Саламатсыздарбы урматтуу форумчулар!
Менин бул теманы ачышыма, коптон бери туйшолткон жетим балдар уйундо тарбияланып жаткан, кароосуз, таштанды балдардын мээримсиз ааламды кучагына синирип, барган ар бир адамды умуттуу караган, бобоктор жонундо болмокчу.
Бул жерге материалдык жардам бергенибиз жонундо эмес, мотурайган бобоктордун ширин тилдерин угуп, кирсиз балалыктын дуйносуно чумкуп, алар менен баарлашып, кандай таасирде калганыбызды жазабыз. Материалдык жардам бергенибизди эл корсун, уксун кылып жарыялабай,
комускодо калтырганыбыз жакшы экен. Аллах коруучу, эн негизгиси Алла таалам корсо болду.
Бул форумду жашы улгайып калгандар, орто жаштагылар,
жаштар окууру талашсыз.Орустардын (чужих детей не бывает деген созундой) Биз дагы бироонун баласына мээрим того алаарыбыз, же того албашыбызды болушобуз.
Анда сиз омурунуздо жок дегенде бир жолу, жетимдер уйуно барып кабар алдыныз беле?
Мумкун барган болсонуз оюнузду болушо кетсениз, ошол минуттагы коз ирмемдерди.
Мумкун барам деген ойлорунуз бардыр?
Жоок бул жонундо ойлонбоптурмун.
- (2 )
-
- 1
- 2
Жетим балдар үйүнөн кабар алып турасызбы?
#2 19 May 2016 - 20:10
Кор тиргиликеби?
же шылтоолор коп болгонгобу?
Бат баттан барып турбасам да айда жылда барып, бобоктор менен кабарлашып,
аларды коруп турбасам, мени кандайдыр бир сезим куноолудой кыла берет. Турмушка чыга элегимде, бул жонундо ойлогонум менен барып кабар алыш, эсиме да келбептир. Убакыт отуп озум турмуш жолун аттап, наристелуу болгондон кийин, эмнегедир мээримге суусаган, ата-энеге муктаж бобоктор, мени куткондой сезиле берчу.
Алардын мойтойуп жылмайгандары, шынгыр кулкулору, бапырап тосуп алгандары, эээх суйкумдуу жожолор десе, бирок ошол эле эч нерседен бейкапар наристелердин, каректеринин тупкурундо энеге болгон кусалыктары жоопсуз калып кеткендей туюлчу.
Кантейин бейкапар бобокторум, колумдан келсего баарына эне мээримин берип, канатыма калкаламакмын. Силерди аруу таза балалыктын, таттуу кундорунон айрыган кукук ата, кукук эненерге мин наалат. Алар таштабай эле мен таштап кеткендей, озумду куноолу сезе берем. Дагы келесизби? Качан келесиз? Деген суроолорду укканда тамагым каргылданып, козумдун жашын, башымды буруп кетип аарчып бутуп, албетте шириндерим дагы келем созсуз, кооп оюнчуктарды алып келип берем деп телмире жер тиктеп калам. Шаттуу маанай менен барган жузум, конулум чогуп чыгат. Билбейм башкалар кандай? Мен ото эле сезимталдуу окшоймун.
Суроолорума жооп издеп, озумду озум сооротуп, бактылуу болушат бобоктор, алар ата эненин мээримин корушпосо да бактылуу болгонго акылары бар деп ичимен сызылам.
Жарык дуйного ынаалап келгендеринердин, кээ бирлери ит кушка жем болсо, кээ бирлери, дааратканга ташталса, кай бири жарык дуйнонун илебин сезип, сезбей кош айтышууда.
Тируу калганы мынтип, томсоруп торт стенанын кучагында балалыгын откоруп келишет.
Айрыкча жаштарга тиешелуу, никесиз катнашка барып, торолуп торолбой жаткан наристелерди ойлосонор, жетим балдар уйуно барып, бир саат убактынарды болсонор, мумкун мындай корунуштор сейрегирээк болот беле? Анан да копчулугубуз интернетте олтурабыз, ошол убактыбыздын бир саатын ошол бобокторго арнасак кандай сонун болоор эле? Акылдуусынып жаштарга акыл уйротойун деген деле оюм жок, болгону анча мынча ачылган темаларды окуп калам, никесиз катнашка барып, кандай кылсам ичимдеги баланы, деп кенеш сурагандарды. Албетте баарын жаман дегенден алысмын жаштарды, беш кол тен эмес дегендей, жакшы да жаманы да бар . Кобунчо саяк жургон кыз келиндер, эркектер, озунордун кызыкчылыгынарды эле ойлой бербей, артын да ойлоп койгулачы. Бобоктордо эмне куноо! Алар да ата энеси менен жашап, бактылуу балалыкта омур сургонго акылары бар.

#3 19 May 2016 - 20:22
Копчулугуз суйуу ж, б ушундай темалар болсо жантыгыбыздан жата калып, окуп талкуулап, сын пикирибизди жазып киребиз. Мумкун сиз дагы, бир бобоктун конулун которуп, беш сомдук мороженое менен болсо да, жылуу созунузду айтып, кокулунон сылап, бир саттык убактынызды арнап калаарынызга тилектешмин.
Балабызга мээрим токкондой мээрим того албасак да, бобоктордон жакшы созубузду, мээримибизди арзыбаган убакытта аябайлык форумчулар.
#4 19 May 2016 - 21:22
1-июнь балдар кунуно биз достор мн жетим балдар уйуно телевизор+антенна+белектер камдап жатабыз.буюрса алпарып беребиз аз калды
#5 19 May 2016 - 21:23
Менин эки жолку практикам "Кароосуз калган балдарды реаблитациялоо борборунда" өттү.. Практиканын алгачкы күнү жүрөгүм ооруп, кыйын абалда калдым.. Борборго кире берээрибизде кичинекей, мотурайган кыз ыйлап чыгып келаткан экен.. Мындайды күтпөгөн жаныбыз жүрөк заада болуп буйдала түштүк.. Ар кандай ойлор менен балдар үйүнүн эшигин аттадык.. Балдар ар бир адамга салам берип жылуу тосуп алышат экен.. Бат эле көнушүп, чогу ойноп кеттик.. Алар бизден бир гана нерсени күтүшөөрүн сездик, бул "мээрим" эле.. "Кучактачы" , "Мени да кучактачы" , "Мага жомок айтып берчи", "Мени менен сүйлөшчү" деген сөздөрдү угуп көзүңө жаш тегеренет.. Бирок воспитательдер бизге баларды көтөрүүгө тыюуу салгандыктан көтөрүп эркелете алган жокбуз.. Сүйлөшүп олтурсаң божурап ичиндеги ойлрун төгүлүп-чачылып айтып беришет.. Дүйнөсү таза аруу балдар..
Мен бул борбордон кичинекей досторду таптым, азыр дагы коомдук транспорттон кезигип калсак саламдашып, жылмайып калышат.. Айрыкча Жоомарт аттуу кичинекей иничек менен сырдашып, сүйлөшөөр элек..
Көп сөз жазаар элем, бирок ал күндөрдүү эстөө жүрөктү оорутат.. Дене түзүлүшү кичинекей болгону менен көздөрү чоң адамдын көздөрүндөй муңга толгон.. Ал көздөрдү эстөө, сүрөттөп жазуу мен үчүн бир топ эле кыйын..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#6 19 May 2016 - 21:30
1-июнь балдар кунуно биз достор мн жетим балдар уйуно телевизор+антенна+белектер камдап жатабыз.буюрса алпарып беребиз аз калды
Кудай сизден ыраазы болсун..
Алар менен чогу аралашып, ойногонду да унутпаңыздар. . Себеби берчүлөрүн берип алып эле кетип калышканына көп ирээт күбө болуп калдым эле.. (кечиресиз эгер ашыкча сүйлөп койсом..)..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#7 19 May 2016 - 21:40
Мен өзүм балдар үйүндөиштейм.
алардын мээримге заар болгон көздөрүн күндө көрөм боорум ооруйт таштап кеткен ата-энелерине кее бирде наалат дагы айтамын.
#8 19 May 2016 - 23:28
10чу классымда барганмын эки жума иштешкенбиз.
Тамактары ботко.жаткан жерлери сыз.Тамакты жегиси келгени жейт.жебегендери ошол боюнча озоруп ачка калышчу.Алардын башынан сылап курсагын тойдубу жаным деген адам жок.Темир идиштерин калдыраткан боюнча жыйнап кетишет.Аябай ыйлачумун кеебири томолой жетим.кеебири атасы же апасы бар.Андан бери 11жыл отту барбадым.
#9 20 May 2016 - 14:55
Мен бир жолу бардым. Апам ото кен пейил адам. Жалал-Абад шаарында гор болнитца жакта майып,кароосуз калган балдарды тарбиялаган жер бар. Апам 2 айда бир дайым балдарга деп татуларды алып барып берчу. Бир жолу иши чыгып мени жеткирип беришимди айты. Менда эч ойдо жок баргам барсам балдарды мал айдагандай айдап кайтарышат экен. Журогум аябай ооруган ананда негедир корком. Апаман келип сурасам алар акыл эси орчубой калган инвалит балдар уйу экен. Ошондо эле баргам. Апам озу барат дайым 2 айда 1 жолу.
#10 20 May 2016 - 16:15
Адамдарга дайым эле кенеш керек эмес. Кээде жолоп-таяй турган кол, уга турган кулак, тушуно турган журок керек...
#11 20 May 2016 - 17:41
Питердеги балдар уйуно баргам 2жыл мурун. Парикмахерский курста окуганда,бизди жонотуп турушат эле,балдардын чачын кыркканы. Чачтарын кыркып берет элек. Менин байкаганым балдарда кандайдыр бир мээрим жок,коздору башкача муздак,анан кругозорлору башкача. Оздорунун жаштарынан кичине корунушот кобу,байкаганым ошо. Чач кыркып келгенден башка,жардам кыла алган жокмун. Менин бир тааныш кызым балдар уйун ачам деп журот го..
#12 21 May 2016 - 22:55
Салам достор кыз бала болсо кызыма кошуп багып алам баладан мээримимди колумда бар тамагымды аябайм эне болгум келет бирооно болсо да татыктуу тарбия бергим келет купуяга жазгыла бага албасанар тууп таштап салбай алакандай жеринерди тыйгылачы кыргыздын кыздар уят деген болуш керек да озу
#13 22 May 2016 - 09:26

++++++++++ кошулам созунузго 'aisaaisa'. Бироонун баласын багып, чонойтуп тарбия берем дегениниз жакшы экен. Ар бир адамдын эле колунан келе бербейт. Ылайым эле бир наристенин багын ачып, жылуу созунузду, камкор мээримдуу кучагынызды ачышынызга тилектешмин! !! Албетте кыргыздын кыздары намыстуу болуш керек!!!
Бирок иш жузундо коруп жатпайбызбы?
#14 22 May 2016 - 19:18
Ойумда бар.Аллах буйруп жумушка кирип,каражат таап калсам созсуз барам.КТРдагы "Мээримди"
коргондо мен дагы ыйлайм.Негизи бойдок кезде жаш балдарга конул бурчу эмесмин.Балалуу болгондон кийин жаш балдардын баарын суйуп калдым!Эч бир бала ата-энесинен ажырабасын!
#16 22 May 2016 - 22:31
#17 24 May 2016 - 16:56
Азаматсын,сенин билдируулорунду окуп тарбиялуу,акылдуу кыз экен деп билдим.Аллах ыраазы болсун сага.Бироого жардам берсен Аллах сага жарда берет.Негизи,
Кара-Кулжанын кыздары кыйын болот.
#18 26 May 2016 - 10:05
#20 28 May 2016 - 11:36
Ооба мен Оруссияда болгондуктан,
ушул жактагы дет домдорго барам. Ал эми озубуздун мекенде, , Ош шаарындагы жетим балдар уйуно жолдошум барып турат. Быйыл куздо чогуу барып калсак, экообуз барабыз деген жакшы ниеттерибиз бар.
Салам, Оштун кайсыл жеринде балдар үйү? Мен да колуман келген жардамымды бергим келет, бирок адресин билбегенге барган эмесмин
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео