Апам оорукчан дегенин жакшы,аяп турганына раазы болдум.кызым.
Эми бакканга келсек мен эки айга эки кун калган неберемди алып калып бактым.Эмчектен деле чыгарбапмын, малютка деле берип корбопмун.Келинимдин агасы иш табылды эртеге ишке чыгышын керек десе эле,келиним шашылса мен деле шашылып жонотуп ийипмин.тоба ал го жаш менчи?
Келиним тунку 4то уйдон чыгып кетти.Баарын даярлап койуп неберемиди тиктеп отурам.Ойгонду малюткадан 40 грамдык идишине сут растап берсем оозуна салсам бир соруп тили менен чыгарып мени эле суз тиктейт.Чон эне апам кана бул сутун жакпады дегенсип мени суз капа болгон коз карашы ох озуму койорго жер таппай,неберемдин коз карашына туруштук бере албай ыйга туштум.Корсо биз билбейт экенбиз эки айлык да таарына алат экен.,капа боло алат экен.Чон ата быз келинин узатып келип менин акыбалымды коруп,мени кейий баштады.Эми кантип келинди аркана кайт апан бага албайт деп айта алабыз деп мени урушат.
Курсагы ачтыбы,же менин акыбалыма неберем тушундубу эртен менен 9 дарга барып 30 грамча ичип алды.Бирок баягы бурколгон кабак уч кун ачылган жок.Кабагы бурко суз болду аны коруп дагы сыгылып эч кимге билгизбей букулдап ыйлайм.Жок сутко конуп,кабагы ачылып конуп кетти.Экообуз суйлошуп журуп,тили да тез чыкты.
Айылды той тупур,жакшылык жамандыкты унуттум,эмне болсо да чон атага туйуп бууп жонотуп журдум.Балам экообуз эч кыйналган оруган жокпуз.Бир жашка чыксак апабыз ай кунуно жетип келип кыз тороп берди.Кызга зар жаныбыз аябай суйундук го.Кызыбыз 4-5 ай болгондо апабыз Москвага барсам окшойт баланыз кыйналып атат дей баштады.Мен да ойлоно баштадым балам колуктусу жанында болсо телеохраниги жанында болуп,курсагы ток,кайгысы жок боло беле дейм да...
Тамашалап куйонду жакшы корсон кетесин,балдарынды жакшы корсон каласын,кет деп да кетпе деп да айта албайм.Эгер кетсен балдарымды жакшы карашка аракет кылам дедим.Москва тарап тартты кетти.(тамаша). Бир жарым жашар уулум,6 айлык кызым менен озум калдым.Жардамга эч ким жок,чон ата иштейт.Жакшы экоо тен оорушпай,жакшы чонойуп берди.Жузум жарык болду.Мына азыр экоо биринчи класста 5 менен окуп атышат.Экоону бир класска берип койгом.Экооно чон атасы личный таксис.Эртен менен окууга,тушто бироону каратейге,бироону худ.танцавалныйга ташыйт.Каникулду чыдамсыздык менен кутуп жатабыз.
Эми менин ден соолугума келсек дайыма давления менен достошуп эч ажырабайт.уч килограмдан ашык которушко мумкун эмес ,боорум ооруйт.от касташып менден кетип калган.муундарым ооруйт,зыркырап жаныман чыкпайт,журогун ооруйт деп врачтар айтат,мен азырынча жаным кыйналып сезе элекмин ошон учун четке кагып кабыл албай журом.Чон балам ооруп калсам айтат
- Апам ооруп калыптыр балдар чонойуп кетти,келиндерди торо десек окшойт деп тамашалап калат.Небере колунда турса оорушка убакыт да жок.чындап.Мына бир кезде ымыркайларын мага ишенип,тиштенип жолго чыкты эле.Эки этаж куруп уй салып атышат.Эми чон атам экообуз балдарга кошуп уй салып журобуз.Карышка деле,оорушка деле убакыт жок,чуркап журобуз. Сиз кыйналасыз усталар оздору жасап ичсин деп мени балдарым аяшат.Жок бир тыйын болсо да балдарыма пайда болсун деп нанын озум жасап эки маал окатын озум уйдо бышырып чон ата жеткирип,чуркап журобуз.Балдарындын жакшылыгын корушко,жардам беришке ата эненин чон бактысы да.
Келиним балдарымды карайм бак деп отуруп алса деле болмок.Уч комната уй,олбой турган жашоо бар эле бирок чыдап балдарын мага таштап,жер уй салалы,кенен жашайлы деп куйосуу менен тен жарышып иштеп журот.Мындай келиндерге раазычылыктан, ата эненин ак батасынан башка эмне кеп.
Келиниме деле оной болгон жоктур,эмчектери зыркырап эчен сут толуп,балдарын сагынып эчен ыйлагандыр. Бирок узурун уйу бутсо,балдары чонойуп калса анан кенен уйдо бутун кенен сунуп корот го деп калам.Азыр коптун колдун катарында дипломдорун сандыка салып койуп,эл катары Россияда иштеп журушот.Коптогон энелер сыйактуу мен да коптун аманчылыгын ошол коп катары балдарымдын аманчылыгын тилеп жол карап,жылдан жылга карылык женип жол карап балдарымды кутуп журом...
Балдарыбыз бак деп ишенип берсе,энелер орууну да женип балдарды да багып беребиз...

Ээх Рая эже чын журогунон жазат аябай беерилип окуйм ыйлайм кээде дайыма ден соолукта болунуз

Супер-Инфо
super.kg
видео