Суперстан: Баштан өткөн жүрөк сырларыбыз кыскача... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Баштан өткөн жүрөк сырларыбыз кыскача...

#1 Пользователь офлайн   dopping.   02 Май 2016 - 13:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 17 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Стадион.

Достор бул жерге сыр болгон кыскача окуяларыбызды жазсак кантет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   dopping.   02 Май 2016 - 13:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 17 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Стадион.

«СҮЙГӨН АДАМЫМ АГАМ БОЛУП ЧЫКТЫ»

«Бул окуя мени бүтүндөй өзгөрттү. Адамдарга болгон көз карашым, мүнөзүм, кыскасы, жашоом толугу менен башка нукка түштү. Башыма түшкөн окуяны сиздерге айтып алсам, жеңилдейт белем деген ой менен кайрылдым», - дейт каарманыбыз.

«ЖЫЛУУЛУК ТАПТЫМ»
– Ал күнү аялдамада автобус күтүп тургам. Аңгыча жаныма кара түстөгү машина келип токтоп калды. Терезени түшүрүп:
– Кайда барасыз?- деди бир жигит.
Барар жеримди айтсам, “отуруңуз, жеткирип коёюн” деди. Мен да коркпой эле отуруп алдым.
– Атыңыз ким, ушул райондо жашайсызбы?
– Ооба, ушул аялдаманын артындагы үйдө турам. Атым – Мира.
– Меники Болот...
Барчу жериме жетип, жылуу коштоштук. Бейтааныш жигит андан ары кетти. Мен машинанын номерин эстеп калдым. Эки күндөн кийин дагы аялдамада турсам, алдыма келип токтоду. Түшүп баратканымда телефонумдун номерин сурады. Күндөрдүн биринде телефон шыңгырап, Болот:
– Эгер эртең бош болсоң, кечки тамакка барып келбейлиби? - деди.
– Макул.
Эртеси кечке жумуш менен алек болуп жүрүп кечке жуук үйгө келдим. Аялдамага чыксам, Болот бир кучак ак роза гүлү менен тосуп алып, бетимден назик өөп, машинага отургузду. Жан дүйнөм башкача бактылуу, мындай сезимге биринчи жолу кабылышым. Көчөлөрдү аралай кафелердин биринин алдына токтоп, алдын ала заказ кылынган столдон жай алдык. Кенен сүйлөшүп, өзү тууралуу да айтып отурду.
– Убагында Орусияда иштеп жүрүп орус кызга үйлөнүп, бул жакка келгем. Бирок көнбөй кайра кеткенбиз. Эми ажырашып кеттик.
Экөөбүз бири-бирибизден көп окшоштуктарды таптык. Убакыт өтө берди, тез-тез жолугуша баштадык. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып, көп жумуштарыма жардамдашып жүрдү. Болоттой эркектер чанда кезиксе керек.
Мен үйгө, Жалал-Абадга жөнөп жаткам. Ал күнү Болот убакыт бөлүп мага келип, таттууларды алып берди. Жөнөп жатканда эмнегедир “апаңа белек алдыңбы?” деп сурады, мен “ооба” деп жооп бердим.
– Бул дүйнөдө энеден ашкан ыйык эч нерсе жок, бирок менин энем кайда экенин билбейм... Мейли, бул теманы токтотолу, сен жакшы барып кел...- деп маанайы суз коштошту.

«ТАГДЫРЫБЫЗДЫ ӨЗГӨРТКӨН ТҮН»
– Арадан эки-үч күн өтүп, шаарга кайттым. Болотту сагынып келгем, андыктан ал үйүнө чакырганда каршы болгон жокмун. Ал түндү биз бирге өткөрдүк. Көзүмдү ачсам, таң сүрүп калыптыр, Болот чыгып кеткен экен. Текчеде турган буюмдарга көз жүгүртүп, аларды кызыгуу менен карап жаттым. Чоң эски альбомго көзүм түштү. Аскердеги сүрөттөрү альбомдун жарымына чейин экен. Аларды кызыгып карап жатканда Болот бөлмөгө кирип келди. Жаныма отуруп, сүрөттөрдү чогуу көрө баштадык. Барактап жатып өзүмдү, апамдын сүрөтүн көрүп шок болуп калдым. Мен бул сүрөттү бала кезимде өз үйүмдөн да көргөн болчумун. Аны үй жыйнап жатып шкафтын алдынан таап алгам. Анда апам колуна мени алып отуруп, жанында 5-6 жаштагы бала турган. Апама көрсөтүп, сүрөттөгүлөр ким экенин сураганымда “колумдагы кыз сенсиң, бул – курбумдун баласы. Аты – Болот” деген болчу.
Ал сүрөттөгү кыз мен экенимди Болотко айта албадым. “Булар кимдер?” десем, “бул менин апам жана карындашым. ..” деп оор үшкүрүнүп алды.
– Менин апам түштүктөн болгон экен, атам экөө бул жерде окуп жүрүп эч кимге айтпай баш кошуп алышыптыр. Төрөлгөнүмдү апамдын туугандары укканда мени атама таштатып, апамды алып кетишиптир. Апам карындашымды дарылатып жүргөндө атама жолугуп, “жок дегенде баламды бир көрүп кетейин” деп эстеликке мени менен сүрөткө түшкөн экен. Мунун баарын атам жашоосунун акыркы күндөрүндө айтып кетти. Атамдын айтканы боюнча, апамдын бактылуу турмушу, балдары бар экен. Карасаң, апам мага окшош,- деп бекем кучактап койду.
Жүрөгүм кансырап, жер астын-үстүн болуп, көзүм караңгылап кетти. Ал бөлмөдөн чыгып кетери менен сумкамды алып сыртка чуркап чыктым. Үйүмө жетсем эле тынчтанам деп ойлодум, бирок андай болбоду. Мен сүйгөн адам өзүмдүн бир тууганым экенине ишене албай, жүрөгүм эзилип жатты. Менде бир эле жол бар экенин түшүндүм, кетишим керек.
Ошол эле күнү агенттикке барып, батиримди жарнамага берип койдум. Андан соң таксиге отуруп Жалал-Абадга жол тарттым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   dopping.   02 Май 2016 - 13:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 17 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Стадион.

Чарчап барганыма карабай үй жыйнамыш этип, ошол сүрөттү издей баштадым. Бирок таппай, апамдан сураганга туура келди. “Менин сүрөттөрүм бар эмес беле, ошону чоңойтоюн дегем” десем, апам бир заматта таап келди. Бул сүрөттүн сырын билеримди, ичимдеги бушайман ойлор муунтуп жатканын айта албадым. Себеби апамдын кан басымы жогору эле, апамды жоготуудан корктум. Түн бир убак болуп калганына карабастан, бул окуяга чекит койгум келип, апамдын бир тууган эжесиникине жөнөдүм. Колумдагы сүрөттү көрсөтүп, баарын айтып бердим. Көрсө, апамдын мурдагы турмушу болгонун эч ким билбейт экен, жадакалса атам да ушул күнгө чейин билбептир. Таежем гана билчү экен. Баары чечилди, сырдын бети ачылды...
Болот, мунун баарын өзүңө жолугуп айтып бере албайм. Билем, сен мени көп жолу издедиң. Мени кечир, Болот ага! Сага бакыт каалайм!

Аягы,,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   dopping.   02 Май 2016 - 14:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 17 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Стадион.

"Очпос суйуу"


Куз келди салкын желин согуп. Бугун кечке чейин жамгыр токту,деги кун ачылбай койду. Дос баламды самалеттко салып келдим Манас аэропортунан узатып. Россияга кетти учуп.Эстесем бир жыл болуптур ал кунго. Ал куну да жамгыр жаап жаткан эле,мен туну менен телефон кучактап суйууктум менен суйлошуп тан аттырдым. Анын ошондогу назик уну; - мен да сени абдан сагынам, мен да сени суйом чексиз-деп айткан журокту жылыткан создору дале кулагымда жанырып турат. Чачтары белине жеткен,бою узун келген,аппак жузду эле да менин периштем. Бир гана муйду тоголок эле,ошо муйдун айтып уялта берчим картошка муйун деп)) Башкасына билбедим кандай,бирок мен учун сулуунун сулуусу болчу. Назик бир татына жан эле бала кыял. Эртен менен периштемди узатып эжелери ата-энеси достору чогу жолдо кетип бара жатышты. Окууну кыйын окуп окуу боюнча осуп чет олкого чакыруу келген эле периштеме. Мен алардын машинесинен калбай унаамды айдап кете бердим,жамгыр катуулагандан катуулап жай берди. Дворнигим тынбай иштеп жаткан эле. Озунчо бир башкача болуп кетип бара жаттым. Периштемди кайрадан корбой калатургандай болуп оюма ар нерсе келип озумду жаман сезип жаттым негедир. Ошентип Манас аэропортко да жетип келдим. Суйуктуум ата-энеси менен эжелери менен ыйлап кучакташып коштошуп жатты. Мен менен болсо озунчо ата-энелеринен алысырак болуп жоолуктук. Коздору жашылданып эле коздорумду карайт жалдырап. Кучактасам ыйлап жиберди коштошкусу келбей. - мен сени уже сагынып жатам,барбай койсомбу деген ойлор да келди да,балким сен мен кетеер менен башканы таап аласын - деп журокту ого бетер кыса айтты, козунон жаш токтобой -кызганам абдан деди. Мен болсо - кой антпе,ошончо окуп меенет кылдын, ошондой мумкунчулук болуп турганда ата-энендин туугандарын учун окуу эми. Кулагына шыбырап - жаным,ардагым, алтыным,кунум, айым,периштем менин мен сени суйом чексиз,сен мен учун дуйнодо эн сулуу,акылдуу, боорукер,ыймандуу кызсын, кундорду санап олтуруп кутом сени. Жакшы барып жакшы окуп кел, жайында келесин да,анан Колго барып келебиз. Ыйлабачы,мени карасан..муйдунан десе картошкадай -деп бир аз жылмайта айттым. Ошентип копко кучакташып ундобой турдук да анан убакытты келип арт жагын улам улам карап менден козун албай кете берди. Мен болсо карааны корунбой калганча коз менен узатып турдум карап залда. Ошентип самалету учуп асманга которулуп жоноду, телефону очурулду.
Убакыт отуп жатты,саргайып жалбырактар жерге тушуп какылдаган каргалар да келип,майда каарлар жай баштады. Куну туну интернеттен корушуп суйлошуп жаттык. Реалдуу суйуубуз виртуалдуу суйуго айланды. Бир куну чалсам албайт жок скайпта. Однодогу страницада да жок деги бут страницаларына кирдим фейсбук,майлру, контакт иши кылып бардыгынан издедим бут жерде очук сайтта жок. Ошол туну уктай албай чыктым. Тан аткыча интернеттен чыкпадым,куттум качан кирип калат экен деп. Тан атып бара жатканда козум илинип кетиптир. Тушумдо суйуктуум периштем негедир маанайы жок экен,экообуз бир туман жерде журуптурбуз, корунуп корунбойт сулуумдун жуздору. Мени чакыргансып кол шилтейт,бирок негедир мен ага жакындап кадам таштасам да жетпедим. Самалет турат кеттик олтур дегенсип мен аны чакырат экем кайра. Бирок ал тумандын арасында журуп жок болуп кетет экен. Ошондой тушунуксуз туш мени чочуттура ойготту. Бул не деген туш болду экен деп ойум бир жерге токтобой журогум дукулдоп жаман нерсени сезип тургандай болуп бир башкача журдум жумушта. Жумуштан уйго келе жатканымда бир чалуу келди телефонума шынгырап. Карасам номери суйуктумдуку экен да журогум заматта дуу эте сокту. Анын бул жактагы номерин суйуктумдун бир курбу кызы алган эле да. - алоо,угатам. .
- алоо...Айбек. ..-деген ыйлуу созун уктум.
- эмне болду айтчы?..
- периштен бизди таштап кетти...
-каяка?..эмне? ..
- машине сузуп кетиптир окуусунан келе жатканда..ошол жерден мерт кетиптир..менин эн жакын курбум байкушум..жакшы адамдар тез эле кетишет экен оо дуйного -деп суйлонуп ыйлап жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   dopping.   02 Май 2016 - 14:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 17 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Стадион.

Мен уккан кулагыма ишенбей,катып туруп калдым да соткамды ташка бир чаптым да кишилер откон жолдун ортосуна олтуруп алдым. Каар болсо жаап жатты калындап. Журогум кысылып ыйлай бергенинен козумон да жаш токтободу.Ошентип суйууктумду жерге бердик. Мурзосуно келип суйлошуп кетем " жаным,кандайсын мен сени абдан сагындым,коптон бери келбей калдым кол бошобой,периштем журосун да асманда периштедей болуп,сенин жылмайуунду, кандайсын деген создорунду, картошка муйун десем бултундаганынды, эркелегининди, сагындым абдан катуу. Коп кыздар менен суйлошойун деп аракет кылам,бирок сенин жылмайууна окшошпойт башкалардыкы, сенин унуно окшошпойт башкалардыкы, сенин коз карашына окшошпойт башкалардыкы, сенин мунозуно боорукерлигине окшошпойт башкалардыкы, сага окшош кыз издедим таппадым жаным.. алтыным сени сагындым абдан катуу периштем менин, сен мен учун озгочо бир жансын, жамгыр жаап жатат бул не сенин сагынып ыйлаганынбы жаным,оо дуйнодон жоолугабыз жаным,убакыт тез отот жаным,чыдай тур- деп суйлонуп коём. Манас аэропортко барып калсам сени издегенсип эки жакты карай берем аландап ишенгим келбейт,сен чет олкого кетпей эле ошол жакта калгандайсын. ....
....

Билдирүүнү түзөткөн: dopping.: 02 Май 2016 - 14:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   dopping.   02 Май 2016 - 14:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 17 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Стадион.

Эже жоноткон кат)))))))



«Күйөөмө өчөшө берип аракеч болуп баратам».

Менин жашым 43тө.
Удаа үч уул, анан эки кызым бар. Балдарымдын алды өз түйшүктөрүн өзү тартып мага оорчулуктарын тийгизбей калды.
Ал эми кичинелерим - али жакшы-жаманды ажырата элек секелектер. Ушундай мончоктой балдарым турса да мен өз нугумдан чыгып бактысызга айландым. Бул абалга кантип келгенимди өзүм да байкабай калдым. Өткөн өмүрүмө сереп салып буларды таптым.

***

Жолдошум менен жаш күнүмдө, 16 жашымда жогорку окуу жайга тапшырып келген жылы таанышып, бир-эки жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Чынын айтсам, аны абдан жактырганымдан, кайсы учур болбосун, колун кармап кетүүгө макул элем. Бирок ал окуусун аяктап, “бир жолго түшүп алып гана жашоо баштайм” дегени үчүн эки жыл убакыт кетти. Ырасында Болот баарын алдын ала байкай билген, иш билги, жаны тынбас изденгич жигит болчу. Ага улуу адамдар кадыресе чоң кишидей кайрылганына өзүмчө сыймыктанар элем. Болот айтканын аткарды, окуусун артыкчылык менен жакшы аяктап, эч ким козголо элек ошол заманда өз алдынча иш баштап, анан турмуш курду. Азыр ойлосом, Болот бүгүнкү бизнесин ошол кезде түптөгөн экен.

Бирок баш кошуп алуу биз үчүн оңойго турган жок. Болоттун жеринин алыстыгы ата-энеме шылтоо болду. Ошентсе да ал көктүгүнө салып агаларымдын улам бири менен таанышып макул кылып атып акыры ата-энемдин алдына барып мени алып кетти. Андан кийинки жашообуз жомок эле. Жаңы жашоо. Экиден ашпаган арзыбаган гана оокатыбыз болсо да керемет жомоктогудай бактылуу жашачубуз. Адам өмүрүнүн бир кел-кел маалы болот окшобойбу. Жаңы жашоо баштаганы Болот ийгиликтердин каарманы болду. Чынын айтайын, кантип иштеп, кантип акча таап атканы менен ишим болгон жок. Негизгиси анын ишине кийлигишип олтурбай, жакшы аял болуп берейин дечүмүн. Биринчи наристебиз тай-тай басып, экинчибиз боюмда болгон жылы эле өз үйүбүз деп чакан батирге көчүп келдик. Дүкөнү кеңейди. Анан экинчи уулум төрөлөрү менен машина алдык. Адам жашоосуна мындан ашкан эмне керек. Мен олтурсам-турсам ушунун баарына Кудайга шүгүр келтирип, Болоттун кирпигине чаң жугузбай эле калдым. Ал эми кесип менен иштөөнү башынан эле ойлонбоптурмун. Бул менин жашоомдогу эң чоң жана өзүм эч качан кечирбей турган катам болуп калды.

***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   dopping.   02 Май 2016 - 14:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 17 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Стадион.

**

Бардар жашоо бизге көптөгөн жоро-жолдош, тууган-тушкандарды таап берди. Жаш күнүбүздөн кайда барсак сый үстүндө болуп, ким менен кездешсек да кебибиз чоң эле. Мен мунун баары Болоттун арты менен болуп жатат. Болоттой эркек жок. Анын аракетин баалап ашык кеп сүйлөбөйүн деп айтканын аткарып, “бас” десе басып, “тур” десе турам. Кайда барса жакасы ак болсун, мен үчүн уят болбосун деп түн оокумда келсе да кийим-кечесин жыйнап, бут кийимин жалтырата сүртүп коюп, анан уктайм. Таң менен туруп тамагын берип ишке узатам. Бул аракеттердин баарын чын жүрөгүмдөн, жан дилимден жасачумун. Ар бир кыймылымды аялдык бактым деп эсептеп ыраазы элем. Бирок мен мунун баарын бакыт сезип сыймыктанып жүргөнүмдө айланамдагы абысын-ажын, аяштар мени бактысыз атап, сыртымдан аяп, айрымдары шылдың кылып табалап жүрүшкөн экен. Мен муну качан төрт балага эне болгонумда билдим.

Болот аттуу-баштуу адамдардын арасында жүргөн орду бар адам болгондуктан көпчүлүк жүргөн жерде өзүмдү да, балдарымды да абдан көзөмөлдөп, атабыздын атына кеп кетирип албайлы деп көнгөн элем. Бир күнү тамак ичишип жүргөн досторубуздун биринин туулган күнүнө чакырылдык. Бирок Болот бир жумалык иш сапарына кеткендиктен мени “жалгыз бара бер” деди. Акча сурасам, “өзүм барганда куттукташым керек, биротоло ошондо берем”, - деди. Эч эрөөн-төрөөн алган жокмун. Көрсө, Болот тапканын үй-бүлөсүнөн кызганып ошондо эле бизге ыраа көрбөй баштаган экен. Адаттагыдай эле өзүм үчүн эмес, Болот үчүн, аял экеним үчүн эмес, Болоттун аялы экеним үчүн жасанып, жакшынакай кийинип алып кечеге бардым. Канчадан бери кездеше элек аяштар кеп арасы ыгын таап акыбал сураша калып аттык. Бир маалда бизге эң жакын деген аяшым мен күтпөгөн суроо салды:

– Таалай, Болот менен жакшы эле жашап атасыңбы? Эмне жалгыз келдиң?

– Жакшы эле, эмне болуп кетти? Ал иши менен Ошто жүрөт. Анан экөөбүз тең барбай калмак белек деп мен келе бердим.

– Кеткенине канча болду? Мурда деле кетчү да ээ, ушинтип?

– Ооба, башынан эле иши ушундай эмеспи. Бизнес улам өскөн сайын иштери ошончо көбөйүп, улам сайын колу кармалып эле баратат. Антип иштебесе да болбойт да, - мен анын оозун басмакка сыймыктуу унчуктум.

– Билбейм, Таалай, Болоттон эч шегиң жокпу, – анын көз карашы мени чочутуп койду. Чындап санааркагандай, анын үстүнө Бермет бул кепти жок жерден айтпайт эле. Мен суроо салганча башкалар кепке кошулуп сөзүбүз бүтүп калды.

Түн бою түпөйүл тартып чыктым. Болоттун тынымсыз иш сапарлары жөн эместей туюла баштады. Бирок ошол эле маалда андай ойлор үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип кетем. Таң агарганы Болоттун чалуусун күтүп олтуруп чыдамым кете түштө өзүм чалдым.

– Кандайсың, качан келесиң?

– И, эмне болуп кетти, тынччылыкпы? – ороңдой унчукту.

– Жай эле. Кечээ туулган күнгө жакшы барып келдик, - эмнегедир ушинтип жибердим.

– Ии, жакшы болуптур. Барганда сүйлөшөбүз аны.

Ушул маалда ары жактан аялдын күлкүсү жакындай түштү.

– Макул, өзүм чалам.

Үйдөн дайыма таң атпай туруп, түштө эч качан уктабаган Болоттун чак түштө телефонду уйкусурап алганынан шектене түшкөн элем. Эми жанагы күлкү биротоло тынчымды алды. Болот келгенден кийин сүйлөшүшүм керек дегем. Бирок ага бет келгени эч нерсе дей алган жокмун. Бир чети Берметтин кебинен башка эч кандай илинчегим жок эле. Бир жагынан буга чейин ага атырылмак турсун, каршы ой айтып көрбөгөн жаным антүүгө батынбадым.

***
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   dopping.   02 Май 2016 - 14:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 17 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Стадион.

Аз убакыт өтүп Болот үйгө байырлап калганга өткөндөгү бушайман сезимдерим жоголуп, өзүмө келип калгандай болдум. Бирок эми биздин келишпестиктин жаңы барагы ачылды. Бешинчи жолу кош бойлуу экенмин. Бул мени кубандырганы менен Болоттун карандай ачуусун келтирди.

– Жетет могу төрт бала, ушуларды эптеп багып алалычы. Алдырып сал.

– Кантесиң Болот, эптеп дегенден уялсаң. Жакшынакай эле жашап жатабыз го.

– Жакшынакай жашап атсаң, тууп алып бага бер. Бирок менден ашык акча сураба.

Башка чапкандай болдум. Дайыма акчаны санап берип, анан менден да, балдарынан да берген акчасынын эсебин алып турганын анын тактыгы, акчаны туура жумшаганы деп саначумун. Бирок акчага мынча кароо болуп, мындай ачуу кеп айтат деп такыр ойлогон эмес элем. Ошол эле күнү баланы алдырып салууга бардым. Чынын айтайын, Болоттун ачуусуна тийип төрөгөндөн корктум. Бирок кеч болуп калган экен. Аргасыз көнүүгө туура келди. Ичим чоңойгон сайын анын кабагы карыш. Мурда иш сапарына деп баарын жайгарып, керектүүлөрүбүздү алып берип кете турган болсо, эми кайда кетип атканы белгисиз эле спорт сумкасын жонуна асып чыгып кетчү болду. Акча сураган сайын үйдө жаңжал. Жашообуздун шаңы кетип, кабагыбыз ачылбаган жашоо башталды. Балдарымдын биздин көзүбүздү карап жалооруп тургандарына жүрөгүм ооруйт. Кыйналып кеттим. Ошол кезде Бермет чалып “жолугалы” деп калды.

– Таалай, эмне мынча жүдөп кеткенсиң? Арыктап да алыптырсың? Ден соолугуң жашыбы?

Ушул кезге чейин келбетиме карата мындай терс сын уккан эмесмин. Ансыз да бугум толуп турган жаным ыйлап ие жаздадым. Бирок шек билгизбей:

– Ичим чоңойгону ушинтип жалкоо болуп атам. Бул эми убактылуу да, - деген болдум.

Биз бир топко аркы-беркини сүйлөшүп отурдук. Убактыбыз тарып бараткан сайын Берметтин мага бир нерсе айта албай тынчы кетип атты. Акыры кетер алдында ал жарылып кеткендей болду.

– Таалай, сен эмне, Болоттун аны менен жашоосуна макулсуңбу? Сен минтип челкейип турсаң таштап кете бергенине кантип чыдайсың?

– Ким менен жашайт экен? Таштап кетпей эле турат!

– Ушунча да болосуңбу, Таалай, эмдигиче билбейсиңби? Ой, мен канчадан бери сени эмне дейт деп бышып жүрбөймүнбү. Болот тиги Махабаттардын кудачасы менен жашап атканын досторунун баары билет. Аларды эч ким токтото албай коюшту окшойт. Анысы да аз күндө төрөйт экен.

Башыма миң сан ой келип бир ооз кеп айта алган жокмун. Күчүмдү көз жашымдан чыгарып үйгө кайттым. Ал күнү Болотко өмүрүмдө биринчи жолу бийик сүйлөдүм.

– Токолуң качан тууйт?

– Эмне? – Болоттун жүзү кубарып ордунан обдула түштү.

– Ошо! Сага бала артык баш болуп атпады беле?

– Былжырабачы! Аны менен ишиң болбосун! – телевизорду тиктегенинен жазбай бурк этти. Тоготор түрү жок.

– Жогол, ошонуң менен кет да, кайрылба.

***

Ошол күнү чыгып кеткенинен эми аны кайрылбайт го деп ойлогом. Андай болгон жок. Бала баары бир данакер экен. Андан бир жума өтпөй толготуп калдым. Балдарым атасын чакырышкан экен. Келип наристебизди көрүп, өзүнө каттатып кетти. Бирок мага бир ооз унчуккан жок. Мен да үндөбөдүм. Мен үйгө чыгып келгенче балдардын жанында болуптур. Андан кийин бирде келип, бирде жок болуп жүрдү. Азыр ал наристебиз 4 жашта. Болот биз менен жашап жатканын же тигиниси менен экенине түшүнбөйм. Ачык да сүйлөшө албайбыз. Балдары эс тартып баарын түшүнүп калышкан. Алар деле атасынын башка аял менен жүргөнүн билип, туюп турушкандарын байкайм. Бирок кантип кеп козгоп ортого салмак элек. Баарыбыздын арманыбыз ичибизде. Эл бизди бай бизнесмендин бүлөсү деп ойлошот. Бизде баары бардай мамиле кылышат. А чынында биз кээ күндөрү дүкөндөн карызга нан алып жашап жатканыбызды эч ким билбейт. Мага болсо Болоттун аялы болгонум үчүн сыймыктануу эми керексиз. Мурдагыдай тартиптүү болуудан абдан тажагам, ага кызыкдар да эмесмин. Өткөндө мектепте окуган кызымдын бир ооз гана кеби мени эсиме келтирди.
– Апа,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   dopping.   02 Май 2016 - 14:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 17 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Стадион.

Апа, экинчи досторуңузга барбай эле коюңузчу. Алар үйгө келсе да киргизбейбиз. Сиз алар менен арак ичип алып атып атам бизди таштап кетмей болду, - дейт. Байкуш наристем, атасынын бизди алда качан эле таштап кеткенин кайдан билсин. Атасы бизди таштап кеткени үчүн ушул жашоого кептелип олтурбайбызбы. Мен кызымдын кебинен улам өзүмдүн аракеч болуп баратканымды туйдум. Кеч болуп кала электе деп аракет кылып көрдүм. Бирок ызамды курбулар менен бөлүшүп, ачуу менен басканга бир топ эле көнүп алган экенмин. Мен өзүмдү тааныбай баратам.


Аягы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   dopping.   02 Май 2016 - 14:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 17 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Стадион.

Окурмандар дагы жаза берейнби же тема жакпадыбы??? ошого карап иш кылайн

Билдирүүнү түзөткөн: dopping.: 02 Май 2016 - 14:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Baktyluumun   02 Май 2016 - 14:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: Кечээ, 17:38
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Baktyluular olkosundo!!!

Просмотр сообщения dopping. (02 Май 2016 - 14:27) жазган:

Окурмандар дагы жаза берейнби же тема жакпадыбы??? ошого карап иш кылайн



Жаза бер. Жакты. Азамат!! !
Лучше быть счастливыми, чем гордыми. Пишите, звоните, говорите в глаза .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   raia   02 Май 2016 - 15:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Жакты жазганын чын турмушту угуп аткансып берилуу менен окуп жатам.Ото чеберчилик менен жазып атасын.Ракмат кутобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   dopping.   02 Май 2016 - 15:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 17 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Стадион.

Просмотр сообщения raia (02 Май 2016 - 15:34) жазган:

Жакты жазганын чын турмушту угуп аткансып берилуу менен окуп жатам.Ото чеберчилик менен жазып атасын.Ракмат кутобуз.

Рахмат апа .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   zara__   02 Май 2016 - 16:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 09 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 01 Апр 2020 12:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Испания "БАРСЕЛОНА"

Ангемелерин жакты жакшы аябай кызыктуу экен ,мен да ушул жерден улай кетейин оз башымдан болуп откон бир окуяны,анда кеп башынан болсун.Мектепти жакшы баалар менен аяктап жогорку окуу жайга медицинский факультетке тапшырдым,жаны окуу жылы ,жаны достор,шаарга барып жаныдан жашоо башталды.Башында сабактардан кыйналдым ,анатомия,фармакалогия ,ото эле татаал сабактаркен, секин-секин оздоштуро баштадым.Айылга 1 жумада бир келип кетебиз ошентип студенттик кундорум башталды .Среда , анатомия лексия болчу ,шашылып баратсам бир бала силерге кайсы пара деп калды анатомия деп менжооп бердим ,а бизге да деди ал ,алардын группасы лечебный болчу паралель группа,аны сырттан таанычуумун ,ал бала бизден бир айыл бери жашайткен ар жума автобустан кором аны ,ошентип лексиядан чыгып таашышып кеттик аты Чынгыз экен озу токтоо,эстуу жана жонокой ,арык чырай бала эле.Кундор кунго уланып ото берди Чынгыз экообуз коргон жерде корушуп учрашып коёбуз,барган сайын анын мага болгон коз карашы озгоро баштады кундо созсуз бир жолу болсо да жолугат,сабактан чыгышымы кутуп турат да чогу кетели дейт анын квартирасы менден бир останвка жогору болчу маршуруткага же тралике чогу чыгабыз, ар кандай создор,пара, лексиялар жонундо суйлошуп кетебиз,башында аны анча жактырбай да журдум негеле артыман тушуп алды деп,кийин дос курсташ катары мамиле кыла баштадым,ошентип 1-семестир бутту сессияларымды бутуруп ,каникулга чыгып уйго жоногон кунум 30-декабрь эле факультеттен чыксам Чынгыз кутуп туруптур,бугун достор менен вечеринка кылтабыз мен менен чогуу барып келчи деп ,мен сенин суйлошкон кызын болуппу деп жиндене туштум жоок жон эле дос катары чакырып жатам дейт,мен конбодум бугун айылга кетем ата-энем кутуп жатышат келет деп аларга не дейм ,жалган айтпайм ата-энеме деп конбой койдум ал ото сурунды вокзалга чейин келди акыры аны боптур кийинки айтканында созсуз барам деп кондурдум ,ошентип айылга жоноп кеттим ,каникул отту февраль айында кайра окуу башталды Чынгыз экообуздун мамилебиз жакындай баштады ал мени жактырганын сезип турам ,бирок ички сезимдерин айта албай кыйналат мен болсо оюма да келтирбейм аны менен кыз жигит болуп журууну себеби биз али жашпыз эми 1-курста окусак анын устуно окуубуз ото эле татаал сабактан башым чыкпайт 27-феврал бир досунун туулган кунукен ошого барсынбы деп калды мен дагы адатымча жоок деп жооп бердим ал кийинкисинде созсуз барам дебедин беле деп капа болду ,акыры кондурду бардык кечинде вечеринкага достору менен тааныштырды ошол туулган куну болуп жаткан бала тагасынын баласы экен ал да 1- курста окуйткен ,бирок башка окуу жайда ошол бала менин омурлук жарым болуп калат деп ал куну тушумо да кирген жок,кече конулдуу аяктады Чынгыз мени кайра уйго узатты .Ошондон кийин дагыле окшош кундор менде убакыт аз окуудан башым чыкпайт,дага бир кун чогуу кечеге бардык анда жаз келип апрель айы болчу,ошондо биринчи жолу суйуусун айтып журогун ачты Чынгыз,а мен дагыле ошо азыр суйууго убакыт жок деп жооп бердим,мейли убактын болушун кутойун деди ошол куну 2-3 кыл таблетканы бир ичти неге бул даарылар десем каным тушуп кетиптир ошого ичем деди .29-апрель 10 кунго каникул берди уйго жонодук айылга вокзалга барып автобуз менен кетебиз баары студенттер ошого чыгат Чынгыз да баягы тагасынын баласы экоо келди жай гана учрашып суйлошуп айылга да кирип келдик алар бизден мурун тушуп калышты оздорунун айылында ошондо Чынгызды акыркы коргонум экен ,каникулдан кайтып барып аны корбодум сурасам группалаштары ал ооруп келбей жатат дешти,ошентип июнь айында ал дуйнодон катыш болду корсо ал аккан (лейкоз)болуп калган экен аны мага айтпаптыр жон эле каным азайып лечение кылтам деп койгон экен ,уккан кулагыма ишенбей анын ар бир созун ар бир мага кылган мамилесин эстеп кыйналдым ага кайдыгер мамиле кылып журогуноруттумбу деп кыйналдым ,бирок менде ага болгон сезим суйуу эмес достук эле анын жайы жанната болсун деп кудайдан тилендим.Баягы созуму улай кетейин анын тагасын баласы менин омурлук жарым ал экообуз 2-курста кайрадан кокустан эле жолугушуп калдык анын мунозу такыр башкача тартынбайт тамшакой, ал мени сраз эле жактырып калганын айтып суйуусун арнады башында жаман калаты болдум балким мени бшкача кыз деп ойлоп ошентип жатабы деп ал менин жообуму куткон да жок кундо келет окуу жайга ,квартирама ой-боюма койбой алып чыгып кетет киного,паркка, кыскасы ага байлана баштадым ,экообуз 3-курсту аяктап жатып уйлондук азыр 1 кыз 1 уулубуз бар аллаага шугур бактылуубуз кызыбыз 8 ге уулубуз 5 ке чыкты куйоом Чынгыз жонундо кээде эскерип жакшы бала эле ал экообузду табыштырган деп калат.
ggggggggggggggggggg kkkkkkkkkjkjjkuuyyyyyy
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   kalima88   02 Май 2016 - 17:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 881
  • Катталган: 24 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 31 Дек 2021 04:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Акыркы баянды ушу суперден окуган болушум керек эле, ошондойбу? Же жанылышып атамынбы, айтор, мурда окугандаймын. (Тиги доппинг жазганды).

Билдирүүнү түзөткөн: kalima88: 02 Май 2016 - 17:17

Комурго эле эмес, баарына бай - Таш- Комурум,
Кайда журсом сени мн го ой- конулум.
Мезгилге багынбаган балалыкта ,
Кучагында канча ойнодук чан торундун.
Шамалынды сагынганда шашып жонойм,
Шахталардын кен Мекени -Таш - Комурум!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Elinai   02 Май 2016 - 17:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 26 Апрель 16
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 14:25

Мен да озумдун башымдан откондорду жакшы эле жазайын дейм бирок оз атым менен кирип алып кооптонуп атам негедир...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   03 Май 2016 - 14:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Допинг жазгандарыны башка гезиттин сайтынан окугандаймын.
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   dopping.   03 Май 2016 - 15:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 17 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Стадион.

Просмотр сообщения ayildik_kiz (03 Май 2016 - 14:39) жазган:

Допинг жазгандарыны башка гезиттин сайтынан окугандаймын.

Оа айтканын тура,Бирок суперстанда жок окуяларды алып келип жаткан болчум,...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   dopping.   03 Май 2016 - 15:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 426
  • Катталган: 17 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 10:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Стадион.

Баласын уйлогонуно бир ай откон эне келинин жанына чакырды." Мен баламды 30 жылдан бери намазга тургуза албайт элем.Сен болсо 30 кундун ичинде эле буга жетиштин" коздору жашылдана тушту.
Кайын энесин сооротуп,акылдуу келин мындай деди:"Энекем, таш жана кен жонундогу окуяны уктунуз беле?
Чон жолдун так ортосунда откон-кеткен жолоочуларга тоскоол болгон чон таш бар эле.Бир куну бир жолоочу аны майдалап,жолдон алып коюну чечти.Ал ташты куч менен уруп жатты.Бирок, 99 жолку соккудан кийин ал кишиден куч кетти.Ошол убакта,жанынан отуп бараткан киши ага жардамга келди да,керкини алып куч менен ташты урду.Таш майда болукторго болунду эле,анын ичинен бир кап алтын чыкты.Ташты майдалаган жолоочу айтты:"Ташты мен майдаладым. Алтын мага тийиштуу."
-Мен 99 жолу урганмын.Демек, менин да улушум бар"биринчиси кем калган жок.
Маселе чечилбеген сон,экоо казыга барышты.Аларды кунт коюп уккан казы биринчисине алтындын 99 болугун,ал эми экинчи кишиге 1 болугун берди."Эгерде бул 99 жолу урбаганда,сенин бир жолу урганындан эч кандай майнап чыкмак эмес"деди адилеттуу казы.
Сиз 30 жыл умут узбой баланызды намазга ойготтунуз. Менин бир жолку ойготконум да сиздин мээнетиниздин момосу"деп жооп берди акылдуу келин.

Интернет булактарынан которулду.
Кубанычбек к.С.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   jetinur90   03 Май 2016 - 15:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Ибраттуу окуялар экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 13 Июл 2025 05:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: