Тошокторунуз кыйын болсо той буткончо салынаар. Той буткондон кийин жыйнап койунуз абысынга айтып тийбе буларга деп. Кайненениздин озунунун тошоктору бардыр ошону колдоно беришет да.
Менин да кайненем биз уйлонгондо силер уйдо кала турган келинсинер уйдо баары жогу бар, ата-энене айт бизге сеп эмес акча апкелишсин ошончолук эле бергилери келишсе деген. Ошол апкелген акчанарга озунорго мал жан алперебиз типа буттан турасынар деген. Мен жинди ишенипмин. Мамам ошол да болчу беле кызга акча кошуп бергенди кайдан кордун деп айдан, айга секиргенине карабай кондуруп, ал акча озубуз учун керек деп. Кудалар келишти атам апкелип кайнатамын колуна акчаны карматты жаштар озуно керектуусун сатып алсын деп ошондогу конвертти кайра корбодум(( жок кылып койушту мен алдандым, ошол акыры жок боло турган акча экен андан коро оз ата энемдин колунда калса чонтокторун тешпейт эле го деп азыр бармагым тиштейм, андан коро оз ата энем керегине жаратса эмне.
Кайненем менин себимди болочок абысыныма берем дейт... Кантсем болот?
#62 06 May 2016 - 20:16
апеей катырганго кайненен силерде индийский салт болп кеткенго кыз тарап акча берип,сен дагы жаштык кылыпсын да..окуп жиним келди тооба ушундай адамдар да бар экен деп,ошол бойдон ал акчанын жытын да жыттыбадым де?кайненен дагы вуаше экен
Сагынуу. ......
#63 06 May 2016 - 20:31
Эртерээк тынчсызданып алгандайсыз.
киши келсе коп болсо торт жер тошогунуз салынаар. кайра тазалап жыйып койсонуз болотго. анан сиздин тошогунузго,
спальныйынызга жаткыдай ал кызда деле уят намыс бардыр. колунда жок деселе бир бечараа коруп жатат окшойс кайсы эле эне оз кызына арнап 4тошок 2подушка даярдабасын.
анын деле тууган уругу жоро жолдоштору бар. кызына жатканы, жабынганы тошок берет. эрте эле ызы чуу кыла бербенда. дагы айтыпсыз буюмдарымы элестетсем кирдееп эскирип жатканы деп. балким буюмунузду колдонуп жаркыратып жууп тазалап коер. тошогунузду кызгансанызда буюмдарынызды кызганбан ал нерсе бир куну бузулат ыргытылат абысыныныз мн омур бою бир уйдо катташып бири биринерге эже синди болосуздар
#65 06 May 2016 - 20:38
Кайынэненин да оз оозунан угуш керек да кандай мааниде айтканын."
Сен спальныйыны бошотуп,ага бересин" деген болсо,сразу андай кыла албайм деп жооп бериш керек.Мейман кунуго эле келе берет беле,ошол уйдо жашап жаткандан кн,келген мейман баарынардын коногунар,"
озундун коногуна озундун буюмдарыны колдон" деп болуп кою- бул конулдун ток эместиги.Мен унчукпа деп эле кенеш берем. Жаны келин созсуз озу жата турган тошончусу мн келет,мейманы келгенде сеникин колдонуп турса эч нерсе болбойт.
Негизи болуно турган келин болсо сеп албай эле,бир сыйра буюм тайым менен эле барыш керек деп ойлоп калдым,оз уйун даяр болгуча,коп нерсе озгорот дегендей. Бизде эптеп эле элге корунуп кыйналып,журуп болсо дагы сеп жасап беришет.Коруп журбойбузбу канча энелер Россиялап иштеп журот,сеп кылмакчымын кызыма дешип.

#66 06 May 2016 - 20:50
Эгер кайынэнен конкретно " себинен болуп бересин" деп айтса анан, жооп бериш керек гоо дейм.
#67 06 May 2016 - 21:49
Кыргызда "калынсыз кыз болсо да, кыз болбойт" деген жакшы соз бар го. Кантип эле ошо сиз айтып жаткан"бечара"
кыздын ата-энеси торт тошок менен эки жаздык бере албасын. Менимче сиз шашылыш чечим чыгарып алгансыз. Ал кыз да ойлоноттур келип эле бироонун тошогун тебелеп-тепсеп,
жатып албастыр.
#68 06 May 2016 - 22:07
Кайненеңиздин бул кылганы жакпады. Келинбиз деп тилди тишке катып отурган да болбойт. Келиндер да тирүү жан, таштан жаралган эмес. Өз оюбузду айта билүү керек. Ал септи апаңыз сизге арнап көзүнүн майы аккыча, бели бекчейип түшкүчө отуруп төшөктөрдү тиксе, оокаттарды атаңыз маңдай тери аккыча иштеп алса, анан кайненеңиз аны башка дебейин бирок кайни-абысыныңыз өзүнчө үй бүлөө ошолорго тебелетип бере салса бул адилетсиздик.
Даяр оокат бар дегендей кылып атат да. Мени кээбириңер жаман көрөттүрсүңөр,
бирок өз оюмду айттым.
#69 06 May 2016 - 22:17
Кыргызда "калынсыз кыз болсо да, кыз болбойт" деген жакшы соз бар го. Кантип эле ошо сиз айтып жаткан"бечара"
кыздын ата-энеси торт тошок менен эки жаздык бере албасын. Менимче сиз шашылыш чечим чыгарып алгансыз. Ал кыз да ойлоноттур келип эле бироонун тошогун тебелеп-тепсеп,
жатып албастыр.
.Энем (кайын энем) аларга айтып атат -:Сеп бербей эле койгула,былтыр алган келинибиздин себи ошол бойдон турат.Ирети да бузула элек.Ошонун устуно киргизип коебуз.Жашай беришет-дейт.
Анан мен бул жакта озумчоле кызыктай болуп журом.Энемдин ушул чечими туурабы?
Дептир даа кайын энеси..
Анан кызды ала качып келет экен.. Эми элестеткиле кызды ала-качып келе жатса төрт ттшөгү менен эки жаздыгын кошо салып алабы.. Колдон алса анча мынча буюмун сүйрөй чыгат эле да..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#70 06 May 2016 - 22:28
Мумкун,чон келинимин себи деле турат бузулбай,силер берсенер деле ошентип турат деген мааниде айткандыр кайын энеси.Ала качып алса деле алып барат тошогун женелери.Эми ата-энесинин колунда жок болсо деле тууган уруктары алып келет да эч болбосо бир тошоктон.
#71 06 May 2016 - 22:31
Ошон учун озунорчо уйлуу болгончо сеп албайм деп айтыш керек да уйдогулорго.
Меникин ошентишкен качан озубуздун уйубуз даяр болгондо киргизип беришти озум жыргап колдонуп атам,чын эле жаман болосун да сенин апан кызыма деп кылып берип атса анан узурун башкалар коруп атса. Ачыгын эле сура кайнэненен,
эмне менин тошокторумду алар колдонобу деп эле ооба десе андай болбойт деп эле айт.
#72 06 May 2016 - 22:35
Кайненеси кандай ойдо айтса дагы, момент оозго бериш керек болчу. Дагы деле кеч эмес, ошол жонундо соз башталса айтып эле коюш керек, "Озунун тошогун которо келсин"деп.
#73 06 May 2016 - 23:07
Мен да кичине келинмин. Россияда журсом кошуна кайын синдим куйоого тийип, ала качышканда менин жугумдон артынан алып барышкан экен. Тан калгам озунун бир эмес эки женеси бар. Анан кайненем сендей келин болуп, тынып кетсин дешти деп мени жайгарып койгон. Кичинеси болгонум учун айта берет ушул уйдогу баардык буюм силердики. Буюм табылат, конул табуу кыйын деп. Макул деп эле койдум. Негизи женелери берген эмес го, ошондуктан сурашса керек. Апам да колу ачык аял бериптир. Азыр эки баланын энеси болуп журот ошол кыз.
#74 06 May 2016 - 23:25
Кудайым кандай бактылуу жигитке ушундай пакиза аялзатын насип кылды экен... Азамат экенсиз,ушунуздан жазбаныз. Корпо-тошоктун энеси-чупурок,
атасы-мээнет.
Демек тапса болот. Ал учун ортодогу сыйды жоготуу ото акылсыздык.
Меники эле дей бербей,бираз кен пейил да боло билгиле. Ошол буюмдарды копчулук пайдаланып,
ээсине сооп алып келиптир,буюмду кармоодон максат ошол. Жаман да болсо кайын эненизди сыйлап,ортодогу сыйды сактап калыпсыз. Майда-чуйдо учун учун адамдык кадырынызды жоготпой эн туура кылгансыз. Баары сынат,жыртылат,
отот-кетет. Ортодо сый эле калат. Адамдардын эсинде жакшы жагыныз менен калган жакшы. Автор,аз да болсо кенеш айттым,кабыл алуу сиздин эркиниз. Ушул эжеден улгу алыныз!
Бул сөздөрдү айтып коюу опоңой. Туура, баарын кылып алса болот. Бирок, мен апамдын мага деп көзүнүн майын кетирип, канча кыйналып , канчалаган мээнет менен топтогон себин башкага тебеленди кылып, иштеттирип койгону дитим барбайт. Бул жерде кеп чүпүрөк, буюм да эмес. Апамдын , үй бүлөөмдүн мага деп кылган «Мээнети! ».
Автор деле ушинтип кыйналып атат да.
Кийинки келин өзүнүн себи менен келсин. Ырас септин кереги жок дедиби, кайнене өзүнүн себин берсин, өзү сеп кылып берсин!
Күйөөңүзгө айтып кеңешиңиз, же болочок авысыныңыз менен жакшы түшүндүрүп сүйлөшүңүз.
#75 06 May 2016 - 23:38
happy02 Дептир даа кайын энеси.. Мындайча айтканда биротоло берип жатат деп түшүндүм мен, сиздер кандай түшүндүңор билбеееейм.
. Кайниси үйдүн кичүүсү болуп үйдө калат окшойт да..
Анан кызды ала качып келет экен.. Эми элестеткиле кызды ала-качып келе жатса төрт ттшөгү менен эки жаздыгын кошо салып алабы.. Колдон алса анча мынча буюмун сүйрөй чыгат.
Ошо мин ала качып келген кундо да аркасынан келет да: апасы, женелери дегендей. Бул жерде тем более макулдашып, анан алып качып келеткен го. Ата-энесинин алы жетпесе тууган-уругу бардыр. Эч болбосо ошолор бирден тошок беришеттир. Билбейм мен ушул жашка келип уга элекмин тошогу жок келген келинди.

#76 06 May 2016 - 23:41
Айтоор билбедим.Бул да.болсо менин жооштугумдан болсо керек.Айтсан балээ, айтпасан дарт дегендей эле болуп турат.
Ал эми болок турганыбыз менен али бери озубуздун уйубуз буто элек.Кочуп конуп эле журобуз.Качан бутуп буту колду сунуп калаар экем деп коюп журом.Уйундо эн чону болгону учун туйшуктун баары куйоомо жуктолот.Тапканы ортодо.Калгандары ким тапса оз очогуна кул тартмай.Ошон учун да болунуп чыгуу кыйындашып атат.Мен да иштейин сизге кошумча болсун,элге окшоп уйлуу болойлу десен уйдоле отур болбойт дей берет.Кыскасы ушундай.

#77 06 May 2016 - 23:52
happy02 Дептир даа кайын энеси.. Мындайча айтканда биротоло берип жатат деп түшүндүм мен, сиздер кандай түшүндүңор билбеееейм.
. Кайниси үйдүн кичүүсү болуп үйдө калат окшойт да..
Анан кызды ала качып келет экен.. Эми элестеткиле кызды ала-качып келе жатса төрт ттшөгү менен эки жаздыгын кошо салып алабы.. Колдон алса анча мынча буюмун сүйрөй чыгат.
Ошо мин ала качып келген кундо да аркасынан келет да: апасы, женелери дегендей. Бул жерде тем более макулдашып, анан алып качып келеткен го. Ата-энесинин алы жетпесе тууган-уругу бардыр. Эч болбосо ошолор бирден тошок беришеттир. Билбейм мен ушул жашка келип уга элекмин тошогу жок келген келинди.
Анан кызды ала качып келет экен.. Эми элестеткиле кызды ала-качып келе жатса төрт ттшөгү менен эки жаздыгын кошо салып алабы.. Колдон алса анча мынча буюмун сүйрөй чыгат.
Ошо мин ала качып келген кундо да аркасынан келет да: апасы, женелери дегендей. Бул жерде тем более макулдашып, анан алып качып келеткен го. Ата-энесинин алы жетпесе тууган-уругу бардыр. Эч болбосо ошолор бирден тошок беришеттир. Билбейм мен ушул жашка келип уга элекмин тошогу жок келген келинди.
алып качкандале 4тошогун алып келбейт. артынан женелери апасы не учун келет ошол 4тошогун алып келет да. качырып барып эле жаткырып койбойтго
#78 07 May 2016 - 00:04
Туула элек балага тон бычпай турчу,садагаң кетейин.Башта ошол келинди киргизишсин,
анан ошого карап бир аракетиңди кыласың.Эрте күндөн кайненеңе жаман көрүнүп алба дегеним.Себеби кайненелер сынап да айтышат эмне деер экен деп.Андыктан сабыр кылып тура тур.
Ушул сеп бергенде төшөк көрпөнү көп берген жакпайт мага лично.Ар жылы күздө бир жайда бир сүйрөп күнгө жайып жүрүп чарчайм.Байкуш көрпөлөрүм жерге сүйрөлүп жүрүп чаң болушту.
Рая апа айткандай ичиңди кең алып эрте күндөн сарсанааага өзүңдү өзүң батырбастан тура тур.

#79 07 May 2016 - 00:05
Аа андай салттарды билбейт экенмин да..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#80 07 May 2016 - 01:01
Эх-ххх али бул үйдүн босогосун аттап кирип келе элек бечара кыз, бул үйдө аны кандай тагдыр, кандай турмуш, кандай кайнене, кандай абысын күтүп атат менен иши жок, беймарал...
МАСКА.

Супер-Инфо
super.kg
видео