Атекемди кантип сагынбай коеун? Атакем менин жашоом, менин кумирим, менин кымбаттуум,
менин суйуктуум. Биз учун жанын да берууго даяр турган адам. Алтыным атамды сагындым.
Атамды жакшы көрөм, аны сагындым!
#222 29 Апрель 2016 - 22:18
Менин сагынычым кундон кунго кучоп барат. Сагынып сагынып кеттимгоо.
[ quote][/quote]
#224 30 Апрель 2016 - 02:34
Иии, эстесем жүрөгүм эзилип кетет. Айткандай 5-май туулган күнү жайына барам, ал акыбал сурашып өтө каттуу сагынганымды айтып келем.(((
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#225 30 Апрель 2016 - 18:40
АТАКЕМ
Мен үчүн эң ыйык Ата Мекен,
Андан соң сыйынаарым -Сиз атакем,
Бала деп согот дайым жүрөгүңүз.
Аталык мээримиңе жоктур ченем.
Мен сизди асмандагы Күнгө теңейм,
Ааламга нурун тегиз чачып турган,
Мен сизди толуп турган Айга теңейм.
Шооласы түндү дагы жарык кылган.
Дайым бизге камкордук көрүп келген,
Мээр менен тарбиясын кошо берген,
Мээнетиң сүрөттөөгө сөз таба албайм,
Бакытым,бүт барлыгым Сиз атакем.
Сиздеги мен баалаган сапаттардан,
Сиңсе экен бизге өтүп кандан,
Сыйыбызды апам экөөң тең көргүлө,
Сурайбыз балдарыңыз Жараткандан! .
Мен үчүн эң ыйык Ата Мекен,
Андан соң сыйынаарым -Сиз атакем,
Бала деп согот дайым жүрөгүңүз.
Аталык мээримиңе жоктур ченем.
Мен сизди асмандагы Күнгө теңейм,
Ааламга нурун тегиз чачып турган,
Мен сизди толуп турган Айга теңейм.
Шооласы түндү дагы жарык кылган.
Дайым бизге камкордук көрүп келген,
Мээр менен тарбиясын кошо берген,
Мээнетиң сүрөттөөгө сөз таба албайм,
Бакытым,бүт барлыгым Сиз атакем.
Сиздеги мен баалаган сапаттардан,
Сиңсе экен бизге өтүп кандан,
Сыйыбызды апам экөөң тең көргүлө,
Сурайбыз балдарыңыз Жараткандан! .
Билдирүүнү түзөткөн: Oceana: 30 Апрель 2016 - 18:42
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#226 30 Апрель 2016 - 18:50
Oceana (30 Апрель 2016 - 18:40) жазган:
АТАКЕМ
Мен үчүн эң ыйык Ата Мекен,
Андан соң сыйынаарым -Сиз атакем,
Бала деп согот дайым жүрөгүңүз.
Аталык мээримиңе жоктур ченем.
Мен сизди асмандагы Күнгө теңейм,
Ааламга нурун тегиз чачып турган,
Мен сизди толуп турган Айга теңейм.
Шооласы түндү дагы жарык кылган.
Дайым бизге камкордук көрүп келген,
Мээр менен тарбиясын кошо берген,
Мээнетиң сүрөттөөгө сөз таба албайм,
Бакытым,бүт барлыгым Сиз атакем.
Сиздеги мен баалаган сапаттардан,
Сиңсе экен бизге өтүп кандан,
Сыйыбызды апам экөөң тең көргүлө,
Сурайбыз балдарыңыз Жараткандан! .
Мен үчүн эң ыйык Ата Мекен,
Андан соң сыйынаарым -Сиз атакем,
Бала деп согот дайым жүрөгүңүз.
Аталык мээримиңе жоктур ченем.
Мен сизди асмандагы Күнгө теңейм,
Ааламга нурун тегиз чачып турган,
Мен сизди толуп турган Айга теңейм.
Шооласы түндү дагы жарык кылган.
Дайым бизге камкордук көрүп келген,
Мээр менен тарбиясын кошо берген,
Мээнетиң сүрөттөөгө сөз таба албайм,
Бакытым,бүт барлыгым Сиз атакем.
Сиздеги мен баалаган сапаттардан,
Сиңсе экен бизге өтүп кандан,
Сыйыбызды апам экөөң тең көргүлө,
Сурайбыз балдарыңыз Жараткандан! .

#227 01 Май 2016 - 12:47
ата деп айтпаганыма 4 жыл болду ата деп кайра кайра айткым келет ата мен сизди сагындым
#229 01 Май 2016 - 14:54
Сагындым мен да атамды, сагындым. Сагындым орто боюн, сагындым конур унун, сагындым сизди алтыным атакем. Азыр жоксуз бул дуйнодо, ордунуз бош турат.
Азыр уйго барсам такыр башкача негедир атамдын орду билинип турат.
Азыр уйго барсам такыр башкача негедир атамдын орду билинип турат.
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
#230 01 Май 2016 - 15:33
Ата аскар тоо,эне боорундагы булак,бала аларга жанып турган шам чырак деп коюшат эмеспи. Биздин булонун ишенген аскар зоосу урап калганына 17 жыл болду. Ушул жылдар аралыгында ата мээримине суусап чонойдум. Атамды ушунчалык сагындым, элесин эстей албасам да атамды тамырымда агып жаткан кан аркылуу туям. Сагындым сизди атаке...
#231 01 Май 2016 - 18:01
Детдомдогу кыздардын маегинен үзүндү. Аябай ыйлатышты. 
— Кыздар, сүрөт көрсөтөйүнбү силерге?
— Ии. Кана?
— Бул менин үй бүлөөм.
— Соонун сүрөт го. Өзүң тарттыңбы?
— Ооба. Өзүм тарттым.
— Ааиий, сенин атаң сулуу киши экен ээ?
— Ооба, менин атам сулуу киши болчуу. Атамдын ички дүйнөсү да сулуу болчу.
— А , ички дүйнө деген эмне?
— Ички дүйнө деген , бул, ички дүйнө.. Бүт баары жактары жакшыы кишилерди ички дүйнөсү сулуу киши экен дешет.
— Аа, менин атамдын дагы ички дүйнөсү сулуу. Анан атамды жыты да соонун болчу. Атам жумуштан келээри менен жыттап жыттап алат элем. Мен баарынан да ошол жытты сагындым.
— А , менин атам кандай киши болду экен? Өмүрүмдө ата жытын жыттап, ата мээримин көрбөй өсүп келем. Ата энем ажырашпай эле койсо балким биз дагы бактылуу үй бүлөө болсок керек эле.. Ата энелердин ажырашканы эле жаман. Бири бирин жакшы көрүшүп , сүйүшүп үйлөнгөндөн кийин , ажырашпай эле жашай берсе болот го..
— Эми , ажырашкандардын деле себеби болсо керек да. Анысын чоңдор өздөрү эле билбесе , биз кайдан билебиз?
Апам болсо, « Атаң аракты жакшы көрчүү эле.»: дейт. Жакшы көрсө эмне экен? Аракты бир эле менин атам эмес, элдин баары жакшы көрүп, ичип жатышпайбы? ! Ичсе деле, жанымда атам бар.. «Ата» деген сөз кандай жакшы..
Ата, атаке! Атоо.. Карачы , кандай сонун сөздөр..

#232 01 Май 2016 - 18:31
Атакем уйубуздун тиреги таянар тоом аска зоом сагындым сизди. Буйруса кудайым бактымы ачсын сизди кыжалаат кылбай неберелериниздин суйуктуу таятасы болосуз. Сагындым сизди атооооу
#233 01 Май 2016 - 21:51
Ата-Ыйык,Эне-
Улук деп Ата-бабаларыбыз бекеринен айтпаса керек,Аллахыма шүгүр Атабыз бизди эч нерседен кем кылбады,өзү жебегенди жедирип,кийбегенди кийдирип,өзү барбаган жерге бизди жөнөтүп элди жерди таануубузга шарт түзүп берди,өзүң акча таап келсең анан үйлөнөсунда дебеди,баарыбызды өзүнүн тапкан тутканы менен элге зарыкпастан үйлөду,11 ди бүтүп Россияга барбадык,Жогорку окуу жайларында окуп,азыр өз кесибибиз менен иштеп жүрөбүз,мунун баары Аллах Тааланын жана Ата-Энебиздин колдоосу менен болду,Мен Аллахка жана Ата-Энеме эсепсиз ыраазымын,дайыма 2 күндүн биринде атама,апама телефон чалып сүйлөшүп турам
#234 01 Май 2016 - 23:56
Мен дагы атамды аййййябай сагындым, АТА деп айткым келет канча айтсам дагы ал укпайт. Чыныгы жашоого кеткенине 11жыл болду. Кутуусуздон атам каза болгондо жер оодарылгандай болгон бизге, жашоо эми токтойт деп ойлогон элем, кун ото берет экен. Атамсыз жашап келетабыз.
Ушунчалык адилет, жумшак чексиз жакшы киши болчу ыраматылык. Апам менен ынтымактуу эле, дайыма эрчишип журчу, биз атам менен апамдын урушканын такыр корбой чонойдук. Жакшы тарбия берип, эч кимден кем кылбай чонойтту. Баарыбызды жогорку билимдуу кылды. Дуйнодогу эн жакшы ата болчу. Атасы барларга айтарым Атанарды сыйлагыла, тике карап соз айтпагыла, конулун оорутпагыла. Жакшы корорунорду айткыла. Козунун тируусундо сыйлагыла. Козу отуп кетсе туболук арман болуп калат. Мен Жараткандан апамдын омуру узун болушун сураймын. Атам менен чыныгы жашоодо бейиште жолугууну сурап жашаймын

#235 02 Май 2016 - 00:00

#236 02 Май 2016 - 05:18
Мен уй-булодо учунчу кыз болуп торолгондуктон мен торолгондо атам роддомго да барбай ичкен экен. Сыягы апама таарынса керек дагы кыз тороп койдун деп. Убакыт отуп мен 6-7жаш болуп калганда апам менен атам урушуп калышса мен ортолоруна тушуп дагы бир жолу апамды урушсаныз чонойгондо сот болом да сизди камап салам деп атам менен урушчу экенмин☺ мен эс тартып калган кезде атам байкуш дайым айтат эле кызым чонойгондо прокурор болот деп.Жогоруда айткандай атан тируу кезде, жанында жургон кезде кучтуу болот экенсин.Тилекке каршы мен мектепти бутоор жылы ааламдан отуп кетти. Мен байкуш апамды кыйнабайын деп окубай да калдым кор турмуштун айынан прокурор да болбой калдым☺. Олумго шашпай турсан эмне мени окутуп прокурор кылсан эмне? Аттин ай байкуш атам эч бир тилегине жетпей кырчындай 41 жашында олуп кете берди.Жашоо турмуш ушундай экен азыр турмушка чыгып озунчо эле бир уй булоодо жолдошум сот,мен прокурор
Билдирүүнү түзөткөн: AlbinaSabina: 02 Май 2016 - 05:20
#237 02 Май 2016 - 05:34
Атамды эстеген сайын журогум жанчылып боор этим эзилип кетет.Бироолордун улпот тойлорун кыз узатуу тойлорун эч коргум келбейт анткени кызынын белине куур байлап узатып жаткан жерлерин корсом журогум канайт.Мен байкуш антип узатылган жокмун. Эх озунчо эле китеп жазып салчудаймын мынтип отура берсем.Мейли эми бейиштен орун берсин.Куран окуп бата тилегенден башка эч айлабыз жок.
#238 02 Май 2016 - 09:29
Алтын атам менин!
Ар дайым майрамда тан эрте телефон чалып,куттуктоо менен ойготот.
Омурунуз узун болсун атакем менин!!!
Сиз бар аска тоом бар.
Ар дайым майрамда тан эрте телефон чалып,куттуктоо менен ойготот.
Омурунуз узун болсун атакем менин!!!
Сиз бар аска тоом бар.
#239 03 Май 2016 - 15:12
Мен дагы атамды сагындым, тилеке каршы бул дуйнодон козу отуп кетти, олор алдында мага аябай камкор боло берген тан кала берчим эмнеге мындай болуп жатат деп, озгочо ден соолугума, корсо билсе керек да .
#240 14 Май 2016 - 02:30
Атамды сагындым мен дагы. Атама жакынмын, "кызым"
деп эркелетип турат. 4-5-класста болуш керек, дилбаянымда "алтын апам" деп жазган экем, анан атам кулгон болчу "алтын апам, кумуш атам" де деп)). Апамдан да артык жакшы кором сизди!
♔ Aytku(love)a ♔