.Эгер бала каалоону,сүйүүнү сезүү менен күтүлүп жаткан болсо,жарыкка да эрте жана дени сак болуп келет.Эгер апа ыйласа,андагы бала да ыйлайт,эгер кыжаалат болсо бала жабырланат жана өзүн керексиз сезет.Бул нерсе окумуштуулар тарабынан далилделген. Илгертен эле айтылган сөздөрдү карасак эне менен бала түйүлдүк кезден эле бири-бирине байланып калат.Ошондуктан эне ар бир адамдын жашоосунда чоң мааниге ээ экендиги таң калыштуу эмес.Илгертен эне үйдүн куту болуп,үйдүн коломтоосун өчүрбөгөн.Башта үй-бүлөлүү аялдар иштебестен, үй жумушу,бала тарбиялоо менен алектенген. Алар өздөрүнүн бактысын үй-бүлөө деп гана эсептешкен. Ал эми калган түйшүк аталардын мойнунда болгон.
А азыр,ушул күндүн айымдары үй-бүлөөнү гана эмес,жашоодо башка да ийгиликке жеткиси келет.Алар социалдык статустуү да,мыкты кесип ээси да болсок дейт.Тан калыштуусу муну менен катар үй иштерине да жетишишет.Жумуштан келип тамак даярдап,үйдү тазалап,ошону менен бирге балдарына да көңүл бөлүшөт.Заманыбыздын аялдары"болбогонду" да болтуруп жатат десек болчуудай.Белгилей кетчүү нерсе замандын активдүү агымындагы көпчүлүк аялдар балдардын жалгыз тарбиялайт. Бул көрүнүш атасы таштап кеткенинен эмес.Көпчүлүк ийгиликтүү айымдар иштеп турган убагында "баламды өзүм эле жакшы балалыкта чоңойто алам,жогорку билимге жеткире алам"дешет. Эң өкүнүчтүүсү ушундай аялдардын балага көп убактысынын жетпегендиги. Эч кандай байлык эненин сүйүүсүнүн, мээриминин ордун баса албайт эмеспи?
Үй-бүлөлүк көйгөйдөн улам жалгыз бой калган энелер үчүн баланы тарбиялоо оор болсо керек деп ойлойм.Алар үчүн баланы керектүү нерсе менен камсыз кылуу ар дайым эле мүмкүн эмес.Эгер жалгыз бой балалуу аялдын өзүнө жетээрлик материалдык каражаты болбосо тыным албай иштөөгө туура келет.Мындайда баланы тарбиялоого убактысы аз.Үйдө болсо атанын да,апанын да милдетин аткаруу керек болот.
Тилекке каршы биздин күндө эне мээримин сезбеген таштанды балдар абдан көп.Булардын келечеги белгисиз.Албетте баарын эле үй-бүлөлүүлөр багып ала беришпейт.Көпчүлүгү 18ге толгончо балдар үйүндө болушат.Бул балдар өздөрүн бактысыз жана керексиз сезишет.Албетте бул ойлору келечекке да таасирин берет.Көпчүлүк балдар үйүнөн чыккандар өздөрү үй-бүлөө күтүүдөн коркуп калышат,себеби алар өздөрүнүн жашоосун мисал катары көрүшөт.
Ар бир адамдын үй-бүлөөдөгү орду талашсыз жана чоң.Бирок,эң башкы,эң чоң орун эненин орду.Бул адамдын жашоодо бар экени эле жан дүйнөбүздө кубаныч,жашообузда бакыт эмеспи?

Билдирүүнү түзөткөн: Angel92: 29 Апрель 2016 - 00:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Asema06   29 Апрель 2016 - 10:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 25 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Авг 2016 23:07
  • Жынысы:Аялзаты

Энелер кандай гана назик,боорукер, мээримдүү, улук адамзаты. Перзенти үчүн баарына даяр ар качан. Тогуз ай курсагында, үч жыл колуна көтөрүп, ал эми жүрөгүндө өмүр бою сактайт эмеспи. Бул дүйнөдөгү бардык энелердин жүрөгү перзенти үчүн башкача соксо керек. Бирок, биз апаларыбыздын ошол теңдешсиз бизге берген мээримин, эмгегин, ак сүтүн эч качан актай албасыбыз бештен белгилүү. Бир уламыш эске түштү. Бир адам энесинин ак сүтүн актоо үчүн апасын желкесине көтөрүп, Меккеге алып барып келип, бир даанышмандан сураптыр: "Мен апамдын ак сүтүн актадымбы?" ,- деп. Даанышман: "Сен энеңдин сага кетирген бир түнүн гана актадың", деген экен. Чынында, алтындан кымбат апаларыбыздын бир тамчы ак сүтүн актоо да мүмкүн эмес. Антсе да, болгон күчүбүз менен энелерди сыйлоого аракет кылып келет эмеспизби. Тилекке каршы, беш кол тең эмес дегендей, арабызда энесин карабаган, карыялар үйүнө таштап кеткен перзенттер да жок эмес. Андай окуяларды кулак чалса, жүрөгүң ооруйт албетте.
Илгери, бир жигиттин энесин аялы такыр эле жактырбай коет. "Энең мындай кылды, энең андай кылды, эч курсагы тойбойт, карасаң, кечке чайнанып, оозу бошобойт" деп наалыганын койбойт. Аялынын тилинен чыга албаган жигит, апасын каарыганына карабай, бир талаага алып барып таштап салат. Бирок, жүрөгү чыдабай, бир нече күндөн кийин артынан барат. Барса, апасы дале чайнанып отурган болот. Баласы таң калып, "Апа, ушунча күндөн бери жеп бүтө албаган деги оозуңуздагы эмне" деп сурайт. Апасы, оозундагы өнүп кеткен өрүк какты алып чыгат. Байкуш эне, баласын аялы менен тынч жашасын деп жадакалса келининен тамак да сурабай, бир даана өрүктүн ширеси менен бир нече күн жан сактаган болот.
Мына, энелердин балдары үчүн жасагандары. Биз үчүн баарына даяр. А бизчи? Биз энелердин бир эмгегинин четин жасай алабызбы? Бизди ушул даражага жеткирген, тарбиясын берген энекебиз эмеспи?! Биз ким элек, болгону бир кызыл эт болчубуз. Ошол бөбөктүн ыйына, чырына чыдап, мээримин аябаган энелерди мактасак мактоо, даңтасак даңк жетпейт. Перзенттин эч ким көтөргүс кылык-жоругуна да энелерибиз гана чыдай алышат. Биздин билегибиз ооруса, апаларыбыздын жүрөгү ооруйт.
3 тамгадан турган эң ыйык, мээримдүү, теңдешсиз адамзаты эне экени талашсыз. Ушул апа деген сөздү айтыш үчүн баардык нерсеге даяр болгон, энесин жоктогон инсандарыбыз да канча? Ошол эле учурда, жогоруда айтып өткөндөй, энесин кар кылгандар да жок эмес. Бул нерсеге баарыбыз эле күбөбүз. Бир күн келип биз да картаябыз. Ата-энеге кандай мамиле жасасак, өз перзенттерибизден ошондой мамиле көрөбүз. Андыктан, энелерди урматтайлы.
Биз капа болуп ыйласак, жашоодо мүдүрүлсөк, энелерибиз гана жакшы сөзүн айтып, мээримин төгүп, сооротуп, алар гана жаныбызда болот.
Пайганбарыбыз минтип айткан экен. "Биринчи орунда энелериңерди жакшы көргүлө.Экинчи орунда да энелериңерди жакшы көргүлө, үчүнчү орунда дагы энелериңерди жакшы көргүлө, анан атаңарды.
Андан кийин бир-туугандарыңарды, досторуңарды деген экен. Андыктан келгиле, энелерибиздин көзү тирүү кезинде сыйлайлы,кадырына жетели. Бизди бул жарык дүйнөгө алып келген адам,чын жүрөгүнөн биз үчүн күйүп, санаа тарткан жалгыз инсан. Бейиш энелерибиздин таман астында. Жаман иштерди жасап апаларыбыздын жүрөгүн орутбайлы.
Балам, балалуу болгондо билесиң дейт эмеспи, балким, биз да качан гана өзүбүз ата-эне болгон соң, кадырын түшүнүп, эмгегин өз жон терибиз менен сезээрбиз. Ал эми азыркы яакта башыбызга оор кайгы түшкөндө, же качан гана алардан алыс жерде жүргөнүбүздө аларды дагы да жакшы түшүнүп,кадырына жетет экенбиз. Колдо бар алтындын баркы жок болуппу, билбейм, энелерибиз жаныбызда экенинде анчейин кадырына жете бербейбиз. Айтканын кээде кылбай калабыз. Же бир жерге жумшаса зорго кылабыз. Бул аччуу чындык. А чет жерде жүргөнүбүздө же турмушка чыккандан кийин кадырына тереңдеп жетип, аттиң кылып калабыз. Ошол мезгилде ошол ишти кылып койбой,апам байкушту кыйнабай деген ойлор келбей койбойт. Мен да азыр апамдын ак баскан чачынан
сылагым келди!
Тизесине башымды койуп уктагым келди, кучактап жытынан тойо тойо искеп!
Негедир бугун апамды эстеп,сагынып ыйлагым келди.
Ооба, бул баянды жазып олтуруп ыйлагым келди. Көрсө, апамды абдан каттуу сагыныптырмын.
[
quote][/quote]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   kaidasyn   01 Май 2016 - 00:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек




Бул тапшырманы ыр турундо жазгым келди.

Бул мен уккан жана,коргон окуяларды камтыйт.


"Баккан эне жана,зордолгон кыз"

Бир аял бар азыр чачы агарган,
Кызын кутуп жолду карап саргарган.
Убагында,колунда бар бай аял,
Азыр эми бир байкушка айланган.

Жалгыз жашайт небереси жанында,
Илгери бир ата салган тамында.
Окунучтон кее бир куну оксуп алат,
Урук жок да,себеби азыр канында.

Бир кыз баккан жаш кезинде ал аял,
Болсо экен деп каарыганда мени караар.
Ал кызы аттин зордолуп калды зоокурлорго,
Маалы эле он алтыда ишке жараар..

Кантсин анан аны эптеп эрге берди,
Кан чыгарып той откоргун! Элге деди.
Макул болду алган тарап ал айтканга,
Баласына келин кылып алып берди.

Убакыттар аста,секин жылып жатты,
Алган адам жаштык доорун суруп жатты.
Бир жыл отуп он жетиде кыздуу болуп,
Чыр чыгарып куйоо тарап ал кызды кууп жатты.

Кантмек эле кызын таштап шаарга кетти,
Жалгыз журду болбоду жанга жетти.
Жашоо-турмуш оорлошо баштагандан,
"Гасница" -деп аталган тамга жетти.

Кирди ичине уялды коруп баарын,
Андан коро кыйсам деди азыр жаным.
Жок анте албайт! Апасын ойлоду да,
Кечтим деди бул жашоодон эми баарын.

Макул болду жашоо-шартын коруп чыкты,
Ошол куну коз жашын тогуп чыкты.
Бир куну эле ошентип жатты кенен,
Эртесинде коп эркектер обуп чыкты.

Кантсин байкуш эч уялбай иштеп жатты,
Иш жок эле кызын эстеп бир ордун тиктеп жатты.
Эртесинде шашылыш жоноюн деп айылга,
Жукторун бир машинага жуктоп жатты.

Козун албайт! Айдоочу ага тигилип,
Колдон алат жукторун да ийилип.
Билген экен кай жерде иштеп атканын,
Мына аттин калбадыбы билинип.

Макул деди жеткирип койду уйуно,
Апасы чыкты кызым келди деп суйуно.
Бири-бирин карап турду тигиле,
Кол алышты бир ааздан сон ийиле.

Кирди уйуно кызын корду чоноюптур,
Жылуу экен баардык жагы оролуптур.
Апа жытын сезгенде ал кызы,
Ошол кезде таттуу уйкудан ойгонуптур.

Кысты алды бооруна баары бир апа да,
Ооп,жатты жыттап жатты жата да.
Ал кызы да оз апасын сезгендей,
Ыйлабайт да кулот конул ача да.

Кундор отуп эки,уч кун отту убакыт,
Коштошту апасы менен шаарга кетти машинада укташып.
Келбеди ошол бойдон дайыны жок ал кыздан,
Сыгылды апасы каарыды азыр чачы агарып..

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   aijan   01 Май 2016 - 08:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

«Оорубасын энелердин жүрөгү»


Эне болуу – чон бакыт. Көзгө илешпеген кыпындай клеткадан көкүрөккө жаткырып, коюнуңа ката ала тургандай наристеңди жүрөк астында чонойтуп төрөө – адам баласы дале таң калып бүтпөгөн кереметтердин бири. Жаңы өмүрдү жарык дүйнөгө алып келээрде эненин жаны канчалык кыйналбасын, ыңаалап төрөлгөн бейиш жыттуу кызыл эт баарын унуттурат экен. Киндиги кесилип, ысымы коюлуп, өзүнчө бөлөк болгону менен, эне жүрөгүнүн жарымы балапаны менен кошо төрөлгөндөй, эне-бала жипсиз тушалып, мээрим менен жалгашып калат тура!

Өзүм эне болгондо жан дуйном жаңылана түштү. Айрым нерселерге жаңыча, эненин көз карашы менен карап калдым. Мурда окуп жүргөн «согушту», «курман болду», «окко учту» деген купкургак сөздөрдүн артында канча ый, канча адамдын окуясы турганы көз алдыма кенен тартыла турган болду. Илгери булар жөн гана ооз учундагы кеп болсо, азыр дароо эле курман болгон жаш жигиттерди кенедейинен мээрим төгүп чоңойтуп, адам катарына кошкон ата-эне кошо оюма келе түшөт. «Баламды алганча, мени албайбы!»- деп зар какшаган ый кулагыма жаңырып, каңырыгым түтөп кетет. («Согуш болбосун» деген «биздикилердин» эле эмес, душмандардын да ата-энеси, жакындарынын тилеги экени айтпаса да түшүнүктүү эле го дейм.)

Ал ансайын өз баласын өлүмгө ыраа көргөн Курманжан эненин жанда болбос кайратмандыгына таң калып бутпойм. Бул нерсеге коп эненин эрки жете бербесе керек.

Эч бир ата-эне балдарын өлүмгө байлап, жамандык үчүн бакпаса керек. «Балдарым чоңойуп эр жетсе , жаман жолго баспаса, жаңылып-кагылбаса, өз ордун таап үйлөнүп-жайланса, очор-бачар болуп бапырап, муунум узарса, небере жытын жыттасам, кубанычтарына ортоктош болуп, дасторкон четинде чекем тердеп отурсам, балдарым күйүт-кайгы эмне экенин билбей узак жашаса» деген тилек көпчүлүк ата-энелердин көкүрөгүндө болсо керек. Ошол үмүт ата-энени келечекке ишенимдуу кароого дем болуп, өзүнүн көзү өтсө да, урпактарынын тирүүлүгү, жашоодон жаңылбай ордун тапканы ата-эненин бул дүйнөдө калтырган изи болуп кала берээри бышык эмеспи. А алардын ак үмүтүн актабаган балдардан откон көнүл калуу бул дуйнодо жоктур. Бул деген ата-энеден кийинки муун соолугандай, болгон үмүт-тилектер таш каап, иш-аракеттер, курмандыктар, куч-каражаттардын баары, баары текке кетти деген сөз эмеспи.

Акыркы маалда жерибиз тынч болгону менен, эл арасында адам укпаган жапайы кылмыш, биздин чөлкөмдө кездешпеген кылык-жоруктар адамдын үрөйүн учурууда. «Согуш алааматы» деген суук кабардан оолак болгонубуз менен, элди ичтен кырган ыплас нерселердин бат тарап бара жаткандыгы ойлондурбай койбойт. Жаш наристелердин зордукталганы, аялын өрттөп өлтүргөндөр, жолдошун балталап салгандар, жаш туруп өз өмүрүн кыйгандар…сөз жок, сүйлөйүн десең тилин буйдалып…

Булардын баары, өлтүргөнү да, курман болгону да эне жатынынан чыккан адам баласы го… Аттин… «Колго түштү», «соттолду», «ажырашты», «араздашты» дегенди укканда, ошолорду багып өстүргөн ата-эненин ичтен сызып кан жутканын деп отуруп калам.

Карылар үйлөрүнүн бар болгонунун озу кандай уят! Жетимдер үйлөрүндө жашоочулардын саны көбөйүп бара жатканы кандай өкүнүчтүү! Улам айтыла берип жедеп көнүп деле бара жатабыз ушундай көрүнүштөргө.

Көчө-көйдө денесин соодалап саткандар, сатып алгандар…

Эл ырыскысын чачкандар…

Боозутуп коюп качкандар…

Тороп, этинин ооруганына да кайыл келип өз баласын ай-талаага таштап ит-кушка жем кылган, этеги ачылганы менен козу ачылбаган, төрөгөнү менен эне боло албаган дагы бирөөнүн шордуу кызы, «коробка коёлу» деген өкмөт…

Балким суук кабардын, жаман создун таралышы бат болуп, көөн жылытып, көңүл көтөргөн нерселер көмүскөдө калып кетип жаткандыр, ким билет. Мүмкүн, айтылбаганы менен колунан жакшылык келген, туура жолдо жүргөндөрдүн саны көбүрөөктүр. «Сүйүүнүн күчү керемет» дегенибиз менен, көрсө, бул дүйнөдө эне мээриминен өткөн күчтүү сезим, күчтүү сүйүү жок тура. Ушундай сезимди сыйдырып, тынчтыкты жана жаркын келечекти гана каалаган эне жүрөгүн оорутпаганга аракеттенсек жаман болбойбуз деген ишеничтемин.

Билдирүүнү түзөткөн: aijan: 01 Май 2016 - 08:46


Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   JenaOfisera   01 Май 2016 - 14:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 898
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 11 Авг 2020 22:48
  • Жынысы:Аялзаты

„Оорубасын энелердин журогу” Ак бешике ороп сени кичиненден баккан ким,узун тундо уйку корбой таптап сени жаткан ким -АПАМ!!Апа деген созду укканда журоко жылуулук,мээрим, кучагы суйууго толгон АПАКЕБИЗ эске тушот эмеспи.Эне учун баладан артык эч нерсе жок,керек десе жаны курман.Балан жыгылып кетсе журок тилинип,ыйлап калса кокурок зыркырап,сутун тамчылайт.Тамактын куйгон жерин озубуз жеп,таттуу жерин балана сунуп,эр жетип мени багат,ата мекенге кызмат кылат деп аруу тилек менен балдарды остуруп келебиз.Аттин, бирок азыркы учурда ошол бапестеп остургон балдардын ата энесин торундо сыйлабай,карылар уйуно таштап коюсу журокту тилип,туздан сепкендей ачыштырып,жашка муунтат.Бырыш баскан колу менен жашын аарчып,мен таарынбайм балдарыма,болгону аларды сагынам деген создору ээх тар дуйно,кор тирилик...колдон келсе баарын алып кетким келет...Эмнеге мындай деп ойлосон ой жетпейт...Биз ким элек ким болдук,манкурттан не айрымабыз калды.Бул коомубузда эн койгойлуу маселеге айланды,карыялар уйунун саны кобойду.Ким куноолуу,же биз энелер кор оокат деп жетишеерлик мээримге суугарбай,мерез болуп атышабы?!Же коомдон алган таалим тарбиябы?! Баардык нерседе эненин орду эбегейсиз зор,дуйнону шаар элестетсек анын оор болугу назик,алсыз делген апаларга артылып тургандай.Озу алсыз болсо да журок кайрат,бекем, чыдамкайлыка толо белем...Ар бир эне дуйнодо коз жаш токпосун,ботом- балам деп сыздабасын ,оорудан онтобосун..Келгиле ар бирибиз мен апам учун эмне кылдым деп ойлонолу! !Алыста болсок ал акыбалын сурайлы,жон гана кучактап оболу.,Менин да суйуктуу АПАМ сыркоолоп,операция болуу алдында жатат эле,дуба кылып ден соолук тилейм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Janyla   01 Май 2016 - 21:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

"Оорубасын энелердин жүрөгү"

"Силер барда"

Бар өмүрүн балдарына арнаган,
Сендей таза, сендей аруу барбы адам.
Сенин ыйык карааныңа сыйынып,
Сыйкыры бар сөздөрүңө арбалам.

Сендей мээрим жалгыз гана күндө бар,
Сен бар үчүн ушул сулуу дүйнө бар.
Барыбызга бакыт сурап кудайдан,
Бата тартат нур жүзүнө күндө ал.

Жатса, турса жакшылыкты тиленет,
Жүрөгүнөн от-мээримин жиберет.
Силер барда жер үстүндө энелер,
Токтоно албай кайгыдагы түгөнөт.


-демекчи,силер эң назик,күчтүү, кайраттуу,боорукер, бактылуу,кайталангыс, туруктуу жана ишенимдуу жансыңар.

Мен силерге,апалар, чексиз ыраазычылык билдиргим келет.Ошондой эле,баарына жетишкениңерге, чыдамкайлыгыңарга, сүйүүңөргө таң калып да,суктанып да бүтпөйм.Мен азырынча апа боло элекмин.Бирок, балам,балалуу болгондо билесиң дегендей,сиздердеги жоопкерчиликтин, бакыттын бир учун гана сезип,кереметти күтүүдөмүн. ..

Бир кереметти күтүү...

Эртең менен эрте шаардык поликлиникага барганы жөнөдүм.Дүйшөмбу кун,күндөгүдөй убак,кун ачык.Бирок,оюм онго,санаам санга бөлүнүп,көңулүм тынч эмес эле,кандай жеткенимди билбей да калдым.Түз эле,алдын ала сүйлөшкөн врачтын кабинетине кирип,бир топтон кийин шаабайым сууп,тамагым буулугуп чыгып,ылдыйкы кабатка түштүм.1-кабаттан УЗИ кабинетинин алдында кезегимди күтүп отуруп калдым.Кулагыма врачтын сөздөрү жаңырып,апакемдин шок абалы,аяр карашы көз алдыма келе берди...
...Бир күн мурун өзүмдөгү өзгөрүүлөрдөн улам,кош бойлуулукту текшерүүчү тест таякчасын кармап турган элем...2-сызык билинер-билинбес болуп чыкты.Мен сүйүнөрүмду, же ыйларымды билбей,коркуп кеттим.Коркконумдун себеби,эки жума мурун,врачтын көрсөтмөсү менен ичкен дары-дармектер эле.Дароо сүйүктүүмө билдирдим.Ал ишенип-ишенбей, ошол эле учурда толкунданып кубанды.Андан кийин эле,мени бул дүйнөгө алып келген апама кабарладым. Бирок,өзүм күткөндөй жооп болбоду: "Ок,эмне дейт!Кандайча, жакында эле дарыланып албадың беле,эми эмне болот?!" ,-деп чочуп кетти.Кыязы, мен куттуктоо күтсөм керек.Жаңы эле балалуу болорумду билип туруп,балалык кыялым менен корс тийдим: "Мен билип туруп,кылды дейспи?!Тиги тааныш гинеколог врачыңыз да эч нерсе деген эмес эле го!",-деп көп нерсе айтып да,таарынып, ортодон врачты айтып,күнөөлөп да калдым.Мындайда күнөөлүүлөдү да издеп калат турбайбызбы. ..Бир туруп,өзүмдү жемелейм.
...А балким,врач айткандай адам болбой калсачы?Кайсы бир оорунун белгилери билинсе,алдырганга туура келсечи?..Жо- жооок...баары жакшы болот!..Алда байкуш апам ай,көптү көрүп,билген, баланы жоготуу кандай азап экенин билип,кокус, бир нерсе болсо,көңулу назик кызы,бул нерсени кантип көтөрөт деп,чыйпылыктаган экен да!
Ушуларды ойлоп отуруп,ал аңгыча кезегим келип,кабинетке кирип кеттим.Качан гана УЗИ врачтан чыкканымда, жүзүмдө бактылуулуктун нуру чачырап турду.Мен эми аныгын билем,жүрөгумдүн астында дагы бир жүрөк согуп жатканын,дагы бир кичинекей жашоо бар экенин.Өтө кичинекей,бирок, тирүү,ал менин көптөн-көп КҮТКӨНҮМ! Эң башкысы баары жайында экени! :күн:

Наристем! Жарыгым!Качан сенин бар экениңди билгенимде, дароо эле бул дүйнө башка түскө боелгондой. Мындан тышкары,ар бир көз ирмемди,жашоомдун ар бир кунун сага арнайм,сени менен ар бир оюмду бөлүшөм.Сени менен сүйлөшөм.
Качан УЗИ ден текшерилгенде, сени монитордон көрүп,сүйүүмдүн мөмөсү жетилип,өсүп, чоңоюп жатканын көрүп кубанам.Ал эми жүрөгүңдүн согушу-өзүнчө КЕРЕМЕТ! :менин жүрөгүм:
Эсимде биринчи кыймылың,аябай толкундап,кийинкисин аңдып эле калгам.Бирок, кийинчээрек таң калыштуу кыймылдарың коркуткан эле.Коркконуман ыйлап да жибергем.Анда, бир жерди кырып,тешик жасап,өзүң түшүп кетчүдөй сезим калтырган элең.Бир четинен,ал жерден,балким, бул дүйнөгө көз салгысы келди го деп ойлоп,бул дүйнө жөнүндө айтып берүүгө өттүм.Сага өтө кызык болду окшойт.Чыгууга аракет кылгандай эле,катуу тепкиленип да калдың.А мен болсо,быйтыйган бутун менен тептиңби,же колуң менен түрткөнүңду билүүгө аракет кылуу менен убарамын)))
Балам,түшүнөм, азыркы чакан жайын кызыксыз болуп калды го...бирок,азыр мен сени ошол жерден гана коргой,сактай алам.Качан убагы келгенде алаканыма салып,алдей ырын ырдап берем.Ал эмес,бул дүйнө кучагын кенен ачат дейсиң,а сен бир топ тээп,бир жылгаяк тээп,бул дүйнөнүн кызыгына да күбө болосуң.Аз калды,биз сени чыдамсыздык менен күтүүдөбүз!
Жаратканым АЛЛАХ өмурү,ыйманы, ырысы,ден-соолугу менен берген болсун!

Мен кош бойлуулуктун жарым тепкичин гана басып өттүм.Эне болуу кандай бакыт,ары жоопкерчиликтуу экенин,бир ууч гана бөлүгүн билип турам.
Энелердин кайратына,сүйүүсүнө сыймыктанып турам.ТААЗИМ сиздерге! :pardone:

Урматтуу окурмандар, мен сөз аягында жан дүйнөмдөгү бакыттын учкундары,сезимдери менен бөлушкүм келгенин айткым келди.Ошондой эле,ар бир аялзатына ушундай бактылуулукту кааламакчымын. Эне болуу бактысы-бул Жаратканды белеги.Ал белекти жоопкерчилик, сүйүү,мээрим менен кабыл алсак дейм.Ал эми эркекке Жараткан аялды аманат кылган.Аял,эркек бир-бирине аяр,сүйүү,жоопкерчилик менен мамиле кылса,БАКЫТ кушун таптаганы менен бирге,эртеңки АТА-ЭНЕ экенибизди унутпайлы!

Биз учугу,улуулардан уланган,
Төрдө отурган бабалардан бата алган.
Касиеттуу энелерден жаралып,
Бейиш жолун энелерден ача алган.

Биз-бул ата,биз-бул эне,биз -уул-кыз,

Курут болбойт биз барында эч Кыргыз!

Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 01 Май 2016 - 22:14

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Geran   01 Май 2016 - 22:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 413
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Янв 2021 12:25
  • Жынысы:Аялзаты

Ар дем алыш күндөрү айылга келе жатып,төрт көчөнүн боюнда дайым бир эненин небереси менен отурганын көрөм.Өткөн кеткен адамдарды карап,сүйлөшкөндү жактырат.Мени да көргөн сайын кызым жакшы окуп атасыңбы?бактылуу бол!жашооңдо адашпа деп батасын берип узатат бечара.
Эненин көздөрүнүн тереңиндеги кайгы,өкүнүчтү көрүп жүрөгүм ооруйт.Кээде ошол эненин муңдуу көзүн карагым келбей башка жол менен үйгө келген учурларымда болгон.Жакындан бери шаардан келе жатып төрт көчөдөн кезиктирбей калдым.Тынчсызданып апамдан аргасыз сурадым.Көрсө бечара эне акыркы күндөрү ооруп көчөгө да чыга албай калыптыр.

Негизи ал эне биздин айылга "кыз"экен. Жаш мезгилинде күйөөсүнөн ажырашып,эки уулу менен келе берет.Кийин эки баласын деп турмушка да чыкпайт.Кичине иниси үйдү энеге таштап үй-бүлөсү менен шаарга кетип калат.Жалгыз бой эне эки баласын өзү чоңойтот.
Чоң улуу мен билгенден 5-6 жолу үйлөнүп балалуу болбой Москвага кеткен боюнча дайынсыз.Кичик уулу үйлөнүп бир кыздуу болуп,аны энеге таштап ал да Москвага кеткен.Жылына бир жолу эле келбесе ал ўлуда кайрымсыз чыкты.Канча кыйынчылыктар менен чоңойткон эки уулу энени бага албаганын ойлосом жаман болом.Эненин сакайып дагыда төрт көчөнүн боюнда көрүп калайын деп дуба кылам.

Эч бир эне мындай күнгө түшпөсүн.Оорубасын энелердин жүрөгү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   samaro4ka   01 Май 2016 - 22:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 07 Август 11
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2019 18:40
  • Жынысы:Аялзаты

Апа!

Кандай жөнөкөй, кандай терең, болгону уч тамгадан турган, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп,сезимибизди ойготуп, акылыбызды арыштатып турат. Он ай которуп омурткасысыздаган, эчен-эчен уйкусуз түндөрдү өткөрүп, сыркоолоп жаткан баласынынамандыгын тилеп, жашын төккөн эненин эмгеги баа жеткис. Бул эмгекти сөз мененайтып, баасын өлчөөгө эч мүмкүн эмес. Энелик мээримин төгүп, үйрүлүп үстүбүзгөтүшүп турушу журөктү элжиретип, турмушубуздагы эн бактылуу учурларды эскесалат. Бирок, апакелерибизди барктай албай, жарактан чыгып, дат баскан ийнедейкылып, карылар уйуно же болбосо көчөгө таштап кетип жатпайбызбы! Илгери кыргыздакаралбай калган кары,багылбай калган бала, жардамсыз калган бечара болчу беле?Аракечтик менен бангилик,ушулардын укумдан-тукумга доо кете баштаганы,уурулук, сойкулукжана башка көрүп-уксан үрөйүң учурган шумдуктар, кыз-келиндер, ал ганаэмес өспүрүм-секелек кыздар менен жашы бир топко барып калган апаларыбыздынарасында да кезигип жатканы баарыбызды өкүндүрөт.Элибизде “кыз адеби кымбат” деген сөз бар эмеспи.Ошол “кыз” келечектеги”эне”экенин унутпаса. Өз адебин, ыйманын тоо суусундай таза сактап, кийинки муундарга да үлгү боло алса.

Азыркы заманга байланыштуу жумушсуздуктушылтоологон, акча табуунун амалын издеген, оз денесин акчага алмаштырган, үйүндобир сындырым наны жок отуруп, тамеки тартып, ичимдик ичип, өз энелеринин жүрөгунөрттөгөн мээримсиз улан-кыздарыбыз толура. Ушул сыяктуу кз-келиндерибизкелечекте кандай “эне” болот.Бул-заман бузулгандыктанбы же кыз-келиндерибизбузулгандыктанбы? Заман бузулган учурда да мындай жаман жоруктарга жолбербешибиз керек болчу.

Байыркы убактардан бери согуш болобу, тынчтыкболобу кыргыз аялзаты озунун даанышмандыгы, кайраттуулугу менен баарын женип келген.Апаларыбыз кыйынчылык башка тушкон кундо да озулорунун ак эмгек,сабырдуулугу менен,эмгекке болгон суйуусу менен башка тушкон кыйынчылыктарды жене билишкен. Өздөрү ач калган күндө да, бүгүнкүдөй балдарын көчөгөташтаган эмес.

Канчалаган кыз-келиндерибиз талаалап, уй-бетинкорбой иштеп журушот.Балдары болсо, карып,чачын ак бубак басып калганапаларыбызда калган. Уул-келин, кыздарынын сый-урматын көрүп, төрдөбалпайып отураар мезгилде, баардык туйшукту мойундарына алып отурушат,байкушапалар. Өздөрүнүн кыйналганына карабай, эне журогу ошондо да”Баламкыйналбадыбы, курсагы ачпадыбы, үшүп калбады бекен”деп алыстагы уул-кызын ойлойт.Ушул жерде бир келиндин айткандарын кыстара кетейинчи. “Россияга келгениме алтыай болду. Боюмда бар. Кусуп,аябай кыйналып жүрөм. КүйөөмРоссиянын аба-ырайы мага анча жакпайт экен деп кетип калган. Боюма болбой жүрдү эле,жер которгондон болду окшойт. Бирок ал билбейт. Ошто мага чейин сүйүп жургоннемесине жолугат экен. Мен кийин угуп, бардыгын кийин билдим. Бир бөлмөлүү үйүбар. Бирдеме болсо эле менин үйүм бар дейт. Мен дагы үй алып, көзүнөкөрүнбөсөм”- дейт. Мына сага! Акчага азгырылып,кур намыскаалдырып, курсактагы баласын ойлоп дагы койбоду.

Апанын асыл сапатынан, асыл касиетинен айрылсак, үйдөнкут-береке качат го.Колунда бийлиги, байлыгы бар кыргыздын эр-азаматтары завод-фабрикалардыкайрадан иштетип, жаштарды жумушчу орундар менен камсыз кылып коюшса, кыргыздынкелин кыздары тигинтип бөтөн жерге барып, мынтип кыйналып иштешпейт эле.Канчалаган балдар эне мээримине зар болушпайт эле.Баянымды Ж.Турусбековдун “энеме”ыры менен аяктагым келип турат.

Күткөндүрсүң,
келдим, эне, аманбы?
Кучактачы, сүйчү
беттен балаңды!
Беш жыл бою
тентип кеттим
дайынсыз,
Сагындың го
бир көрө албай
карамды!
Сагынганда
тентип кеткен
балаңды
Жүзгө жооруп
жүгүрттүң го
санааңды?
Каттоочудан:
«Кат жазсын!» —
деп айттырып.
Кийинчерээк ала
бердиң мазамды.

Билдирүүнү түзөткөн: samaro4ka: 01 Май 2016 - 22:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 22:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: