
Табият тартуулаган дене- мүчөнү сынга алуу туура эмес деңизчи. Ошенте да кээ бир ынгайсыздыкты жараткан учурларды туура тандалган кийимдин жардамы менен жашырса болот. Маселен, ашыкча толук, жоон санды ылайыктуу кийим менен жашырып коюуга мүмкүнчүлүк бар. Эгер сизде ушундай маселе болгон болсо,анда негизги эрежелерди эсиңизге сактай жүрүңүз. Эң эле маанилүүсү көкүрөгүңүз кичинекей ал эми саныңыз жоон болсо, анда көкүрөк тарапты да чоң көрсөтүүгө аракет жасабаңыз, масеелн кең кофта кийип, анда, төрт чарчы мүчөгө ээ болуп каласыз. Жоон санды кийим менен жашыруу жолдору
Жоон сандуу, көкүрөгү кичинекей айымдар төш чөнтөгү бар кофталарды кийсе болот. Ошондой эле жакачы төрт чарчы кесилген фасондогу кийимдер эн сонун жарашат. Узундугу жамбашка жетип турган болуусу шарт. Мындан сырткары, жеңи жок жилет, кемзелдерди кофтанын үстүнөн кийсеңиз болот.
Ал эми юбканы жоогазын стилинде кийсеңиз куп жарашат. Тизеден бир аз ылдый болгону дурус. Бут кийимди орточо узундуктагы туфлилер ылайыктуу. Таманы жалпак, жапыз же калың жалпак бут кийимдер бутуңузду кыска көрсөтүп коёт. Асынган сумкаңыздын узундугу белиңизге жетпегендей болсун. Белге тийип турганы жарашпайт.
Кеңсе стилиндеги кийимдер менен жоон санды жашыруу
Жамбашты жарым- жартылай жаап турган, бели чып отурган жакеттер өтө ылайыктуу. Ичинен классикалык көйнөк жана түз формадагы шым кийсеңиз болот. Бут кийимди орто узундуктагы шиш така кийсеңиз жарайт.
Кечелерге барганда жоон санды жашыруу
Кийген көйнөгүңүздүн арт тарабынын этеги эки- үч карыштай кесилген болсо жакшы. Ал эми бут кийимди жогоруда айтылгандай тандайсыз. Узун шуру тагынбаңыз.
Жоон сан спорттук формада
Машыгуу залына бара турган болсоңуз, анда, классикалык денеге чып жабышкан футболка менен кара өндөгү формасы туз тигилген спорттук шым кийип алыңыз. Ал эми бут кийимди ачык өңдүүсүн алыңыз. Ал көздү жакшы алаксытат.

Супер-Инфо
super.kg
видео



















жабыштыргыч жана өңсүз лак керектелет.
Мындан тышкары бардык колду атайын даярдалган кооз жабыштыргычтар менен жасалгалоо үчүн термо жабыштыргычтар керектелет.
Баасы 50-100 сомго чейин.
чекени жууй турган щёткасы бөлөк. Ал эми беттин калган бөлүгүн башка щёткасы менен жууйт. Эки кызматты аткарган бул щётка бетти укалоо менен толук тазалайт. Ал үчүн бетти жуучу каражатты нымдуу бетке сүйкөп, андан соң щётканын жардамы менен тазалап салыңыз. Ал бетти тазалап гана койбостон, пайда болгон кара чекитчелерди дагы кетирет. Баасы 1200дөн 1800 сомго чейин.
Эки тарабы тең клейленген сурма чыгаргыч
чыгаргыч бар. Анын бирин алып каалооңузга карап чоң же кичине сурма чыгарып алсаңыз болот. Ал үчүн бир сурма чыгаргычты сыртындагы каптамасынан сыйрып көзүңүздүн үстүнө сурма чыгаруучу жерге жармаштырасыз.
Катуу жармашкан соң аны атайын башы тырмооч сымал ийилген кыпчуурдун жардамы менен сурманы жармашып турган жерине түртүп киргизесиз.
“Көзүм шишип калды” деп кайгырбай кете берсеңиз болот. Бирок кечинде сурма чыгаргычты алып салыңыз. Эскертүү: аны бир эле жолу колдонууга болот. Аталган сурма чыгаргычты дайыма колдонгондо көздүн үстүнө сурма эмес, тоголок шишикчени пайда кылып, ал көздүн үстүн жаап калат. Баасы 250 сом.
Аны мурун сулуулук салондоруна барып тазалаткан болсоңуз, эми үй шартында өзүңүз тазалай берсеңиз болот. Ал үчүн мурундун үстүндөгү кара чекиттей болгон кирлерди тазалоочу жабыштыргычты алып, бетти скраб менен тазалап алган соң мурундун үстүнө жабыштырып 10-15 мүнөт кармайсыз. Ал капкара болгон кирлерди тазалап гана чектелбестен,
ашыкча майларды жок кылып, терини жылмакай кылып коёт. Өтө кургап кеткиче кармабоо зарыл. Себеби аны тартып чыгарганда терини кошо сыйрып кетиши ыкмымал. Жумасына бир жолу колдонуу керек. Баасы 250-300 сом.
этиеттикти талап кылбаса, чачтын сапаты бузулат. Баасы 1700 сомдон башталып чачтын узундугуна карата акчасы жогорулай берет.



















