"Ак терек, кок терек" деп кичине кезибизди копчулугубуз эле ойногон болушубуз керек. Шартка ылайык кыздар балдар экиге болунуп, кызыктуу жарыш кылышат эмеспи?
Келиниздер реалдагы оюнубузду, виртуалдуу жашоодо да бир эстеп алалы.
Шарттар бир аз башкача, бирок ошол кичинебизде ойногон оюнга окшоп кетет.
Демек шарт мындай:
1) Бул тема "Супер интервью" темасына бир аз окшоп кетет. Тактап айтсам, "Ак терек, кок терек" талкуусуна катышуучуларды форумчулар оздору чакырып алышат.
2) Кыздарды балдар, Балдарды кыздар тандап чакырышы керек.
3) Талкууга максимум 7, минимум 4тон форумчулар катышат. Тактап айтсам 4 кыз 4 жигит, же 7 кыз 7 жигит болушу керек.
4) Бул талкууга атайын тема тандалып алынат, жана 1 жума бою талкууланат.
5) Талкууда кыздар балдардын, балдар кыздардын жазган оюна каршы пикир калтырышы керек. Т.а кыздар бир команда, балдар бир команда болуп жарышат.
6) Талкууга коюулуучу тема, көбүнчө үй-бүлө, кыз-жигит темасына ыктоосу керек.
Мисалы: Уй-булоонун бузулушуна эркек кунолуубу же аялбы? ж.б
7) Талкуу учурунда, атаандаштар бири-бирин кемсинтпей, сылык турдо жооп берилиши керек.
8) Талкуу болгон тема аяктаган сон, кайсы команда женгендигин талкууга катышпаган форумчулар аныкташат.
9) Чакырылган форумчулар учун т.а талкуучулар учун атайын башка тема ачылат. Бул темага оз оюбузду жазабыз. Жаны ачылчу темага бир гана катышуучулар билдируу калтырат.
10) Бул оюндун, белгиленген чеги жок, т.а канча моонотко болбосун ойной бергенге болот. Туура пайдалансак небере, чебере форумчуларыбызга чейин жетет буйурса.

Пы Сы: Тема форумубузду жандантып, форумчуларды кызыктырып форумга тартуу максатында ачылды.
Бул тема дебаттын эле бир туру байкаган болсонор. Бирок "дебат" темасы менен кошуунун кереги жок. Убагы келсе кошулат.
Менин созум бутту. Алымчалап, кошумчалоочулар болсо айтсанар болот.
Эгер бул демилгени макул корсонуздор, талкууга келуучулорду сунуштай берсенер болот.
Айта кетчу нерсе, чакырылгандарды добушка карап эмес, алдынкы болуп форумчулар тарабынан биринчи айтылган гана форумчулар чакырылат.
Баса , талкуу болуучу теманы да сунуштай бериниздер.
Тема менен оюнга катышуучу форумчулар даяр болсо, талкууну эртенден баштай беребиз.