Суперстан: Пайдалуу кеңештер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Пайдалуу кеңештер. Майда,бирок маанилуу.

#121 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 18:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ашыкча жоон санды кийимдин жардамы менен жашырса болот

Сүрөт
Табият тартуулаган дене- мүчөнү сынга алуу туура эмес деңизчи. Ошенте да кээ бир ынгайсыздыкты жараткан учурларды туура тандалган кийимдин жардамы менен жашырса болот. Маселен, ашыкча толук, жоон санды ылайыктуу кийим менен жашырып коюуга мүмкүнчүлүк бар. Эгер сизде ушундай маселе болгон болсо,анда негизги эрежелерди эсиңизге сактай жүрүңүз. Эң эле маанилүүсү көкүрөгүңүз кичинекей ал эми саныңыз жоон болсо, анда көкүрөк тарапты да чоң көрсөтүүгө аракет жасабаңыз, масеелн кең кофта кийип, анда, төрт чарчы мүчөгө ээ болуп каласыз. Жоон санды кийим менен жашыруу жолдору

Жоон сандуу, көкүрөгү кичинекей айымдар төш чөнтөгү бар кофталарды кийсе болот. Ошондой эле жакачы төрт чарчы кесилген фасондогу кийимдер эн сонун жарашат. Узундугу жамбашка жетип турган болуусу шарт. Мындан сырткары, жеңи жок жилет, кемзелдерди кофтанын үстүнөн кийсеңиз болот.

Сүрөт

Ал эми юбканы жоогазын стилинде кийсеңиз куп жарашат. Тизеден бир аз ылдый болгону дурус. Бут кийимди орточо узундуктагы туфлилер ылайыктуу. Таманы жалпак, жапыз же калың жалпак бут кийимдер бутуңузду кыска көрсөтүп коёт. Асынган сумкаңыздын узундугу белиңизге жетпегендей болсун. Белге тийип турганы жарашпайт.

Сүрөт

Кеңсе стилиндеги кийимдер менен жоон санды жашыруу

Жамбашты жарым- жартылай жаап турган, бели чып отурган жакеттер өтө ылайыктуу. Ичинен классикалык көйнөк жана түз формадагы шым кийсеңиз болот. Бут кийимди орто узундуктагы шиш така кийсеңиз жарайт.

Кечелерге барганда жоон санды жашыруу

Кийген көйнөгүңүздүн арт тарабынын этеги эки- үч карыштай кесилген болсо жакшы. Ал эми бут кийимди жогоруда айтылгандай тандайсыз. Узун шуру тагынбаңыз.

Сүрөт

Жоон сан спорттук формада

Машыгуу залына бара турган болсоңуз, анда, классикалык денеге чып жабышкан футболка менен кара өндөгү формасы туз тигилген спорттук шым кийип алыңыз. Ал эми бут кийимди ачык өңдүүсүн алыңыз. Ал көздү жакшы алаксытат.



Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Август 2015 - 18:23

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Август 2015 - 18:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Айымдардын капрон колготкилери
Айымдар үчүн кийген кийимдеринин арасынан капрон колготкилер манилүү роль ойнойт. Анткени колготкилер буттун терисинин айрым кемчиликтерин жаап калат жана айымдардын буттарын келишимдүү кылып көрсөтүп сулуугун арттырат. Ошондуктан жыл бою мындай капрон колготкилерди тандоо көйгөйү жаралып турат. Чындыгында көп деле баш оорутуунун кереги жок. Болгону кээ бир жагдайдалрады гана эске түйүп алуу керек. Сүрөт

Тандоо

Фирмада жасалган сапаттуу колготкилер сөзсүз чоюлчаак тигилишке ээ болушат да ал эми арзан үлгүдөгүлөр тегерек тигилиштери менен айырмаланып калат. Ошондуктан капрон колготкилерин сатып алып жатканда сөзсүз тигилишине көңүл буруу зарыл. Ал канчалык жоон болсо, демек ошончолук сапаттуу.Сүрөт

Өлчөмү

Колготкинин өлчөмүнө олуттуу карап мамиле кылган жакшы. Анткени көпчүлүк учурда анын чоюлчактыгына карап кичинекей өлчөмүн алып алганда, алар бир кийүүдөн чыкпай айрылып калат. Башка жагынан алып караганда чоң өлчөмдөгү колготкилер буттун бир калыпта болбогону үчүн бир жери кара, бир жери бош болуп, бутка ыңгайсыз жаратат. Туура тандаш үчүн сыртындагы кагаздан белгилерди карап, анан өлчөмүңүздү таап алсаңыз болот. Колготкилердин чоюлчаактыгын лайкер камсыз кылат. Ошондуктан анын курамында ал канчалык көп болсо, сиз тандап жаткан колготкинин сапаты жана баасы дагы ошончолук жогору болот.Сүрөт

Суук аба- ырайында кийилүүчү колготки

Суук аба- ырайына ылайыктуу сапаттуу жана жакшы колготки тандап алууда анын курамындагы микрофибрга көбүрөөк көңүл буруу сунушталат. Бул элемент жылуулук үчүн жооп берет. Ал эми лайкер көрсөткүчү чоюлчаактык үчүн жооп берет. Ошондуктан анын курамы канчалык көп жазылса, ошончолук кымбат болот.Сүрөт

Узакка чейин колдонууну үйрөнүңүз

Бардык эле аялзаты кымбат баада сатып алган колготкилерди улам эле алмаштырып тура алышпайт. Ошондуктан ага абдан аяр мамиле жасоо керек. Буттун тырмактары же өсүп сынып калган маникюр жок тырмактар капрон колготкини колдонууга жаратпай салат. Ошондуктан капрон колготкини киерде биринчи кезекте тырмактарды эске алыш керек. Ошондой эле биз дааратканага бир нече жолу барууга туура келгендиктен колдогу браслет, шакек сыяктуу нерселер жана тырмактар да аны бат айруучу курал болуп эсептелгендиктен алардан абайлаш зарыл. Ал эми бут кийимдер капрон колготкилерин жыртуучу негизги себепкерлер болуп эсептелишет. Анткени бут кийимдин ичинде катуу туура эмес тигилиштер болушу мүмкүн же көпчүлүк учурда сыдырма, байламалар да колготкилердин айрылышына көп себепкер болушат.

Колготкини кийгенде аны өтө эле тартып кийбеңиз. Эгер колготки батпай атса анда аны тартып кыйнап кийип кереги жок же аны чоюлчаак эмес деп эсептебеш керек, болгону туура эмес өлчөм тандап алдыңыз.Сүрөт

Капрон колготкинин калыңдыгы den өлчөмү менен өлчөнөт. Саны канчалык көп болсо, колготки да ошончолук калың болуп эсептелет.

а) 5-20 DEN – мындай жука колготкилер жай мезгилине ылайыкталган

б) 30-60 DEN – бул колготкилерди күн сайын кийүүгө болот

в) 70 DEN жана андан да жогору – суук аба ырайына арналган колготкилер

г) 100 DEN жана андан да жогору – курамына пахта камтыган жылуу колготкилер болуп эсептелинет.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   asia_92   02 Сентябрь 2015 - 20:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 494
  • Катталган: 18 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 18:24
  • Калаасы:г Ош..

жакшы кенештер экен

Билдирүүнү түзөткөн: asia_92: 02 Сентябрь 2015 - 20:23

[color="blue"]Салам[\ blue]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   asia_92   02 Сентябрь 2015 - 20:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 494
  • Катталган: 18 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 18:24
  • Калаасы:г Ош..

.

Билдирүүнү түзөткөн: asia_92: 02 Сентябрь 2015 - 20:25

[color="blue"]Салам[\ blue]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   medina.   24 Сентябрь 2015 - 23:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Күздө жана кышындагы күн нурунун аз тийиши адамды апатияга жана уйкучулдукка алып келет. Натыйжада адамдын эртең менен ойгонуусу бир топ кыйындайт, же болбосо алсыз, көңүлсүз ойгонот. “Дагы 5 мүнөт жата турайынчы” деген ойдо уктап калып жумушка же окууга кечиккен учурлар көп кездешет. Мына ушул абалдан арылуу үчүн төмөнкү жөнөкөй, бирок натыйжалуу кеңештерге көңүл буруңуз.

1. Сөзсүз денеңизди кериңиз. Будильник шыңгыраганда төшөктөн ыргып туруу зыяндуу, организмдин ойгонуп, жаңы күнгө көнүүсү үчүн 1-2 мүнөт жата туруу керек. Бул үчүн ойгонор замат ушул күнү сизди күтчү жагымдуу нерсе тууралуу ойлонуп маанайыңызды көтөрүңүз. Андан соң манжаларыңыздан баштап буттарыңызга чейин бардык денеңизди ырахаттануу менен чоюңуз. 10-15 секундадан ар бир манжаңызды укалаңыз. Бул ыкма жаңы күндү сергек баштоого жардам берет.
2. Будильникти алыс коюңуз. Көпчүлүгүбүз эле эртең менен будильниктин үнүн укканда кыжырыбыз келип, өчүрүп салып кайра уктай берет эмеспизби. Ошондуктан кечинде будильникти керебеттин жанына эмес, бөлмөнүн бир бурчуна коюңуз. Мына ошондо эртең менен аны өчүрүү үчүн төшөктөн туруп бир нече метрге басыш керек болуп калат. Бул убакытта бир аз да болсо уйкуңуз ачылып кайра жаткыңыз келбей калат. Кээ бирөөлөр оңой ойгонуу үчүн будильникти атайын шкафтын үстүнө коюшат.
3. Жагымдуу музыканын коштоосунда ойгонуңуз. Жагымдуу жай музыка менен ойгонуу – эң мыкты идея. Будильник шыңгырагандан кийин эле телевизорду күйгүзүп өзүңүздүн сүйүктүү музыкалык телеканалыңызга коюңуз. Сизге жаккан музыканы угуу менен сергек жана жакшы маанайда күнүңүз уланат.
4. “Ароматерапия” ыкмасын колдонуңуз. Тагыраак айтканда, керебеттин жанына эфир майы бар 1-2 ампула коюп коюңуз. Анын жагымдуу жыты менен жеңил ойгоносуз. Мындан сырткары апельсин, жалбыз же грейпфруттун майы да жардам берет. Японияда жумуш берүүчүлөр фабрика-цехтерде жасминдин майын колдонушат. Анткени бул майдын адамды сергек кылып, ишке болгон жөндөмдүүлүгүн көтөрөрү далилденген.
5. Кофе ичиңиз. Эгер сизди жеңил ойготууга кофе жардам берсе, анда кечинде термоско коф
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Begimkyz   07 Октябрь 2015 - 12:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Кыздар кара казанды кантип оңой агартса болот?
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   07 Октябрь 2015 - 13:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения Begimkyz (07 Октябрь 2015 - 09:08) жазган:

Кыздар кара казанды кантип оңой агартса болот?

Отко коюп аябай кызытып туруп кепкир менен кырып тазалап алсаң болот.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Emu-Janyl   07 Октябрь 2015 - 13:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 497
  • Катталган: 18 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Мар 2018 21:53
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Begimkyz (07 Октябрь 2015 - 12:08) жазган:

Кыздар кара казанды кантип оңой агартса болот?

Мен дайым эле ушул ыкманы колдоном.Казанды комкоросунон коюп,от жагам анан ар 10мин сайын алып бычак менен кырып турам,3-4кайталагандан кийин аппак болуп калат.Только ото кучтуу эмес женил отундардан жагыш керек,болбосо казаныныз ээрип кыйшайып калусу мумкун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   madina.87   07 Октябрь 2015 - 15:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Просмотр сообщения Begimkyz (07 Октябрь 2015 - 12:08) жазган:

Кыздар кара казанды кантип оңой агартса болот?

Аврора деген суюктук бар.Ошодон алып келда,казанынды ыссытып туруп,колуна перчатки кийип,аврораны тряпкага малып,казанынды аарчы.аппак болуп калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Mediziner   02 Январь 2016 - 22:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Сүрөт
Кышка карата бут кийим тандоодо жылуулук менен катар ден соолугуңузду да эске алыңыз. Анткени туура эмес тандалган бут кийим басыгыңызды бузуп, ден соолугуңузга терс таасирин тийгизет. Болбосо чын эле “өтүгүң тар болсо, дүйнөнүн кеңдигинен эмне пайда?”



Терини жасалма териден кантип айырмаласа болот?

Жасалма териге колуңузду тийгизип сүртсөңүз, дайыма муздак болуп турса, таза тери жылуу болот. Кесилген же тигилген жеринен анын таза териден экендигин байкоого болот. Себеби теринин ич жагы түктүү болуп турат. Ал эми жасалма териники түгү жок болуп теринин өзүнөн гана турат. Дагы бир текшерилген ыкма: ийненин жардамы менен анын табигый таза териден жасалганын аныктоого болот. Ал үчүн ийне менен бут кийимди сайып көрүңүз. Териде из калбай серпилүү менен жыйрыла түшсө ал табигый, ийне өткөн жер тешик боюнча калса жасалма болуп саналат.


Таманы жана такасы

Бут кийим тандоодо сөзсүз түрдө анын таманына жана такасына көңүл буруу керек. Стандарт боюнча бут кийимдин таманы бир сантиметрден ашпоосу зарыл. Алган бут кийимиңиздин таманынын полиуретан, резина, поливинилхлорид болуусуна көңүл буруңуз. Себеби жогоруда аты аталгандардан жасалган таман бутка суу киргизбейт жана суук өткөрбөйт. Таманында одур-бодур болгонун алууга аракет кылыңыз. Өтө бийик такалуу бут кийим белде жана тизеде грыжа оорусун пайда кылгандыктан кышында гана эмес, жайында да кийүүгө болбойт. Адистер өтө бийик эмес, орточо бут кийимди кийүүгө уруксат берет, бирок бир күндө 3-4 саатка гана. Кышкы бут кийимдин өтө бийик жана ичкесин эмес, биийиктиги 3-4 сантиметр, такасы кенен жайылганын алуу керек. Ал эми эркектердин бут кийимин алууда такасы 1,5 сантиметр бийик болуусу шарт. Мындан тышкары аябай ичке тамандуу бут кийим тамандын формасын бузуп, аны майыштырат. Ошондой эле бут кийимдин таманы ийилип турушу керек.


Ички тигилишиСүрөт

Мында көңүлдү тигилиши менен бирге түктүүлүгүнө бурасыз. Тигилиши бир кылка тегиз болушу керек. Кол менен түктөрүн бир тарапка сүртсө табигый таза түктөр жылтырабаган болот. Ал эми жасалма жылтырап тез эле көзгө уруна түшөт. Көпчүлүк бут кийим чыгаруучулар элди өзүнө тартып таза табигый түктү эл көрүүчү сырткы бетине каптайт дагы, буттун манжалары тарабын жасалма түктөн тигип коюшат. Жасалмалар тез жыртылат жана жылуулук бербейт.

Туура өлчөмСүрөт

Бут кийимди күндүн экинчи жарымында, тагыраагы, түштөн кийин алуу керектигин адистер сунушташат. Себеби кечке жакын бут шишик тарта баштайт да, сиз эрте менен алган бут кийим бутуңузга тар болуп калышы ыктымал. Баш жагы өтө кууш бут кийимдерди таптакыр албай койгон жакшы. Анткени ал бутту кысып кан айлануу процессин бузат. Жыйынтыгында ал артроз оорусун пайда кылып анын өсүшүнө жол ачып, дагы бир топ ооруларга алып келет. Кышкы бут кийимди дайыма 1-2 өлчөм чоңураак алуу зарыл. Себеби сыгып турган бут кийимде бут тез үшүйт. Негизи бут кийим менен байпактын ортосунда кичине боштук болушу керек. Андыктан кышкы бут кийим алып жатканда аны кандай байпак менен кие турган болсоңуз, ошол байпакты кийип тандаңыз.

Көңүл буруңуз:

Кышкы бут кийим тандоодо таза табигый булгаары териден жасалганбы же бутту жылуу кармай турган табигый жүндөн тигилгенби, текшериңиз.
Табигый териден тигилген бут кийим өзгөрүүгө кабылса да формасы менен сапатын жоготпойт.
Замша булгаары колго кармаса жагымдуу, бирок ал жамгырда баткак жармашып, суу тийсе так калып калат.
Тери булгаарыга окшош териден жасалган бут кийимдерди кийүү кыш мезгилине сунушталбайт. Себеби иштөөдөн өткөн жасалма терилер узак убакытка жетпейт.
Сапаттуу бут кийим клей же башка жагымсыз жыт жыттанып турбашы керек.





Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 02 Январь 2016 - 22:18

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Mediziner   02 Январь 2016 - 22:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош




Сулуулукка керектүү жаңы каражаттар

Сулуулук салондоруна кезекке туруу жана ага убакыт коротуп баруу менен кымбат процедуралардын эми кереги жок. Анткени сиздин сулуулугуңузду камсыздоочу жаңы каражаттар чыккан.

Сүрөт

Жалкоолор үчүн тырмак жасалга

– Даяр жасалга өз ичине ар кандай форма жана гүлдөрдү, оюу-чийүүлөрдү камтыйт. Эгер сиз тырмактын учун гана жасалгалоону кааласаңыз, анда негизги өңдү берүүчү лак, каалоңузга жараша даярдалган тырмак учуна Сүрөтжабыштыргыч жана өңсүз лак керектелет. Мындан тышкары бардык колду атайын даярдалган кооз жабыштыргычтар менен жасалгалоо үчүн термо жабыштыргычтар керектелет. Баасы 50-100 сомго чейин.

Сүрөт
Беттин тешиктериндеги кирлерди тазалоочу щётка

Бул щётканы алуу менен косметологго барууну кезек күтүүнү унутасыз. Аны кырындагы баскычтары аркылуу башкарууга болот. Себеби мурундун үстү жана Сүрөтчекени жууй турган щёткасы бөлөк. Ал эми беттин калган бөлүгүн башка щёткасы менен жууйт. Эки кызматты аткарган бул щётка бетти укалоо менен толук тазалайт. Ал үчүн бетти жуучу каражатты нымдуу бетке сүйкөп, андан соң щётканын жардамы менен тазалап салыңыз. Ал бетти тазалап гана койбостон, пайда болгон кара чекитчелерди дагы кетирет. Баасы 1200дөн 1800 сомго чейин.
Сүрөт
Эринге өң берүүчү тинт

Помада сыяктуу эринге керектүү өңдүү берүүчү бул сулуулук каражатынын жакшы жагы - тез эле өчүп калбайт. Бирок помадага окшоп жылтылдабайт. Канча тамак ичсеңиз же эриниңизди жууп салсаңыз дагы өчпөй 3-4 күнгө чейин тура берет. Себеби анын курамындагы кичинекей молекулалар эриндин үстүңкү катмарындагы эпидермиске жармашып узак убакыт сакталат. Тинт суюк помадага окшош болот.

СүрөтЭки тарабы тең клейленген сурма чыгаргыч

– Сулуулук каражаттарын сатуучулар эки жагы бирдей клейленген сурма чыгаргычка суроо-талап жогору экенин айтышат. Бир кагазда 44 даана сурма Сүрөтчыгаргыч бар. Анын бирин алып каалооңузга карап чоң же кичине сурма чыгарып алсаңыз болот. Ал үчүн бир сурма чыгаргычты сыртындагы каптамасынан сыйрып көзүңүздүн үстүнө сурма чыгаруучу жерге жармаштырасыз. Катуу жармашкан соң аны атайын башы тырмооч сымал ийилген кыпчуурдун жардамы менен сурманы жармашып турган жерине түртүп киргизесиз. “Көзүм шишип калды” деп кайгырбай кете берсеңиз болот. Бирок кечинде сурма чыгаргычты алып салыңыз. Эскертүү: аны бир эле жолу колдонууга болот. Аталган сурма чыгаргычты дайыма колдонгондо көздүн үстүнө сурма эмес, тоголок шишикчени пайда кылып, ал көздүн үстүн жаап калат. Баасы 250 сом.

Сүрөт
Кара чекиттерди тазалоочу жабыштыргыч

– Дайыма тоналдык бет майды колдонуп, бирок аны жатарда өчүрүп жүрбөгөндөрдүн мурдунун үстүндө тешикчелер пайда болуп, ал тешикчелерге капкара кирлер толуп калат.СүрөтАны мурун сулуулук салондоруна барып тазалаткан болсоңуз, эми үй шартында өзүңүз тазалай берсеңиз болот. Ал үчүн мурундун үстүндөгү кара чекиттей болгон кирлерди тазалоочу жабыштыргычты алып, бетти скраб менен тазалап алган соң мурундун үстүнө жабыштырып 10-15 мүнөт кармайсыз. Ал капкара болгон кирлерди тазалап гана чектелбестен, ашыкча майларды жок кылып, терини жылмакай кылып коёт. Өтө кургап кеткиче кармабоо зарыл. Себеби аны тартып чыгарганда терини кошо сыйрып кетиши ыкмымал. Жумасына бир жолу колдонуу керек. Баасы 250-300 сом.
Сүрөт
Химиялык күйгүзүү жолу аркылуу чачты түздөө

Чач 95 пайыз кератинден турат. Ал кератиндин курамына жараша чач буралып, тармал болуп турат. Тиогликоль кычкылы бурала берген чачты түздөгөндүктөн адистер аталган кычкыл аркылуу кератинди күйгүзүү менен чачтарды 3 жана 6 айга чейин түздөйт. Чачты күйгүзүү аркылуу түздөгөндө Сүрөтэтиеттикти талап кылбаса, чачтын сапаты бузулат. Баасы 1700 сомдон башталып чачтын узундугуна карата акчасы жогорулай берет.

Сүрөт

Клей жана атайын сурма чыгаргыч кыпчуурСүрөт

– Атайын даярдалган косметикалык клейдин жардамы менен сурма чыгарууга болот. Алгач сурма чыгара турган жерди кыпчуур менен белгилеп алуу керек. Андан соң ошол белгиленген жерге клейди сүйкөп, ал теринин өңүнө окшошуп катып калгыча күтө туруу зарыл. Бул көрүнүштү 2-3 жолу кайталоо керек.

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Vishenka   02 Январь 2016 - 22:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 279
  • Катталган: 22 Май 14
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 16:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Турция Анталия

Беттеги кара чекиттерди(черные точки) желатин+активированный уголь менен кетирсенер болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   Mediziner   02 Январь 2016 - 23:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Чачты өз алдынча боёонун эрежелери
Сүрөт
Азыр айымдардын көбү чачынын табигый өңүн башка өңгө буруп ар түрдүү, ар өңдөгү чач боёкторду колдонуп жүрүшөт. Айрымдары салондордон атайын адистерге боётсо, көпчүлүгү үйдөн өзү билгениндей боёп алышат. Үйдөн чач боёгондо кандай кемчиликтерди кетирериңизди билип алып, аларды кайталабаңыз.

1.Боёктун өңүн сүрөтүнө карап тандайсыз. Тилекке каршы, ал боёк каалаган түсүңүзгө окшобой калат. Себеби ал чачыңыздын табигый түсүнө же мурда боёлгон боёгуна жараша өзгөрүп кетиши мүмкүн. Андыктан кагаз кутучанын артындагы табличкадагы өңүнө карап тандаңыз.

2.Адегенде боёкту сынап көрүңүз. Боёкту бекер короткуңуз келбей же убакытты текке кетирбейин деп чачыңызды теңирден тескери түскө боёп алышыңыз мүмкүн. Өзүңүздү, чачыңызды аясаңыз, алгач желкеңизден бир тутам чачыңызды боёп, жыйынтыгы кандай болорун байкаңыз.

3.Аллергияңыз барбы же жокпу, байкаңыз. Көпчүлүк аялзаты чач боёодо бул эскертүүнү эске алышпайт. Кокус боёк териңизге жакпаса, кычышып, дүүлүгүп, жараат пайда кылып, жадагалса чачыңыз түшүп да калуу коркунучу бар. Андыктан кулактын алдына же желкеңизге боёкту сүйкөп текшерип көрүп, анан боёңуз.

4.Териңизди сактай билиңиз. Чачыңызды боёрдон мурун чачтын түптөрүнө майлуу бет май же вазелин сүйкөп алыңыз. Ал боёктун териңизге тийип так болуп калуусунан коргойт.

5.Боёрдон мурун чачыңызга бальзам колдонбоңуз. Чачыңызды боёрдо 1-2 күн жуубай эле турганыңыз оң же жуусаңыз да чачка сүйкөөчү бальзам колдонбоңуз. Себеби бальзам чачтын сырткы катмарындагы майда тешикчелерди жаап салат да, боёк бир калыпта боёлбой калат.

6.Боёкту чачта көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн узак кармабаңыз. Боёкту узак убакытка чейин кармоо чачыңызды түп-тамырынан бери жабыркатып, күйгүзүп салат. Ошондой эле боёктун мөөнөтү чектелүү болгондуктан көрсөтүлгөн убакыттан ашса боёгонго болбойт.

7.Боёлгон чачка шампунду туура тандоо керек. Чачты какачтан арылтуучу шампундун курамында күчтүү тазалоочу кошулмалары болгондуктан жасалма түстөрдү жууп салат. Андыктан боёлгон чачтарга гана арналган шампунь колдонуңуз.

8. Салондон боёңуз. Чачыңызды үйдөн боёсоңуз, өзүңүздүн табигый чачыңыздан 1-2 тонго ачыгыраак же күңүртүрөөк эле өңгө ээ болосуз. Андыктан салонго барып адистен кеңеш алып, анан боётконуңуз оң. Ал сизге көзүңүздүн өңүнө, жүзүңүзгө карап түс тандап берет.

9.Алгач чачтын түптөрүн боёп алуу керек. Эске сала кетчү нерсе, чачтын учу майда тешиктүү келип, түп жагы тыгыз, коюу кеткендиктен тегиз боёгондо билинбегени менен түп жагы ачыгыраак өң берет. Андыктан адегенде чачтын түптөрүн боёп алуу шарт.

10. Боёлгон чачты 1-2 күнгө чейин толук жуубаңыз. Чачыңыздагы боёк жакшы сиңиши үчүн жок дегенде бир суткага чейин толук таза жуубаңыз жана чач жасалгалоочу каражаттарды колдонбоңуз.

11. Боёкту аралаштырар менен дароо колдонуу сунушталат. Себеби аралаштырылып туруп калган боёк менен боёлгон чач күңүрт түскө ээ болот.

12. Боёкту эч качан шампунь же бальзам менен аралаштырбаңыз . Андан боёк өзүнүн сапатын жоготот. Эгер чачыңызды боёгонго жетпей калат десеңиз, эки таңгак сатып алыңыз.

13. Темир тарак колдонбоңуз. Темир кычкылданып боёкко таасир этип, жыйынтыгында боёктун өңү өзгөрөт. Андыктан пластика, керамика же жыгач тарак колдонуңуз.



Башты туура жуу үчүн дарыгерден кеңештер

- Тери ооруларынын дарыгерлери байкоо жүргүзгөндөй, баштын териси чачтын түбүнө топтолгон кирден катуу жабыркайт. Чачтагы май, чаң, кир бактериялардын көбөйүүсү, азыктануусу үчүн шарт түзүп, теринин дем алуусуна тоскоол болот. Анын кесепетинен чачтын түптөрү өзүнө пайдалуу заттарды ала албай, чачтын өсүүсүн жайлатат.
- Башты чачтын түрүнө карап жууш керек. Мисалы, майлуу чачты 3-4 күн жуубай койсоңуз, башта май көп бөлүнүп чыгып, жабыркоосуна алып келүүсү толук мүмкүн.
- Көпчүлүк ысык сууга баштарын жууну туура көрүшөт. “Майлуу чачты ысык сууга жууса, кири бат кетет” деген туура эмес. Ысык суу, тескерисинче, чачты кургатып, майланышууну тездетет. Суунун оптималдуу температурасы 40-50 градус болсо, кирди оңой кетирип, кан айланууну жакшыртып, чач түптөрүндөгү теринин майларын оңой жок кылат.
- Чачты жууну муздак суу менен аяктоо пайдалуу. Ал чачты жалтыратып, кан айланууну жөнгө салат.
- Чачка маска жасаганда анын абалына караңыз. Катуу жабыркаган чачка күн алыс, нормалдуу чачка жумасына эки ирет маска койсо болот.
- Чачты шампунь менен жууган соң бальзам сүйкөө сунушталат. Бальзам чачыңызга жалтырак түс берип, серпилгич кылып коёт. Бальзамды чачыңызга түбүнөн учуна чейин сыйпап, 5-7 мүнөттөн кийин чайкап жууп салууңуз керек. Баштын терисине сүртүү сунушталбайт.
- Чачыңыздын түрүнө жараша эфир майларын аз өлчөмдө суу чачка сүйкөө керек. Жабыркаган чачтар үчүн бул өтө пайдалуу.
- Эгерде чачыңызды дайыма чач кургаткыч менен кургатып же үтүк колдонууну туура көрсөңүз, анда атайын термокоргогуч чачкычтарды колдонуңуз. Анткени чач кургаткыч же үтүк колдонууда чач сынып, түсүн жоготуп, түшө баштайт. Термокоргогуч чачкычтардын курамында табигый протеиндер, Е, В5 витамини, дары чөптөрдүн кошулмалары болгондуктан чачты көрктүү, көлөмдүү кылып, жасалгасына да жакшы натыйжа берет.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 02 Январь 2016 - 23:28

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Nazik0116   28 Апрель 2016 - 18:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 01 Февраль 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2019 15:34

Билгенден билбеген көп, ушундай :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   Mahabbat   28 Апрель 2016 - 20:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 454
  • Катталган: 10 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 27 Авг 2016 07:22

Аябай пайдалуу кенештер экен, рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Nazik0116   28 Апрель 2016 - 23:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 01 Февраль 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2019 15:34

Бүгүн көөп нерселерди окудум, чоң рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Mediziner   30 Апрель 2016 - 15:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Сулуулугубузга зыянын тийгизүүчү 15 ката:

1. Башты күндө жуу.
Башты күндө жуу менен чачыбыздын өңүн өчүрүп, аны ичке жана алсыз болуусуна шарт түзүп алат экенбиз.

Сүрөт




2. Кондиционерди чачтын түбүнөн баштап, чачтын учуна чейин сүйкөө.
Кондиционерди сүйкөөнү чачтын ортолугунан гана баштоо жетиштүү. Себеби чачтын ушул бөлүгү чач түбүнөн чыккан нымдуулукту албайт.
Сүрөт


3. Чачты фен менен кургатууда, аны эң жогорку ысуу жөндөмүнө коюу.
Чачыбызды тезирээк кургаткыбыз келет. Бирок фенди максималдуу ысуу жөндөмүнө коюп чачыбызды кургатуу, чачтын алсызданышына алып келет. Чачты ортоңку ысуу жөндөмүндө кургаткан оң. Мүмкүн болсо такыр эле фен колдонбой койгон оң.
Сүрөт


4. Үтүктү нымдуу же суу чачтарга колдонуу.
Үтүктү кургак чачтарга гана колдонуу керек. Элестетсеңиз, суу чачыңыздын ысык үтүк ортосунда "куурулуп" жатканын.
Сүрөт


5. Чачты такыр кыркпоо.
Чачты кыркпай өстүргүсү келген кыздар да, ар 6-8 жумалыкта 2-3 см узундукта чачын кыркып туруусу керек.

Сүрөт


6. Чачты бат-баттан тарай берүү.
Канчалык чачыңызды көп тарасаңыз, ошончулук чачыңыз бат кир болот. Себеби сиз чачыңызды тарап жатканда, колуңуз менен да чачыңызды кармалайсыз. А кол терисинен табигый май бөлүнүп чыгып турат.
Сүрөт


7. Чачты бетке түшүрүп уктоо.
Чачын жайып уктаган айрым кыздар, эрте менен караса бети кошулуп жабылып калган болот. Бул биринчиден гигиенага туура келбейт, чачты байкабастан жутуп алсаңыз эмне болот? Экинчиден бет териси да дем алышы керек. Узун чачтуулар жакшысы чачты бош кылып байлап жаткандары оң.
Сүрөт


8. Каптал тарапты карап, бүрүшүп уктоо.
Мындайда моюн, көкүрөк терилерине, күч келип, бырыш түшүүсү мүмкүн. Мүмкүн болсо чалкалап жатуу талапка ылайык.

Сүрөт


9. Эрте менен атайын тери каражаттары менен бетти жуу.
Бетти жакшысы түнү атайын каражаттар менен тазалап жууп жаткан оң. Ал эми эрте менен жөн гана жууп коюу жетиштүү. Себеби бетиңизге эрте менен макияж кылууда да артыкча көйгөй жаралбайт.
Сүрөт


10. Макияжды ваннага же душка түшүү алдында өчүрбөө.
Көпчүлүк айымдар ушул катага жол беришет. Макияжды ваннадагы каражаттардын (шампунь, гель), самын) жардамы менен эмес, атайын бет териси үчүн арналган каражаттардын жардамы менен өчүрүү керек.

Сүрөт
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Mediziner   30 Апрель 2016 - 15:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кашка кам көрүүдөгү катачылыктар.

1. Кашты тарабоо.
Кашты атайын боёгон соң, сөзсүз түрдө артынан атайын каш щеткасы менен тарап коюу керек. Бул каштын көркөмдүү, иреттүү болуп туруусун шарттайт.
Сүрөт


Сүрөт



2. Кашты өтө эле узун чийүү.
Каштын бүткөн чекитин, узарта чийүү, беттин түзүлүшүнө да таасирин тийгизет. Айрым мультфилм каармандарына окшоп калууңуз мүмкүн. Жакшысы кашты көздүн четки кырына чейин гана узартуу талапка ылайык.
Сүрөт

3. Каштын бир бөлүгүн гана боёп коюу.
Айрымдар каштын ортосун же баш жагын гана боёп коюусу мүмкүн. Бул кашка эч кандай деле эффект бербейт. Кашты башынан баштап, учуна чейин боё керек.
Сүрөт


4. Каштын аркасын өтө эле көторүп боё.
Каштын аркасын көртөрүү көз-карашты өзгөчө кылууга жардам берет, бирок баарынын чеги болуш керек.
Сүрөт

5. Айрым "токол" жерлерди ошол бойдон катыруу.
Каштын айрым жерлери каш чачы жок, ачык болушу мүмкүн. Мындай учурда ал жерди ошол бойдон калтырбастан боёп коюу керек.
Сүрөт


5. Кашты ашыкча боёп жиберүү.
Каш иреттүү көрүнүүсү керек, бирок мында ашыкча боёкту колдонуунун кереги жок. Каш табигый көрүнүүсү керек.
Сүрөт
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Mediziner   30 Апрель 2016 - 18:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Күнүмдүк кеңештер

Бир жака шашылыш баруу керек болуп жатканда, бетиңиздеги безеткилер ойлондурчу болсо, 1 таблетка аспиринди бир-нече тамчы сууга ээртип, көйгөйлүү жериңизге сүртүп, 10 мүнөт коюп коюңуз. Безеткилер бир аз да болсо билинбей калат.
Сүрөт


Бийик каблуктуу бут кийимди кийип жүрүп, чечкенден кийин бутуңуз ооруксунушу турган кеп. Мындай учурда бутуңузду муздак сууга 5 мүнөт салып, андан соң тапандан баштап буттун учуна чейин атайын массаж жасасаңыз жакшы.

Сүрөт


Көпчүлүк кыздар ыйлаганда жүзү ишип, кызарып кетет. Бул ишикти батыраак жоготуу керек болуп жатса, жылуу сууга тузду кошуп аралаштыры п, бет аарчы чачыкты ошол сууга малып, бетке аны 10 мүнөт басып турса шишик бат кетет.
Сүрөт
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Asman...   07 Май 2016 - 08:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 27 Февраль 14
  • Соңку аракети: 03 Янв 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Саламатсыздарбы? Урматтуу эже сиңдилер. Сиздеден бир кеңеш сурайын деп жатам. Теманы кайсы жерге ачышты билбей ушу жерге келдим.
Менин балам килемге гарашокту төгүп койду эле. Сийдиктин жытын кетире албай жатам. Килемди жууганга аябай чоң. Убактылуу жуугандан башка кандай жол менен жытын кетирип турса болот? Сураныч билгениңиздерди айтып коюңуздарчы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 29 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 29, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 02:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: