КУРУП КЕТСИН-КУНААЖЫН!
!
Назик кармап эркектердин жүрөгүн,
Көзүн байлап салып койгон жүгөнүн,
Кутурушкан "кунаажындар"
көбөйдү,
Сыздатышып ыркын бузган бүлөнүн...
Кейпин жасап арам ишти былгыткан,
Куруп кетсин "кунаажындар"
сүзүлгөн.
Куйрук күтүп, көзү жанса кылгырган,
Чыдамы жок көп "аркандар"
үзүлгөн...
Көйнөгүнүн тандап кийип кыскасын,
Бал сөздөрдүн колдонушат нускасын.
Жаткан жери көк жыттанып турса да,
Ал перилер кармайт кумар туткасын.
Көчө бойлоп назданышса төштү ачып,
Көп эркектин көзүн байлайт от чачып.
Табияттан кумарга алсыз эркектер,
Айнып калат үйдү унутуп терс качып.
Шаракташып көз жаштарда ойногон,
Келиндер көп төшөк менен тойлогон.
ЭНЕ экенин эстеринен кууп салган,
Селкилер көп капчык издеп жойлогон.
Куруп кетсин "кунаажындар"
оңбогон,
Булар шүмшүк музда калса тоңбогон.
Карылыкты, ажалды да көрүшпөйт,
Бул чындыктар азап болор оңдогон!!
Наристелер күтүп жатса атасын,
"Атакесин"
кучагыңда катасың!
Уруп кетсин көп баланын көз жашы,
Уялбастан ойнош кылып жатасың.
Үйүгүшүп бир "канчыкты"
курчаган,
Көргөндүрсүң:
ит, кандегин, дөбөтүн.
Айырмаң жок ошол айбан канчыктан,
Болсо дагы алтын толгон дөөлөтүң!
Өз эринин төшөгүнөн качкандар,
Дене сатып, арам акча тапкандар,
Токтоткула!
Шайтан "кебин"
чечкиле!
Никеси жок эркектерди чапкандар...
Кыз-келиндер ак сөзүмдү уккула!
Зына кылбай арам иштен чык мына!
Башка аялдын көз артпастан эрине,
Намыс сактап тез күйөөгө чыккыла!
Ыйлатпагын башкаларды сыздатып,
Талкалаба ак никесин муздатып!
Сен аялсың, сен энесиң билип жүр!
Кандай сонун балаң жатса ууз татып!
Узун кийип, ак эмгектен баштагын,
Тобоо кылып, сүрөөлөрдөн жаттагын.
Ажал келсе оор сурактар башталат,
Жан дилиңди динге буруп таптагын...
Кел курдашым, абийириңди сактагын,
Артка карап амалыңды тактагын.
Баарыбызга бакыт болот билип ал!
Жан кеткенде бейиш бакта жатканың!
"Ыйман казынасынын" асыл кенчи Кысса-окуялар,хадис-макалалар
#62 27 April 2016 - 21:42
АР БИР НЕРСЕНИН КАДЫР
ЫН БИЛҮҮ
Сууда жашаган бир балык суунункадырын билбейт, суудан чыгарып койсоң кайра сууга жетиш үчүн жан алакеткетүшөт. Адамдар дагы дал ушундай. Колундатурган жакшылыктардын шүгүрүн анык биле албайт жамандын жаманын көрмөйүнчө, башынан өтмөйүнчө анча түшүнө бербейт.
Бир падыша кулу менен биргекемеге түшөт. Кул эч качан деңиз көрбөгөн жана кеме машакатын тартпаган эле.Онтоп ыйлап баштайт. Калтырап титирейт. Сооротуш үчүн канча аракет кылышса дабасылбайт. Падышанын тынчы кете баштайт.
Кемедегилер эмне кылууну билбейтурган кезде карыя бир адам падышанын алдына чыгап: "Уруксат берсеңиз, менанын үнүн басайын", - дейт. Падыша мунун сунушун жактыруу менен кабылдайт.
Карыянын буйругу менен кулдудеңизге ыргытышат. Кул бир нече жолу сууга чөгүп, кайра чыгат. Кийин чачынанкармап, кеме тарапка тартышат. Кул кемеге жакындаганда эки колу менен жипкебекем карманат, ошентип кемеге чыгып, бир бурчка кадалып энтигип отуруп калат.
Карыянын кылган жоругу падышанытаң калтырат. "Бул ишиңдин сыры эмне?”, - деп сурайт.
Карыя адам жооп берет: "Кулалгач сууга чөгүү, тумчугуп өлүү коркунучун башынан өткөргөн эмес. Кемедеги жансаламатынын кадырын билбеди. Мына, тынчтык жана бакыт ушундай болот, биржамандык көрбөгөн адам көңүл тынчтыгынын кадырын биле албайт.”
Башыңызга бир балээ келсе, дарооэле даттанганга шашпаңыз,абалыңын мындан да жаман болуусун элестетип,болгонабалдын кадырын сезиңиз!

#63 27 April 2016 - 22:08
ОТПАРАС КАНТИП БЕЙИШТИК БОЛДУ
Рамазан күндөрүнүн бириндемусулман кварталында жашаган бир отпарастын кичине баласы орозолуумусулмандардын арасында нан жеп жаткан эле. Атасы баласынын бул кылыгынкөргөндө: "Балам, мусулмандардын арасында нан жегениң кандай? Алар булкүндөрдө орозо кармашат, бул күндөр алар үчүн мубарак күндөр, урмат көрсөтүүкерек”, - деп эскертип, "Бар үйдө же”, - деп, баланы үйүнө жөнөтөт.
Бул окуядан бир нече жылдан кийинбул отпарас өлөт. Анын өлүмүнөн кийин ошол шаардагы бир мусулман түшүндөотпарас кишинин Бейиш бакчаларында жүргөнүн көрөт.
Таң калган мусулман кишиотпараска мынтип кайрылат:
-Кандайча бул жакшылыкка ээболдуң! ?Биз сени отпарас деп тааныйт элек. Жадагалса, өлгөнүңдө жаназанамазыңды да окуган эмеспиз.
Отпарас өз кезегинде:
-Ооба! Туура айтасың. Мен отпарасболчумун. Бирок, бир күнү кичине балам мусулмандардын арасында алар орозолуукезде нан жеп жатканын көрүп калдым. Өзүбүз орозо кармабасак да, баламдыналардын алдында нан жегенине уруксат бербедим. Мусулмандар урмат кылган нерсегемен дагы урмат көрсөткөндүгүмөн Мээрими чексиз болгон Жараткан Аллах оорутөшөгүмдө жатканымда мени мусулман болуу сыймыгына ээ кылды. Мусулман болупөлгөндүгүм үчүн бул жакшылыкка ээ болдум,-деп жооп берген экен.
Эми бул бир отпарастынбаяны, бирок өкүнүчтүү жагдай нечен деген мусулман бир туугандарыбыз Рамазандынкелүүсүн күтүп,ага даярдык көрүп,казасыз тутуу бул жакта турсун,жеген тамагынжашырып жегенге жарабагандыгы. Көч бара-бара түзөлөт демекчи, былтыр тутпайкалсаңыз, азыртадан орозо тутууга ниет кылыңыз.Кылган ниетиңиз ишке ашпай калганчакта да,ниетиңиз үчүн сооп ала бересиз,иншАллах!

#64 27 April 2016 - 22:30
АБЫСЫНДАРГА БИР НАСААТ
Башын кошсо абысындарбиригип,
Ушак сөздөн күч чыгарат жинигип.
Шору катып кайнененин кулагы,
Канап кетет уу сөздөрдөн тилинип.
Акыл айтса душманындай карашып,
Жөн сөзүн да урушкандай баалашып,
Баркын билбей күйөөлөрдүн апасын,
Жаман айтып ушакташат жаалашып.
Күнөөсү жок периштедей болушуп,
Шайтан кылат кайненесин курутуп.
Өз үйүндө бар экенин "келиндер" ,
Абысындар калат дайым унутуп.
Жамандаган кайненеси жок болсо,
Койнундагы күйөө келмек каяктан?
Тилин тартып калат беле келиндер,
Берип турса чалкан сындуу таяктан.
Ушакташып кайненесин жайлаган,
Эсиңди жый абысындар сайраган.
Эртең эле уулуң өсүп эр жетсе,
Келин келет ак жоолугун байлаган...
Келиниңе болом десең кадырман,
Азыртадан кайненеңди сыйлагын.
Абысындар жамандашса кошулбай,
Оозун басып "апакем" деп ыйлагын!
Отурсаңар көп келиндер жанашып,
Кайненени мактап тургун талашып.
Ошол кезде баары тыйып ооздорун,
Кут төгүлөт сый-урматка жарашып!! !
Баарында бар жандан бүткөн кыялы,
Сен күчөтсөң ал кыялын тыябы?
Жакшы мүнөз ташты дагы талкалап,
Кайненеңдин тийбейт сага зыяны!!!
Автор: Жибек Акматбекова
Башын кошсо абысындарбиригип,
Ушак сөздөн күч чыгарат жинигип.
Шору катып кайнененин кулагы,
Канап кетет уу сөздөрдөн тилинип.
Акыл айтса душманындай карашып,
Жөн сөзүн да урушкандай баалашып,
Баркын билбей күйөөлөрдүн апасын,
Жаман айтып ушакташат жаалашып.
Күнөөсү жок периштедей болушуп,
Шайтан кылат кайненесин курутуп.
Өз үйүндө бар экенин "келиндер" ,
Абысындар калат дайым унутуп.
Жамандаган кайненеси жок болсо,
Койнундагы күйөө келмек каяктан?
Тилин тартып калат беле келиндер,
Берип турса чалкан сындуу таяктан.
Ушакташып кайненесин жайлаган,
Эсиңди жый абысындар сайраган.
Эртең эле уулуң өсүп эр жетсе,
Келин келет ак жоолугун байлаган...
Келиниңе болом десең кадырман,
Азыртадан кайненеңди сыйлагын.
Абысындар жамандашса кошулбай,
Оозун басып "апакем" деп ыйлагын!
Отурсаңар көп келиндер жанашып,
Кайненени мактап тургун талашып.
Ошол кезде баары тыйып ооздорун,
Кут төгүлөт сый-урматка жарашып!! !
Баарында бар жандан бүткөн кыялы,
Сен күчөтсөң ал кыялын тыябы?
Жакшы мүнөз ташты дагы талкалап,
Кайненеңдин тийбейт сага зыяны!!!
Автор: Жибек Акматбекова
#65 27 April 2016 - 23:32
МЭЭНИН АЧЫЛБАГАН СЫРЛАРЫ
Адам баласынын мээси-эң бир татаал жана али көпизилденбеген дене мүчөсү десек жаңылышпайбыз. Мээ жөнүндө азыноолак кепкуруп,окурмандарыбыз үчүн пайдалуу маалымат жеткизүүнү туура көрүп турабыз.
Мээге кандайдыр бир белги нерв бөлүкчөлөрүнүн импульсуаркылуу жүзөгө ашырылганын көбү биле бербесе керек,дал ошол импульстунылдамдыгы 274 км/саатына барабар.Ошондуктан колуңузду капысынан балка мененуруп алсаңыз,денеңиз бир көз ирмемде ага реакция кылат.Мынчалык тездик мененреакция кылууңуздун себеби, албетте импульстун спорт унаасынан да тезылдамдыкта маалымат жеткизүүсүнөн.
Адамдын мээси башка дене мүчөлөрүнө караганда көбүрөөк “демалат”.
Мээнин салмагы бүткүл дененин 2% гана түзгөн менен,өпкөаркылуу келип жаткан кычкылтектин 20% сарптайт экен.Себеби мээнин тынымсызиштөөсү үчүн абдан тез ылдамдыкта кан айлануусу кажет.Ошондуктан абанын(керектүү көлөмдөгү кычкылтектин) жетишсиздиги мээнинначар иштөөсүнө алып келет.Терең- терең дем алууну унутпаңыздар!
Нерв клеткалары ар дайым жаңыланып турат.
Нейрондор биздин бүткүл өмүрүбүздүн аралыгында өсүптуруучу бөлүкчөлөр. Көптөгөн жылдар бою илимпоздор нейрондор жана нерв ткандарыөсө албайт деген туура эмес тыянак чыгарып келишкен.Бирок нейрондор денемүчөсүнүн башка ткандарынан айырмаланып, ар дайым өсүп-жаңыланып турат экен.Булачылыш көптөгөн мээ ооруларын изилдөөгө жана дарылоого жардам берди.Нейрондорарасындагы маалыматтын бири-бири менен алмашуусу ар кандай ылдамдыкта жүзөгө ашырылат.Маалыматтынкөлөмү жана маанилүүлүгүнө жараша 0,5 м/с баштап 120 м/с чейин жетүүсү мүмкүн.
Мээге канча энергия талап кылынат?
Мээнин тынымсыз жана туруктуу иштеши үчүн,салыштырмалу10- ваттык чырактын энергиясы сарпталуусу шарт.Көптөгөн бөбөктөр үчүн тартылганмультфильмдерде каармандар жаңы ой же пикир кылган учурда пайда болгончырактын(лампочкенин) сүрөтү жөн жерден чыккан эмес.Адам баласынын мээсижадагалса уктап турган абалда да кичине чыракка жете тургандай энергия иштепчыгат.
Мээ эч качан уктабайт.
Мээнин иштеши күндүзгүгө караганда түндөсү активтүүрөөк.
Көбүнө бул нерсе түшүнүксүзболуусу мүмкүн,анткени чын-чынына келгенде мээ күндүзү бир топ жумуштардыаткарат. Бирок баары биз ойлогондой эмес экен.Сиз “өчкөн” убакта, мээнин иштөөсү“күйгүзүлөт” экен.Азырынча илимпоздор мунун сырын билишпейт,бирок биз эч биркүмөнсүз Жараткан Аллахка шүгүр келтирсек да болчуудай,анткени мээ уктапжатканда да сизге билдирбей өз ишмердүүлүгүн уланта берет экен.
Түш көрүүнүн саны адамдын акыл-дараметине көз каранды.
Илимпоздордун пикири боюнча адам баласынын акыл-парасаты(интеллекти)канчалык деңгээлде бийик болсо,ошончолук көп түш көрөт.Кээ бир түштөрүңүздүэстеп кала албагандыгыңыз үчүн капаланбаңыз, анткени түштөрдүн көбү 2-3секундадан ашпайт.
Адам баласынын мээсине канча маалымат батат?
Адам баласынын мээси Британика Энциклопедиясына карагандабеш эсе көп маалыматты эстеп калууга жөндөмдүү.Салыштыруу үчүн БританикаЭнциклопедиясынын акыркы санында 100 000ден ашуун макала бар.Азырынча адамбаласынын мээси канча маалымат кабыл алуусу мүмкүнчүлүгү так аныкталбасада, компьютердик тил менен айтканда мээнин көлөмү 3төн 1000 терабайтка чейин.
900 жылдык тарыхты өзүнө камтыган Британия Улуттукархивинин баардык материалдары биригип болгону 70 гана терабайт маалыматтытүзөөрүн эске тутуп,адам баласынын мээси канчалык потенциалдуу экенинэлестетиңиз.
Мээ өз алдынча ооруга чалдыкпайт.
Адам баласынын мээси өз алдынча ооруну сезбейт.Албетте алколуңузду кесип алсаңыз,же болбосо күйгүзүп алсаңыз сөзсүз түрдө реакциякылат, бирок өзү ооруну сезбейт.Бирок мээнин бул сыпаты сизди баш оорудан кутулдурбайт, анткенимээни курчап турган ткандар,нерв жана кан тамыр түтүкчөлөрү ооруга абдан элесезимтал келишет.
Мээ өз курамында 80% суудан турат.
Көпчүлүгү мээ дегенде эле тоо жаңгагына окшош ,каттуу бирнерсени элестетишет. Бирок тирүү мээнин түсү кылкылдап турган саздын түсүнөокшош болот жана суу-кандын аралашмасынан турат.Ошондуктан чаңкаганда ,биринчикезекте мээ үчүн белгиленген өлчөмдөө суу керектигин унутпаңыз!
Макаланы которуп,даярдаган Нуриет Абдулазиз

#66 29 April 2016 - 00:11
ЖУМА КҮНДҮН АДЕПТЕРИ!
Пайгамбарыбыз(ага Аллахтын салам-салаваты болсун) :
«Кимде-ким гусул алгандан кийин,атыр колдонуп;эң жакшы кийимин кийип,андансоң кадамынын санын кѳбѳйтүп (шашпастан) мечитке барса; эч кимге тоскоолдуккылбастан намазын(нафил) окуса; имамдын хутбасын кунт коюп угуп,жамаат мененнамазын окуса,анда ал кишинин эки жуманын ортосундагы күнөөлөрү(кичи күнөөлөрү)кечирилет"
(Ахмад риваят (5/420) иснады жакшы,ибн Хузейма ишеничтүү деп тааныган,1775)

#67 29 April 2016 - 00:24
Кимдир бирөө үчүн мектеп кор болсо,
кээ бир жашбалдар согушсуз абалда сабак окуганга зар.
Болгонго шүгүр кылуу-бул Сүннөт!

#68 29 April 2016 - 00:45
АНТЫН БУЗБА НИКЕНИН
Ойлонтпогон балдарыңдынубалын,
Канча турат беш мүнөттүк кумарың?
Миң ойноштон өйдө турат билип ал,
Тамак жасап күтүп жаткан жубайың.
Көчөлөрдөн көздү ойнотупбасасың,
Сулуу көрсөң бойдок болуп шашасың.
Бир үзүмэт жан дүйнөңдү башкарып,
Ала жиптин миң кырларын ашасың...
"Эркекмин" депөзүңдү-өзүң кечирип,
Селки көрсөң бал болосуң чечилип.
Шамалгаучуп үйдөн каткан акчалар,
Ыйман кетип сайрандайсың чечинип.
Көңүлдөшүң жан дилиненсүйгөндөй,
Элжирейсиң сендик болуп жүргөндөй.
Та штапкачат акчаң калбай калганда,
Ширеңкенин күкүрттөрү күйгөндөй...
Ак никенин ыйык шертин бузбагын,
Балдарыңдын жан дилине куспагын.
Ойношу жок эркек болуп үлгүлүү,
Жубайыңа мээрим төгүп уктагын...
АТА деген атты сактап ардайым,
Үй-бүлөнүн тиреги бол сактаган.
Тизгинтартып түз жашаган эркекти,
Пайгамбар да дуба кылып мактаган...
Автор:Жибек Акматбекова
Ойлонтпогон балдарыңдынубалын,
Канча турат беш мүнөттүк кумарың?
Миң ойноштон өйдө турат билип ал,
Тамак жасап күтүп жаткан жубайың.
Көчөлөрдөн көздү ойнотупбасасың,
Сулуу көрсөң бойдок болуп шашасың.
Бир үзүмэт жан дүйнөңдү башкарып,
Ала жиптин миң кырларын ашасың...
"Эркекмин" депөзүңдү-өзүң кечирип,
Селки көрсөң бал болосуң чечилип.
Шамалгаучуп үйдөн каткан акчалар,
Ыйман кетип сайрандайсың чечинип.
Көңүлдөшүң жан дилиненсүйгөндөй,
Элжирейсиң сендик болуп жүргөндөй.
Та штапкачат акчаң калбай калганда,
Ширеңкенин күкүрттөрү күйгөндөй...
Ак никенин ыйык шертин бузбагын,
Балдарыңдын жан дилине куспагын.
Ойношу жок эркек болуп үлгүлүү,
Жубайыңа мээрим төгүп уктагын...
АТА деген атты сактап ардайым,
Үй-бүлөнүн тиреги бол сактаган.
Тизгинтартып түз жашаган эркекти,
Пайгамбар да дуба кылып мактаган...
Автор:Жибек Акматбекова
#69 29 April 2016 - 01:20
САХАБА БОЛГУМКЕЛЕТ !
Мектептердин бирөөсүндө мугалим биринчи класстын окуучуларынан сурайт:
-Балдар айткылачы, чоңойгондо ким болгуңар келет?
Бирөөсү учкуч десе, экинчиси доктур, үчүнчүсү милициякызматкери дейт.Баарынын жооптору эл таанып-билген эле кесиптердин тегерегиндеболуп жатты. Бирок бир гана окуучунун жообу таң калыштуу болду.Анын жообунукканда баардык классташтары күлүп жиберишти. Билесиңерби эмне деп жоопбергенин?
Ал жаш бала:
- Мен сахаба болгум келет,-деп жооп берди.
Мугалим окуучудан таң калып:
-Эмне үчүн сахаба болгуң келет?-деп сурайт.
Анда зирек бала:
-Энекем күн сайын уктаар алдында сахабалардын өмүрбаянынан айтып берет, сахаба Жараткан Аллахты чын жүрөгүнөн жакшы көрөт, эржүрөк болот,кандай гана кыйынчылык башына келсе да,сабыр кылат.Мен да ошолордой болууну каалайм,- деп жооп берет.
Эч ким унчукпай,жымжырттык орноду.Мугалим жаш баланынжообуна таасирленип карегинен аккан жашты аарчып жатты.Бул баланын артында улууэне бар экенин даана билди, себеби бул баланын алдыга койгон максаты улуу эле.
Сахабадеген кимдер?
Сахабалар-Жараткан Аллахтын Элчиси( ага Аллахтын салам-салаваты болсун) алып келген динге ишенип, ошол жолдожүрүп, ошол жолдо жанын курмандык кылган адамдар. Сахабалар -адамдар Жараткан АллахтынЭлчисин(ага Аллахтынсалам- салаватыболсун)жалгангачыгарганда, анын чыныгы АллахтынЭлчиси экендигинтастыктыган адамдар. Сахабалар-АллахтынЭлчисине жаным, ата-энем сага курбандыкболсун деген инсандар. Сахабалар-Аллахтыжана АллахтынЭлчисин ата-энесинен, бала-чакасынан жанаөздөрүнүн жандарынан артык көргөн инсандар.
Сахабалар -малы мүлкүн, байлыгынын баарысын Аллах жолундасарптаган инсандар.
Сахабалардан Аллах ыраазы болгон жана алар да Аллахтан ыраазы болгон инсандар.
Кана эмесе туугандар кимиңерсахаба болууну каалайсынар?
Менин оюмча Исламааламында сахабалардай болууну, сахабалардын жолун жолдоону каалабаган мусулманболбосо керек. Сахабалардын окуясын укканда, алардын кылган амалдарын,жашоосункөз алдыларыбызга элестетип эт жүрөктөрүбүз элжиреп, каректерибизден мөлт- мөлтжаштар агып, ыймандарыбыз курчуйт эмеспи. Алардын кылганамалдарына, ибадаттарына, курбанчылыктарына таң калып суктанабыз.
Бирок тилекке каршы азыркы заманда сахабалардынжашоосу менен жашоодон качабыз. Алардын жашоосундай жашоодон жийиркенипкалганбыз. Сахабалар кедей жашаган, кедейчиликтен уялган эмес. Пайгамбарыбыздын(ага Аллахтын салам-салаваты болсун)үйүнөн бир эки ай бою түтүн чыкпай калган күндөр болгон, сахабалар бир эки курма менен орозокармап, кайра бир эки курма жана бир уурттам суу менен ооздорун ачышкан инсандар эле. Ал эми биздинүйүбүздө толтура тамак-аш турса да,кедейчиликке батып кеттик деп арызданабыз. Орозо тутсак ачкадан өлүп калатургандай сезилет. Садака берсек байлыгыбыз түгөнүп калчудай туюлат.
Келгиле туугандар үлгүнү Пайгамбарыбыздан(ага Аллахтын салам-салаваты болсун),сахабалардын(Аллах алардан ыраазы болсун)жашоосунан алып ,жашообуздужакшы тарапка өзгөртөлү! !!
Аллах Таала КураниКаримде мындай дейт: «Чындыгында Аллах эч бир коомдун абалын өзгөртпөйт, ал коомөзү озгөрмөйүнчө». Раъд сүрөөсү, 11-аят.
ӨЗГӨРҮҮНҮ ӨЗҮҢДӨН БАШТА!
Даярдаган: Максат Айтбаев- Аль-Азхар университетинин студенти.
Иреттеп,кошумчалаган: Нуриет Абдулазиз

#70 30 April 2016 - 08:40
АЯЛДАР КООМДУК УНАА ЭМЕС....
Автобустун ичинде жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар кетипбара жатышты. Бул түгөй шаардагы башка жаштардан кичине айырмаланып турду. Жаздынкеремет таңында жигиттин келинчеги башына жакшынакай кылып ак жоолугун салыныпалган.
Бир маалда эле жашы кырктарды чамалап калганжүргүнчүлөрдүн бири жигитке:
- Эй, жигит, мен сенден бир нерсе сурайын дедим эле.Сен капа болбойсуңбу? - деп кайрылып калды.
- Сураңызбайке, сизди эмне кызыктырат? - деди жаш жигит.
- Өзүңжакшынакай эле жигит экенсиң. Келинчегиң да дурус окшойт. Ушундай жакшы заманда,элдер космоско каттап, илим далай нерсеге жетишип калган маалда сен өмүрлүктүгөйүңдү ысыка карабай думбалап кийинтип койгонуң кандай? Мына карачы менинаялымды. Ал каалаганындай кийинип, каалаганындай бойонуп, бул жашоонун ыракатынтүгөл сезип жашайт, – деп жанында жарым жылаңач болуп, шумдуктуудай боёнупалган аялды көрсөттү. Ошондо жаш жигит автобустун терезесинен каршы-терши өтүпжаткан үстү брезент менен жабылган машинелерди көрсөтүп суроо салды.
- Сиз бул унааларды көрдүңүзбү?
- Ооба, анын эмнесине таң каласың, - деп корсоюпкойду берки.
- А булардынүстүн эмнеге чүмбөттөп койгонун билесизби?
- Эми алтүшүнүктүү эле да. Бул унаалар бирөөнүн жеке менчиги да. Машинеси бузулбасын дейт. Же ичиндеэмне алып баратканы көрүнбөсүн дейт. Мында таң кала турган эч нерсе жок го.
- Анда эмнеге булардын арасында кетип бара жатканавтобустардын үстүн
эч ким жаап койгон эмес?
- Ой, сен чынэле кызыктай немесиң го. Автобусту коомдук унаа деп коёт. Муну ким кааласа пайдаланат. Сен булардыайтып эмнени далилдейин деп жатасың деги? - деп түктүйө түштү алиги адам.Автобустун ичиндеги бардык жүргүнчүлөр бул экөөнүн кебин аста тыңшап, акырыэмне болуп бүтөт деп демдерин ичине катып келе жатышты. Жаш жигит эч тартынбайтуруп:
- Сиз түшүнсөңүз, менин келинчегим мен үчүн абданкымбат адам. Мен бул кишини абдан сүйөм жана ага камкордук кылам. Аялымды бирөөлөрдүншыкаалап карашына менин намысым жол бербейт. Ошондуктан жоолук салынып, уяттуужерлерин жашырып жүрөт. Ал эми сиздин аялыңыз ар ким каалаган убагындакаалаганындай пайдалана берчү коомдук автобуска окшоп турат, - деп жообунузатты.
Мунун жообу көңүлүнө тык эте түшкөн жүргүнчүлөржал- жал бурулуп тигил кишини карашты. Мындай жоопту күтпөгөн неме эмнедээрин билбей кызарып-татарып, оозуна талкан сугунгандай отуруп калды. Кургур,болбосо жаңы эле космостон сүйлөп акылдуу болуп отурду эле, мына эми, өзүн элеэмес, аялын кошо уят кылып таштады. Жубайы чолок этегин ылдый карай тартымышболуп, жер карап гана отуруп берди...

#72 01 May 2016 - 15:34
ТЕКЕБЕРГЕ БИР НАСААТ
Тикенектертолуп алып жүрөккө,
Текебердик жан дүйнөгө чырмалат.
Гүл сыяктуу диндин жыты сезилбей,
Мактанычтын кооз желеги ыргалат.
Көп айымдар сулуубуз деп көкөлөп,
Эркек көрсө эркелешкен көпөлөк.
Аппак жүздү бырыш басат бир күнү,
Эч ким анда кучак тоспойт бөпөлөп.
Кара күчүн, булчуңдарынкөргөзүп,
Жигиттер бар муштумуна таянган.
Кичинекей бир ок сенден күчтүүрөк,
Зөөкүр болбой угуп жүргүн баяндан.
Айрымдары өзүн сезипбилимдүү,
Башкаларды акмак ойлоп турушат.
Каарын салса кудай сени алжытып,
Неберең да "акмаксың" деп урушат.
Адамдарды карап дайымбийиктен,
Толгон бай бар акчасына жиниккен.
Булуттарга жетсең дагы өчөрсүң,
Көргө түшүп от өчкөндөй биликтен.
Көздү байлап акыйкаттыкөрбөстөн,
"Кыйынбыз" деп чиренебиз мактанып.
Бетиң, күчүң, акчаң дагы куткарбайт,
Акыретти ойлоп жүргүн сактанып...
Автор:Жибек Акматбекова
Тикенектертолуп алып жүрөккө,
Текебердик жан дүйнөгө чырмалат.
Гүл сыяктуу диндин жыты сезилбей,
Мактанычтын кооз желеги ыргалат.
Көп айымдар сулуубуз деп көкөлөп,
Эркек көрсө эркелешкен көпөлөк.
Аппак жүздү бырыш басат бир күнү,
Эч ким анда кучак тоспойт бөпөлөп.
Кара күчүн, булчуңдарынкөргөзүп,
Жигиттер бар муштумуна таянган.
Кичинекей бир ок сенден күчтүүрөк,
Зөөкүр болбой угуп жүргүн баяндан.
Айрымдары өзүн сезипбилимдүү,
Башкаларды акмак ойлоп турушат.
Каарын салса кудай сени алжытып,
Неберең да "акмаксың" деп урушат.
Адамдарды карап дайымбийиктен,
Толгон бай бар акчасына жиниккен.
Булуттарга жетсең дагы өчөрсүң,
Көргө түшүп от өчкөндөй биликтен.
Көздү байлап акыйкаттыкөрбөстөн,
"Кыйынбыз" деп чиренебиз мактанып.
Бетиң, күчүң, акчаң дагы куткарбайт,
Акыретти ойлоп жүргүн сактанып...
Автор:Жибек Акматбекова
#73 02 May 2016 - 10:06
Судандык мусулман киши баласынын туулгандыгына байланыштуу акика(жентек той) өткөзгөн учурда мынтип кайрылды:
“Ар бирадам бир табак даамдан үйүнө ала кетсин жана үй бүлөөсү менен жеп койсун” .
Балалуу болгондо,аны атың үчкөр арак менен жуубай,сооптуу иш кылып Жаратканга ыраазычылык билдирели.

#74 03 May 2016 - 02:03
Жакшы окуялар жазылыптыр,
сиздин жазганынызды эки саатта эле окуп койдум го.Кобурооок жаза бериниз а бирок,бир окуя эки жолу кайталанып кетиптир.Ушуга окшонгон нерселерге да конул буруп жазсаныз жакшы болмок эле..
#75 03 May 2016 - 19:05
ЧЫНЫГЫ БАКЫТ
Курсак ачта "бакыт" көрүп тамакты,
Барктачу элек бир тыйындык санакты.
Кардың тоюп, ал-күч кирип калганда,
Уруш баштап канча баштан кан акты?
Көйнөк жокто "бакыт" көрүп кийимди,
Кулдук кылбай тепсеп жүрдүк чийинди.
Кийим күтсөк көөдөн керип сүйлөдүк,
Кооз чүпүрөк бакыт кылып тилимди!
Байлык жокто "бакыт" көрүп акчаны,
Ашсак дедик акчасы көп башканы.
Турса дагы байлык ашып колуңдан,
Бакыт эмес арман болду тапканы!
Жокто жоошуп, барда дайым кутуруп,
Адамдар көп дүйнө кууган жутунуп.
Бар бакытты акча менен өлчөшкөн,
Заман келди пейил кеткен бузулуп.
Акыреттик жашоо такыр болбосо,
Бакыт десек туура болмок-байлыкты!
Сан миңдеген байлар өткөн дүйнөдөн,
Бай болсо да сактап калбай жан чыкты.
Кайчы жолдор башкасына чаташып,
"Бакыт" - издеп жүргөн кезде адашып.
"Бакыт" толгон жерди таптым акыры,
Эки ааламдын бакытына жанашып.
"Бакыт" -деген сенде дагы, менде экен,
Көрсөк дагы тепсеп жүргөн жерде экен.
"Бакыт" -деген эки буттун тушунда,
САЖДА кылчу алакандай жерде экен!!!
Автор: Жибек Акматбекова
Курсак ачта "бакыт" көрүп тамакты,
Барктачу элек бир тыйындык санакты.
Кардың тоюп, ал-күч кирип калганда,
Уруш баштап канча баштан кан акты?
Көйнөк жокто "бакыт" көрүп кийимди,
Кулдук кылбай тепсеп жүрдүк чийинди.
Кийим күтсөк көөдөн керип сүйлөдүк,
Кооз чүпүрөк бакыт кылып тилимди!
Байлык жокто "бакыт" көрүп акчаны,
Ашсак дедик акчасы көп башканы.
Турса дагы байлык ашып колуңдан,
Бакыт эмес арман болду тапканы!
Жокто жоошуп, барда дайым кутуруп,
Адамдар көп дүйнө кууган жутунуп.
Бар бакытты акча менен өлчөшкөн,
Заман келди пейил кеткен бузулуп.
Акыреттик жашоо такыр болбосо,
Бакыт десек туура болмок-байлыкты!
Сан миңдеген байлар өткөн дүйнөдөн,
Бай болсо да сактап калбай жан чыкты.
Кайчы жолдор башкасына чаташып,
"Бакыт" - издеп жүргөн кезде адашып.
"Бакыт" толгон жерди таптым акыры,
Эки ааламдын бакытына жанашып.
"Бакыт" -деген сенде дагы, менде экен,
Көрсөк дагы тепсеп жүргөн жерде экен.
"Бакыт" -деген эки буттун тушунда,
САЖДА кылчу алакандай жерде экен!!!
Автор: Жибек Акматбекова
#76 03 May 2016 - 19:07
«Кедейчилик себептүү ѳз балдарыңарды ѳлтүрбѳгүлѳ,
Биз алардыда,силерди да ырыскыландырабыз» Ыйык Куран, 6:151
#77 03 May 2016 - 19:15
Эй,Адам баласы!
Бул жашоодо адамдар сенин изиңди ээрчишсин.
Сени ээрчигендер: «Ушул изди ээрчигин» дегендей жашап ѳт!

#78 04 May 2016 - 15:16
ѲРНѲКТҮҮ АМАЛ
Туулган күн дегентүшүнүк Исламга таандык болбосо да,бирок туулган күнүңүздѳ ѳткѳн ѳмүрүңүзгѳ кѳзчаптырып, Сурак Күн боло электе ѳзүңүздү сурактап,Жаратканга берилген жашооңузүчүн ыраазычылык иретинде шүгүр келтирип,бул дүйнѳгѳ келүүңүзгѳ себебчи болгоната-энеңизге кызмат кылсаңыз башка кеп.Бирок кээ бир акылы тайкы адамдар бул күндүысырапкерчилик, араккечитик жана ойноштук күнү кылып алгандары да жокэмес.Сиздер кѳрүп турган Гузеля Камбарова аттуу кыз ѳз туулган күнүндѳ башкаларсымал акчасын асманга сапырбай, балдар үйүнѳ белек-бечкек берүүнү туура кѳрдү.
Инстаграм желесинде: «Ѳзтуулган күнүмдѳгү эң чоң белекти ѳзүм даярдадым! Балдарга бирааз болсо дамээримдүүлүк жана жакшы мамиле тартуулагангааракет кылдым!Кучагыма бѳбѳктѳрдү кысып, жылтыраган кѳздѳрүнѳн кубанычтыбайкап, жакшы эмоциялардын толкунуна кабылдым.Бул балдар мага башкалар береалбаган сезимдердин тартуулады. Жараткан Аллах мындан ары да жакшылык иштерденѳксүк кылбасын»,-деп жазды.
Ѳрнѳк ала турганамал, туугандар!
Диплом жуу максатында жебалаңыздын туулганын майрамдаш үчүн сѳзсүз эле курсагы токтор үчүн «майрам»уюштуруу шарт эмес!
Муктаждарга жардамберүүдѳн сезген жыргалчылыкты эч бир жерден табай албайсыз!
Которуп,даярдаган: Нуриет Абдулазиз

#79 04 May 2016 - 16:18
САКТАЙЛЫЧЫ НАМЫСТЫ
Жер-жемиштинкоргоп турган кабыгы бар,
Оттун дагы кол тийгизбес жалыны бар.
Дүкөндөрдө толуп турган таттуулардын,
Кооз сырттары сактаганга салымы бар.
Китептерди мукабасы багып турат,
Үйдү дагы ачык кылбай жабык курат.
Жада калса терезени тумчулайбыз,
Кызыл-тазыл чүпүрөктөн тагып курап.
Жерди дагы курчап алыпкоргоп турган,
"Озон" деген таш өтпөгөн катмары бар.
Бизде болсо кыз-келиндин башын ачкан,
"Мини юбка", "топик" деген шакмары бар.
Кабыгы жок жер-жемиштерчирип соолуйт,
Аны жесең тынбай бийлеп ичиң ооруйт.
Таттуу алсаң кирдеп турган орому жок,
Колдон кармап өмүрүңдү ажал тооруйт.
Капустадай кабаттаныпкөйнөк кийбей,
Жылаңачтап чечингенге ашык болдук.
Алтын түстөн ажыраган пияз сындуу,
Ачуу, аппак анан дагы сасык болдук.
Жаз келгенде бактар дагыуялышып,
Жалбырактан жашыл жоолук жамынышат.
Бизде болсо шыйрактарга көчө толуп,
Көп айымдар чечингенге камынышат.
Мода дешип баарын ачыпжүргөндөр,
Жоолукчанды "Селдегүл" деп күлгөндөр,
Бир күн чогуу баралычы базарга,
Кыска кийип, төштү ачканды сүйгөндөр...
Кое туруп кызыл, жашыл,катканын,
Алма алабыз "аарчып салып" сатканын.
Кир алманын даамын татып билерсиң,
Өзүңө окшоп ал да өлүп жатканын.
Жоолук салсам араб болупкалам деп,
Узун көйнөк ыңгайы жок жаман деп.
Шылтоо айтып чечингенге шашабыз,
Ачык жүргөн сулуу болчу кадам деп!
Улуу-кичүү айымдардычакырам,
Келгилечи ар намысты сактайлы!
Кудай берген аманатты бек кармап,
Ыйман айтып динибизди даңктайлы!
Автор: Жибек Акматбекова
Жер-жемиштинкоргоп турган кабыгы бар,
Оттун дагы кол тийгизбес жалыны бар.
Дүкөндөрдө толуп турган таттуулардын,
Кооз сырттары сактаганга салымы бар.
Китептерди мукабасы багып турат,
Үйдү дагы ачык кылбай жабык курат.
Жада калса терезени тумчулайбыз,
Кызыл-тазыл чүпүрөктөн тагып курап.
Жерди дагы курчап алыпкоргоп турган,
"Озон" деген таш өтпөгөн катмары бар.
Бизде болсо кыз-келиндин башын ачкан,
"Мини юбка", "топик" деген шакмары бар.
Кабыгы жок жер-жемиштерчирип соолуйт,
Аны жесең тынбай бийлеп ичиң ооруйт.
Таттуу алсаң кирдеп турган орому жок,
Колдон кармап өмүрүңдү ажал тооруйт.
Капустадай кабаттаныпкөйнөк кийбей,
Жылаңачтап чечингенге ашык болдук.
Алтын түстөн ажыраган пияз сындуу,
Ачуу, аппак анан дагы сасык болдук.
Жаз келгенде бактар дагыуялышып,
Жалбырактан жашыл жоолук жамынышат.
Бизде болсо шыйрактарга көчө толуп,
Көп айымдар чечингенге камынышат.
Мода дешип баарын ачыпжүргөндөр,
Жоолукчанды "Селдегүл" деп күлгөндөр,
Бир күн чогуу баралычы базарга,
Кыска кийип, төштү ачканды сүйгөндөр...
Кое туруп кызыл, жашыл,катканын,
Алма алабыз "аарчып салып" сатканын.
Кир алманын даамын татып билерсиң,
Өзүңө окшоп ал да өлүп жатканын.
Жоолук салсам араб болупкалам деп,
Узун көйнөк ыңгайы жок жаман деп.
Шылтоо айтып чечингенге шашабыз,
Ачык жүргөн сулуу болчу кадам деп!
Улуу-кичүү айымдардычакырам,
Келгилечи ар намысты сактайлы!
Кудай берген аманатты бек кармап,
Ыйман айтып динибизди даңктайлы!
Автор: Жибек Акматбекова

Супер-Инфо
super.kg
видео