19ХХ-жылы 7- август.
Жаш экенине карабастан көптөгөн ырларды жараткан, Жүрөк үнү аттуу китеби жарык көргөн.
Ырлары менен бөлүшө кетейин.
БОРООНДОГУ ЫР...
Аяктабай кыш сапары эмгиче,
Аяз жүрөт этек-жеңди чымчылап.
"Ушул суук балээ болду" деп коюп,
Улам элдер кейийт жака кымтылап...
Сейил бак да аппак болуп бир укмуш,
Сезимимди арбайт кыштын жамалы.
Түбүң түшкүр сүйүү сууктан алсызбы?
Түк көрүнбөйт кыз-жигиттин карааны...
Сүйгөнүмдү чакырсамбы же өзүм,
Сүрөт, пейзаж жагар эле ар дайым.
Коомайланып назик эле бирок ал,
Кой кокуйгүн, суук тийгизип албайын...
Коньки тээп ойноого да болчудай,
Калаадагы жолдун баары тайгалак.
"Шуу-шуу" этип 120 ны кармабай,
"Шумахерлер" демейдеги жай
барат...
Күмүш түстүү төшөлгөнсүп баркыттар,
Күзгү болуп тоңгон экен балчыктар.
Не болду экен азыр кышты сүйгөндөр?
Не болду экен үйсүз калган байкуштар...
Аянттагы сүрөтчү жок эл тарткан,
Аяз аны ооруткан го "бир уруп".
Жалтаң карап, акча таппай бечара,
Жатса керек аялынан тил угуп...
Эртең эле бирок кайра жаз келет,
Эх чиркин ай, кандай бакыт тирүүлүк.
Жалын болуп суукту тоотпой барам мен,
Жаңы бир ыр жазганыма сүйүнүп...
Сен мени сүйчү чындап...
А бирок кир болбосун кыпындай да!
Казаттан келген сымал чарчап турам,
А сүйүүң кубат берсин ушундайда...
Сен мени сүйчү чындап...
Ансыз да боздоп көңүл, ич эзилди.
Артыма кайрылайын баш көтөрүп,
Аскадан бой таштатпай ишенимди...
Сен мени сүйчү чындап...
Жол бербей бузулууга, булганышка!
Көз болуп сүйүүң менин көөдөнүмө,
Кайра келген болоюн бул жарыкка:
Сүйөйүн дос, душманды,
Сүйөйүн табиятты, сырдашайын!
Жар салып махабаттын кудуретин,
Жан эргип, кайра баштан ыр жазайын!
Чын сүйчү... Мен да сүйөм...
Далилдеп сүйүү баркы бийиктигин!
Бактылуу кылалбасам булар үчүн,
Кайсы анда мырзалыгым, жигиттигим!
БИР СҮРӨТ…
Айга, Күнгө теңебеймин сизди мен,
Андан балким артык болуп жүрбөңүз.
Ашык болуп калганымды жашырбай,
Аша чапсам азыр эле тилдеңиз.
Көзүңүздү карагаттай дебеймин,
Андан сулуу, андан мөлтүр балким ал?
Бир күмөнүм, бир күйгөнүм ушунда,
Бирок сүйгөн адамыңыз бар чыгар?
Деги кандай өзгөчөсүз өзгөдөн,
Дем болдуңуз дарысындай капамдын.
Эң кызыгы окшош чыкты атыңыз,
Бойдок кезде сүйгөнүнө атамдын.
Атам анын сактап койгон сүрөтүн,
Сүйсө керек таза, жаштык дил менен.
Арзуудагы анык урмат ушудур,
Апам аны өрттөбөгөн, тийбеген.
Сиз да мага бериңизчи бир сүрөт,
Болмок мага баа жетпеген байлыктай.
Сизге жетпей калсам дагы жашоодо,
Сактам жүрөм жубайыма айрытпай...
КАЗАК КЫЗГА
Ырыс чачкан ошол сырдуу кечте бир,
Ыр окуса карегинен от тама,
Жүрөгүңдү ээлеп кеткен, эстедир?
Жүлжүгүй көз, ыр жыттанган шок бала...
Укмуштуудай лира төгүп дилиңден,
Улагансың сен да анда ыр артын...
Таттуу кечтин унутпадым бирин мен,
Такыр сен да унутпаган чыгарсың..?
Эстегенде көнүл жибип, "аурмас" ,
Элес болуп күндөр калды эх кандай...
Билбейм анда не арзыштык "баурдас" ?
Бизди бөлөр жолдор барын эске албай...
Сагынычтар пайда кылган жок мага,
Сезилди бир санаа басып жүргөнү...
Кылт деп эске түшкөн чыгар шок бала?
Кыргыз ырын сен тыңдаган күндөрү...
Келер күндөр башыбызга келгиче,
Келечекти койду дейсиң ким билип...
Кадырыңа жетсе керек эмгиче,
Казактардан гүл арнаган бир жигит...
А мен болсо кыргыз уулу, жаным бек,
Алп тоолордон үнүн уккан улардын...
Кыраандыгым гүлсүз эми далилдеп,
Кыргыз кызга көктөн жылдыз сунармын...
Ырыс чачкан ошол сырдуу кечте бир,
Ыр окуса карегинен от тама,
Жүрөгүңдү уурдаганы эстедир,
Жүрөгү курч, кыргыз бала, шок бала...
ТИЛЧИНИН АРЗУУСУ
Сен жанымда жүргөндө санаам жоктой,
Сезим бийлеп жүрөктү, жанам чоктой.
Жашоомдо сен «ЭЭ» болуп калган үчүн,
Жандап жүрөм ар убак «БАЯНДООЧТОЙ».
Турам эми сүйүүдө болуп сараң,
Кызганычтан дилимди оорутпа жан!
Тоодой кылып, эч качан бөксөртпөстөн,
«ТОЛУКТООЧСУҢ» бактымды толуктаган.
Көңүлүмдү имерип кылдат гана,
Көзүңдөн сыр төккөнүң кымбат мага!
Болсо кокус ортодо таарынычтар,
Алалы аны «КАШААГА», «ТЫРМАКЧАГА».
Улуу Күндүн илебин уурдагандай,
Эх, жүзүңдө жылуулук, нур бар андай!
Эми тилейм: Сүйүүбүз сакталса деп,
Эскирбеген, бүтпөгөн «ДИЛ БАЯНДАЙ»…
Билдирүүнү түзөткөн: A3A: 08 Апрель 2015 - 14:56