Ар адам жаш курагына карабастан, Эне алдында бала бойдон калып, өмүр бою анын мээримин сезет. Биз канчалык Эне сүтүн актадык, кадырына жеттик дегенибиз менен, өмүр өткүчө эненин алдында карыз бойдон калабыз. Эне тилеги Бейиштей бейкам жалаң гана жакшылыкка жалгашкан. Мухаммед пайгамбарыбыздан “Энеңди сыйла, энеңди сыйла, энеңди сыйла, андан кийин калган жакындарыңды сыйла” , “Бейиш эненин таман алдында” деген өчпөс нускалар калган. Мына ошол бүтүндөй коомдун уюткусу болгон үй-бүлө, тарбыя менен таалим, тынчтык менен ынтымак, кечиримдүүлүк менен түтүмдүүлүк башатында Эне турат. Эне – чыныгы турмуш туткасы.
Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан кыргыз эли эзелтен эле Энелерге өзгөчө кадыр-барк менен мамиле жасап, мээримин төгүп келген. Кыргыз калкы абалтадан эле энесин урматтап, кызын сыйлап келген журт. Анын дал ушундай касиети улут катары сакталып, калыптанып, өнүгүп келе жатканынын бирденбир өбөлгөсү деп түшүнөм.
Кымбаттуу энелер сиздерди улуу майрам – Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Жашоо жарыгы, үй куту болуу менен, өз эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, жаз айындай дайым жаш, дайым кооз болуңуздар. Сиздерге чың денсоолук, бакубат жашоо, жарык маанай каалаймын.




