Супер сулуу-2016. Бали аралына барчу сулууну чогуу тандайлы
#142 05 Май 2016 - 18:52
Аида Карабаева
Жашы – 18
Параметри – 82-66-91
Бою – 166 сантиметр
Салмагы – 50 килограмм
Учурда – А.Каниметов атындагы №1-интернат- гимназиясынын 11-классынын окуучусу
Аида Карабаева: «Жан дүйнөмө чыгармачылык жакын»
– Аида, мектепте окуйт экенсиң, келечекте кайсы кесиптин ээси болууну тандап жатасың?
– Мектепти бүткөндөн кийин, буюрса, экономика жаатында билим алууну пландап жатам. Бирок жан дүйнөмө чыгармачылык жакын. Буга чейин «Мезгил жана Алыкул» тасмасында эпизоддук ролго тартылгам, комузда ойнойм. Тасма, клиптерде башкы каармандын образын жараткым келет, ошондуктан планым өзгөрүп, Искусство университетине тапшырып калышым да мүмкүн.
– Сынак үчүн кандай курмандыктарга барууга даярсың?
– Бикиничен эл көзүнө чыгарым эле мен үчүн чоң эрдик, өзүнө ишенген, өз ою, принциптери бар адам гана мындай кадамга бара алат деп ойлойм. Учурда дос-тааныш, туугандарымдын баарын «добуш бергиле» деп үндөп жатам. «Мага добуш бергиле, мен татыктуумун» деп таңуулагым келбейт, татыктуу катышуучуну эл тандайт да. Ошентсе да колдоо ашыкча болбойт.
Добушуңузду берүү үчүн бул жакты басыңыз.

#143 05 Май 2016 - 18:59
Гүлдана Тургуналы кызы
Жашы – 20
Параметри – 80-58-89
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 53 килограмм
Учурда – КУУнун 3-курсунун студенти
Гүлдана Тургуналы кызы: «Мени Мила Йововичке окшоштургандар көп»
– Гүлдана, сынакка кандай максатта катышып жатасың?
– «Максатсыз адам болбойт» дешет, мен да эгер сынакты утуп калсам моделдик кесип менен профессионалдуу түрдө алектенгим келет. Журналдардын биринчи бетинен түшпөй, кийимдердин жарнамасына тартылсам дейм. Учурда КУУнун журналистика факультетинде окуйм, окуудан сырткары футбол ойнойм, сүрөт тартам.
– Эмне үчүн SUPER.KG порталынын колдонуучулары дал сага добуш бериши керек?
– Көпчүлүк катышуучулардан мен табигый сулуулугум менен өзгөчөлөнөм. Анткени жашоодо эле эмес, фотосессияларда да аз боёном. Салондордо күнү-түнү отурган кыздардан эмесмин, өзүм эле жеңил боёнуп алып, көчөгө чыга берем. Анан да мени Мила Йововичке окшоштургандар көп.

#145 06 Май 2016 - 10:23
Мен добушумду Гулдана бийкечке берем. Анткени суротго жакшы. Эн сонун тушот экен.
[ quote][/quote]
#146 06 Май 2016 - 10:33
Гүлдана Мила Йововичке чындап окшошуп кетет экен.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!

#147 06 Май 2016 - 11:03
Мен добушту Аида Карабаевага берем
Гулдана Тургуналы кызы ото ачык кийиниптир ,жармашкан ,асобена ичин корсотуп тушкон суроттор такыр жаккан жок

#148 06 Май 2016 - 11:06
Гүлдана Тургуналы кызы чынындале Мила Йововичке окшош экен. Моделдик кесип анан журналистика дебей, актриса болсо, Таттыбүбү эжебиздей, Элина Абай кызындай болуп кыргызкино жаатында жылдызы жанат беле дейм да... Добушум - Гүлданага.
МАСКА.
#153 06 Май 2016 - 16:10
Менин адашым болгону учун Гулданага добуш бердим. А Аида болсо буттары тээ жогоркусунан бери ачык экенго
!!

Билдирүүнү түзөткөн: ALSUXAN: 06 Май 2016 - 16:16
#155 06 Май 2016 - 22:32
Аида мен менен теңдеш эле кыз экен. Мен каякта, бул кыз каякта(
Ошонтсе да добушум Аидага, татына экен.
Ошонтсе да добушум Аидага, татына экен.
:)