Суперстан: Энелердин эрдигин даңазалай ... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (30 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Энелердин эрдигин даңазалай ... Суперстанда кезектеги сынак.

#481 Пользователь офлайн   rnurzida   04 Май 2016 - 21:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Просмотр сообщения Gupa (04 Май 2016 - 13:12) жазган:



Эсеп кетти, спонсорлор:
1. Краска
2. Барпынынкызы?
3. Рнурзида
4. Зайка твоя
5. Гупа
6. Er-jurok. (Nurmuhammad-1)
7. USSR байкебиз.
8. Shaa-82
Барбы дагы?
Бир жигиттен ??? жеңген апага бирдик.


Убакыт аз калыптыр, жооп жазып койчулар барбы? Купуяга деле болот.



Купуяларын тыкылдатып өзүбүз барат окшойбуз )

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 04 Май 2016 - 21:46

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#482 Пользователь офлайн   KPACKA   06 Май 2016 - 02:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 244
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оруссия (Питер)

АПАМ КИМГЕ КЕРЕК?

Заңгыраган кооз тойканада эки жаштын үйлөнү үлпөтү шаңдуу өтүп жаткан. Төрдөгү бийик секичеде тойдун күнөөкөрлөрү болушкан келин менен күйөө жигит бакыттын кучагында термелишип, жүздөрүнөн кубаныч төгүлүп турган эле. Ортодо күйөө жигиттин апасы кубанычына жетине албай туугандары менен бийге түшүп бийлеп, кайра ары-бери жүгүрүп кудалары менен меймандарды жайгарып жүрдү. Бүгүн байкуш эненин бактысын сөз менен айтып жеткирүү кыйын болчу. Анткени жаштайынан атасынан жетим калган жалгыз уулу, таянар тоосу болгон баласы аман-эсен эр жетип, түндүк көтөрүп жаткан эле. Тойго келген бардык коноктор, тууган-уруктар ортодо күйпөлөктөп жүргөн апаны кезектешип куттуктап жатышты. Көп адамдар кыз-күйөөнү суктанып да, кызганып да карап отурушту... Бирок чачтарын ак басып жашына келип калган апаны тойдо бир адам жаман көрүп жактырбай отурду... Ал келини эле... Ал акыры чыдабай кетти да, жанында кубанычтуу отурган күйөөсүнө башын жакындатып: - "Жаным! Апаңа барып бир ооз айтып койчу, делдектеп ары-бери жүгүрүп, бийге түшүп жыргабай бир жерде тынч отурсун. Менин төркүндөрүм, туугандарым, досторум эмне деп атышат болду экен? Эртең эле баары артымдан айтып шылдыңдашат. Апаң мени уят кылып атат! Эгер бир жерде тынч алып отура албаса, башка жерге жумшап жиберели. Абийирибизди төгүп атат...," - деп жалооруп шыбырады. Жигит болочок келинчегин карап күлдү да, макул болгондой ордунан туруп бийлеп жаткан элди көздөй жөнөдү. Күйөө жигиттин келе жатканын көргөн эл, ортодо бийлеп жаткан апасын куттуктаганы келе жаткан экен деп жарданып карап калышты. Бирок жигит апасынын жанына токтобостон шыр өттү да ырчылар турган аянтчага жөнөдү... Ырчыларга жетип, жаңырып жаткан ырды токтоттуруп тамаданын колунан үн таягын (микрофон) жулуп алды да, залга ызырынып карап: - "Апам кимге керек?" - деп элге суроо берди да токтоп калды. Жаңы эле шаңга бөлөнүп турган чоң тойкананы өлүү жым-жырттык каптады. Энелерин кыйнап тынчтык бербей жаткан балдар да кулак түргөндөй тып-тынч болуп калды... Бардык коноктор, тууган-уруктар, кудалар, достор күйөө жигиттин суроосуна түшүнө алышпай, дагы эмне болуп кетет дегендей тунжурап карап калышты. Элди жаман көзү менен караган жигит: - "Мен сурап жатам! Менин апам кимге керек? Кимиңерге керек? Апам кимге керек?!" - деп кайрадан залды жаңырта бакырды. Эч кимден үн чыкпады. Аракка тоюп кызып бараткан мастар да соолуккандай жым-жырт. Көп адамдар жигитке ачуусу келип ичтеринен: "Акмак десе! Бул келесоо үйлөнө албай эле жүргөн тура! Энесинен эмитен кутула албай жатабы? Байкуш гана эне!!! Шоруң каткан эне!!! Тукумуң үзүлгүр!" - дешип каргап жатышты... Ушул көз ирмемде бир гана келин жетине албай кубанып: "Ии, жаным десе! Бул азыр эле менин айткандарымды кылып жатат. Эртең эле энесине кошуп оңой эле башкарып алат экенмин да!" - деп ичинен сүйлөнүп да алды. Жаңы эле дене-боюн балкыткан чексиз бакытын, кубанычын бороон-чапкын келип талкалап, учуруп кеткендей болуп, өз уулунан башка жегендей, апа байкуш турган ордунда нес болуп көзүнөн жаш сызылып баштады. Элден айбыгып канчалык жашырайын десе дагы болбостон, биринин артынан бири түрткөн тентек тамчылар көзүнөн от болуп, арман болуп төгүлө баштады. Өмүрүнүн жарыгы болгон, бүткүл жашоосун арнаган карачечекей жалгыз уулунун өзүнөн баш тартып жаткандай кылыгына ичи ачышып ыйлап турду. Күйөө жигит жардана караган элди, бийик секиде колун булгалап кубанып отурган келинчегин жана элдин ортосунда заманасы курулуп, бечара болуп турган апакесин карады да: - "АПАМ МАГА КЕРЕК! АПАМ МАГА КЕРЕК!!! " - деп кыйкырды. Анан колундагы жаңы эле тагылган нике шакегин булкуп чечти да, келинди көздөй ыргытып: - "Мен сага талак бердим!" - деп айтты да, апасына кучагын жайып жетип кучактап ыйлап, колунан жетелеген боюнча тойканадан кетмекчи болду. Эстерине келип, түштөрүнөн ойгонгондой келиндин жакындары, туугандары ызы-чуу салып, күйөө жигитти жолунан тороп, токтотмокчу болушту. Бирок күүлөнүп алган жигит эч кимисине баш бербей, босогого жакындай берди. Акыры кыздын атасы жигитти токтотту да, эмне болгонун түшүндүрүп берүүнү талап кылды. Жигит болгон окуяны баштан-аяк түшүндүрүп айтып берди да, туруп калды. Кыздын атасынын жүзү жаркып, ызылдаган туугандарын катуу айтып жаактарын басты да, күйөө жигитти катуу кучактап: - "Эх, чиркин! Сендей уулду тарбиялаган апакеңе миң ирет алкыш айтып таазим кылам! Аттиң, сендей күйөө балам болгондо эч арманым болбос эле! Бирок мендей кызына тарбия бере албаган жаман атаны кечир, балам! Ак жолуң ачылсын!" - деп жигитке ыраазы болуп, апасы экөөнө рахмат айтып, батасын берип, өзү узатып жиберди. Элдин баары көздөрүнө жаш алып, эне менен баланы суктана карап, узатып карап турушту... "Бир жээндин аманаты" китебинен.
МАСКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#483 Пользователь офлайн   KPACKA   06 Май 2016 - 02:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 244
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оруссия (Питер)

Апа.

Ичкен ашын жерге койуп чуркайт го
Ишимди да күндө менин сурайт го
Оорубагын аман-эсен болгун деп
Апакем ай күндө дуба кылат го


Ооруп турсам Апам кошо ооруйт го
Кабагымдан ойумду Апам окуйт го
Каптап душман капилеттен келсе да
Каршы чыгып жалгыз Апам коруйт го

Өйдө бассам өбөк болгон Апам го
Жол көрсөтөөр караңгыда көзүм го
Суусаганда суусунумду кандырчуу
Апакебай чалкып жаткан көлсүң го

Карааныңдан кагылайын Апаке
Как жүрөгүм каным сенсиң Апаке
Кайда жүрсөм өмүр тилейм өзүңө
Кагылайын бар бол дайым Апаке!

Автор: Мидин Каимов.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1400220680_apa-224x300.jpg

МАСКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#484 Пользователь офлайн   Asema06   06 Май 2016 - 12:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 25 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Авг 2016 23:07
  • Жынысы:Аялзаты

Эми берки темага жазыш керекле. Кол бошобойтат.
[
quote][/quote]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#485 Пользователь офлайн   Angel92   06 Май 2016 - 14:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Просмотр сообщения Asema06 (06 Май 2016 - 12:44) жазган:

Эми берки темага жазыш керекле. Кол бошобойтат.

Кечээ илейин десем сайт иштебей койду менде.Корсо менде эле эмес экен...
Буйруса кеч илем мен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#486 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   06 Май 2016 - 15:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Бүгүнкү күндү кошкондо үч күн калыптыр )

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#487 Пользователь офлайн   Gupa   06 Май 2016 - 19:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения Limonti. (02 Апрель 2016 - 02:45) жазган:

ама ушу кыздын созун угам и сыйлайм суперстанда жургонун ошол кимдин апасы биринчиликти женсе номерин бересинер мага Ошо Апага 500 руб бирдик мен салып берем Эркекче созум соз бутту теманы улай бергиле ийгилик бардыгана



Просмотр сообщенияDanel (02 Апрель 2016 - 02:56) жазган:

Ыйык энелерибизди даназалап, сынак уюштурган идеянар жакты.
Сынакты баштаардан мурда, Админге айтып "Сонку кабарларга" шилтеме беруу менен, анан баштаса катышуучуларды кобоймок дегеним).
Сынактын 90% катышуучулары кыздар болушу мумкун,) себеби дил баян, ыр тууралу балдар анча келтире албайт)) андыктан менден сунуш:- Балдарга кичине женилдик беруу менен жыйынтык чыгарылса, катышуучу балдарда коп болмок)). Мен озум катышпайым, бирок демоорчу болуп берем.



Просмотр сообщенияBarika (02 Апрель 2016 - 14:41) жазган:

Ушул жерде да динди аралаштыра баштадыңарбы!
Нури жакшы идея баштапсың, катышкангада демөөрчү болгонго да аракет кыламын. Түзгөн пландарыңда сонун.



Просмотр сообщенияKaple (02 Апрель 2016 - 20:26) жазган:

Жакшы идея экен колдоп турганга аракет кылабы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#488 Пользователь офлайн   Gupa   06 Май 2016 - 19:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Калып кетишиптир
Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#489 Пользователь офлайн   Asema06   06 Май 2016 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 25 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Авг 2016 23:07
  • Жынысы:Аялзаты

Буруса бугун эртен илип калам.
[
quote][/quote]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#490 Пользователь офлайн   madina.87   06 Май 2016 - 21:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Мен да бара турган жерлерим кобоюп кетип жаза элекмин.буткучо илеермин.
Менинго жазганым тигилердин шоона илешпейт экен.катышуучулардын баары создун гулун терип,шурудай тизип жазышат тура.
Балллллиииии баарына беш дегим келди.
Баарыбыздын апаларыбыз аман болсун!! !

А мен акыркыдан биринчи болуп кое беремда :81: %)

Билдирүүнү түзөткөн: madina.87: 06 Май 2016 - 21:19

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#491 Пользователь офлайн   Kulupkoi   07 Май 2016 - 19:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 09 Март 16
  • Соңку аракети: 04 Июн 2016 01:27
  • Жынысы:Белгисиз

1-тапшырма боюнча ким канча добуш алганы эсептелип,башка тапшырмалар боюнча эсептелбегенби ошондо?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#492 Пользователь офлайн   samaro4ka   07 Май 2016 - 22:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 07 Август 11
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2019 18:40
  • Жынысы:Аялзаты

madina.87
Кечээ, 21:17
Мен да бара турган жерлерим кобоюп кетип жаза элекмин.буткучо илеермин.
Менинго жазганым тигилердин шоона илешпейт экен.катышуучулардын баары создун гулун терип,шурудай тизип жазышат тура.
Балллллиииии баарына беш дегим келди.
Баарыбыздын апаларыбыз аман болсун!! !
А мен акыркыдан биринчи болуп кое беремда
Мен да шерик болом го сизге жалгызсыратпай. Акыркыдан мурунку болуп. Эртен илем кудай буйурса
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#493 Пользователь офлайн   uikuchu7   07 Май 2016 - 23:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


Сени көрсөм жүрөк туйлайт башкача,
Тилим кургайт ысымыңды айтпаса.
Күндөн жылуу, гүлдөн сулуу түбөлүк,
Мага деген махабатың таптаза.

Ойго батып, асыл жүзүң күлбөгөн,
Түйшүк тарттың нечен сыноо күн менен.
Асманда учуп жер кыдырып жүрсөм да,
Сеникиндей көз таппадым дүйнөдөн.

Өзүң үчүн өзгөрүлгүс баламын,
Кайдан издеп, кайдан бакыт табамын.
Сансыз жылдыз каректерин уялтат,
Үйүмдөгү бир жылмайган карааның.

Сендей мээрим кайсыл жайда бар эле,
Жаныңдан эч чыккым келбейт жан эне.
Ымыркайга кайра баштан айланып,
Курсагыңда жүргүм келет дагы эле.

Жеңишбек Жумакадыр.


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#494 Пользователь офлайн   rnurzida   08 Май 2016 - 03:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Просмотр сообщения Kulupkoi (07 Май 2016 - 19:42) жазган:

1-тапшырма боюнча ким канча добуш алганы эсептелип,башка тапшырмалар боюнча эсептелбегенби ошондо?


Эсептелет. Болгону убактым аябай тар болуп жатат, кечиесиздер. Кечээ эсептейм деп отуруп уктап кетипмин ). Жумуштан эми чыгып, үйгө эми баратам, буйруса барып 2-тур боюнча берилген добуштарды эсептеп илип коем. Ал эми 3-тур боюнча добуштардын жыйынтыгын буйруса кийинки аптада илем.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#495 Пользователь офлайн   rnurzida   08 Май 2016 - 07:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

2-тур боюнча берилген добуштар. 

Asema06 - 1
aiturgasha - 4
kaidasyn  - 1
Supsuluu  - 0
Topcubai  - 8
Shalunka1215  - 1
Janyla   - 0
samaro4ka  - 1
aijan  - 4
sagyn91  - 0
JenaOfisera - 0
Musabaeva.  - 4
Geran   - 3
jemile   - 3
dina  - 2
Гука   - 6
kok-jar   - 0
Angel92   - 7
madina.87  - 3
Kg.lady   - 3
happy02  - 2


Kanat.kg,  Adeska,  almashym , билдирүүлөрү 100гө жетпегендиктен добушу кабыл алынган жок.

ATAKA, emikattaldym.   конок тайпасынан болгону үчүн добуштары эсепке алынбады.

Nurbelek,  Baktyluu_bolgum_kelet,  white_angel, Ular86  , билдирүүлөрү 10-апрелден кийин 100 дөн ашкандыктан добуштары эсептелген жок.


Эреже боюнча;

Жаран статусуна ээ болгон жана билдирүүсү 100дөн ашкан (10-апрелге чейинки билдирүүлөрү) гана форумчу добуш берүү укугуна ээ. Эгерде негизги ниги менен жазганга мүмкүнчүлүгү жок, бирок конок тайпасындагы ниги форумчуларга белгилүү, билдирүүсү 100дөн ашкан форумчу болсо, анда добуш бере алат. Сынактын катышуучулары да каалаган катышуучуга же өзүнө добуш бере алат. 



Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#496 Пользователь офлайн   rnurzida   08 Май 2016 - 07:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

3-тур боюнча бүгүн да добуштар берилет. 9-май саат 00:00дө добуш берүү токтотулат да, 4-тапшырма боюнча добуштар бериле баштайт.


Добуш берүүдө эрежени унутпаңыздар;

Жаран статусуна ээ болгон жана билдирүүсү 100дөн ашкан (10-апрелге чейинки билдирүүлөрү) гана форумчу добуш берүү укугуна ээ. Эгерде негизги ниги менен жазганга мүмкүнчүлүгү жок, бирок конок тайпасындагы ниги форумчуларга белгилүү, билдирүүсү 100дөн ашкан форумчу болсо, анда добуш бере алат. Сынактын катышуучулары да каалаган катышуучуга же өзүнө добуш бере алат. 

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 08 Май 2016 - 07:04

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#497 Пользователь офлайн   rnurzida   08 Май 2016 - 07:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Сынакка демөөрчү болом дегендерден Айгүл (Барпынынкызы) гана кабарлашты. USSR байке да айткан, белгилүү. Ошондо, Талант байке, Айгүл, Гупа жана мен. Төрт адам гана белгилүү азырынча. Дегеним, ким, канча дегендей ).

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 08 Май 2016 - 07:07

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#498 Пользователь офлайн   JenaOfisera   08 Май 2016 - 16:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 898
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 11 Авг 2020 22:48
  • Жынысы:Аялзаты

Ден соолука байланыштуу кыска эле жазып,ойлор да чаржайыт болуп калды...баштаган сон таштабайын деп жазып илдим..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#499 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   08 Май 2016 - 16:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения rnurzida (08 Май 2016 - 04:07) жазган:

Сынакка демөөрчү болом дегендерден Айгүл (Барпынынкызы) гана кабарлашты. USSR байке да айткан, белгилүү. Ошондо, Талант байке, Айгүл, Гупа жана мен. Төрт адам гана белгилүү азырынча. Дегеним, ким, канча дегендей ).



Мен дагы бармын. Гупа айымдын купуясына жазган элем, окуй элек окшойт.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#500 Пользователь офлайн   madina.87   08 Май 2016 - 18:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

.....деп жазып койдум сынакка.аракет кылып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (30 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июн 2025 12:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: