Ассаламу аълайкум жалпы жамаат.Эжелер-
синдилер.Кеп кенешиниздерге муктаж болуп турам.Кантсем туура болот?Соз учугун озумдун жеке жашоомо бурсам.
- (7 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Кайненем менин себимди болочок абысыныма берем дейт... Кантсем болот?
#2 06 Май 2016 - 09:50
Админ теманы кантип ондошту билбей турам.Тема койгон элем.Кантсем болот? деп.Мумкун болсо ондоп коесузбу?
#6 06 Май 2016 - 10:07
Келин болуп босого аттаганыма жарым жылдан ашып калды.Куйоомдун жумушуна байланыштуу шаарда турабыз.Айылга да убакыт болгондо келип кетип турабыз.Учурда айылда жургон кезибиз.Кайним жакында мени абысындуу кылам деп суйунтуп отурган кези.Бизге келин болчу кыз али мектепти буто элек экен.Жакында майдын 25и бутоору менен алып качып келмей болуп атышат.Буга кыздын ата-энеси озу келип макул болууда.Тойлор тойго улансын денизчи,бирок ал той,мага кымбатка тушкудой болуп турат.Себеби кызга калын бербейбиз,сеп да бербейсинер,
деген келишим болуп атат.Менин септерим жапжаны боюнча турат.Энем (кайын энем) аларга айтып атат -:Сеп бербей эле койгула,былтыр алган келинибиздин себи ошол бойдон турат.Ирети да бузула элек.Ошонун устуно киргизип коебуз.Жашай беришет-дейт.
Анан мен бул жакта озумчоле кызыктай болуп журом.Энемдин ушул чечими туурабы?
Озумчо отурганда ойлоп калам.Ал келе турган келин менин атамдын кызы болбосо же менин куйоомо тийбей аткандан кийин.Кандайча менин тошогумду тебелейт деп.Мен учун калын бергенмин дааа дегидей, берген акчалай калыны болгону 60 000 сом эле.А бул акча менин себимдин торттон бир болугуно да туура келбейт.Негизи озу калын беруу шарт бирок сеп кылыш кылбаш кыздын оз эрки да.
Озумчо отурганда ойлоп калам.Ал келе турган келин менин атамдын кызы болбосо же менин куйоомо тийбей аткандан кийин.Кандайча менин тошогумду тебелейт деп.Мен учун калын бергенмин дааа дегидей, берген акчалай калыны болгону 60 000 сом эле.А бул акча менин себимдин торттон бир болугуно да туура келбейт.Негизи озу калын беруу шарт бирок сеп кылыш кылбаш кыздын оз эрки да.
#7 06 Май 2016 - 10:14
Ошентсе да кыздын корку сеп болгону учун себим менен эле баргам.Макул жыгачы,темири,
материалдар табылат денизчи.Бирок атам кайра-кайра андай сеп кылып бере бербейт да.Мен деле апама окшоп,кырк жыл отсо да атамдын алып берген буюму деп сактагым келет.Апамдын колу тийген тошоктор деп торумо жыйгым келет.Агаларымдан эстелик деп ар иштеткен буюмумду аягым келет.Кантсем экен?.Муну кантип айтсам?Эмне десем эч кимдин конулу калбагыдай жыйынтыкка жете алам.?Кенеш бериниздерчи ?
#9 06 Май 2016 - 10:56
Кайненене ачыгын эле айт. Озунду кыйнап ойлоно бербей. Мен силердин ордунарда болгондо бул менин себим,болунуп уй жайыбыз болгондо алып кетем,озум иштетем деп эле айтмакмын.
#10 06 Май 2016 - 10:57
Кайненеңизге айтың да, сиз антип айтпаң, анын менин буюмдарыма тийишкенге акысы жок деп. А мүмкүн кайненеңиз сиздин жооштугуңуздан пайдаланып жаткандыр же калың бергиси келбей сиздикин бөлүшкүсү келгендир. Алып чыгып кетиң септериңизди же ачыкчасына сүйлөшүң.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#11 06 Май 2016 - 11:00
Кантип эле бир тошок кошуп беришпесин берет да энеси. Эртеден эле жыйынтык чыгарбай тура турун.
#12 06 Май 2016 - 11:04
Kymbat-02-
04 (06 Май 2016 - 08:00) жазган:
Кантип эле бир тошок кошуп беришпесин берет да энеси. Эртеден эле жыйынтык чыгарбай тура турун.
Бир төшөк го кошуп берет, бирок, эртең анын коноктору келсе бул эженин төшөктөрүн салып береби? Бул дагы ошого ичи ачышып атат да.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#13 06 Май 2016 - 11:09
чекеде карап турбай айтканыныз он,эртен эле озубуз уйлуу болсок эмне мн толтурабыз деп.апасы жок дегенде бир сыйра кылып береттир кантип жаны уйлонгондорду бироонун тошогуно жаткызышсын.
коруп эле журбоймбу 1сом калын бербесе да жетим себин кылып беришет.ама ушундай кайненелер куйдурот да,менин 10го 12 аябай чон килемим бар болчу сепке берилген Россиядан келсем жок.бетти сыйрып коюп сурагам кайненемен ал аябай чон экен курбума бердим ордуна экоону берет деген андан бери 2 жыл отту.
Сагынуу. ......
#14 06 Май 2016 - 11:11
Макул кызына торт тошок кошуп берди да дейли бирок мен жаткан уйдо менин спальныйыма жатып,мен туткан буюмду кошо туткан атпайбы.?
#15 06 Май 2016 - 11:35
Эртенки куну баары бир эки келин бир уйдо жашай албайсыздар . экоон эки уйно кочкондо эмне ал кепинин салып жатмак беле . же кайненениз сиздин септи эки болуп алам деп атса кк да .
#16 06 Май 2016 - 11:35
кайненннннендин колу жокпу
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#17 06 Май 2016 - 11:57
Эгерде кайнененизге ушул тууралуу ооз ачкыдай болсонуз,баарибир пикир келишпестик келип чыгатгооо деп ойлоп атамда.Коруп эле журбойбузбу мындай окуяларды.Менин эжемдин себиндеги 4корпосун кайненеси кийин кылып берем сага деп кызынын себине кошуп берип жиберген экен.Кийин кайдаа 10 жыл отсо деле 4тошоктон кабар жок.Учурунда уруш чыкпасын деп унчукпай койгон элем деп азыр айтып калат.Ошол сынарындай унчукпасаныз оозунуздагы ашты да алдырып коесуз азыркы заманда.Анан болунуп жашасаныз неге алып кетпединиз себинизди?
#18 06 Май 2016 - 11:57
Кайненеңиз"
анаконда"
а сиз кой оозунан чөп албаган "жоош " экенсиз да э? Айталбасаңыз кайненеңиздин номерин бериңиз мен айтам. Кайненеңизди көрбөй туруп жактырбадым.
Сиз эч ойлонбой эле айтың каршы экениңизди
#19 06 Май 2016 - 12:02
Эсим ооп калды кайненеңе ))) Өзүмдүн себимди өзүм эле колдоном де...
#20 06 Май 2016 - 12:06
Апасы кызына жок дегенде 4 тошок кылып береттир.Кайын энениздин да баласына кылганы болот го...А мейманга кайын энениздин тошогун сала берсин,спальныйга жатпай "сеп да,калын да жок кылабыз"дегенден кийин ошол созуно туруп жерге эле жата берсин!
- (7 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »