СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#12241 03 Июнь 2016 - 21:08
#12242 03 Июнь 2016 - 21:29
1) Кечээ сиз тарапка жазылбаган соз калган эмес. Кечээ бир дагы кирип жооп бербединиз. Бугун болсо бул жак бир аз тазаланып калыптыр, тазалангандан кийин гана кирип жооп бере баштапсыз? Мунун сыры эмнеде? Сизди билдирулорду озу тымызын очуруп койот деген создун чындыгы барбы?
2) Форумчулардын ишеничине кириш учун эмнелерге даярсыз
#12243 04 Июнь 2016 - 00:22
rnurzida (02 Июнь 2016 - 04:46) жазган:
Бир-эки суроо узата кетейин ээ.
1. Кээ бирөөлөргө окшоп чалдырап-чулдурабай адабий тилде жазасың дээрлик дайыма эле түшүнүктүү кылып, тыныш белгилерин коюп, сүйлөмдүн башталышы, аягы дегенди туюнтуп. Сурайын дегеним, бул көп китеп окугандыктанбы же реал жашоонун таасириби? Дегеним, реалда да адабий тилге басым жасайсыңбы?
2. Досуңду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берем дейт эмеспи. Дос тандоодо биринчи эмнесине көңүл бурасың. Дегеле адам менен таанышканда биринчи эле көңүлүң эмнеге түшөт?
3. Кээ бир кыздар бар го, кийим "жиндиси" болгон. Карыз болсо да алып кийинет. Ошондойлорго көз карашың? Сен андайларга канча пайыз окшошом дейсиң?
4. Медицина тармагы оңой эмес. Канчалаган убактың, мээнетиң кетет. Бирок, турмушка чыккан соң, иштебейсиң деген күйөө болсо кандай жол тутмаксың? Окууну бүтүп, дипломуң колдо болсо да?
5. Рейна деп ким койгон ысымыңды? Менин да бир эжем бар Рейна деген, кичинемде мага абдан сулуу сезилгендиктен жакшы көрүп, ошондой болгум келчү. Сенин атыңды укканда эле көз алдыма ошол эжем тартылып, негедир окшош элестеткен элем. Мен элестеткендей эле сулуучасынан келген кыз эмессиңби, сурайын дегеним, үй-бүлөдө кимге окшошсуң (сырткы келбетиң)?
6. "Ит үрсө итке теңелип үрбөйсүң да, себеби сен ит эмессиң" деген сөзгө, кээ бири сөзсүз эле үрүш керек беле, таш менен деле урса болот го деген ойдо. Бул сөзгө сенин оюң?
Интервьюңа ийгилик. Дагы да бекем нерв каалайм.
Келиңиз Нурзида эже.
Менде баары жакшы рахмат, экзамендер да аяктап калды. Өзүңүздүн да ден-соолук, иштериңиз жакшыбы?
1. Адабий тилде эркин жазып калуума, эң биринчи кезекте эле китеп себепчи болду десем болот. Канчалык көп китеп окуусаң ошончолук сөздүк запас да жакшы болот, сөздөрдүн туура жазылышын үйрөнөсүң, аң-сезимиң да өсөт дегендей. Реалда, бул жака жазган адабий сөздөрдүн баарын колдоно албайм, себеби түшүнбөй кайра "Эмне дейсиң?" деп сурагандар четтен чыгат. Заман талабына ылайык, башка тилдеги сөздөр, жаргон сөздөр аралашып кетет.
2. Адам менен алгач таанышканда эле, анын жөнөкөйлүгүнө, кичи пейилдигине, тазалыгына көңүл бурам. Айланамда коштоп жүргөн досторум жалаң эле өзүмө окшогон жөнөкөй, карапайым адамдар. Керкейгендерди жактырбайм, андайлардан болушунча алыс жүргөнгө аракет кылам.
"Дос" деп кечээ жакында таанышкан адамыңды да айта бересиң, бирок "жакын дос" деп мен төмөндөгү сапаттарга ээ гана адамдарды айтмакмын. Жакын досту тандап алууда, аны көпкө чейин байкап жүрөм. Купулума толуп, ишеничиме кирсе гана жакын достук мамилени бекемдөөгө аракет кыла баштайм.
1.Менин жакын досум болчу адам, эң биринчи кезекте эле катамды оңдоп туруучу, туура жол көрсөтүүчүм болушу керек. Комплиментти душманым деле калп эле "сүйдүрүп" айтып коюшу мүмкүн, бирок кемчилигимди бир гана жакын досум мен үчүн "күйгөнү, кам тартканы" үчүн айтат.
2. Досум башка бирөөлөрдүн аманат сырын мага айтпашы керек. Мага өзгөнүн сырын төкпөй-чачпай айткан доско, ишенич арта албайм. Себеби, менин аманатыма да кыянаттык кылбоосуна кепилдик жок..
3. Досум жашоонун жаркын тараптарын гана көрө билүүчү, стресске түшсөм андан бат эле куткарып ала турчу оптимист адам болушу керек.
3. Мындай кыздар айланасында курчап жүргөн адамдардын сөздөрүнө көз каранды болуп калгандар. Б.а аларды көбүнчө башка адамдардын, алардын сырткы келбети жөнүндө айткан ою кызыктырат. Ошондуктан да, көбүнчө ички дүйнөсүн сулуулагандын ордуна, сырткы көрүнүшүн сулуулап жүрө беришет. Өзү иштеп, тапкан акчасына алса да бир жөн, артык баш кийим үчүн карыз алганга чейин барганы туура эмес деп ойлойм. Баарына канаат кылып, напсини тыйганга үйрөнүш керек.
Өзүмө келсем, кайсы бир кийимди жактырсам сөзсуз алам. Бирок бул дегени "кийим жиндисимин" дегени эмес.) Мага оңойлук менен кийим жакпайт, кийимге келгенде накта "капризная" болуп чыга келем. Эртеден кечке базар айланып, бирок эч нерсе жакпаса, чарчаганыма карабай эч нерсе албай кетип калган далай күндөр болгон. Ошол себептен да, кайсы бир нерсени жактырсам, оюм өзгорүп кете электе, батыраак сатып алууга аракет жасайм. Бирок баары спонсорлорум болгон ата-энеме байланыштуу. алар "албай эле кой" десе, "мейли" деп эле отуруп калам, жиндилик кылбай эле.))
4. "Жашоодогу башкы нерсе бул - үй-бүлө. Карьера - чарчап барсаң үйүңдө күтүп турбайт. Акча - ыйласаң көз-жашыңды аарчыбайт" демекчи, жолдошум такыр эле каршы болуп туруп алса, тынч эле үй-бүлөмдү тандап турмакмын. Убакыт өтүшү менен балким ал да жибип калаар, мына ошондо кесибим тууралуу дагы бир ирет сөз козгоп көрмөкмүн..
5. Атам койгон. Атама көбүрөөк окшоштурушат.
6. Менимче таш менен кубалаган сен үчүн эмес. Себеби сен ачууну, ачуу менен баспайсың, сенде мыкты адамдарга таандык ачууга ак көңүлдүк менен жооп кайтаруучу мыкты сапат бар. Сага үргөн ит, чындыгында аябай алсыз. Ичинде кандайдыр кабатыры болгону үчүн, үрүп ачуусун сенден алып алайын деп жатпайбы байкуш.. Анын үстүнө ал ачка, жан-дүйнөсү ачка...ток болгондо сени менен иши да болмок эмес...
Рахмат, сизге да ийгиликтер!

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 04 Июнь 2016 - 00:42
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12244 04 Июнь 2016 - 03:36
Holerik10 (01 Июнь 2016 - 22:15) жазган:
Биринчиден, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө чектөө коюлат!
Holerik10 (02 Июнь 2016 - 01:11) жазган:
Holerik10 (02 Июнь 2016 - 01:36) жазган:
Holerik10 (02 Июнь 2016 - 01:39) жазган:
Экинчиден, келген конок өздүгүн толук айтып берет деген пункт каралбаган!
Үчүнчүдөн келген конокту кемсинтүүгө тыюуу салынган эреже бар!
Holerik10 (02 Июнь 2016 - 02:06) жазган:

Төртүнчүдөн эрмектей турганда жай эмес!
Holerik10 (02 Июнь 2016 - 02:13) жазган:

Бешинчиден провакация жараткан, жана кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтиргендер жазасын алууга тийиш!
100күнгө бан!
Pretty-boy болгондур эми, иликтеп-изилдеп бүтсөңүз эс алып келсеңиз кандай дейсиз?
30күнгө бан!
Rednalf (03 Июнь 2016 - 07:14) жазган:
Сиздин маска никтериниз барбы ,же сиз бироонун маскасызызбы?
Chynaitam (03 Июнь 2016 - 09:56) жазган:

"Аңтарып- чуку" гезитине бара берүүңөрдү сунуштайм!
Түбөлүк бан!
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 04 Июнь 2016 - 04:56
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#12245 04 Июнь 2016 - 11:19
Neizvestno1 (04 Июнь 2016 - 09:34) жазган:
Ооба,коро албагандай сезилип турат. Университетке чейин барып суруштуруп жибериптирго. Уят, эртең куйоого тие турган, чон эле кыздар бироонун турмушуна тумшук тыгып отурат. Ушундай паразиттерден сактасын
т.б.
Меднизер эжеге суроо. Эжеге эле окшоттум жазганынан.
Адамдагы пастык, коро албастык каяктан пайда болот?
Ата-энесинин тарбиясынанбы, же наржагынанбы?
Билдирүүнү түзөткөн: Gulmyrza.: 04 Июнь 2016 - 11:27
#12246 04 Июнь 2016 - 11:41
windom (02 Июнь 2016 - 09:05) жазган:
Буга чейин жазып откон билдируулорунузго таянсак психология жаатында маалыматтарды коп аласыз. Айтаарым сиз адам менен маяктешип жатканда психологиясын баамдап, ошого жараша мамиле жасайсызбы же баарына тегизби?
Психологияда адамдын суйлогон созунон, коз карашынан,ж. б бир нече критерийлердин негизинде кандай инсан экенин байкаса болот. Демек сиз менин билдируулорумдун негизи алдында мени суроттоп корунузчу?
П.С биринчи берген суроомдун жообу сиз учун чын эле кызык болсо купуя ачык. Рахмат.
Cалам, келиңиз windom мырза!
Туура айтасыз. Азыр мурдагыдай заман эмес. Адамдын өзү кызыккан нерсесин оңой жол менен өздөштүрүүсүнө кенен шарт түзүлүп берилип жатат. Болгону бул мүмкүнчүлүктөрдү кандай колдонуу адамдын өзүнө байланыштуу дээр элем. Мен билген нерсени, азыркы учурда 1-класстын окуучусу билсе деле таң калмак эмесмин.
1. Адамдардын бири-бирине жасаган мамилесин, психологиялык оюн деп алсак болчудай. Бул оюнда, оюндун сапаттуулугуна акылдуу адам жооп берет. Адамдарга тегиз мамиле жасоо керек. Бирок баарына тегиз жакшы мамиле жасоо үчүн, ар биринин психологиясын билип, ошого жараша мамиле жасооңо туура келет. Адамдардын мүнөзүнө жараша мамиле жасабасаң, ортодо бат эле келишпестиктер келип чыгуусу ажеп эмес.
Мисалы: Тамашаны көтөрө албаган адамга, копоол тамашаларды жакшысы айтпай эле койгон оң.
Сынды туура кабыл албаган адамга, сын айтып убара болбой эле койгон оң. Себеби сенин айтканың ал үчүн бир тыйын, айтып жаман көрүнгөнүң эле калат ж.б
2. Виртуалдуу жашоодо экран артында кандай адам отурганын чындыгында байкоо кыйынга турат. Бирок сиздин жазуу стилиңизге карап мүнөздөмө бере турчу болсом, сиз өзүңүздү сыйлагандай эле өзгөлөрдү да сыйлай билген адамсыз. Грамматикага, орфографияга көңүл буруп жазасыз, демек китеп такыр карабагандардын катарына кирбейсиз. Суроо берүүдө, жооп жазууда сөздөрдүн катарын туура түзө билесиз, демек бул ой-жүгүртүүңүздүн жакшы өөрчүгөнүнөн кабар берет. Билдирүүлөрүңүздөн, диалектик сөздөрдү байкабайм.)) Бул жөн гана божомол, балким айрымдарын туура эмес айтып койгон чыгаармын, өзүңүз чын-төгүндүгүнө аныктык киргизип коёрсуз.
Сизге да рахмат!
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 05 Июнь 2016 - 13:09
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12247 04 Июнь 2016 - 15:59
Frezia (02 Июнь 2016 - 09:27) жазган:
1. Азыр эне болбосоң да келечекте энесиң. Балдардын психологиясы боюнча суроо бергим келип турат. Балдарды өзүнүн ата-энеси тарбиялаган оңбу же көптү көргөн, көптү билген чоң ата, чоң энеси же таене, таятасы тарбиялаган жакшыбы?
2. Тышкы жана ички мигранттардын балдары туугандарынын колунда калып жатат. Бул балдардын психологиясы кандай калыптанып жатат деп ойлойсуң?
3. Зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны көбөйүүдө. Алардын санын азайтып жок кылыш үчүн (б.а. балдарды зордук-зомбулуктан сакташ үчүн) сенин оюңча кандай чараларды көрүү керек?
Интервьюң ийгиликтүү өтүшүнө тилектешмин. Жоопторго алдын ала рахмат.
Саламатчылык!
1. Негизи баланы ата-энеси тарбиялаганы оң. Себеби ата-эне баланын келечегин ойлоп, аны эмнегедир үндөсө, эмнедендир тыйып, көзөмөлдөп турат. А чоң ата, чоң-эненин тарбиясы болсо такыр башкача. Туура, алардын неберелери менен өткөрүүгө көп убактысы болот, бирок ата-энесинчелик катуу тарбияга сала алышпайт. Натыйжада бала, эрке, айтканын кылдырган кежир болуп чоңоюшу мүмкүн. Жаш балдардын түшүнүгүндө чоң эне, чоң атасы "калкалоочу" , ата-энеси "тартипти бекем кармаган тарбиялоочу" болуп калат. Бирок, азыркы заманда тилекке каршы ар бир баланы эле өз ата-энеси чоңойто бербейт . Ар 2-үй-бүлө каарыган ата-энелеринин жардамына муктаж. Мындай жагдайда, улуу муундар менен орто муундар ортосунда келишим түзүлүшү керек. Ал келишимге ылайык, чоң ата, чоң эне баланы, ата-энесинин тарбиялоо принциптерине ылайык тарбиялашы керек. Мына ошондо гана баланын тарбиясында мүшкүлдүктөр болбойт деп ойлойм.
2. Баланы жаштайынан туугандардыкына таштап кетүү туура эмес деп ойлойм. Себеби аң-сезими эми гана өөрчүп келаткан балага, өз энесинин мээрими, атасынын тарбиясы өтө зарыл. Туугандары ата-энесинчелик мээрим берип, тарбиялай албайт, натыйжада баланын өзүнө болгон ишеними төмөндөп, коомчулукта өз ордун таба албай калуусу мүмкүн. Экинчиден ата-энесине мээримсиз болуп чоңоёт. Кантип мээрим бермек эле анан, ата-энесинен убагында мээрим албаган болсо? Менимче баланы пландоо алдында, анын келечегин да кошо эске алуу керек. Ата-эне баланы өзү тарбиялоого даяр болсо гана жарык дүйнөгө келтиргени оң.
3. Зордук зомбулукка кабылган балдардын көпчүлүгү, мигранттардын балдары болуп чыгууда. Ошондуктан эң биринчи кезекте, мигранттардын санын азайтуу керек (мамлекеттин экономикасы өнүксө, мигранттардын саны да азаймак). Экинчиден, педофилдерге өлүм жазасына окшогон олуттуу жазаларды киргизүү керек. 15-20 жылга деп, "эл көзүнө" камап коюшат дагы, эч канча убакыт өтпөй карасаң, акчанын күчү менен боштондукка чыгып алган болушат.
Рахмат, сизге да ийгиликтер!
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 04 Июнь 2016 - 16:01
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12248 04 Июнь 2016 - 16:06
Ainuuurka (02 Июнь 2016 - 12:44) жазган:
Бере турган суроолор деле калбаптыр мага.Негизинен оорундуу жоопторун, баары купулума толду,акылдуулугуна соз жок азаматсын! Кен келечек каалайм!
Интервьюна ийгилик!! !
Саламатчылык!
Чооң рахмат эже, сизди да ийгиликтер коштоп жүрүүсүнө тилектешмин!
Cholpon94 (02 Июнь 2016 - 17:02) жазган:
Бул эки форумчу тен медицинадан жакшы жазышат. бирок Холериктин создоруно тушуно бербейм Андай болот Да мындай болот Да деп созду бутуруп койот. Мединизер эже тушунукту кылып бардыгын так жазат.
Бирок Мединизер эже форумга байланышту бир нерсе жашырып жаткандайсызго? Эски форумчулардан емессизби?
Форум менен байланыштуу эч нерсе жок, эски форумчу эмесмин.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12249 04 Июнь 2016 - 16:48
Musabaeva. (02 Июнь 2016 - 19:16) жазган:
Т.б.Салам Рейна менден бир эки суроо.
1.Кыргыздын жакшы бир макалы бар
"Күлүп сүйлөгөндөн түңүл
Күн тийип жаагандан түңүл "-деген,эмне себептен келип чыккан бул макал.
2.Жогоруда бир форумчу айтып кетиптир, "такыр банга кетпейсиң" -деп.
Чындыгында ошондой байкап калам маскалар менен көп айтышып каласың,кээ бирлер бир терс билдирүү үчүн түбөлүк да кетишет,сен деле биздей эле форумчусуң же сылык ответ кайтарып урушкандар банга кетпейби деги эле мунун сыры барбы болсо эмнеде деп ойлойсуң?
3.Орозо го саналуу гана күндөр калды, кармайсыңбы орозо?
Алдын ала рахмат,сессия эгзамендериңе ийгилик!
Салам!
1. Бул макалдын мааниси, "олуттуу эмес нерсеге, ишенбей эле койгон оң" дегендей эмеспи...

2. Шоктонсом мен деле алам алчу жазамды.) Жаза беришкен эмес болсо, демек урушка себеп болчу "алгачкы кадамды" мен таштаган эмесмин, мындан башка жүйөлүү себеп деле жок.
3. Ден-соолугума байланыштуу быйыл кармай албай калат окшойм.
Рахмат, сизге да ийгилик!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12250 04 Июнь 2016 - 22:41
Медизинердин жооп бергенин окуп чынында сөз байлыгы кенен экенин бааладым....
Эми ой жүгүртүүң кенен экен менден бир аз суроо болсун мээге көнүгүү болот.
Логикаңды анан кичине сөз байлыгыңды текшереличи.
1) Кумурска 100 метрлик кудукка түшүп кетти. Ал бир күндө 5 метр өйдөгө чыгып кайра 4 метр ылдыйга кулайт экен. Ошондо Кумурска канча күндө жердин үстүнө чыгат???
2) 3 дос парикмахер ге чач кырктырганы киришет да, чачтарын кыркып бүтүп акчасын төлөгөнү сураса сейфке бар, ичинде канча акча болсо, ошончо коюп өзүңө 2 сом сдачи ал дейт, биринчиси барып кошуп 2 сом сдач ала, экинчиси барып да ошондой кылат, үчүнчүсү барып кошуп 2 сом сдач алганда сейфте акча калбайт, ошондо сейфте канча акча болгон. .?
3) "Коломсокко кол салып,
Колуна тартып ок чалып,
Киричине чалганча,
Коюп Манас кеткени" деген саптар "Манас" эпосунда келет. Бул жерде эмне тууралуу сөз болуп атат жана "Коломсок" , "Кирич" деген сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп берчи?
Жооптор үчүн алдын ала рахмат!
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#12251 05 Июнь 2016 - 00:23
Disappear (02 Июнь 2016 - 21:58) жазган:

1) Эгерде озунду эки соз менен суроттоп бер десем, ал кандай эки соз болмокчу?
2) Эгер бугун сен менен болуп откон укмуштуу, же эсте калган окуяны айт десем, ал кандай окуя болмок эле?
3) Кандай баа жеткис омурлук сабак алдын? Бирок анын алдын катачылык кетирип?
4) Эгер окууга жаны кирсен, ал окуу жай жоундо кайсыл маанилуу маалыматты биринчи билгин келет эле?
5) Ушул кезге чейин жашоондогу кайсыл эн бир сонун кунду кайрадан кайталап башымдан откозсом дейсин?
Саламатчылык!
1. Өзүм каалаган сүйлөмдү 2 сөз ичине батыра албайт экенмин.
Ошондуктан, жөн гана: Мен бактылуумун! )
2. Бүгүнкүнү эмес, мурдагы күнкү эсте калган окуяны айтса деле болобу?
Мурдагы күнү биринчи жолу кыска мөөнөткө, "белим бекчейип, көзүм чекчейип" тууганымдын талаасына беде аңтарганы барып келдим.)) Ушул күн коёндой окшош күндөрүмдөн караганда, бир аз айырмалуу болду.
3. "Кимдир бирөөнүн башынан өткөндү сындоодон абайла, себеби өзүңдүн эртеңки күнүң эмне болоорун билбейсиң" демекчи, башка бирөөдө болуп жаткан окуяга "Мен мунун ордунда болгондо "эч качан" мындай кылмак эмесмин", ж.б.у.с "комментарийлерди" берүүдөн абайлап калдым.
Жашоонун бул "баалуу" эрежесин, эң жөнөкөй окуялар аркылуу түшүнүп жеттим. Бул болсо чоң катачылыктардын алдын алууга көмөктөш болот деп ойлойм.
4. Кандай системада окутаарына, мугалимдеринин билим берүүдөгү өз жеке методдору кандай экендигине байкоо салмакмын.Андан соң, билим алуу үчүн жетишээрлик шатр түзүлгөн, түзүлбөгөнүнө көңүл бурмакмын..
5. Көйгөйсүз, ашыкча ойлорсуз, "оюн" дегенден башканы билбеген, балалык күндөрүмө барып келгим келет..
Рахмат!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12252 05 Июнь 2016 - 00:27
uikuchu7 (04 Июнь 2016 - 19:41) жазган:
Медизинердин жооп бергенин окуп чынында сөз байлыгы кенен экенин бааладым....
Эми ой жүгүртүүң кенен экен менден бир аз суроо болсун мээге көнүгүү болот.
Логикаңды анан кичине сөз байлыгыңды текшереличи.
1) Кумурска 100 метрлик кудукка түшүп кетти. Ал бир күндө 5 метр өйдөгө чыгып кайра 4 метр ылдыйга кулайт экен. Ошондо Кумурска канча күндө жердин үстүнө чыгат???
2) 3 дос парикмахер ге чач кырктырганы киришет да, чачтарын кыркып бүтүп акчасын төлөгөнү сураса сейфке бар, ичинде канча акча болсо, ошончо коюп өзүңө 2 сом сдачи ал дейт, биринчиси барып кошуп 2 сом сдач ала, экинчиси барып да ошондой кылат, үчүнчүсү барып кошуп 2 сом сдач алганда сейфте акча калбайт, ошондо сейфте канча акча болгон. .?
3) "Коломсокко кол салып,
Колуна тартып ок чалып,
Киричине чалганча,
Коюп Манас кеткени" деген саптар "Манас" эпосунда келет. Бул жерде эмне тууралуу сөз болуп атат жана "Коломсок" , "Кирич" деген сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп берчи?
Жооптор үчүн алдын ала рахмат!
1. Жуз кундо
#12253 05 Июнь 2016 - 01:10
Respect. (03 Июнь 2016 - 18:39) жазган:
1. Жашоодогу урааның?
2. Үй-бүлөөбү же карьерабы?
3. Жашаш үчүн жеш керекпи, жеш үчүн жашаш керекпи?
4. Келечектеги жолдошуңду кандай болсо дейсиң?
Менде баары жакшы, рахмат!
1. "Баары жакшылыкка! "
2. Үй-бүлө
3. Жашаш үчүн жеш керек.
4. Жоопкерчиликтүү, чынчыл, түшүнүктүү, ак-көңүл.
Рахмат!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12254 05 Июнь 2016 - 01:17
Romeo_FK (03 Июнь 2016 - 21:29) жазган:
1) Кечээ сиз тарапка жазылбаган соз калган эмес. Кечээ бир дагы кирип жооп бербединиз. Бугун болсо бул жак бир аз тазаланып калыптыр, тазалангандан кийин гана кирип жооп бере баштапсыз? Мунун сыры эмнеде? Сизди билдирулорду озу тымызын очуруп койот деген создун чындыгы барбы?
2) Форумчулардын ишеничине кириш учун эмнелерге даярсыз
1. Атайын бир убакытты пайлап кирбейм. Бошосом эле кирип жооп берүүгө аракет кылып жатам.
Мен аким же админ болбосом кантип өчүрмөк элем.
2. Айткым келген нерсени, болгонун болгондой айтканга даярмын. Ишенүү же ишенбөө ар кимдин өз эрки.
Рахмат!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12255 05 Июнь 2016 - 02:24
Gulmyrza. (04 Июнь 2016 - 11:19) жазган:
т.б.
Меднизер эжеге суроо. Эжеге эле окшоттум жазганынан.
Адамдагы пастык, коро албастык каяктан пайда болот?
Ата-энесинин тарбиясынанбы, же наржагынанбы?
"Ата-энесинин тарбиясынан" деп айтуудан алысмын, ата-эне болушунча өз баласына жакшы гана нерселерди үйрөтүүгө аракет жасайт. Жаман жорукту бала айлана-чөйрөсүнө таасирленип үйрөнүшү мүмкүн. Ошол себептен да, чөйрөнү туура тандай билиш керек. Эркиң күчтүү болбосо, айланаңдагы адамдардын жетегине бат эле кирип кетүүң мүмкүн.
Көрө албастык бул - башка бир адамга берилген жакшылыкты жек көрүү менен кароо. Көрө албастар өзүндө жок нерсенин, башка адамда бар экендигин билип калса, "жүрөк" оорусу менен ооруп калышат. Бул оору аларда, өзгөчө өөрчүгөн. Алардын жүрөгү, көрө албаган адамы кандайдыр мүшкүлдүккө кабылса "жыргай" түшөт дагы, ийгиликке жетишсе "бүрүшүп" жанын кыйнай берет. Негизи, биз мусулмандар үчүн "көрө албастык" жат көрүнүштүү терс сапаттардан болуп саналат. Бул Аллахка каршы барган менен барабар. Анткени, Аллах ар бир пендеге өз ырыскысын тең бөлүштүрүп берген, биздин кимдир бирөөнүн ырыскысына көз артууга акыбыз жок. Тек гана "мага да дал ушундай ырыскыңды атай көр" деп суктануу менен гана чектелген оң, Аллах баарын угуп-билүүчү.
Рахмат!
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 05 Июнь 2016 - 02:29
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12256 05 Июнь 2016 - 02:49
Бул суроолор берилдиби жокбу билбедим мен да суроо бере кетейин.
1. Биринчи форумга кирген кезинде "дин жана философия" -жакта коп журчу белен? Ал кезде нигин да башкача эле туурабы. Же адаштымбы?
2. Спорттун кайсы туруно кызыгасын жана кандай конугуулорду жасайсын?
3. Мектепте кандай окуучусун?
4. Жактырган предметин?
5. Сенин келечектеги уй-булон кандай жашоодо жашашын каалайсын байбы же орточобу?
6. Берген кенештеринди озун аткарасынбы?
7. Кара-суулук, экенини билебиз.Кара- суунун алыскы айылында торолгонсунбу же шаарга жакын аймактабы?
Интервьюна ийгилик! Жашоодо койгон максаттарына жет.
Билдирүүнү түзөткөн: kaidasyn: 05 Июнь 2016 - 02:50
#12257 05 Июнь 2016 - 03:20
uikuchu7 (04 Июнь 2016 - 22:41) жазган:
Медизинердин жооп бергенин окуп чынында сөз байлыгы кенен экенин бааладым....
Эми ой жүгүртүүң кенен экен менден бир аз суроо болсун мээге көнүгүү болот.
Логикаңды анан кичине сөз байлыгыңды текшереличи.
1) Кумурска 100 метрлик кудукка түшүп кетти. Ал бир күндө 5 метр өйдөгө чыгып кайра 4 метр ылдыйга кулайт экен. Ошондо Кумурска канча күндө жердин үстүнө чыгат???
2) 3 дос парикмахер ге чач кырктырганы киришет да, чачтарын кыркып бүтүп акчасын төлөгөнү сураса сейфке бар, ичинде канча акча болсо, ошончо коюп өзүңө 2 сом сдачи ал дейт, биринчиси барып кошуп 2 сом сдач ала, экинчиси барып да ошондой кылат, үчүнчүсү барып кошуп 2 сом сдач алганда сейфте акча калбайт, ошондо сейфте канча акча болгон. .?
3) "Коломсокко кол салып,
Колуна тартып ок чалып,
Киричине чалганча,
Коюп Манас кеткени" деген саптар "Манас" эпосунда келет. Бул жерде эмне тууралуу сөз болуп атат жана "Коломсок" , "Кирич" деген сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп берчи?
Жооптор үчүн алдын ала рахмат!
1. 5-4=1
100:1=100
Демек, 100
2. Болгон эмес. Т.а алар өзү койгон акчаны, өздөрү кайра алып кетишкен. (ушундайбы))
3. Кирич - жебе салып кере турган жиби бар, кайыштан жасалган курал.
Коломсок - жебе же жебе салчу баштык
Сизге да рахмат!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12258 05 Июнь 2016 - 03:36
kaidasyn (05 Июнь 2016 - 02:49) жазган:
Бул суроолор берилдиби жокбу билбедим мен да суроо бере кетейин.
1. Биринчи форумга кирген кезинде "дин жана философия" -жакта коп журчу белен? Ал кезде нигин да башкача эле туурабы. Же адаштымбы?
2. Спорттун кайсы туруно кызыгасын жана кандай конугуулорду жасайсын?
3. Мектепте кандай окуучусун?
4. Жактырган предметин?
5. Сенин келечектеги уй-булон кандай жашоодо жашашын каалайсын байбы же орточобу?
6. Берген кенештеринди озун аткарасынбы?
7. Кара-суулук, экенини билебиз.Кара- суунун алыскы айылында торолгонсунбу же шаарга жакын аймактабы?
Интервьюна ийгилик! Жашоодо койгон максаттарына жет.
Ваалейкум ассалам!
1. Форумга жаңы катталган кезде, ушул эле никте "Ден-соолук жана сулуулук" бөлүмүндө көп жүрчүмүн.
2. Волейбол, теннис оюндары жагат. Денелерим талыкшып калганда тиешелүү көнүгүүлөрдү жасап турам.
3. Жакшы.
4. Мектепте, химия, биология болчу.
5. "Элдин алды болсоң көз тиет, арты болсоң сөз тиет" демекчи, орточо жашаган жакшы дээр элем. Бирок бай жашайсыңбы же орто жашайсынбы башкысы бактылуулук. Акча чыныгы бакытка бөлөй албайт.
6. Өзумө керектүүсүн аткарам.
7. Шаарга жакын.
Рахмат, сизге да ийгиликтер!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12259 05 Июнь 2016 - 03:46
windom (04 Июнь 2016 - 18:38) жазган:
Рейна кыз кайрадан кайрылып сизге суроо узатсам. Бул жума да мунот санап каарып барат. Айтсаныз сизге берилген суроолордун арасынан жооп берууго кыйынчылык туудурганы кайсы болду?
Кайрадан конок торго чакырсак келесизби?
Бир апталык суроо-жооптон озунузго сабак алчусу болдубу? Болсо кайсы? Рахмат.
1. Суроолордун көпчүлүгү турмуштан алынган, жөнөкөй суроолор болду. Жооп берүүгө кыйналбадым.
Тек гана логикалык ой-жүгүртүүнү талап кылган суроолор, бир аз убакыт алды, адамды ойлондуруп. )
2. Албетте келем, буйурса.
3. Сабак алчу суроо..

Жок, болбоду окшойт.
Сизге да рахмат!
P.S: Алтындай болгон убактысын бөлүп, интервьюга активдүү катышып берген форумчуларга терээң ыраазычылык!
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 05 Июнь 2016 - 03:50
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12260 05 Июнь 2016 - 07:49
Mediziner (05 Июнь 2016 - 03:20) жазган:
100:1=100
Демек, 100
2. Болгон эмес. Т.а алар өзү койгон акчаны, өздөрү кайра алып кетишкен. (ушундайбы))
3. Кирич - жебе салып кере турган жиби бар, кайыштан жасалган курал.
Коломсок - жебе же жебе салчу баштык
Сизге да рахмат!
1) 100 күн эмес. 96 күн болчу. Ойлонгуң келбептир.
2) 1.75+1.75=3,5
1.5+1.5=3 1+1=2
Акыркы 3 чу адам кошуп алганда ноль калды.
Бул нерсени да ойлонуп эсептегиң келбептир макул эми.
Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 05 Июнь 2016 - 07:50
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.