IV. АЖЫЛЫКТЫН ТОЛУК БОЛУШУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР
Жогоруда белгиленгендей,
ажылыктын рукуну – бул Арафатта туруу жана зыярат тавафы.
Ошону менен бирге ажылыктын сахих (толук) болушу үчүн төмөнкүчө төрт шарт бар:
1. Мусулман болуу,
2. Ихрамга кирүү,
3. Ажылык ибадатын белгиленген учурда
орундоо,
4. Ажылык ибадатын белгиленген жерлерде аткаруу.
А. МУСУЛМАН БОЛУУ:
мусулман эмес адамдын ажылык ибадатын аткарышы
менен ажылык орундалбайт.
Б. БЕЛГИЛЕНГЕН УБАКЫТ:
ажылыкта аткарылчу ибадаттарды белгиленген
учурларында аткаруу кажет. Маселен, Арафатта зулхижжа айынын тогузунчу күнү чак түштөн кийин туруу сыяктуу
В. БЕЛГИЛЕНГЕН ЖЕРЛЕР:
Ажылыкта орундалчу ибадаттардын толук
жарактуу болушу үчүн белгиленген жерлерде аткарылышы зарыл. Тавафты Каабанын айланасында аткаруу сыңары.
Г. ИХРАМГА КИРҮҮ.
Кыскача Ислам негиздери (Мухтасар Ислам илмихалы). Абдуррахман Хачкалы ( Фикх илиминин доктору).
#101 07 April 2016 - 03:20
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#102 11 April 2016 - 01:45
V АЖЫЛЫКТЫН ВАЖИПТЕРИ
Ажылыктын важиптери төмөнкүлөр: Саай, Муздалифада вакфа (туруу), шайтанга таш ыргытуу, чач алдыруу, Вадаа (коштошуу) тавафы.
А. СААЙ
Саай – бул Сафа жана Марва дөңсөлөрүнүн ортосунда барып келүү. Сафадан Марвага төрт жолу, Марвадан Сафага үч жолу баруу. Сааү Сафа дөңсөсүнөн башталып, Марва дөңсөсүнөн бүтөт. Эки дөңсөнүн ортосу болжол менен 350 метр аралыкты түзөт.
Имам Азам агымы боюнча, саай важип, калган үч агым боюнча, парз/ ажылыктын рукуну болуп саналат.
Ажылыкта да, умрада да саай бир жолудан орундалат. Анткени саайдын напили болбойт
1. Саайдын сахих (толук) болушунун шарттары:
Саайды ихрамга киргенден кийин орундоо. Саайды ихрамдан чыккандан кийин да орундаса болот.
Саайды ажылык айларында орундоо.
Саайды тавафтан кийин аткаруу.
Саайда эң аз төрт жолу баруу. Калган үчөөнү аткарбаса, жаза талап кылынат.
Саайды Сафа дөңсөсүнөн баштоо. Марвадан башталса, алгачкы баруу жараксыз болуп эсептелет.
2. Саайдын важиптери:
Саайды бейтап (оору), кары жана майып эмес адамдардын жөө аткарышы. Сафадан Марвага төрт жолу, Марвадан Сафага үч жолу баруу.
3. Саайдын сүннөттөрү: Тавафтан кииб ин таваф намазын окуп бүтөөр замат сааибды баштоо. Саайды аткарууга чейин «хажарул-асвадка» салам берүү.
Даарат менен орундоо
Нажасаттан оолак болуу, башкача айтканда, ыпластыктын денеде да, кийимде да болбошу.
Саайды тыным албастан орундатуу.
Эркек адамдардын жашыл түстөгү устундар ортосунда бой көтөргөн таризде ылдам басуулары.
Саай учурунда такбир, тахлил, зикир айтуу.
Ниет кылуу.
Ажылыкта саайды зыярат тавафынан (парз болгон тавафтан) кийин аткаруу.
Умрада саайды умра тавафынан кийин
ихрамдан чыкканга чейин аткаруу.

#103 23 April 2016 - 18:04
Б. МУЗДАЛИФАДА ТУРУУ
Муздалифа – Арафат менен Минанын ортосунда, харам аймагында жайгашкан жер. Ажылар үчүн арапа күнү түнү бою ушул жерде болуу – сүннөт, ал эми вакфа кылуу (белгилүү мөөнөт аралыгында туруу) – важип.
Арапа күнү Муздалифада түнөп, багымдат намазынан кийин тасбих, тахлил, зикир
жана дуба менен алек болуу керек. Жерге жарык түшкөн соң күн чыкканга чейин ал жерден Минага бет алуу – сүннөт.
1. Муздалифа вакфасынын толук болушу үчүн зарыл шарттар: Ажылык үчүн ихрамга кирүү Арафатта туруу Муздалифа аймагынын ичинде болуу
Убагында аткаруу. Муздалифа вакфасынын убагы Имам Азам агымы боюнча, айттын биринчи күнү жерге жарык түшө баштаган учурдан баштап күн чыкканга чейин уланат. Башкача айтканда, айттын биринчи күнкү багымдат намазынын убагы. Ушул учур аралыгында Муздалифада белгилүү мөөнөт туруу жетиштүү
2. Муздалифада шам жана куптан намаздарын бирге окуу Ажылар Арафатта турган соң Муздалифада шам жана куптан намаздарын куптан
намазынын убагында бириктирип окушат.
Шам жана куптан намаздарын Муздалифада бириктирип окуу Имам Азам агымы боюнча, важип болуп саналат.
Шам жана куптан намаздары бир азан, бир каамат менен окулат. Ортолорундагы сүннөт намаздары окулбайт. Куптандан соң акыркы эки ирекет сүннөт жана витир намаздары гана окулат.
Куптан намазынын (убагы) чыгышына али убакыт көп болсо, бул намаздар жолдон окулбайт. Эгер жолдон окуп, куптан намазынын убагы чыкканга чейин Муздалифага жетишсе, Имам Азамдын пикиринде, бул намаздарды (шам жана куптан намаздарын) кайрадан окуу керек.

#104 01 May 2016 - 03:36
В. ШАЙТАНДЫ ТАШ БАРАҢГА АЛУУ
Ажылыктын важиптеринен бири – шайтанды таш бараңга алуу. Таш бараңга алуу –бул, айт күндөрү Мина делген жердеги кичи, орто жана Акаба жамраларына ажылардын белгилүү санда таш ыргытуулары. Таш ыргытуу учурунда «Бисмиллахи Аллаху акбар!» деп айтылат.
Айттын биринчи күнү:
Акаба жамрасына гана жети таш ыргытылат. Муну айттын биринчи күнү багымдат намазынын убагы киргенден тарта эртеси күнү ошол убакка чейин
орундатса болот. Алгачкы күнү күндүн ар кайсы учурунда таш ыргытууга уруксат болсо да, кечкисин таш ыргытуу макирөө болуп саналат.
Айттын экинчи күнү:
Кичи жамрадан баштап, кезеги менен үч жамрага жетиден таш ыргытылат.
Айттын үчүнчү күнү: бул күнү да кичи жамрадан баштап кезеги менен үч жамрага
жетиден таш ыргытылат. Айттын экинчи жана үчүнчү күндөрү таш чак түштөн кийин (б.а.
бешим намазынын убагы киргенден кийин) ыргытылат. Ага чейин ыргытылса, ал жараксыз
болуп эсептелет.
Айттын төртүнчү күнү: Бул күнү багымдат намазынын убагы киргенге чейин Мина аймагынан чыгып кеткендер үчүн таш ыргытуулары кажет эмес. Ал эми Минада болгондор аталган жамраларга дагы жетиден таш ыргытышат. Имам Азамдын пикиринде, айттын төртүнчү күнү таш ыргытуу убагы багымдат намазынын убагы киргенден башталат. Бирок күн чыкканга чейин ыргытуу макирөө. Айттын төртүнчү күнү күндүн
батышы менен таш ыргытуу убагы да аяктаган болот. Ошентип, айттын төрт күнү тең таш ыргыткандар 70, ал эми үч күнү ыргыткандар
49 таш ыргыткан болушат.

#105 05 May 2016 - 14:51
1. Шайтанга таш ыргытуунун сахих болушу үчүн зарыл шарттар
Ташты «жамра» делген таш ыргытылчу жерлерге ыргытуу керек. Ташты ыргытпай таштоо, бут менен же бир курал (мисалы, рагатка) менен ыргытуу жараксыз болуп эсептелет.
Ыргытылган нерсе, Имам Азам агымы боюнча, таш же баткактын кургак топтому болушу керек. Жыгач, металл сыяктуу нерселер менен бул ырасым орундалбайт.
Таштарды бир-бирден ыргытуу керек. Баарысын бир ыргыткан адам бир таш ыргыткан болот.
Ташты жамранын ичине ыргытуу керек. Таш ыргытылган жерге жетиши керек.
Күчү жеткендер ташты өздөрү ыргытышы керек. Ал эми бейтап (ооруган) адамдар өкүлдөрүнө ыргыттырса болот. Өйдө туруп намаз окуй албагандар да өкүлдөрүнө ыргыттыра алат. Айттын төртүнчү күнү ташты ыргыта алгандар (өз ордуларына) өкүл дайындай алышпайт. Өкүл болгон адамдар алгач өз таштарын, андан соң өкүлдүгүн алган адамдардын таштарын ыргытышы керек.
2. Шайтанга таш ыргытуунун сүннөттөрү:
Жети ташты удаама-удаа ыргытуу
Ар бир ташты ыргытуу учурунда «Бисмиллахи Аллаху акбар!» деп айтуу
Ташты 3-5 метр аралыкта туруп ыргытуу.
Жамраларга кезеги менен таш ыргытуу,
Ыргытылган таштын (болжол менен) бир даана буурчактай болушу
Кичи жана орто жамрага таш ыргыткан соң дуба кылуу.
Акаба жамрасына таш ыргытуу учурунда Меккени солго, Минаны оң тарапка алуу.
3. Таш ыргытуудагы макирөөлөр Жамрада топтолгон таштардан алып ыргытуу
Чоң таш ыргытуу
Ыплас (нажасат) таш ыргытуу Бир жамрага бир күндө жетиден ашыкча таш ыргытуу. Ташты жамраларга кезеги менен эмес, каалаганынан баштап ыргытуу.
4. Таш ыргытуунун таризи Таш ыргытылчу жерге барганга чейин Муздалифадан же жолдон ылаиыктуу
таштарды топтоп алуу керек. Шаитанга таш ыргытуу учурунда «Бисмиллахи Аллаху акбар,
рагман лиш-шаитоони ва хизбих» деп аиылат. Ыргытылган таш жамрага жетпеи калса, же
алыс кетсе, каирадан ыргытуу зарыл.
5. Ташты өз убагында ыргытуу Ташты өз убагында ыргытуу – важип. Эгер өз убагында ыргытылбаса, аиттын
төртүнчү күнү күн батканга чеиин каза иретинде ыргытууга болот.
Имам Азамдын пикиринде, таш өз убагында ыргытылбаса, анүчүн жаза талап
кылынат. Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин көз карашында, мындаи учурда
жазанын кереги жок.

#106 08 May 2016 - 13:50
Г. ШҮГҮР КУРМАНЧЫЛЫГЫ
Таматту же Кыран ажылыгын аткаргандар ихрамдан чыкканга чейин шүгүр курманчылыгы үчүн мал сойуулары – важип болуп саналат. Ажылыкта союлган шүгүр курманчылыгы да, жаза курманчылыгы да жалпысынан «хадий курманчылыгы» деп аталат.
Бул курмандыктар да жөн учурдагы курмандыктардын шарттарын талап кылат. Кой
жана эчки түрүндөгү мал арап тилинде «дам», уй жана төө түрүндөгүлөр «бадана» деп
айтылат. Хадий курманчылыгы тууралуу төмөндө маалымат берилмекчи.
Курманчылык кылууга мүмкүнчүлүгү жоктор Меккеде үч күн, үйүнө келгенден кийин жети күн орозо кармашы керек.
Д. ЧАЧ АЛДЫРУУ
Айттын биринчи күнү алгач Акаба жамрасына таш ыргытылган соң курманчылыкка мал союлат. Андан кийин чач алынат. Мына ушул кезекти бузбоо – важип.
Чачты айттын алгачкы үч күнүнүн биринде алдырса да болот.
Умра кылган адам саайды орундаткан соң чач алдырышы керек.
Чач алдыруу менен ихрамдан чыккан болот. Бул учурда жыныстык катнаштан сырткары ихрамдагы тыйуу салынган өзгөчө жагдайлар аяктайт. Имам Азам агымы боюнча, зыярат тавафы орундалган соң жыныстык катнашка уруксат берилет.
Имам Азам агымы боюнча, баштын төрттөн бириндеги чачты алуу – важип. Эгер
баштын төрттөн биринде гана чач болсо, баары алынышы кажет.
Чачты толук алдыруу – сүннөт.
Аял кишилер чачынын төрттөн биринин учунан кыскартышат. Аялдар үчүн чачын түбүнөн алдыруу макирөө болуп эсептелет.
Ажылык учурунда айттын биринчи күнү багымдат убагынын кириши менен чач алдыруунун убагы башталып, айттын үчүнчү күнү күн батканга чейин уланат. Мына ушул учур аралыгында чач алдыруу – важип. Бул Абу Ханифанын (Имам Азам) пикири. Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин пикиринде, айттын алгачкы үч күнү чач алдыруу сүннөт.
Имам Азамдын көз карашында, ихрамдан чыгуу үчүн чачты харам аймагында алдыруу важип. Харам аймагынан башка жерде чач алдыруу өзүнчө жаза талап кылат.
Чач алдыруу убагы келген адам ихрамдан чыкканга чейин өзүнүкүн өзү да, бирөөнүкүн да алса болот. Асыресе, чач алдырбастан ихрамдан чыгууга болбогондуктан ихрамдагы тыйуулар чач алдырганга чейин улана берет.

#107 09 May 2016 - 11:49
Ж. КОШТОШУУ ТАВАФЫ
Сырттан келген ажылардын Меккеден кайтаар алдында аткаруулары зарыл эң акыркы таваф «коштошуу тавафы» деп аталат.
Коштошуу тавафы сырттан келген ажылар үчүн важип болуп саналат. Эскертке кетчү жагдай, бул учурда этек кири жана нифас абалындагы аял кишилер үчүн важип эмес.
Коштошуу тавафы зыярат тавафынан кийин орундалат.
Коштошуу тавафын аткарбай туруп Меккеден чыгып кеткен адам али «микат» аймагынан чыга элек болсо, артка кайтып коштошуу тавафын орундашы кажет (важип). Ал эми микат аймагынан да чыгып кеткен болсо, жаза талап кылынат. Ошондой эле микаттан чыккан соң умра ибадатын аткаруу үчүн кайра артка кайткан адам коштошуу тавафы
орундатса, жаза талап кылынбайт.
Парз болгон тавафтан соң орундалган таваф коштошуу тавафтын ордуна өтөт.
Тагыраак айтканда, парз тавафтан кийин аткарылган таваф коштошуу тавафы деп эсептелет.

#108 09 May 2016 - 11:53
VI АЖЫЛЫКТЫН СҮННӨТТӨРҮ
Ажылыкта парз-важиптерден сырткары орундалган ибадаттар ажылыктын сүннөттөрү болуп эсептелет. Сүннөттөрү менен кошо аткарылган ажылык сооптуу да, берекелүү да болот. Ажылыкта орундалган ибадаттарга байланыштуу да, өзүнчө да сүннөттөр бар.
А. КУДУМ ТАВАФЫ
Кудум тавафы – Меккеге келүү тавафы. Ифрад жана Кыран ажылыгын аткара турган адамдын
Меккеге келээр замат кудум тавафын орундашы сүннөт. Бул тавафтан кийин саай аткарыла турган болсо тавафта «рамал» жана «изтиба» да кылынат.
Харам жана хилл аймактарында жашагандар үчүн, ошондой эле таматту ажылыгын аткара тургандар, ажылыкка келгенде Меккеге барбай туруп Арафатта вакфа кылгандар жана этек кири же нифас абалдарынан улам Арафат вакфасынан мурун таваф кылалбаган аялдар үчүн бул тавафты аткаруунун кажети жок.

#109 17 May 2016 - 00:55
Б. КУТПАЛАР
Ажылыкта сүннөт иретинде үч кутпа окулат:
Биринчиси, Зулхижжа айынын 7-күнү Харам-ы Шарифте (Каабада) бешим намазына чейин,
Экинчиси, Арапа күнү Намира мечитинде бешим жана асыр намаздарын бириктирип окуур алдында,
Үчүнчү кутпа, айттын экинчи күнү бешим намазынан мурун Хаиф мечитинде окулат.
В. МУЗДАЛИФАДА ТҮН КЕЧИРҮҮ
Зулхижжанын 8-күнү (арапа күнүнөн мурунку күн) «таврия» күнү деп айтылат.
Таврия күнү күн чыккан соң Меккеден Минага баруу, ал күнү бешим намазынан баштап
эртеси багымдат намазына чейин ошол жерде болуп беш маал намазды Мина аймагында окуу сүннөт.
Г. МАЙРАМ (АИТ) КҮНДӨРҮ МИНАДА БОЛУУ
Зулхижжа айынын 10-11-12-күндөрү Минада болуу, ал жерде түн кечирүү Имам Азам агымы боюнча, сүннөт.
Д. МУХАССАБДА ЭС АЛУУ
Бул жер бүгүнкү күнү Мекке шаарынын ичине кирип калгандыгы үчүн бул сүннөт орундалбай келет. Асыресе, Минадан Меккеге кайтуу жолунда жайгашкан «Мухассаб» делген жерде бираз эс алуу Имам азам агымында сүннөт болуп эсептелет

#110 17 May 2016 - 00:57
VII. АЖЫЛЫКТЫН АДЕП-ТАРТИБИ
Ажылыкка адал киреше менен баруу,
Чын ыкластан Жаратканга алакан жая дуба кылып күнөөлөрүнүн кечирилишин тилеп тооба кылуу.
Ажылыкка жолго чыкканга чейин тааныш-билиштер менен адалдашуу, карыздарды төлөө.
Көрсөтмөлүүлүктөн (эл көрсүндөн) оолак болуу, жалгыз Алланын гана ыраазылыгын көздөө,
Алланы эстен чыгарбоо.
Ажылык учурунда пайдасыз иштерден алыс болуу, ибадат-жакшылык иштер менен алек болуу.
Ажылык сапарында жана ажылык учурунда урушуудан, жаңжалдан, талашып-тартышуудан оолак болуу

#111 17 May 2016 - 01:15
VIII. АЖЫЛЫК ИБАДАТЫН ОРУНДООНУН ТАРИЗИ
Ажылык сапарына чыкканга чейин чач-сакалды кыскартып, тырмактарды алып, кырынып-тазаланып жуунуу керек. Ихрамга чейин дене тазалыгы үчүн мүмкүн болсо гусул, болбосо даарат алуу зарыл.
Бул жерде Таматту ажылыгы жөнүндө маалымат берүү менен бирге Кыран жана Ифрад ажылыктарынын айырмачылыктарына да ишарат кылабыз. Таматту ажылыгын аткаргандар алгач умра кылып, ихрамдан чыгып, андан соң убагы келгенде кайра ажылык үчүн ихрамга киришет.
Микат жерлеринде же микатка чейин ихрамга кирүү жерлеринде ихрамга кирген адам умра үчүн ниет кылып, талбия айтат. Талбия төмөнкүчө айтылат: «Лаббайк, Аллахумма лаббайк. Лаббайка лаа шариика лака лаббайк. Иннал хамда ван-ниимата лака валмулк, лаа шариик лак». Андан соң эгер макирөө убак болбосо, эки ирекет намаз окуйт.
(Негизинен Түркиядан же Түркия аркылуу барган ажылар алгач Мединага барышкандыгы
үчүн ошол жерден Меккеге жолго чыгуу учурунда ихрамга киришет). Ниет кылып талбия айтуу менен ихрамдын тыюу эрежелери башталган болот. Бул учурда эркектер тигиши бар кийим, баш кийим, байпак, бут кийим да кие алышпайт. Аял кишилер бетин жаба алышпайт. Аялдар да, эркектер да чач-тырмагын, денесинен бир да кыл алышпайт.
Делебени козгоочу сөз-аракеттерден алыс болушу кажет. Жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө зыян бербеши керек.
Каабага барганда «Аллаху акбар! Лаа илааха иллаллаху валлаху акбар! Аллаху акбару ва лиллахил-хамд» деген соң, ар бир адам өз тилегин Жалгыз Аллага гана алакан жая дуба кылат. Бул учурда парз намаз баштала элек болсо, дароо тавафты орундоо керек.
Бул умра тавафы. Мында эркек адамдар оң ийинин ачык таштап тавафтын алгачкы үч айлануусунда бой көрсөткөн таризде жүрүшөт. Каабаны жети жолу айланган соң таваф намазы окулуп, дуба кылынат. Тавафты баштоо учурунда жана ар бир айланууда «хажарул-асвад»ка салам берилет.
Мындан кийин умра саайы орундалат. (Ифрад ажылыгын аткарган адам бул учурда кааласа ажылык саайын орундатат)
Саайдан кийин чачын алдырат. Муну менен ихрамдан чыгып, умра ибадаты аяктайт.
Андан соң ажылык үчүн кайрадан ихрамга киргенге чейин Меккеде ихрамсыз жүрүүгө болот. Мына ушул учур аралыгында ихрамдын тыюулары жараксыз болуп эсептелет.
Убагы келгенде ажылык үчүн ихрамга кирүү керек.
Зулхижжа айынын 8-күнү (таврия күнү) багымдат намазынан тарта Минага баруу сүннөт.
Ажылыкка барган адам Арапа күнү күн чыккандан кийин Арафатка бет алат. Бул жерде бешим жана асыр намаздарын бешим намазынын убагында бириктирип окуйт.
Күн баткан соң Муздалифага жол тартат. Муздалифада шам жана куптан
намаздарын куптан намазынын убагында бириктирип окуит.
Майрам түнү (айттан мурунку түн) Муздалифада түнөп шайтанды таш бараңга алуу үчүн таш топтойт.
Багымдат намазы Муздалифада окулган соң Муздалифа вакфасын орундатат. Жерге жарык түшүп, күн чыкканга чейин Минага бет алат. Минадан Акаба жамрасына таш ыргытат. Акаба жамрасына таш ыргытканга чейин талбия айтылгандыктан, мындан кийин талбия айтылбайт.
Андан кийин Харам аймагында курмандык чалат.
Курмандык чалган соң чач алдыруу менен ихрамдан чыгат. Ошентип жыныстык катнаштан сырткаркы ихрамдагы тыюу салынган жагдайлар аяктайт. Аял киши чачын түбүнөн эмес, учунан гана алдырат.
Ушул эле күнү Меккеге барып, парз болгон Зыярат тавафын орундатат. Зыярат тавафынын убагы айттын алгачкы күнү багымдат намазынын убагы киргенден тарта айттын үчүнчү күнү күн батканга чейин уланат.
Буга чейин ажылык үчүн саай аткарылбаса, дароо аткарылышы керек.
Айттын 2-3-күндөрү чак түштөн кийин кезеги менен кичи, орто жана Акаба жамраларына таш ыргытылат. Бул эки күнү тең чак түшкө чейин таш ыргытылбайт.
Жамрага таш ыргытып бүткөн адам айттын төртүнчү күнү багымдат намазынын убагы киргенге чейин Минадан чыгып кетиши абзел. Ал эми багымдат намазынын убагы кирген кезде Минада болгон адам 4-күнү дагы шайтанга таш ыргытышы керек. Имам
Азамдын пикиринде, бул күнү ташты чак түшкө чейин деле ыргытса болот.
Акырында сырттан келген ажылар коштошуу тавафын орундатышат.

#112 20 May 2016 - 13:01
IX. АЖЫЛЫКТЫН ТҮРЛӨРҮ
Ажылыкка барган адам ажылык айларында тек ажылык ибадатын гана орундатса да, ажылык менен бирге умра ибадатын орундатса да болот. Ажылык жана умра ибадаттарын бир ихрамга кирүү менен да, өз-өзүнчө ихрамга кирүү жолу менен да
аткарууга мүмкүн. Бул өңүттөн ажылыктын үч түрү бар
А. ИФРАД АЖЫЛЫГЫ:
Ажылык айларында тек ажылык ибадаты гана
орундалган ажылык ифрад ажылыгы деп аталат. Микат аймагында жашагандар ифрад ажылыгын гана орундата алышат. Өзгөчө абалдагы аял киши этек кири бүткөнгө чейин Арафатка чыгуу зарылчылыгына туш боло турган болсо, ихрамга кирүү учурунда ифрад ажылыгына ниет кылышы абзел.
Б. КЫРАН АЖЫЛЫГЫ:
Ажылык жана умра ибадаттарын бир жолу ихрамга
кирүү менен орундалган ажылык. Кыран ажылыгында ихрамга кирген адам алгач умра ибадатын аткарып болгон соң, ихрамдан чыкпай туруп ажылык ибадатын орундатат.
Демек, Кыран ажылыгы узун убакыт бою ихрамда болууну талап кылат. Микат жерлеринде жашагандар, ажылык айларына чейин Меккеге барып ажылык күндөрүн күткөндөр Кыран ажылыгын аткара алышпайт. Болбосо, жаза иретинде өзүнчө мал сойуу зарылчылыгы туулат. Кыран ажылыгын Микат тургундарынан тышкары ажылыкка келген
адамдар аткарышат.
В. ТАМАТТУ АЖЫЛЫГЫ:
Ажылык айларында умра жана ажылык ибадаттары
үчүн өз-өзүнчө ихрамга кирүү жолу менен орундалган ажылык «таматту ажылыгы» деп
аталат. Мында ихрамга кирип умра ибадатын аткарган соң ихрамдан чыгуу керек. Андан
кийин учуру келгенде ажылык үчүн кайрадан ихрамга кирип ажылык ибадатын орундоо
зарыл. Ошентип бул учурда Кыран ажылыгы сыңары узун убакыт аралыгында ихрамда болуунун шарттары талап кылынбаган болот. Көпчүлүк ажылар Таматту ажылыгын тандашат. Себеби умра да, ажылык да өз-өзүнчө ихрамга кирүү менен оңой орундалат.
Микат аймагында жашагандар, ажылык айларына чейин Меккеге барып ажылык күндөрүн
күткөндөр Таматту ажылыгын аткара алышпайт. Аткара турган болушса, жаза иретинде
өзүнчө мал сойууга туура келет. Таматту ажылыгын Микат аймагынан башка жерлерден
келген адамдар аткарышат. Имам Азам агымы боюнча, артыкчылыгы жагынан ажылык түрлөрүнүн тизмеси төмөнкүчө:
Кыран ажылыгы,
Таматту ажылыгы,
Ифрад ажылыгы.

#113 20 May 2016 - 14:37
X. АЖЫЛЫККА ӨКҮЛ ДАЙЫНДОО
Ажылык сапарына чыдай албаганчалык даражада картаң адамдардын, айыгып кетүү ыктымалы жокко эсе адамдардын же ажылыкка барбай көз жумгандардын ордуна ажылык ибадатын орундоого уруксат бар. Бул ажылык «бедел ажылыгы» деп аталат. Парз болгон ажылыктын өкүл дайындоо жолу менен орундалышы үчүн төмөнкү шарттар кажет:
1. Ажылык үчүн бирөөнү ордуна өкүл дайындай турган адамга ажылык ибадаты парз болушу кажет.
2. Ажылыкка өкүл дайындай турган адам ажылык ибадатын орундай албай турган абалда болушу керек.
3. Өкүл катары бара турган адам мусулман, акыл-эси жайында жана балагатка жеткен адам болушу зарыл. Бул жерде өкүл адамдын мындан мурда ажылыкка барып-барбашы анын өкүл болушуна тоскоолдук боло албайт.
4. Өкүл адамдын чыгашасы ажылыкка жиберип жаткан адам тарабынан каржыланышы кажет.
5. Өкүл адам ажылык учурунда ажылык ибадатына залалын тиигизе турган, аны жараксыз кыла турган иш-аракеттерден оолак болушу керек.
6. Ажылыктын түрүн өкүл эмес, ажылыкка жиберген адам өзү тандашы керек.

#114 22 May 2016 - 13:49
XI. УМРА ИБАДАТЫ
Умра жылдын кайсы бир мезгилинде ихрамга кирип Каабаны таваф кылуу, Сафа жана Марва дөңсөлөрүнүн ортосунда ылдам басуудан соң чач алдырып, ихрамдан чыгуу менен орундалган ибадат.
Имам Азам агымы боюнча, умранын эки парзы бар: Ихрамга кирүү жана Каабаны
айлануу. Мусулман баласы үчүн өмүрүндө бир жолу умра кылуу сүннөт болуп эсептелет.
Ылдам басуу, жуунуп-тарануу (чач, сакал-мурутту алуу) умранын важиптери.
Береги парз-важиптер ажылык ибадатындагы таризде орундалат. Ислам дининде умра
ибадатын орундоо үчүн атайын белгилүү убакыт көрсөтүлгөн эмес. Аны жылдын ар кайсы
мезгилинде аткарса болот. Ошону менен катар арапа күнүнөн баштап курман айт майрамынын төртүнчү күнү күн батканга чейин умра кылуу тахриман макирөө иш катары каралат. Себеби бул күндөр ажылык ибадаты белгиленген күндөр болуп эсептелет.
А. УМРАНЫН ОРУНДАЛЫШЫ
Сырттан келгендер микат жерлеринин чегинде, Меккеликтер болсо харам аймагынан «хилл» аймагына чыгып умра үчүн ихрамга кирип, ниет кылышат. Каабага барганга чейин талбия айтылат. Умрада талбия таваф башталганга чейин гана айтылат.
Тавафтын алгачкы үч айланышында «рамал» (бой көтөргөн таризде басуу) кылынат.
Тавафтан кийин эки ирекет намаз окулат. Андан соң саай аткарылат. Саайдан кийин чач
алдырып, ихрамдан чыгуу менен умра ибадаты орундалган болот.

#115 22 May 2016 - 13:57
XII. АЖЫЛЫК ЖАНА УМРА КУРМАНДЫКТАРЫ (хадий)
Ажылык жана умра ибадаттары учурунда союлган курмандык мал-жандыктары жалпысынан «хадий» курмандыгы деп аталат. Хадий курмандыгы төмөнкүчө түрлөргө бөлүнөт:
А. ШҮГҮР КУРМАНДЫГЫ Бул Таматту же Кыран ажылыгын аткаргандар үчүн важип болгон курмандык. Шүгүр курмандыгы чач алдырганга чейин айттын алгачкы үч күн аралыгында харам аймагында чалынат. Шүгүр курмандыгын Харам аймагынын Мина деген жеринде чалуу абзел.
Б. НАПИЛ КУРМАНДЫГЫ: Ажылык жана умра ибадаттарында Алланын ыраазылыгы үчүн напил (өз ыктыяры менен кошумча) катары курмандыкка союлган мал.
В. ЖАЗА КУРМАНДЫГЫ Ажылык же умранын важиптеринен бирин таштап кетүү, өз убагында орундата албай калуу же ихрамда тыюу салынган жагдайлардан кээ бирин жасоо учурунда жаза иретинде курмандыкка чалынган мал
Г. ИХСАР КУРМАНДЫГЫ: Ажылык же умра үчүн ихрамга киргенден кийин согуш, оор дартка тушугуу сыяктуу учурлардан улам ажылыгын, же умра ибадатын орундата албай калган адамдан талап кылынган курмандык мал. Ихсар курмандыгы Имам Азамдын пикиринде, харам аймагында чалынышы керек.
Д. НАЗИР КУРМАНДЫГЫ: Харам аймагында сойууга убада кылынган курмандык. «Хадий» курмандыктары харам аймагында чалынышы кажет. Эгер харам аймагында чалынбаса, анын ичинен важип болгон курмандыктар кайрадан харам
аймагында чалынышы керек.
Шүгүр жана напил курмандыгынын этинен өз ээси да жесе болот. Ал эми жаза жана ихсар курмандыктарынын этинен ээси жана баилар паидалана албаит. Анын эти кедей- кембагалдарга таратылат
Ж. ХАДИИ КУРМАНДЫГЫНЫН ОРДУНА ОРОЗО КАРМОО Кедеи болгондугу үчүн курмандык чалууга мүмкүнчүлүгү болбогон адам Хижаз
аимагында аиттан мурда үч күн, үиүнө каиткандан кииин жети күн орозо кармашы керек.

#116 24 May 2016 - 21:04
XIII. АЖЫЛЫК УЧУРУНДА ТЫЮУ САЛЫНГАН ИШТЕРДИ ЖАСОО ЖАНА АЛАРДЫН КАФФАРАТЫ
А. ЖЫНЫСТЫК КАТНАШКА БАЙЛАНЫШКАН ЖАГДАЙЛАР
Ажылык үчүн ихрамга кирген адам Арафатта турганга чейин жыныстык катнашта болсо, ажылыгы жараксыз болуп саналат. Бул учурда ал ажылыктын калган ибадаттарын толуктап, кийинки жылдары ажылыгын каза кылышы керек. Ошону менен бирге ал адамдан ихрам эрежесин бузгандыгы үчүн бир майда жандык (кой же эчки курмандыкка чалуу) талап кылынат.
Умра ибадатын аткарып жаткан адам тавафка чейин жыныстык катнашта болсо, умрасы жараксыз болуп эсептелет. Бул адам умра тавафын жана саайын орундаган соң ихрамдан чыгып, жаза иретинде кой же эчки курмандыкка чалып, умрасын кайра каза
кылышы керек.
Ажылык ибадатын аткаруу учурунда Арафатта турган соң ихрамдан чыкканга чейин жыныстык катнашта болгон адамдын ажылыгы жараксыз болбойт. Мындай учурда жаза иретинде бир бодо мал курмандыкка чалуу зарылчылыгы туулат. Ал эми ихрамдан чыккан соң зыярат тавафын орундатканга чейин жыныстык катнашта болгон адам жаза катары бир кой же эчки курмандыкка чалышы кажет.
Ихрамга кирген соң зыярат тавафын аткарганга чейин өбүү сыяктуу делебени козгой турган иш-аракеттерди кылган адам жаза иретинде бир кой же эчки курмандыкка чалышы керек.

#117 12 June 2016 - 12:47
Б. ДЕНЕГЕ БАЙЛАНЫШКАН ЖАГДАЙЛАР
Ихрам учурунда кийүүгө тыюу салынган кийимди бир күн же бир түн кийген, бир күн же бир түн башын же жүзүн жапкан эркек жана бир күн же бир түн жүзүн жаап жүргөн аял жаза иретинде бир майда жандык курмандыкка чалышы керек.
Эгер бир суткага жетпеген убакыт аралыгында кийилген болсо, садага берүү (бир битир садаганын өлчөмүндө) зарылчылыгы туулат. Чач же сакалдын төрттөн бири же андан көбү алынса, бир майда жандык курмандыкка чалынат. Желке чач жана колтук толугу менен кырылса, жаза курмандыгы талап кылынат.
Ихрам учурунда адам өзүнүн да, башка бирөөнүн да чачын ала албайт. Бул учурда чач алган адам садага берет, ал эми чач алдырган адам курмандык чалышы керек.
Кол же бут тырмактарын толугу менен алган адам бир майда жандык курмандыкка чалышы керек. Эгер толугу менен эмес, кээ бирин гана алса, ар бири үчүн өзүнчө садага бериши керек.
Ихрамга кирген адам (бир мүчөсүнүн бардыгына) атыр себинсе, аны жуушу жана жаза иретинде бир курмандык чалышы керек. Эгер атыр бир органдын бардыгына себилбесе, садага талап кылынат
Чачты хына менен боенун, чачка гел сүрүү бир майда жандык талап кылат.
Ихрамга кирген адам кийимине бир карыштан чоң жерге атыр сепсе, жана анын жыты бир күн бою кетпесе, бир майда жандык талап кылынат. Мындан аз жерге себилсе, же мындан аз убакыт аралыгында жыты тарап кетсе, садага берүү зарылчылыгы туулат.
Ихрамга кирген адам ооруу же жарат алуу сыяктуу үзүр-себептер менен (жазасы курмандыкты талап кылган) тыюу эрежелерин жасаса, анда ал адам кааласа курмандык чалат, кааласа алты кедей-кембагалга садага берет, кааласа үч күн орозо кармайт.
В. АҢЧЫЛЫККА ЧЫГУУГА БАЙЛАНЫШКАН ЖАЗАЛАР
Ихрамга кирген адам үчүн кургакта жашаган жаныбарларга аңчылыкка чыгууга болбойт. Эгер аңчылыкка чыгып тигил же бул жаныбарды кармаса, анын (колго түшүрүлгөн жаныбардын) нарк-баасына тете мал курмандыкка чалуу же кедейлерге ошол
баада садага берүү зарылчылыгы туулат. Ар бир кедейге берилген садага битир садаганын
өлчөмүнөн аз болбошу керек. Бул экөөнү тең аткара албаган адам ар бир садага үчүн бир
күндөн орозо кармайт.
Харам аймагындагы жаныбарларга ууга чыгуу ихрамга кирбеген жөн адамга да уруксат берилбейт. Эгер жөн адам харам аймагынан жапайы жаныбар өлтүрсө, анын наркын (акчасын) кедейлерге таратышы керек. Мунун ордуна орозо кармоого болбойт.
Чаян, жылан, чычкан, бит, кене, кирпи, кескелдирик өңдөнгөн зыяндуу жаныбарларды өлтүрүүдөн улам жаза талап кылынбайт.

#118 12 June 2016 - 21:30
Г. ХАРАМ ААМАГЫНДАГЫ ӨСҮМДҮКТӨРГӨ БАЙЛАНЫШКАН ЭРЕЖЕЛЕР
Харам аймагында өзүнөн-өзү өсүп чыккан өсүмдүктөрдү өсүп турган учурунда жулган адам анын наркын кедейлерге төлөп бериши керек.
Д. АЖЫЛЫК ЖАНА УМРА УЧУРУНДА КӨЗ ЖАЗДЫМДА КАЛГАН ЖАГДАЙЛАРГА БАЙЛАНЫШКАН ЖАЗАЛАРДЫН ОРУНДАЛЫШЫ
Ихрамга кирүү жеринен ихрамсыз өтүп ажылык же умра ибадатын орундай баштаган адам бир майда жандык курмандыкка чалышы керек. Ажылык же умра ибадатын баштаганга чейин артка кайтып ихрамга кирсе, жаза талап кылынбайт.
Кудум тавафын же напил тавафтардан бирин жунуп абалында орундаткан адам бир майда жандык курмандыкка чалат. Ал эми дааратсыз орундаткан адам садага бериши керек. Эгер даарат алып кацра таваф кылса, жаза талап кылынбайт.
Зыярат тавафын дааратсыз орундаткан адам бир кой же эчки курмандыкка чалат.
Зыярат тавафын жунуп абалында орундаткан адам бир бодо мал курмандыкка чалышы зарыл. Бирок бул тавафты кайрадан даарат алып орундатса, ал адамдын мойнунан жаза түшкөн болот. Парз тавафта Каабаны төрт жолу айланган соң жети жолу айлана албай калган адам бир майда жандык курмандыкка чалышы керек.
Тавафты хижр делген жердин ичинен аткарган адам да бир курмандык чалышы зарыл.
Алты саны аман-соо туруп тавафты кол унаа (коляска) менен аткарган адам бир майда жандык курмандыкка чалышы керек.
Коштошуу тавафын жунуп абалында аткарган адам майда жандык курмандыкка чалышы, дааратсыз аткарган адам садага бериши керек.
Этек кири абалындагы аял жунуп абалындагы адам сыяктуу. Аял киши эгер ылайыктуу учуру болбосо кудум тавафын аткарбайт. Ал эми зыярат тавафын тазаланган соң аткарат. Коштошуу тавафына чейин этек кири келип калса, бул тавафты орундатпай
туруп Меккеден кете берсе болот. Ажылык же умра учурунда этек кири келген аял киши парз тавафты гана аткарбайт. Мындан сырткаркы ажылык иштерин аткара берет.
Саай аткарылбаса, бир майда жандык талап кылынат. Оор оорудан же карылыктан улам саайды жөө басып аткара албаган адам кол унаа менен орундатса болот.
Арафатта туруу учурунда күн батканга чейин Арафаттан кайтуу бир майда жандык талап кылат.
Муздалифада турбаган адам бир майда жандык курмандыкка чалышы кажет.
Жамраларга таш ыргытпаган же бир күндө белгиленген таштын көбүн ыргытпаган
адамдан бир майда жандык талап кылынат. Таштардын аз бөлүгүн ыргытпаса, ар бир таш
үчүн өз-өзүнчө садага берүү зарылчылыгы туулат.
Чач алдырууну же парз тавафты айттын үч күнүнөн кийинкиге калтыруу да бир майда жандык курмандыкты талап кылат.
Кыран же Таматту ажылыгын аткарып жаткан адам Акаба жамрасына таш ыргытпай туруп же курмандык чалбай туруп чач алдырса, Имам Азамдын пикиринде, ал бир майда жандык курмандыкка чалышы кажет. Имам Абу Юсуф менен Имам
Мухаммеддин көз карашында, мындай учурда курмандык чалуу зарылчылыгы жок.
Харам аймагынын тышында чач алдырган адам бир майда жандык курмандыкка чалышы керек.
Ажылыктын важиптеринен бирин кандайдыр бир үзүр-себептен улам аткара албай калган адамдан эч нерсе талап кылынбайт.

#119 12 June 2016 - 21:40
XVI. АЗИРЕТИ ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА (саллаллаху алейхи васаллам) ЗЫЯРАТ
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын кабыры Медина шаарындагы Набави мечитинде экендиги жалпыга маалым болсо керек.
Мусулмандар Пайгамбарыбыздын одүйнө салышынан бери шариятка ылайык ага зыярат кылып келишет. Бул багытта Азирети Пайгамбарыбыздын өзүнүн куттуу хадистери да бар.
Хадистеринин биринде Пайгамбарыбыз: «Ким мага мен о дүйнө салган соң зыярат кылса,
ал мага мен тирүү кезимде зыярат кылгандай болот» (Баихаки, Ахмед б. Ал-Хусайн, ас-
Сунанул-Кубра, Хайдарабадуд- Дакан, 1347, V, 245-246) деген. Асыресе, Набави мечити
зыярат кылынууга ылайыктуу мечиттердин бири болгондугу, мында окулган намаз дагы да
сооптуу, берекелүү болору куттуу хадистерде айтылат (Бухари, Фазлус-Солати фи масжиди
Макка, 5; Муслим, Хаж, 511, 500-502). Мындай хадистерди көз жаздымда калтырбаган
Ислам аалымдары Азирети Пайгамбарыбыздын кабырына зыярат кылууну эң пазилеттүү
мустахап (жакшы) иштерден деп эсептешкен.
Мусулмандар Мединада Пайгамбарыбыз маани берген Куба мечити, Ухуд тоосу сыяктуу жерлерге да зыярат кылышат. Мединага баруу учурунда ажылар Азирети Пайгамбарыбыздын мечитине жана кабырына зыярат кылуу максатында болушат. Жолдо дуба, зикир жана салават айтып барышат. Мүмкүн болсо жуунуп тазаланып алып Пайгамбарыбыз дүйнөдө жашап жаткандай ага урмат сый менен адеп сактап зыярат кылуу абзел.
Набави мечитине киргенде жамаат менен намаз окулуп жатса, жамаатка кошулуу керек. Эгер намаз окуган жамаат жок болсо, ылайыктуу бир жерге туруп эки ирекет намаз окуу дурус. Андан соң Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын кабыры турган жерге барып, адеп сактоо менен Пайгамбарыбызга салам берүү керек.
Андан кийин ошол адеп сактаган калыптан жазбай сыртка чыгуу дурус. Мединада турган
чакта беш маал намазды Набави мечитинде окууга аракет кылуу кажет.

#120 12 June 2016 - 21:44
КУРМАНДЫК
Курмандык – бул белгилүү учурда белгиленген шарттардын негизинде Жаратканга жакындоо, Ага ибадат кылуу ниети менен чалынган мал. Имам Азам агымы боюнча, белгиленген өлчөмдө мал-мүлккө ээ мусулман адам үчүн Курман айттын алгачкы үч күнүнүн биринде курмандык чалуу важип болуп саналат. Калган үч мазхап боюнча,
курмандык чалуу сүннөт. Куранда: «Эгеңе (сыйынып) намаз оку, курмандык чал» (Кавсар
сүрөсү, 2). «Курмандык мал-жандыктарын силер үчүн Алланын белгиси катары жараттык...» (Хаж сүрөсү, 36) деп буюрулат. Азирети Пайгамбарыбыз мындай дейт:
«Мүмкүнчүлүгү жете туруп, курмандык чалбаган адам биздин мечитке жакындабасын»
(Ибн Маажа, Адахи, 2). Имам Азам агымынын аалымдары мына ушул хадиске таянып,
курмандыктын важип болгондугун айтышат. Дагы бир хадисте: «О, эл-журт! Ар бир үй- бүлөгө ар жыл үчүн бир курмандык чалуу керек» (Тирмизи, Адахи, 18) делет.
Курмандык бул жаамы жандуу-жансыздын ээси Алла Таалага тооба келтирүүнүн, .Ал ыроологон ырыскы-нематтарга карата шүгүрчүлүктүн, ыраазычылыктын белгиси.
Ошондой эле курмандык кедейлер үчүн өзүнчө чоң жардам болот. Курман айттан башка
учурларда ар күнү миңдеген мал-жандык союлса да, андан кедейлер пайдалана албайт. Ал
эми Курман айтта курмандыктын этинен эң көп кедейлер пайдаланат.

Супер-Инфо
super.kg
видео