Азыркы доордо Ислам сөз менен эмес,көбүнчөсүн амал менен даават кылынуусу керек!
"Ыйман казынасынын" асыл кенчи Кысса-окуялар,хадис-макалалар
#103 24 May 2016 - 09:42
ЧЫЛЫМСЫЗ ЖАШОО
Жолду ээлеп көөдөнүн улам керип,
Бара жатты жаш жигит чылым чегип.
Чылым менен ажал келе жаткандай,
Коркуп турдум алчудай колун берип...
Көк түтүнгөбөлөп басып көңүлүн,
Кете берди күлүп-жайнап кубанып.
Чылым эмес- кудай берген өмүрүң,
Кайра күйбөйт бүгүн өчсө тутанып.
Издеринеажалдын күлүн чачып,
Улам үйлөйт түтүндү оозун ачып.
Түтүн менен ден-соолук кетип жатты,
Уу жыттанган денеге батпай качып.
Өтүп кеттимжанынан капа болуп,
Жигит калды тийишип артта күлгөн.
Аяп турдум мен аны боорум ооруп,
Барчын кезде денеси быкшып жүргөн.
Айталбадым, ал мени укмак эмес,
Насаат сөзүм көңүлгө чыкмак эмес.
Жок нерсенин кадырын барда билбейт
Жанат дайым көзүндө жаркын элес.
Кудай бергенденени сактай албай,
Жигит эмес, кыздар дагы сасып жүрөт.
Жоготолу чылымды жашообуздан,
Бороон сындуу учуруп жолдон күрөп
Автор:ЖибекАкматбекова
Жолду ээлеп көөдөнүн улам керип,
Бара жатты жаш жигит чылым чегип.
Чылым менен ажал келе жаткандай,
Коркуп турдум алчудай колун берип...
Көк түтүнгөбөлөп басып көңүлүн,
Кете берди күлүп-жайнап кубанып.
Чылым эмес- кудай берген өмүрүң,
Кайра күйбөйт бүгүн өчсө тутанып.
Издеринеажалдын күлүн чачып,
Улам үйлөйт түтүндү оозун ачып.
Түтүн менен ден-соолук кетип жатты,
Уу жыттанган денеге батпай качып.
Өтүп кеттимжанынан капа болуп,
Жигит калды тийишип артта күлгөн.
Аяп турдум мен аны боорум ооруп,
Барчын кезде денеси быкшып жүргөн.
Айталбадым, ал мени укмак эмес,
Насаат сөзүм көңүлгө чыкмак эмес.
Жок нерсенин кадырын барда билбейт
Жанат дайым көзүндө жаркын элес.
Кудай бергенденени сактай албай,
Жигит эмес, кыздар дагы сасып жүрөт.
Жоготолу чылымды жашообуздан,
Бороон сындуу учуруп жолдон күрөп
Автор:ЖибекАкматбекова
#104 24 May 2016 - 10:08
АДАМДАРДЫН ЭҢ ЖАКШЫСЫ БОЛГУҢ КЕЛЕБИ?
Даанышман бир заткычыраган кыштын суук күндөрүнүн биринде короодо сейилдеп жатып,айран саткан аялдын үнүн угуп калат.Дароо элеаялына:
-Тур,идиш алыпкел,айран алалы,-деп буйрук берет.
Анда аялы:
-Айран бизде бар,азырынчаага муктаждыгыбыз деле жок,-деп таң калат.
-Биздин айрангаболгон муктаждыгыбыз жок болуусу мүмкүн,а бирок айранчынын айран сатылуусунамуктаждыгы бар деп ойлойм.Анткени эртеден бери көчөдөн үч жолу өттү...,-депжооп берген экен күйөөсү.
Жакшы адамболуу-бир маселе,ал эми адамдарга жакшылыгы жана пайдасы тийген адамболуу-көрүнгөндүн колунан келе бербеген бийиктик!
Пайгамбарыбыз(агаАллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн куттуу хадисинде мындай дейт:
“Адамдардын эңжакшысы-ошол адамдарга эң көп пайда(жакшылык) бергени”
Башка бирхадистин маанисинде мындай деп айтылган:
“Кимде-ким бир мусулмандын кажетин(муктаждыгын) бүтүрсө,Жараткан Аллах ал кишинин муктаждыгын чечип берет.Кимде- ким бир мусулмандын кайгысын тең бөлүшүп, кубанычка бөлөсө,Жараткан Аллах Кыямат Күнү ал пенденин кайгысын жеңилдетип, кубандырат.Кимде- ким мусулман адамга кепилдик кылса,Жараткан Аллахал кишини Өз кепилдигине алат”

#106 24 May 2016 - 10:43
ЖАКШЫ СААМАЛЫК
Сиз классташтарыңызменен кайсыл ресторанда чогулуп,канчадан акча топтоону ойлонгуча, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айылындамектеп бүтүрүүчүлөрү 10 жылдык кече өткөрүүнүн ордуна 7 балалуу жалгыз бойэнеге 4 бөлмөлүү үй куруп беришти.
Жергиликтүүмектепти 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр акча чогултуп, ал каражатка 7баланы жалгыз тарбиялаган Гүлбара Курманалиевага үй куруп берүүнү чечишкен.
Үй 4бөлмөлүү. Бүтүрүүчүлөрдүн бири Нуркан Соорбекованын айтымында, бүтүрүүчүлөр 10жылдыкты белгилөө боюнча идеяларды талкуулоодо жалгыз бой энеге үй куруп берүүчечими кабыл алынган.
Классташтаракча чогултушуп, ал каражатты дасторконго кетирүүнүн ордуна керектүү нерсегежумшап, үй куруп берүүнү колго алышкан. Алар көптөгөн жакшы нерселерди жасагангаүлгүрбөй, каза болуп калган Кабылбек Медетбеков аттуу молдонун үй-бүлөсүнө үйкуруп берүүнү колдошкон.
Анын 6кызы жана кичинекей бир эркек баласы калган. Жубайынын үй курууга мүмкүнчүлүгүжок. Ал эми эски үйү урап бараткан. Жалпысынан 20 бүтүрүүчү чогулган. Ал эмичет мамлекетте жашап жаткан бүтүрүүчүлөр акча салып жиберишкен.
Үйдүжергиликтүү тургундар жана бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн күчү менен 1 жыл ичиндекурушту. Жаңы үйдүн ачкычын тапшырууда Г.Курманалиева ыраазычылыгын билдирди.
Бүтүрүүчүлөрдүнайтымында, үйдүн курулушуна жана жайгаштырууга курулуш материалдарынан тышкарыкошумча дагы 300 миң сом жумшалган.

#107 25 May 2016 - 10:47
Эч качан бирѳѳгѳ ылай чаптаганга шашпа!
Анткени ылай ага тийбей калуусу мүмкүн,
а бирок сенин колуң ылай болуусу анык.
Анткени ылай ага тийбей калуусу мүмкүн,
а бирок сенин колуң ылай болуусу анык.
#108 25 May 2016 - 10:49
ЖЕТИНЧИСИ УУЛ ЭКЕН...
Атакеси күндө тилеп самаган,
Уулум турду күлүмсүрөп караган.
Алты кыздын аркасында кут болдуң,
Көп кыздардан атакебиз тажаган.
Тойбой карап жамалына уулумдун,
Кубанычтан жүрөк толкуп ыйладым.
Көп жыл бою азап кылды атакең,
Эрте келбей уулум мени кыйнадың.
Келбетиңди алтын мененойгондой,
Атакеңди кичирейтип койгондой.
Каралдым ай, көптөн күткөн белегим,
Далай түштөн көргөм сени ойгонбой.
Кара чачың желде ойнопжелбиреп,
Сени көрүп ыйлап турам элжиреп.
Келчи балам, апакеңе жакын кел,
Ак сүт толгон мээрим берем энчилеп.
Жеткизбедиң! Жетсем уламкачасың,
Токто балам! Кимди көздөй шашасың?
Атакең да сени көрсүн кубанып,
Чоң той берип арнайт сага батасын!
"Жок апаке! Сизгетакыр бара албайм,
Ак сүт эмип мээримиңе кана албайм.
Ортобузга кара тосмо тартылды,
Жалбарсам да уулуң болуп жана албайм...
Сабыр кылбай пенделергеишенип,
Азгырыктын кооз төшөгүн жыйдыңыз.
Кудай эмес, коркуп менин атамдан,
Алла берген жанымды сиз кыйдыңыз..."
От чачырап сулуу каракөзүнөн,
Коркуп турдум өз уулумдун сөзүнөн.
Чуркай албай бутум турду тушалып,
Жинди болуп, кете түштүм өзүмдөн...
Кичинекей колун магабулгалап,
Зарлап күткөн уулум кетип баратат.
Кулунум!-деп ач-айкырып салсам да,
Карап койбой жүрөгүмдү канатат.
"Ойгонуңуз! Баарыбүттү эже",- деп,
Үнсүз турду мээрман айым муңайым.
Көз салгандай ичимдеги тозокко,
Үшкүрүндү көтөргөндөй убайым...
Тагдыр жазган тамашасынкараңыз,
Бул жашоодо кызды дагы баалаңыз.
Кыз деп чанып "аборт" менен жайлаган,
ЭРКЕК ЭКЕН жанын алган балабыз!! ! ((
Көп аталар кыз төрөсөжинденип,
Душман көрүп күнөөлөшөт аялын.
Аял эмес кудай жасайт балаңды,
Өзүң сепкен үрөөнүңдү баалагын...
Автор:Жибек Акматбекова
Атакеси күндө тилеп самаган,
Уулум турду күлүмсүрөп караган.
Алты кыздын аркасында кут болдуң,
Көп кыздардан атакебиз тажаган.
Тойбой карап жамалына уулумдун,
Кубанычтан жүрөк толкуп ыйладым.
Көп жыл бою азап кылды атакең,
Эрте келбей уулум мени кыйнадың.
Келбетиңди алтын мененойгондой,
Атакеңди кичирейтип койгондой.
Каралдым ай, көптөн күткөн белегим,
Далай түштөн көргөм сени ойгонбой.
Кара чачың желде ойнопжелбиреп,
Сени көрүп ыйлап турам элжиреп.
Келчи балам, апакеңе жакын кел,
Ак сүт толгон мээрим берем энчилеп.
Жеткизбедиң! Жетсем уламкачасың,
Токто балам! Кимди көздөй шашасың?
Атакең да сени көрсүн кубанып,
Чоң той берип арнайт сага батасын!
"Жок апаке! Сизгетакыр бара албайм,
Ак сүт эмип мээримиңе кана албайм.
Ортобузга кара тосмо тартылды,
Жалбарсам да уулуң болуп жана албайм...
Сабыр кылбай пенделергеишенип,
Азгырыктын кооз төшөгүн жыйдыңыз.
Кудай эмес, коркуп менин атамдан,
Алла берген жанымды сиз кыйдыңыз..."
От чачырап сулуу каракөзүнөн,
Коркуп турдум өз уулумдун сөзүнөн.
Чуркай албай бутум турду тушалып,
Жинди болуп, кете түштүм өзүмдөн...
Кичинекей колун магабулгалап,
Зарлап күткөн уулум кетип баратат.
Кулунум!-деп ач-айкырып салсам да,
Карап койбой жүрөгүмдү канатат.
"Ойгонуңуз! Баарыбүттү эже",- деп,
Үнсүз турду мээрман айым муңайым.
Көз салгандай ичимдеги тозокко,
Үшкүрүндү көтөргөндөй убайым...
Тагдыр жазган тамашасынкараңыз,
Бул жашоодо кызды дагы баалаңыз.
Кыз деп чанып "аборт" менен жайлаган,
ЭРКЕК ЭКЕН жанын алган балабыз!! ! ((
Көп аталар кыз төрөсөжинденип,
Душман көрүп күнөөлөшөт аялын.
Аял эмес кудай жасайт балаңды,
Өзүң сепкен үрөөнүңдү баалагын...
Автор:Жибек Акматбекова
#110 25 May 2016 - 20:31
БҮТҮРҮҮЧҮ КЕЧЕНИН ОРДУНА ЖАРДЫ ҮЙ БҮЛѲѲГѲ БИР АК ТУЛПАР
Кыргыз эли тээ илгертен бир нерсенитуурамай жагынан эч кимди алдыга чыгарбай келет. Ѳкүнүчтүү жери жакшы жаңылыктыэмес, кѳбүнчѳсүн жаман каада-салт,үрп- адатты ойлоп чыгара коймой да жайыбыз бар.Бирок акыркы мезгилде бир топ алгылыктуу иштер болуп жатканын жашыраалбайбыз, анткени коомубуздун жаштары үлгү болуп,кѳптѳгѳн ысырапчеликке алыпбарган салт-санааларды токтотуп жатышат.
Алардын бири Сокулук районундагыТѳш- Булак айылынын жашоочулары. 10 жылдык бүтүрүүчү кеченин ордуна айылдагы экижарды үй бүлѳгѳ бирден баш жылкы сатып беришти.
Арина Мамбетказиева 4 жыл мурункүйѳѳсүнѳн ажыраган,жалгыз бой 3 баланы тарбиялап келет.Анысы аз келгенсипжакында оор операцияны да башынан ѳткѳзгѳн келин тулпарлуу болду.
Ал эми экинчи тулпардын ээси –ѳмүрбою чабан болуп эмгектенип, эки жыл мурун микроинсульттан жабыркаган КанатТашкеев агабыз.Бүтүрүүчүлѳрдүн белеги Канат байкебиздин үй-бүлѳсүн да кубанычкабѳлѳдү.
10 жылдыктын ээлери кылган булсаамалыгы акыркы болбостон,кѳбүнѳ ибрат болот деген аруу ниетте экенинжашырышкан жок.

#111 26 May 2016 - 10:38
10 ЖЫЛДЫК ОРДУНА ЖОЛ ОҢДОП СООП ТАПКАНДАР
Манастан Чубак кем бекен деп ,Сокулук жанаТаластын азаматтарынан өрнөк алган Лейлек районуна караштуу Голбо айылында мектепти аяктаганынын 10 жылдыгын тосо тургандар көрүстөнгө барчу жолду оңдоп-түзөп, шагыл төшөп беришти. Бул жакшылыктар улам көбөйө берсин.Жакшылык иштежарышуудан артык рахат жок.Анткени Жараткан Аллахтын китебинде мындай өкүм келген:
“Бири-бириңерден озуп(жарышып) жакшылык(иштерди) жасагыла! ”(Бакара сүрөсү,148 аят)

#112 26 May 2016 - 11:18
БАКТЫЛУУ ҮЙ БҮЛӨӨНҮН ФОРМУЛАСЫ
Азыркы коомубузда аял-эркек мамилеси бузулуп,биздин эле өлкөдө бир айына800, бир жылына 10 000,ал эми күнүнө 25-30 үй бүлөө ажырашат экен.Аныничинде жаңы үйлөнгөндөр үчтөн бирин түзөт.Канчалаганпсихологторго, семинар-тренингтерге деле барып жатабыз,жашоонун шартын деле оңопалдык,а бирок бактылуу жашоо келбегендей. Анткени бактылуу үй бүлөөнүнформуласын билбейбиз.
Аял да,эркек да Жаратканды таанып,ага ибадат кылып,Аллахка жакындамайын эчнерсе оңолбойт.Канчалык аял-эркек Аллахка жакындаган сайын,алар өз ара дажакындаша баштайт.Чындыгында бир гана диндарлык ар бир адамдын бир гана укугунталап кылууну эмес,а балким милдетти аткарууну да үйрөтөт.

#113 26 May 2016 - 11:37
ДИНДЕШ БОЛГОН ТУУГАНЫМА АСЫЛБА!!
!
Сен күлгөнгө күлөалбасам каткырып,
Сен сүйгөндү сүйө албасам жактырып.
Билбейсиңби менин дагы тандоом бар,
Мажбурлаба өз жолуңдан бастырып...
Жашоосунда бара жаткан түз басып,
Сакалчанга, жоолукчанга асылба.
Алар үчүн салык төлөп жаткандай,
Аңкоо сындуу сөз айтканга шашылба!
"Сакалчан" деп бет кылдаргаасылып,
Мечит көрсө кирбей качат жашынып.
Котур болгон эшек сындуу айкырат,
Дааватчы деп, дамбалчан деп кашынып.
Жоолук салса "Хиджапкүл" деп мазактап,
Чөлдөн келген чөөлөр сындуу карашат.
Сандар ачык, төш булактап жүргөндү,
Сулуу кыз деп жүрөк сууруп баалашат.
"Террорчу" деп мечиттердиаңдышып,
Шектенишет жаакты көрсө карарган.
Элди бузган сойкулар да "террорчу" ,
Күнөөлөбөй санын самайт агарган...
Динибизди сакал менен баалабай,
Жоолук салса чалыр болуп карабай,
Билип жүргүн ак-каранын салмагын,
Акыл калчап, таразалап дааналай...
Намаз окуп дин жолунда жүргөндөр,
Тийишпейби, сен да аларга тийишпе.
Бирөөгө эмес керт башыңа сурак бар,
Өзүңдү ойлоп башкаларга киришпе...
Каршы эмесмин кимге айланып сыйынсаң,
Мейли тарса, теңирчи бол, баптист бол!
Диндеш болгон тууганыма асылба,
Ислам дини мээрим толгон ыйык жол!!!
Автор:ЖибекАкматбекова
Сен күлгөнгө күлөалбасам каткырып,
Сен сүйгөндү сүйө албасам жактырып.
Билбейсиңби менин дагы тандоом бар,
Мажбурлаба өз жолуңдан бастырып...
Жашоосунда бара жаткан түз басып,
Сакалчанга, жоолукчанга асылба.
Алар үчүн салык төлөп жаткандай,
Аңкоо сындуу сөз айтканга шашылба!
"Сакалчан" деп бет кылдаргаасылып,
Мечит көрсө кирбей качат жашынып.
Котур болгон эшек сындуу айкырат,
Дааватчы деп, дамбалчан деп кашынып.
Жоолук салса "Хиджапкүл" деп мазактап,
Чөлдөн келген чөөлөр сындуу карашат.
Сандар ачык, төш булактап жүргөндү,
Сулуу кыз деп жүрөк сууруп баалашат.
"Террорчу" деп мечиттердиаңдышып,
Шектенишет жаакты көрсө карарган.
Элди бузган сойкулар да "террорчу" ,
Күнөөлөбөй санын самайт агарган...
Динибизди сакал менен баалабай,
Жоолук салса чалыр болуп карабай,
Билип жүргүн ак-каранын салмагын,
Акыл калчап, таразалап дааналай...
Намаз окуп дин жолунда жүргөндөр,
Тийишпейби, сен да аларга тийишпе.
Бирөөгө эмес керт башыңа сурак бар,
Өзүңдү ойлоп башкаларга киришпе...
Каршы эмесмин кимге айланып сыйынсаң,
Мейли тарса, теңирчи бол, баптист бол!
Диндеш болгон тууганыма асылба,
Ислам дини мээрим толгон ыйык жол!!!
Автор:ЖибекАкматбекова
#114 26 May 2016 - 14:36
Намаз окугула, зекет бергиле жана тизелерин ийгендер менен бирге (жамаат менен) тизеңерди ийгиле (Бакара 43-аят)
#115 26 May 2016 - 18:27
ЖУБАЙЛАРГА НАСААТ
Аял-эркекурушат, эси кеткен болушат демекчи, коомчулукта бир үй бүлѳѳнү сактап калуу-бирмамлекетти сактап калууга тете иш.
Кээ бириакыл-насааты ,башка бирѳѳсү ѳз жашоосу менен кѳрсѳтүп жатса, Турдакун Ниязалиев агабызменен акын Жибек Акматбекова ырлары мененжубайларды бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып келишет.
ЖаратканАллах акын ага жана карындашыбыздан ыраазы болсун!
Ылайымэле үй бүлѳѳлѳр ажырашпасын, жаш балдардын күлкүсү ар бир үйдѳ жаңырып турсун!

#116 27 May 2016 - 09:39
СИЗ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИНЕ ЭМНЕ КЫЛДЫҢЫЗ?
Урматтуу ага-ини,эже- карындаштар! Бүгүнөлкөбүздүн баардык мектептеринде акыркы коңгуроо жана бүтүрүү кечелери өтүпжатат.Эгерде эл катары сиз да ресторанда курсак чампайтуу жана бирөөлөргөкымбат машине же көйнөгүңүздү көрсөтүү үчүн эле барсаңыз,анда курупсуз....Анткениэлдин балдары андай эл көрсүн менен алектенбей, сооп ишке аракет жасап жатышат.
Мисалга алсак, Ак-Талаадагы мектептин 20жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү ата-энесинен ажыраган 4 бир тууганга үй куруп жатышат
Нарыноблусундагы Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын 1979-жылы туулган жигиттериата- энесинен ажыраган бир туугандарга үй куруп жатышат.
Маалымболгондой, аталган мектептин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү 300 миң сомго жакынкаражат топтоп, заманбап курулуш материалдарын сатып алышкан. Классташтаркеңешип, ата-энесинен айрылган 4 бир тууганды турак үй менен камсыздоонудемилгелешти.
Биртуугандар — 2 эркек, 2 кыз учурда атасынын агасы Табылды Черикбаевдин колунда.Алар буга чейин үйү жок болгондуктан пилорама цехинин кароолчусунун үйүндөжашап келишкен. Т.Черикбаев дагы майыптыгы боюнча жөлөк пул алат.
Үй куруугаайыл өкмөт тарабынан жер тилке берилди.

#117 29 May 2016 - 07:09
Жараткан Аллах,көптүн-
көлдүн ичинде,бизге да келе жаткан Рамазан айына аман-эсен жетип алууну насип эте көр!
#118 29 May 2016 - 07:19
#119 29 May 2016 - 07:25
ЖАКШЫЛЫК ЭСТАФЕТАСЫ УЛАНУУДА
Кадамжай районундагы 10жылдык бүтүрүүчүлөр айылдагы аялдамаларды оңдоп-түзөп жатышат.
Аллахым алардан ыраазыболсун, мындай жакшылыктар башкаларга да “жуксун”!
Кадамжай районундагы 10жылдык бүтүрүүчүлөр айылдагы аялдамаларды оңдоп-түзөп жатышат.
Аллахым алардан ыраазыболсун, мындай жакшылыктар башкаларга да “жуксун”!

Супер-Инфо
super.kg
видео