Жубайларынызды эч нерседен кем кылбай суйунуздор,
кээ бир эркектер бар эмеспи аялын уй.булосуно кордотот.. Алар кочодо мусур жыйнап, базарда кара.жумуш кылуу учун жаралган эмес.. Бала багыш бул эркектин жумушу... Жубайыныздарды канчалык жакшы коросуздор?
Келин- бүлөө, келин сенин таалайың,
Келин- эне, келин сенин аярың.
Келин сенин апакеңдин күңү эмес,
Келин сенин сүйүп алган аялың.
Келин- бир кыз атасынын эркеси,
Келин сулуу, башкадан жок теңдеши. Келин кирип-кирбей жатып... Какмалап,
Келин- душман дегендери эмнеси?
Келин- сүйгөн кызың эле өзүңдүн,
Жүрөк ээси, кубантаары сезимдин.
Келин сенин сезимиңдин малайы,
Туугандардын малайы эмес! Кечиргин?!
Келин- сенин жан дүйнөңдүн азыгы,
Келин- деген бир тагдырга баш уруу.
Жакшы- жаман ушактарга чыдайт ал,
Анын жалгыз сени сүйгөн жазыгы.
Келин сенин үндөбөгөн жолдошуң,
Жакшы келин, демек жакшы колдосуң. Апаң сени аялыңдан кызганса,
Сен аларды калыс караар жолдосуң.
Сен жигитсиң, себеп болгон сүйүүгө,
Сен бар үчүн келин кирди үйүңө.
Эки аялдын бирин койсоң жогору,
Жетээриң чын бирөөсүнүн түбүнө. Апаң- апа ааламдагы бейишиң,
Келин аял сенин жашооң, деңизиң.
Таразадай тактыгыңды унутпа,
Сен баласың! Сен бирөөнүн теңисиң!
Жубайлардын кадырын барктай билели.. Себеби ал сенин омурлук жарын..
#6 06 July 2016 - 11:41
Автордун суроосу көмүскөдө калыптыр го..
Жубаңыздарды канчалык жакшы көрөсүздөр дейт, үй-бүлөлүүлөр. .
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..

Супер-Инфо
super.kg
видео











