Уйкусурап турган жаш жигит дароо эле тамеки кутусун издей баштады.Жастыктын астынан тапкан тамеки менен ширенкени колуна алып, короого чыгып “чырк” эткен ширеңке жалынынын добушунан ырахат алды.Тамеки түтүнүнөн шаша ичине жутуп,терең ойго баткандай болду да,коңшулаш жайгашкан курулуштун жанына барды.Куруучулар каттуу аракет менен балдар үчүн футбол аянтча куруп жаткан эле.Жаш жигит алардын башчысынын жанына келип:
-Байке,бул аянтчанын курулушун ким каржылап жатат?-деп кызыгып сурады.
Оозунан тамеки түтүнүн булгалаткан жаш жигиттин жүзүн карап, курулуш башчысы жылмая:
-Тамекини таштагандар коому куруп жатат,-деп жооп берди.
-Ошондой да уюм барбы?
-Ооба,уулум, бар.Ал уюмду сен жана мен түптөйбүз да!Билесиңби сен экөөбүз сүйлөшүп тургуча жер бетинде ар бир 6 секунд сайын бир адам тамекиден улам көз жумат,ал эми бир жылда Кыргызстандын калкына тең эл тамекинин таасиринен өз өмүрүнөн 20 жыл эрте бул жалган менен кош айтышат.Эсептөөлөргө ылайык тамекиден ХХ кылымда Биринчи жана Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгондордун санына караганда эки эсе көп(100 млн ашык) адам көз жумуптур.Жер бетиндеги 1,3 млрд адам,же болбосо ар бир бешинчиси уулуу түтүндүн туткунунда!
Келечектеги адамзаттын эң чоң коркунучуна айланып жатат.Анткени планетабызда күнүнө жаңы 100 000 адам чылым чегүүчүлөрдүн армиясын толуктайт.Өкүнүчтүү жагдай-биздин жаштарыбыз, анын ичинде болочокто эне боло турган кыздарыбыздын тамеки тарткандыгында. Дүйнө жүзү боюнча 300 млн аял тамеки тартканын эске алсак,анда 300 млн бала майып болуп төрөлүп жатканын да эске алалы.Кыргызстанда бир жыл ичинде тамекиден улам көз жумгандардын саны 12 000 адамды чапчыйт,бул деген бир орто айыл өкмөттү жер жутуп кеткен сымал көрүнүш.Адамдар кандайдыр бир кырсыктан 10-30 адамдын өлүмүнө мамлекеттин деңгээлде көңүл буруп,жадагалса аза күндөрү катары мамлекеттик туу да түшүрүлүп турат,а бирок күнүнө 30-35 адам өлкөбүздө чылым чегүүдөн улам каза болуп жатканына кайдыгербиз.
-Айткан сөзүңүздүн баары туура,байке. ..Мен деле бул нерсенин зыяндуулугун билем,бирок тамекини таштап салуу кыйын болуп жатат.Зыяны го бар деңизчи,а бирок ушул тамекини таштасам эле футбол аянтча курулуп калмак беле....?
-Уулум,кайдыгер болбо!Менин колумдан эмне келмек эле деп жатасыңда оюңда...Бекеринен, “башталат баары майдадан,байкабайт аны майда адам” дебесе керек эле залкар акыныбыз.Сен экөөбүзгө майда көрүнгөнү менен,санай келсең эптүү эмес акча коротулат.АКШнын өзүндө эле тамекини жарнамалоого саат сайын 2 млн доллар акча сарпталса,ошол саат сайын жер планетасында ачкадан 750 бала көз жумат.Бул не деген шумдук?Тамекиге кеткен максатсыз акча менен балдарыбызды да аман калтырып,өзүбүз да аман калмакпыз.Бирок сен: “ бул деген Америка да “,деп айтышың мүмкүн.Мен өлкөбүздөгү тамеки тартууга кеткен чыгымдардын жөнөкөй арифметикасын чыгарып берейин.Статистикага ылайык жалпы чегилген тамекинин санын бөлгөндө ар бир жараныбызга күнүнө 3 даана тамеки туура келет экен.Бул жаңы туулган наристеден баштап,кабырдын босогосун аттайын деп калган карыяга чейин.Биздин өлкөбүздү 6 млн адам жашаганын эске алганыбызда, бир күнүнө 18 млн даана,же башкача айтканда 900 000 куту тамеки чегилет.Ар бир тамеки кутусу орточо 40 сом деп бааласак,анда бир күнүнө 36 млн сом акча асманга учуп жатат.Орточо жакшы бир шарты менен курулган кичи футбол аянтчасына 6 млн акча кете турган болсо,бир күндүк тамекинин акчасына 6 футбол аянтчасы курулмак.Бул деген бир жылына Кыргызстанда 365*6=2190 футбол аянтча курса болот деген акыйкат.Демек ар бир Кыргызстандын мектебине бирден заманбап,газон төшөлгөн футбол аянтчаны бир жылдык чылымга кеткен акча менен эле курса болот.Бул аянтчалар аркылуу жылына 100 000 мектеп окуучуну тамеки капасынан футбол аянтчага тартмакпыз. ...Кыргызстандын ар бир жараны оозуна тамеки алып жатып, “мен өз балдарымдын футбол аянтчасын түтүнгө айлантып жатам” деп ойлонуусу керек.Тамеки менен 1 л сүттүн баасы тең,демек тамеки тартып өзүңдү жана жакындарыңды уулагандан көрө,үй бүлөөңө 1 л сүт алып келип берсең ден соолугуңа да пайда болмок!
-Рахмат,байке. ..жөнөкөй эле мисал менен көп нерсеге көзүмдү ачтыңыз.Бүгүнтөн баштап тамеки кулчулугунан чыгам деп сизге жана өз напсиме убада берем!
Макаланы даярдаган, Нуриет Абдулазиз
Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 18 Май 2016 - 10:20