Кайненем менин себимди болочок абысыныма берем дейт... Кантсем болот?
#101 07 Май 2016 - 14:55
#102 07 Май 2016 - 15:01
leili1 (07 Май 2016 - 12:44) жазган:
Майдаланып кетчу жер коп
майдаланбай журуш Эрдик.
Килем деген чупуроктор.
Алтын кумуш-темирго бир
Андай жансыз азгырыкка
кор болосун биздин омур. Кеп эн негизгиси рухтун адамы болуп,бул бир берилген дуйнодо маныздуу омур кечируу. Заманын боору болсо боору бол деген бул жерге такыр туура келбейт.Заман эмне болуптур?)Ал адамдар менен омур бою сый болупотуш керек.
Байлык-мурас эмес,
Кедейлик уят эмес.
Барчылык бар бойдон
жокчулук жок бойдон турбайт.Бул дуйно оомал дуйно(Gulzatтик, ото ашыкча же сизге туура келбеген совет берип койсом кечирим сурайм,узур, жазгым келип колум кычышып кетида,а так сизге бактылуулук каалайм от всей души)
#103 07 Май 2016 - 15:01
#104 07 Май 2016 - 15:08
#105 07 Май 2016 - 15:10
Адашсам кечирим сурайм.
#106 07 Май 2016 - 15:21
asi15 (07 Май 2016 - 15:10) жазган:
Адашсам кечирим сурайм.
.
Ооба.ошол жигит эже.Ал созду чучугуна жетчудой кылып жооп берип койгом.Ошондо жон эле айттым эле деген бойдон калган.
#107 07 Май 2016 - 15:40
Сен баланды эмне умут менен эмне тилек менен багып отурасын.Ата эне чон баласын атам энем,ойдо чыксам жологум,ылдый тушсом тирегим деп ишенип жашайт.Сен да торкундон келген торт тошогун менен омур бойуу жаш бойдон калбайсын кызым.Сен да карыйсын,сен да келин аласын,сенден да куч кетет,сенден да ал кетет....
Колундагы уулун эр жетет сага окшогон чачтуу эшен да эшигине келет,эстуу болсо колунан иш алып,мээримин чачып уучугундуу улап кетет.Эси жок болсо абийиринди ачып,душман оз коломтонон чыгат.Келме кезек,терме тезек деген илгеркилер.
Абайла кызым,дегеле турмушта куданы келин тозбойт,келинди келин тозуп,куданы узатпайт.Куданы эл тозот,аксакалдар оздору билип,оздору чечет.Сен кара казанын менен тозуп алчуу дарстоконунду ойло,салат малатынды ойло.Дарстокондун тогулуп,чачылып, тирелип турса сага мактоо ошондо тийет.Келинге кызматтан башка иш жок,кыйын болсон ошондо кимдигин билинет.Куйондун тапканы кетсе ошол ата менен эне жаныбар,оздору дуйного алып келген.Тапканын ата энесине бербей,кимге берсин.Куйондун ата энеси бар ырысы бар,бир тууганы бар бактысы бар.Сен азыр бир келгинди келин экенинди унутпа.Сен кылып кызматын менен тууп туган балдарын менен ошол жерге батасын.Убакты сааты келгенде сен да кэрилген эне болуп чыга келесин.Азырынча чыдап торт тошок учун санаага батып кайгырба кызым...
Байлыгым байпагым деген соз бар демек сенин тошогун бир байпакча жок.Аллахым берерин унутпасын,апан аман болсо ошого окшогон тиряпканы али кооп берет.Байлык тоголок мээнет жалпак делет ошол мээнеттен кудай сактасын.
Сабыр кылып бул теманды жаптырып кой ар кимге кулку болбо.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 07 Май 2016 - 15:40
#108 07 Май 2016 - 15:47
Баарынар бактынар бутун болсун,алганынар менен ырыскулуу,бактылуу жашап,акыл калчаган аруу зат кыргыз келиндери болгула!!
#109 07 Май 2016 - 15:59
raia (07 Май 2016 - 09:40) жазган:
Сен баланды эмне умут менен эмне тилек менен багып отурасын.Ата эне чон баласын атам энем,ойдо чыксам жологум,ылдый тушсом тирегим деп ишенип жашайт.Сен да торкундон келген торт тошогун менен омур бойуу жаш бойдон калбайсын кызым.Сен да карыйсын,сен да келин аласын,сенден да куч кетет,сенден да ал кетет....
Колундагы уулун эр жетет сага окшогон чачтуу эшен да эшигине келет,эстуу болсо колунан иш алып,мээримин чачып уучугундуу улап кетет.Эси жок болсо абийиринди ачып,душман оз коломтонон чыгат.Келме кезек,терме тезек деген илгеркилер.
Абайла кызым,дегеле турмушта куданы келин тозбойт,келинди келин тозуп,куданы узатпайт.Куданы эл тозот,аксакалдар оздору билип,оздору чечет.Сен кара казанын менен тозуп алчуу дарстоконунду ойло,салат малатынды ойло.Дарстокондун тогулуп,чачылып, тирелип турса сага мактоо ошондо тийет.Келинге кызматтан башка иш жок,кыйын болсон ошондо кимдигин билинет.Куйондун тапканы кетсе ошол ата менен эне жаныбар,оздору дуйного алып келген.Тапканын ата энесине бербей,кимге берсин.Куйондун ата энеси бар ырысы бар,бир тууганы бар бактысы бар.Сен азыр бир келгинди келин экенинди унутпа.Сен кылып кызматын менен тууп туган балдарын менен ошол жерге батасын.Убакты сааты келгенде сен да кэрилген эне болуп чыга келесин.Азырынча чыдап торт тошок учун санаага батып кайгырба кызым...
Байлыгым байпагым деген соз бар демек сенин тошогун бир байпакча жок.Аллахым берерин унутпасын,апан аман болсо ошого окшогон тиряпканы али кооп берет.Байлык тоголок мээнет жалпак делет ошол мээнеттен кудай сактасын.
Сабыр кылып бул теманды жаптырып кой ар кимге кулку болбо.
#110 07 Май 2016 - 16:01
Шартка байланыштуу Москвага жонодум аз убакытта. Жоноор алдында тошокторуму, корпо килемдерими баарын кайненемин тошокторуно кошуп жыйып салып келе бердим. Иштетсе иштетет. Болбосо турат жыйылып.
#111 07 Май 2016 - 16:03
#112 07 Май 2016 - 16:06
Gulzat86 (07 Май 2016 - 15:01) жазган:
Gulzat86 (07 Май 2016 - 15:08) жазган:
Ишенгени, таянганы сен болуп атсаң, "Ишенген кожом сен болсоң, кепшеген оозуң дурайын!" болуп, бул жакта үйүңдөгү ыкы-чыкынын баарын чубап, майда-барат болуп алардын абийирин айрандай төгүп, бечара кишилердин ашмантайын чыгарып атасың! Дунуйе жерге кирсин! Дүнүйе табылат, баш аман болсо! Жашоо ушундай толгон-токой мүшкүл ишти башка салган түйшүгү, сыноосу менен кызык! Сен эч нерсеге даяр эмес болсоң, анда неге эрге тийдиң?! Эч нерсе боло элек жатып, бир үй-бүлөөнүн абийирин шыпырып бүтмөй болдуң!
Жогортодон бери катуу кетпей, жымсалдатып айтып эле келатам, айтып эле келатам, эстүү неме болсо, этегин жаап, кайын-журтун жамандаганын коёттур деп. Жок! Күчөп кирдиң!
Анан дагы чоочулаганым; "айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" болуп, мага өчөшүп өч алмакчы болуп, адатыңарча толгон-токой никтери менен келип алып, форумда ар темада мага сайылып, артымдан калбай асылып албасын деп тим койдум эле. Чыдабадым! Негизи мага көзү жокто кайын-журтун, койнунда жаткан катынын, эрин ж.б. чектен чыгып жамандагандар жакпайт! Билем, артынан эмне деп гана жамандашып, жүзүнө келип жылдыздай жылмыңдашып калышаарын. Сен азыр алар жөнүндө форумда жамандап жазып арттарына канжар сайып, үйүңдө алар менен дасторкондун четинде маңдай-тескей болуп отуруп алып, чай сунуп, жылмыңдап жакшы сүйлөп отурасың.
Айтайын дегеним: Сенин азыр башыңда чооң сыноо турат. Ошол сыноодон татыктуу өтүп, сага ишенген кайненеңдин үмүтүн актап, тойдогу түйшүгүн көтөрүп, эл алкышына татысаң, бир кичине эле үй эмес, бүтүн айыл-апага баркын көтөрүлүп, "баланчанын келининдей" деген жакшы кепке калганың сага сыймык эмеспи...!
Күйөөмдүн тапканы, кайнимдин тапканы деп сен бир туугандарды бөлүп-жарба, тек кой. Бөлүнөөр сааты өзү келет, бала-чакалуу болгонуңарда. Ага чейин бир туугандардын тапканы - жалпыныкы. Али келе элек келинди ушунчалык басынтып жаман кылып атасың, келгенде байкуштун сенден көргөн күнүн элестетүү кыйын. Сен ага бул түрүң менен абысын эмес эле, экинчи кайнене болосуң. Айтаарым, эстүү келин бол.
#113 07 Май 2016 - 16:08
Анан үй-бүлөңүздүн жаманын жашыра билбесеңиз билбейм анда кандай оокат болот..
Эмнеси болсо да сизге бакыт каалайм..
#114 07 Май 2016 - 17:01
Alinur.96 (07 Май 2016 - 14:55) жазган:
Килем жыйылып турганча, жерге төшөлүп турса "өмүрү узун" болот эмеспи. Сен жыйып коюп кетсең, ал абысының эмес, балким даанышман кайненең "сал килемди, жерге төшөп кой" деп буйрук бергенинен кайра салып койгондур. Жыйылып турган килемдин арасына шайтан көпөлөк балалап кетсе, килемиңдин түбүнө ошолор жетип коёт. Алар аяп отурушмак беле...

"Көргөзмөнүн" күнү бүттү да, ооу сенин себиң келген күнү эле... көп эл чогулуп, "баланчанын себине мынча жууркан, түкүнчө жер төшөк келди. Сандыкта балан бар экен, түкүн бар экен ж.б. деп. Болду "көргөзмө" жабылды!
Кайнененин да дос-душманы болот. Кирип-чыкканы болот. Сөзгө калгысы келбейт. "Тиги келини себине келген килемин тың болуп жыйнап салыптыр, келин алып, үйү өзгөрдү десек, баягыле салынган паластары салынып турат, келиндери оокаттарына кол салдырбай, чыкыйтып таңып, жыйып салыптыр" деп айтышпасын деп кайнене да сөзгө калгысы келбейт. Силердин оокатыңарды "баланча келиниме келген септен" деп душман көзүнө жерге төшөп койгусу келет дегендей...
Билдирүүнү түзөткөн: KPACKA: 07 Май 2016 - 17:27
#115 07 Май 2016 - 17:25
#116 07 Май 2016 - 17:31
#117 07 Май 2016 - 18:04
Gulzat86 (07 Май 2016 - 17:25) жазган:
Жакында абысындуу болосуң, Кудайым буйруса! Абысының сага абысын эмес, сиңдиңдей болуп ооруңду колдон, жеңилиңди жерден алган, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон ыймандүү келин болсун! Сен айткандай эч нерсеси жок келсе, төрт төшөгүңдү мындай эле жардам ирээтинде берип койсоң, анын деле акы-бети кайтат. Ал да ушул боюнча туруп калбаса керек. Ары болот-бери болот, байлык топтойт. Бергениңди унутпай эки эсе кылып кайрып бере турган күнгө жетсе керек эми, алтын башы аман болсо... Турмушта алдыда али көп нерселер болот. Өлбөгөн жанга эмнелер гана болбойт дейсиң... Башыңа мүшкүл иш түшүп, турмуштун ар кандай татаал, ары катаал сыноолоруна кептелип калганыңда (тфу, тфу, тфу... андай болбой эле койсун дечи...) балким ушул азыр жээкирип жаткан ушул келиниң ишке жарап, ошндой кырдаалдан сени сууруп чыгаттыр... Ким билсин...
Анан да эркек бир туугандар 5 бир тууган болобу, 10 бир тууган болобу... акыркы кенже бир тууганы үйлөнүп-жайланмайын тапкандарын сеники-меники деп бөлүшпөйт. Кой-малын ошо инимди үйлөнтөм деп багат да. Үйлөнө элек бир тууганын жамандап эле көрчү, койнунда жаткан аялы болгонуңа карабай жанчып салышатго ал тургай! Ушуну келинчектери түшүнүшпөйт же түшүнгүлөрү келбейт. Качан гана ар бири өз алдынча үй-бүлө күтүп калышканда жамандык-жакшылыктарда ар үй-бүлө өзүнчө кошумча деп кошуп беришет. Ал кошумчалардын алибетте кайтарымы болот...
Билдирүүнү түзөткөн: KPACKA: 07 Май 2016 - 18:25
#118 07 Май 2016 - 21:59
#119 07 Май 2016 - 23:05
#120 07 Май 2016 - 23:07