Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#941 Пользователь офлайн   chyragym   22 Май 2016 - 15:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Илгерки доорлордо бир падыша төрт аялдуу болгон экен.Баары эс-акылы жана чырайы келишкен болсо да,бирок падыша алардын ичинен эң кичүүсү –төртүнчүсүн көбүрөөк жакшы көрөөр эле.Анткени ал жаш жана назик болгон.Сүйүктүү төртүнчү аялы ар дайым кымбат баалуу кийимдерди кийип,асыл таштар менен курчалган.
Султан үчүнчү аялын да өзгөчө жакшы көрчүү,анткени ал дүйнөдөгү эң бир сулуу аялдардын бири эле.Башка өлкөлөргө саякатка барганда да падыша башка адамдар арасында мактануу максатында ар дайым үчүнчү аялын кошо алып жүрчүү.Бирок ар дайым башка эркекке кетип калбасын деген коркунучта жашачуу.
Экинчи аялын да падыша абдан жактыраар эле,анткени ал өтө зээндүү жана куу болчуу.Ал башкалардан акылы,сабыры жана адамгерчилиги менен айырмаланып турган.Кандай гана кыйынчылык болбосун,султан экинчи аялына кайрылып,мыкты кеңеш алган.
Биринчи аялы баарынан эң улусу эле.Учурунда султан бул аялын улуу байкесинен мурас катары алган.Бул аялы абдан күйөөсүнө берилген жана ишенимдуу эле.Баардык күчүн күйөөсүнүн байлыгын жана мансабын көтөрүүгө жумшаган.Күйөөсүн абдан жакшы көрсө да,султан ага көп деле көңүл бурбастан,жакшы деле көрчүү эмес.
Күндөрдүн биринде султан каттуу ооруп,өлүм төшөгүнө жатып калат.Аманатын тапшыраар мезгил жакындап калганын сезген падыша баардык аялдарын топтоп,аларга мынтип кайрылат:
-Жакшыбы же жаманбы силер менен бирге өмүр сүрдүм.Бул жерде төрт аялым болсо,кабырда жалгыз жатат экенмин.Сен менин эң сүйүктүү аялым элең.Баардык нерсенин эң жакшысын сага берчүүмүн.Азыр өлүм төшөгүндө жатамын,мени менен бирге тиги дүйнөгө кетесиңби?-деп эң кичүү,төртүнчү аялына кайрылат.
-Бул нерсе кыялыңа да келбесин! -деп ачуулана жооп берген жаш аялы кетип калат.
Муну уккан ооруп жаткан падышанын абалын андан да начарлап:
-Өмүр бою сага суктанып келдим.Азыр мени менен кабыр жашоосун тең бөлгөнгө даярсыңбы?-деп үчүнчү аялына кайрылат.
-Эми сен деле эстүүсүн да.Сен өлсөн деле,жашоо улана берет.Балким мен кайра турмушка чыгамбы,-деп жооп берет үчүнчү аялы.
Мындай соккудан улам,көңүлү чөккөн падыша,экинчи аялына кайрылат:
-Оор абалда ар дайым сага кайрылаар элем.Менин эң мыкты кеңешчим сенсин.Эми да мени менен тиги дүйнөгө сапар тартканы макулсуңбу? -деп кайрылат.
Анда экинчи аялы:
-Сага ар дайым жаншерик болгонмун,ал нерсе акыйкат.Бирок бул жолку сапарыбыз ажырайт го.Сен өлгөндө мансабыңа жараша чоң салтанат менен жерге берип койгонго гана убада бере алам.
Бул сөздөрдөн улам султан үмүтсүздүккө батып турган убакта:
-Мен сиз менен кайда болбосун барууга даярмын,мен ар дайым сиз менен бирге болом!-деген үн угулат.
Сүйүнүп кеткен султан өз көзүнө ишенбеди,анткени бул сөздөрдү айткан анын биринчи аялы эле.Күйөөсүнүн оорусуна кейиген аял абдан арыктап,жүдөп калган экен.Сүйүнгѳн султан:
-Сенин баркыңды соо мезгилимде билбеген экенмин,эми гана башыма кайгы келгенде сезбедимби, аттиң ай!
Бул албетте жөн гана бир ибраттуу окуя,бирок бул салыштырмалуу гана икая.
Чындыгында бул жашоодо баарыбыздын төрт аялыбыз бар:
ТӨРТҮНЧҮ АЯЛ-бул ДЕНЕбиз.Аны канчалык сүйүп ,жакшы көрбөйлү,ал биз менен чын дүйнөгө кетпейт.
ҮЧҮНЧҮ АЯЛЫБЫЗ-бул биздин ЖУМУШ,МАНСАП жана АКЧАБЫЗ.Биз өлгөндөн кийин акыйкатта анын баары башка бирөөгө өтүп кетет.
ЭКИНЧИ АЯЛЫБЫЗ-бул биздин БАЛА-ЧАКА,УРУК- ТУУГАНЫБЫЗ.Алар өмүр бою бизге жардам берип,өз кеңешин аябайт.Бирок денеден жан чыккан соң,кабырга чейин гана узатканга жетишет.
Ал эми биздин БИРИНЧИ АЯЛЫБЫЗ-бул биздин СООП АМАЛДАРЫБЫЗ. Бул жашоодо көбүнчө биз ага кош көңүл болуп,анчейин эле көңүл бура бербейбиз.Ага болгон ойдон бизди акча,бийлик, мансап жана убактылуу ырахат азгырып турат.Бирок канчалык ага терс мамиле кылсак да,бир гана ушул «аялыбыз» бизге тубөлүктүү жолдош боло алат.
Өз амалдарыбызга бекем болууну унутпайлы,туугандар. Анткени кыргыз элинде бекеринен «Ыйманы жолдош болсун» деген кеп айтылбаса керек.
Которгон:Нуриет Абдулазиз
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#942 Пользователь офлайн   chyragym   22 Май 2016 - 15:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жол боюнда эки машине кагышып, элдер топтолуп, жардам берип жатышат. Бироосундо эки эле киши болгондуктан оной эле тартып чыгарып алышты. Экинчисинде жалан жаштар болгондуктан, бешоо болуп чыкты. Анын ичинен алдыда отургандары, катуу жаракат алып озун билбей жатышат. Тез жардам чакырып, эл алар менен алек болуп жатканда, ары жакта бир баланын чанырган уну тынчтыкты бузуп, айлананы озуно каратты. Жаны эле тушуп, озун тосуп келген ата энесин коруп ыйлап жиберди. Жон эле жан алакетке тушуп кыйкырып жатты. Бул анын эн акыркы элди ыйлаткан создору эле: - ʺАтаке кечир мени. Кечир ата коп конулунду ооруттум. Коп жаман нерселерди кылдым. Эч кандай сизге жакшы нерсе алып келе албадым. Сизге жакшы уул болуп бере албадым. Кызматынды кылбадым апам экоондун. Бирок менин сиздерден башка ишенер эч кимим жок. Канча убактым калды билбейм. Мунун баарын эрте билсем кана? Апаке кечир уулундуʺ - деп апасынын колунан ооп ооп жиберди. ʺМени кечиргиле. Аллахтан корком. Кабырымдан корком. Жасаган жаман иштеримдин азабынан корком. Атаке сизден суранарым. Мен олгондо, жаман улуна дагы дуба кылып тур. Дуба кылып тур . Дуба кылып турʺ - деп жатып коз жумду. Баардык тегеректеп турган адамдар чуру чуу болуп ызылдап калышты. Бир гана ата эненин, кагылайын уулум кеч болсо да тушунгонуно шугур. Албетте балам дуба кылам. Омурум откончо сенин куноондун кечиришин Аллахтан тилеп отом кулунумʺ
Карагылачы ата эненин, эч нерсеге алмаштыргыс тоодой мээримин. Канча азап берсек да, журогу биз деп согот. Ата энени козу барда сыйлайлы. Антпесек бир кун келип кудум ушул баладай сыйламак турсун, дубасына зар болобуз. Кеч боло электе, кетирген каталарды ондойлу. Бир кун ажал жетсе, окунуч менен кетебиз. Аллах озу туура жолду коргозуп,, туура жолго салган болсун. Ар бир инсан кокурокто ыйманы менен жургон болсун. Бар болсун, пешенебизде тоодой журогу менен, ата эне. Аллах аларга бактылуу карылык берсин. Бир кун келип ушул баладай, ажал менен алпурушуп калышыбызга шек жок. Ар бир уйдо Аллахтын нуру жаркырап турсун.
Автор: Улукбу Жумали кызы.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#943 Пользователь офлайн   uikuchu7   22 Май 2016 - 20:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


~ПАРИХМАХЕР (ЧАЧ ТАРАЧ) ~

Мээримдүү Ырайымдуу Аллахтын ысмы менен

Англияда болгон окуя.
Бир күнү бир жигит парихмахерге кирип чач алдырууну каалап парихмахер менен бираз маектеше калышат:

- Парихмахер айтты:
Эй жигит мен Аллах жок деп билем деп сөз баштады ...

- Жигит: Эмнеликтен сен мындай даттануудасың?

- Парихмахер: Эх, эгер жаратуучу болгондо мындай жашоо болмок эмес!

- Кандай! ???

- Парихмахер : ачкалар көп оорулуулар көп майып балдар көп кырсык көп деп даттанды жана айткан сөзүнө толук чечим менен карап...

- Жигит ойлоно түшөт:
Макул анда деп чач алдырып эшике чыгат ,

- Жигит сыртка чыгаары менен бир кишиге көзү чалдыгат, ал киши жүдөгөн чачы узуун сакал мурут саксайган абалда эле... Жигит дароо парихмахерге кирип эй ага чындыгында Парихмахер жок деп ойлойм жана ушул оюмда анык чындык жатат деп оор сүйлөйт

- Анда парихмахер :
Эмнеге я ?! Мен бул шаардын даңктуу парихмахеримин баары мени урматташат. Сен көргөн кишилер аябай көп алар мага келишбейт , эгер келсе жасап тазалап чыгармакмынго? !

- Жигит дароо жооп даярдайт:

Ошол сага келбей жүдөп жүргөн адамдар сени тааныбай сени жок шаарда парихмахер жок деп ойлогон сыяктуу ,

Сага окшогон адамдар да Аллахга жакындабай аны тааныбай Туруп: Аллах жок деп сүйлөшөт, ошол себептен алар , майып жана жупуну жашоодо деп артын карабай кетип калат!

Урматту мусулман бир тууганым ...
Аллахтан шек гүмөн болуудан сактан анткени , сен шек күмөн кылууң менен , үй бүлөөң тууган адамдарың бул дүйнө акыретте бактысыз болуусуна себеп болбо .

Куранда Аллаху Таала мындай дейт:

"Эй ыймандуулар, көп күмөн күмөн саноодон сактангыла. Анткени, айрым шек саноолор күнөө". (Хужрат сүрөсү 12-аят).

Дамир Нарматов

ЫЙМАН НУРУ медия порталы



Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#944 Пользователь офлайн   chyragym   23 Май 2016 - 06:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

СЫРЫҢДЫ АР КИМГЕ АЙТА БЕРБЕ.
О, уулум! Ар кимдин өзүнө жараша сырлары бар жана ошондой болууга тийиш. Абдан ачык-айрымдуулук бир караганда жакшы көрүнүшү мүмкүн, бирок андайэмес. Бир гана сенин өзүңө тиешелүү маселелерди мажбур болмоюнча эч кимге айтпа. Анткени бүгүн жакшы ниет менен айткан сөздөрүң эртең сенин зыяныңа иштеп жатканын көрөсуң жана катуу өкүнүп каласың. Бугун жаныңда дос сыяктуу көрүнгөн адамдын эртең душманыңа айланып, өзүңө каршы чыгаарын алдын ала билүү мүмкүн эмес. Ошондуктан аялыңа да баардык эле нерселерди айта берүүң шарт эмес. Себеби: аялдар сыр сактоодо алсыз болушат. Ишканаңдагы жетишпестиктер менен көйгөйлөрдү үйүңө ташып жүрбө. Ишканада кандайдыр бир кайгылуу иш же жагдай болгон болсо, андан аялыңды да кабардар кылып, аны да кайгыртуунун кажети канча? Иште кубанычтуу бир жагдай болсо да аялыңа билдирип олтуруунун кажети жок. Үйүңдөгү болгон жагдайларды да ишканага айтып барба. Сен сактай албагандыктан улам эки эриниңдин ортосунан чыгып кеткен сырларды кайтарып алуунун эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Ошол себептүү ата-бабаларыбыз: «Сырыңды айтпа досуңа, досуң айтат досуна...» - деп, бекеринен айткан эмес.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#945 Пользователь офлайн   chyragym   23 Май 2016 - 10:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

“Өзүнүн көлөкөсүнөн башка көлөкө жок күндө Аллах Таала жети түрдүү адамды көлөкөлөп турат: адилеттүү имамды, Аллахка ибаадат кылып чоңойгон жигитти, жүрөгү мечитке байланган адамды, Аллах үчүн бири-бирин жакшы көрүп жүрүп ажыраган (кайтыш болгон) эки адамды, байлыгы жана сулуулугу бар аял күнөө ишке чакырганда: “Мен Аллахтан корком” - деп баш тарткан адамды, оң колу менен берген садакасын сол колу билбей калган адамды, жалгыз отуруп Аллахты эстеп ыйлаган адамды”– деп айткан. ( Бухарий, Муслим).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

“...Курманын жартысын садака кылып болсо да тозоктон сактангыла” – деп айткан. (Муслим).
----------КЪУРАН ж-а СYННӨТ
группага катталыныз
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#946 Пользователь офлайн   chyragym   24 Май 2016 - 23:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жаны баш кошкон жубайлар бир куну туугандарыныкына бара жатканда, абдан катуу ышкырган Шамал башталып калат. Туугандарыныкына барыш учун, чоон дарыяны кайык менен калкып отуш керек эле. Кайык менен бара жатканда катуу жамал болуп, тынч дарыя толкунга айланат. Мындай жаратылыштын муноозун коргон аялы коркуп, денеси титирегенге чейин барат. Бирок, куйоосун караса эч нерсени корбогондой, эч нерсе болбогондой бей капар отурганын корот. Тангалуусу менен аялы куйоосуно айтат: "кайык коморулоюн деп турса, олум менен жашоонун ортосунда турсак, кантип сиз бей капар таштай болуп отурасыз? Же эмне олумдон корккпойсузбу? "
Мындай созун уккан Куйоосу асынма сумкасынан бычакты алып чыгып, аялынын мойнуна такап, анан аялынан сурайт: "Сен мененден коркосунбу? ". Курч бычактын миизин коруп турса дагы, аялы куйоосунон эч коркпостон, жылмайып "кантип сизден корком, эгерде сиз мени жакшы корсонуз? Мен сиздикимин. Мага зыян келтире албайсыз" - деп, жооп берет.
Мындай жообун уккан куйоосу, бычакты асынма сумкасына кайра салып, аялына мындайча айтат: "мына мен да бул шамалдан корпойм. Сен мага ишенгендей, мен да Жаратканга ишенем. Жана мен билем, Жараткан озунун суйуктуу пенделерине зыян келтирбейт. А бул ышкырган шамал жараткандын окуму менен. Аягы кандай аяктаса дагы - бизге пайда. Эгерде биз тируу калсак, бемек бизге бул пайда. А эгерде олуп калсак, анда бул да бизге пайда. Алла таала жакшы билет озунун жараткан нерсесине эмне пайда алып келерин"
➖➖➖➖➖➖➖➖
Бул окуянын мааниси:
ЫЙМАН КЕЛТИРГЕНДЕР! КАЧАН ООРЧУЛУК БАШЫБЫЗГА ТУШКОНДО, ОЗУНДУ КАПАЛЫКА АЛДЫРБА. "БААРДЫГЫ БУТТУ" - ДЕП УШКУРУНУП ОТУРСАН ДАГЫ, АЛЛАГА БОЛГОН YMYTYHДY УЗБО. Жон гана Аллага ишениниздер, анткени Алла таала эч качан озунун жаратылган нерселерине адилетсиздик кылбайт жана биздин кучубуз келбеген кыйынчылыктарды жибербейт. Эгерде кыйынчылык бизге келсе, демек, ал кыйынчылыкты женгенге биздин кучубуз жетет. Инша'а Аллах.
Которгон: Таслим Асанов
Булак: [moderated]/oilon
➖➖➖➖➖➖➖
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#947 Пользователь офлайн   chyragym   26 Май 2016 - 00:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

БЕШ МҮНӨТТҮК ЖЫРГАЛ ДЕП ТАГДЫРЫҢДЫ ТАЛКАЛАБА !
(Таасирдүү окуя)
Бүгүн аба ырайы өтө сонун көчөгө чыгып таза аба жутуп келейин деп сыртка карай жөнөдүм. Сыртка чыгып жолдо баратсам ,жолдогу бир олтургучда бир кыргыз бир тууганыбыз олтурат. Мекендешимди көрүп сүйүнүп кичине баарлашып, маектешейин деп жанына олтуруп таанышып сүйлөшүп калдык. Көп маектешкенден кийин башынан өткөн окуясын айтып бул сага сабак болуп жашоондо адашбай жашооңо түрткү болот деп сөзүн мындай деп баштады:
Россияга келгениме көп жыл болуп калды. Келип бул жерде жакшы жумушка орноштум. Жада калса Россиянын жарандыгын алгамын. Айлыгым жакшы кээде 30 миң рубуль кээде 35 миң рубулга чейин алып жатым. Акыркы 4-5 айдан бери айлыгым кечигип анан жарым жарты болуп бериле турган болду. Айлыгымды толук бербей бөлүп-бөлүп бербей жатканын ойлоп жүрөк сыгылчу болду. Башында жакшы төлөп берип жатканда жакшы бир алдыма жеңил машине сатып алганым. Машинени үйдөн жумушка айдап барып келип турганга эле колдончумун. Бул жакта карындашым экөөбүз иштейбиз. Карындашым кафеде иштейт. Мен болсо жарым түнгө чейин жумушта болом. Жумушта айлыгымды толук албай жатканыма сыгылып өзүмдүн жумушумдун майын чыгарыпда кылгым келбейт. Ошол учурда досум чалып калды. Алар көптөн бери деревняда (Россиядагы айылдар) устачылык кылып иштеп жаткан эле. Алар ал жактагы жумушун бүтүп Москвага шаарга келишиптир. Бүгүн бир көңүл ачалы эс алып деп телефон чалышкан экен. Сыгылып турган жаныма жага калды. Маанайымды көтөрүп көңүл ачсам ачайын деп достор менен кечки саат 10:00 гө жолукмай болдук. Алар мага кызың барбы деп сурашты мен "Ооба" дедим. Биз өзүбүзгө таптык эми сенда өзүңө тап дешти. Мен бир досум бар болчу кыздарды алдап бир убакда 3-4 кыз менен мамиледе болгон. Менда андан калышбайт элем. Менде да кыздар көп. Бирок ал жакында эле бир аябай сулуу кыз менен таанышып ал менен бир кечеге бардым деп айтып жаткан. Мен менен мамиледе болуп жүргөн кыздар андай сулуу эмес болчу. Ал мактаган кызды көрбөсөм да досумдун сөзү боюнча чын эле аябай келишкен кыз экендиги билинип турчу. Көп ойлонбой ошол досума чалдым да ошол кыз мени менен да бир кечеге барып келгенге көндүрүп бер дедим. Ал макул досум деди. Бир аздан кийин чалып ал кыздын кулагына жомок айтып ыраазы кылгандыгын айты. Анан менда силер менен көңүл ачайын досторуң менен тааныштырбайсыңбы деди. Макул тааныштырсам тааныштырайын сенда өзүңө бир кыз алып ал дедим. Ага достор менен жолугушкан жердин дарегин алып кыздар менен ошол жерге бара бер ,мен да жумуштан чыгып ошол жерге барам дедим. Мен жумушумду мени менен иштеген шеригиме дайындап эртерээк чыкмай болдум. Ага чейин эле карындашым чалып бирге иштеген Гулнур деген кыздын үйүндө эч ким жок болгондуктан ошол менен анын үйүндө шерик болуп түнөп калаарын айты. Мен жумушумдан чыгып түз эле достор менен жолугуп эс алчу ижарага алынган квартирага бардым. Барсам мага кыз тапкан досум келе элек экен. Досторум баары жаш жана жакшынакай кыздарды ээрчитип келишиптир. Бир убакда эле эшиктен менин досум эки кызды ээрчитип кирип келди. Ал кыздардын бирин көрүп эсим ой жаздады. Сөзүм оозума келбей буту колум калтырап, жаным чыкчу жагдайда ачуулу жүрөгүм титиреп, эмне кылышымды билбей катып туруп калдым. АЛ КЫЗ МЕНИ МЕНЕН БИР КАНДАН ЖАРАЛГАН БИР ТУУГАН КАРЫНДАШЫМ ЗУЛФИЯ ГО?! .. Эми эмне кылам? Башымды мыжыктым, карындашым мени көрүп таң калып карап артына карап чуркаган бойдон сыртка карай жүгүрдү. Артынан салпактаган мен сыяктуу бабник досум эч нерсени түшүнбөй анын артынан чуркамак болду эле. Анын колунан кармап аны тынч койгун дедим. Ал мага эмне сен аны тааныйсынбы деди. Мен аны аябай жакшы тааныйм. Эмне ал сен менен да жатып жүрдү беле, жатбаган кызың жок сенин да деп жыртайды. Ачуум келип каным кайнап турат элем. Турган жеринен жактан аары бир уруп кулатымда үстүнө чыгып алып уруп баштадым. Өзүмдү өзүм билбейм. Үйдө дасторконду жерге салып, мөмө жемиш кескени бычак коюп коюшкан экен, ошол бычак кандай колума илешкенин билбейм. Бычак менен аны сайгылай берип кыпкызыл канга боёп салганымды өзүм байкабай калыптырмын, досторум ага чейин мени андан ажыратканга жетишишбептир. Мен өзүмө келгенде эмне кылып койгонумду түшүнбөй дубалга сөйөнүп башымды мычыка кармап олтурат элем. Досторумда баары өздөрүн жоготуп сөз сүйлөй албайт. Бир нече мүнөт эч үн чыкбады. Ошол убакда эле автомат кармаган бир нече спецназ кирип келди. Баарыбызды кармап кишендеп машинеге салып алып кетти. Кийин билсем досторум алып барган кыздардын бири милицияга чалып айтып койгон экен. Ошого бир замата жетип келишиптир. Ошентип бир досумдун курмандыгынаиайландым. Кийин сот болду. Мен баардык күнөөлөрдү өз мойнума алдым. Мен менен бирге болгон досторумдун баары бошотулду. Ошентип Россиянын түрмөсүндө күн кечирип баштадым. Мени кабатырга салганы арындашымды ошол күнү көргөнүм акыркы жолкусу болчу. Ошол кезде сыртка чуркап чыгып кеткен бойдон дарексиз.. Ар кыл ой келет, өзүн өзү курмандыка чалдыбы эмне болду?.. Же мееден намыстаны алыстарга кетиби?.. Деги кайдасын бир боорум деп ыйлай берем. Тагдырымды талкаладым. Өлгүм келет.. Ошол достор чакырган кечеге келгенче баары жакшы эле. Өз жашоомду өзүм талкаладым. Ак жошоомду кара жашоого өзүм алмаштырдым. Күн сайын уйку жок. Өзүмдү өзүм өлтүрсөмбү? .. Бирок кантип?.. деп күндүгө ойлоном. Жанымда мен менен бир камерада жаткан шеригим , Татаар экен. Ал эч күнөөсүз подстава болуп түрмөгө түшүп калыптыр. Күндүгө эрте менен ойгонуп танкы намазын окуйт. Мени да намазга чакырды. Мен ага мендей күнөөлү пендени Аллах кечирбейт, мен канчалаган карындаштарымдай болгон кыздардын тагдырын талкаладым. Намысын бузуп эле таштап кетчүүмүн мына эми өзүмдүн башыма да Аллах ошондой тагдырды буюрду. Күнөөсүз өз карындашымдын курмандыгына айландым. Бул жашоодо кайтар дүйнө бар дегени ушул экен. Мен да бирөөлөрдүн карындаштарын бузуп жүрдүм эле, мына эми менин карындашымды өз досум бузуп кетти. Мен өтө чоң күнөөкөрмүн аны Аллах кантип кечирет деп тетири карап жатып алдым. "Ал мага Аллах кечиримдүү пенде күнөөлү. Ал аябай кудуреттүү, ал бүткүл дүйнөнү жараткан анан ошол дүйнөдөгү кичинекей пендесинин күнөөсүн кантип кечирбесин" -деди. Анын бул сөздөр менин карангы жашоомду жарык кылып жибергендей болду. Ал менен намаз окуй баштадым. Ар бир ибадаттымда көз жашымды төгүп дуа кылып тооба кылам. Дуа учурунда ичимдеги нерселердин баарын Аллахка айтам. Мени бир эле Аллах түшүнчүдөй , жашоом женилдеп баратты. Ибадаттым ый менен өтчү болду. Кана эле эгер жашоомду артка кайтарып болуп өткөн нерселердин баарын болтурбай кою мүмкүн болсо. Жашоом женил эле баарын өзүм оор абалга алып келдим. Сабр кылдым мага берилген мөөнөт да аягына чыкты. Аллах мага кайрадан жарыктыкты эркиндикди кайрадан көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Баарына Аллахка шүгүр. Түрмөдөн чыгарым менен мечитке барып жамаат менен намаз окуп, шүгүр намазын окудум. Төгүлүп төгүлүп кайра-кайра ыйладым. Ал кандай гана ырайымдуу түрмөдөн канчалаган адамдар чыкбай өлүп калышат. Ал эми мени жаман нерселерден коргоп асырап жарыктыкка алып чыкты. Мечиттен чыгып эле милицияга бардым. Карындашымдын аты-жөнүн жана башка маалыматтарды бердим. Андан чыгып Россиянын биринчи каналынан дайым чыгып турчу "Жди меня"-деген передачага да маалыматтарды бердим. Андан көп убакыт өттү. Жумушка жайгаштым. Иштеп баштадым. Кече жагымдуу жанылык болду. Биринчи каналдан "Жди меня"дан чалып карындашымды табышкандыгын айтышты. Ал Дагестанда медреселердин биринде диниибизден тынчтык табып дин илимин үйрөнүп жататкан экен. Мына азыр туура эки сааттан кийин "Жди меня" көрсөттүүсүнө чакырышкан. Карындашым менен жолугуга ыраазы болуптур. Көптөн күткөн бир боорумду чыдамсыздык менен күтүп жатам. Аллахтан сураанарым өмүрүмдү узун кылып көп тооба кылуума мүмкүнчүлүк берип күнөөлөрүмдү кечирсе деп тилейт элем>>- бир тууганыбыз.
Бир туугандар өлүм айтырбай келет. Тооба кылып калгыла. Жашоо кыска.
Бүгүн сен 1000 сомго зына иш кылсан, эртен сенин эже-карындашына бир тыйынсыз зына кылып кетет. Убакыт барында ойлонолу бир туугандар...
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#948 Пользователь офлайн   chyragym   26 Май 2016 - 01:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

АЯЛ СЫРЫ
Аялым экөөбүздүн никебизге жарака кетип, мамилебиз муздап баштаганда жаркылдаган, жашоонун түйшүгүн ойлобогон, сулуу жаш кызга жолуктум. Жаш сулуу менен мамиле куруп, аялым менен болгон солгун мамилени унуткум келди. Бирок, ал кызды бир жерлерге алып барып, көңүл ачып, ачтырып, акча коротуп, аялым, дос, туугандан жашырынып жүргөндү ойлогондо бул оюман кайра тарттым. Ушунун баары мага керекпи дедим. Баарын салмактап отуруп “а, эмне үчүн аялым менен баарын кайра баштасам болбойт, жатка короткон акчаны өз аялыма коротуп, аны жакшы жерлерге алып барып, белек берип көңүлүн алып, аны кайрадан таанып баштасам мага эмне тоскоол болмок эле” дедим. Анан бул оюмду акырындан ишке ашырып баштаганда, аялымдын күн өткөн сайын жүзү жайнап жадырап, сулуу болуп, мага болгон мамилеси баштагыдай жылуу болуп өзгөрө баштаганын байкадым. Аялыма кайрадан ашык болуп, баягы жаш кыз менен мамиле куруу жөнүндөгү оюм үчүн ичимен уялып “аял – өз күйөөсүнүн күзгүсү” деген сөздүн чындыгын жон терим менен сезип турдум. Аялга кандай мамиле жасасаң, ал ошондой болуп өзгөрөт. Аял сыры ушунда.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#949 Пользователь офлайн   chyragym   26 Май 2016 - 04:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

~КЫСКАЧА СӨЗ~
Капаланба: эгер сен кедей болсоң башкасы карызга батып олтурат, эгер сенде унаа жок болсо башкасы эки буту жок олтурат, эгер сен ооруп жатсаң башкасы оорунун айынан бир канча жылдан бери ак шейшепте жатат, эгер сен балаңды жоготсоң башкасы бир авариядан бүт үй - бүлөсүн жоготкон.
Капаланба: анткени сен мусулмансың, Аллахка жана анын Пайгамбарына, периштелерине, акырет күнүнө, тагдырга ыйман келтирдиң.
Капаланба: эгер күнөө кылсаң ага тообо кыл, эгер жаман иш кылсаң истигфар айт, эгер ката иш кылсаң аны оңдо, анткени Аллахтын ырайымы кенен, эшиги ачык, күнөөлөрдү кечирет жана тооболорду кабыл кылат.
Капаланба: аткени башыңды оорутуп жатасың, көңүлүңдү чөктүрүп жүрөгүңдү чарчатып жатасың, жатаар ордуңдан узак болуп уйкуңду качырып жатасың.
"КАПАЛАНБА"
китебинен алынды.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#950 Пользователь офлайн   chyragym   26 Май 2016 - 22:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ИСТИГФАРДЫ КОП АЙТ
"Раббинерден истигфар айтып кечирим сурагыла! Ал чынында Кечиримдуу. Силерге асмандан себеленген жамгыр жиберет. Жана дуйно - мулк, перзенттер менен кубаттап, бак - дарактарды жана (соолубас) дарыяларды берет". (71:10,11,12)
Истигфарды коп айтсан Аллахтын жардамын коросун конулун куунак болот. Адал ырыскы табасын салих - жакшы перзенттерди насип кылат жана коп жакшылыктарды коросун.
"Жасаган куноонордун кечируусун сурап, Аллахка жалбаргыла жана ("экинчи кайталабаймын" деп) тооба кылгыла! (Ошондо) силерди, белгиленген убакытка чейин эн сонун ырыскылар менен пайдалантат жана ар бир пазилеттуу (эхсан - садакалуу) адамга Озунун пазилетинен берет". (11:3)
Пайгамбарыбыз (саллаллооху ъалайхи ва саллам) истигфар тууралуу мындай хадис айткан:
"Кимде - ким истигфарды коп айтса, Аллах анын бардык кайгысын женилдетет жана ар бир кыйынчылыктан чыгарат".
Булак:Капаланба!
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#951 Пользователь офлайн   chyragym   26 Май 2016 - 22:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

МЕН ХИДЖАП КИЙСЕМ МАГА КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ?~
Хиджап кийуу- намаз, орозого окшош эле парз болуп эсептелет. Бул Аллахтын буйругу. Аллах бизге буйрук кылган нерсени талкуулап, мага бул нерсе жагат же жакпайт дебестен, биз дароо аткарганга аракет кылышыбыз керек. Эгер сен хиджап кийсен, андан башка ибадаттар сага женил болуп калат. Ошондой эле Аллахтын ыраазылыгына жетесин. Ал жонундо Куранда:
"АКЫЙКАТТА, ЫЙМАН КЕЛТИРИП-АЛЛАГА ИШЕНГЕНДЕР Ж-А ЖАКШЫЛЫК ИШТЕРДИ КЫЛГАНДАР, АЛАР- АДАМДАРДЫН ЭН ЖАКШЫСЫ. АЛАРГА ЖАРАТКАН ТАРАБЫНАН ТОМОН ЖАКТАРЫНДА ОЗОН-ДАРЫЯЛАР АГЫП ТУРГАН БЕЙИШ БАКТАРЫ ТУБОЛУККО СЫЙЛЫК УЧУН БЕРИЛЕТ. АЛЛА ТААЛА АЛАРГА ЫРААЗЫ БОЛОТ Ж-А АЛАР ДА АЛЛАГА ЫРААЗЫ БОЛУШАТ. БУЛ (сыйлыктар) ОЗ ЖАРАТКАНЫНАН КОРККОН ТАКЫБАЛАР УЧУН ГАНА. "( Байина 7-8).
Ал эми томонку аят Аллахтын буйругунан баш тарткандар учун.
"АЛ ЭМИ КИМ МЕНИН ЭСКЕРТУУМДОН (Курандан) БАШ ТАРТСА, АНДА, АГА МАШАКАТЫ ООР ТУРМУШ БЕРЕРИМ ШЕКСИЗ. АНДАЙЛАРДЫ ( Аллахтын сансыз жакшылыктарын корбогон, коргусу да, келбеген, тескерисинче баарын чанып: "Мен бардык ийгиликтерге озумдун акылдуулугумдан жетип жатам!" -деген каапырларды Кыямат Куну Махшар майданына) КЫЯМАТТА СОКУР КЕЙИПТИ ЖЫЙНАЙБЫЗ. АЛ : "О ЭГЕМ! МЕНИ ЭМНЕГЕ СОКУР КЫЛЫП ТИРИЛТТИН? ЧЫНДЫГЫНДА, МЕН ДУЙНОДО КОРЧУ ЭМЕС БЕЛЕМ?"-ДЕЙТ. (АЛЛАХ): "МЫНА УШУНДАЙ. АНТКЕНИ САГА АЙАТТАРЫБЫЗ КЕЛГЕН ЭЛЕ. ОШОНДО СЕН АЛАРДЫ (Курандын аяттарын б.а. аттарган эмессин, амал кылган эмессин...) УНУТКАНСЫН. ОШОЛ СЫЯКТУУ, БУГУНДА СЕН УНУТТА КАЛАСЫН"- ДЕП АЙТАТ. ЧЕКТЕН ЧЫГЫП, ЭГЕНДИН КУРАНДАГЫ АЯТТАРЫНА ЫЙМАН КЕЛТИРБЕГЕН АДАМДЫ ДА УШУНДАЙ ЖАЗАЛАЙБЫЗ. АЛБЕТТЕ, АКЫРЕТ АЗАБЫ АРЫ КАТУУ, АРЫ ТУБОЛУКТУУ. " (Тоха 124-127).
Мен эмне учун хиджап кийишим керек" китебинен.
Автор:Рыскулов Ниматулла
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#952 Пользователь офлайн   chyragym   26 Май 2016 - 22:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

"АБДУШҮКҮР УСТАЗ БУРУЛКАНДЫ ЭМНЕГЕ ЫЙЛАЙТТЫ?”.
Бурулкан үйүнө келгенде кызы үйдү зыңкыйта тазалап, тамагын даярдап отурган экен. Эртеден кечке тикесинен-тик туруп соода кылып, чарчап-чаалыгып келген эме, кызынын айттырбай жасаган оокаттарын көргөндө жаны бир аз жай алып жыргай түшкөнсүдү.
Ушул кызы кол арага жарагандан бери, жок дегенде үй тиричилигинен бир аз арылды. Кыз бала турмуш тиричиликке бат аралашат эмеспи. Анын үстүнө, Кудай жалгап кызы да элпек, тил-алчаак болуп өсүп келе жатат. Башка кыздарчылап көчөнүн, кийимдин чатагын кылбайт. Болгонго болгондой ыраазы болуп кала берет. Анан да кийинки күндөрү динчил болуп бараткансыйт. Анысы го жакшы эле дечи, кээде эле китеп, журналдарды окуп алып апасынын башын оорутканы болбосо. Азыр да бир аз эс ала калайын деп диванга жата калган апасына келип:
“Апа, тамактангыча телевизор көрбөйсүзбү, молдо сүйлөп жатат”,- деп чакырды.
“Тамактанса тамактаналы, а молдолоруң сүйлөй берет да. Көчөдө да, базарда да ушулар, эми телевизордон да сүйлөй баштаган го”.
Алар бөлмөгө киришкенде телевизордон Абдушүкүр Нарматов сүйлөп жаткан экен.
“ Башкага койчу жакшыраак бир нерсе бар бекен?” – деди, Бурулкан көргүсү келбей.
“Жарытылуу эч нерсе жок экен, ушуну эле укпайсызбы, как раз соода жөнүндө айтып жатат”.
“Койчу кызым, буларың эмне?, жебегиле, алдабагыла" ,- дегенден башка эмнени айтмак эле.
“Бизчилеп эртеден кечке көк муздун үстүндө калчылдап турса көрөт элем алдабаганын”.
“Чай ичиңиз”,- деди, кызы сөзүн бөлүп.
“Силердин алдаган-алдабаганыңардын аларга пайда-зыяны деле жок да. Алар деле бир нерсени билгени үчүн айтат да”.
“Сен да молдолугуңду баштаганы калдыңбы, жөн отурчу эми”,- деп, кызын кагып койду Бурулкан.
“ Баары бир элди алдабай эле койгон жакшы да апаке”,- деп эркелеген кыз пультту алып, телевизордун үнүн көтөрүп койду.
Нарматовдун шаңкылдаган үнү бөлмөгө толо түшкөнсүдү. Ал:
“Вайл болсун, азап болсун таразадан алдагандарга. Алар башкалардан туура тартып алышат да, кайра кемитип алдап сатышат”,- деп, Куран аятын түшүндүрүп жатты. Анын ушул айткандары
Бурулканды ойлонтууга аргасыз кылды:
“Ырас эле, бул молдолоруң баарын кайдан билип алат? Мына мен эле тогуз жылдан бээри алганда туура тараза менен алып, сатканда бузук тараза менен сатам. Мунун айтканы мага да тиешелүүбү, мен да азапка туш боломбу?” – деп, ойго бата түштү да, кайра: “Койчу, мен эмне жыргаганымдан алдап жатыптырмынбы? , бала-чаканы багам деп жүрөм да кыйналып”,- деп өзүн сооротту. Анын ушул оюн окуп алгансып, Абдушүкүр:
“Эй, менин мусулман бир тууганым! Балким, сен таразадан алдап бала-чакамды багып жатам деп ойлоорсуң. Бирок, эмне үчүн келечекте сени бага турган, сенин тукумуңду улай турган балдарыңа арам тамак берип жатканыңды ойлобойсуң? Арам тамак менен өскөн дененин бейишке кирбестигин билбейсиңби? ”.
Абдушүкүрдүн кийинки сөздөрү Бурулхандын кулагына кирген жок. Ал кызынын алдында өзүн оңтойсуз сезип, кызына карай калды. Табактагы тамагын жылдыра коюп апасына жалт караган кыздын көзү апасына чагыла түштү. Эненин сезимтал жүрөгү кыздын көзүнөн энеге тил менен айта алгыс, сөз менен жеткире алгыс терең ойду окуп алгансыды. Төрөп, өстүрүп чоңойткон кызынын бул көз карашына өз күнөөсүн сезген эненин эрки алсыздык кылып көзүн ала качты да:
“Эртең таразаны оңдоп коём, кызым”,- деп ооз учунан унчукту. Абдушүкүрдүн сөөктөн өтүп чучукка жеткен курч сөздөрү жүрөгүнө кадалган аял, кызынын ары каардуу, ары аянычтуу көз карашы көкүрөгүнө сайылган эне мындан башка сөз айта алмак эмес эле.
Бул кезде Абдушүкүр да сөзүн аяктап, алдоо жолу менен тапкан акчанын берекеси болбостугун, ошондуктан кайсы бир белгилүү адам, таразанын табагына конгон чаңдарды да сүртүп туруу зарыл экендигин айтканын белгилеп жаткан экен.
Бөлмөдөн чыгып бараткан Бурулкан кайрадан ойго батты.
“ Ырас эле”,- деди ичинен, “ Канча жылдан бери таң атпай кетип, кечке дейре соода кылам, же байып жыргап кеткен жерим жок. Дагы эле баягы башка тартсаң бутка жок, бутка тартсаң башка жок”.
Бул күнү эне менен кыздын ортосунда жарытылуу маек деле уланган жок. Ар кимиси өз иши менен алек болуп жүрүп жатууга камынышты. Бирок, экөөнүн тең оюнан "тараза" жөнүндөгү Абдушүкүрдүн айтканы кеткен жок. Экөөнүн тең кулагына "Азап болсун, таразадан уруп калуучуларга! "-деген, шаңкылдаган үн кайра-кайра жаңырып тургансыды.
“Апа мен мектепке кеттим, чайыңызды даярдап койдум”,- деген кызынын үнү ойготту Бурулканды, “Мен кечигип калам,- деп чай ичпедим, сизге даярдап койдум, анан апаке, таразаны унутпа”,- деп, күлүмсүрөй кол булгалады да чыгып кетти.
Кечеги окуяны унутпаган кызын узата карап: “Оңдосо оңдоп коём”,- деп, күбүрөнгөнчө ордунан турду Бурулхан. Кечээ "Таразаны барарым менен эле тууралап коюн",- деп ниет кылып жаткан эле. Азыр болсо ою өзгөрүп калганын байкады. "Таразаны тууралаганда канча акчадан куру калам",- деп ойлоду өзүнчө. "Жок эле дегенде күнүнө жүз сом. Ким берет жүз сомду мага күн сайын?". "Жок ал сага арам болуп жатпайбы, кызыңды арам тамак менен багып атпайсыңбы? ". Экинчи бир сезим ушунтип шыбырап жаткансыды. "Жок, анда сен айына үч миң сомдон куру каласың. Элдер деле алдап жатпайбы. Сен деле эл катарысың" ,- деп айтып жатты баягы ою. Жолдо да маршруткада да ушул эки ой Бурулканды эзип, оор жүк көтөргөнсүп башы ооруп чыкты.
...Базар өз турмушун жаңы эле баштап, ар ким өз товарын ташып чыгып, ачып өмүрдүн дагы бир күнүн ушул жерде өткөрүүгө даярданып жатышкан экен. Бурулкан да жайып-тизип болуп, баягы эле эки анжы ойдон кутула албай башы катып турду. Акыры болуптур бүгүнчө соода кыла берейин, эртең дагы бир нерсеси болоор деген тыянак чыгарды да, кечээ окулбай калган "Супер-Инфосун" барактай баштады.
“Эже, мага эки килограмм шекер бериңизчи”, - деген, кыздын жумшак үнү Бурулхандын көңүлүн бурду.
“Азыр”. Газетаны ары таштап кызга карады. Татынакай жолук салынган кыз туруптур маңдайында. Анын кийимин көрүп, кызынын: "Мектепти бүтсөм эле хижап кийем",- деген сөзүн эстеди. Сонун эле жарашат турбайбы, жылаңач жүргөндөн көрө деп ойлоп кетти ичинен.
“Таразаңыз туура да, эжеке”,- деп кыз оюн бузуп жиберди. Мурун мындай суроолорго дароо эле "Ооба", - деп жооп бере салчу. Бул жолу эмне дээрин билбей калды.
“Ия, азыр”, - өмүрүндө мынчалык апкаарыган эмес эле Бурулхан.
“ Мына өзүң салып турчу”, -савокту кызга кармата салды да:
“Мен азыр”,- деп, таразанын табак койчу жерине жармаштырып койгон магнит ташын алып, бутуна коюп койгон жыгачты алып таштады да таразаны тууралап койду.
“Кана, койчу”,- деди аны күлүмсүрөп карап турган кызга кайрылып. Кыз баштыкты коёюн дегенде, анын колунан кармай калды:
“Токтой турчу”. Шашылган Бурулкан чөнтөгүнөн кечинде эле сатып алган апакай бет аарчысын ала коюп таразанын табагын сүртө баштады. Качантан берки чаң менен кирге катып калган табакты мизилдете аарчып бүттү да:
“Эми коё берсең болот”,- деди кызга жылмайып.
“Ырахмат, эже”- деди, кыз ыраазы болгон үн менен акчасын узатып жатып. “Береке табыңыз”-деди.
“Аш болсун”. Бурулкан өз үнүн-өзү тааныбай калды.
“Уф”- деп оор үшкүрдү, ошол үшкүрүк менен денесиндеги оор жүктү чыгарып салгандай жеңилдей түштү. Акча кармаган алаканы тердеп кетти. Ушул арзыбаган акча өтө баалуудай сезилди Бурулханга. Мындай акчанын эченин кармап жүрсө да бул акча башкачадай көрүндү Бурулханга. Адал жол менен келген акчанын илеби колунан өтүп денесине таркап жаткандай сезилди Бурулканга. Алаканын көкүрөгүнө коюп көзүн жумду. Эки карегинен бөлүнүп чыгып, кабак кычыктарынан чыга албай турган эки тамчы жаш мөлт этип ыргып кетти да бир тамчысы таразанын табагына тып тамып жайыла түштү. Бул тамчы жаш качантан берки жасап жүргөн күнөөлөргө өкүнгөн жүрөктүн кайгысына чыдабай сызып чыккан көз жашыдыр. Балким, күнөөдөн кутулуп туура жолго түшкөнүнө кубанган жүрөктүн сүйүнүчүнө жетине албай агып чыккан көз жашдыр. А балким, аны биз эмес дал ошол көз жаштын ээси болгон Бурулкан өзү да ажыратып биле албастыр. Андыктан, биз ал көз жашты жөн гана тараза табагына тамган жаш деп атап койгонубуз туура болоор.
Алайчы Сеитбеков.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#953 Пользователь офлайн   chyragym   27 Май 2016 - 11:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жергебизде көптөгөн мүрзөлөр бар.Бир мүрзөдө бир топ жылдан бер көр казып иштеген адам ушул окуяны көздөрүнөн жаш агызып айтып берди:-ʺМен кыйла жылдан бери адамдардын кызматын кылып келем бирок мындайды эч көрө элек элем.Былтыр жазында жол кырсыгынан көз жумган кырк жаштагы бир жигитти көмүш үчүн алып келерин айтышты.Кеч курун жаны үзүлгөн экен.Багымдаттан кийин жерге бере турган болушуптур. Анан көр казууга туура келди.Бирок эмнегедир көрүстөнгө көңүлүм жок келдим.Эң кызыгы көрүстөнгө келгенимде эч качан кылбаган ишти кылып койгонумду билдим. Кетменимди жана керектүү буюмдарымды үйгө алып кеткен экемин. Барып алып келип көр казууга кириштим.Эч эле жер казылбады.Күрөк, кетменимди текшерип көрдүм баары жайында.Жердин катуулугуна таңкалып турдум.Башка жерлерди да байкап көрдүм бирок жер таш болуп катып калгандай.Бир убакта жардамчыларым да келишип казууга аракет кылышты бирок эч майнап чыкпады. Багымдат намазынан соң жаназа окулган сөөктү алып келишти.Болгон ишти Имамга айтып бердим. Имам көзүнө жаш алып,сөөк ээлерине барып түшүндүрдү. Баарынын көзүнчө кайрадан казып көрдүк болбоду.Акыры алар дагы,биз дагы бир чындыкты түшүнүп турдук.Жер сөөктү алгысы келген жок!Имам менен сүйлөшүп сөөктү эптеп мурда чуңкур болуп калган жерге коюп көмдү кылдык.Ойго батып баарыбыз ыйлап тарадык.Эң жаман окуя эртеси күнү мен башка бири үчүн кабыр казып жатканымда ары жактан иттердин үнүн угуп калдым.Барсам кечээги койгон сөөк сыртка чыгып калыптыр.Иттер болсо аны...Окуя түшүнүктүү болсо керек.Иттерди кубалап,ичегилери чубалган сөөктү кайрадан жашырдым.Эртеси да иттер эч нерсесин калтырбаптыр. Белгисиз мүрзө болсун деп ошол жерди казууга кириштим.Баягы казылбай жаткан жер бул сапар пахтадай жумшак десең.Эч кимге бул окуяны билдирбедим. Көрдү каздым да кайра көөмп,бир белгисиз пенденин кабырына айлантып койдум.Ар күнү ушул белгисиз кабырга келип ойго батчу болдум.Баягы жер албаган жигит Кудайга жакпаган эмне иштерди кылды экен?Мага кандай кызыгы бар?!Бирок бул окуя мага өтө чоң сабак болду.Бүткүл дүйнөнү кыдырып жүрүп өлгөндө жатканга жер табалбай калышыбыз мүмкүн экен го.Аллаhтан чырайлуу абалда жан берип,кабырыбыз нурлуу болушун көп-көп суранышыбыз керек тура.Бул окуя кээ бирине эч эле таасир бербеши мүмкүн.Бирок инсан өмүрүнүн акыркы кадамдарында кандай абалда болоруна кепилдик бере албайт.Аллаhым сен бизге жетиштүүсүң! Адаштырбай сен бизди сактай көр!!!
---------------
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#954 Пользователь офлайн   chyragym   27 Май 2016 - 11:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

АЛХАМДУЛИЛЛАХИ РАББИЛ АЛАМИН!
Аллахтын элчиси айтты:
Адам жан берерде денесинин бөлчөктөрү бир-бирине коштошушуп, араздашып айтышат.
Жакшы калгыла, бул күнү бир-бирибизден ажырап, кара топуракка кошула турган күн келди.
Аллахтын элчиси айтты:
Эй үммөттөрүм келгиле, жан берүүнүн машакаты өтө кыйын, кылыч менен 300 ирет чапкандан да оор.
Кимде-ким өлүмдү көп-көп ойлосо күнөө жасабайт, ошол пендеге 3 нерсе пайда болот:
1 - өзүн тообадан алыс кармабайт;
2 - ар нерсеге каниет кылат;
3 - таат ибадаты жакшы болот.
Аллахтын элчиси дагы айтты:
Өлүмдү ойлобой унуткан адам үч ишке дуушар болот:
1 - тообо кылбайт;
2 - аз ырыскыга ыраазы болбойт;
3 - таат ибадаты жок, жалкоо болор.
Шейх Бали айтты;
Эл төрт нерсени тили менен айтаар, иштээр бирок ага көңүл койбой өзүнүн оюндагысын кылар:
1 - биз кудайдын пендесибиз дейт, пендечилик кылбайт;
2 - Алланын берген ырыскысын жейбиз дейт, бирок берген ырыскыга каниет кылбайт;
3 - акыретти бул дүйнөдөн жакшы көрөбүз дейт, бирок дүнүйө жыйнайт;
4 - өлүм хак, бир өлүм бар дейт, бирок ал дүйнөнүн камын жасабайт.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#955 Пользователь офлайн   chyragym   27 Май 2016 - 16:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

АЛЛАХЫМ БААРЫБЫЗДЫ ИБАДАТКЕ БЕКЕМ КЫЛСЫН
Эмне кылдым, Аллах учун кайсы амалды аткардым?
Кунум бутуп олсом эгер кабырда кантип жатамын?
Мункар менен Накир келсе суракка,
Эмне деймин, аларга жообум даярбы?
Парз кылынган 5 убак намазым окулбаса,
Кабырда жылан 5 маал келип чагып турса,
Кантип чыдайм Ал азапка оо Жараткан?
Кучтуу ыйман, Хидаят бер! Бекем кылчы амалга.
Кыямат куну амалы жок жузу кара болуудан,
тозоку болуп алоолонуп отун сыяктуу жануудан,
Оо Жараткан сактай коргун андай катуу азаптан!
Ажал келе электе кур койбогун амалдарды аткаруудан.
Куйсо жаным алоолонгон тозоктогу отуна,
Чыдай албайм, Оо Аллахым калгым келбейт каарына.
Сен кааласан баары болоор бир заматта,
Каалачы, мен да болоюн суйгон пендендин катарында.
Ыйман берчи, амал кылган пенден болоюн такыбаа.
Татыктуу Уммот болуп суйуктуу элчин Мухаммадка.
Кабырым нурдуу, акыретте Фидауста,
Кошуна кыл, саллаллааху алейхи васалламга.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#956 Пользователь офлайн   chyragym   27 Май 2016 - 16:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИИМ .
БИРООНУ ЖАКШЫ КОРУУ ЖОНУНДО .
Микдом ибн Ма'ди Кариб р.а айтты:" РАСУЛУЛЛАХ С.А.В :" СИЗДЕРДЕН КАЙСЫ БИРИНИЗ БУРАДАРЫНЫЗДЫ ЖАКШЫ КОРСО , ЖАКШЫ КОРУУСУН АГА МААЛЫМ КЫЛСЫН ",- ДЕДИ "...
Абу Хурайра р.а айтты ;" РАСУЛУЛЛАХ С.А.В :" БИРИ БИРИНИЗДЕРГЕ ХАДЯ ( БЕЛЕК ) БЕРИНИЗДЕР , АРАНЫЗДАРДА МАХАБАТ ПАЙДА БОЛОТ ",- ДЕДИ "...
Муаз ибн Жабал р.а айтты :" БИР БУРАДАРЫНДЫ ЖАКШЫ КОРСОН , АНЫ МЕНЕН ЖАНЖАЛДАШПА , ЭКИ ТАРАПКА ЖАМАНДЫК КОЗГОЙ ТУРГАН АРАКЕТТЕРДИ ДА КЫЛБА ЖАНА АЛ ЖОНУНДО СУРУШТУРБО , СЕБЕБИ СУРУШТУРГОН АДАМЫН АНЫН ДУШМАНЫ БОЛСО ,АЛ ЖОНУНДО ЖОК НЕРСЕЛЕРДИ СУЙЛОП АРАНАРДЫ БУЗУП КОЕТ "...
⭐ Ислам Нуру кызматы.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#957 Пользователь офлайн   chyragym   27 Май 2016 - 16:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Шуратул Ислам деген эски китепте
айтылат.
Мухаммад Яманий деген даанышмандан сурашат.Сиз неге дайым орозо кармап жүрөсүз?-деп.
Анда ал жооп берет.Мен алты кишиге алты түрдүү суроо берип, бир жооп алганымдан, орозо кармадым деди.
Анда алар кайсы суроолор деди.
Жооп берет.
1-Дарыгерлерден сурадым. Ден соолукка шыпаа тамак кайсы десем, алар "аз жеп ачка жүрсөң" оорубайсын деди.
2- Аабидтерден( Кудайга кулчулук ибаадатын кылгандардан) бул даражага кантип жеттиңер деп сурасам "аз жеп ачка жүрүү" менен деди.
3- Даанышмандардан канткенде менин сүйлөгөн сөзүм жүрөктөргө таасирлүү болот деп сурасам "аз жеп ачка жүрүп" сүйлөсөң таасирлүү болот деди.
4- Заахидтерден (Такваа Кудайдан корккон дүйнө ушактарынан оолактардан)кантип бул даражаны таптыңар деп сураганымда "аз жеп ачка жүрүү менен" деп жооп беришти.
5- Аалымдардан( Кары аке Аалым молдолордон) канткенде куран хадистер жүрөгүмө тез жатталат деп сурасам "аз жеп ачка жүрүү "менен деп жооп беришти.
6-Падышаалардан сиздер тамакты жакшы билесиздер, кандай тамак таттуу деп сурасам, алар күндө жеген бал таттуу болбой калат. Ошондуктан "аз жеп ачка " болгон күнү суу да таттуу болот деп жооп беришти.
Мына ушунун негизиде орозо кармап жүрөмүн деп жооп берди Мухаммад Яманий.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#958 Пользователь офлайн   chyragym   27 Май 2016 - 16:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Торт нерсе БЕЙИШ КЕНдеринен экен .
1) Садаканы жашыруун кылуу .
2) Башка тушкон кыйынчылыкты жашыруу .
3) Туугандар менен мамилени бекем кылуу .
4) ЛАА ХАВЛА ВА ЛАА КУВВАТА ИЛЛА БИЛЛАХ созу
Имам Хатиб Али р.а кылган риваятынан .
" Мусулмандарды тилдоодон тилинизди тыйыныз .
Эгер бир киши ааламдан отсо , алар тууралуу жакшы создорду суйлонуз ! "
Имам Табароний Сахл ибн Сааддан кылган риваят .
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#959 Пользователь офлайн   chyragym   27 Май 2016 - 16:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

1: Кураани Карим канча жылда толук түшкөн? Жооп: Кураани Карим 22 жыл, 2 aй, 22 күндө түшкөн. (23) 2: Аллах Таала Жабрейил (АС) аркылуу жиберген аяндарды эмне дейбиз? Жооп: Вахий. 3: Курандагы 114 бөлүмдү эмне дейбиз? Жооп: Сүрө дейбиз. 4: Куранда эң көп кайсы коом жөнүндө айтылат? Жооп: Исраил коому жөнүндө. 5: Курандын алгачкы сүрөсү? Жооп: Фатиха. 6: Курандын акыркы сүрөсү? Жооп: Наас. 7: Курандын жүрөгү деп аталган сүрө? Жооп : Йа сиин. 8: Курандын эң узун сүрөсү? Жооп : Бакара. 9: Курандын эң кыска сүрөсү? Жооп : Каусар. 10: Куранда канча жолу «Бисмиллахир рахмаанир рахиим» деп айтылат? Жооп: 114 жолу. 11: Куранда канча пара (бөлүк) бар? Жооп: 30. 12: Куран кайсы халифанын заманында көбөйтүлүп таркатылды? Жооп: Аз. Усман (РА). 13: Имсак деген эмне? Жооп: Саарлыктын бүтүшү, орозонун башталыш убактысы. 14: Хижрий жылнаама деген эмне жана аны ким түзгөн? Жооп : Пайгамбарыбыз (САВ) Меккеден Мединага көчкөн күнүнөн башталып, айдын жаңырышына карап эсептелген жыл санак. Аз. Умар (РА) түзгөн. 15: Үмүтсүз ыйман деген эмне? Жооп: Фираун сыяктуу өлүп баратып ыйман келтирүү. 16: Пайгамбарыбыздын аялдары? Жооп: 1) Хадича 2) Савда 3) Айша 4) Хафса 5) Зейнеб бинти Хузайма 6) Умму Салама 7) Зейнеб бинти Жахш 8) Жувайрия 9) Умму Хабиба 10) Сафиййа 11) Маймуна 12) Мария (РА) 17: Эң чоң күнөө? Жооп: Ширк. 18: Кабырда кимдерден сурак суралбайт? Жооп: Пайгамбарлардан, жаш балдардан жана акыл-эси кем адамдардан. 19: Орозодо эмне ичсе орозосу бузулбайт? Жооп: Aнт ичсе. 20: Дааратсыз эмнелерди кылууга болбойт? Жооп: Намаз окууга, Куранды кармоого, таваф кылууга. 21: Meккеде Куранды ачык жарыя кылып окуган сахаба? Жооп: Абдуллах ибн Масуд. 22: Куранда аты аталган аял? Жооп: Аз. Мариям. 23: Куранда «Бисмиллах» менен башталбаган сүрө? Жооп: Тообо. 24: Куранда аты аталган сахаба? Жооп: Аз. Зейид бин Харисе. (Ахзаб сүрөсү 37-аят) 25: Эң биринчи кайсы сүрө түшкөн? Жооп: Алак сүрөсүнүн алгачкы 5-аяты 26: Кыямат башталаарда сурнай тарта турган периште? Жооп: Аз. Исрафил 27: Казасы окулбай турган фарз намаз? Жооп: Жума намаз. 28: Беш убак намаз кайсы түндө парз болгон? Жооп: Мираж түнү. 29: Иса пайгамбардын сахабалары эмне деп аталат? Жооп: Хаварийлер. 30: Мусулмандардын ыйык күнү? Жооп: Жума күнү. 31: Мусулмандардын алгачкы кыбыласы? Жооп: Кудустагы Акса мечити. 32: Муса пайгамбарга кайсы китеп түшүрүлгөн? Жооп: Тоорат. 33: Шариятта эркектерге кандай кедемеден тигилген кийим арам кылынган? Жооп: Жибек. 34: Бешиктеги кезинде сүйлөгөн пайгамбар? Жооп: Аз. Иса алейхисалам. 35: Балык жутуп алган пайгамбар? Жооп: Аз. Жунус алейхиссалам. ыйман жолу
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#960 Пользователь офлайн   chyragym   27 Май 2016 - 20:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

БИЗДИН ААЛЫМДАРДЫ ЫЙЛАТКАН АЯЛ
"Бир куну бир келин муфтиятта иштеп жатканымда келип мага мындай суроо берди:
-Мен 5 убак намаз окуйун десем, куйоом катуу каршылык корсотот. Бирок куйоомду капа кылып албайын деп ваннага кирип сууну агызып койуп, ванна ичинде тар жерде намазымды окуйм. Намазымды окуп бутуп, чачымды суулап, Сулгу менен оронуп чыгам. Бир кундо 5 жолу ушинтип куйоомду алдап келем. Ушул намазым жарайбы жарабайбы??? ?
МЕН ЖООП БЕРЕ АЛБАЙ КАЛДЫМ!!
Ал келин Кетээри менен Кабинетиме кирип алып ыйладым.
Бир чети окунуп ыйласам бир чети кубанып ыйладым
- УШУНДАЙ КУДАЙДАН ЧЫН ЫКЛАСТАН КОРККОН АЯЛДАР КЫРГЫЗСТАНДА БАР ЭКЕНИНЕ КУБАНЫП ЫЙЛАДЫМ
-КЫРГЫЗДА ДА УШУНДАЙ ЧЫН ЫКЛАСТАН КУЙООСУН СЫЙЛАГАН АЯЛДАР БАР ЭКЕНИНЕ КУБАНЫП ЫЙЛАДЫМ.
МЕН ИШЕНЕМ МЫНА УШУНДАЙ АЯЛДАРДАН ГАНА КЫРГЫЗДЫ БАШКАРУУЧУ ЭЛИНЕ ЧЫН ЫКЛАСТАН КУЙУП КЫЗМАТ КЫЛУУЧУ ЭЛ ЛИДЕРЛЕРИ ТОРОЛУШУНО! !
Эстен чыгарбайлы АР БИР КУРЧ, атактуу ЭРКЕКТИН АРТЫНДА АЯЛ ЖОЛОП ТУРАТ..."
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 27 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 27, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 23:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: