Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#921 Пользователь офлайн   uikuchu7   18 Май 2016 - 10:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ТҮТҮНГӨ АЙЛАНГАН ФУТБОЛ АЯНТЧАЛАРЫ


Уйкусурап турган жаш жигит дароо эле тамеки кутусун издей баштады.Жастыктын астынан тапкан тамеки менен ширенкени колуна алып, короого чыгып “чырк” эткен ширеңке жалынынын добушунан ырахат алды.Тамеки түтүнүнөн шаша ичине жутуп,терең ойго баткандай болду да,коңшулаш жайгашкан курулуштун жанына барды.Куруучулар каттуу аракет менен балдар үчүн футбол аянтча куруп жаткан эле.Жаш жигит алардын башчысынын жанына келип:
-Байке,бул аянтчанын курулушун ким каржылап жатат?-деп кызыгып сурады.
Оозунан тамеки түтүнүн булгалаткан жаш жигиттин жүзүн карап, курулуш башчысы жылмая:
-Тамекини таштагандар коому куруп жатат,-деп жооп берди.
-Ошондой да уюм барбы?
-Ооба,уулум, бар.Ал уюмду сен жана мен түптөйбүз да!Билесиңби сен экөөбүз сүйлөшүп тургуча жер бетинде ар бир 6 секунд сайын бир адам тамекиден улам көз жумат,ал эми бир жылда Кыргызстандын калкына тең эл тамекинин таасиринен өз өмүрүнөн 20 жыл эрте бул жалган менен кош айтышат.Эсептөөлөргө ылайык тамекиден ХХ кылымда Биринчи жана Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгондордун санына караганда эки эсе көп(100 млн ашык) адам көз жумуптур.Жер бетиндеги 1,3 млрд адам,же болбосо ар бир бешинчиси уулуу түтүндүн туткунунда!
Келечектеги адамзаттын эң чоң коркунучуна айланып жатат.Анткени планетабызда күнүнө жаңы 100 000 адам чылым чегүүчүлөрдүн армиясын толуктайт.Өкүнүчтүү жагдай-биздин жаштарыбыз, анын ичинде болочокто эне боло турган кыздарыбыздын тамеки тарткандыгында. Дүйнө жүзү боюнча 300 млн аял тамеки тартканын эске алсак,анда 300 млн бала майып болуп төрөлүп жатканын да эске алалы.Кыргызстанда бир жыл ичинде тамекиден улам көз жумгандардын саны 12 000 адамды чапчыйт,бул деген бир орто айыл өкмөттү жер жутуп кеткен сымал көрүнүш.Адамдар кандайдыр бир кырсыктан 10-30 адамдын өлүмүнө мамлекеттин деңгээлде көңүл буруп,жадагалса аза күндөрү катары мамлекеттик туу да түшүрүлүп турат,а бирок күнүнө 30-35 адам өлкөбүздө чылым чегүүдөн улам каза болуп жатканына кайдыгербиз.
-Айткан сөзүңүздүн баары туура,байке. ..Мен деле бул нерсенин зыяндуулугун билем,бирок тамекини таштап салуу кыйын болуп жатат.Зыяны го бар деңизчи,а бирок ушул тамекини таштасам эле футбол аянтча курулуп калмак беле....?
-Уулум,кайдыгер болбо!Менин колумдан эмне келмек эле деп жатасыңда оюңда...Бекеринен, “башталат баары майдадан,байкабайт аны майда адам” дебесе керек эле залкар акыныбыз.Сен экөөбүзгө майда көрүнгөнү менен,санай келсең эптүү эмес акча коротулат.АКШнын өзүндө эле тамекини жарнамалоого саат сайын 2 млн доллар акча сарпталса,ошол саат сайын жер планетасында ачкадан 750 бала көз жумат.Бул не деген шумдук?Тамекиге кеткен максатсыз акча менен балдарыбызды да аман калтырып,өзүбүз да аман калмакпыз.Бирок сен: “ бул деген Америка да “,деп айтышың мүмкүн.Мен өлкөбүздөгү тамеки тартууга кеткен чыгымдардын жөнөкөй арифметикасын чыгарып берейин.Статистикага ылайык жалпы чегилген тамекинин санын бөлгөндө ар бир жараныбызга күнүнө 3 даана тамеки туура келет экен.Бул жаңы туулган наристеден баштап,кабырдын босогосун аттайын деп калган карыяга чейин.Биздин өлкөбүздү 6 млн адам жашаганын эске алганыбызда, бир күнүнө 18 млн даана,же башкача айтканда 900 000 куту тамеки чегилет.Ар бир тамеки кутусу орточо 40 сом деп бааласак,анда бир күнүнө 36 млн сом акча асманга учуп жатат.Орточо жакшы бир шарты менен курулган кичи футбол аянтчасына 6 млн акча кете турган болсо,бир күндүк тамекинин акчасына 6 футбол аянтчасы курулмак.Бул деген бир жылына Кыргызстанда 365*6=2190 футбол аянтча курса болот деген акыйкат.Демек ар бир Кыргызстандын мектебине бирден заманбап,газон төшөлгөн футбол аянтчаны бир жылдык чылымга кеткен акча менен эле курса болот.Бул аянтчалар аркылуу жылына 100 000 мектеп окуучуну тамеки капасынан футбол аянтчага тартмакпыз. ...Кыргызстандын ар бир жараны оозуна тамеки алып жатып, “мен өз балдарымдын футбол аянтчасын түтүнгө айлантып жатам” деп ойлонуусу керек.Тамеки менен 1 л сүттүн баасы тең,демек тамеки тартып өзүңдү жана жакындарыңды уулагандан көрө,үй бүлөөңө 1 л сүт алып келип берсең ден соолугуңа да пайда болмок!
-Рахмат,байке. ..жөнөкөй эле мисал менен көп нерсеге көзүмдү ачтыңыз.Бүгүнтөн баштап тамеки кулчулугунан чыгам деп сизге жана өз напсиме убада берем!

Макаланы даярдаган, Нуриет Абдулазиз


Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 18 Май 2016 - 10:20


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#922 Пользователь офлайн   uikuchu7   19 Май 2016 - 00:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


Эр-рияд Шаары он алты жаштагы жигит, мечитте кураан окуп, багымдат намазынын парзына чакырууну күтүп олтурган болчу.
Намаз башталганда кураанды ордуна коюп, намаз сабына тизилүүгө ашыгып жөнөйт.
Ал, кокусунан өзүнү жоготуп жерге кулап калат. Мечитте бир канча жамаат аны бейтапканага алып барышып, доктурлардын колуна өткөрүп беришиет.
Ал, жаш жигиттин абалын көзөмөлдөгөн доктур айтып жатат: Ал жигитти бизге жаназага алып барылуучу адамдай көтөрүп келишти.
Текшерип көрсөк, жүрөгүнөн инфарк болуптур.
Өлүмү жакындап, бул дүйнө менен коштошууга деми араң эле чыгып жатыптыр.
Ага тез жардам көрсөтүп, жүрөгүн өз калыбына келтирүүгө шашып баштадык.
Аны жардам берүүчү доктурга таштап , өзүм медициналык аппараттарды алып келүүгө кеткен болчум. Шашып эле алып келе калсам, жанагы жигит колу менен доктурду өзүнө тартып, доктур кулагын жигиттин эриндерине жакын тутуп атканын көрдүм. Бир нече мүнөт карап турдум. Жигит доктурга бир нерселерди шыбырап жатты.
Кийин эле жигит колуну доктурдун мойнунан таштап жиберди.
Жигит оң жагына бурулууга аракеттенип, араң үнүн чыгарып: “ Ашхаду ан лаа илааха Илл Аллаху уа Ашхаду ан лаа Мухаммадан абдуху уа росуулуху ” (Күбөлүк беремин Алладан башка кудай жок, жана күбөлүк беремин Мухаммад анын кулу жана элчиси экендигине) деп- кайталай берди.
Жүрөгүнүн согуусу бара-бара алсыздай берди, биз аны куткарууга катуу аракет кылдык. Бирок, Алланын буйругун үстөмдүк кылып, ал жигит көз жума берди.
Ага жардамын көрсөткөн доктур жарыла ыйлап, бутуна тура албай калды.
Таң калып ага айта баштадык: эмнеге ыйлап жатасың?! Сен биринчи жолу өлүктү көрүп аткан жоксуңгө?! -деп.
Бирок доктур шорулдап ыйлай берди.
Кийин ыйы басылган соң , андан сурадык. Сага жигит эмне деп шыбырады?- Ал айтты: Сиз эки жака чуркап аппараттарга барып келип жатканыңызда, адамдарды жумшап шашып жатканыңызда, ал жигит сиздин жүрөк оорусунун кесиби экениңизди байкап ,мага мындай деп шыбырады: “Тиги доктурга айтып койчу, өзүнү кыйнабасын! Өзүнү чарчатпай эле койсун! Алланын аты менен касам ичип айтамын; МЕН ЖАННАТТАН ӨЗ ОРДУМДУ КӨРҮП ТУРАМЫН”..
Аллааху акбар!
Аллах кураанда айтат: Роббим- Аллах деп, андан соң дин ибадаттарында түз болгон адамдарга периштелер түшүп келип: (келечектен) коркпогула, (өткөн ишке өкүнбөгүлө)! Өзүңөргө убада берилген бейиш менен сүйүнгүлө! –деп айткан. (Фуссилат,30 –аят)

Аллахым ар бирибизди ушундай акыбетте көз жумууну насип этсин! Кылган ката-кемчилик жана куноолорубузду кечирген болсун! аамиин


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#923 Пользователь офлайн   uikuchu7   19 Май 2016 - 00:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

АБДУЛЛА МОМУН,ТАКЫБАА, АЛЛАХТЫН ЖАНА АНЫН ЭЛЧИСИН СҮЙГӨН,ИБААДАТКА БЕКЕМ АДАМ ЭЛЕ.

Ар дайым колунда жок, кембагалдарга жардам берип, алардын жүзүнө кубаныч киргизет эле. Кошуналары менен да жакшы мамиле кылат эле. Анын Ахмад аттуу кедей кошунасы бар болчу. Күндөрдүн биринде Ахмад көп суммадагы акчага муктаж болуп, үйүн сатууга мажбур болду. Үйүн сатууну жарыялаган кезде, үй сатып алууну каалаган адамдар келип;

-Биз үй сатып алалы дегенбиз, үйүңдүн баасы канча?-деп сурашат. Ахмад абдан кымбат бааны айтат. Аны уккандар мындай дешет; -Сенин үйүң анча акчага татыктуу эмес, абдан эски, урап түшөйүн деп калган кичинекей үйүңдү ошончо кымбат баага саткандан уялбайсыңбы? Ал акчанын жарымына да татыбайт. Ахмад сезбестен капаланып айтты:

-Туура айтасыңар, үйүм бул айткан баага татыбайт бирок, туугандар менин Абдулла деген кошунам бар. Кайрымдуу, берешен адам. Кошуналарынын абалынан дайыма кабар алып турат. Оорусам кабар алат, тамак бышырса мага да алып келет. Тамак-аш кылсам анын буюмдарын алып, пайдаланам. Кубансам кубанычымды, капалансам капамды тең бөлүшөт. Канча жылдан бери чогуу жашасам да, андан бир жаман сөз уккан жокмун. Мен үйүмдү эч качан сатмак эмесмин, ушундай кошунаны таштап, башка жакка кетмек эмесмин. Аргасыздан ушул ишке барып жатам. Эми өзүңөр деле айткылачы? Менин үйүм ушул баага татыйт бекен же татыбайт бекен? Абдулла кошунасынын айткан сөздөрүн угуп, анын абалынан кабарсыздыгын билип, абдан капаланды. Бир маалда Ахмаддын жанына келип;

-Сенден суранам, үйүңдү сатпай эле койчу. Канча акча керек болсо өзүм эле берейин, сен мага эле кошуна болчу. Сендей кошунам бар үчүн мен бактылуумун- деп ага акча сунат.

Ал экөөнүн окуясын уккан шаар эли ушундай кошуна менде да болсо деп, алардын мамилесине суктанышат.


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#924 Пользователь офлайн   uikuchu7   19 Май 2016 - 11:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


Мухаммад Али: “Ислам мени акыйкаты менен тартып алды”.

Ойго салган расизм

Мен жөн гана мушкер эмес, ар качан изденүү менен жүрчүмүн. Жаңы бир нерсени үйрөнгүм келет. Улуттардын өзгөчөлүктөрүнө да кызыгар элем. Чиркөөгө барганымдан тартып бул изденүүлөрүм күчөдү.
Апамдын жанын койбой:
- Эмнеге баары ак? Чиркөөдөгү Иса пайгамбардын сүрөтү дегенди карап, эмнеге Иса ак жуумал, көк көз, сары чач? Кудай эмне үчүн ак теридегилерди колдойт? Периштелер да аппак, икондогу Мария эже да аппак... Апа, биз өлгөндөн кийин бейишке барабызбы?-десем,
Апам:
-Албетте, барабыз,-дейт.
-А , сүрөттөрдөгү кара шайтандарга эмне болот?- деп суроонун үстүнө суроо жаадыра берер элем.
Мен балалык кыялымда ак терилүү балдар бейишке барса, кара терилүү балдар аларга ашканада бал кошулган сүт даярдап турушат го дечүмүн...

Кыскасы, актар бардык жерде алдыда эле. Токойдогу Тарзан деген каарманды билесиңер да, ал жаныбарлар менен сүйлөшөт, башкарат. Ошол эле токойго жакын жерде жашаган африкалык каралар анте алышпайт. Муну Тарзан эле кыла алат... А , Тарзандын негрлерди жазалаганычы? !

Актар дайым алдыда эле. "Эмнеге кара тору сулуулар дүйнө сулуусу боло албайт?"-деп таң кала берер элем. Анан актардын артыкчылыгы ичкен тамак, колдонгон атыр-самындын атынан бери "Ак торнада" деген сыяктуу (ушундай бренд бар эмес беле) ак болчу эмес беле. Ал гана эмес, сүрөттөрдө периштелер ак таттуу токочторду жасаса, анын жанында кара шайтандар шоколаддан кара токочторду даярдап жаткан болот.

Мени ушул ак менен каранын даражасы ойлондурчу. Апама ушул суроолорду берүүдөн эч жадабайт элем. Анан эмне үчүн президенттер ак болот дагы, ак үйдө жашашат? Баары ак эле, кардын өзүндөй ак эле. .. Ал эмес кара мышыкчы, ал жамандыкты алып келет дешчү эмес беле... Эгер бирөөнү коркутсак: "Сен менин кара тизмемдесиң! "- дейбиз. Мен апамдан дагы сурайм,
-Эмнеге барактын бети ак, бирок тизме кара?

Мен ар качан изденүүгө умтулчумун. Анан бул жерде бир нерсе бар деп ойлоно баштадым.

Олимпиадалык чемпион болдум. Сыйлык тапшырып жатат. Оң жагымда орус, сол жагымда поляк. Мен улутумдун каршылашы болгон эки улуттун өкүлүн жеңдим. Мекенимдин туусун көтөргөнүмө сыймыктанып турам. Мен алтын медалымды алып: “Жигит, сен элиңе алтын медаль алып келдиң, дүйнөнүн чемпиону болдуң! Эми борбордогу ресторандардын бирине тамактанганы барсаң болот!”-деп өзүмдү-өзүм кубаттап, ресторанга барууну чечтим. Бул учурда негрлер борбордун ресторандарынан тамактана албайт эле.

Дүйнө чемпиону кыялындагы ресторанга барды... Буйрутма берип жатам:
-Бир чыны кофе, ход-дог,- десем, тамак ташыгыч:
-Биз негрлерди тейлебейбиз, - дейт!
Мен Американын намысын коргоп жүргөнүмдү, Америкага чемпиондукту алып келгенимди айттым. Ал менеджер менен сүйлөштү дагы, мен аларга туура келбестигимди айтты. Мен ал ресторандан тамактанбай кетүүгө мажбур болдум. Дүйнөнүн чемпиону, чиркөөгө дайым каттаган христиан динин бекем карманган үлгүлүү адам болсом, эмнеге борбордогу ресторандардан, каалаган жеримден тамактана албайм? Мунун себеби башка! Ушул суроолор эзип жатып, ошол күндөн Исламга кызыгуу башталды...

Мухаммеддин чындыгы өзүнө тартты...

Чындык. Ислам мени акыйкатты менен тартып алды. Мухаммаддын (САВ) чындыгы өзүнө тартты...
Алар адамдардын аң сезимин "актарды сүйгүлө, караларды жек көргүлө", - деп жууп салышкан эле. Кулчулук учурунда алар биздин ысымыбыздан тартып, маданиятыбызды, салтыбызды, баалуулуктарыбызды уурдап алышты. Дүйнөдөгү негрлер тарыхын билбейт, салтын билбейт... Алар бизди манкурттука кептешти...

Мына ушул кулчулуктан Ислам гана куткара алды. Аллах пайгамбар Мухаммадды (САВ) бизди куткаруу үчүн, бизге акыйкатты үйрөтүү үчүн жиберди. Мен Исламдан ушуларды укканда гана ушундай болуп жаралганыма шүгүр дедим. Мен негр экениме сыймыктандым! Бул түшүнүктү Ислам берди, Ислам мени ушундай кылып тарбиялады. Мен чиркөөгө барып жүргөндө көп нерсеге түшүнчү эмесмин. Суроолорум көп эле. Мухаммад пайгамбардын (САВ) чындыгы мени Исламды кабыл алууга мажбур кылды.


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#925 Пользователь офлайн   uikuchu7   19 Май 2016 - 12:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

АЛМА ДАРАГЫ.

Бир кары кой багуучу чал болгон экен. Ал күндө койлорун алдына салып талаалап багып, күн кызыганда бир алманын көлөкөсүндө эс алчу дайыма. Анан да алмага карап " БАЛАМ МЕНИН БУГУНКУ ЫРЫСКЫМДЫ ТУШУР " дечү. Бир аздан кийин жерге топ этип кып кызыл бышкан алма түшчү. Чал бир кездерде бул алманы чырпык маалында ушул жерге отургузуп койгон эле. Жылдар өтүп алма чоноюп, мөмөгө кириптир. Чал болсо бою чөгүп, үнүйүп калыптыр. Ошондо да бул алма дарагы чал үчүн баягы эле жаш чырпыктай экен. Ар дайым балам дечү. Ага суу куюп, астын жумшартып өтө жакшы караптыр . Кээде даараттан калган суусун дагы жакшы ниетте куюп койчу. Күндөрдүн биринде адаттагыдай эле, чак түштө алманын түбүндө жатып эс алып, намазын окуп, " БАЛАМ МАГА ЫРЫСКЫМДЫ ТУШУР ",- дептир. Алма түшпөптүр, таң калып кайра дагы сураптыр, ушул убакытка чейин мындай болгон эмес эле. Чал аябай тан калыптыр. Ойлонуп ордунан туруп койлорун алдына салганча айылды коздой басты. Жол катар, кыжаалат болуп, ойлонуп, жандүйнөсү талкаланып, жүрөгү ооруду. Айылга кире бергенде Азан үнү угулду. Бул азан ушунчалык башкача угулуп, кудум эле ушул азандан кийин бир кубанычтуу окуя боло тургандай сезилди. Терен ойлонуп чал акырын жылмайып койду да артка, алма дарагын көздөй жөнөдү. Алманын түбүнө келип , " ЭЭХ МЭЭРИМДУУМ, МЕНДЕЙ КАРЫЯНЫН УНУТЧААК ЭКЕНИН БИЛИП ТУРУП, МЕНИ КАПА КЫЛБАСТАН , МАГА БИЛДИРБЕЙТ БЕЛЕН ",- деген сөздөр менен сөзүн улады: " БУГУН ОРОЗО АЙЫНЫН БИРИНЧИ КУНУ ЭМЕС БЕЛЕ ",- деп созун аяктады.

АЛЛАХ ТААЛАМ ДАГЫ БИР ЫЙЫК РАМАЗАН АЙЫНА ЖЕТКИРГЕНИ АЗ КАЛДЫ ИН ШАА АЛЛАХ. УШУЛ ЫЙЫК РАМАЗАН АЙЫН БААРЫБЫЗГА КАЙЫРДУУ КЫЛСЫН. ӨТКӨН КҮНӨӨЛӨРҮБҮЗДҮ КЕЧИРСИН.

АЗ КАЛДЫ ОРЗОГОДА, НИЕТТИ БЕКМДЕЙ БЕРЕЛИ ОРОЗО ТУТАМ ДЕП.



Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#926 Пользователь офлайн   chyragym   19 Май 2016 - 13:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Коңшу айылда бир абдан жоомарт, даанышман карыя жашайт деген сөздү көп уккан бир жесир аял күндөрдүн биринде ошол карыядан жардам сурамакчы болуп жолго чыгат. Сураштырып отуруп, карыянын үйүн таап барат да, каралашары жок жесир, үрүп чыгар ити жок жакыр экенин айтып, жардам берүүсүн өтүнөт. Карыя аялдын кучагындагы наристени жүзүнөн өөп, аялга мындай дейт: «Мен сага каалашыңча алтын берейин. Бирок мен жасаган жакшылыгым үчүн сөзсүз бир нерсе алам. Сенден арзыбаган эле нерсе сурайм, мага балаңдын бир манжасын бер». Аял карыянын өтүнүчүн адегенде тамаша катары кабыл алат. Бирок карыянын олуттуу көз карашынан сестенип, баласын бооруна бекем кысат. «Мага балаңдын буттарынын манжасы эле жетет, мен өзүм догдурмун, эч оорутпай эле кесип алам», – деп баланын буттарын кармалайт карыя. Анын бул жоругуна, бир чети, таңыркап, бир чети, андан чочулаган аял артка кетенчиктейт. Береги карыя бир чоң табак алтын алып келип, дале эсин жыя албай турган аялга сунат да: «Мен тырмагына деле ыраазы болом, ал кайра өсүп калат эмеспи», – дейт. «Акылынан айныган неме го бул» деп ойлогон аял сыртка чыкканча шашат. Ошондо карыя: «Тырмагын да бир табак алтынга алмашпаган казынаң бар туруп жакырмын дейсиң да. Кучагыңдагы бала сенин казынаң эмей эмне? Болгону аны түшүнүшүң керек», – деп күлө узатып калат.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#927 Пользователь офлайн   chyragym   19 Май 2016 - 13:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Смартфон колдонуучулары бир жылдын 49 күнүн(7 жума 24 саат бою) сүйүктүү гаджеттерине тигиле кароо менен өткөрүшөт экен. Бул тууралуу TNS изилдөө борбору кабарлаган.
Изилдөөгө 16 жана 30 жаш аралыгындагы смартфон колдонуучулары катышкан. Смартфон колдонуучулардын 69 пайызы интернеттен жаңылыктарды окуса, калгандары убактысынын көбүн видео көрүү менен өткөрөөрү аныкталды. Колдонуучулар смартфонуна орто эсеп менен күндө 150 жолу карайт деген жыйынтыкка келишкен. Изилдөөгө катышкандардын орточо жашы 80 деп ала турган болсок, адамдар өз өмүрүнүн 8 жылга жакынын телефонго телмире тиктеп өткөзөт экен. Албетте, алдыдагы убакытта бул статистика дагы да өсөрү анык. Мүмкүн келечек муун өз өмүрүнүн 15 жылын телефонго тиктеп өткөзүп жиберүүсү мүмкүн. Аттиң, бекерге кетип жаткан өмүр десеңизчи.
Психологтордун изилдөөсү боюнча дүнүйө ааламында телефономания(телефондон көз каранды болуу) оорусу күчөп жатыптыр.Бул ооруга чалдыккан адамдын он белгиси бар имиш:

Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#928 Пользователь офлайн   chyragym   19 Май 2016 - 13:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мазхаб 4 ко болунот .
Биз Кыргызстан АБУ ХАНИФА(ото жакшы такыба инсан болгон) мазхабын кармайбыз.
Сизден бироо сураса мен Абу Ханифа мазхабынан боломун деп жооп бересиз эми билип алдыныз.
Азыр мен 4мазхаб анан Абу Ханифа жонундо тапсам жонотомун ин ша Аллах.
А Сизге АЛЛАХ ыраазы болсун ушинтип билбеген нерсенизди сураганыз учун бул ото жакшы,демек журогунуз ачылган жатат илим алыныз анткени Бактылуулук бир гана Исламда.
~ТОРТ ИМАМ, МАЗХАБ БАШЧЫЛАРЫ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА БАЯН.
ХАНАФИ мазхабында болгондордун имамы Ньуман ибни Саабит /Ньумин Саабит уулу/ Бул зат торт имамдын эн улуусу жана аалымы. Бул улуу имамдын мазхаби калгандарга караганда ак жана тууралыгы менен аалым, куниясы, лакабы, "АБУ ХАНИФА" болуп, мунун устундо дагы мактоо менен "Имам АЗАМ " деп кошумча ысым беришкен. Хижират жыл эсеби боюнча 80-жылы Куфа Шаарында дуйного келип, 150-жылы 70 жашында Багдат шаарында акыретке кеткен. Бул имам эн жогорку илимдуу аалым жана Шарият илиминин окумуштуусу болуп, такыбалыгы да эн жогорку даражада болгон. Имам Аьзам азиреттери кырк жыл куптан намазына алган даараты менен багымдат намазын окуган. Кечелерди китеп окуу жана жазуу менен откозгон. Имам Аьзам абдан акылдуу, откур зээндуу болгон, эгерде фикда /Шарият илиминде/ имам болбогондо да, бул имам откурлугунон белгилуу бир улуу хаким-даанышман болоор эле деп Имам Аьзам тууралуу улуулап, урматтап айтылган создор ото эле коп.
ШААФИЬИИ мазхабында болгондордун Имамы МУЗАММАД-БИН ИДИРИС Бин АББААС, Бин УСМАН, Бин ШААФИЬИ.
Бул Имам да кур'ан жана хадис илиминде ашкан аалым жана шарият илиминде пазилеттуу улуу бир зат болгон. Хижират жылынын 150-жылы дуйного келип, 204-жылы 54 жашында дуйнодон акыретке кеткен.
МААЛИКИЙ мазхабында болгондордун имамы МААЛИК ибни АНАС Бул имам да ото аалым фикх, жана хадис илиминде устаттык даража тапкан, пазилеттуу улуу зат болгон. Хижират жылынын 179-жылында 85 жашында Мадинада каза болгон. Бул имам картайган учурунда Мадина шаарында болуп, пайгамбарыбызга болгон ыклас урматынын жогорулугунан жакшы ниетине байланыштуу пайгамбарыбыздын денеси коюлган шаарда ат минбестен жоо жургонду озуно макул коргон такыба зат болгон.
ХАНБАЛИ мазхабында болгондордун имамы. АХМАД бин ХАНБАЛ. Багдат шаарында хижират жылынын 164-жылы дуйного келип, 241-жылы 77 жашында дуйнодон акыретке кайткан. Бул имам да эн жогору илимдуу жана мухаддис /Хадис илиминин окумуштуусу/ болуп, элуу минден ашык хадисти топтоп бир китеп жазган. Мындан тышкары да канча миндеген хадистерди жатка билген улуу адам болгон. Аллах Таала ушул улуу жол башчыларыбыздан раазы болуп, оз рахматына насип этсин амииин!
Ислам негиздери китебинен.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#929 Пользователь офлайн   uikuchu7   19 Май 2016 - 20:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Учактагы эки адамдын маегинен:
-Мусулмандар аябай көбөйүп кетти, кайда
барба барсан мусулмандар.
-Айтпа мен да көргүм келбейт.
-Францияга, Италияга барып көр да..
-Эээ азыр кайда барсаң да бар....
-Туура абдан көбөйүштү..- деп айтып жаткан
сөздөрүн уккан артында отурган адам алардын
жанына басып келип:
-Мусулмандар жок жакка баргыңар келеби?
-Ооба,
-Анда тозокко баргыла, деп басып кетиптир.



Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#930 Пользователь офлайн   chyragym   20 Май 2016 - 12:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

~БУТ КИЙИМДЕГИ АКЧА ~

Устат менен шакирт эгин талааны жарып откон чыйыр менен келе жатса, жол четинде эскилиги жеткен бут кийим жатыптыр. Шакирт шум жигит болчу, устазына карап:
- Чамасы, бул эгин суугарып жургон дыйкандын бут кийими окшойт. Катып койсок, эмне дейсиз? Келип, бут кийимин таппай, издегенин бир тамаша кылалы, - дейт.
- Кедейлерди кыжалат кылып, озубуздун кызыкка батканыбыз жакшы иш эмес. Андан, коро, чындап тамаша кылгын келсе, бут кийимине акча салып коелу да, анан андып туралы эмне болоор экен? - дейт устаты. Устазынын кенеши конулуно жаккан шакирт макул болду да бут кийимге акча салып, экоо чоп арасына жатып андый баштады. Коп отпой жузу кунго тотуккан бозоро онуп, ону очкон чапанынын этегин белине туро байланган бир адам келип, ылай болгон бутун шиберге суртуп бут кийимин кийе жоноду. Бирок бутуна урунган бир нерсени сезип, бут кийимин какты эле ичиндеги акча чачылып кетти. Чачылган акчаларды коргондо дыйкан коргон козуно ишенбей, дендароо болуп туруп калды. Бир аздан кийин озуно келип, эки жагын каранды. Айланада тируу жан козго илинбейт. Акчаларды шаша буша койнуна тыгып, тизелей отура калган дыйкан колун асманга созуп: " Оо, Жараткан, менин абалымды менден да жакшы Билуучусун. Аялым ооруп тошокто жатканын балдарым ая-жыланач отурганын жакшы билесин. Башыбызга тушкон балээден куткарганына шугур. Озуно чексиз чексиз шугур, шугур...." - деп коз жашын тогуп жиберди.
Чоп арасында аны карап отурган шакирттин коз жашы агып жатканын коргон устаты.
- Азыр мурдагы абалындан бактылуу экенинди сезип тургандырсын? Биринчи максатынды ишке ашырганда абалын таптакыр башкача болмок - деди шыбырап.
- Устаз, омур бою эстен чыкпай турган сабак алдым. " Бергендин бактысы, алгандын бактысынан таттуу болот " дегенди эми тушундум, - деди коз жашын суртуп.

Куранда минтип айтылат: " Эгерде садаканы корсотуп берсенер - жакшы. Эгер купуя кылып, кедейлерге берсенер - бул да силерге жакшы. ( бул экоо тен ) силердин куноонорду жууйт. Аллах силер кылып жаткан ишинерден кабардар" ( Бакара суросу 271 - аят.
Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллооху Алейхи Ва Саллам минтип айткан: " Кыямат куну, эч кандай колоко жок кезде, он колу менен берген садакасын сол колу билбей кала тургандай жашыруун садака берген адамды Аллах Таала Аршынын колокосуно жашырат "
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#931 Пользователь офлайн   chyragym   20 Май 2016 - 21:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

"АЯЛ ЗАТЫНА САБЫР КЫЛУУ ДА БЕЙИШ ЖОЛДОРУНАН"
Баян: Бир олуя болгон экен.Анын аялы текебер, ачуулуу экен.Олуя азирети кун сайын тун жарымында тахажуд намазын окуу учун мечитке барып, ал жерден биротоло танкы багымдат намазын окуп, кийин окуучуларга сабак беруу учун медресеге отуп кетет экен. Медреседеги окуучулардын бирине; " Бар биздикине барып, жене жакшы жатып турдунузбу? Устазыбыз сурап жатат деп кабар алып кел"-деп дайындайт экен. Бир куну бир окуучу барып;"Жене жакшы жатып-турдунузб
у? Устаз сурап жатат"- дептир. Ал аял: " Ээ устазын олуп устазсыз калгыр, ошол бетпакты устаз кылыпалганына тан калам"-деп бакыра баштаптыр.Шакирт артына бурулуп качыптыр.Жолдо озунчо ойлонуп, устазга болгон окуяны айтуу адепсиздик болор деп, медресеге келип "женем жакшы экен" дегенден башка соз айтпаптыр. Кундордун биринде олуя дагы бир окуучуну жиберип биринчи окуучуга айткан созун кайталайт..Аялы да биринчи окуучуга айткан жообун айтат..ошондо баягы окуучу тан калыптыр да, олуя адамдын аялы да ушундайболобу? А
зыр барып болгон окуяны айтып беремин деп устазынын алдына келиптир да:"Устаз, сиз аалым жана олуя болсонуз. Мындай аял менен жашап эмне кыласыз, талагын берип кое берин"-дептир. Ошондо олуя: " Эй балам , аялымдын айрым бир амалы кудайга жагып калыптыр да , мени ага туташтырыптыр. Менин айрым бир кылыгым кудайга жакпай калганбы, аны мага туш келтириптир. Мен- ал учун ырахатмын, ал- мен учун АЗАП.Мен ошол азаптарга сабыр кылсам, кудай буюрса бейишке кирем. Эми айтчы бейишке киришиме себепчи болуп жаткан аялды кандай кылып талак берип кое берем"- дептир..

Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#932 Пользователь офлайн   Mamalashka_2013   22 Май 2016 - 14:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 729
  • Катталган: 19 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 18:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АлыЫс жАктА...СаГа коРунБойТ....

'' УФ ЧАРЧАДЫМ' '! ДЕГЕН СОЗДУ НЕГЕ АЙТПОО КЕРЕК.
Бир жигиттин карыган апасы болгон эле. Апасы катуу ооруп тошокто жатып калат. Жигит болсо отун сатып иштейт. Апа баласын кечке ойлоп кыйналат.
''Балам чарчаган жоксунбу? '' - деп сурайт.
Жигит Канчалык кыйналып турса да апасына билгизбей '' Жок апа чарчаганым жок баары жакшы '' деп жооп берчу. Бул созду уккан укканда апасы кыйла кабана тушчу. Бир куну жигит адаттагыдай еле жумуштан келип '' УФ ЧАРЧАДЫМ '' деп катуу ушкурунуп мечтин жанына отурат. Ал созду уккан апасы Балам чарчаган турбайбы деп катуу кыйналат. Уулунун жагдайын коргон апасы журогу кармап коз жумат. Апасынын козунчо уф чарчадым деген созду айтканына аябай окунуп ыйлайт. Чынында КЭЭДЕ биз да уф чарчадым деген созду айтабыз. Ал созду айткан туура эмес. Биринчиден' ' уф '' деген соз Алла тааланын берген омуруно ыраазы болбой нааразы болгонду билдирет. Аттин колум, бутум иштесе кана эле деп зар какшагандар канча.
Экинчи ден биздин чарчап жургонубуз ата - энебизди ойго салат. Ошондуктан биз Канчалык чарчап турсак да эч билдирбоого аракет кылышышыбыз керек.
Учунчудон уф деген созду жакынынан айрылып Азап чеккен Адам айтат. Андыктан Алла таалама шугур келтирген пендеден болойлу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#933 Пользователь офлайн   Mamalashka_2013   22 Май 2016 - 14:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 729
  • Катталган: 19 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 18:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АлыЫс жАктА...СаГа коРунБойТ....

Сиз унутунуз , жан дуйнонуз эс алат !
Сиз кечириниз , жан дуйнонуз кубанат !
Сиз жай аракет кылыныз , ошондо жетишесиз!
Сиз шукр кылыныз , ошондо сизге дагы да берилет !
Сиз ишеничти актаныз , ошондо сизге ишенишет !
Сиз биринчи озунуз жакшы болунуз жана жакшылык кылыныз , ошондо озголорда жакшылык кылууну баштайт !
Сиз биринчи озунуз озгорунуз, анан озголор озгорот!
Сиз жашоону суйуп , ага жылмайыныз , ошондо жашоо сизге кулуп карайт !
Сиз тагдыр жана сыноолорго канаат жана шукр кылыныз, ошондо жан дуйнонуз тынчтык табат !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#934 Пользователь офлайн   Mamalashka_2013   22 Май 2016 - 14:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 729
  • Катталган: 19 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 18:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АлыЫс жАктА...СаГа коРунБойТ....

ЭШЕККЕ ТЕҢЕЛБЕ!
Эшек менен түлкү талашып калышыптыр. Алардын талашы лимон жөнүндө болчу. Түлкү:
-Лимондун түсү сары,- десе эшек:
-Жок ,карамтыл, дейт экен. Экөөсү көпкө тартышып, акыры арстандан сурамай болушуптур. Алар экөө арстандын алдына келип лимондун түсү кандай деп суроо узатышат. Арстан түлкүдөн:
-Сен кандай деп жатасың?-деп суроосуна суроо менен кайрылат.
Түлкү:
-Мен анын түсү сары деп жатамын,-деген экен.
Анан арстан эшекке кайрылып:
-Сенчи ,эшек?-деп сураса, эшек:
-Мен аны карамтыл деп жатамын,- деп жооп бериптир. Ошондо арстан бир саамга ойлонуп туруп:
-Эшек туура айтат, лимондун түсү карамтыл,- деп чечкиндүү кесе жооп бериптир.
Анан эшек чунаңдап, түлкүгө карап бой көтөрүп, көрдүңбү дегенсип дардайып басып кетиптир.
Түлкү арстанга:
-Анын түсү сары го,- деп жалдырап карап калат. Анда арстан:
-Туура,- дептир.
-Анда неге карамтыл деп эшектикин туурага чыгардыңыз ,окумдарым?- десе,арстан:
-Өзүңдө да бир айып бар, ошондуктан!
-Ал эмне айып экен?
-Эшекке теңелгендигиң !-деп, аны теше тиктептир.
Тыянак: ТҮЛКҮДӨЙ КУУ, АКЫЛДУУМУН ДЕСЕҢ ДА ЭЧ КАЧАН ЭШЕККЕ ТЕҢЕЛБЕ!
ЭГЕР СЕНИ ЭШЕК ТИШТЕСЕ, СЕН ДА АНЫ ТИШТЕБЕ!
АНТКЕНИ АЛ ЭШЕК,А СЕН БОЛСО АДАМСЫҢ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#935 Пользователь офлайн   Mamalashka_2013   22 Май 2016 - 14:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 729
  • Катталган: 19 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 18:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АлыЫс жАктА...СаГа коРунБойТ....

Аял.

Периште аялдын жанына келип, колун тийгизип: - Жараткан, ал абдан назик экен го? - Ооба, ал назик. Бирок, мен аны күчтүү кылып жараткам. Анын канчалык коп нерсеге чыдап, канчалык көп нерсени кыла алышын элестете да албайсың дейт Жаратуучу. - А ал ойлонгонду билеби? - деп сурады периште. - Ал ойлонгонду эле эмес, дилилдеп да берет деп, Жараткан ишендирди. Ошондо периште бир нерсени байкап, аялдын жүзүнө колун тийгизип: - Ой, бул сулуудан суу агып жатат. Айтпадым беле сизге, сиз ага өтө көп нерсени жайгаштырып жатасыз деп.. - Суу аккан жок. Бул - көз жаш деди Жараткан. - А ага көз жаштын эмне кереги бар деп, таң калат периште. - Көз жаш аркылуу ал өзүнүн кубанычын, кайгысын, санаасын, жалгыздыгын, сыймыгын көрсөтө алат деп түшүндүрдү. Периште абдан кубанып: - Жараткан, сиз чындыгында ыйык жаратуучусуз! Сиз баарын так ойлопсуз. Анткени, аял заты чындыгында өзгөчө жан.

Билдирүүнү түзөткөн: Mamalashka_2013: 22 Май 2016 - 14:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#936 Пользователь офлайн   Mamalashka_2013   22 Май 2016 - 14:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 729
  • Катталган: 19 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 18:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АлыЫс жАктА...СаГа коРунБойТ....

-Илим айтат мени жоготсон китептен изде!
- Байлык айтат мени жоготсон эмгектен изде!
- Ар-наамыс айтат мени жоготсон издеп убара болбо, баарибир таппайсын!

Билдирүүнү түзөткөн: Mamalashka_2013: 22 Май 2016 - 14:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#937 Пользователь офлайн   Mamalashka_2013   22 Май 2016 - 14:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 729
  • Катталган: 19 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 18:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АлыЫс жАктА...СаГа коРунБойТ....

"Кабырдын" Тирүү адамга кайрылуусу:

- Пенде көз жумуп кабырга койулгандан баштап, биринчи денесинде , курсагынан баштап төмөн, жыныс мүчөлөрү түсүн жоготуп,… сасып, чирүү процесси ошол жерден башталат! Ошондуктан Адам баласы курсагы менен жыныс мүчөсүн таза кармап эле тим болбостон, арам жеп курсак чыгаруудан жана зынаа иштеринен сактоосу да зарыл! Демек кабырда адам баласы, биринчи кезекте, бул дүйнөдө эң керектүү болгон дене мүчөлөрүнөн ажырайт! Андан кийин бүт дене түсүн өзгөртүп көгөрө баштайт. Кабырга койулгандын 2 чи күнү , боор, өт, өпкө, ичегиси , сасып ирий баштайт. 3 чү күнү мүрдөнүн денесинен өтө каңырсыган жыт
чыга баштайт. 7 чи күнү, жүзү шимириле баштайт.көзү агып , тили, жаагы шимирилүү прцессине кабылат. 10 күндөн кийин дене ичиндеги органдар, ирий баштагандыктан , мурунку сөлөкөтүн жоготуп, шимирилип калат. 2 жумадан кийин чач түшө баштайт.Ал эми 15 күндөн
кийин 5 км ден өлүктүн жытынан сезип, мүрдөнүн денесине көгөн чымындар чогула башташат жана курттар бүт организмди ээлеп алышат! 6 ай өтүп, сиз баягы денеден калган скелеттен башка эч нерсе таппай каласыз! 25 жылдан кийин скелет структурасы да топурак күкүмүнө айланат.Бирок ушул күкүмдүн ичинде , көзгө көрүнбөгөн кабыкчалуу сөөк болот. Кыямат күнүндө мына ушул кабыкчалуу сөөктөн адам кайра тирилет! Кабыр ( мүрзө) тирүү адамга бир күндө 5 жолу кайрылат жана чакырат: " ОО Адам баласы! Мен жалгыздыктын үйүмүн! Менде жалгыз гана жатасын тээ кыяматка дейре! Ошондуктан тирүүңдө Куран оку. Жана кабырда жатканыңда сага дос болот! Оо адам баласы! мен капкараңгы, түнт , караңгылыктын үйүмүн! Мага келип жалгыз караңгылыкта жатканыңа чейин! Түнкү( тахажуд) намазын тирүүңдө окуп , кийин кабырыңда, жарык кылып туруучу чырак кылып ал! Мен чаң топурактан башка өкүм сүрбөгөн чаңдын үйүмүн! Тирүүңдө сооп иштерди кылып, кабырда жатканыңда, сооп иштериңден астыңа жумшак төшөк , көрпө кылып ал! Мен уулуу Чаян , суук түстүү жыландардын үйүмүн! Сенин денеңди кабырда чагып талаганда, ооруну тоотпогон уусуна каршы , тирүүңдө АЛЛАХТЫН атын көп атап, ууга каршы тоотпогон даарыңды даярдап ал! Мен сурак алуучу, Мункар менен Накир периштелеринин үйүмүн! Алар сүрү менен сени сүрдөтүп сурооберип, тилиң иштебей калганга чейин, тирүүңдө " Ыйман келмесин көп кайталап тилинди да дилинди да даярдап ал! Сен көп күнөө кылдың! Кыяматтагы сенин акыбалың ташты да ыйлата турган акыбалда! !! " Мен кабырмын ! Мага жалгыз келесиң , кыяматка дейре же кабыр сени кысып азаптайт! Же кабыр сага кеңейип тынчтыктын жайы болот!! Сага бир гана нерсе жардам бере алат. Ал да болсо сенин азыр жер үстүндө тирүү жүргөн убактың"

Орозодо ар бир диндеги амал ишиңиз 700 эсеге көбөйүшүн унутпаңыз! Айтып коюуу - Фарз.
Ассальяму алейкум уа-рахматуллохи уа баракату.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#938 Пользователь офлайн   Mamalashka_2013   22 Май 2016 - 14:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 729
  • Катталган: 19 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 18:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АлыЫс жАктА...СаГа коРунБойТ....

Аллага шүгүр

Биз түнү бир-маал жылуу төшөктө уктап жатканда, автоматын атылган үнүнөн, жардыруулардан, кошуналардын кыйкырган үндөрүнөн чочуп ойгонбойбуз. Жакындарыбыздын көз-жашы канга оролуп төгүлгөнүн көргөн жокпуз. Артыбыздан келип, артыбызга же башыбызга аткылап бизди эч-ким өлтүргөн жок.
Аллах ээң Улуук зат! бизди мындайлардан алыс кылсын! Тычтыкта жашайбыз!
Бирок, негедир, баары-бир деле, биз "бактысызбыз" жана "нааразыбыз" ! Эмнеге? Анткени, бизде акыркы маркадагы Айфон же Самсунг телефону жок...
...окуга же жумушка Маршрутка (автобус) менен барабыз...
... күзкү сезондогу "дольч и кабана" деген Сапошка'ны алганга жетишпей калдык....
...Күйөбүз "норка' шуба кымбат экен" деп, сатып бербей койду...
...аялыбыз тамака тузду азыраак салып койуптур....
...телефондо Бирдик калбай калыптыр....
...светти 6 саатка өчүрүп койду...
...ал эмес эртең менен эрте турганга да нааразы болобуз, бизге жакпайт эрте турган...
А бирок, эртең менен турбай "оо дуйнөгө" кеткендер канча? Нааразы болбой, Аллага шүгүр кылалы, эртең менен ар-бирибизди унутпай ойготуп жатканына.
...
Жашообузда бир-киче жаман нерсе болуп кетсе - өмүрүбүз бүтүп калгандай. Айлана-чөйрөнү карасак бизди бактылуу кылатурган нерселер көп, бирок, аларды көрбөйбүз, антени - барктабайбыз! Ал эмес биз өзүбүздүн колу-бутузду, көргөн көзүбүздү, уккан кулагыбызды, дене-мүчөбүздү -барктабайбыз. Эмне үчүн? Анткени алар бизде БАР! А биздикиндей ден-соолука жетпей жүргөндөр канча?!....
Суб'хан Аллах, бизде баары бар! Аллага шүгүр кылалы... Жок дегенде, бир күнүнө 23 000 жолу дем алып жатканыбызга Шүгүр кылалы... Ассальяму алейкум.

Автор : Т.Ж
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#939 Пользователь офлайн   chyragym   22 Май 2016 - 15:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

(КАРЫЗ)


Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#940 Пользователь офлайн   chyragym   22 Май 2016 - 15:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

(КАРЫЗ) Бир күнү кеч үйдө олтурат элем,эшик тыкылдап калды.
Эшикти ачсам,эки жаш жигит.
Үйгө кирип сүйлөшөлү байке деди
Ага сиз бизди тааныбадыңызбы?
-жок тааныбадым дедим.
Анан сөзүн баштады
-Мындан 2,3 жыл мурун,мен сиздин минип жүргөн жигули машинаңызды уурдап,сүйүнчүсүнө сизден көп акча талап кылган элем.Ошол кез жахилият доорум эле.Эми хидаятка келдим,билсем пенде менен пендени хакы бар экен.Аллах менен пенденин ортосунда хак бар экен!

Пенде кечирмейинче Аллах кечирбейт экен мени.Ойлоп көрсөм 21 адамдын акына кыянат кылыпмын.Машиналарын уурдап алып.Үйүмдү, жеримди сатып кимди нараазы кылган болсом,бирме бир ыраазы кылып келе жатамын.Эми сиздин очретиңиз келди

Бул акчаны алың,мен ыраазымын деңиз.Аллах көрсүн,бул жанымдагы адам кыяматта күбө болсун деди
-Э иним ушунча өтүптүр,мен ыраазымын
-жок алыңыз акчаны
Колума койбой карматып чыгып кетти!Бул окуя мага өтө таасир кылды.Түнү бою уйкум келбеди.Бир балам теңки жаш жигит Кудайдан коркуп,акыретин ойлоптур.

Менчи мен да бир убак соодагер болгом.Таразада туруп элге кызмат кылганмын.Аттиң миң-миң адамдын акына кыянат кылганмын.Жасалма таштарды таразыга коюп алып!
Бул бала билет экен кимдерди нараазы кылганын.
А мен ыраазы кыламын десем,миң миң адамга кыянат кылганмын.
Алардын районун же айылын же көчөсүн же үйүн билбейм,аттарында эстей албайм.

Аллах кечирет бекен деп,биринчи ирет ошол түн башымды" сеждеге койдум"

Адамдар арасында болгон хакыбызды же хаккыны азыртадан берели.Ыраазылын алалы.Акыретке калса эгер.
Сообубузду берип отурбайлы.
Ал күн акча мал дунйө эч кимге керек болбойт
Мусулмандар сооп талашат зулум берген адамы менен
А каапырдын акына кыянат болсо, мусулмандын ыйманын талашат.

Бул маселе өтө назик маселе.
Аллах кечирисин баарыбызды.

Жүктөгөн:Н.Кахрамонов
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 00:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: