Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • 51
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#961 Пользователь офлайн   chyragym   27 Май 2016 - 20:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ассаляму алейкум урматту мусулман бир туугандар бугун бир журокту зыркыраткан окуя уктум жана аны силер менен болушконго ашыктым
Эки мусулман кыздары бири бири менен дос болчу, алардын бири аябай такыбадар кыз эле жолугун башынан албай ибаадатын баарынан биринчиге койоор эле, эки дос кыз сабагын бирге аткарып бири бирине уй иштеринеда жардам берчуу.
Салиха кыз досуна ар дайым жолугунду салчы ибаадат баштачы дос эки дуйно бактылуу болосун бул дуйнодогу достугубуз ары дуйнодода уланат буйруса деп коп кайталар эле, бирок укчу эмес озунун четинде оба кудай буйруса деп койчу.
Кундордун бирин салиха кыз досунун алдына келсе ыйлап олтуруптур, ай эмне болду? Не ыйлайсын? Деген суролорду угуп сен себепчисин сен гунолу бар кет келбе менин алдыма деп ыйлаган бойдон ичкери кирип кетти.
Кийин билсе ал кыз суйлошкон жигит мен сени менен суйлошпойм мен оронгон ыймандуу кызга уйлонгум келет мен сенин курбулаш кызынды суйуп журом деген экен.
Ал окуядан кийин салиха кыздын досу аябай окунучтуу акыбалга тушуп азыркы копчулук жаштардын тили менен айтканда (модный) болуп балдар менен тынбай жолугууларга чыгып кафеден бери келбей калды. Бир куну салиха кыз дос кызын кочодон коруп кечирип койчу мени мен билген эмес элем билгендеда ыразы болмок эмесмин мени жакшы билет эленго десе кулумсуроп ай менин эсимден чыгыпта кетиптир ай кечирим сураба кайра ал мана жакшы болбодубу жашоонун кызыгын эми таптым дос деп кулумсуроду аны уккан салиха ыйлап жиберди, бул кылганын гунода кой бул иштеринди ташта дери менен койчу эми жаш болгондон кийин жыргап алуу керекта деп кетип калды.
Салиха уйго бардыда нафил намазын окум аябай ыйлап дос кызын ыйманга келишин тилеп ыйлап дуба кылды.
Бул убакта досу кафеде бийлеп жашоонун жалган жыргалына малынып жаткан эле, ал жерден уйуно жоноду тымызын озунун болмосуно кирдида уктап калды. Тан атып турду акын башын кармап дааратканага кирип жузун жууп атса мурдунан как ага баштады коркуп кеттида докторго жоноду, доктор жакшы кабар айталган жок кыз рак деген жаман орууга жолуккан экен аз кундору калыптыр.
Ыйлап уйуно барды атасына да апасынада айта алган жок.
Убакыт баттан отуп жатты кун келип акыбалы оорлошуп тошоктон тура албай калды апасы ыйлап атасы сыздап жатты, кыздын козу кайтты.
Кызды жакындары кабырга койуп кайтышты, кабыр азабы башталды алгач сурак болду досунуе ибаадат кыл досум деген созу кулагында жанырып турду ошол жерден кабыр азабы башталары менен кыз ойгонуп кеттин не козу менен корсун тушу экен ох АЛЛАХЫМА шугур деди да досуна карап жоноду.
Бул чындыгында туш эмес а салиха кыздын дубасы эле.
Ошол кундон баштап алардын достугу ислам менен уланып баштады.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#962 Пользователь офлайн   chyragym   29 Май 2016 - 20:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ОКУЯ ~Бир жолу бир киши өзүнүн досуна барды:"Бирөөгө мен төрт жүз дирхам карыз болуп калдым.Ошого сенден жардам сурап келдим"-деди. Ал ошол замат төрт жүз дирхам санап берди.Ал досу кеткенден кийин ыйлай баштады.Аялы акчасынын кеткенине ыйлап жатат окшойт деп:"Ага бергениңе капа болсоң,эмне үчүн бересиң?" -деди.
Ал:"Менин ушунчалык достук байланышым болуп туруп,эмне үчүн анын абалын сураганым жок?Ошондуктан ал мага келип отурат.Мен ошого ыйлайм"-деди. (Итхааф).Фазаил садакат"китеби.
ЫЙМАН НУРУ медиа порталы.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#963 Пользователь офлайн   chyragym   29 Май 2016 - 20:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ЖАШООДОН ТАЖАГАНДА
Ким жашоосунун кыйынчылыктарынан чарчаганда, өлүмдү тилебестен бул дубаны окусун: Аллоохумма ахйинии маа каанатил хайаату хойрол лии. Ва таваф фании изаа ьалимтал вафаата хойрол лии. Мааниси: Оо, Аллах! Жашоо мен үчүн пайдалуу болгонго чейин мага жашоо бер. Ал эми качан мага өлүм пайдалуу болоорун билгениңде өлүм бер. (Бухари) Бул дуба "Тандалган маснун дубалар" китебинен алынды!
ӨЛҮМДӨН ЭЧ НЕРСЕ САКТАП КАЛА АЛБАЙТ
Абу Хурайра (разияллооху анху) минтип айтат: "Мен бир жолу Аллахтын Элчиси (саллаллооху ьалайхи ва салламдын) мындай дегенин уккан болчумун: "Улуу Аллах бир дагы ооруну анын шыпаасы жок кылып жараткан эмес! (Анын шыпаасы эмнеде экенин) билген адам билет, ал эми ким ал (шыпаа) тууралуу эч нерсени билбесе, ошол билбеген боюнча кала берет. Ошондой эле, өлүмдүн гана эч кандай шыпаасы болбойт!" . (Бухари, Тирмизи, Ибни Маажа)
ООРУЛАРГА ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (саллаллоху ьалайхи ва саллам) 99 КЕҢЕШИ китебинен
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#964 Пользователь офлайн   chyragym   29 Май 2016 - 20:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Америкада болгон окуя.> Араб шейхтери кочодо кетип баратса бир бомж кетип баратып чалынып жыгылат ..Аны коргон мусулман бир туугандарыбыз жанына чуркап барып тигил бомжду тургузуп сумкасынан чачылып кеткен бутылкаларын кайра чогултуп беришет.. мынча кичи пейил шейхтерге ыраазы болгон бомж дароо эле:Муслим?Ислам? деп суроо узатты. Алар ооба дешти. Анда бомж : Ыраазычылыгын билдирип жашып ыйлайт..адамдардан дайым кагуу угуп жургон инсан мындай жылуу мамилеге журогу эзилет... Мага ислам дини жагат-деди ал.. Жакса Исламды кабыл ал дешти шейхтер кубанып. Мендей бомж да динди кабыл алса болобу деди ал тандана. Албетте..Аллахтын алдында бай кээдей бирдей. Эмне кылышым керек?? Шахадат келимесин айт.. бомж шахадат айтып жатып.жаш баладай боздоп ыйлап жиберди..токтоно албай шейхтерге ыраазылыгын айтып ыйлап жатты:Рахмат силерге!! ! Бул кандай керемет соз! Журогумду элжиреткен! !! Эми менден откон бактылуу адам жок!!! .. жакшы адеп ахлак кулк муноз аркылуу адамдарды динибизге чакыра алат экенби
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#965 Пользователь офлайн   chyragym   29 Май 2016 - 20:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жаш жигиттин окуясы
“Мен Аллахтын динине кайдыгер караган адам элем. 2000 -жылдары Рамазан айы келгенге чейин мен мечитке барчу эмесмин. Күндөрдүн биринде үйдө уктап жатып, таң калыштуу түш көрдүм. Түшүмдө өзүмдүн керебетимде өзүмдүн уктап жаткандыгымды көрдүм. Аялым келип, мени ойготуп атты. Мен андан: “Эмне болду?”- деп сурасам, бирок ал негедир мени укпайт. Мени кайра- кайра ойготуп жатты. Мен андан кайра-кайра “Эмне болду?”-деп сурасам ал менин сураганымды укпайт.Менин ойгонбогонумду көргөн аялым бир убакта чочуп,агаларымды чакырып келди. Бир кезде врач келип, мени көрө баштады. Мен врачтан: “Эмне кылып жатасың?”-десем, ал да укпайт. Мени текшерип көргөн врач агаларыма менин өлгөндүгүмдү айтты. Алар менин өлгөндүгүмө аябай кайгырышып, аябай ыйлашты, аларды көрүп мен да ыйлап жаттым. Эмнеге булар мени укпай жатышат, эч түшүнө албай жаттым. Келесо болуп калгансынбы. Эмнеге мындай? Эмнеге мен агаларымды, аялымды көрүп, угуп жатам да,алар мени угушпайт? Алар мени жерге көмүү жөнүндө сүйлөшүп,“Эгер бул жакшы адам болсо,Аллах менен эртерээк жолуктурушубуз керек. Эгер жаман адам болсо, анда мындан эртерээк кутулушубуз керек”-деп жатышты. Мени жууп,кепинге орошту. Көрүстөнгө алып жөнөштү. Мен болсо, алдымдан чыккан адамдын баарына “Мен тирүүмүн, мен өлгөн жокмун”-деп айтып жаттым, бирок мени эч ким укпады, эч ким мага жооп бербеди. Көрүстөнгө жеткенде мени жерге имамдын алдына коюшту. Оролгон бойдон жерде жатам, имамды жалооруй карап,“Мен тирүүмүн, мен өлгөн жокмун. Эмне кылып жатасыңар?”- деп жаттым. Бирок имамдан да жооп болбоду. Баарыбир добуштан куран окуйбашташты. Куран окуп болушкандан кийин мени кабырга кое башташты. Ал эми мен болсо, “Токтоткула! Мени көмбөгүлө! Мен тирүүмүн! ”- деп кыйкырып жаттым. Эч ким укпады. Алар кабырды тактайлар менен тосуп, үстүнө топурак салабашташты. Ошондо мен Мухаммаддын (С.А.В) бир хадисин эстедим: “Чындыгында, өлүү адам сөөктү көмүп бүтүп бараткан адамдардын ар бир кадамын угат”. Мен да мени көмүп бүтүпбараткан адамдардын кадамдарын угуп жаттым.Караңгы, ным жерде жатып мунун баарына түшүндүм. Ошол убакта эки адам пайда болду. Бирөөсү менин баш жагыма, бирөөсү бутжагыма туруп, мени сурап башташты.- Сенин кудайың ким?- Менин кудайым....... ... Менин кудайым....... ...........Кудайым ким экенин билчүмүн,бирок эстей албай жаттым, ким эле... кантип анын атын унутуп калдым...... ким эле....... ким эле...........Алар дагы суроо берди.- Сенин Элчиң ким?- Менин Элчим..........
.... Менин Элчим........... .......- Сен диниң кайсы?- Менин диним........... .. Менин диним........... .........Менин аялымдан, дүкөнүмдөн, акчаларымдан, машинамдан башка эч нерсе акылыма келбей койду. Жашоомдогу эң жагымсыз,уяттуу учурлардан башка эч нерсени эстей албай жаттым. Бир кезде алар мени дубинка менен катуу уруп жиберишкенде, мен кыйкырып жибердим. Ачуу үнүм менен кыйкырып, үйдө уктап жаткандардын баарын ойготуп жибердим. Коркуп кеткен аялым:“Эмне болду? Эмне кыйкырып жатасың? Тез жардам чакыралыбы? ”-деп сурап жатты.Ошондо гана мен мунун баары түш экенине түшүндүм. Анан эле мечитте багымдатка азан чакырып калды. Ушул жерден менин жаңы жашоомдун барагы ачылды. Бул түш менин жакшы жолго түшүшүмө, Жараткан тарабынан тыюу салынган нерселерден алыс болуума себепболду. Мен Жараткандын буйругу менен ага баш ийип, ислам жолуна түштүм.Азыр аялым, балдарым, агаларым менен бактылуу турмушта жашайм, мени адашуудан сактап калган Аллахга шүгүр кылам жана биздин жаныбызды алып жатып,бизден мусулман катары ыраазы болушун суранам.! Аллахым Ар бирибизди туура жолго баштасын!
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#966 Пользователь офлайн   chyragym   29 Май 2016 - 20:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Нанды арам кылган - навайчы
Бисмилляхир Рохманир Рохийм!
Буудайга гендик аргындаштыруу менен кирген арам, анан тегирмендеги, андан ары кондитердик фабрикалардагы белгисиз кошулмалар аз келгенсип, эми арамдаштыруу навайчыларга жетти. Кайсыл жерге барба, үйдө тандырга нан жапкан келин жок, баары нанды навайдан алат. Кудага барса да, конок тоссо да, той кылып же сөөк узатса д. албетте дасторкондо кыпкызыл болуп бышкан, кабыгы алмадай жылтыраган навай нандары коюлат.
Анын үстүнө дасторконго отураар замат бата кылып: «Кана нанга караңыздар» - дейт кыргызда. Анан ортодогу нанды алып улам сындырып коноктордун алдына койот.
Ашкана, кафелерди айтпай эле кой. Навай нандарынын түрү көп, кооздугу көз жоосун алат, жытынан шилекейиңе какап өлгөнү каласың. Бул нан коюлбаган дасторкон жок.
Бирок бул керемет нанды навайканаларда да арамга буланып жатканын баары эле биле бербейт. Тагыраагы азыр кайсы навай болбосун надын бетине жумуртканын сарысын, май же сүзмө сүртүп жылтыратат. Аны ЧОЧКОНУН ЖҮНҮНӨН БОЛГОН ЩЕТКА менен сүртөт. Ооба, навайчынын колундагы щетка кадимки эле Шариат арам деген чочконун жүнүнөн жасалат. Жумшак, коюу, нандын бетине из калтырбайт. Анан арзан дагы, кайсы базарга барба толтура.
Өткөндө, чочконун жүнүнөн жасалган щетка менен сүртүлгөн нандын өкүмү тууралуу Чубакка кайрылдым. Ал: «Ажыке, Шариат өкүмү боюнча бул нан сөзсүз арам болот» деп жооп берди. Кийин өзүнүн сабагында да бирөөлөр сураганда ушинтип жооп бериптир. Видеосу интернетте жүрөт.
Пикирлеш инилерим менен атайы ушул иш боюнча шаарга чыктык. Алгачкы эле навайканага бурулуп нанга иштеткен щеткасын сурадык. Көрсөттү. Кадимки эле биз күткөн сары щетка экен. Мунун чочконун жүнүнөн жасалаарын да билет экен. Чубактын фатвасын да угуптур. «Кимдин денесинде кыпынчалык арам болсо...» деп бир хадисти баштасам, «анын дубасы кырк күн кабыл болбойт» деп улантып да койду. Сакалы тизесине түшөт. Маселенин эң оор жери – өзү беш убак намаз да окуйт экен. Бирок алмаштырганы убактысы (!) болбоптур. Бул кандай капилет.
Дагы бир жерге бардык. Ушундай щеткасын алып чыкты. «Бул чочконун жүнүнөн жасалат» десек, «Ушундай жүндүү чочкону кайдан көрдүңөр?» деп бизди келесоодой карайт. «А сен каерлерде болгонсуң?» деп сурасам, айылынан эле Бишкекке келген жан экен. Анан телефондон интернетке кирип, көз алдында ошондой щетканы таап, анын чочконун жүнүн кырып алып жасап жаткан учурун көрсөттүк. «Азыр интернетте баарын жасап койо берет да» деди. Мына ушундай жооп менен кайттык.
Андан аркы навайканада иштегендер кунт коюп угушту. Баштарын чайкап таң калгандай да болушту. Алмаштырабыз деп убада беришти. Анан биз арамдын абалын, аны билип туруп саткан адамдын акыреттеги жоопкерчилигин түшүндүрүп, алдагы жабылып калган нандарды да сатыктан алып коюсун сурандык. Макул деп заматта ары жакка алып коюшту. Биз сүйүнүп кайттык. Бирок арадан он мүнөттөй өтпөй кайра эле ошол жол менен кайтып калдык. Кулап түшө жаздадык. Щетка да ошо, жабылган нан да ошо.
Өзүбүз эле щетка сатып алып, ар бир навайканадагы щетканы алмаштырбасак болбой калды. Базарга бардык. Эки базарга бардык. Баарында ушул щетка. Синтетикасы жок экен. Болгону да жарабайт экен. Базардагылардын бул щетканын чочконун жүнүнөн жасалаарын угуп таң калгандарын айтпа. Ишенбегендери канча. Күйгүзүп да бердик. Жыты кадимки эле күйгөн жүндөй. Бирок, бири да: «Түй ата, өлгөн тура! Мындан түшкөн акча кандай болду эми? Муну жок кылайын. Же жок эле дегенде муну нанга шыбаганы болбойт деп айтайын» дегени болбоду.
Айтаарым: Ар ким өз адалын өзү издесин. Бирөөгө ишенбесин.
Анан синтетикалык же полимер щеткаларды каерден алууну билгендер дарегин айтып коюңуздар. Аллахтын ыраазылыгын жана өзүнүн арамдан саламаттыгын каалагандар ошондой щеткаларды таап, жанындагы же билген навайканадагы чочконун жүнүн алмаштырып койсун. Болгону 70 сом турат экен.
Автор Мыктыбек Арстанбек 20.05.2016.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#967 Пользователь офлайн   HEMKA   29 Май 2016 - 20:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 417
  • Катталган: 22 Март 16
  • Соңку аракети: 02 Июл 2016 21:25

Сүрөт
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#968 Пользователь офлайн   chyragym   29 Май 2016 - 20:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа саллаллооху алайхи уа салламдын кызы Фатима родиаллооху анханын жүзүн эки гана эркек көргөн.Атасы Мухаммад саллаллооху алейхи уа саллам жана күйөөсү Али родиаллооху анху. Кыямат күнү баардык адам баласы жыңалач тирилебиз ошондо Аллах Таала баардык эркектерди "Көзүңөрдү ылдый караткыла азыр баардык аялдардын ханышасы өтөт" -дейт ошондо Фатима энебиз баардык адамдардын алдынан өтүп Бейишке кирет,жадакалса ошол күнү да эч бир эркек анын жүзүн көрбөйт.Эми ойлонуп көрөлүчү биздин айымдардын жүзүн, жүзүн эле эмес аураттарын да күнүнө эле канчалаган эркектер көрөт? Интернет аркылуу, башка аркылуу... Интернеттеги бир сүрөтүңүзгө бир эле лайк басылса ошол адамдын досторунун баардыгы көрүшөт, бул деген фитна (бузукулук). Урматтуу эже карындаштар ошондуктан интернетке сүрөт киргизген туура эмес нерсе, сиздин ауратыңызды канчалаган эркектер көрөт? Сүрөттөрүңүз киргизилген болсо алып коюңуздар. Бул айрыкча хиджап кийип туруп сүрөтүн киргизген кыздарга. Сиз АЛЛАХ ыраазычылыгы үчүн кийдиңиз, а эмне үчүн башкаларга көрсөтүүдөсүз? Сиздин сүрөтүңүзгө ыйманы алсыз балдар гана лайк басышат, ал эми ыймандуу балдардын көңүлү ирээнжийт.Балким ушул жазылган нерселер фитнадан алыстоого себепкер болуп калаар, мен да билгенимди башкаларга айткым келди. Кымбаттуу эжем же карындашым сизге ушул мисалдар жетбесе анда мен сизге айтаар элем" Эгер адамга Аллахтан корк- деген сөз жетбесе анда, анын жүрөгү өлүк жүрөк" · ЫЙМАН НУРУ
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#969 Пользователь офлайн   chyragym   01 Июнь 2016 - 15:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

КЫЗДАРДЫН ЖООЛУК САЛЫНУУСУ Китептин тышы бар, найзанын кыны, карап турсак бардык нерсенин сыртынан капталган “жапкычы” бар. Машинабызды да ар түрдүү кокустуктардан сактоо чийилип, күн тийип эскирип калбоосу үчүн жаап коёбуз. Жабык нерсе ачык нерседен сырдуу көрүнөт, ачып көрүү элдин баарына эле мүмкүн эмес болсо ого бетер барктуу, баалуу деп билинет. Бул буюмдар жөнүндө, а адам баласы, болгондо да назик, сулуу болгон аялзаты өзүнүн сулуулугун, сырдуулугун сактабаса ал сулуулуктун баркы кетпейби?! Аялды бир товар катары маркетингде колдонуу; “Кассага иштегенге кыз керек, эң биринчи сулуу болуш керек, кардарларга дайыма күлүп турушу керек.” Коомдо кабыл алынып калган, аял дайыма сулуу көрүнүш керек деген нерсе бар. Бирок ким үчүн? Ага караган ар бир эркек аттуунун элесинде калуу үчүнбү??? Жоолук кыздардын эркиндигин чектейт-деген пикир кеңири тараган. Бирок сиз кайдан билесиз, балким сиз үчүн эркиндик деп эсептелген нерсе жоолукчан кыз үчүн көз карандылыктын жеткен чеги. Модага болгон көз карандылык, досторунун ичинде обочолонуп калбоо үчүн алар сыяктуу кийинип алардын темасында сүйлөгөнгө аракет кылгандагы көз карандылык, ар дайым сулуу көрүнүшүм керек деп косметиканын түрүн колдонуп, боёксуз элге көрүнө албагандагы көз карандылык. Чындыгында эркиндик, эркиндик деп кыйкырган менен өзүн эркин сезгендердин баары эле эркин эмес. Напсинин каалоолорунан чыга албастан, шайтанга моюн сунуп жашоо, ушул чыныгы эркиндиктин чектелгени. Кыздардын эркиндиги деп жоолукка каршы чыккан эркектер да, кыздардын эркиндигин эмес кыздарга эркин жетишүүнү, жакындоону каалашат болуш керек. Үй-бүлөлүү же үй-бүлө курчу байкелер элестетип көрүңүз, бир күндө эң аз 500 эркектин назарына түшкөн (анын ичинде жакшы ойдо да жаман ойдо да карагандары бар) аялды, жеке өзүңүзгө гана тиешелүү аял деп айта аласызбы? Бираз жылмаюу :)) - Эшмат: Үйлөнө турган кызыңын эмнесине карап үйлөнөсүң? - Ташмат: Чачына - Эшмат: Кандай көрүнүш керек чачтары? - Ташмат: Көрүнбөш керек. Бул жерде дагы бир нерсе, тесеттүр жалгыз эле аялдарга парз эмес, эркектердин тесеттүрү көздөрү, аялдарга жоолук кандай парз болсо, эркектердин да көздөрүн бейтааныш (махрам болбогон) аялдарды кароодон сактоосу ошондой милдеттүү. Дагы бир айтып өтчү маселе, бир эркектин сакалы анын мусулман же мусулман эмес экенинен кабар бербейт, бирок бир аялдын жоолугу (хижабы) анын мусулман экенин көрсөтөт. Демек жоолукчан кыз исламдын үлгүсү, исламдын алып жүрүүчүсү. Ошондуктан жоолук салынган соң ага татыктуу болуу, бир карын майды бир кумалак чиритет болуп коомдогу жоолукка карата терс ой-пикирди жаратып албоо үчүн аракет кылуу ар бирибиздин милдетибиз. Жыйынтыктап айтканда, жоолукка карата, бир эки терс мисалды көрүп эле терс көз карашта болгондор бул оюңуздардан кайтыңыздар. Беш кол тең эмес, адамдар баары бирдей эмес. Байкелер инилер, карындаш эжелериңиздерге жоолуктун эч кандай оорчулугу жок экенин тескерисинче ал өздөрү үчүн пайдалуу экенин айтыңыздар, жоолук салынууну ниет кылып бирок ишке ашыралбай жүргөн эже сиңдилер, эң жакынкы убакта тесеттүргө(хиджап) кириңиздер, жоолукчан эже сиңдилерибиз болсо ушунуңуздардан жазбаңыздар! Башка кыздардын чачтары акындардын ырларынды тема болуп жатса, сиздин чачыңызды көрсөтпөй жүрүүңүз куранда аят!!!
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#970 Пользователь офлайн   chyragym   01 Июнь 2016 - 15:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

~ ДУБАНЫН ПАЙДАСЫ ~
Пайгамбарыбыз Саллаллооху алейхи ва саллам ар абалда Аллаху Таалага дуба аркылуу кайрылган. Бир эле ал эмес, Пайгамбарлар (алейхис саламдардын) баарысы дуба окушкан жана ар дайым дуба аркылуу Аллаху Таала менен байланышкан.
Абу Хурайра разиаллооху анху Пайгамбарыбыз Саллаллооху алейхи ва саллам дан риваят кылат : " Аллаху Таалага дубадан барктуурак эч нерсе жок " (Ибну Маажа)
Али разиаллооху анху айтат: "Пайгамбарыбыз Саллаллооху алейхи ва саллам : "ДУБА" - моомундун куралы, диндин туркугу жана асмандар менен жердин нуру"- деди. (Хааким)
Абу Хурайра разиаллооху анху Пайгамбарыбыз Саллаллооху алейхи ва саллам айтты: "Кайсы пенде озунун дубасы кыйынчылык жана кайгыда кабыл болуусун кааласа, анда ал Аллаху Таалага кубанычта да кобуроок дуба кылсын!" (Тирмизи)
Абу Хурайра разиаллооху анху (Пайгамбарыбыз Саллаллооху алейхи ва саллам)дан риваят кылат : "Кайсы пенде такыр дуба колбаса, анда Аллаху Таала ал пендеден капа болот" (Бухари)
Эки адам намаз окуй албайт жана дуба кыла албайт: Биринчиси текебер, экинчиси уялчаак.
Аллахым ар бирибизди илим уйротуучу, же илим уйронуучулордун болуууну насип кылган болсун.
МАСНУН ДУБАЛАР китебинен
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#971 Пользователь офлайн   chyragym   01 Июнь 2016 - 15:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ТАМАК - АШКА ЖЕ ИЧЕ ТУРГАН СУУГА ЧЫМЫН ТУШСО
Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллаллооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Качан чымын силердин тамагынарга тушсо, аны матыргыла, (анткени) анын бир канатында оору, экинчи канатында шыпаа бар". (Бухари, Абу Дауд)
Абу Саъид Худриден (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллаллооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Качан чымын силердин идишинерге тушсо, аны матыргыла, анын бир канатында уу, экинчи канатында шыпаа бар. Ал уу бар канаты алдыга жылдырып, шыпаа бар канатын кечиктирип келет". (Насаи, Абу дауд)
Абу Хурайрадан (р.а) риваят:"Качан чымын идишке тушсо, аны чомулткуло, анын бир канатында оору, экинчиснде шыпаа бар. Ал оору бар канатын матырат. Силер эки канатын тен матырып (кайра) аны чыгарып салгыла". (Абу Дауд)
Эгер тамаккка чымын тушсо бардык тамакты текке кетирип тогуп таштабагыла. Эгер андагы булганычтан коркунуч пайда болсо, суннот жолду ыктыяр кылуу керек.
ТАМАКТЫН БАШЫНДА, АЯГЫНДА ТУЗ ТАТУУ
Али (р.а) айтат:"Мага Пайгамбарыбыз (саллаллооху ъалайхи ва саллам) мындай деп айтты:"Качан силер тамактансанар, туз менен баштагыла. Аягында да, туз менен бутургуло, (анткени) тузда жетимиш ооруга шыпаа бар". (Маталиб Алия 2/315)
Хадистин мааниси мындай:Тузду жегенден тамактанууну баштоо ашказанга ден - соолукка пайдасы чон.
Анас бин Маликтен (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллаллооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Туз силердин тамагынардын башчысы". (Ибн Маажа 2/242)
Туз Аллахтын берген чон белеги, ашказан учун ото пайдалуу. Туздуу тамак тез синет, таттуу тамак тез синбейт.
УЙДОГУЛОР КАНДАЙ ТАМАК АЛЫП КЕЛБЕСИН, АНЫ КЕМСИНТПОО КЕРЕК
Убайда бин Умардан (р.а) риваят:"Жабир бин Абдуллонун (р.а) алдына сахабалардын бир жамааты келди. Ал алардын алдына нан менен уксус койду (жонокой тамак алып келди):"Жегиле! Мен Пайгамбарыбыздын (саллаллооху ъалайхи ва саллам) айтканын укканмын:" Уксус эн жакшы тамак". Адамдын бир зыянга учураганы ушул - анын бир туугандары келгенде, алар уйдо бар нерсени аларга берсе, алар аны кемсинтет. Ушул нерсе да зыян - бар нерсени алып келсе, ал аны томон тушунот". (Адаб Байхаки 308)
Уй ээси кайсы тамакты алып келсе, аны жакшы коз карашта кароо керек. Тамактын даражасын озунун тартабасына каршы тушунуп кемсинтпоо керек.
МУСУЛМАН ЭМЕСТИН КОЛУНАН ЖАСАЛГАН НЕРСЕЛЕР
Ибн Умар (р.а) айтат:"Пайгамбарыбызга (саллаллооху ъалайхи ва саллам) быштак алып келинди жана:"Муну мажусий (отко сыйынган) жасаган" - деп айтышты. Пайгамбарыбыз (саллаллооху ъалайхи ва саллам) "Бисмилланы айтып, жегиле!" - деди. (Маталиб Алия 2/221)
Мусулман эместердин колунан бышкан нерселерди жесе болот. Эгер таза эмес, же шариатка каршы болсо анда жегенге болбойт.
Ислам Нуру кызматы.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#972 Пользователь офлайн   chyragym   01 Июнь 2016 - 15:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

~ ОРОЗОНУН ПАЙДАЛУУЛУГУ ~
"Кыргызга орусча айтмайын түшүнбөйт" - деп Салижан Жигитов айткандай, мусулманга дагы кээ бир акыйкаттарды кабыл алдырыш үчүн башка жактардан далил алып келүү керек болгон заман.
Орозо Аллахтын парз кылган өкүмү болгону үчүн ага амал кылып жүргөн болсок, эми Аллахтын өкүмүндө инсан үчүн пайда бар экенин да сезе жүрөлүк. Ал пайда, бүгүн биздин акылыбыз жетип жаткан саламаттыкка жеткирген дарылоо жолу болсо, андан да улуусу биз али сезип, биле элек акырет күнү чексиз сооп-сыйлыкка жеткирген жеңишибиз болот.
Аллах Таала адамзат үчүн акыркы китебинде, акыркы Пайгамбарыбыз(саллаллооху алейхи уа салам) аркылуу бизге: «Оо ыйман келтиргендер! Силерден мурункуларга кандай буйрулган болсо, силерге дагы орозо буйрулду. Балким силер такыбадар болоорсуңар! » (Бакара, 183-аят), деп буйрук кылууда. Жараткан бул аят менен, эч качан динсиз жашабаган инсаниятка, орозо дайыма парз болгону тууралуу эскертүүдө. Бул аяттан дароо эле кийинки аятта: “Силер орозо кармооңор үчүн, эгер билсеңер – бул силер үчүн жакшыраак”(Бакара, 183-аят), -делиши менен буйрук дагы бир ирет тастыкталып, аны аткаруу аркылуу сөзсүз жакшылыктарга жетерибиз сүйүнчүлөнүүдө.
Колумбиялык психологиялык мектептин өкүлү Том Бёрнс орозо тууралуу кийинки ойлорун баяндаган:
«Мен орозону дене үчүн эмес, көбүнчөсүн рух үчүн терең сыноо деп эсептейм. Орозо тутууну ашыкча салмагымдан кутулуу ниети менен баштасам да мен өзүм үчүн чоң ачылыш кылдым – орозо акылдын өрчүшүнө пайдалуу экен. Ал бардык нерсени тунук кабыл алууга шарт түзөт, ошол эле убакта жаңы ойлор жана идеяларды пайда кылып, сезимдерди бир нукка бурууга жардам берет экен. Орозо кармаганыма бир нече күн өтпөй эле мен эбегейсиз руханий жогорулоону сездим... Башында организмди ашыкча азыктардын калдыктарынан тазалоону каалайт элем, азыр болсо рухумду өмүр бою жыйнап алган терс нерселерден арылтууга ниеттендим. .. Мен көралбастык, оройлук, өзүмчүлдүк сыяктуу бардык терс нерселерден оолактап калганымды сездим. Ошондой эле рухумду ээлеп алган коркуу, көңүл чөгүү, жатып ичерликке окшогон сезимдерден кутулдум... Орозо абалымда мага адамдардын дагы жакшы мамиле кылгандарын сездим. Мен Түркия, Сирия, аль-Кудста Рамазандын урматында бир ай бою созулган руханий мааракелерди уюштурган мусулмандарды көп көрдүм, мындай нерсени мен дүйнөнүн башка мамлекеттеринде эч качан көргөн эмесмин».
Окумуштуулар орозонун таасиринен өзгөчө, рак клеткаларынын өсүү деңгээлин жайлатуу жогорку көрсөткүчтө экенин айтышкан. Ислам медицинасын изилдөөчүлөр Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алейхи уа салам) сүннөтүндөгү ар бир абал адам саламаттыгына кам көрүү экенин ырасташкан. Алардын бири катары мына минтип орозонун ден-соолукка тийгизген пайдасы арбын экенин айтып чыгышты.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи уа салам) кандай жашаш керек, басыш, туруш, туура тамактанууну да көрсөтүп кеткен. Ким Пайгамбарыбыздын айтканын кылса ал адашпайт.
Ошондой Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи уа салам) дын сүннөттөрүнүн бири: дүйшомбү, бейшемби күндөрү орозо кармап туруу да эң пайдалуу. Адам организминин ар бир 3 күндө тазалап туруу өт, ашказан-ичеги ооруларын алдын алат. Дайым ушу күндөрү орозо кармоону адат кылып алган, ашыкча салмак менен убара болбойт. Албетте, орозо кармаганда негизги максат, ниетти Аллахтын ыраазычылыгы үчүн экени унутпайлы.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#973 Пользователь офлайн   chyragym   01 Июнь 2016 - 16:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

✅"Рамазан айы"
Курсакты ач калтыраган учурда, тилиң калпты сайрап,ушак- айыңдын,жалаа- дооматтардын казаны кайнап,ой-тоонун баарын айтып ,адамдарга уу чачып турса;курсагың кулдурап турган учурда ыйманың үлдүрөп,ыйманга түнөк болуучу жүрөгүң акыр-чикирге толуп,карагөзгөйлуктун Кайнар булагы болуп турса,анда мындай ачкачылыктын, эч теке жебей кун өткөрүүнүн адамга чарчап-чаалыгуудан, өзүн курулай кыйноого салуудан башка келтирээр пайдасы болмокбу?!
А бирок орозолуу адам мындай болбойт; Орозолуунун тилинен жакшы сөздөрдүн берметтери гана гүлдөйт,же болбосо үн катпайт.
Орозолуу адамдын тили зикир-тасбих, дубалар менен алек болот.
Жакшылыкка үндөгөн пайдалуу сөздөрдү сүйлөйт.
Ыймандын асыл уясы болгон жүрөктөн каразгөй кыялдар,арам ой күмөндөр,кара- ниеттик,ичи тардык өңдүү мусулманга жарашбаган кыял-сезимдер капкайда качып жоголот.
Булардын ордуна бекем ыйман-ишеним ,олуттуу адеп-ахлак жашайт.
Орозо ибадатын талапка ылайык аткарган адамдын ашказан-курсагы менен кошо колу,тили жана ички дүйнөсү да орозо кармайт.
Бардык дене мүчөлөрү орозонун талаптарына бирдей жүзөгө ашырат
Орозо көздөлгөн бийик максатты айгинелейт.
Касиеттүү убакыттар жана рамазан китебинен алынды.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#974 Пользователь офлайн   chyragym   01 Июнь 2016 - 16:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ОРОЗОНУ БУЗУУЧУ НЕРСЕЛЕР. >

Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#975 Пользователь офлайн   chyragym   01 Июнь 2016 - 16:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бир адамга жыныстык катнашуу жасаса, бир күн казасын кармайт жана каффарат берет.
Эркектин жыныстык суусу чыкса да чыкпаса да аялдын жынсытыгына эркектин жыныстыгын сүннөткө олтургузулган жери кирсе каффарат берет.
Орозого ниет кылып анан жесе, же ичсе, тоюу үчүн, же дарылык үчүн атайлап бир күн каза кармап анан каффарат берет.
АТАЙЛАП ДЕГЕНИ: эгер бирөө мажбурлап жедирсе, же эсинен чыгып жеп койсо, же кокустуктан жеп койсо каффарат бербейт.
Зихардын каффаратына окшош: ал кулду азат кылуу керек, ага мүмкүнчүлугү болбосо эки ай кетме кет (үзгүлтүксүз) орозо кармоо керек, ага мүмкүнчүлүгү болбосо 60 жетим жесирге бир күн сааркы жана кечки тамагын берүү керек.Зихар деп өзүнүн аялынын көрүүгө арам болгон мүчөлөрүн, өзүнө никеси жүрбөгөн жакын тууган аялдардын уят мүчөлөрүнө окшотсо.
Мисалы: Аялына сенин аркаң энемдин, же эжемдин, же тайэжемдин аркасына окшош экен деп айтса, каффарат бергенче зихар болуп арам болуп калат.Бул тууралуу өз кезегинде талак китебинде кеңири айтылат.
Рамазан айында парз орозону бузуп койсо: каффарат берүү важиб болот.Башка каза орозону, назыр, нафл орозону бузса, каффарат берилбейт, бир күн эле ордуна орозо кармалат. Бир рамазан айында 2-3 жолу орозону бузса да каффарат жетишерлик болот.Эгер бир жолу орозону бузуп каффарат төлөп жана экинчи жолу орозону бузса, дагы каффарат берет.
Орозо эсинде туруп кокустук менен оозу ачылса, жеп -ичиш оюнда жок эле, оозуна бир нерсе кирип кетсе,
Мисалы: Даарат алганда оозуна, же мурдуна суу алганда курсагына суу өтүп кетсе, бир күн каза кармайт, каффарат беришпейт.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#976 Пользователь офлайн   chyragym   02 Июнь 2016 - 10:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

"ЗИКРДИН ПАЙДАЛАРЫ"
Абдишукур ажы Нарматов.
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: "Чындыгында Алла Таала сөздөрдүн ичинен төртөөсүн тандап алды. Субханаллах, Алхамдулиллах, Лаа илааха иллаллох, Аллаху акбар. Ким: Субханаллах - деп айтса, ага жыйырма сооп жазылып, жыйырма күнөөсү кечирилет. Ким: Лаа илааха иллаллох - деп айтса, ага да жогоруда айтылган нерсе берилет. Ким: Алхамду лиллах роббил ааламиин - деп чын жүрөктөн айткан болсо, ага отуз сооп жазылып, отуз күнөөсү кечирилет" .
О, Алла! Дуалардын кабыл болбой калуусуна, балээнин түшүүсүнө, үмүттөрдүн үзүлүүсүнө, жана кайгы-капага кабылууга себеп боло турган күнөөлөрүбүздү кечир!!! Жан дүйнөбүзгө тынчтык, аруулук тартуула! Турмушубузду таттуу кыл, өмүрүбүздү узун, ырыскыбызды кенен кыла көр!!! Оомиин....
Жуктогон-Эрназар Таштанбаев.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#977 Пользователь офлайн   chyragym   02 Июнь 2016 - 10:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ШҮГҮР КЫЛУУНУН ПАЙДАСЫ. Кабул шаарында жашоочу эки адам өз
өмүр— тиричилигин жакшы өткөрүүнү
каалап Султан Махмуддан жардам суроо
максатында Ганза шаарына сапарга
аттанышты.Жол үстүндө бир адам
буларга жолдош болду.Ал абдан оор— басырыктуу, барга— жокко канаат
кылган адам болчу.Өмүр бою өз кол күчү
менен күн кечирип, ак эмгектен
тапканына канаат кылып жашаар
эле.Жанагы эки адам ошол оор—
басырыктуу кишиге эмне максат менен өздөрүнү Ганзга бара
жатышкандыктарын айтып,ал адамдын
дагы сапарынын себебин сурашты.Ал
адам аларга.
—Мен жыгач устамын.Өзүмдүн адал
эмгегимин арты менен тапканыма шүгүр кылып жашаймын.Эч кимден эч нерсе
үмүт кылбаймын.Султандын тартуу сыйы
мага керек эмес.Болгону сейилдеп Ганза
шаарын кыдырып келүү үчүн гана
сапарга чыктым,— деп жооп берди.
Булар Ганзага жетип келээри менен, эки жолдош Султандын кашына
келишти.Бирок шүгүр кылган адам
барбады.Баягы эки киши Султанга эмне
максат менен Ганза шаарына келгендерин
айтып,кошо келген кишинин эмне үчүн
Султандын алдына келбей койгондугун дагы айтып өтүштү.Султан адам жиберип
ошол үчүнчү шүгүр кылган кишини дагы
алдырып келди.Анан алгач эки
жолдоштун каалоолорун
сурады.Алардын бирөө Султандан бир
баштык алтын сурады.Экинчиси болсо ал үйлөнө электигин, мүмкүн болсо
сарайыңыздагы кыздардын бирөөсүнө
үйлөндүрүп койууну өтүндү.Султан
булардын тилектерин аткараарын
туюндурган соң,шүгүр кылуучу адамдан.
— Ганзага эмне максат менен келдиң? —Эмне үчүн менин кашыма келүүнү
каалабадың? — деп сураганда,шүгүр
кылуучу адам мындай жооп берди.
— Мен Ганза шаарын бир сыйра
кыдырып көрүп кетүү үчүн гана
келдим.Өзүм болсо чыныгы ак эмгегим менен гана адал кесибимдин саясында
өмүр кечирүүнү каалаймын.Эч жерде ар
— намысым төгүлүп,абийиримди ойрон
болушун каалабаймын. Сиздин тартуу—
сыйыңыздын мага бир тыйыны да кереги
жок.Ошол себептүү алдыңызга келүүнү каалабадым.
Султан Махмуд тартуу берген, сыйын
көрсөтмөк болсо шүгүр кылуучу адам эч
макул болбой койду.Султан эки
жолдоштун тилектерин
орундатты.Ошентип алар Султандын уруксаты менен өз айылына кетүү үчүн
жолго чыгышты.Шаардан чыгып бир аз
жүрүшкөн кийин алтын ээси чаалыгып,
баштыкты баягы шүгүр кылуучу адамга
тапшырып андан бир азыраак жерге
чейин көтөрүп барууну өтүндү. Шүгүр кылуучу адам эч кандай тартуу
албай койгондугуна каарданган Султан
Махмуд өзүнүн бир кызматчысына
шашылыш түрдө.
Желкесинде баштыгы жок,ээрчиөкен
аялы жок бара жаткан адамды өлтүрүп,башын кесип келгин — деп
буюрду.Кызматчысы тезинен аларды
кууп жетип,баягы бара жаткан баштык
ээсин өлтүрүп, башын кесип Султанга
алып келди.
Султан баштыктын ээсинин башын таанып, кайра кызматчысына, жаңылыш
өлтүрүпсүң, тезинен кайра барып
жанында ээрчиткен аялы жок бара
жаткан адамды өлтүрүп,башын кесип
келгин деп буюрду.
Дал ошол маалда баягы күң аялдын күйөөсү аялын шүгүр кылуучу адамдын
жанына таштап коюп,зарылдык туулган
себептүү, караңгыраак жерге чуркаган
болчу.Кызматчы шашылыш барып ай—
буйга келбей,сурабай— эетпей туруп эле
баягыны өлтүрүп, башын кесип Султанга алып келди.Султаг абдан тазданып.
Баштык асынып,жанында аял ээрчиткен
адамды өлтүрбөстөн тирүү боюнча
алдыма алып келчи,— деп кызматчысын
кайра жөнөттү.Кызматчысы барып
жанагы адамды Султандын кашына алып келди.
— Султан жылмайып.
— Жолдошторуңа эмне болду?— деп
сурады.
Мындай деп жооп берди, шүгүр кылуучу
адам. — Сиз кимге алтын менен аял
тартуулаган болсоңуз, акыбетинде
алардын жанын дагы өзүңүз
алдыңыз.Мен сизден эч нерсе албаганым
үчүн аман калдым.
Султан анын сөзүнө ыраазы болуп.Менден каалган нерсеңди тилегин,
— деп андан өтүндү.
Шүгүр кылуучу адам мындай деди.
— Макул мен сизден үч нерсе
сураймын.Адегенде баштыктагы
алтындарга дагы көбүрөөк алтын кошуп,өлгөн жолдошумдун үй бүлөсүнө
жөнөтүп,аларды ыраазы кылыңыз.Өз
күнөөлөрүңүздү кечирүүлөрүн алардын
үй— бүлөсүнөн сураныңыз.Мындан
кийин ачууга алдырып, күнөөсүз
бирөөнү өлүмгө буюрбаңыз.Өзүңүздү адилеттүү башкаруучу катары
көрсөтүңүз. Үчүнчүсү сизден эч нерсе тилебеймин.
Эгер уруксат берсеңиз аял бала—
чакамды Ганзага алып келип өзүмдүн
адал кесибим менен тиричилик кылайын.
Султан Махмуд анын тилегин орундаткан
соң,мындай деди. —Менин да үч тилегим бар.Сиз да ошону
кабыл алыңыз,Биринчи менин кетирген
каталарымды кечириңиз.Экинчиси ар бир
жасаган ишиме мага кеңеш берип
туруңуз.Үчүнчү ар бир жума күнү
кечкиси менин жаныма келиңиз.Сырдашууңуздан ырахат, акыл
алайын.
Ошентип шүгүр кылуучу адам Султандын
өтүнүчүн кабыл алып,өз макулдугун
берди.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#978 Пользователь офлайн   chyragym   02 Июнь 2016 - 10:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Банкта иштеген карындаштын баяны. Түшкү тыныгууга аз калганда, мен
иштеген банкка бир сакалчан байке келип
калды. Мен бош болгон себебинен, менин
алдыма келип отуруп “Россиядан акча
келет эле, Юнистрим аркылуу” деп мага
паспорту менен код жазылган кагазын сунду. Анан шаша “Эки перевод келет
биринин коду аркы бетинде” деп сөзүн
толуктады. Негедир анын сакалынан
иренжий, көңүлүм суз, ага келчү акча
каражаттарын компьютерден тактай
баштадым. Билбейм эмнеге бирок сакалчан адамдарды көрсөм эле жаман
көрүү сезими ойгонуп кетээр эле.
Түшүнбөйм себебин, бирок ушундай бир
жаман көрүү болоор эле.
Анын акча каражаттарын тактап,
кагаздарды толтуруп баштаганда бир тааныш бала келип менден ага керек иш
кагаздарын сурап калды, тиги сакалчан
байкеге азыр коё турасызбы деп,
таанышымды жөнөтүп, байкенин
кагаздарын колуна карматып кассага
барып акча алуусун айттым. Бир убакта эле кассада отурган Нуржан эже атымды
атап “Бул жерге эмне доллар деп жазып
койгонсуң?” деп кыйкырып калды. Ойго
чөмүлүп отурган жаным, Нуржан эженин
жанына чуркап барсам, “3000 доллар деп
жазып коюптурсуң, байке рубль алат турбайбы.” деди. Эмне деримди билбей
кагазга үңүлдүм, карасам чын эле 3000
доллар деп турат. “Рубль деп ондоп кел!”
деп Нуржан эже кагазды мага карматты.
Тез арада валютасын өзгөртүп жаны
кагаз даярдап байкени кол коюуга чакырдым, ал келип кол коюп жатып
“Абдан көп акча берип жатпайбы кассир,
абдан чочуп кеттим” деп күлүп калды.
“Рахмат байке” дегенге араң жарадым.
Эгерде акчаны ал киши унчукпастан алып
кеткенинде жумушумда кандай машакаттар башталарын элестетип,
ичимен ага ушунчалык ыраазы болдум.
“Оо Кудай рахмат. Кудай рахмат.” деп
ичимен эрксиз кайталай баштадым. Тиги
байке акчасын алып кетип бара жатканда
үнүмдү катуу чыгарып “Байке рахмат.” дедим эле, ал мени карап жылмайып “Эч
нерсе эмес. Аллах көрүп турат!” деп
банктан чыгып кетти.
Түшкү тыныгуу убагында Нуржан эже
эмне болгонун айтып берип отурду. “Эки
“перевод” келген экен байкеге, биринде 4000 рубль, экинчисинде 3000 доллар
деп турат. Анан байкеге кайрылып “Сом
менен аласызбы?” деп сурасам “Ооба”
деп жооп берди. Ичимен “доллардын
курсу өсүп жатса сом менен алып эмне
кылат?” деп ойлоп койдум да, кассадан акча алып, санап туруп анын алдына
койдум. Байке мени бир карап, акчаны
бир карап “Мен мынча акча албайм.” деп
акчаны мага түртүп койду. Ичимен “Эмне
мээни оорутуп жатат.” деп жиндене “Ай
байке! 3000 доллар, анан 4000 рубль келет беле?” десем, “Жок, 3000 рубль
анан 4000 рубль келмек. Ашып кетсе
10000 сомдой эле алам” дейт. Анан сага
кыйкырбадымбы. Ушундай “честный”
адамды биринчи көрүшүм, башка эме
болсо жыргап акчаны алып кетип калмак да, туурабы? Тиги болсо акчаны
кармабастан кайра мага түртүп
жатпайбы. Ой тобоо! Анан сага эмне деди
кетип баратып?” деп сурап калды.
Ошондо мен ““Аллах көрүп турат!” деди
эже.” деп, өзүмөн-өзүм эле туталанып, ыраазы болгондуктанбы же башка бир
себептенби, айтор жылуу бир сезимдин
кучагында: “Чын эле, Аллах барыбызды
көрүп турат. Аллах көрүп турарына
ишенген адамдар көбөйө берсин.
Аллахым, Анын көрүп турарына ишенген адамдардан ыраазы болсун!”” деп ыйлабийдим...
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#979 Пользователь офлайн   chyragym   02 Июнь 2016 - 10:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жума тундорунун биринде окуя: «Чындыкка карай»
Жума Тундорунун биринде корустондо туноп калдым. Туш кордум, кабырлар жарылып, олуктур чыгып келип, калкан-калкан болуп отурушту. Сон аларга жогорудан ооздору жабык табактар тушурулду. Алардын арасында бир жигит болуп, ага турдуу, кыйноолор менен азап берилээр эле. Ага жакындашып эй, жигит, эмнеге сен бул коом арасында азапталып жатасынын – деп сурадым. Эй, (Саалык) – ыймандуу адам. Аллах акы. сенге дайындай турган иштиримди аткар, амаанатты адал кыл абалыма боорун ачысын. Аллах Таала сен себеп болуп, мени бул азаптардан куткарса экен – деди. Мен каза болгондон сон, апам ыйлоочу аялдарды топтоп, алар менен кошо кунуго даттанып, айтып, ыйлап жатат. Ошол себептуу мен азапталуудамын, апамдын жаман бемаанисиз кеп созу учун алды артым, он жана солумда от. Аллах аларга менин атымдан жакшы белектер бербесин – деп, ал ыйлады. Анын ыйлаганын коруп, менда коз жаштарымды тыйып тура албадым.
Эй, (Саалык ) – ыймандуу Адам. Аллах акы апамдын алдына баргын, алар палан жерде турат деп дарегини тушундурду, жана улантып кетти. Аларга менин атымдан айткынын ……………..Эй, апа. Эмне учун перзентинизге азап бересиз, мени кандай гана жаман тарбияладыныз, Олгонумдон сон азапка таштадыныз Эй, апа акыбалымды бир корсонуз эле. Мойнумда кишен, бутумда такта, азап периштелери бакырып уруп азап беруудо, абалымы бир корсонуз мага боорунуз ачыыр эле. Эгер азыркы ыйнызды датануунузду токтотбос экенсиз, анда асмандар жарылатурган буткул калайык эсеп-китепке туш боло турган куну экообуз арабызда Аллах Адилеттуу болот. Чочуп ойгондум, жана коргон тушумдон таасирленип танга чейин уктай албадым. Тан аткан сон шаарга кирдим. Менин бирден бир максатым жигиттин уйуну табуу эле. Сурап суруштуруп, уйуну табып бардым. Дарбаза карага бойолгон, жана уйдун алдынан ыйлап жатышкан аялдардын уну чыгаар эле. Дарбазаны каккан элем бир аял чыгып, сизге Ким керек – деп сурады:
Олгон жигиттин апасы керек эле дедим. Анда эмне жумушунуз бар ? Ал оз кайгысы менен алек деп сурады ал.. Аны мага чакырып берин уулунан ага кабар алып келдим - дедим. Кемпир уйдун алдына кирип кетти. Бир аздан сон капкара кийим кийген, адеп ыйлай бергени жана жана кайгыра бергени себептуу жузуда карайып кеткен бир аял чыкты. Сиз кимсиз ? – сурады ал: Мен (Саалык нурдуумун) Кече кечкурун корустондо ушундай-ушундай окуялар болуп отту. Уулунузду кордум ал азапта калган. ……. Апаке, мени кандай гана жаман тарбияладыныз олгонумдон кийин азапка таштадыныз эгерде ыйынызды, даттануунузду токтотбос экенсиз, анда асмандар жарылатурган, буткул калайык эсеп-китепке туш боло турган куну экообуз арабызда Аллах адилеттуу болот. – деп зарланып жаткан эле дедим. Аял бул кебими уккан сон, жерге жыгылып эсин жоготту. Озуно келген сон, эй, уулум мени кечир, эгер бул абалда экенини билгенимде бул иштерди кылбас элем. Мен кылган иштеримден Аллах Таалага тообо кылдым деп катуу ыйлады. Кийин ичкериге кирип аялдарды таркатып жиберди жана башка кийим кийди. Бир калтачада акча узатып, Эй, саалык – ыймандуу Адам муну уулумдун атынан эхсан кыл деди. Дуба кылып акчаларды алдым, жана уулу атынан саадака кылдым. Кийинки жума тунундо адаттагыдай корустонго барып тунодум. Тушумдо мейиттерди кордум, алар кабырлардан чыгып калкан, калкан болуп отурушту. Аларга табактар тушту, жанагы жигит жайдары эле, ага да табак келди. Мени коруп алдыма келди. Эй, (Саалык ) Аллах сени белек менен сыйласын. Апам кылып жаткан туура эмес ишини токтоткону учун, Аллах азабымды женилдетти, менин атымдан кылган садаканда жетип келди деди. Алар кандай табактар – деп сураган элем: Алар тириктердин олукторго кайыр-садака жана катмы кураан дубаа сыяктуу кылган хадияларыдыр. Ар жума кечеси аларга алып келишет да, бул сага баланчанын хадиясы деп айтышат. Эми апамдын алдына кайтып барганында аларга саламымды жана ушул создорумду жеткиз. ……………. Апаке, Аллах сизди белек менен сыйласын, менин атымдан кылган садаканыз жетип келди. Сиз мага жакынсыз даярдыгынызды корун деди……….. Кийин ойгонуп кеттим, бир нече кун откон сон, аялдын уйуно бардым. Эшиктин алдында табыт турган эле. Ким каза болду деп сураган элем, жигиттин апасы – деди Ага жаназа окуп уулунун жанына койдук. Анын акына дубаа кылып, оз жолума туштум.
Баяндаган "Хайрулло Хамидов" которулду.
Буйруса кийинки жума куну кечинде, арактын алып келген пелекети жонундо эн жаман, каргашалуу бир адамдын окуясын жазабыз. *Ар дайым чындыкка карай умтулалы* окуп турунуздар.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#980 Пользователь офлайн   chyragym   02 Июнь 2016 - 10:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ШАШКАН ШАЙТАНДЫН ИШИ.АР БИР НЕРСЕНИ
САБЫРДУУЛУК МЕНЕН ГАНА ЖЕҢЕСИН.БУЛ
КИЧИНЕКЕЙ АНГЕМЕ КЕЕ БИРЛЕРГЕ САБАК
БОЛООР.ЭЧ КАЧАН ШАШПАНЫЗДАР.
Кайсы заманда экени белгисиз, кыскасы бир
шашма адам жашаган экен. Ал үйлөнгөндөн кийин бир канча жыл балалуу болбой жүрүп,
акыры балалуу да болот. Аялы экөөсүнүн
кубанычтары койнуна батпай баласын
бапестеп багып жүрүшөт.
Бир күнү аял адаттагыдай эле баласын
күйөөсүнө калтырып, карай турган адамы жок жалгыз кемпирдин тамак-ашын даярдап,
кир-когун жууп берүү үчүн чыгып кетет.
Кашайып ошол учурда бир топ желдеттер
келип:
-Сени хан чакыртып жатат, кечикпестен биз
менен жүр! – деп талап кылышат. Тиги же баласын таштай албай, же хандын талабын
жок дей албай айласы кетет. Акыры бир
чечимге келип, баласын жаткырып, жанына
үйдөгү чоң мышыгын калтырат да, жолго
чыгат.
Алар үйдөн узап кеткен соң босогонун алдынан бир кара чаар жылан сойлоп кирип,
балага жакындай баштайт. Сергек мышык
анын алдынан тосуп, экөө арбаша кетишет.
Акырында мышык так секирип жыланды
кекиртектен тиштейт да, муунтуп өлтүрөт.
Башы-көзү канга боёлгон мышык, өз эрдигине корстон боло эшик алдына жата
кетет. Хан сарайдан шашып келген үй ээси
эшиктен кирип эле, оозу-мурду канга боёлуп
уктап жаткан мышыкты көрүп нес болуп
калат.
Оюна жамандыктан башка эч нерсе келбеген үй ээси «Сага ишенип таштап кетсем, сен
ушуну кылдыңбы» деп кыйыкырып,
колундагы таягы менен мышыкты башка
чаап өлтүрөт.
Анан таягын сүйрөп, шалдайып төркү
бөлмөгө кирет. Кирсе баласы жаткырган жеринде мемиреп уктап жатат. Баланын аяк
тарабында канга боёлгон жансыз жылан
суналып жатыптыр. Иштин төркүнүнө эми
түшүнгөн адам өз шашмалыгына өкүнүп,
таягы менен башына чапкылагысы келет.
Бирок, өткөн ишке өкүнгөн менен айла жок эмеспи, бармагын тиштеп отуруп калгандан
башка айла жок.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • 51
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 16:03

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: