Суперстан: "АРМАН" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"АРМАН" Зуура СООРОНБАЕВА

#161 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   29 Апрель 2016 - 15:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

аял келип токтоду. Эмне үчүндүрэкөөбүз тиктеше түштүк. Ал бир демге мени караптуруп, өңү чүрүшө түшүп бурула кетти. Артындагыэки өрүм узун чачы толорсугунатиер тийбес болуп, шоонадай чубалып турганын көрүп, жүрөгүм булкуп алды. Аялдын артынан көз албай карап туруп Сырганын чачы эсиме түшүп кетти. Баякы, экөөбүз бирге жаткан түндө олоң чачына суктанып бир жазданып, бир мойнума орогонумду эстедим. Сырганыннаристе жыттуу койнунан тургум келбей «Ушул олондой кара чачыңа муунуп өлөйүнбү? » деген сөзүмдү ойлоп кеттим. Жүрөгөм дүкүлдөй түшүп карасам, тигил аял дамени эмне үчүндүр имериле карап, бирбашкача умсунуп туруптур.

Бечаранын бир көзү айнек экен, оорукчалболсо керек, деп ойлоп боорум ооруп кетти. Бир кезде көркүнө көздү талдырган олоң чачы бар окшойт. Шоонадай болуп түшүп бүткөн сыягы бар, дейм ичимден. Эмне үчүндүр кайра-кайра жазгырып, мени карай бергенинен, тааныган немеби деп шектенип, жанымда турган таанышымдан шыбырай сурадым:

-Мына бул аял ким, тааныйсың бы? Эмне эле бизден көзүн албай карайт?

-Дайым ушул аялдамадан көрүп калам. Өзүм тааныбайм. Ушул жердебая күнү бирөөлөр кеп салып жатканынуккам, «кезинде керилген өңдүү-түстүү келин эле, карыпчылыкты көп тартып жүрүп, кемпир болуп калыптыр» деп. Сыягы ушул тегеректе жашаган неме го.

Таанышымдын сөзүн угуп, Сырган ы эстеп, кокустан ошол болуп жүрбөсүн деп ойлоп, кайра оз оюмдан өзүм чочуп кеттим. Жети өлүп жерде калса да, Сыргаболсо кантип эле ушунчалык таанылгыс болуп өзгорүп кетсин! «Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт» дегенд ей," бирбелгиси билинет эле го. Ушундай ойдон кийин мен, Сырганын шыйрагына тең келбеген бейтааныш аялды экинчи көргүм да, карагым да келбеди.

Жанымда олтурган тергөечү жигиттин сөзүнөн кийин мен ушуларды ойлодум. Сырганы эстеп кайра баштан,кыялым кымкуут болуп,санаам кайра баштан сапырыла турган болду. Өзүм менен өзүм сүйлөшөм. «Иса­ев Султан! Ошол элеболуш керек. Мага окшош имиш. Ой, алтыным, эгерде сен экөөбүздүн махабатыбыздан жаралган Султандын өзү болсо, сен аны кандай тарбыялап, кандай окуттуң экенсиң? Эмнеси болсо да, бүкүр аталык кылган экен» дейм. Атын ойлосом да,жашын ойлосом да менин балам. Аялым каза болгондон кийин, бул үйгө кыз-күйөөмдү киргизип, өзүм бирде айылда, бирде шаарда болуп жашап калгамын. Султандын кабарын уккандантартып, мени соттун мекемесин көздөй жетелеп турган бир күч пайда бол­ду да калды.Султанды биринчи жолу, мекемесине эки жигит менен кирип бараткан жеринен көрдүм. Мен ошол жерде башканы көрбөй эле өз сүрөтүмдү өзүм экрандан көргөнсүп, денем ысып, жүрөгүм толкуп, өзүмдү жоготуп коюптурмун. Жолдошторупун ортосундабараткан жигит мени байкоос албай, тепкичтен көтөрүлө берди. Артынан ээрчий карай туруп «Ошонун өзү. Бул менин балам!» деген сөзоозумдан кандай чыгып кеткенин өзүм да аңдабай калдым. Султан менин үнүмдү уктубу, же тим эле байкоостон ошенттиби,ошол саамда мени бир кылчая карай алды. Бүткөн боюм калтырап, көздөрүм ымыр-чымыр бо­луп, өзүмдөн өзүм сүрдөнө түштүм. Жолдо келатыпжүрөгүм кабынан чыга каччудай албууттанып, көңүлүм эңги- деңги болуп, Сырга жөнүндө башаламан ойго батам. «Атаңдын көрү-ү, жатының жакшыкатын турбайсыңбы. Туйгунду тууп, уядан жакшы учурган экенсиң!» дейм. Ушул күн,ушул мүнөттөн баштап менин аракетим бирөө гана болду. Ал болсо Сырганын каба­рын билүү. Өткөндөгү көөдөндө өчүп бүтүп бараткан эңсөөлөр кайра баштан тутанып, жан дүйнөмдү тыт- кылап тынчымды ала турган болду. Энеси жөнүндө Султандын өзүнө кирип суроого эрким жетпеди. Ага каганда үйүнө телефон чалып суроо меи үчүн ыңгайлуу болуп турду. Өзүмдү өзүммажбурлап жатып 09 деген номерге чалсам, үйүнүн дарегин сурап турса болобу. Мындан айла болбогондон кийин, Султандын мекеме синде иштеген бирөөнү таап, ошол аркылуу

максатыма жетүүнү чечтим. Акыры ошондойболду. Телефон номери колума тийгенден кийинки санаам, мурдакыдан да ашып түштү. Исаны эстейм. Ал бул жерде болду бекендеп. «Деги эмне деген кабарды угаар экенмин? Баарынан да Сырганын өзү аман бол­ду бекен?» деген сыяктуу ойлордонбашым катат. «Эмне кылсам, же телефон чалбай эле койсомбу» деп да ойлоп кеттим.Бирок, телефон чалбай да, Сырга­нын кабарын албай да коюу колумдан келбесинбилип турдум. Автоматка кирип, номерди бураарым менен, ошол үйбү, башка үйбү, айтор гудок жетээр-жетпестен эле трубканы кимдир бирөө шак көтөрдү.

-Алло! - Аялдың үнү шаңк этти.

-Саламатсызбы? Бул Исаевдин үйүбү? - дедим апкаарган үн менен.

-Ооба, ооба, Исаевдин үйү. Сизге ким керек эле?

Аялдын добушунан жүрөгүм ойноп кетти.

-Сырга керек эле мага. Ал өзүбарбы үйдө?

-Бар, мен угуп жатам.

Сүрдөөдөн эмелеки айтайын депкамдап турган сөздөрүмдү оозумдан бирөө жулуп кеткенсип, буйдалыңкы кекечтене сүйлөдүм:

-Оо, Сыргажан! Саламатпы?!

-Саламат, саламат! Бул ким?

-Таанып көрчү.

Аял күлө сүйлөдү.

-Үнүңүз кулагыма жагымдуу угулат.Бирок, тааный албай жатам. Айтың ызчы, кимсиз деги?

-Султан деген адамды билчү белең?

-Султан дейсизби? Кайсы Султан? - Үнү дирилдей түштү.

-Канча Султанды билүүчү элең?

-А, өкүлэнемдин жээни Султан болуп жүрбө?

-Ооба, ооба, эми таптың ? Ошол Султанмын.

-Тобо, «Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт» деген ушул экен да. Биздин телефондун номерин кайдан алдың ?- каргылдана түштү.

-Ушул эле жерден .

-Унутка н эмес экенсиң?

-Унутпаган үчүн телефон чалып турам го? Кандайсы ң деги?

-Кандайды сурайсың ?

-Ден соолугуң , бала-бакыра ң дегендей?

-Менде кайдагы ден соолук болмок эле. Бир жакшы жери Султан чоң жигит болгон. Окуу бүтүп, ушул жерде иштеп жатат. Менин ден соолугумда, кубанычым да, ошол жаман неме болуп калды.

-Чалың кайда?

-Билбейм. Жүрсө керек элинде.

-Ажыраштыңар беле? Мен ал киши мененжашайт экен деп ойлоптурмун сени.

-Жашабаган үчүн айтып жатам да. Анысурап эмне кыласың? Деги өзүң кандайсың?

-Орто, Сыргажан. Менде мактанаарлык деле эч теке жок. Бардык ракатым да,кубанычым да сени менен кеткен турбайбы.

-Чынымды айтсам, мени унуттуң го деп ойлоочу элем.

-Кайдан унутам, унута албайм. Экөөбүз көрүшсөк жакшы болот эле? Кандай жолугушабыз?

Сырганын үнү дагы үзүлдү. Анан тээ бир оокумдан кийин мүңкүрөгөн бир убайымдуу алсыз үн угулду.

-Көрүшпөй элекоёлучу Султан! Эчак өтүп, эскилиги жетипунутулган ишти, жаңыртып, каткан жараны тырмаганда не пайда?

-Эмне үчүн антесиң Сырга?! Антип,супсунумду суутуп, кууратпачы. Көрүшпөйлү дебечи. Мен сени сагындым. Көргүм келет, түшүнүп жатасыңбы?

-Карыдык да. Көрүшүүнү жыйыштырып коёлучуултан. Сен мен жөнүндө, баякы Сырга бар экендеп, ойлобой эле кой. Тагдыр менин шорума шор кошуп, кандай жазалаганын, кандай өзгөрткөнүн билбейсиң. Азыр мени сен эмес, өзүмдү өзүм тааныбай калгамын. Түшүнүп жатасыңбы, ушуга?

-Койчу Сыргажан, алшылтоо да, себеп да эмес. Өзгөрбөй турганбул жашоодо эмне бар экен? Мен да өзгөрдүм.

-Жок, антип мени сооротпой эле кой. Экинчителефон чалба, көрүшүүнү да сураба. Сен мени көргүң келгени менен, мен сени көргүм келбейт. Кош, жакшы кал.

Сырга трубканы шак илди. Айлам кетип, эмне кылаарымдыбилбей чайпала түштүм. Сунушумду минтип кабыл алаарын ойлобогон жаным санаам сай­га бөлүнүп, бозала боло түштүм. «Бүкүр менен акыры ажырашып тынган экен? Баякы кеткен бойдонкайрылбады деп, мага таарынып жатабы? А балким, ба­лам көрсө шектенет деп тартынабы?! » Ушундай сан түркүн ойлорду ойлоп, бир топко чайпалып туруп,кайра чалып, суранып көрүүнү туура таптым.

- Алло! - Сырга трубканы мурдакыдай эле илбериңки алды. - Сырга, мен эле, Султанмын. Урушпачы алтыным. Трубканы койбой , чыдап укчу мени. Ишенсең , сени менен бир көрүшүп баарлашпай бугум да чыгаар эмес, кабагымда ачылаар эмес. Балким сен мага таарынып жүргөндүрсүң. Билем баарын. Бирок, бардырбасың бардырбас, дегендей, экөөбүздөгү шарт ошондой аргасыз болбодубу.Анан калса, барса келбе с жакка кеткенсип, алыска кетип калдың . Баякы таятамдыкына барганда, атайын сен үчүн, сени көрүш үчүн барганымды сен кайдан билмек элең. Кандай абалда кеткенимди түшүнгөн чыгаар деп ойлогон элем. Би­рок, азыркы сөзүңө Караганда түшүнгөн эмес турбайсыңбы. Кантейин, жок дегенде сени менен оозучунан учурашып, уулумду бир обо албаган арманымды ушул убакка чейин эстегенсайын жүрөгүм тилинет. Ошондогу,Султанды көтөрүп, эшигиңцин алдында, бир байламкызыл жоолугуңду артыңа байлаган калыбың да, мен машинага олтуруп узап кеткенчекатырга н солокоттой болуп умсуна карап турган элесиң менин коз алдымдан али кете элек.

Сырганын ыйлап жатканын сезип, эмне кылаарымды. билбей калтаарып кеттим:

-Менин жүрөгүм сен үчүн мурда кандай болсо, азырда ошол бойдон, Султан. Сыягы, адамдын өзү картайга ны менен, көңүлү картайбачу неме окшобойбу. Бирок,- деди ыйга муунуп.

-Эмне, бирок? Антип, бирок-сирок дебей көрушөлү да Сырга. Макул деп койчу.

-Күрөшкөндө кайдан көрүшөбүз? Жер тар, жолугуша турган жай жок. Сен экөөбүз үчүн башынан эле, аалам алакандын отунан тарэкенин билесиң. Же тобокел деп эле үйгө келесиңби? Күндүз үйдө киши болбойт. Кээде эле, шашылыш команд ировкасы болуп калып Султан келип калбаса.

-Мейли барайын. Кайсы убакта,сен айтчы?

-Балдар жумушка саатсегизде кетишет. Үйдүн дарегин көңүлүңө түйүп ал...

-Ракмат, унутпайм! өхдедим толкунданып. ..

Эртеси Сырганын «кел» деген убактысын болжолдоп туруп, алардын үйүнүналдындагы автоматтан телефон чалдым. Сыягы мени келипкалабы деп тынчы кетип, күтүп тургандай. Эшик ачылганда менин алдымды тособаскан бейтааныш аялды көрүп, «үйүндө бөтөн киши бар экенин айтпаган экен» деп ойлоп жүрөгүм түрсүлдөп согуп, ичкери жактан Сырганын чыгышын күтүп туруп калдым. Ошол маалда Сырга­нын мага тааныш коңур үнү арт жагымдан угулду.

-Султан, эмнеге токтоп калдың,ичкери өт.

Кылчая карап, селтэттим. Киргенде назар салыпжакшыбайкабаган жаным, маңдайымда баякы аялдамадан көргөн өңү суук, бир көзү айнекаялдын көз жашы салаа-салаа болуп төгүлүп ыйлап турганын көрүп денем өлө түштү.

-Ой, Сырга! Сенсиңби?

-Менмин Султан. Мсни тааныбасыңды мурда эле билгем. Башка аял экен деп ойлодуң го! Мен ушинтип шордопкалганмын Султан. Ден соолугумду да, кебете-кешпиримди да, жаштыгымды да сенин балаң үчүн курмандыккачалып койгомун.

Мен Сырганы кучагымакандай алганымды, анан экөөбүз үн жок, сөз жок, дене боюбуз солкулдан канчаубакка чейин кучакташып бөлүнбөй турганыбызды билбей калдым. Тээ бир оокумданкийин тилге келдим:

-Алтыным, кечир мени. Сени бактысыз кылган күнөөлүү адам акыры айланыпкелип алдыңда турат.

-Кандай жазалап, кандай айыпка тартсаң өзүң бил. Башым тартуу, Сырга, кечир мени. Мен сенинмахабат ыңдын кулу болгон бир мусапырмын.

-Жок, жок, Султан, сен эмес, мен болдум сенин махабатыңдын кулу. Асылыңдыкөргөзбөй, азабыңды тарттырдың. Баламдын аты Султан экенин билесиң. Анын сага окшоп калганы көңүлүмдүн сыймыгы, жашоомдун күүсү болгону менен, өмүрүмдүн күнүмдүк шору болду. Бала боюмаболуп, ичим билине баштаган күндөн баштап бүкүрдүн шектенүүсү күч алды. «Чыныңды айт, бул карындагы бала менденби, жебашкаданбы? » деп, уктап жатсам ойготуп, тышта жүрсөм чакырып алып эзип жүрдү. «Бала жарык дүйнөгө келгенден кийин байкап көрөм. Кокустан, мага эч жери окшобой, башкагаокшоп калса, балаң экөөңдү мууздап салам!» депкоркутчу. Көрсө алганаялдарынын бирөөнүн да согончогу канабаптыр. Туубайсың , деп кетирген аялдары экинчи барган жериненакты- каралы кылып, чубуртуп тууп жатканын көрүп, көзү ачык бирөөгө барып бал китеп ачтырса, «Сенде баланын периштеси жок, Иса. Уруксузтурбайс ыңбы. Тукумсуз өтөт экенсиң бул дүйнөдөн» деп үмүтүн биротоло үзүп койгои имиш. Мына ошондон кийин бала көрбөй жүрүп биринчи Султанды көрүптүр. Балалуу болуудан ишеними кайткан неме,Султанга мээримин эч салбай койду. Байкуш балам бармактай кезинен ошентип атамээримин көрбөй өстү. Ата деген кишисиненукканы «Бул менин балам эмес» деген жагымсыз, суук соз болду. Төтөн ичип алганда, жалгыз эле мени тилдеп, мени күнөөлөбөй, Султанды кошо күнөөлөп, экөөбүздү бирдей жазалоочу.

-Апа, кетип калалычы Кыргызстана! , - дей баш­тач у болду Султан, эс кирген сайын. - Эмне үчүн атам, дайым эле «арам сийдик» деп тилдейтмени.



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   29 Апрель 2016 - 15:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Кетип кайда барабыз балам. Мен да сенин эр жетке ниңди күтүп жүрөм. Аз калды, эптеп чыдайлы балам. Кеткен менен экөөбүздү жолдон пропускасыз өткөрбөйт. Анын үстүнө барар жерибиз, тутунаар туурубуз да жок.

-Султан ыйлайт.

-Апаке, мен чоңойгончо эле атам, экөөбүздү бирдей өлтүрүп салаг го. Корком.

-Өлтүрө албайт, балам. Өзү ошондой жаратылышында урушчаак, ачуулу кишитура, - деп коём алдап.

Ошентип, олбо жаным, олбө деп, жаныбызды оозубузга тиштеп жүрүп арада н айлар өтүп, жылдар өтүп, Султан темене канат болуп борбуюн көтөрүп бой тарта баштады. Бүкүрдүн баякы жара жини кармап,мага кол салуусу акырындык менен сейилдеп баратты. Анткени, Султан абышка экөөбүздүн ортобузга түшө калып, анын кажарлуу колун кабыштыра кармап, «болду эми ата, апам эмне күнөө кылды сага!» деп жекирип, жетелеп барыполтургузуп коюучу болду. Анын үстүнө Султан ото эмгекчил, илбериңки бала болуп өстү. Абышканын жеңилин жерден, оорун колдон алат. Короо-жайды иретке салган да Султан, эртели-кечмалга коз салган да Султан. Иса бир жакка барам десе, дароо атын токуп,колтуктап аткарып, камчы- сын колуна берип, ызаат кылып турат. Султан онду бүтүп жаткан кези эле. Жаңы эле мектепке барам деп чыгып кеткен.Ошонун мурунку күнү жанынан отуз сом акчасыжоголуптур. Ичип алган неме, бироого бергенин, же чөнтөгүнө жаздым салып түшүрүп салганын билбей, Султандан коро баштады.Мен үйдө болчумун. «Энеңди урайын бөлтүрүк, акчаны табасьщ, таппасаң өлөсүң!» деп буркан-шаркан түшүп, сөгүнгөн үнүн угуп жүрөгүм атып кетти. Тим эле айкырыгы айылды, өкүрүгү өзөндү жарат. Терезеден карасам, мас. Колунда мылтык. Байбичеси тышта жүргөнүн көрүп, көңүлүм бир аз тына түштү. Анткени, ал кишинин сөзүн мага караганда жакшы укчу.

-Э катыгүн Иса, сага эмне болду?Мылтыкты эмнеге көтөрүп алганс ың?

-Октоп келдим.

-Эмнеге?

-Азыр мен жанакы канчыкты, күчүгү менен атып өлтүрөм.

Аял чочуп кетти.

-Эмне дейт? Кайсы канчык, кайсы күчүк кокуй!

-Эй башы жок, үйдө каыча канчык, канча күчүк бар эле. Энеңдиурайын шуркуя, билдим мен жанакы Султан деген бөлтүрүктүн кимден туулганын?Энесине болушуп, мага каяша айтуучу болду. Анысы аз келгенсип, чөнтөгүмө кол салып акча уурдайбаштады. «Балтыр бит башка чыгат» деген ушул.

-Кокуй, кокуй, жинди болбо Иса. Ар качандан бир качансуук сөзүң калбады. «Арам сийдик»деп олтуруп, ак никелүү жарыңдан туулган баланын, дилинкарартып, көңүлүн өзүң калтырып жатасың. Эсиң е кел, никесиз туулганташтанды баланы деле, бала кылып багып алат тура. Ушул бойдон эле күү-күчүң ташып күпүлдөп турам деп турасыңбы? Алдыда карылык деген, өлүм деген бар. Ойлосоң боло. Султан колуңа кол, бутуң а бут болуп, керекке жарап калды. Кымындай күнөөсү жок өз бүлөңдү өзүң өлтүрсөң, сени ким өлтүрөөрүн билесиңби. Ташта алдагы мылтыкты. - Аял талашабаштады.

-Жолобо жаныма, коё бер мени, жиним келсе сени да атып салам. Анан өкмөткө өзүм барам.

-Кана, аткың келсе атып сал. Өлтүргүң келсе Сырга менен Султандан мурда мени өлтүр. - Көкүрөгүн жагдайта ачып, бүкүрдүн алдында турду. - Эмне карап турасың , атпайсың бы?

-Мурда тигил эки итти атып туруп, анан сениатам.

Коркко нумдан эшикти кандай илгенимди да билбей калдым. Бүкүр койгулап, эшикти калдырата баш­тады. Биркезде эшикти күч менен тепти эле,какжырап, эскилиги жетип араң турган жаман каалга бөлүнүп ке тти. Мен тигининколундагы мылтыктын сүрүн өн эмне кылаарымды билбей, ички үйгө кире качтым. Ал тилип чайнап,булдуруктады:

-Эмне кылайын ыя бетбак, атып өлтүрөйүнбү сени, тепкилсп өлтүрөйүнбү? Кайсынысын каалайсың? Айт. Беш мүнөт убакыт берем.

-Жан соога!

- Өлүмдөн коркосуңбу?

-Корком. Ташта мылтыгынды.

Мени чындап эле өлтүрөйүн дедиби, же тим элекоркуткусу келдиби, билбейм. Мылтыкты кош колдоп көтөрүп, мени бутага алып мээлей баштаганда өзүмдөн- өзүм бутумдан жан кетип, тула боюмду калтырак басыпжерге кулап түштүм. Ушул маалда артынан кирген улуу аялы,алаканын щак коюп, кыйкырып жиберди:

-Э кокуй, кокуй, Сырганы чыны менен эле атып салган го!

-Энеңди урайын эшек, тур быякка сүйрөлбөй. Азыр сен да өлөсүң.

_Өлтүр! Минтип жашагандан кө рө өлгөн артык.

Шамдагайлык менен жанына октой учуп келип, бүкүрдүн мылтыгын байбиче талаша баштады. Ушул маалда эмне болуп атылып кеткенинбилбейм, экөө талашып жатып кундагынбасып алыштыбы, же атайы эле Иса өзү аттыбы, үйдүн шыбына тийген, октоншырыктар көзөлүп, чаң бурт дей түштү.

Мылтыкты талашып, жоолугу желкесине түшүп, өң даалаттан кеткен аялын бүкүркөмөлөтө түрттү. Менин көзүмө, бирибиздин каныбыздыичпей, соолукпачудай болуп туюлду. Ал мени көздөй үксүйө басып келип, жаныма токтоду.

_ Айт чыныңды, Султанды кимден туудуң?

Эчен-эчен, Султанды, Султан деген жигиттен туудум, деп айтайын деп, оозумдукамдап баратып, кайра ачуулунун алдынан чыкпайын деп ойлоп, бир колумдуначуусун бир колум менен карман, өзүмдү-өзүм токтотуп турдум.

-Сенин балаң! - дедим тилим күрмөөгө келбей, оозум кургап.

-Калп айтып жатасың, шуркуя. Билем, менден эчкачан бала болбойт. Оо-о, көкөтеңир, о-о-о бети жок шерменде, мени экөөң тең алдай албайсыңар. Ойношумдан туудум депэмнеге чыныңды айтпайсың? - Ал мага жакындагансайын, жыгылган жеримден оз бо­юмду өзүм көтөрүп тура албай жаттым. «Арачыга алты таяк» дегендей, магаболушуп жүргөн байбичесин көмөлөтө түрттү. Ал, менин үрөйүмдү учуруп, жан алчу жалаңкычтан бетер тиштерин кычыратып, таноосу кыпчылып,колундагы камчысын ойнотуп турду. Жыгыл ган аял сүйрөлүп туруп, жардамга келгенче камчы башыма ойной түштү. Чечекейим агып калгансып, көзүмдөн от чачылыи кетти.

-Султа-а-а- н, ап-а-а, өлдү-ү-ү- м! - Көзүмдү басып чаңырып жибердим.

-Эмме, көзүң агып калдыбы? - Чачымдыколуна толгой ороп, үйдүн ичинде ары-бери сүйрөп, туш келди тепкилей баштады.

Кулагыма угулган байбиче апанын үнү болду. Тышка кыйкырып чыкты.

-Оо, эл, оо журт, Иса Сырганы өлтүргөнү жатат, жарда-а-а-м!

Бүкүр байбичесинин чыгышын элекүтүп тургансып, эшикти илди.Бир кезде тыштан Султан менен байбиче апанын үнү угулду:

-Ата-а-а! Атаке-ба-й, ач эшикти. Ата-а дейм!

-Ай Иса, ушундай экенсиң ээ, куураттың го баарыбызды. Акмактанбай ач эшикти. Сырга менен Султанды каалабасаң, урбай-сокпой жон кетир. Ой кай­рам бала, кайран аял сага кор болгон, - деп күйүп- быш ып Султан экоо эшиктитынымсыз койгулап, үнүнүн бардыгынча кыйкырыпжатышты.

Эмелеки «Атаке, эшикти ач» деп чырылдап жаткан баламдын үнү да, апанын айгай салып жаткан эмелекидобушу да уламдан-улам алыстагандан алыст ап, кулагыма эч нерсекирбей, айланамды дүлөй тынчтык каптапбаратты. ..

...Ооруканага качан, кайсы күнүкимдер алып келип жаткырганын да билген жокмун. «Апа-а-а!» деген үндөн көзүмдү ачайын десем, башым тегеренип, көңүлүм айнып кетти. Менип бир сезгеним жанымдаСултан- дын ыйлан олтурганы болду. Эсиме толук келген кез­де, бир көзүмдү таңып койгонун туйдум. Эмне үчүн таңылганын да билген жокмун. Буттарым уюп, көөдөнүмдөн баштап, бүтүндөй денемди бирөө жанч ып салгансып жансыз да,оор да. Башымды көтөрөйүн десем, бироо ташбастырып салгансып кыймылга келбей койду. Кирпигимди ирмөөгө дарманым жоктой еезилди озүмо. Козүмдү жумган калыбымда:

-Султанс ыңбы?



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   29 Апрель 2016 - 15:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Ооба, апа, менмин. - Үн ү ыйга буулат.

-Мен эмне болдум? Догдурга ким алып келди?

-Мугалимдер менен врачтар.

-Бүгүн алып келдиби?

-- Үч күн болду, апа.

-- Үч күн болду? - таддана,ишенбегендей кайталап сурадым.

-Билеси ңби, апаке, сени санавиация менен алып келишпедиби.

-Кайда алып келишти?

-Алматага.

-Э катыгүн кудай, мен Алматанын ооруканасындамынбы? Оюмда Нарынколдо жаткан экенминдебедим беле.

-Ошол Нарынколдун врачтары чакырды санавиация ны. Апа, сени догдурлар сүйлөбөсүн деген.

-Сүйлөбөсүн деген? Эмне үчүн?

-- Билбейм.

-Каралдым ай, окууң эмне болду?

-Окууну бүттүм. Бир эле сабактан экзаменберелек болучумун. Ага агай, эжейлер, мурунку бааларга карап туруп «5» коюптур.

-Ракмат сенин мугалимдериңе. Алар болбосо экөөбүз талаада калмак турбайбызбы. Эми кайдан окуйсуң?

-Алматада эле калам го, апа. Мугалимдер ошентип айтышты.

-А менчи, кантем?

-Ал жөнүндө сен ооруканадан сакайыпчыкканда сүйлөшүп, кеңешебиз. Баятадан бери көп сүйлөп койду ң. Карачы , чарчап, алың кетип калды. Эс алчыэми.

-Сен кайдасың ? Жесага да ооруканадан орун бериштиби?

-Жок апа, Турдайым эженикиндемин.

Турдайымды угуп санаам тына түштү.

...Күндөр чапкан аттай өтүп жатты. «Дарт батмандап тийип, мыскалдапчыгат» дегендей, күндөн- күнгө жакшы болгонсупбараттым. Мендеги орду толбос, бир өкүнүчтүү жоготуу, бир көзүмдүы чечекейинин агып калганыболду.

Турдайым эженин өтө адамкерчиликтүү, жакшы аял экенин көбүнчө ооруканада жатып билдим. Күнүгө тамак-ашын алып, ооруканага келип абалымдысурап кетет. Ал киши, Нарынколдо Султан окуган мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген кошуна ке- линдинэнеси болуучу. Алматада туруучу. Турдайым эже менен ошол кызы аркылуутаанышкамын. Эженин өзү кыргыздын кызыболгондуктанбы, билбейм, мага бир тууган эжемден айырмасы жоктой жакын сезилүүчү. Турдайым эже акылыма акыл кошуп, оюма ойкошуп, ачыма айланып, тогума толгонгон күйүүмдүү аял бо­луучу. Энесин тартып Нагима да адамкерчилиги артык, боорукер келин. Көбүнчө мени бүкүргө баш ийдирип, бир чамгарактын алдында жашатып турган ошол эже менен Нагимаболду. «Коёндун териси бир жылга чарыкка чыдаптыр». Мынча болду, Султан окуусун бүтүп, уядан учканча, эмне кылсаң да чыда, дешчү. Мени санавиация менен алып кеткенденкийин, Султанды Алматага кетип жаткан «Чекара» деген газетанын редакторунатабыштап, адрести берип, Наги­ма өзү жөнөтүптүр.

Бүгүн Турдайым эже өзү келбей, ооруканага Сул­танды жибериптир.

-Апа, тамагың ды ичип алып, абага чыкпайсың бы? Тыш эң сонун болуп турат, - деди Султан алыпкелген оокаттарын мага берип жатып. Чыксаң, мен күтүп турайын.

-Макул, чыгайын балам, - дедим бетинен ооп.

...Бактын көлөкөсүнө коюлган, айланасы гүлгө оронгон эмкананын алдындагы скамейкалардынбиринде сүйлөшүп сөзүбүз бүтпөй,бири- бирибизден ажырагыбыз келбей магниттей тартылабыз. Бир убакта Султанбутунун башы менен жерди шилегилей берип, үн катты:

-Апа, сен сакайып эмканадан чыкканда кайда барабыз? Мен Нарынколго такырбаргым келбейт.

-Ой каралдым ай, ал жакка менин эле баргым келип турат дейсиңби? Көрөбүз балам, Турдайым эже эмне дейт экен, сүйлөшөбүз.

-Апа, мен сенден бир сөз сурасам капа болбойсуңбу?

-Сура. Сен сураган сөзгө апаң капа болбои калсын.

-«Арам сийдик» деген сөздүн мааниси эмне? Султандын сөзүп угуп жүрөгүм болк дей түштү.

Эмне деп айтаарымды, кандай деп жооп береримди билбей мууна түштүм. Мен Султанды мындай суроо берет деп эчойлобоптурмун. Сөздүн нугу кайда кетипжатканын баамдап:

-Ачуу келгенде айтыла турган сөз болуш керек. Анын эмнесин сурап жатасың? - дедим кайра күнөөнү баланын өзүнө саласал кылып.

Султан ошондо эле сезимтал, ойчул, бир нерсени адамдын көз карашынан айттырбай билген түшүнүгү күчтүү бала болуучу.

-Апа, Султан деген ким?

Дагы жүрөгүм болк этти. Соз табаалбай калдым.

-Султан сенсиң! — дедим бир топтынчтыктан кийин улутунуп.

-Жок апа, мен сенден башка Султанды сурап жатам. Билесиңби, апа, атамдын сени басыптып, ар качанданбир качан «Бул баландын арам сийдиктен туулганын мени билбейт деп жүрөсүңбү. Мен баарын билем...» деп айткан жагымсыз сөздөрүн ушул кулагым менен канча жолу укпадым. Алэмес, сени бул жакка алып келгенден кийин мени эмне деп тилдегенин билесиңби. Болгондо да казганактаган казак туугандардынортосунда сөктү.

-Эмне деп сөктү? - Оозумдун ичи батташыпкурган чыкты.

-Самолёт учуп кеткенден кийин баарыбыз кайра мектеп ке келгенбиз. Атам ошол жерде камалуу экен. Милицияларатамдын колуна зоолу салып, класстан айдап чыкты. Ким экенин, кайдан келгенкиши экенин билген жокмун, бир бейтааныш адам тургандарга кайрылды:

-Бул малгундун уулу бар экен, кайда ал бала? Тургандар жандана түштү. Ошол кезде артымдан кимдир бироо мени астыга түрттү.

-Мына баласы.



Мен коркконумдан ыйлап жибердим. Ошол саамда тиги менисурагап киши жаныма салмактуу басып келип, ээгимден асга көтөрүп бир демге карайтуруп, миЛициялардын коштоосунда турган атамды карай:

-Ушундай баланы туупберген аялга, күнөөсүз жердей кордук көрсөтүп, сабоогокантип колуң бар­ды? Жакшылыгы жок, жаман киши турбайсыңбы. Ссн- дей кара мүртөз, ташбоор адамга калктын ичинен орун жок. Чыкпаган эле жаны кетти догдурга. Өлүп калса эмне болот ыя? - деп, ачууланатуталанды.

-Ошондо атам эмне деди дебейсиңби?

-Эмне деди?

-Бул менин балам эмес, арамдан туулган бала. Эй, Султан, угуп ал, акыркыжолу дагы айтам, сен менин балам эмессиң?

Атамдын сөзүн угуп өзүмдү кармай албай кеттим. Көөдөнүмдү бир суроо чагылгандай аралап өттү. Эмнеси болсо да, оз атамдын ким экенинбилейин деп ойлодум. Ошол саамда өзүмдөн өзүм чыйрала түшүп, жашымды жеңимдип учу менен сүрттүм:

-Ата, анда сен менин оз атамдын ким экенин да, кайда жашап, кайда турарын,ал эмес аты-жөнүн да билсең керек.

-Билем. Сен Султан деген кыргыздын баласысың . Азыр ал Чүйдө.

Атамдын сөзүн угуп, ынданым өчө түштү. Тургандар дуулдап кетти. Атамды туш-туштан сөккөн үндөр, жерге түкүрүлгөн түкүрүктөр угулду. Ошол саамда аржактан чоң апамдын чуркапкелатканын көрүп, теңселе түштүм. Алиги артымда турган бейтааныш киши мениколумдан алды.

-Капа болбо чырагым, атаң ата эмес эле айбан турбайбы.

Чоң апам атамдын сөзүн кайдан укканын билбейм, өзүнөн өзү сүйлөнүп ыйлап келатты:

Султа-а-н! Каралдым, козум! -өзүн мени көздөй

атты. - Оо, баланын балакетин алган айбан, ак бүлөсүн кара деп, айнектей болгон күнөөсүз келинди чала жан кылганбул адамдын сөзүнө ишенбегиле журт! - Чоң апам, атамдын мадайына барып кайкалап туракалып. бетине жаба түкүрдү. - Тү бетиңе. Өз уясын өзү бузуп, өз ырысын өзүкескен сендей да айбан болобу.

Мына, ушундай сөз, ушундайокуя болду апа. Мен Исанын баласы эмес экениме ошондо анык көзүм жетти. Менденсырыңды жашырбачы апаке. Уулуңдун сенден башка сүйлөшөөрү да, сырдашаары да, ишенээри да, жакын адамы да жок. Сен мени жарык дүйнөгө жаркыратып алыпкелген жалгыз кудайымсың, апа. Султан деген ким? Балким ал да, Исага

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   29 Апрель 2016 - 15:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-окшогон жаман кишидир. Балким сени ошол киши бактысыз кылгандыр. Сен ырайымы жок, өңчөй жаман адамдардын таманалдында тебелендиде калган шордуу аял турбайсы нбы.

-Билесиң да, мени таякем менен таяжеңем он төртүмдө бүкүргө кандай сатканын. Айткамын сага.

-Кетип калсаң болмокэкен.

-Айтасың да. Менин сөзүмдү сүйлөп, сүйөнүч болуучу алдымдаага, артымда ини, эже-сиңдим болбосо кайда кетем? Ишенээр кишим болгондо бул бүкүргө бир түнөмөк эмесмин.Карышкыр көргөн улакка окшоп коркуп жүрүп, кол башындай жүрөгүм, кой башындай болду. Жүрөк деген жүрөк, көңүл де­ген көңүл турбайбы. Сүйбөгөн адам менен эрди-катынболуп бир үйдө жашоо кыйын экен балам.

-Байкуш чоң апам экөөбүзүчүн далай таяк жеп, далай тил укту ээ апа. Бая күнкү чатакта ал киши болбогондо, сени өлтүрүп салат болуучу. Бизсиз чоң апам кантип күн көрүп, кантип жашаарэкен? Баарынан ошол кишиге кыйын болду. Мен кетип жатканда «Аман бол балам, Сырганы жакшы кара. Экөөңдү бирдей кудайга тапшырдым. Жаныңдагы акча-тыйыныңа сак бол. Сырганы көрүп, жакшы болуп калса кайра кел. Менден салам айт апаңа!» деп ыйлап кал- ды.Каны башканын каны башка болот экен. Болбосо, атам ушунчалык ырайымсыздыкка барбайт эле. Бай­куш чоң апам уктасам түшүмдөн, ойгонсом өңүмдөнкетпейт. Туягымды шыпырып, тумшугумду катып, жонуна көтөрүп баккан энем.

Ушул сөздөн кийинэкөөбүз тээ бир оокумга чейин унчугушпай калдык. Бир убакта башын жерге салган баламдым мурдунунучу ылдый агып, жерге ты- пылдап таамп жаткан жашты көрүп, ме нин да муунум бошопыйлагым келип өнтөлөдүм:

-Сен эмие болуп турасың , ыя бала? Ыйлап жатасыңбы чоң апаңа?

-Ооба, ыйлап жатам. - Көз жашын сүрттү. - Ушул бойдон эле чоң апам менен үзүл-кесил болуп ажырашып кетебизби? Сагынам го ыя, апа? Эртеби, кечпи бир кайрылуубар го чоң апама.

-Көрөбүз. Чоң апаңда не жазык. Сыртынан кабаралып турарбыз.

-Апа, менин өз атам жөнүндө качан айтып береСИҢ?

Бул бала Султан жөнүндө укпай жаны тынбайт экенго, деп ойлодум. Сөздү эмнеден баштаарымдыбилбей муунуп турдум. Аз жерден «Султан өлүп кал­ган» деп айтып жибере жаздап барып оозумду тартып алдым.

-Кагылайын каралдым ай, апаңды жарга кыстагандай кылдың го. Ошондой эле, өз атаңдын кимдигин билгиң келип, айт десең айтып берейин. Апаңдын айтканына ишенип, жүрөгүнө түшүнсөң эле болду. Сен менин эң жакын, эң жакшы адамымдан калган үрөн-бутагымсың. Мен, сенин атаң Султан менен ойдо жокжерден таанышкан болчумун. Биринчи жолу көрүшкөндө эле, ал мени, мен аны жакшы көрүп, махабат деген балакетке чалдыгып, сүйүшүп калсак болобу...

Сырганын оозунан чыккан «махабат» деген соз өспүрүмдүн жүрөгүн булкуп алды. Султан көркөм адабий китептерди, болгондо да Толстойдун«Анна Каренинасынан» баштан, Айтматовдун «Жамиласы» сыяктуу классикалыкчыгармаларды кызыгуу менен окуй турган. «Сүйүү» деген кереметтүү кең дүйнөгөэңсөөсү жаңыдан тутанып келаткан жаш кыял, чыны- гы махабат, чыныгысүйүүнү башынан кечирген адамдарды башкача элестетчү. Андай адамдар, жөнөкөйадамдардан эместей, кандайдыр даражасы даркан болгон касиеттүү, ыйык инсансыяктуу сезилүүчү. Ушул убакка чсйип апасын ойлогоидо, аны сүйүүнүн эмне экенинбилб еген коптүн өспүрүм үчүн, Сырганын азыркы күтүүсүз жерден чыккан сөзү баланы таңдантып салды. «Тобо, апам да сүйүүнү билет экен ээ» деген ой көөдөнүндө удургуп турду.

-И, апа, анан эмне болду?

-Эмне болсун балам,Султан экөөбүз Төлөгөн менен Кызжибектей болуп жүргөн кезибизде ажырап калдык.

-Кандайча?

-Ал мени бүкүрдөн алып кетем ден камынып жүргөн кезде, машинадан кырсыкка учурап, бели мертинип,ооруканада көпкө жатып калды. Ошондо сен боюмда күмөн бар болчусуң. Арадан айлар өтүп, аман-эсен эки колумдубоорума алдым. Атыңды атайы эле Султан деп койдурдум. Албайкуш, сен балтыр бешик болуп бөлөнүп турган кезиңде, ооруканадан анчалыкжакшы болбой, балдак менен чыгып келиптир. Кандан, бектен кайра тартпа ган эр жүрөк жигит болучу, биз араба менен бир жактан келатсак, атайы жолубузду тозобасып келип учурашты. Чоң апаң көрүндүк сурады.

-Жээниңди көрүндүк бербейэле көрүп аласыңбы, ыя иним?

Анткени, чоң апаң Султан менен бир уруудан болгондуктан, ииим деп айтты го, Исаданжазганып.

-Берем эже, - деп жарк этип, ич чөнтөгүнөн бир бүтүн жүз сомдук кагаз акчаныалып чыгып, сунду. - Мына жээнимдин көрүндүгү, аз болсо да көптөй көрүп алыпкоюңуз.

-Экөөң учурашканжоксуңарбы?

-Балээни учурашканыбы. Бири-бирибизди көз отубуз менен уурданакараганыбыз болбосо, бир ооз сөз айтып сүйлөшө албадык.

-Аа, ошондой дечи! Атамал кишини тааныйт экен да. Анан ошол келген боюнчаэкинчи келген жокпу? Же кийин дагы кезигипжүрдүңөрбү?

-Келгендей болбой калды.Сөөк оорулардын тээ алыскы санаторийине кеткенин айтып, мага кат жазып, Айдайбектен берип жибериптир.

-Айдайбек, тигил сен өзүң айтып жүргөн өкүлатаңдын баласы эмеспи?

-Ооба, ошол балам. Дарылануудан кайрылып келген кезде, экөөбүздү таппай, жер сыйпап калды да. Көрсө бүкүр кексе киши турбайбы. Эми ойлосом, кетипкалабы деп менден шектенип, Казакстанга кире качкан неме тура. Султандынсумсайып куту качып турган кебетесин көрүп минтип кошумчаладым. - Өзүңөтүнүп, жабышып сурап туруп алганьщдан чынымды айттым, балам. Мени жаман көрсөң да, жакшы көрсөң да, жаштыгымданбы, жамандыгымданбы, ушундай бир иш өттү, кетти. Куурап жүргөн бактысыз күндөрүмдө, Султан дегён ата-баланын кубаты менен жашап, ошол экөөнүн зеринен өлбөй тирүү ушул жашка келип олтурам. Мен аны эстеп койсом эш тутуп, санап койсомсанаам ток болуп кетем.

Султан тээ бир оокумга чейин тунжурай түштү:

-Ошентип, бириңди- бириң таппай калдык дечи. Өкүнүчтүү экен. Аталуу балдар кандай бактылуу, ыяапа!

-Кантебиз балам, тагдыр деген татаал нерсе тура. Мен бактылуу болбосом да,сен бактылуу болсоң экен. Түбөлүгүбүз түз болуп, кудай өзүбүзгө кубат берсин дейбиз да.

Султан ошол бойдон экинчи менден эч нерсе сураган да жок, сен жөнүндө да айтпады. Кайсы дарт, кайсы армандыайтайын Султан, сени менен мезгилим өтүп, ушундай күндө жолугам деп кимойлоптур. Бөйрөгүм да, жүрөгүм да оору. Ошондогу көргөн кордук, тарткан азаптан айыкпас дарткажолугуп, ыргайдай болуп кабыгым менен катып калдым. Сул­тан институтту бүтөөр жылы чуркап жүрүп, мени Маскөөгө чоң догдурга алып барып,оору бөйрөгүмдү алмаштырып, башка бөйрөк салдырды. Азыр мурдагыдан жакшымын.Бара- бара оңолуп, өз калыбыңа толук келесиң дешкен. Жакында курортко жиберем депжатат. Ушул бойдон жакшы болуп кетемби, же кайра ооруп каламбы, билбейм.

-Оорукчал киши өзүнө-өзү табып болуп калат. Мурдакыга Караганда азыр өзүңдү кандай сезесиң?

-- Кудайга шүгүр, ооруган жерим жок,таптаза эле өңдөнүп калдым. Ыраазымынтагдырыма, бир кездемындай күндү көрөм, Султанды мннчалык адам бо­лот деп кимойлоптур. Иши кылып, аман болсо болду дечүмүн. Көрсө куураган куураган бойдон, жыргаган жыргаган бойдон өтпөйт тура. Бөксөнүн да толуусу болчу неме экен. Бир орду толбос арманым, сенсиң Султан. Күлүп күлкүгө, ойноп оюнга тойбой калба- дыкпы.

-Иса менен ошол чоң чатактан кийин ажырашкан экенсиң да?

-Ооба, ошондой болду.

-Султан окууга кантип өттү? -- дедим каңырыгым түтөп.

Султан өзү эле жакшы окуучу. Аттестаттыда жакшы алды. Жогорку окуу жайына өтүшүнө өзү окуткан мугалимдери жардам берди. Султан

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   29 Апрель 2016 - 15:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-үчүн Нагима аябай чуркады.Бечара балам окууга өткөн кезде, мен ооруканаданчыга элек болчумун.

-Көпкө жаткан экенсиң да.

-Ооба, көпке жаттым.

Мен жөнүндө айткан экенсиң да балама.

-Айтууга аргасыз болбодумбу. Өзүнүн тукумсуздугун билген неме, кечирим кылалбай койду. Болбосо, жабылуу казанжабылуусу менен калып, Султан Исанын өз баласы болуп калабермек.

-Султандын, мен жөнүндө билээрин укканда,кубанычтан толкун турдум, Ашыке.

Баятан бери «Бул байкуш, Султанды кантип окутт у экен? Бул күнгө чейин кайда барып, кандай күндөрдү башынан өткөрдү болду экен?» деген сыяктуу суроолорду жүрөгүмдө миң кайталап турган жаным, суроо жандырдым:

-Ооруканадан чыккандан кийин кайда бардың же Нарынколго кайра кеттиңби.

-Жок, ал жакка барган жокмун. Алматада Сул­танды караандап Турдайымэженикинде кала бердим. Сен менден, баланы кантип окутуп, кайда барып күн көрдүң? -деп сурай албай жатканың ды түшүнүп турам.

«Башка түшсө, байтал бээ жорго болот» дегендей, Турдайым эжеден мен да колумдан келген күчүмдү аяган жокмун. Оордугумду тийгизбейин, көңүлүн оорутуп капа кылып албайын деп, кара жанымды карч уруп жүрүп өз кызындай болуп кеттим. Султан өз жанын өзү бакты. Жогорулатылганстипендия алып окуду. Иса экөөбүздүн сотубузболгондо колдо болгон мал-мүлкүбүздү төрткө бөлүп акыйкаттыккы- лышты.

-Иса соттолдубу?

-И кесилди.

-А чоң апаңар эмне болду?

-Ал шордуу Султанды сагынып ыйлап жүргөнүн угуп кышкы каникулда барып таппай кайра келди. Бир туугандары келип көчүрүп кетиптир. Балам, кийин иликтесе, ал кишикайтыш болуп калыптыр.

-Ырас, Султан жакшы окууну бүткөн экен. Колуктуну кайдан алды?

-Узун Агаштан. Келиним догдур. Экөөнүн үйлөнгөнү үч жыл болду. Уулду болушкан. Аты Жабай. Мен өзүм деле багайын десем Султан болбой койду.Оорукчанс ың апа, бала багам депкуруп калас деп.

-Туура кылыптыр. Ыя, Сырга, сенин кайсы курортко, кайсы айда барарың ды кантип билем?

-Анын сага эмне кереги бар?

-Кереги бар байбиче, Султандан сурап билчи.

-Жарайт, сурайын. Сен эми кет, уул-келиндин келээр мезгили чукулдап калды.

-Болуптур, кет десең кетейин. Мындан ары кабарлашыптуралы.

-Макул, телефон чалып тур.

Экөөбүз ушунтип коштоштук.

Ашым атам досунун сөзүн кунт коюп угуп отуруп, көңүлү бузулду көрүнөт, өзүнөн-өзү үшкүрүндү:

-Атасынын көрү, бири кем армандуу дүнүйө деге и ошол. Бечара, эстүү, жакшы аял экен ээ. Аман жүрүп, баласынын ракатын көрсүн. Өзүңө окшогон жайнаган, билимдүү уулуң бар экен. Эптеп, аталыгың ды билгиз эми. Катыны жок каңгырап, кыз-күйөөнүн көзүн карап олтурбай Сырганы алып ал. Жүрөгүң эмне дейт, сүйлөштүңбү?

-Жүрөгүм Сырга үчүн сыздап турбайбы. Аныкөргөндөн бери тынчым да кетти, уйкум да качты...

Атамдыы досунун сүйлөгөы сөздөрүн угуп олтуруп өз ичимден ойго батам. «Бул турмушта дегелеармансыз адам болбоочу неме окшобойбу. Сырга эже, Элалга кандай эже болду эле?»деген суроо көңүлүмдөн кетпей, төөнөгүчгөй жадымда тепчилип турду. - Унутпай, аяш апамдансураш керек...

Эртеси эртелеп, Ашым атамды жөнөтүп коюп, арызымды жазып алым, сотко келсем, Элал менден мурун келип күтүп туруптур. Арызды бага кылып, кат менен сүрөттөрдү делого тигип, каттоодон өткөрүп, санаабыз тынгандан кийин, кайра Султангакирдик.

-И, өткөрдүңөрбү, баарын? - деди жаңы эле сүйлөшүп бүткөн телефондун трубкасын рычагка илип,

-Өткөрдүк.

-Карайбыз бат эле. Шаарда башка жумушуцар болсо бүтүрүп, анан үйгө баргыла.

Жолдо келатып, Султандын, атасы Султанга окшоштугуна тан берем. Ырас эле, өңү эле эмес, сүйлөгөн сөзү да, күлгөнкүлкүсү да ошол кишинин өзү экен. Атасынын бул жерге эртели-кеч келип, уулун алыстанакмалап, караанын көргөнгө карыш казы алып жүргөнүн ойлоп, булардын мындан аркы тагдыры кандайаяк- тап, кандай бүтөр экен дейм. Санаа деген күлүк неме тура. Ушуларды ойлоп келатып өзүм жөнүндө, өз тагдырым эсиме түшкөндө, жүрөгүм адатынча бир зырп этип алып, опкоолжуй түштү.

Ушул маалда Элалдын үнү оюмду бузуп кетти.

-Эми Акылбек, дайны жок салбырабай ой-санааны ташта. Наргүл деген атты эсиңен алып сал.

-Аны ойлогон жерим жок. Азыр кайда баратабыз? Буюрса, сот менен азырынча бүттү да ишибиз.

-Азырынча эмес эле, ушуну менен бүтөт такыр. Ишиң ишенимдүү - адамдарга өттү. Эми андан кам санабасаң да болот. Түндө Султанга апам да. айтты,Сырга эже да айтты. Ал, акылдуу, так жигит.

-Мен деле ишенип турам Султанга, - дейм Элалдын менин көңүлүмдү жубатууга аракеттенип жатканын түшүнүп. «Атаңдын көр-ү-ү, жаман тууганда н, жакынкы санаалаш дос артык экен го». Ачыма айланып,





:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   Palan4a   30 Апрель 2016 - 13:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 10 Окт 2017 19:54

Чындыгы Наргул м.н Акылбек эмне болгонун унутуп калдым. Султан м.н Сырганы окуп(((((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   Miraida2012   30 Апрель 2016 - 17:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 06 Окт 2020 22:57
  • Жынысы:Аялзаты

Жаза койчу,кызыктын баары башталдыго эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   jasgul   30 Апрель 2016 - 21:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

Куда кааласа дагы бир жумадан кийин жазат го сурантып атып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   Nazyk   30 Апрель 2016 - 22:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 03 Апрель 15
  • Соңку аракети: 05 Янв 2019 01:49

ой улантынызчы. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Пользователь офлайн   mery.89   30 Апрель 2016 - 22:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 229
  • Катталган: 30 Май 13
  • Соңку аракети: 17 Дек 2021 22:55
  • Жынысы:Аялзаты

Ой ой оооой кутмойбу дагы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   Meer   30 Апрель 2016 - 23:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 07 Июль 10
  • Соңку аракети: 03 Апр 2020 03:11
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jasgul (30 Апрель 2016 - 21:44) жазган:

Куда кааласа дагы бир жумадан кийин жазат го сурантып атып.

Менда ушинтип ойлоп аттым эле :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   Miraida2012   01 Май 2016 - 13:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 06 Окт 2020 22:57
  • Жынысы:Аялзаты

Жаза койчу,кызыктын баары башталдыго эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   perim.ai   03 Май 2016 - 13:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 24 Апрель 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 19:31
  • Жынысы:Аялзаты

Айланайын жазып койчу эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   leilek85   03 Май 2016 - 14:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 491
  • Катталган: 28 Апрель 14
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 20:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Исфана

Кобурооктон жазынызчы сураныч
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   Atlantida.   03 Май 2016 - 14:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 195
  • Катталган: 12 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2018 21:06

Жаза салчы, ай караган текедей анкайтпай,кызыгына келгенде
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   mery.89   03 Май 2016 - 15:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 229
  • Катталган: 30 Май 13
  • Соңку аракети: 17 Дек 2021 22:55
  • Жынысы:Аялзаты

Ой жазагой же теманы жаптырып сал бизди куттурбой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   Atlantida.   04 Май 2016 - 02:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 195
  • Катталган: 12 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2018 21:06

Жазагой эми садагасы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   04 Май 2016 - 16:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Баарын бир билдирүүгө жүктөй албай койдум.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: img113.jpg


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   04 Май 2016 - 16:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 2016-05-04 16.20.35.jpg


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   04 Май 2016 - 16:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: img111.jpg


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 02:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: