Саламатсыздарбы айымдар!Сиздерден кенеш сурап кайрылып жатам.Тушунуктуу болсун учун баарын башынан айтып берейин.Мен озум 21 жаштамын куйоом 23 жашта ортобузда балабыз бар 11 айлык.Москва шаарында турабыз,куйоом иштейтт мен уйдомун бала менен.Бул жакка балам 4 айлыгында келгенмин.Кайнатам бул жакта аялы менен (огой),чон кайненем айылда(85 жашта) куйоому баккан а озумун чыныгы кайненем билбейбиз каякта экенин, ажырашып кетишкен экен.Жашообуз жакшы эле озубузго жетет.Кайнатамдар менен да катташып турабыз.Балам 7 айлыгында Крга кеткен элем баламы эмчектен чыгарып апама таштап келем деп бирок мен барганда апам ооруп калып таштаган эмесмин куйоом экообуз коп урушуп тушунушпой пжырашабыз деп калганыбызда куйоом кайрадан чакырып алган баланы алып келгем кайрадан.ошондо кайра келгеним озумо иш болуптур да кайын журтум ошону эле айта берет жон эле айылда отура берсен болот эле эркек айланып келет эле да деп.Азыр балам 11 айлык кайын журтум баланы апана жонотуп иште дейт озумун апам деле жоното бер дейт бирок биз бир чечимге келе алюай жатабыз.Апам озу оорукчан анан балам менен дагы кыйналат кичине чоносун деп ойдойм бирок биздин эч нерсебиз жок алдыда уй жай кылышыбыз керек бизге жолок болчу адамыбыз дагы жок куйоом жалгыз уул ,бирок жоноткону дагы конулум чыдабайт ооруп калса аба ылгап анан эмчектен чыгып деп ойлойм.сырттагы адамга корунуп турат го ачык жол анын сынарындай сиздерден кенеш кутом ,балаы жонотсомбу же озум дагы бир аз чонойтсомбу?
..
- (2 )
-
- 1
- 2
Эжекелер, кеңеш бериңиздер... Эжекелер, кеңеш бериңиздер...
#2 15 May 2016 - 01:09
Апаңыз ооруп атса, апаңызды кыйнабай эле койуң. Ошол жактан бала багуучу алың..же бул жактан сиңдилериңизди чакырың...карап берет.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#3 15 May 2016 - 01:22
11ай ото эле кичине эмесби? Сиз таштап келген учурунузда деле сразу ташташ кыйынга турат, биринчи уйротушунуз керек да. Анан азыр тынбай турган учуру эмесби? Апанызды кыйнап коюшу мункун. Тиш жарып чыгып жатканда да орушатго бир аз. Ошол учурда озунуз эле болгонунуз жакшы. Анда коро синдилеринизден алып келиниз да ошол карасын. Эгер окуучу болсо куздо синдинизге кошуп жиберип коесуз. Иштеш керек деп жатасыз эч кыжалат болбонуз баары нолдон башталатго.
Жолдошунуз аракет эле кылса, буйруса баары болот, уй жайлуу да болосуздар.
[ quote][/quote]
#4 15 May 2016 - 03:19
Балаңарды өзүңөр менен кошо ала жүргөнүңөр жакшы. Өзүңөр чоңойтуп тарбиялагыла.
Эрте эле эмчектен чыгарып койгон дагы болбойт, энеге күйүмү жок болуп калат. Менин эжем менен жездем Москвада иштешет, бир жыл мурун кыздуу болушкан, экөө түндөсү бири, күндүзү бири иштеп. Үйдө баланын жанында ар дайым бирөөсү болот.
#5 15 May 2016 - 08:05
11ай ото эле кичине эмесби? Сиз таштап келген учурунузда деле сразу ташташ кыйынга турат, биринчи уйротушунуз керек да. Анан азыр тынбай турган учуру эмесби? Апанызды кыйнап коюшу мункун. Тиш жарып чыгып жатканда да орушатго бир аз. Ошол учурда озунуз эле болгонунуз жакшы. Анда коро синдилеринизден алып келиниз да ошол карасын. Эгер окуучу болсо куздо синдинизге кошуп жиберип коесуз. Иштеш керек деп жатасыз эч кыжалат болбонуз баары нолдон башталатго.
Жолдошунуз аракет эле кылса, буйруса баары болот, уй жайлуу да болосуздар.
11ай өтө кичине эмес. Жаңы төрөлгөн баланы смесь менен багып деле чоңойтуп жатышпайбы. (Бала багып алгандарды айтам).
В каждой шутке есть доля правды...
#6 15 May 2016 - 08:12
Күйөөңүздүн жанында болуңуз. "Кайрылып келет" деп айта беришет, аныңыз дагы бир чымчыкты ээрчип кетип калсачы (тем более Россиянын жашоосунда).
Балаңыздын тили чыгып, өз алдынча тазалыкка барып, өз алдынча кашык кармап, сизди тааный турган болуп калганча чоң эне, тайэнесине бербей эле туруңуз. Көр оокат жерге кирсин. Силер эмес, 30-40ка чыккандары деле бар оокатка каниет кылып, квартиралап эле жүргөндөр канча..
В каждой шутке есть доля правды...
#7 15 May 2016 - 08:28
Биз бул жерде ар кандай кенештерди айта беребиз бирок акыркы чечимди озунор чыгарасынар.
Баланыздын жанында жургонго эмне жетсин эгерде куйоонуздун тапканы силерди бакканга жетип жатса жанынызда эле жургону жакшыго. Уй жайды - баланыз. 2. 3 жашка чыкканда апанызга таштап кыла бересинер.
#8 15 May 2016 - 09:11
Апам оорукчан дегенин жакшы,аяп турганына раазы болдум.кызым.
Эми бакканга келсек мен эки айга эки кун калган неберемди алып калып бактым.Эмчектен деле чыгарбапмын, малютка деле берип корбопмун.Келинимдин агасы иш табылды эртеге ишке чыгышын керек десе эле,келиним шашылса мен деле шашылып жонотуп ийипмин.тоба ал го жаш менчи?
Келиним тунку 4то уйдон чыгып кетти.Баарын даярлап койуп неберемиди тиктеп отурам.Ойгонду малюткадан 40 грамдык идишине сут растап берсем оозуна салсам бир соруп тили менен чыгарып мени эле суз тиктейт.Чон эне апам кана бул сутун жакпады дегенсип мени суз капа болгон коз карашы ох озуму койорго жер таппай,неберемдин коз карашына туруштук бере албай ыйга туштум.Корсо биз билбейт экенбиз эки айлык да таарына алат экен.,капа боло алат экен.Чон ата быз келинин узатып келип менин акыбалымды коруп,мени кейий баштады.Эми кантип келинди аркана кайт апан бага албайт деп айта алабыз деп мени урушат.
Курсагы ачтыбы,же менин акыбалыма неберем тушундубу эртен менен 9 дарга барып 30 грамча ичип алды.Бирок баягы бурколгон кабак уч кун ачылган жок.Кабагы бурко суз болду аны коруп дагы сыгылып эч кимге билгизбей букулдап ыйлайм.Жок сутко конуп,кабагы ачылып конуп кетти.Экообуз суйлошуп журуп,тили да тез чыкты.
Айылды той тупур,жакшылык жамандыкты унуттум,эмне болсо да чон атага туйуп бууп жонотуп журдум.Балам экообуз эч кыйналган оруган жокпуз.Бир жашка чыксак апабыз ай кунуно жетип келип кыз тороп берди.Кызга зар жаныбыз аябай суйундук го.Кызыбыз 4-5 ай болгондо апабыз Москвага барсам окшойт баланыз кыйналып атат дей баштады.Мен да ойлоно баштадым балам колуктусу жанында болсо телеохраниги жанында болуп,курсагы ток,кайгысы жок боло беле дейм да...
Тамашалап куйонду жакшы корсон кетесин,балдарынды жакшы корсон каласын,кет деп да кетпе деп да айта албайм.Эгер кетсен балдарымды жакшы карашка аракет кылам дедим.Москва тарап тартты кетти.(тамаша). Бир жарым жашар уулум,6 айлык кызым менен озум калдым.Жардамга эч ким жок,чон ата иштейт.Жакшы экоо тен оорушпай,жакшы чонойуп берди.Жузум жарык болду.Мына азыр экоо биринчи класста 5 менен окуп атышат.Экоону бир класска берип койгом.Экооно чон атасы личный таксис.Эртен менен окууга,тушто бироону каратейге,бироону худ.танцавалныйга ташыйт.Каникулду чыдамсыздык менен кутуп жатабыз.
Эми менин ден соолугума келсек дайыма давления менен достошуп эч ажырабайт.уч килограмдан ашык которушко мумкун эмес ,боорум ооруйт.от касташып менден кетип калган.муундарым ооруйт,зыркырап жаныман чыкпайт,журогун ооруйт деп врачтар айтат,мен азырынча жаным кыйналып сезе элекмин ошон учун четке кагып кабыл албай журом.Чон балам ооруп калсам айтат
- Апам ооруп калыптыр балдар чонойуп кетти,келиндерди торо десек окшойт деп тамашалап калат.Небере колунда турса оорушка убакыт да жок.чындап.Мына бир кезде ымыркайларын мага ишенип,тиштенип жолго чыкты эле.Эки этаж куруп уй салып атышат.Эми чон атам экообуз балдарга кошуп уй салып журобуз.Карышка деле,оорушка деле убакыт жок,чуркап журобуз. Сиз кыйналасыз усталар оздору жасап ичсин деп мени балдарым аяшат.Жок бир тыйын болсо да балдарыма пайда болсун деп нанын озум жасап эки маал окатын озум уйдо бышырып чон ата жеткирип,чуркап журобуз.Балдарындын жакшылыгын корушко,жардам беришке ата эненин чон бактысы да.
Келиним балдарымды карайм бак деп отуруп алса деле болмок.Уч комната уй,олбой турган жашоо бар эле бирок чыдап балдарын мага таштап,жер уй салалы,кенен жашайлы деп куйосуу менен тен жарышып иштеп журот.Мындай келиндерге раазычылыктан, ата эненин ак батасынан башка эмне кеп.
Келиниме деле оной болгон жоктур,эмчектери зыркырап эчен сут толуп,балдарын сагынып эчен ыйлагандыр. Бирок узурун уйу бутсо,балдары чонойуп калса анан кенен уйдо бутун кенен сунуп корот го деп калам.Азыр коптун колдун катарында дипломдорун сандыка салып койуп,эл катары Россияда иштеп журушот.Коптогон энелер сыйактуу мен да коптун аманчылыгын ошол коп катары балдарымдын аманчылыгын тилеп жол карап,жылдан жылга карылык женип жол карап балдарымды кутуп журом...
Балдарыбыз бак деп ишенип берсе,энелер орууну да женип балдарды да багып беребиз...

#9 15 May 2016 - 09:19
Ээхх.
..Райа апа! Сизди кандай жан төрөдү экен? Кайынэненин баары сиздей болсо ээ..?
В каждой шутке есть доля правды...
#10 15 May 2016 - 09:24
Жаш уй було экенсинер. Озунордун айтканынарды кыла албайсынар.
Кайын журтун суйлонот. Эртерээк иштеп, уй жай кылгыла. Эртен эле баланар чоноет деп. Айтканын кылбасан да болбойт.Баланы озундун апан ооруса, кайненене айт. Багып берин, иштеп алалы деп. Ага да конбосо, анда нянька алып бер, ошондо мен иштейм де. Кыскасы бардык варианттарды колдонуп кор.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#11 15 May 2016 - 09:57
Рая,апаны жазгандарын окууп,кошуна эжени элестетип кеттим. Баласынын,кызынын балдарын жаш эле алып калып чоңойтуп таштады. Азырда 5 айлык кызынын,кызын карап атат. Малютканы тоготпой ичпей койгон экенле. Күндө мал сааганда сүт берип турат элек,азыр малдар жайлоого кетти, эми каяктан алаар экен). Ден-соолукта эле болуң оорубай Рая апа.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#12 15 May 2016 - 10:33
Баардыгы барып кор тиргиликке такалат дегендей. Жогорудагы жазып кеткен Рая апанын келини болбогондон кийин, айла жок башка варианттарын караштырасын.
Баардык кайын энелер неберелерин караймын, чонойтом десе кана? Мен дагы бир кездерде кандай кылсам деп башым каткан убактар болгон. Менин апам дагы оорукчан, жашы дагы 70ке таяп калган мезгил эле. Кайын энем иштейт.Мындайча айтканда эки жакты тен кыйнагым келбеди.Ошондо дагы эне байкуш тутпойт экен, жонотуп жибер. Ушунчасынын баласын баккан сенин баланды кантип бага албай калайын деди. Синдин курсагын тойгозсо, атан экообуз нары бери жетелеп, бизге дагы эрмек болот деп. Чындыгында апакемди аядым. Мени чонойткону аз келгенсип, эми каарыганда балдарымды турто салгым келбеди. Чын чынына келгенде, атам менен апама, карыган адамдарга кароо тынчтык, керектигин илгиртпей тушунуп жаттым. Няня дагы алгым келбеди кичине кызым бат баттан ооруй бергенине байланыштуу.
Кандай карайт эми ал няня деген неме? Озундой эч ким карабасын билгенден кийин, балдарымды озум гана караймын, жетпесе жетпей жашап туралы, мен учун балдарымдын ден-соолугу маанилуу дедим жолдошума.Кайын журт деле эч нерсе дебеди. Эми оздору карап бере албагандан кийин, иште уйдо олтурбай деп айтканга акылары да жок болчу. Жалгыз жолдошум иштеди. Балдарыбыз жаныбызда. Мен учун иштен дагы балдарым эне мээримин коруп чонойсун, мен учун балдарымдан откон байлык барбы? Жок! Аман болсонор акча да табылат. Бирок бир аз кечирээк. Торт беш жыл эч нерсени чечпейтго. Акырындык менен баарына жетишууго болот деймин. Жолдошун менен ынтымакта болуп, урушпай жашаганга аракет кылсан, уй булоодо ынтымак болсо береке болот.Жогорудагы жазгандардын пикирлерин угуп, анан албетте озундун дагы ой чечимин болсо керек, таразалап кайсыл жагы сага ынгайлуу болсо, ошол жагын тандайдыртсын деген ойдомун. Анан дагы бир кенешим да, бир бала менен деле убарасын, эки бала менен деле убарасын дегендей, жаш мезгилде катар катар тороп, бир ызылдатып чонойтуп алмаксын. Аял заты торой турган, адам болгондон кийин, бир канча убакыт откондон кийин, баарысы бир дагы торогонго туура келет. Эми бул менин жеке оюм да.Жоок уй жай кылышып, анан тороймун десен, ал дагы сенин чечимин.
#13 15 May 2016 - 11:52
Кайын журт дегенде кимди элес тутуп жатасын.Кайын атанбы же эненби.же кайнежелерби.
Озунордуку озунорго жетип жатса озун эле карап тур.Бул жыргааап уйдо отурат тапканын жеп коюп деп жатышса керекда.акча дегенде мээлери чарт-чурт болуп.Тата-пата дешсе сен унчукпа былтыйыып тура бер соз кайтарба..Чалын экоондун мамилен кандай.Главный ошо чалын тушунсун баласына мээрим берсин.Апана таштай албайм дегенин учун урушуп ажырашканга чейин бардынарбы.
Баланы жок дегенде 1.5жашка чейин озун караганын жакшы.Апанды кыйнабай кой дегенине тушунуп калат.Анан 2ге чыкса садике берсе кыйла женилдейт.Акча.
уй жай жерге кирсин.Баланы ойлогула биринчи.
#14 15 May 2016 - 13:52
Жапжаш эле экенсиңерго,
үй салып короо күткөнгө али алдыда убакыт бар аман болсоңор. Күйөөң баксын, аталык милдети, сен балаңы торолтуп чоңойто бер. Баары Алладан болот, тытына бергенден не пайда, кудай насип этпесе. Диндеда 2жашка чейин эмизүү керектиги айтылат. Балаңыда, ага кошуп апаңыда кыйнап, аларга кыжаалат болуп өзүңда кыйналасың.
Иште деп аткандар балаң ооруп калса карашпайт, кайра сүйлөнөт апасы ошонуда эптеп карай албаптыр деп. Өзүң кара.
#15 15 May 2016 - 15:02
Ордуңузда болсом өзүм эле карап, 2- жашка чыкканда садикке берип анан ишке урунмакмын.
Апаңыз сизди бир туугандарыңызды канча мээнет, нерв менен чоңойтту. Карыганда дагы небере бактырып койсок туура эмес го. Ошого карабай жүрөгүн кең кылып, балдарым тынып- жайланып алса экен деп баарына кайыл. Эмне болсо да баланы өзүңүз эле караңыз.
#16 15 May 2016 - 18:15
Биздеда ушул койгой. Кичине кызым 11 айлык менда таштасамбы деп ойлонуп журуп озум карай турган болдум качан оз алдынча болуп калганда садике берип иштеймин.автор жок дегенде 2жашка чейин озонуз караныз андан кийин бир айласы табылар уй жай акча качпайт кийин деле иштеп кылып аласыздар.
#17 15 May 2016 - 18:42
Рая апанын кенеши аябай жагат да,биз да сиздин келининизге окшоп бала таштап,талаалап жургонбуз.Эл катары уй салып,там ташты ондоп баары даяр болгондо,келин уйдо отуруп кызмат кылбады деген соз угуп кейип кетем,кыздарымды таштап уй салганыбыз унут болуп калат экен.Эми беш айлык,кызымы таштап жумушка чыктым,малютка алганы магазинге кирсем бир эже Кыргызстанга берип ийбейсинби?
–десе,куйом «кайсы бети менен берет»кыздарын и так карагантэмес десе болобу,Иий куйбогон жаным кул болду да эшектей иштеп кайран кылган уйубуз.Эми автор уй насип кылган куну болот,баланды чонойтуп отура бер,жаш экенсинер го.
#18 15 May 2016 - 18:43
Биздики бала 1жашта. Бизде да ушул проблема...
Жоголуп кетким келет,
Бир сени сагындырып.
Акыл сыйбас ак сүйүүмө,
Бир сени багындырып. ..
Бир сени сагындырып.
Акыл сыйбас ак сүйүүмө,
Бир сени багындырып. ..
#19 16 May 2016 - 08:56
Рая апанын кенеши аябай жагат да,биз да сиздин келининизге окшоп бала таштап,талаалап жургонбуз.Эл катары уй салып,там ташты ондоп баары даяр болгондо,келин уйдо отуруп кызмат кылбады деген соз угуп кейип кетем,кыздарымды таштап уй салганыбыз унут болуп калат экен.Эми беш айлык,кызымы таштап жумушка чыктым,малютка алганы магазинге кирсем бир эже Кыргызстанга берип ийбейсинби?
–десе,куйом «кайсы бети менен берет»кыздарын и так карагантэмес десе болобу,Иий куйбогон жаным кул болду да эшектей иштеп кайран кылган уйубуз.Эми автор уй насип кылган куну болот,баланды чонойтуп отура бер,жаш экенсинер го.
Ошол кыйналып салган уй озунорго,балдарынарга насип болсун кызым,ак жолтой,ак жуздуу,куттуу уй болсун.Кайран уй дебе,ок созуно,ак жолтой уй болсун...
Ошол уйдон агарып,когоруп, кыз чыгарып,уул уйлоп,бактылуу омур сургуло.Ак мээнет менен тапканынар ширин анан узурлуу болот.Таяр аш,тайяр дуйно менен жашагандардын турмушта жыргаганын корбодум.Тайар аштын аш болушу кыйын аш болсо да кийинкиси кыйын.Жаш кезде берсин мээнетти,карганда берсин доолоттуу деген соз бекер айтылбаса керек.Жаш кезде мээнет кылып пешене терин менен тапканын,акыры акыбети кайтып жакшы жашайсын кызым.
Чон атам экообуз нолдон баштаганбыз жашоону.Бир тошок,бир корпобуз,эки пиялабыз,казаныбыз кана бар эле.Жетим келин болгонмун,торкун алыс,ош деп капа болуп,тескери карап турган чак.Ошто кыш мезгили,иштен туну келсек,буйумдарыбыз эшикте тизилип турат.Андижандан туугандары кочуп келип,биз эшикте калдык.Азыр атактуу акын,ал кезде бизде директор Надырбек Алымбеков бизге бир комнат уй берип атып.Кызым ыйлаба,мына бир комнат обшитен уй алып атасынар,эртеге домдон бир комнат,бурсугуну эки комнат аласынар бир куну козун ачсан эле уч комнат уй,мебелдер толгон,килемдер тошолуп ортосунда балдарын ойноп турган болот кызым.Турмушта чыдасан баары болот бир кана бугункудой куйон экоон кол кармашып ынтымак жашасан баары болот деген эле.Чындап жылдар отуп бир куну байкасам агай айткан жашоого жетиппиз.Залда уч балам килем устундо ойноп отурат.Бир кезде эскилиги жеткен тарыбыз болор эле,эки пияла бир казаныбыз бар эле.Чай кайнаткан чайнек жок алганча казанга суу кайнатат элек...
Бизде эчтеке жок дештен намыс кылат элем,эч кимге деле таарынбапмын, бергиле деп деле суранбапмын. Пешенеме кандай турмуш жазса мен ошондой кабыл алдым.Ата энем жакшы жер кыйналбайсын деп берген атканда айтпай Ошко качкам,бар жерди,жакшы адамдарды уят кылып чанып кеткем.,мени кудай жазаалады деп сездим.
Жаман жерге деле тушподум бир айылдын байы,кадырлуу аксакалга келин болдум.жакшы адам эле раматылык.
Жокмун дебедим колуман келишинче койнокторумду бузуп курап жер тошок кылдым.,сайып туш кийиз илип алдым.,тырыштым, эшике чыгып куйоом менен жарышып иштедим,уйго кирип уйго керек нерселерди тигип,уй ичин иретедим.Экообуз урушуп деле корбопуз,эгиз козудай эрчишип эле журор элек.Менин ар бир кылган ишиме суйуноор эле...
Ошонтип ынтымак менен биз турмушту женгенбиз.Ынтымак бар жерде ырыс бар дегени чындык.
#20 18 May 2016 - 12:14
Мен 6жылдан бери уйдо элемин Уч балам бар озум карайм атабыз эл катары ьарып иштеп келет уй салыбатат иштетпейт.кайнеме таштайын деп кайра айныдым мени да балдарым карыганда таштабасын деп мээримдуу болушсун ыймандуу болсун озум карайын эчтеке болбос иштебесем деп
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео