Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)
#601 07 Апрель 2016 - 11:57
Тагдыр согот туш тараптан
Нетейин..?
Кечир мени…мен да баарын кечейин!
Ооруйт жүрөк сенсиз согуп күйүгө,
Тосуп алчы, сен тарапка кетейин.
Күндү санайм…
Кара сенсиз өткөнүн.
"Кайрылбайм" деп бир максатка жеткенмин.
Сенде да бар ачылбас сыр көөдөндө,
Билбейм неге коштошпостон кеткенмин…
#602 08 Апрель 2016 - 17:52
Минтип,
Бармагымды кесе тиштеп отурам.
"Кечигем" деген элем, ооба,
Аттиң!
Жан дүйнөмдө алоолоп жанат от улам!
Бүркөө да болсо асман, көк беттенип
Күн чыгат суурулуп ак булутунан.
А бирок, мен кайрадан чыга албадым,
Өткөнүмдө камалып… Улутунам…
Кадалам карегиме жашым катып,
Баратат батыш жакта жашым батып…
Аттигиң! Мейли, сабыр ушул күнгө,
Балким мен ушул күндөн табам бакыт.
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 08 Апрель 2016 - 17:53
#603 09 Апрель 2016 - 17:50
#604 11 Апрель 2016 - 23:34
CauseLove (03 Февраль 2015 - 03:31) жазган:
***
Бук болуп буулугуп ыйладым Апа!
Өзүмө же өзүм сыйбадым Апа!
Качанкы биз түшкөн сүрөттү көрүп,
Жан дүйнөм жанчыла кыйрады Апа!
Ал кезде бактылуу болгонбуз Апа...
Үчөөбүз бир колго толгонбуз Апа...
Тагдыр бу, ажырап кетсе да бирок,
Экөөбүз дал ошо бойдонбуз Апа...
Эки айрым жолдордо тагдырлар Апа,
Бир төкпөйт тамчылап жамгырлар Апа.
Тамчысын жамгырдын ээрчип жанаша,
Же жуулуп кетпеди кайгы-ырлар Апа...
Күн батат, эртеси таң атат Апа,
Кусалык сагыныч таратат Апа.
А бирок, баары бир жүрөктө так бар,
Жан дүйнөм таарыныч жаратат Апа…
Күн чыгат, тез эле кеч кирет Апа,
Сагыныч бул-сезим, эскирет Апа.
Кабарым албаган адамдар бир күн
эстешээр, а бирок кеч болот Апа...
Күнгөйдө күкүктөй күйүктүм Апа,
Күлүндөй күбүлдүм күйүттүн Апа…
Мээримдүү жансың го, кучагың жайып,
Мээримиң менен жылытчы Апа…
Бук болуп барам буулугуп,
Алыстан турам үн угуп.
Кызыкдар дүйнөм өзүнө,
Ар күнү ар башка кубулуп…

#605 20 Апрель 2016 - 01:00
#606 25 Апрель 2016 - 12:51

#607 25 Апрель 2016 - 14:00
Томсоруп түнү менен, агарган таңды тосуп,
Жашоолор өтө берет кубаныч, кайгы кошуп.
Ырларым күүгө келип обонго салынгансыйт,
Тагдырга таарынычым, сагынчым бүтүн созуп..
Ар-түркүн ырдан улам соната ырлар угам,
Махабат-сүйүүлөргө мелмилдеп бүтүн тунам.
Үмүтүм өчпөс болуп чырактай жанып барып,
Сагыныч менен уктап, таарыныч менен турам…
#608 26 Апрель 2016 - 20:13

Билдирүүнү түзөткөн: jemile: 26 Апрель 2016 - 20:13
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#609 15 Май 2016 - 18:44
#610 15 Май 2016 - 18:46
Көрүшкөндө көздөрүбүз кадалып,
Мен таң калдым, а сен турдуң жан алып.
Көздөрүң эй, жылмаясың баары бир…
А мен сенин аяп турдум карааның…
Канча болду? Жыл өттүбү Каралдым..?
Сени көрүп өткөндөрдү самадым..
"Кетип жатам,"-дейсиң сөздү табалбай,
Эчак кеткен менден сенин карааның...
Мен да кетип жатам айтпай эч кимге,
Кайрылайын десем эбак кеч бизге.
Сенде менин, менде сенин элесиң..
Келем тойго сенин болоор кеч күздө.
#612 15 Май 2016 - 18:52
Sweet-Lika (15 Май 2016 - 18:46) жазган:
Көрүшкөндө көздөрүбүз кадалып,
Мен таң калдым, а сен турдуң жан алып.
Көздөрүң эй, жылмаясың баары бир…
А мен сенин аяп турдум карааның…
Канча болду? Жыл өттүбү Каралдым..?
Сени көрүп өткөндөрдү самадым..
"Кетип жатам,"-дейсиң сөздү табалбай,
Эчак кеткен менден сенин карааның...
Мен да кетип жатам айтпай эч кимге,
Кайрылайын десем эбак кеч бизге.
Сенде менин, менде сенин элесиң..
Келем тойго сенин болоор кеч күздө.
#614 16 Май 2016 - 21:19
realliver (15 Май 2016 - 18:50) жазган:

EdikoKG (15 Май 2016 - 18:52) жазган:
Рахмат.

okean (15 Май 2016 - 22:10) жазган:
Ыраазы болдум! Авторун (Маленова) кыстара жүрүңүз.
#615 31 Май 2016 - 12:06
Соонундун бары бул жакта экен.
Айжамал эже,сизге ийгилик каалайм,калемиңиздин сыясы түгөнбөсүн! Жакшы сөздөрүңүз менен,жан дүйнөлөрдү аруулай бериңиз!
#617 31 Май 2016 - 20:11
Syr_sandyk (31 Май 2016 - 12:06) жазган:
Соонундун бары бул жакта экен.
Айжамал эже,сизге ийгилик каалайм,калемиңиздин сыясы түгөнбөсүн! Жакшы сөздөрүңүз менен,жан дүйнөлөрдү аруулай бериңиз!

EdikoKG (31 Май 2016 - 13:04) жазган:

#618 31 Май 2016 - 20:24
***
Жан дүйнөм эзилип, ээрип кыйнап турат,
Жибибес ушул көңүл, жүрөгүм ыйлап турат.
Жетээрмин мен дагы буйруса жакшы күнгө,
Көөдөнүм муңга толуп көөнүмө сыйбай турат..
Күйүгүп барам көөдөнүм муңга жык толуп.
Дарманым кетип айласыз турам бук болуп.
Бет аарчы менен жашымды сүртөөр киши жок,
Көзүмдөн жашым куласа жерге тып конуп.
P.S. Баары жакшы болот.
#619 31 Май 2016 - 20:43
Максаты не бул дүйнөгө жаралуунун?
Максаты не "мындай бол!" деп жар салуунун?
"Өч алам-дейт-баары бир өч аламын!" ,
Максаты не жан дүйнөсү жаралуунун. .?
Бир кем дүйнө аттигиң бир кем дүйнө!
Ойлонбочу "жалгызмын" деп жүрөксүнбө.
Эрээркеп бара жатат ал сайын..
"Ар бир мүнөт жакшылыктан күн өтсүн" де..!
А менин максатымды не деп билем..?
Кусалыктан шуру жасап неге илем?
Өзүмдү дале болсо таба албай,
Мен жөн эле, жө-өн эле тентип жүрөм…
#620 31 Май 2016 - 20:47
АльхамдулиЛлях!