Бүгүн, 1-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы унаа номерлерин жасаган "Инфоком"
мамлекеттик ишканасы ачылды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Тайырбек Сарпашев мамлекет унаалар үчүн алгачкы жолу өзү унаа номерлерин жасап баштаганын айтты.
"Буга чейин номерлерди жасоодо айрым адамдар киреше таап жатканы тууралуу бир эле жолу айтылган эмес. Ачыгын айтсам, бул долбоордун ишке ашышына кээ бир саясатчылар каршы болуп, тоскоолдук кылып жатышты. Бул номерлердин өзгөчөлүгү - камералар аныктай ала турган номердик белгидеги атайын шрифт", - деди Сарпашев.
Мамлекеттик каттоо кызматы номердин бир комплекти 950 сомго барабар экенин билдирди. Мурунку баасы 1215 сом болчу. Жаңы номерлерди жарандар өз эрки менен алышат. Андан тышкары жаңы номерлер жаран жаңы унаа алганда же жаңылап каттоодон өткөргөндө берилмекчи.
Ал эми сандары өзгөчө комбинациядагы номерлер мурдагыдай эле аукциондо сатылат. Мындай аукциондун биринчиси июнь айынын үчүнчү декадасына белгиленди.
Ар бир аймактын өзгөчөлүгү кайсы бир тамгалар менен белгиленбестен,
коддор менен аныкталган:
Бишкек шаары - 01
Ош шаары - 02
Баткен облусу - 03
Жалал-Абад облусу - 04
Нарын облусу - 05
Ош облусу - 06
Талас облусу - 07
Чүй облусу - 08
Ысык-Көл облусу - 09
Ал эми "KG" белгиси бардык транспорт каражаттарына басылган."
Маалымат: Соңку кабардан алынды
Жаңы унаа номерлери Буга көз карашыңыз кандай?
#2 02 June 2016 - 20:57
Мага жакты жаны номер. Буйруса алмаштырабыз деп атабыз.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#3 02 June 2016 - 21:11
Жакшы. Баары жол үстүндө бирдей да. Ошого KG номерлерди жоюп жакшы кылды.
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#5 02 June 2016 - 22:21
Жаңы унаа номерлерин тапшыруу эмки жылдын апрель айында башталат. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Жаңылатылган дизайнга ылайык, өлкөнүн аймактары сандар менен белгиленет.
Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары, региондорго алфавит боюнча катар номерлери берилет. Жаңычылдык катары номер белгилеринин атайын шрифтин атаса болот. Анын өзгөчөлүгү,
тамга жана сандарды жасалмалоо мүмкүн эмес, — дешти ведомстводон.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#6 02 June 2016 - 22:24
Мамлекеттик каттоо кызматы тартуулаган эскиздерде номерлер үч сандан гана туруп, алардын соңунда үч тамга жазылган Мындан тышкары, ар бир региондун өзүнө таандык шифри болот. Алсак, бишкектик номерлер 01, Ош шаарыныкы 02, ал эми кийинки ирээттеги коддор облустарга тиешелүү болот. Белгилеп кетсек, чиновниктерге kg-номерлер жоюлуп, алардын ордуна катардагы номерлерге окшош белгилер киргизилет.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#7 03 June 2016 - 01:11
Кыскасы 4500 сомуң болсо алмаштырып алсаң болот, анда да КРден сыртка чыгам десең. 4500 сому жок адам (КРдин 70 пайызы деп коё берейин, бул анык) эски номер менен жүргөнүң менен оң.
#8 03 June 2016 - 01:17
Дагы бир нерсе, 1-2 жыл өтөбү баарибир жаңы номер аласыңар достор. Буга ким күнөөлүү?
#9 03 June 2016 - 09:18
паракорчулук онугуп кетпесе болгону
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
#11 04 June 2016 - 18:35
Мындан да бир нерсе ойлоп табышат да эми.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#12 05 August 2016 - 10:20
Бул номерлер болбойт алмаштырат экен дешетго. Басып атканда каякты карашты деймда, цифралары кичине экен кууганда корунбойт дейби иши кылса адашышыптыр ориентир жакшы алалган эмес окшойт.

Супер-Инфо
super.kg
видео


















