Суперстан: "АК ТЕРЕК, КӨК ТЕРЕК" дебаттык талкуусу! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"АК ТЕРЕК, КӨК ТЕРЕК" дебаттык талкуусу! Супер форумдун, супер талкуу жараткан форумчулары үчүн!

#1 Пользователь офлайн   KAHAT   16 Май 2016 - 00:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 15 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Июн 2017 00:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ассалоому алейкум урматтуу форумчулар!

Мына ушинтип бир жума бою уюштурган, талкуубуз да старт алганы турат.


Эрежелерди эскерте кетсем:

1. Бул талкууга атайын тема тандалып алынат, жана 1 жума бою талкууланат


2.Талкууда кыздар балдардын, балдар кыздардын жазган оюна каршы пикир калтырышы керек. Т.а кыздар бир команда, балдар бир команда болуп жарышат.


3.Талкууга коюулуучу тема, көбүнчө үй-бүлө, кыз-жигит темасына ыктоосу керек. Мисалы: Уй-булоонун бузулушуна эркек кунолуубу же аялбы? ж.б


4.Талкуу учурунда, атаандаштар бири-бирин кемсинтпей, сылык турдо жооп берилиши керек.


5.Талкуу болгон тема аяктаган сон, кайсы команда женгендигин талкууга катышпаган форумчулар аныкташат.


6.Кыздар кыздардын, жигиттер жигиттердин билдируулоруно жооп жазбашы керек. Т.а бир командадагы форумчулар бири-биринин созун коштоп-колдобошу керек. Талкуучулардын коз жаздымында каршылашынын гана билдируулору болушу керек.


7.Оюндун максаты каршылашынын билдируусуно биротоло каршы чыгып алуу эмес, каршылашы жазган пикирди сынга алып, талкууну андан ары чиелештируу.


8.Сырттан кирген, талкуудагы тизмеге алынбаган форумчулар адашып билдируу жазып алышса, аларга жооп беруунун зарылчылдыгы жок. Ал форумчунун билдируусу очурулот.


9.Сиздердин талкуунуздар, талкууга катышпаган форумчулар тарабынан сынга алынат, сынды туура кабыл алып, бул жон гана вирт экенин эске алыныздар.


10.Эн башкысы бул оюн экени эсиниздерде болсун. Оюндан от чыгып кетпесин. Бул теманын сыртында дос болсонуздар, ичинде атаандаш катары жарышууга аракет кылыныздар. Сүрөт



Пы Сы: Бул темага бир гана атайын чакырылган талкуучулар билдируу калтыра алат.
Талкуучуларга болгон ой-пикир, сунушунуздарды, томонку темага калтырсаныздар болот:
http://www.super. kg/...opic=93707&st=0








Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!


Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   KAHAT   16 Май 2016 - 00:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 15 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Июн 2017 00:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул жуманын, тактап айтканда 16-майдан, 22-майга чейинки талкуулануучу тема:
"Уй-булодогу тарбия" темасы.

Бул теманын айланасында, атайын суроолор коюлат, жана талкуучулар ошол теманын негизинде талкуу жаратыштары керек.
Мисалы: Бир форумчу келип, 1-суроого жооп жазса, атаандаш форумчусу келип 1-жазган форумчунун жазган оюна сын тагат. Талкуу ушинтип уланып кете берет.

Каалоочулар суроонун негизинде эмес, тарбия темасын жалпы турдо карап да оз ойлорун жаза беришсе болот.

Бул теманын башкы максаты,тарбия темасын ар тараптан алып карап
"Бала канткенде туура тарбия алат" деген суроого жооп алуу.

Демек суроолор:

1. Баланы тарбиялоодо атанын ролу чонбу же эненинби?
2. Мигрант болуп, башка олкого иштегени кеткен ата-энелердин балдарынын тарбиясы кандай болот?
3. Баланын мунозу кобуроок дээринен берилеби же бала ак барак сымал торолуп, тарбия ага кобуроок из тушуробу?
4. Баланын тарбиясы учун, анын айлана-чойросундо коштоп жургон досторунун, тааныштарынын таасири канчалык?


Талкууга катышуучулар тизмеси:

Айымдардан:

1) aijan Сүрөт
2) mega777 Сүрөт
3) Kg.lady Сүрөт
4) Meruet84 Сүрөт
5) Sweet-Lika Сүрөт
6) Gupa Сүрөт
7) happy02 Сүрөт
8) jemile Сүрөт
9) ayildik_kiz Сүрөт
10) Bermet_Kasymova Сүрөт


Мырзалардан:

1)Daud Сүрөт
2)windom Сүрөт
3)Nurmuxammet Сүрөт
4)ere Сүрөт
5)uikuchu7 Сүрөт
6)jetinur90 Сүрөт
7)Respect. Сүрөт
8)eldar. Сүрөт
9)Vazir Сүрөт
10)USSR Сүрөт

Вазир менен СССР мырзалардан тышкары, баарынын ыраазычылыгы алынды. Бул мырзаларга билдируу жонотком, бирок окубай калышкан окшойт. Ошентсе да кошуп койдум. Убактылары болгондо кирип, талкууга аралашып кетишээр.


Бардык катышуучуларга ийгилик! Жана да талкууга тобокелге салып алгачкы ирет катышып, кошогону ачып берип жаткандыгыныздар учун терээн ыраазычылыгымды билдирем! Баарыныздар мен ишенген форумчулардансыздар, талкуу кызыктуу болот деп умуттоном.

Билдирүүнү түзөткөн: KAHAT: 16 Май 2016 - 00:57

Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!


Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   windom   16 Май 2016 - 06:45

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 18:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шылдырап аккан тунук булак боюндагы боз уй

Ассалоому алейкум урматтуу форумчулар, урматтуу катышуучу айымдар жана мырзалар! Башталып жаткан жакшы жоролгого куш келипсиздер!

Айтылып жаткан маселеде албетте тарбия буткул тируу жандык учун олчогус чон ролду ойнойт. Адамзатбы,айбанатбы оз урпагына болгон мамиледен улам тарбиялап жатканын ар бир жан биле бербесе керек. Бул нерсени айтканымдын себеби айрым бир уй-булоодо балага болгон "зулум" мамиле ал чурпонун келечекке болгон коз карашынын,адамга болгон сый урматынын,деги эле озунун жан дуйносунун калыптанышына кандайдыр бир терс таасирин тийгизип жатканын андабай калабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   windom   16 Май 2016 - 07:07

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 18:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шылдырап аккан тунук булак боюндагы боз уй

Демек ачыктап айтканда бул сынактын журушундогу тарбия темасына болгон коз караш томондогучо;

Жалпылап айтканда баланын тарбиясы эч кандай коз жарып жарык дуйного алып келген энесинен, "беш муноттук кумардын" артынан озуно туяк калтырган атасынан коз каранды эмес. Ал наристе кимдин колунда тарбияланды, кандай адам жалган дуйнодогу жанылыштыктар, жакшылыктар менен тааныштырып тарбия берди, мына ушул нерседен коз каранды.

Андыктан бул талкууда берилген суроолорго болгон коз карашым томондогучо;

***Бала учун эненин да атанын да тарбиясы олуттуу.

*** Аллахтын бешенеге жазган тагдырына ылайык чет олкодо жургон мигранттарыбыздын балдары Кудайга шугур тарбия алып жатышат жамандыр жакшыдыр. Билишимче басымдуу болугу чон-ата,чон- эне,таята,таенесинин колунда же бир туугандарынын колунда калышат. Андыктан оз чурпосун эрезеге жеткирген ата-эне небересине жаман тарбия берет дегенден таптакыр алысмын. Андыктан азыркы коомубуздагы келечек муундун тарбиясында эч кандай мигранттын, же башканын баласы деп болууго айырма жок.

***Ар бир жан жалган дуйного келген сон айлана-чойросуно, тарбиясына карай калыптанат деген принциптемин. Себеп, "бешиктеги баланын бек болоорун ким билет" деген кыргыздын асыл созун жуйоо келтирууну эп кордум.

*** Албетте айланасындагы адамзаттын таасири чон.

Негизинен бул талкууга болгон менин коз карашым ушундай. Буюрса алдыда ар бир абзацга кенен токтолобуз деген умуттомун.

Билдирүүнү түзөткөн: windom: 16 Май 2016 - 07:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   uikuchu7   16 Май 2016 - 08:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ассалому алайкум урматтуу дебатка тобокел кылып катышкандар.

Мен баланын дээринде болот деген принциптемин. Анткени деген ата-эне баардык балдарына окшош тарбия берет, аны кабыл алуу баланын өзүнөн. Мисалы атасы ичкич болсо баласы карап туруп таасирлениш керек да кой мен ичпейин атамдын абалы бул болсо деп. Эгерде дээринде болсо ал ушул ишти жасайт. А дээринде жок болсо ата жолун жолдойт.


Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 16 Май 2016 - 08:33


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   16 Май 2016 - 09:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения uikuchu7 (16 Май 2016 - 08:32) жазган:

Ассалому алайкум урматтуу дебатка тобокел кылып катышкандар.

Мен баланын дээринде болот деген принциптемин. Анткени деген ата-эне баардык балдарына окшош тарбия берет, аны кабыл алуу баланын өзүнөн. Мисалы атасы ичкич болсо баласы карап туруп таасирлениш керек да кой мен ичпейин атамдын абалы бул болсо деп. Эгерде дээринде болсо ал ушул ишти жасайт. А дээринде жок болсо ата жолун жолдойт.




"Дээринен" деп балага көңүл бөлбөй коелу ээ анда, эптеп-септеп жашоого аралашып кетээр ээ…?

***
Тарбия берүүдө баланын жанында ким көбүрөөк болсо, ошонун ролу чоң. Атасыз жетимдер эненин, энесиз жетимдер атанын тарбиясына муктаж. Коомго аралашканга чейин ата-энеден үлгү алат бала. Ошого, ата-энелер үлгү болуп бериши керек. Керек болсо балага "тирүү энциклопедия" болуп, көп нерсе үйрөтүшү зарыл. Коомго аралашкан соң, чөйрөсүнөн үлгү алат. Баланын чөйрөсү кандай түптөлүп жатканына да көңүл бөлүү зарыл.

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   happy02   16 Май 2016 - 09:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения windom (16 Май 2016 - 07:07) жазган:

Демек ачыктап айтканда бул сынактын журушундогу тарбия темасына болгон коз караш томондогучо;

Жалпылап айтканда баланын тарбиясы эч кандай коз жарып жарык дуйного алып келген энесинен, "беш муноттук кумардын" артынан озуно туяк калтырган атасынан коз каранды эмес. Ал наристе кимдин колунда тарбияланды, кандай адам жалган дуйнодогу жанылыштыктар, жакшылыктар менен тааныштырып тарбия берди, мына ушул нерседен коз каранды.

Андыктан бул талкууда берилген суроолорго болгон коз карашым томондогучо;

***Бала учун эненин да атанын да тарбиясы олуттуу.

*** Аллахтын бешенеге жазган тагдырына ылайык чет олкодо жургон мигранттарыбыздын балдары Кудайга шугур тарбия алып жатышат жамандыр жакшыдыр. Билишимче басымдуу болугу чон-ата,чон- эне,таята,таенесинин колунда же бир туугандарынын колунда калышат. Андыктан оз чурпосун эрезеге жеткирген ата-эне небересине жаман тарбия берет дегенден таптакыр алысмын. Андыктан азыркы коомубуздагы келечек муундун тарбиясында эч кандай мигранттын, же башканын баласы деп болууго айырма жок.

***Ар бир жан жалган дуйного келген сон айлана-чойросуно, тарбиясына карай калыптанат деген принциптемин. Себеп, "бешиктеги баланын бек болоорун ким билет" деген кыргыздын асыл созун жуйоо келтирууну эп кордум.

*** Албетте айланасындагы адамзаттын таасири чон.

Негизинен бул талкууга болгон менин коз карашым ушундай. Буюрса алдыда ар бир абзацга кенен токтолобуз деген умуттомун.

Атасынан да, энесинен да көз каранды эмес дегениз мен үчүн таң калычтуу эле болуп калды.. А "ген" деген нерсени кайсы жакка жыйыштырып коебуз анда..? Баланын кулк-мүнөзүнүн кандайдыр бир бөлүгү сөзсүз ата-энесинен ген аркылуу өтөт эмеспи..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   uikuchu7   16 Май 2016 - 10:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Sweet-Lika (16 Май 2016 - 09:24) жазган:


"Дээринен" деп балага көңүл бөлбөй коелу ээ анда, эптеп-септеп жашоого аралашып кетээр ээ…?

***
Тарбия берүүдө баланын жанында ким көбүрөөк болсо, ошонун ролу чоң. Атасыз жетимдер эненин, энесиз жетимдер атанын тарбиясына муктаж. Коомго аралашканга чейин ата-энеден үлгү алат бала. Ошого, ата-энелер үлгү болуп бериши керек. Керек болсо балага "тирүү энциклопедия" болуп, көп нерсе үйрөтүшү зарыл. Коомго аралашкан соң, чөйрөсүнөн үлгү алат. Баланын чөйрөсү кандай түптөлүп жатканына да көңүл бөлүү зарыл.



Сөзсүз эле дээринде бар деп көңүл бөлбөй коюу эмес. Албетте тарбия берет. Ата энеси жакшы, сонун кишилердин балдары да жаман жолдо жүргөндөрү. Мисалы жакшы ата эненин эки баласы болсун дейли. Бири жакшы да, бири жаман жолдо. Ата эне эки баласына бөлүп тарбия бербейт да. Эки баласына окшош нерсени айтат, жанан көрсөтөт аны кабыл алуу жана кабыл албастык баланын өзүнөн деген ойлу айткым келген.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Bermet_Kasymova   16 Май 2016 - 10:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 269
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2019 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Саламатсыздарбы, бардык катышуучулар ж.а коруучулор.

Бала албетте дээри м.н торолот. Ата-энесинин белгилери, мунозу, оорусу да ДНКда болуп, ошо м.н калыптанат. Кээ бир акыл-эси кемирээк ата-эненин балдары акылдуу, токтоо болот. Бирок мин айланткан м.н анда баары бир нерсе жетишпей тургандай боло берет. Кээ бир факторлордон улам (тамеки, спирт ичимдиктери, наркотика) генетиканы бузуп салса да, баары бир тукумунун бир узуму калат.

Эгер туура эмес чойрого аралашып калса анан дээрининде жакшы сапаттар болсо, аны туз жолго салуу кыйла женил.

Демек менин оюум баланын дээри роль ойнойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Bermet_Kasymova   16 Май 2016 - 10:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 269
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2019 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Баланы тарбиялоодо коп нерселер таасир этет(мигрант балдар ж.до)

Алар чон ата, тайэнесинин колунда осуп жатса деле, ал учун ата-энесинин созу, тарбиясы озгочо. Мен бир 3 жаштагы кызды билем, 1 жашында апасы кетип калган. Азыр келип калса жанынан чыкпай калат. Кичинекей бала деген унутуп калышы керек эле да. А бирок аны жогоруда айткан генетика ж.а энесинин суту бошотпойт. Баарыбызга деле белгилуу да, бироо айтса "башты оорутпачы" дейбиз да, ата-энебиз айтса угабыз. Ата-энесинин созу отумдуу болот баары бир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   ere   16 Май 2016 - 10:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 874
  • Катталган: 16 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Июн 2025 10:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:KGZ

Просмотр сообщения Bermet_Kasymova (16 Май 2016 - 10:26) жазган:

Баланы тарбиялоодо коп нерселер таасир этет(мигрант балдар ж.до)

Алар чон ата, тайэнесинин колунда осуп жатса деле, ал учун ата-энесинин созу, тарбиясы озгочо. Мен бир 3 жаштагы кызды билем, 1 жашында апасы кетип калган. Азыр келип калса жанынан чыкпай калат. Кичинекей бала деген унутуп калышы керек эле да. А бирок аны жогоруда айткан генетика ж.а энесинин суту бошотпойт. Баарыбызга деле белгилуу да, бироо айтса "башты оорутпачы" дейбиз да, ата-энебиз айтса угабыз. Ата-энесинин созу отумдуу болот баары бир.




Слам урматуу катышуучулар.

Тапкан эне эмес, баккан эне деген соз бар. буну да унутпасак.
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.

Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.

Бакыт - деген телегейи тептегиз,

Там-Туң баскан наристенин кадамы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Meruet84   16 Май 2016 - 10:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения uikuchu7 (16 Май 2016 - 08:32) жазган:

Ассалому алайкум урматтуу дебатка тобокел кылып катышкандар.

Мен баланын дээринде болот деген принциптемин. Анткени деген ата-эне баардык балдарына окшош тарбия берет, аны кабыл алуу баланын өзүнөн. Мисалы атасы ичкич болсо баласы карап туруп таасирлениш керек да кой мен ичпейин атамдын абалы бул болсо деп. Эгерде дээринде болсо ал ушул ишти жасайт. А дээринде жок болсо ата жолун жолдойт.



Уалейкум ассалом Уйкучу.

Ассалому алайкум! Дебатка катышкан форумчулар.

Баланын дээринде болушу, баланын генинде кандайдыр бир аз өлчөмдө эле болушу мүмкүн .......
Мисалы:
Баланын татыктуу тарбияда чоңойушуна жана жетилишине ата эне жана айлана чөйрө себептүү.
Атасы ичкич болсо да, баласы аны көрүп туурабашы мүмкүн, бирок жан дүйнөсүндө бир жетишпестик орноп калат.
Буга себептер деп мен төмөнкүлөрдү эсептейт элем:

1 -Бала дайыма кечки тамакты ата энесинин ортосунда тамактангысы келет, бирок бул калоосу да аткарылган жок.


2 -Ата энеси менен чогуу ойноп, күлгүсү келет, бирок бул оюу да аткарылган жок.

3-Үйдө тынчтык болуусун каалайт, бирок бул каалосу да аткарылган жок.

Баланын бул аруу таза сезимдеринин быт чытын чыгарып жана аткарылышына атасынын арак ичкичтиги себеп болуп келди.
Бул убакта дайыма апасына ыктады, апасы менен сүйлөшүп ойноду, турмушта өзүнө керектүү сабакты апасынан ала баштады....
Ал эми атасынын аталык тарбиясы бош калды.
Дайыма эненин көзөмөлүндө өскөн бала, атанын тарбиясы жетишсиз бала чоңойгондо кандай болуп жетилет?
Же болбосо өзү үй бүлөлүү болгондо кандай ата боло алат? Атасынан алган тарбияны берейин десе, эч нерсе жок! Болгону атасынын ичип келип, үйдө жаңжал кылып, баарын талкалап уруп жатканы гана эсинде калган! .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   16 Май 2016 - 10:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения uikuchu7 (16 Май 2016 - 10:03) жазган:

Сөзсүз эле дээринде бар деп көңүл бөлбөй коюу эмес. Албетте тарбия берет. Ата энеси жакшы, сонун кишилердин балдары да жаман жолдо жүргөндөрү. Мисалы жакшы ата эненин эки баласы болсун дейли. Бири жакшы да, бири жаман жолдо. Ата эне эки баласына бөлүп тарбия бербейт да. Эки баласына окшош нерсени айтат, жанан көрсөтөт аны кабыл алуу жана кабыл албастык баланын өзүнөн деген ойлу айткым келген.


Демек, жакшы бала ата-энесин, жаман бала коомду үлгү кылат дейлиби..? Ошондо да, "балам, бул жолдошуң балан-түкүн" деп жакшы чөйрөгө аралашуусуна түрткү болуу керек..

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   16 Май 2016 - 11:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения ere (16 Май 2016 - 10:39) жазган:

Салам урматуу катышуучулар.

Тапкан эне эмес, баккан эне деген соз бар. буну да унутпасак.


Тапкандыкы эмес, баккандыкы албетте, бирок, ошол баккан киши канчалык деңгээлде балага таасирин (влияние) тийгизе алат? Бала "жөн!" дегенди укпаса, тил алып тим болуп калбаса, баккан мээнет текке эле кетет..

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   jemile   16 Май 2016 - 11:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Просмотр сообщения windom (16 Май 2016 - 07:07) жазган:

Демек ачыктап айтканда бул сынактын журушундогу тарбия темасына болгон коз караш томондогучо;

Жалпылап айтканда баланын тарбиясы эч кандай коз жарып жарык дуйного алып келген энесинен, "беш муноттук кумардын" артынан озуно туяк калтырган атасынан коз каранды эмес. Ал наристе кимдин колунда тарбияланды, кандай адам жалган дуйнодогу жанылыштыктар, жакшылыктар менен тааныштырып тарбия берди, мына ушул нерседен коз каранды.

Андыктан бул талкууда берилген суроолорго болгон коз карашым томондогучо;

***Бала учун эненин да атанын да тарбиясы олуттуу.

*** Аллахтын бешенеге жазган тагдырына ылайык чет олкодо жургон мигранттарыбыздын балдары Кудайга шугур тарбия алып жатышат жамандыр жакшыдыр. Билишимче басымдуу болугу чон-ата,чон- эне,таята,таенесинин колунда же бир туугандарынын колунда калышат. Андыктан оз чурпосун эрезеге жеткирген ата-эне небересине жаман тарбия берет дегенден таптакыр алысмын. Андыктан азыркы коомубуздагы келечек муундун тарбиясында эч кандай мигранттын, же башканын баласы деп болууго айырма жок.



Ошондо сиздин оюңуз боюнча, ата-эне жөн эле 'беш мүнөттүк жыргалдан' кийин эле жасап коюш керек да, андан ары тарбия гана берүү керекпи я Windom мырза?
А, тилектерчи? Эне түйүлдүк пайда болгондон тарта берген мээрими эске алынабы?

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   windom   16 Май 2016 - 11:35

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 18:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шылдырап аккан тунук булак боюндагы боз уй

Салам heppy02! Жогоруда сиз айтып жаткан ГЕН маселесине келсек албетте наристеде атанын да эненин да кандайдыр бир олчомдо "улгу" болот. Бул балага кулк-муноз катары отушу мумкун. Бирок бул жандайга томондогучо мисал келтирууну эп кордум;

Мисалы бир кыз дээринен жигиттерге жакын осту,энеси тыйса болбой жашынып жигиттерге жолугуп журду,ичти,чекти. Аягы тороп коюп куноосуз наристени жетим балдар уйуно таштап кетти. Ал жерден наристени ыймандуу,тарбияга бекем уй-булоо багып алды. Бактыга жараша ал наристе ыймандуу чонойду,бой жетип ар максаттар ишке ашканча жигит жандабады,коптогон ийгиликтерди жаратты. Андан сон татыктуу жигитке башын байлап турмуш жолуна аттанды. Чындыгында бул кыз "женил ойлуу"," кукук" энесине да араккеч атакесине да окшободу. Бул келтирилген мисал жуздогондон бироосу гана.

Озунун тапкан эне-атасынан эмне отуп,калыптанышы мумкун?

***Кулгон кулкусу

***баскан басыштары

***Дене тузулушу ж.б нерселер калыптанышы мумкун. Бирок бул нерсени да заман талабына жараша озгортконго толук мумкун. Мисалы медицина, сулуулук салону, психологдун ж.б жардамы менен. Демек адамзаттын калыптанышына тарбия чон мааниде.


Дагы бир мисал келтирейин; Аллах Ислам динин тушургон кезден баштап адамзаттын баарын мусулман кылып жаратты,а бирок пенде динди озу тандады. Бул нерсе менен терен тушунуп,жыйынтыктасак болчудай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   ere   16 Май 2016 - 11:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 874
  • Катталган: 16 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Июн 2025 10:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:KGZ

Просмотр сообщения Sweet-Lika (16 Май 2016 - 11:02) жазган:


Тапкандыкы эмес, баккандыкы албетте, бирок, ошол баккан киши канчалык деңгээлде балага таасирин (влияние) тийгизе алат? Бала "жөн!" дегенди укпаса, тил алып тим болуп калбаса, баккан мээнет текке эле кетет..



Жон дегенди укпаса, Тийбе дегенге тийсе. Бул барып тарбияга барып такалатко.
Бул жерде ата-энени тарбиясы чон роль ойнойт. булар бизди укпайт экен тим койсок жакшы болбойт. ата-эне талап койуш керек балдарына келечекте тарбиялуу адам болуп чоноюушуна.

Билдирүүнү түзөткөн: ere: 16 Май 2016 - 11:57

Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.

Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.

Бакыт - деген телегейи тептегиз,

Там-Туң баскан наристенин кадамы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   windom   16 Май 2016 - 11:43

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 18:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шылдырап аккан тунук булак боюндагы боз уй

Салам jemile айым! Балким сиз башкачараак тушунуп алгандайсыз. Ал жерде соз баланы башка бироо багып алса деген мааниде болгон эле. Албетте сиз айтып жаткан эне мээрими туйулдук,пайда болгон кезден башталат. Медицинада айтылгандай боюнда бар аялдын ошол кездеги маанайына жараша наристе калыптанат деп айтылат. Демек бул да тарбиянын алгачы этабы эмесби? Демек наристе жаралган кезден баштар ( туйулдук ) тарбия алып баштайт жана ошого жараша калыптанат. Эч кандай дээринен эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Bermet_Kasymova   16 Май 2016 - 12:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 269
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2019 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Дээринен эле. Бала ото кичинекей кезинен эле башка тарбия алса бир жон. Баары бир оз ата-энесинин бир нерсеси болот. Балким ата,апасы жаман болсо да 7 атасынан жакшы кишилер болгон да. Ген 7 атадан кууйт да. Ошол учун кыргыздар 7 атасы отмойунчо бири-бирине уйлонушкон эмес да. Ушул эле нерсени азыркы медицина тактап жатпайбы. Туугандардын балдары мутант же оорулуу болуп калаарын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   uikuchu7   16 Май 2016 - 12:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Sweet-Lika (16 Май 2016 - 10:56) жазган:


Демек, жакшы бала ата-энесин, жаман бала коомду үлгү кылат дейлиби..? Ошондо да, "балам, бул жолдошуң балан-түкүн" деп жакшы чөйрөгө аралашуусуна түрткү болуу керек..



Кимден үлгү алса да ал нерсе адамдын кабыл алуусунан. Мисалы сиз экөөбүз чогуу баратып коомдогу терс көрүнүшкө күбө болсок экөөбүз эки түрдүү кабыл алабыз. Ата энеси сөзсүз айтат тиги досуң мындай тигиндей, кошул кошулба деп. Кээ бир учурда ата эне баласына айтат тиги досуңа кошулба деп, себеби анын ата энеси менен мамилеси анча эмес ошондуктан.
Мен ата эненин тарбиясын такыр эле жокко чыгарбайм. Ошо берген тарбиясын кабыл алуусу керек да.


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: