Суперстан: Ээсин жоготкон үй - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ээсин жоготкон үй өмүр баян, кызыктуу

#1 Пользователь офлайн   jurogumdosun   01 Май 2016 - 19:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Апрелдин аягында денсоолугума байланыштуу эмгек ооргусуно эрте чыгып, жылкынын сутун ичкени оз мекениме жонодум. Шаардын ызы- чуусунан жадаган жаным, 9 сааттык жолго балам экообуз чыктык. Уйго келдим баарып алып кечкери уктайм деген кыялым бузулуп, агамдын балдырынын ызы-чуусун жактырбай турдум, келгениме уч кун болбой жатып, балама болуша берип, алар озулору кожоюн болуп калган биздин мурунку уйдо аларды уруша берип журогунун да ушун алып буттум. Ата- энем кечкери жумушта, кечинде то тойго же тоого кеттип алар да уйдо турушпайт. Кой женеме жаман коруп жата бербейин деп, жолдогу кыяларданган кыялдарды да кече тургандаймын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   jurogumdosun   01 Май 2016 - 19:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Апам келгенде суйлошуп, таенемдин бир жылдан бери эчким жашабаган уйуно жономой болдум. Жылкылар байлана элек болгонуна байланыштуу. Биздин кичине шаардан анча алыс эмес, эки сааттык жол болсо дагы, такси котуруп пересетка менен барат экенсин. Баламы алып жоноп калдым, бара жатканымы о
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   jurogumdosun   01 Май 2016 - 19:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

шол жакта таэжеме айткам, ачкыч алда экен. биздин шаардан эки саат жол болсо дагы пересетка кылып барат экен ( коптон бери барбаганга билбейт элем). Ошентип эки сааттык жолго балам экообуз чыктык. Обед ичип чыгып, эки саатта,саат экиде, экообуз айылга кирип келдик. Талаа иштери
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   jurogumdosun   01 Май 2016 - 19:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

башталып, элдер кун тийген талаада иштеп журошот. Жолдон тушкондо кен талаалуу, жолдору чан, мал жыттынган айылга кирип келдик. Тээ кичине кезимде бул айыл, жолдору, уйлор козумо аябай чон корунчу, азыр баары кичине корунуп, тан калгандай карап коз чаптырдым бир сыйра айылга. Ангыча болом ачкычты алып келип, кок дарбазада чон кара кулпту ачып калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   jurogumdosun   01 Май 2016 - 21:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Таэжем талаада экен, болом экообуз ал-жай сурашып, алып келген белектерими берип чай ичип отурдук, балам жолдон чарчаганга бат эле уктады. Мен жайгашып, чандарды арчып, арча аластап, короого чыктым. Бала кезде бул бакча мен учун учунан башы корунбочу, ичи жапжашыл шибер, алма бак эле, аттин ошо кундор. Окуй элегимде ушу уйдо чонойгом, ушул бакта канчалаган тилектеримди тиленгем, кыялдангам, негизи аябай кыялкеч жан элем, таятам, таенем, таежелерим, тайкем, бололорум баарыбыз бар элек, бул уй шандуу эле. Эми азырчы...
Азыр муунду, кароосуз калган, бардык жерде таенемин элеси.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   jurogumdosun   01 Май 2016 - 21:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

кечинде чогулуп чай ичтик. Андан сон таэжем менен таенемди эскерип, ага багыштар куран тушурдук, суротторун коруп кеч жаттык. Тундосу тушомо таенем кириптир, баягыдай эле мээримдуу, айланып- тегерип эле мага бата берип жатат. Эрте туруп короону тазаладым, короонун алдындагы сууга жундум, чай даярдап аларды уйуно узаттым, болом мени мн калмай болду, негизи уйу 10 муноттук эле. Таенемди эскерип, эми бул жагын таенемдин озунун созу менен жазам. Буларды таенеммен озумун укканымды, таеже- таякелеримден, жоро-жос, авысын- кайынсиндилеринин сураштырып, таенем озу жазгандай баяндайын ээ, анда кеттик..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   jurogumdosun   01 Май 2016 - 22:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Менин балалыгым бактылуу уй-булодо отту. Илгери агасы олсо, кайнисине берип коюшчу го, менин апамды да, кайнисене алып беришкен, алардан мен торолгом. Негизи апамдын биринчи куйоосунон бир кызы болгон, балдары турбай, ал кызын тороп бироого сатып, кайра сатып алышып багышкан экен. Ал эми атамдын бир уул, бир кызы болгон. Согуш жылдарында атам мн агасы согушка кетип, апам авысыны, чон энем болуп уйдо калышкан экен. Авысыны ооруп журуп бул дуйнодон кош айтышат 1943- жылы ( ошондо бул атамын биринчи аялы да). Балдарын апам карап калып, кийин апамы апа дешип калышкан. Апамын куйоосунон 1944 -жылы кара кагаз келет, апам ыйлап сыктап, 3 жетимди тыштай албай, анан калса карыган кемпирди тыштай албай, ошол уйдо калып калат. 1945- жыл, СССРге жениш орнойт, бирок кайнисинен дайын болбойт, согуштан келбейт, декабрлар беле апамын эсинде жок, кышта чон энем кайтыш болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   jurogumdosun   02 Май 2016 - 02:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Ошондо апам боздоп ыйлап, 3 жетим менен эч жака кете албай калат, апамдын агасы келип кайнинкин тышта,кызын менен алып кетейин дегенде апам барбай коет, ачка калсам да багам ушуларды деп, жаз чыгып келе жатканда кайниси ( атам) согуштан келет, корсо пленге тушуп, немецтер кийин бошоткон экен, айтып калчу: " беш кол тен эмес" да, немецтерде деле жакшы адамдар бар экен, жакшы немецтин колуна тушуп, эч жериме залал келтирбеген" деп калчу. Атам келген сон, туугандары чогулуп, апамы кайнисине беришет, туура 3 жылдан сон апам кайнисинен мени торогон экен. Балалыгым бактылуу откон, апам саанчы, атам фермер, агам атама, биз апама жардам берип ушул уйбулоонун кокурок кучугу, эрмеги болуп остум. Бирок талаада жашаганыма байланыштуу кат- сабатым жок калдым, 1962-жылы уйго активистер келип мени окууга чакырышат, ошондо мен 13-жашта элем, эсимде окуубайм деп, буудай аралап качканым, озумон кичуулор менен окууганга ардансам керек, аттин окуп алсам болмок, кереги тиймек эле деп таенем окунуп калчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   jurogumdosun   02 Май 2016 - 02:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Эжелерим турмушка чыкты, агам камалып кетти ( эмнеге экенин сурабапмын- мен(автор)). Мен дагы 16 жашымда апамын кызы, экинчи эжемин уйуно барып, жездемдин алысыраак тууганы бар экен, сары жуздуу, коздору кок, орто бойлуу жигит бар экен, ошол адам мени жактырып уйуно ээрчитип кетти. Аты Анарбек эле. Озу жаштайынан жетим калышкан экен, 3 бир туугандын экинчиси, бир агасы, бир карындашы бар экен, карындашын тууганы багып алган экен, агасы да уйдонуп, кайнатасынын уйундо жашайт экен. Жаш экем, жур десе кете бергем, мени бир атасынын тууганыгын уйуно алып барган келин кылып. Ошентип 16 жашымда башыма туйшук артып, бир коломтону тутанта баштадым. Балээнин баары бир жумадан сон башталды. Менин куйому апасынын синдисинин кызына болушуп койгон экен, ошондо таежеси келип жанжал салып, уйубузго кызын алып келип салды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   jurogumdosun   02 Май 2016 - 02:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Озубуз аран сыгылып бир кепеде, тууганын уйундо жашасак, эми бизге дагы бир адам кошулду, ал убакта адамдардын пейли кен эле, айтор авам деле унчуга албады. Кечинде куйоом мени мн жатты, эрте мн мен эшиктерин шыпырып кадимкидей келиндик милдетимди аткарып журдум, ал кыз деле журот, кадимкидей жашап, айтор биз мн тамак жеп. Тушто дагы ал кыздын апасы келип жанжал салды, кечээ мага асылбады эле, бугун келип асыла баштады, мен тушунбой эле куйому жалтактап карайм, айтор тушоно албадым. Кечинде авам бизжи чакырып, качырып жиберди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   jurogumdosun   02 Май 2016 - 03:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Ошентип канча басып, канча кыр ашканым деле эсимде жок, айтор азыркы Озбекстандын Наманган шаарына келип отурукташып калдык. Куйоом мага караганда жетим оссо да, окууган, элпек, иш билги жан эле, тез эле отурукташып жашап кеттик, анда совет мезгили адамдын баары бирдей,баарыбыз мамлекет учун иштейбиз. Бара- бара ал жерге деле конуп кеттик, арадан беш жыл отсо дагы менин согончогум канабады, деги эле ушу шаарга келгенден бери менин айызым келбеген.
Озуму суроттоп бербепмин го, мен кара тору, коздорум бакырайган, кашы- козум кара, эки чачым орулгон сулууча келген жан элем, торобогонго, анан жаш тийгениме байланыштуу ото жаш корунот белем, айтор эркектер мени коп соз кылышып, кызганычтын айынан коп коп урчу куйоом. Акыркы кундору уйго камап да кете турган болуп алган. Беш жыл дегенде мени апам издеп келди, бул жакка келип жайгашканда кат жазган куйоом. Апам торобогонуму коруп кейиди, айтор мени молдо, табып, козу ачыктарга корсото баштады. Кимге барбайлы баары эле бироо жолун байлаган, жандырыш керек, антпесе торобойт деп, айтат, бирок жарда. болбой дагы бир жыл убакыт отуп кетти, апам дагы торошумон тунулду окшойт, тыштап кетти мени, ошондо ушундай тозокто жашарымды билсе деле неге ээрчтип кетпегенин тушунбойм же ал убакта заман башкача беле.
Айтор кошунам бир озбек аял коп уйго кирип чыкчу, мага боору ооручу болуш керек, кундо кок ала болуп сабалганыма. Ошол бир козу ачыкты айта баштады, бирок ал убакта козу ачыктар жонундо соз кылгандан коркчубуз, мамлекет билсе аларды камачу, бирок озбектер ошондойго жакын жандар эмеспи, айтор мени ээрчитип бармай болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   jurogumdosun   02 Май 2016 - 09:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Озу барып жазылып, мени жума куну тиги козу ачык ээрчитип кетмей болуптур. Кошуна эже нары отуп, бери отуп куйоому кондурду, бир кунго деп, иши кылып даярданып, жума кунун куто баштадым. Мен куткон кун да келип кеч кирди, куйоом ээрчитип жоноду, кошунам айткан экен бир жерге алып бар, озу тосуп нар жакка эрчитип кетет деп, биз жетип куто баштадык, келди узун бойлуу, чачы эркектердикиндей аял экен, эркектерден башка чачы жыланбаш аялды корбогонумо коркуп турдум, бир койдун акчасын сураптыр, куйоом макул болду, кошунам жакшы эле мактаган го, куйоом оной менен созго келчу жан эмес эле. Куйоом калды, мени ээрчитип жоноду, ии баса аялынды сенин туугандарын дубалаткан, мурзодон топурак алып келип эшикке чачкан, аялын аны шыпырган, сага менустрациясынын канын тамагына кошуп берген деп айтты, куйоом ишендиби же билчубу баягы кызын берем деген таежесинин колунан келээрин, билбейм айтор макул болуп, мени ошо аялга кошуп берди, 3 кундон кийин ушу убакта ушу жерден тосуп ал деди. Уйдон чыгып корбогон жаным, озбектердин бир талааларында бир аял
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   jurogumdosun   02 Май 2016 - 10:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

мн жонодум. Атам тааныбаган аялга ишенип, тороп алайын деп артынан эрчидим, улам бир дуаны айтат мен кайталайм, келе жатканда адашпайын деп жолдорго улам таш тизип барам, жолдогу айылдардан эки келинди алды, каякка барганымды азыр деле билбейм, тан сургондо жетип бардык, уктап эс алгыла, тушто тамактанасынар деп бир болмого алып кирип тошокторду коргозуп чыгып кетти, ар кимибиз озубузго тошончо салып, оз ойдорубуз мн уйкуга кеттик. Тушко маал туруп, чай ичтик. Тиги козу ачык соз баштады мага карай сени дуалатып салган, торогонго жардам берем, бироу эскирип калыптыр, баарысы жанбайт деди. Силерди бироолор кимсинер десе тууганыбыз дегиле деди, чын эле кечке маал форма кийген бир чон киши келип, бихди суракка алып, тигинин уйун тинте баштады, акыры тиги аял акча берип кетирип жиберди. Кечинде бизге кухнянын там башынасына жери кабат тошок салдырып, устуно аппак жаны шейшеп салып, бизди жыланач кылып ошол жерге жаткырды да, тундо бир дуаларды окуп, улам бизди суфулоп, бироолор мн урушуп, чыбык мн бизди жууркандын устунон сабап айтор туну менен окууду, танга жуук тушуп, уйго кирип жаттык. Ошентип уч тун окуп, кайра бизди уйлорубузго алып жоноду. Жолдон тиги келиндер калды, мени да жеткирди алчусун алып кетти. Куйоом экообуз дагы болсо балага умут байлап жашап калдык, бирок боюма бутподу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   jurogumdosun   02 Май 2016 - 10:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Баягы эле кызганычтын айынан куйоом кундо ура баштады, бирок бирда жолу торобойсун дебеди. Июль айы эле уйдо жатсам баягы кошунам кирип, негизи кирип кээде мага тамак берип журчу, тур ушинтип жата бересинби мен кыз берип жатам, эртен той,келип аш жаса деп чакырып кетти. Туруп кузгудон карапсам, анча карый тушупмун, чачтарып биттеп кетиптир, тазаланып жуунуп, бутума колоч жок, куйоомун мага чон колочун кийип бардым. Озбектердин сурнайы чалып той башталды, мен казан башында аш жасап жатам, бир маалда эле ылдый жагыман бир нерсе куюлуп агып кетти, галочум толоо кан, чуркап туалетке жонодум, агып жатат, суудай болуп улам тазалап жуйм, ошентип 7 жыл келбеген айызым келип, 10 кун кан агып келген, жаш болгонмунбу врачка деле барбапмын. Кийин боюма бутту, биздин бакытта чек жок эле. Тогуз ай отуп 9- майда кыз тородум, Жениш куну торолсо дагы, куйоом кудундап суйунуп качантан бери камдап жургон " Бегимай" деген ат койду, кызы сары, козу кок атасынын эле копиясы эле. Ошентип биздин кочодо да майрам болуп, уй шанга толду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   jurogumdosun   02 Май 2016 - 10:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Ии баягы мени дуалаткандар куйомо кызын берем деген кыздын апасы экен, мурзодон топурак алып келип эшик алдына чачкан экен, мен аны шыпырган экем. Дуа эскиргенге куйом ичкенин койбой мени урганы ошондон го деп ойлочумун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   jurogumdosun   02 Май 2016 - 11:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Кызымдын кейпи, кыял жоругу жада калса бойу да куйомо окшош эле, экоосу да жакын бири- бирине ынак эле, кызым 5 айында кайра Кыргызстанга кочуп келдик, туугандардын арасынан жер беришти, уй салдык, жазында мал алып жайлоого кеттик, ал ортодо дагы боюма бутуп жазда дагы кыз тородум, анда балдар кеч жормолочу, жайлоодо колумда алдейим, тантун басып жормологон чон кызым бар. Кароодо калхоздун малы. И баса экинчи кызым мага окшош, артынан уул келсин деп атын "Уулжан" койгонбуз. Бир куну куйоом айылга кетип, эки кызым, мал мн жайлоодо калдым, кыздарымды боз уйго тыштап, малды жайгарып келсем, кичуу кызым ыйлап, тиги кызым ойноп жатыптыр, Бегимайга конул бурбай кичуумду эмизип, алдын кургактап чыккыча Бегимай жок, эшикке чыгып эле таппай калдым, нары чуркайм, бери чуркап, сууну карасам кызым копуронун ортосунда жормолоп баратат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   jurogumdosun   02 Май 2016 - 17:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Чуркап баратам же жетпейм, козумон жаш куюлат, эх эне учун бала кандай кымбат, бир канча секунда ойума эмнелер гана келбеди, аттап- буттап жетип барып, кызымы ала койдум, кызым чочуп ыйлап, ата- ата дейт, корсо атасы ошо жактан атасы кеткенин коргон экен. Куздо уйубузго келдик, эки жылдан сон 3 наристеми жарык дуйного алып келдим атын ханыша болсун деп " Канышай" койдук, бир жылдан сон дагы кыз тородум , бир кезде торобой жургон кыялыбызга жеттик деп атын "Кыялбу" койдук. ошентип торт кыздуу болуп уйубуздо кубаныч жанырып турду, кийинчерээк апамы колго алдым кыздары каралашат, кичуу кызым ото эле слабый эле, кечкери которуп болницалап эле журчумун, кудайга шугур улуу кыздарым колдон иш алып калышты. Талаанын иштерине улуу эки кызым атасына жардам берет, Канышай эркекке окшош эле, кечкери мал карайт, короо иштерин бутурот, улуу кызым Бегимай уй иштерин, Уулжан талаа иштерин кылып журушту, ушу кызым намыской эле Анарбайдын эркек баласы жок, талаа иши калып кетти дейт деп, туштонууго чыкпай иштечу, атасы кубалап журуп тамак ичирчу. Кийинчерээк дагы боюма бутту, врачтар кооптуу торобо десе болбой уул тороп алайын деп болницалап, жормолоп журуп тородум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   jurogumdosun   03 Май 2016 - 07:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Кыз тородум, апам кыздарымды карап уйдо, врачтар эми торосон олосун торобо дешип айтты, кызым уч ай болгондо ооруп калып болницалап калдым, апам, кыздарым кызымды чонойтуп алышты, эми бурулсун деп атын " Бурул" койгонбуз. Бурул бир жаш эки айында апам каза болду, озум ооруп журом, кыздарым, анын устуно кайын журтум улам куйому уулду болбой отосузбу, оорукчан аялды кетирин дешип кулагына куят, айтор мас болуп келип уул торо дер жанжал салып, мени олгондун умтуно комгон кылып жашоо кыйнап салды. Кийинчерээк баягы агам мн эжем катыша баштады, биртууган керек болуп издеп барышты, агам турмодон чыгып уйлонуп 6 кыз, 1 уулду болуптур, эки кызын куйоого бериптир. Эми торкунум бар, кайын журтка кичине болсо дагы кадырым бар боло туштум. Кичуу кызым 6 жаш, Уулу кызым 9 класс болгондо менин торкундоруму чакырып коноктодук, ошондо агамын экинчи кызы экинчи уулун которуп, куйоосу биринчи уулун которуп келишти, сыйладык. Ошол синдим ии ининер жок экен, мен кайсы уулумду берейин деп кыздарыман улам сурайт, кыздарым алдейинизди бизге беринчи дешип суранышат. Анан арык, адам кылып алам десениз алыныз, анын устуно тили да жабышкан( уздечка) тантык болот кийин, биз оз жаныбызды аран багабыз деп тыштап кетти. Арык кичинекей 3 айлык наристе биздин уйго бакыт алып келди, ичкенин токтотуп уулубузгп мээримин того баштады. Которуп журуп адам кылып алдым баламы, туура эки айдан сон, синдим баламы ыйлап келип алып кеттем деп туруп алды. Эки айда балага мээрим тогуп калыпбыз, журогум канап ыйлап турдум, кыздарым чыркырап улам эшикке алып качат бербейбиз деп, бирок бала аныкы мен ээ боло албайт элем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Bermet_Kasymova   03 Май 2016 - 14:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 269
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2019 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Коп-коптон жазынызчы сураныч.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   jurogumdosun   03 Май 2016 - 15:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 385
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 22:23

Кыздарымдын чыркырап ыйлаганын коруп агам тутподу окшойт, кызына карап: " мени атам десен, баланы буларга бересин, менин козум тируусундо ушул баланы талашпайсын, кыздарды кордунбу ыйлашканын берген озунсун, эми эч качан алып кетпейсин, эгер алып кетсен, мен сендей кыздан кечтим, ата дебейсин мени"- деди.
кызы: '- ата' , деди эле
агам,токтот деп тыйып койду, ошентип кайрадан балам бизде калды, баламы кызганып мурункудай агама да коп каттабай калдым, биз бактылуу жашап калдык.
Бара- бара балдар уйгайды, улуу кызым окууну бутту, мектепте жакшы окугандыктан атасы кызымы окуутам деп акча жыйчу, мурунда ичип келгенде да, уйго акча алып келбесе да, кызынын окуусуна деп дайым акча алып келчи, бутуна тура албай мас болгондо да акча алып келчу кызына, ушуну окуутам деген чон тилеги бар эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 02:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: